Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\fddd3be7-f268-4682-8a02-e3947be90dc3\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2000-жылдын 17-июлу № 61

Тышкы миграция жөнүндө

(КР 2002-жылдын 21-ноябрындагы № 153, 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98,
2009-жылдын 25-февралындагы № 68, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 262, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127,
2012-жылдын 17-мартындагы № 19, 2013-жылдын 24-июлундагы № 160, 2013-жылдын 9-декабрындагы № 214,
2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2015-жылдын 19-мартындагы № 59,
2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2019-жылдын 20-мартындагы N 37
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам тышкы миграция тармагындагы укук мамилелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасындагы миграция маселелеринин укуктук негизин аныктайт.

 

I БӨЛҮМ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Администрациялык жол менен чыгарып салуу - чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик чек ара аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен мажбурлап жана көзөмөлдөп чыгарып салуу;

Визасыз режим - Кыргыз Республикасы тарабынан жарактуу деп таанылган, документтердин бири боюнча, эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар каралбаган болсо, чет мамлекеттердин жарандары визаны жол-жоболоштурбай туруп, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгып кетүүгө, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укук берген режим.

Жашап туруу мүмкүнчүлүгү - чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жашап турууга укук берүүчү документ;

Виза - чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын паспортунда же Кыргыз Республикасында колдонуудагы жарактуу документинде Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү жана транзит менен өтүүгө уруксат берүүчү белги;

Визанын бирдиктүү мамлекеттик стандарты, формасы, сүрөттөлүшү болот. Бирдиктүү мамлекеттик стандарт, анын формасы жана сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Тышкы миграция - Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жеке адамдардын көчүп жүрүшү.

Мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, ошондой эле ишке катышы бар адам көзөмөлүндө болгон уюмдардын жана адамдардын өкүлдөрү.

Иммигрант - Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо максатында мыйзамдуу түрдө кирген чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;

Иммиграция - чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасына кириши;

Чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жараны болуп саналаарына карата далилдери бар адам;

Жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жараны болуп саналаарына карата далилдери жок адам;

Миграция - ар кандай себептер менен Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөргө жана башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде туруктуу же убактылуу жашоо максатында жеке жактардын көчүп жүрүшү;

Транзит миграциясы - чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу башка мамлекеттин аймагына өтүшү;

Эмгек миграциясы - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан жеке адамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу акы алуу же туруктуу эмгектенүү максатында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ыктыярдуу түрдө көчүп жүрүшү;

Эмигрант - туруктуу жашоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан башка мамлекеттер аймагына кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жараны;

Электрондук виза - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан чет өлкөлүк жаранга же Кыргыз Республикасы тарабынан жарандыгы жок деп таанылган адамга электрондук тартипте, анын ичинде Интернет электрондук тарамы аркылуу берилүүчү, атайын окулуучу коду бар, анын болушу жарактуу документ менен Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга, Кыргыз Республикасынан чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксат берүүчү, статусу боюнча визага теңештирилген документтик ырастоо.

Эмиграция - Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан башка мамлекеттин аймагына чыгып кетиши;

Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим - чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде чет өлкөгө баруу паспортторун каттоодон бошотулуу менен жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болгон режим.

Визалуу режим - алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленүүчү жарактуу визанын негизинде чет мамлекеттердин жарандарына Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укук берген режим.

Инсандыгын ырастаган документ - дипломатиялык каналдар боюнча жөнөтүлгөн жана ал Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган, эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар каралбаган болсо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынан өтүүчү адамдын статусун далилдеген документ.

Жарактуу документ - инсандыгын ырастаган жана анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө дал келген, тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган жана ага ыйгарым укуктуу органдарга бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамдын өзүнө таандык жана жасалмасы жок документ.

(КР 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2013-жылдын 24-июлундагы № 160 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери

Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери төмөнкүдөй:

- Кыргыз Республикасындагы тышкы миграцияны жөнгө салуу;

- мигранттардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылуу;

- мыйзамсыз миграцияга жол бербөө жана алдын алуу;

- Кыргыз Республикасындагы миграцияны турукташтыруу.

3-статья. Тышкы миграция маселелерин жөнгө салуучу мыйзам актылары

Кыргыз Республикасында тышкы миграция иштери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

Ушул Мыйзамдын аракети качкындар статусун алган жана качкын статусун алууну өтүнгөн адамдарга карата жайылтылбайт.

4-статья. Кыргыз Республикасында тышкы миграция маселелерин жөнгө салуунун негизги принциптери

Тышкы миграция төмөнкү принциптерге таянуу менен жөнгө салынат:

- адамдардын жашаган жерин эркин тандоосуна, ишмердик жана кесип түрүн эркин тандоосуна, көчүп жүрүү эркиндигине Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген укуктарын камсыз кылуу;

- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, дини, жаш курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кандайдыр бир басмырлоого, укуктардын жана эркиндиктин кысымга алынышына жол бербөө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тышкы миграция жагынан жалпы таанылган эл аралык укук нормаларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайыктыгын камсыз кылуу;

- мүмкүн болуучу миграцияны жана социалдык-саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу миграциянын агымдарын болжолдоого негизденген программалык аракеттердин негизинде табигый жана чаржайыт миграциянын алдын алуу;

- тышкы миграция иштерине мамлекеттик тийиштүү органдардын катышуусу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мигранттардын сыйлашы жана сакташы.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар

Кыргыз Республикасында миграция, калкты каттоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ички иштер органдары жана улуттук коопсуздук органдары тышкы миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп саналат.

Кыргыз Республикасында бирдиктүү визалык саясатты камсыз кылуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.

Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышын контролдоо жогоруда аталган органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде жүзөгө ашырылат.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-1-статья. Визасыз режим

Кыргыз Республикасы достук, ынак коңшулаштык мамилелерди өнүктүрүү, экономикалык, соода, илимий-техникалык, маданий жана башка байланыштарды бекемдөө максатында бир тараптуу тартипте же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттерге карата визасыз режим киргизет.

Кыргыз Республикасы тарабынан бир тараптуу тартипте киргизилген визасыз режим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коюлган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын тийиштүү Мыйзамынын негизинде ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык киргизилген визасыз режим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган бул эл аралык келишимдин негизинде ишке ашырылат.

(КР 2005-жылдын 6-августундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

II БӨЛҮМ
ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫГЫ ЖОК АДАМДАРДЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА
КИРИШИ ЖАНА АЛАРДЫН РЕСПУБЛИКА АЙМАГЫНДА БОЛУШУ

 

1-Глава
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына
 киришине жана болушуна карата негизги талаптар

 

6-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына киришине, алардын Кыргыз Республикасында болушуна жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине уруксаты

(Статьянын аталышы КР 2005-жылдын 6-августундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Визасыз режимден пайдаланган чет мамлекеттин жараны жарактуу документтеринин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга мүмкүндүк алат. Бул чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасында болгон учурда, эгерде алардын

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тийиштүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимди пайдаланышат. Бул чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болот.

Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин экинчи бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар каралбаса, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө укук берген жарактуу документтердин жана визалардын негизинде Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет.

Электрондук визаны (документтик ырастоону) жол-жоболоштуруу жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасына убактылуу же туруктуу жашоого келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын кириши жана жашап турушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилген жарактуу документтердин жана визанын негизинде, убактылуу же туруктуу жашоо уруксатынын негизинде ишке ашырылат.

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте келген жери боюнча беш жумушчу күндүн ичинде катталууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасында эмгектенүү үчүн чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке орношууга уруксаты болууга тийиш.

Кыргыз Республикасында турган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визаны, жашап туруу мүмкүнчүлүгүн жана иштөөгө уруксатты узартууну өтүнө алат.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визанын, каттоонун мөөнөтү бүткөн, жашап туруу мөөнөтү кыскарган же жашоого уруксаты жокко чыгарылган учурда Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө милдеттүү.

(КР 2002-жылдын 21-ноябрындагы № 153, 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2013-жылдын 24-июлундагы № 160, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-берене. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кириши жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетиши

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жарактуу документтер жана визалар боюнча эларалык байланыш үчүн ачылган мамлекеттик чегарада, эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен башкалар каралбаса, өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет.

Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына киришине төмөнкү себептер боюнча уруксат берилбейт:

1) виза же жарактуу документи болбосо;

2) мамлекеттик коопсуздукту же коомдук тартипти камсыз кылуунун кызыкчылыгында;

3) эгерде бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын же Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоодо, укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо олуттуу залал келтирген болсо;

4) эгерде мурда болгон учурунда ал адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы аныкталса;

5) эгерде Кыргыз Республикасына кирүүгө өтүнүч берген учурда ал өзү тууралуу жалган маалымат же жалган документтерди берген болсо;

6) эгерде ошол жаранга карата Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте Кыргыз Республикасында болушунун (жашоосунун) мүмкүн эместиги жөнүндө чечим кабыл алынса;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка негиздерде.

Визасы болгон учурда кирүүгө уруксат бербөө, аны өтүнгөн адамга, баш тартуу чечимин чыгарган укук берилген мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан мындай баш тартууну негиздөө аркылуу жазуу жүзүндө токтоосуз билдирилет. Киргизүүгө уруксат бербөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылат.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына кирүүгө төмөндөгүдөй учурларда чектелиши мүмкүн эгерде алар:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жасоого шектүү деп кармалышса, же күнөөлүү катары тартылышса, - иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин же соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолушса, - жазаны өтөөгө (аткарууга) же жазадан бошотулганга чейин;

3) сот тарабынан айып салынган милдеттерди аткаруудан баш тартышса, - милдеттерин аткарууга же тараптар макулдашууга жетишкенге чейин;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган салыктарды төлөө боюнча милдеттерди аткарышпаса, - мындай милдеттерди аткарганга чейин;

5) Кыргыз Республикасынын аймагында администрациялык тартип бузгандыгы учун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылышса, - жазаны аткарууга же жазадан бошотулганга чейин.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына кирүүдө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кеткенде миграциялык көзөмөлдөн өтүшөт. Миграциялык көзөмөлдөө жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тартиби ушул Мыйзам, мамлекеттик чек ара жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен жөнгө салынат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2013-жылдын 9-декабрындагы № 214 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоо

Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тышкы саясатты ишке ашыруу, калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда келген жери боюнча каттоодон бошотуу мөөнөтүн көрсөтүү менен чет мамлекеттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирип, аны менен келүүнүн башка мөөнөтү жана тартиби белгиленген эл аралык келишим болгон учурда, өз аралык принциптерди жана теңдештик негизди эске алуу менен бул эл аралык келишимдин жоболору колдонулат.

Инсандыгын ырастаган документтерин каттоодон төмөнкүлөр бошотулат:

1) чет өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына келишкен мамлекеттик, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрү, бул делегациялардын администрациялык -техникалык кызматчылары, аталып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү;

2) Кыргыз Республикасына белгиленген тартипте келген аскер самолетторунун экипаж мүчөлөрү. Аскер самолетторунун экипаждарынын мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жол жүрүшү келген аскер самолетторун кабыл алуу планына ылайык ишке ашырылат;

3) эл аралык авиажолдорунун жарандык аба кемелеринин курамына кирген адамдар аба кыймылынын колдонуудагы расписаниесинде көрсөтүлгөн аэропорттордо болушканда;

3) (КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) (КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Үчүнчү бөлүк КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

өртүнчү бөлүк КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2002-жылдын 21-ноябрындагы № 153, 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-статья. Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоо

Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында өзгөчө статусу Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган атайын эл аралык коргоодон пайдаланышкан төмөнкү чет өлкөлүк жарандар катталышат:

1) Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчылары, дипломатиялык кызматтын мүчөлөрү, консулдук кызмат адамдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин администрациялык - техникалык кызматынын жана тейлөө кызматынын мүчөлөрү, ошондой эле эгерде алар аталган өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин аймагында жашаса, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин үй - бүлө мүчөлөрү жана меймандары;

2) Кыргыз Республикасына кызматтык иштери менен келишкен жана дипломатиялык же кызматтык паспорттору бар чет мамлекеттердин ведомстволорунун кызматкерлери жана алардын үй - бүлө мүчөлөрү;

3) Кыргыз Республикасына кызматтык иштери менен келишкен эл аралык уюмдардын кызмат адамдары, аталган уюмдардын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасында штаб - квартирасы бар эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрү бар өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүнүн бул уюмдардын уставдык документтерине же тийиштүү эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланышкан кызматкерлери, алардын үй - бүлө мүчөлөрү.

Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аталган адамдарга аккредиттөө карточкаларын берет же каттоо жөнүндө паспортторуна түздөн - түз жазып коет.

Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дипломатиялык өкүлчүлүктөр же консулдук мекемелер, ошондой эле эл аралык уюмдар жана кабыл алып жаткан башка уюмдар өтүнгөн учурларда Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди жана алардын үй - бүлө мүчөлөрүн зарыл учурларда каттайт.

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо

Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-3-пункттарында жана 9-статьясында көрсөтүлбөгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар иш жүзүндө жашаган жери боюнча катталат. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу жайгаштыруу боюнча өз кызматтарын көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар аларды ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоого милдеттүү.

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Мейманканаларда каттоо

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

12-статья. Каттоо мөөнөтүн узартуу

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын катталыш мөөнөтүнүн узартылышы Кыргыз Республикасында алардын визасынын мөөнөтү же жашап туруу мүмкүнчүлүгү узартылгандан кийин жүргүзүлөт.

Аларга карата визасыз режим колдонулган пайдаланган чет мамлекеттин жарандарын каттоо күчүн узартуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-статья. Виза берүү

Кыргыз Республикасына кирүү үчүн визалар, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү жана узартылуучу электрондук визаларды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде, мындайлар жок болгон учурда - ушул Мыйзамдын 14-статьясына ылайык ыйгарым укук берилген башка өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүндө берилет.

Кыргыз Республикасынын аймагында визаларды узартуу тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо мөөнөтү жети жумушчу күндөн ашык эмести түзөт.

Визалардын категорияларын жана түрлөрүн, ошондой эле аларды толтуруу жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Виза берүү үчүн негиздер

Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүүгө төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

- Кыргыз Республикасына ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максаттары менен келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - кабыл алуучу уюмдардын сапардын ишкер мүнөзүн күбөлөндүрүүчү зарыл документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тиешелүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары үчүн - жекече кайрылуусу;

- Кыргыз Республикасына ишке орношуу үчүн келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте катталган иш берүүчүнүн өтүнүчү;

- жеке ишкердик жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - жеке ишкердин жеке арызы;

- Кыргыз Республикасына жеке иштери боюнча келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган саламаттык сактоо уюмунун чакыруусу;

- Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - зарыл болгон учурда бара турган өлкөнүн визасы бар анык документти тиркөө менен юридикалык жактын жеке арызы же өтүнүчү же келгенден кийин виза алган учурда, үчүнчү өлкөнүн расмий бийлиги тарабынан күбөлөндүрүлгөн уруксаттын (чакыруунун) көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасына туристтик максаттарда келген жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - жеке арыз же туристтик уюмдун жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;

- Кыргыз Республикасына окуу максатында келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмдарынын өтүнүчү;

- Кыргыз Республикасында жүргөн жана инвестициялык иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын экономикасына кеминде 10 (он) миллион сом суммасына эквиваленттүү болгон акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө алардын салым кошуусун ырастоочу, экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген ырастоочу документтер.

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

141-статья. Визанын күчүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн негиздер

Визанын күчүнүн мөөнөтүн узартууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасына ишке орношуу жана жеке ишкердик жүргүзүү максатында келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүргүзүү укугуна уруксаты;

- үй-бүлөсүнө кайра кошулуу максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасына убактылуу же туруктуу жашоого көчүп келүү үчүн этностук кыргыздарга - арыз ээсинин жашап турууга уруксат берүү же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө өтүнүчүн кароо жөнүндө документ;

- үй-бүлөсүнө келүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасына келүү үчүн этностук кыргыздарга - Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү жана/же туугандыгын ырастоочу документ;

- Кыргыз Республикасына окуу максатында келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - билим берүү уюму жана арыз ээсинин ортосундагы жеке келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмдарынын өтүнүчү

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-статья. Жашап турууга уруксат

Кыргыз Республикасына келген жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап турууга уруксат алуу үчүн кайрыла алышат. Жашап турууга уруксаттар убактылуу жана туруктуу болуп бөлүнөт.

Кыргыз Республикасына алты айдан ашык мөөнөткө келишкен чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзамга ылайык убактылуу жашап турууга уруксат алышат.

Ушул Мыйзамга ылайык иммигрант статусу берилген жана 5 жылдан ашык Кыргыз Республикасынын аймагында болушкан чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар туруктуу жашоого уруксат алышат.

Жашап туруунун жол жобосун жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксат ушул Мыйзамга ылайык миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилет.

Убактылуу жана туруктуу жашоого уруксат чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын алардын Кыргыз Республикасында болгон мезгилиндеги жекече күбөлүгү болуп саналат.

Убактылуу жана туруктуу жашоого уруксат жарактуу документи менен бирге Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө виза албастан мамлекеттик чектен көп ирет өтүүгө уруксат берет.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 262, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-статья. Виза жана жашап турууга уруксат бербөөгө негиздер

Чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга виза арыз ээси төмөнкүдөй иш жасаган учурларда берилбейт жана узартылууга жатпайт.

1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоого коркунуч келтирсе;

2) виза, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоого турууга же иштөөгө уруксат алууга өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе;

3) виза же жашап турууга уруксат алуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин бузса;

4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жасаса;

5) Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса - иш боюнча өндүрүш токтотулганга чейин;

6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо -жазасын өтөп бүткүчө же андан бошотулгуча;

7) саламаттыгы башка адамдарга коркунуч келтиргендей бузулган болсо же оорусу бар болсо же саламаттыкты сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылса жана ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге кирген болсо;

8) өзүн жана өзү баккан адамдарды камсыз кыла албаса;

9) Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салынган учурдан баштап бир жыл өткөрбөй кайрадан өтүнүп кайрылса;

10) Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салуу менен администрациялык же мажбурлоо жолу менен чыгарылган болсо - кирүүгө тыюу салынган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин;

11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз болсо же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе;

12) террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болсо.

Чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга жашап турууга уруксат берилбейт, эгерде арыз ээси:

1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого коркунуч келтирсе;

2) виза, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо, жашап турууга уруксат же иштөөгө уруксат алуу жөнүндө өтүнүч берүүдө жалган маалыматтарды берсе;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген виза жана жашап турууга уруксат алуу тартибин сактабаса;

4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жүзөгө ашырса;

5) ага карата Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса - иш боюнча өндүрүш токтотулганга чейин;

6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо - жазасын өтөгөнгө же жазадан бошотулганга чейин;

7) мүнөзү, оордугу жана мүмкүн болгон узактыгы башка адамдардын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү же саламаттык сактоо мекемесинин өзгөчө көзөмөлүн талап кылуучу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеде айтылган оору менен ооруса;

8) өзүн жана багуусунда турган адамдарды камсыз кыла албаса;

9) Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаттан баш тартуу алган учурдан тартып бир жыл өткөнгө чейин экинчи ирет өтүнүчү менен кайрылса;

10) Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салуу менен администрациялык же мажбурлоо жолу менен Кыргыз Республикасынан чыгарылган болсо - кирүүгө тыюу салынган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин;

11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз болсо же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе;

12) террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болсо;

13) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилди билбесе. Мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин ырастоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Виза же жашап турууга уруксат берилбестиги жөнүндө чечим арыз ээсине бул чечим кабыл алынган учурдан кийинки үч күндүк мөөнөттө билдирилет. Виза же жашап турууга уруксат берилбестиги жөнүндө чечим өтүнгөн адамдын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

17-статья. Визаны же жашап туруу уруксатын жокко чыгаруу

Визанын жокко чыгарылышына төмөнкү учурлар негиз болот, эгерде чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам:

1) виза алуу жана аны колдонуу мөөнөтүн узартуу, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо же ишке уруксат алуу жөнүндө өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе;

2) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү ишти жүргүзсө;

3) визаны колдонуу мөөнөтүн узартуу менен байланышкан Кыргыз Республикасындагы окуусун токтотсо, же болбосо билим берүү мекемелеринен окуудан чыгарылса;

4) визаны колдонуу мөөнөтүн узартууга негиз болгон эмгек келишиминин тараптарынын биринин демилгеси боюнча эмгек мамилелери токтотулса;

5) Кыргыз Республикасынын жараны менен никеси бузулса жана эгерде никеде балдары жок болсо же сот балдарды Кыргыз Республикасынын жараны болгон же анда туруктуу жашаган атасына же энесине калтырса;

6) экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тастыктоосу менен инвестициялык ишти токтотсо.

Жашап туруу уруксатын жокко чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкү жагдайлар эсептелет, эгерде чет элдик жаран же жарандыгы жок адам:

1) виза алуу жана аны колдонуу мөөнөтүн узартуу, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо, жашап туруу уруксаты же ишке уруксат алуу жөнүндө өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе;

2) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүргүзсө;

3) Кыргыз Республикасында туруктуу жашап туруу уруксатын алуу максатында Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет элдик жаран, же болбосо жарандыгы жок адам менен жалган никеде турса;

4) Кыргыз Республикасында жашап турууга себеп болгон Кыргыз Республикасындагы окуусун токтотсо, же болбосо билим берүү мекемелеринен окуудан чыгарылса;

5) Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксат алууга негиз болгон эмгек келишиминин тараптарынын биринин демилгеси боюнча эмгек мамилелери токтотулса;

6) Кыргыз Республикасынын жараны же Кыргыз Республикасында беш жыл бою туруктуу жашап туруу уруксаты бар адам менен никеси бузулса жана эгерде никеде балдары жок болсо же сот балдарды Кыргыз Республикасынын жараны болгон же анда туруктуу жашаган ата-эненин бирине калтырса;

7) экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тастыктоосу менен инвестициялык ишти токтотсо.

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-статья. Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтүн кыскартуу

Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын укук абалы жөнүндө мыйзамдарды жана алардын болуу тартибин бузган чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн.

Болуу мөөнөтүн кыскартуу жөнүндө чечим виза же жашап турууга уруксат берген орган тарабынан чыгарылат.

19-статья. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмө, Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык же мажбурлоо жолу менен чыгарып жиберүү

Визасынын же болбосо жашап турууга уруксатынын мөөнөтү аяктаган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок же болбосо жашоого уруксаты жокко чыгарылган адамга тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ички иштер органдары же улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмө беришет. Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмөдөгү мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө милдеттүү.

Миграция, калкты каттоо чөйрөсүндөгү, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасында болуу тартиби бузулган фактылардын табылгандыгы жөнүндө ички иштер органдарына же улуттук коопсуздук органдарына билдирүүгө милдеттүү.

Көрсөтмө аткарылбаган учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгарылат.

Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам төмөнкүдөй учурларда администрациялык түрдө чыгарылып жиберилет:

1) эгерде алардын аракеттери мамлекеттик коопсуздукту же коомдук тартипти камсыз кылуу кызыкчылыктарына каршы келсе;

2) эгерде бул калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо зарыл болсо;

3) эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир нече жолу бузса жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болбосо.

Администрациялык жол менен чыгарып жиберүүгө материалдар тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ички иштер органдары же улуттук коопсуздук органдары тарабынан таризделет.

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды администрациялык жазалоо чарасы катары Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык түрдө чыгарып жиберүү сот (судья) тарабынан белгиленет жана дайындалат.

Ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы тарабынан өлкөдөн чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмө берүү же администрациялык түрдө чыгарып жиберүү менен бирге Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же биротоло тыюу салышы мүмкүн жана ал жөнүндө мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү жана тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга милдеттүү түрдө билдирилет.

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгарып жиберүү соттун чечими боюнча ички иштер органынын жана улуттук коопсуздук органынын күчтөрү тарабынан ишке ашырылат.

Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам төмөнкү учурларда соттун чечимисиз Кыргыз Республикасынын чегинен мажбурлап чыгарылууга тийиш:

1) тиешелүү уруксат берүүчү документтерисиз эмгек кылганда же жеке ишкердик иш кылганда;

2) визасы, каттоосу же жашап туруу уруксаты жок бир жылдан ашык Кыргыз Республикасынын аймагында болгондо;

3) визанын күчүнүн же жашап туруу уруксатынын мөөнөтү аяктаганына, жокко чыгарылганына же кыскартылганына карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен ыктыярдуу чыгып кетүүдөн баш тартканда.

Чет элдик жаранды жана жарандыгы жок адамды мажбурлоо жолу менен чыгаруу жөнүндө чечимди ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы кабыл алат.

Соттун чечими менен салынган, чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана болуу укугунан ажыратуу мөөнөтү жасалган укук бузуунун жана коомдук коркунучтун деңгээлине жараша он жылдан тартып биротоло ажыратууга чейинкини түзүшү мүмкүн.

Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча, ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы тарабынан салынган чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана болуу укугунан ажыратуу мөөнөтү жасалган укук бузуунун жана коомдук коркунучтуулугунун деңгээлине жараша бир жылдан он жылга чейинди түзүшү мүмкүн.

Өлкөдөн чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмө берүүнү же администрациялык жол менен чыгарып жиберүүнүн негизинде тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы тарабынан чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын жарактуу жүрүү документине Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салуу мөөнөтүн көрсөтүү менен атайын белги (штамп) коюлат.

Администрациялык жол менен чыгарып жиберүүдөгү финансы чыгымдары төмөнкү каражаттардын эсебинен каржыланат:

1) чыгарылып жаткан жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын;

2) чакырган жана/же кабыл алган уюмдун же жеке жактын;

3) өзгөчө учурларда - бюджеттик каражаттардын эсебинен.

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-1-статья. Чыгарып жиберүү

Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөндөн кийин, эгерде тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында анын аймагында болуу үчүн белгиленген негиздер болбосо, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберилүүгө жатат.

Чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү менен бирге ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы тарабынан мамлекеттик чек ара кызматына жана тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө билдирүү менен Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же биротоло тыюу салуу жүктөлөт.

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана болуу укугунан ажыратуу мөөнөтүн төмөнкүлөр түзөт:

- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин Өзгөчө бөлүгүнүн беренелеринин (беренелеринин бөлүктөрүнүн) санкцияларында каралган I категориядагы бардык жаза дайындалышы мүмкүн болгон жоруктарды жасагандыгы үчүн - 2 жыл;

- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин Өзгөчө бөлүгүнүн беренелеринин (беренелеринин бөлүктөрүнүн) санкцияларында каралган II категориядагы бардык жаза дайындалышы мүмкүн болгон жоруктарды жасагандыгы үчүн - 3 жыл.

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана болуу укугунан ажыратуу мөөнөтү жасалган кылмыштардын түрүнө жараша төмөнкүлөрдү түзөт:

- анча оор эмес кылмыштар үчүн - 5 жыл;

- оор кылмыштар үчүн - 10 жыл;

- өзгөчө оор кылмыштар үчүн - өмүр бою.

Чыгарып жиберүүдөгү чыгымдарды каржылоо төмөнкү каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт:

1) чыгарылып жаткан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын;

2) чакырган жана/же кабыл алган уюмдардын же жеке жактардын;

3) өзгөчө учурларда - бюджеттик каражаттардын эсебинен.

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин, миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер, чек ара кызматынын органдарынын өз ара аракеттенүү тартиби, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана болууга тыюу салуу тартиби, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды республиканын сыртына чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2019-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү

Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар алардын баруусуна ачык болгон Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эркин жүрө алышат.

Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жабык жерлерге кирүү жана болуу ички иштер органдарынын уруксаты менен гана ишке ашырылат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-статья. Жүрүү тартибин аныктоо

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүүсүнүн тартиби, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган жарактуу документтер же аларды алмаштыруучу документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Бул тартип ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу катталган авиакомпаниялардын, банктардын, соода-өнөр жай фирмаларынын жана башка чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине да жайылтылат.

Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында катталган чет өлкөлүк кабарчылардын жана журналисттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

22-статья. Жүрүү документтери

Кыргыз Республикасында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жарактуу документи болууга тийиш.

Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам паспортун же аны алмаштыруучу документин жоготкондугу жөнүндө ички иштер органынын жакынкы бөлүмүнө жана өзү таандык болгон мамлекеттик дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемесине дароо билдирүүгө жана бул факт жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастама алууга тийиш.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

23-статья. Транзит менен өтүү

Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өтүшү Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзит менен өтүүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген Эрежелерине жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык ишке ашырылат.

(2-бөлүк КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

24-статья. Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жеке жана кызматтык транспорт каражаттары менен кирүү, жол жүрүү, чыгып кетүү тартиби

Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жеке жана кызматтык транспорт каражаттары менен кирүү, жол жүрүү, чыгып кетүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар кайрадан сөзсүз алып кетээри жөнүндөгү милдеттенме боюнча ташып кирген транспорт каражаттары белгиленген мөөнөт аяктаганда Кыргыз Республикасынан чет өлкөгө чыгарылып кетүүгө тийиш жана Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз алынып калышы мүмкүн эмес.

Ушул статьянын экинчи бөлүгүн бузуу менен алынган транспорт каражаты соттун чечими боюнча мамлекеттин кирешесине чегерилип коюлушу мүмкүн.

25-статья. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды чакырган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын милдеттери

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган жеке адамдар жана юридикалык жактар жана кабыл алуучу уюм чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын жана милдеттерин өз убагында түшүндүрүүгө, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасында болуу, республиканын аймагында жүрүү жана аларга аныкталган мөөнөт аяктаганда андан чыгуу укугун берген документтерин өз убагында каттоо жана даярдоо чараларын көрүүгө милдеттүү.

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каржылык камсыздоо жана медициналык тейлөө тараптардын жазуу жүзүндөгү башкача келишими болбосо, кабыл алынган тарапка жүктөлөт.

2-Глава
Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына
убактылуу жашоо үчүн кириши

26-статья. Убактылуу жашап турууга уруксат

Кыргыз Республикасына алты айдан ашык мөөнөткө келген, Кыргыз Республикасында тиричилик кылууга ачык мүмкүнчүлүгү бар чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга убактылуу жашап турууга уруксат төмөнкү максаттарда берилиши мүмкүн:

1) иштөөгө уруксат менен бирге эмгек келишим боюнча иштөөгө;

2) окуу жайдын өтүнүчү боюнча окуу жайда окууга;

3) Кыргыз Республикасынын аймагында инвестицияларды ишке ашырууга.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап турууга убактылуу уруксат төмөнкүдөй шарттарда берилиши мүмкүн:

1) бир жылдан ашпаган мөөнөткө, андан ары жыл сайын, бирок беш жылдан ашпаган мөөнөткө узартуу менен;

2) эмгек келишиминде белгиленген же башка иштерди аткаруу үчүн, анын ичинде окуу планында же илимий кызматташуу планында каралган мөөнөткө.

Жашап турууга убактылуу уруксат жогоруда аталган адамдардын үй - бүлө мүчөлөрүнө берилбейт.

27-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүргүзүүнүн тартиби

Кайрылман статусун алган этникалык кыргыздарды коошпогондо, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы эмгек ишмердигинин тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жумуш күчүн тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамагентство берген уруксаттардын негизинде ишке ашырылат.

Эмгек миграциясын жөнгө салууда ички рыногун коргоого артыкчылык берилет.

(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-статья. Эмгек миграциясына квота

Эмгек миграциясына берилген квота Кыргыз Республикасына эмгек ишмердигин аткаруу максатында келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жеткен чек санын белгилейт.

Эмгек миграциясына квота календарлык ар бир жыл башталганга чейин төрт ай мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасына эмгекчи-мигранттарды чакыруу максатын көздөгөн юридикалык жактар жана адамдар үчүн эмгек миграциясына карата квота эмгек миграциясына жыл сайын аныкталуучу квотанын негизинде миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.

(КР 2009-жылдын 25-февралындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-статья. Эмгек миграциясы боюнча келишкен чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында болуу шарттары

Кыргыз Республикасына жарандыгын өзгөртүүгө байланышпаган эмгек миграциясы менен келишкен чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыда туруктуу жашаган жери болушу керек. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү уруксатысыз эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзамга ылайык чыгарылып ташталат.

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-Глава
Иммиграция

30-статья. Иммиграциялык квота

Кыргыз Республикасында иммиграция ишин мамлекеттик жөнгө салуу максатында жыл сайын Иммиграциялык квота аныкталып, анда иммиграция чоңдугунун жеткен чеги белгиленет.

Иммиграция квотасы календарлык ар бир жыл башталганга чейин төрт ай мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

31-статья. Иммигрант статусунун берилиши

Кыргыз Республикасында убактылуу турушкан жана Кыргыз Республикасында иммигрант статусун алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына өтүнүч беришет.

(2-бөлүк КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Эмгекке жөндөмдүү куракка жеткен чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына иммиграциялоо жөнүндө өтүнүүгө укуктуу.

Мамагентство адамды иммигрант катары таануу жөнүндө өтүнүчтү карайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, иммиграциялык белгиленген квотага ылайык ал боюнча чечим чыгарат.

Иммигрант статусун алуу жөнүндө өтүнүчтү кароо мөөнөтү тогуз айдан ашпоого тийиш.

Иммигрант статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү кароодо миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы чыгарган чечимдер сотто даттанылышы мүмкүн.

Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын иммигрант статусун алыш үчүн өзүнүн (жана анын үй-бүлөсүнүн) зарыл муктаждыктарын камсыз кылууга мүмкүндүк берген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү туруктуу акчалай киреше булагы болууга тийиш.

Өтүнүч берген адамдын жана анын үй-бүлө мүчөсүнүн жетиштүү каржылык мүмкүнчүлүктөрү болбогон учурда ишке орношууга же Кыргыз Республикасында белгиленген тиричилик минимумунан төмөн болбогон каржылык мүмкүнчүлүктү камсыз кыла турган кепилдик болууга тийиш.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

32-статья. Иммиграция жөнүндө өтүнүч кийирүү тартиби

Иммиграция жөнүндө өтүнүчкө нотариат тарабынан тастыкталган өтүнүүчүнүн төмөнкү документтери тиркелет:

1) Жарактуу документтин же эларалык келишимдердин негизинде аны алмаштыруучу документтин көчүрмөсү;

2) туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн же ага теңдеш документтин көчүрмөсү;

3) үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө справка, нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

4) арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөсүнүн тиричилик минимумун камсыз кылуучу туруктуу ачык киреше булагы жөнүндө справка;

5) медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө справка;

6) чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп эсептелген мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жок адам үчүн - Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин ал жашаган мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.

Жогоруда аталган документтерден тышкары өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелет:

1) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 1-пунктунда аталган адамдарга карата: ата-энелеринин биринин улутун ырастоочу справка;

2) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 2, 3-пункттарында аталган адамдарга карата: Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган тууганы жиберген чакыруу, туугандыгын ырастоочу документ;

3) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 3-пунктунда аталган адамдарга карата: эгерде алар өтүнүч берген адам менен бирге келишсе анын иммигрант статусун берүү жөнүндөгү өтүнүчү, эгерде алар иммигрантка жашап туруу үчүн келишсе-анын чакыруусу;

4) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 4 жана 5-пункттарында аталган адамдарга карата - камкордук же багууну ырастоочу документтер;

5) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 6-пунктунда аталган адамдарга карата адистигин (кесибин) ырастаган документтер.

Эгерде ата-эне болуп саналган иммигрант менен бирге алардын бойго жете элек 14төн 18 жашка чейинки балдары көчүп келсе, анда алардын иммиграцияга жазуу жүзүндө берген макулдугу талап кылынат.

Эгерде Кыргыз Республикасына ата-энесинин бирөө гана көчүп келсе жана аны менен бирге 18 жашка чейинки балдары кошо келсе, ал, ата-эненин калып калган биринин ата-эненин ошол иммигрант болуп келгени менен балдардын жашоосуна каршы эместигин билдирген, нотариат тарабынан тастыкталган арызын көрсөтүүгө тийиш. Мындай макулдук болбогон учурда ата -эненин иммигрант болуп келген бири тийиштүү мамлекеттин балдарды ага тапшыргандыгы жөнүндөгү соттук чечимин көрсөтүүгө тийиш.

Зарыл болгондо миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өтүнгөн адамдан кошумча документтерди талап кылууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 262, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

33-статья. Иммигрант статусун алууда артыкчылыктан пайдалануучу адамдар.

Иммигрант статусун алууда артыкчылык укугунан төмөндөгү чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар пайдаланышат:

1) теги кыргыздар, башкача айтканда, башка мамлекеттин жараны же жарандыгы жок, ата-энесинин бири кыргыз болгондор;

2) Кыргыз Республикасынын жаранынын ата-энеси, анын жубайы, 18

жашка чейинки балдары же бойго жеткен жөндөмсүз балдары;

3) иммигранттын ата-энеси, жубайы, анын 18 жашка чейинки балдары же бойго жеткен жөндөмсүз балдары;

4) Кыргыз Республикасынын жаранынын камкордугундагы жана көзөмөлүндөгү адамдар;

5) Кыргыз Республикасынын жаранынын камкорчусу же көзөмөлчүсү болуп саналган адамдар;

6) Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүгүшүнө салым кошкон белгилүү илимий, маданий ишмерлер жана башка адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасына талап кылынган жогорку кесиптеги адистер.

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

34-статья. Иммигрант статусун бербөөгө негиздер

Иммигрант статусун алууну өтүнгөн чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга төмөнкүдөй учурларда иммигрант статусу берилбеши мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоого коркунуч келтирсе;

2) виза, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо жашап турууга же иштөөгө уруксат алууга өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе;

3) виза жана жашап турууга уруксат алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартибин сактабаса;

4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жасаса;

5) Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса -иш боюнча териштирүү токтотулганга чейин;

6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо - жазасын өтөп же андан бошотулгуча;

7) башка адамдарга коркунуч келтиргендей саламаттыгы бузулган болсо же оорусу бар болсо же саламаттыкты сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылса жана ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге кирген болсо;

8) өзүн жана өзү баккан адамдарды камсыз кыла албаса;

9) Кыргыз Республикасына жашап турууга тыюу салынган учурдан баштап бир жыл өткөрбөй кайтадан өтүнүп кайрылса;

10) Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салуу менен администрациялык же мажбурлоо жолу менен чыгарылган болсо - кирүүгө тыюу салынган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин;

11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз жүрсө же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе.

12) террордук, экстремисттик же сепараттык уюмдардын мүчөсү болуп эсептелсе;

13) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилди билбесе. Мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин ырастоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

Иммигрант статусунун берилбестиги жөнүндө чечим арыз ээсине бул чечим кабыл алынган учурдан кийин үч күндүк мөөнөттө билдирилет. Иммигрант статусунун берилбестиги жөнүндө чечим өтүнгөн адамдын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

35-статья. Туруктуу жашап турууга уруксат

Туруктуу жашап турууга уруксат калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ушул Мыйзамга ылайык иммигрант статусун алган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга берилет.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

36-статья. Иммигранттын укуктары жана милдеттери

Иммигранттын укуктары жана милдеттери "Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Мыйзамында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде каралат.

37-статья. Иммиграция жөнүндө өтүнүчтү кайрадан кароо

Кыргыз Республикасында иммигрант статусун берүү өтүнүчү канааттандырылбаган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар иммиграция жөнүндө өтүнүч менен кайрадан кайрылууга укуктуу.

Иммиграция жөнүндө кайталап өтүнүү мурдагы чечимден кийин бир жыл өткөндөн кийин кабыл алынат.

38-статья. Иммиграциялык фонд

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

III БӨЛҮМ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНАН
ЧЫГЫП КЕТИШИ ЖАНА КИРИШИ

1-Глава
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине жана
Кыргыз Республикасына киришине карата негизги талаптар

 

39-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөгө чыгып кетишинин принциптери жана тартиби

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү укугу ушул Мыйзамдын 46-статьясына ылайык убактылуу чектелиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасына кирүү укугунан ажыратылбайт.

Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик чек арада эл аралык катнаш үчүн ачылган өткөрүү пункттары аркылуу, жарактуу документтер же аларды алмаштыруучу документтер боюнча. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынан чыгышат.

(КР 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

40-статья. Бойго жете электердин чыгып кетиши

Кыргыз Республикасынын 18 жашка жете элек жарандары мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариат тастыктаган өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынан чыгып кете алышат. Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү болбогон учурда бойго жете электер соттун чечими боюнча чыгып кете алышат.

14төн 18 жашка чейинки балдардын чет өлкөгө туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынан чыгып кетиши алардын жазуу жүзүндө билдирилген жана нотариатта тастыкталган макулдугу бар болгондо гана ишке ашырылышы мүмкүн.

41-статья. Жөндөмсүз адамдардын Кыргыз Республикасынан чыгып кетиши

Кыргыз Республикасынын сот тарабынан жөндөмсүз деп табылган жарандарына алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариат тастыктаган өтүнүчүнүн негизинде же соттун чечими боюнча уруксат берилет.

42-статья. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укук берүүчү документтер

Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укук берүүчү жана Кыргыз Республикасынын жаранын ал чет өлкөдө жүргөндө тастыктаган документ катары төмөнкүлөр эсептелинет:

1) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;

2) дипломатиялык паспорт;

3) кызматтык паспорт;

4) кайтып келүү күбөлүгү.

Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралган тартипте берилет жана пайдаланылат. Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекетке кайтарылып берилүүгө жатат.

Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

Кыргыз Республикасынын жараны инсандыгын ырастаган документтерди жоготкон учурда Кыргыз Республикасына кирүү укугун берүүчү документ катары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө берилүүчү күбөлүк эсептелинет. Кайтып келүү күбөлүгү жөнүндө Жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде каралган учурларда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган документтин ордуна Кыргыз Республикасынан чыгууда башка документтер пайдаланылышы мүмкүн.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2015-жылдын 19-мартындагы № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

43-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун тариздөө тартиби

Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун тариздөө Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана 16 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жаранына анын жеке өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.

16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөө ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариалдык ырасталган өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт. Өтүнүчтө 16 жашка чыга элек жаран жөнүндө маалыматтар, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү укугун чектеген жагдайлардын жоктугу жөнүндө көрсөтүлөт.

16 жашка жете элек балага жалпы жарандык паспорт үч жылдык мөөнөткө таризделет.

Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпы жарандык паспорт жашаган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашагандарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан берилет.

Кыргыз Республикасынын жаранына дипломатиялык же кызматтык паспортту тариздөө тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

44-статья. Паспортту берүү жана толтуруу, аларды убактылуу токтотуу жана алып коюу тартиби

Паспортту берүү жана толтуруу, алардын убактылуу токтотуу жана алып коюу тартибин ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт жана ал жарыяланууга тийиш.

45-статья. Чыгуу документтерин кароо мөөнөтү жана тартиби

(КР 2005-жылдын 6-августундагы № 125 Мыйзамынын ылайык алынып салынган)

46-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун убактылуу чектөөгө негиздер

Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу төмөнкүдөй учурларда убактылуу баш тартылат:

1) арыз ээси мамлекеттик сыр болуп саналган маалыматты билген болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөт аяктагыча;

2) жөнгө салынбаган алименттик, келишимдик же башка аткарылбаган милдеттенмелери бар болсо, милдеттенмелери аткарылмайынча же мыйзамда каралган учурларда тараптардын өз ара макулдугу боюнча соттун чечимине ылайык же Кыргыз Республикасынын эл аралык мыйзамдарында башкача каралбаган болсо, милдеттенмелер күрөө менен камсыз кылынмайынча;

3) арыз ээсине карата кылмыш иши козголсо, - иш боюнча териштирүү аяктамайынча;

4) арыз ээси кылмыш үчүн соттолгон болсо, - жазасын өтөп бүткөнчө же күнөөсүнөн бошотулгуча;

5) арыз ээси ага соттун чечими боюнча жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан баш тартса, - милдеттенмелерди аткармайынча;

6) арыз ээси өзү жөнүндө белгилүү болуп калган атайын жалган маалымат берсе,- жалган маалымат берүүнүн себеби жана кесепеттери аныкталмайынча;

7) арыз ээси мөөнөттүк аскер кызматына чакырылууга тийиш болсо, - чакыруу мөөнөтүн узартуу маселеси чечилмейинче;

8) арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса - иш боюнча териштирүү аяктамайынча;

9) арыз ээси соттун өкүмү боюнча өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары таанылган болсо же милициянын администрациялык көзөмөлүндө турган болсо, - соттолуу мөөнөтү өтөлмөйүнчө (алынмайынча) же көзөмөл токтотулмайынча.

Паспорт ушул статьянын биринчи бөлүгүндөгү 1-9-пункттарда каралган учурларда же паспорт кылмыш жасоодо пайдаланылган болсо, же анда жасалган жерлер аныкталса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулган учурларда убактылуу кармалат же алынып коюлат. Мындай учурларда паспорт Кыргыз Республикасынын сот, прокуратура органдары, улуттук коопсуздук органдары, чегара кызматынын органдары тарабынан убактылуу кармалат же алынып коюлат.

(Караңыз 2018-жылдын 30 майындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими)

(КР 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

47-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан чыгуусунун алардын коопсуздугунун максатында чектелиши

Кандайдыр бир мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарына коопсуздук шарттарын түзүүгө мүмкүндүк бербеген чукул кырдаал түзүлгөн учурда тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын жарандарынын бул мамлекетке барышынын өзгөчө тартиби жөнүндө чечим чыгарат же бул мамлекетке барууга убактылуу чектөө коюуга укуктуу. Аталган чектөөлөр чыгууга тоскоол болгон шарттар жоюлмайынча колдонулат.

Өкмөттүн чечими Өкмөт чечим чыгарган мамлекетке чыгууга ниеттенген Кыргыз Республикасынын жарандарына сөзсүз билдирилет жана алар чукул кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан жаранга зарыл коопсуз шарт түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө эскертилет. Мындай эскертүү чыгып кетүүгө тыюу салуу болуп саналбайт.

48-статья. Талаштарды чечүү тартиби

Кыргыз Республикасынын жараны жалпы жарандык паспортту берүүдөн жана даярдоодон баш тартуу, же болбосо анын убактылуу кармалышы же алынып коюлушу боюнча сотко даттана алат.

Кыргыз Республикасынын жаранына ушул Мыйзамдын 46-статьясынын биринчи бөлүгүндөгү 3-5 жана 9-пункттарда каралган негиздерде Кыргыз Республикасынан чыгууга баш тартылышы боюнча даттанууга болбойт.

49-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын аймагынан тышкарыда катталышы

Кыргыз Республикасынын чегинен үч айдан ашык мөөнөткө чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары ошол бара жаткан мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемеде он беш күндүн ичинде катталышат.

Барган жеринде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемеде болбогон учурда келген өлкөдөгү электрондук же факсимиль байланыш каражаттары аркылуу каттоо жүргүзүлөт.

Болуучу өлкөдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемеде болбогон учурда башка мамлекеттердин буга атайын укук алган өкүлчүлүктөрүндө каттоо жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 17-мартындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-Глава
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан
 тышкары убактылуу жашоого чыгышы

 

50-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын аймагынан тышкаркы укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын коргоосу

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасы коргоону жана колдоону кепилдикке алат.

51-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын аймагынан тышкарыда эмгектениши

Кыргыз Республикасынын аскердик кызматта тургандан башка жарандары анын аймагынан тышкарыда эмгек ишмердигин жүргүзө алышат.

Кыргыз Республикасынын жарандарын анын аймагынан тышкары чет өлкөлөрдө ишке орноштурууда иштеген жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишмердик тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

52-статья. Кызматтык иштер боюнча чыгуу

Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызматтык иштери боюнча Кыргыз Республикасынан чыгуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Жобого ылайык ишке ашырылат.

53-статья. Жеке иштер боюнча чыгуу

Жеке иштери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан чыгуусу ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларына ылайык ишке ашырылат.

3-Глава
Эмиграция

 

54-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетиши

Туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын бара жаткан мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү визасы же уруксаты болууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын чыгуу документтерин алган жарандары өзүнчө менчик укугуна таандык мүлктү баруучу өлкөгө ташып чыгууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында сактоого укуктуу. Алардын жарандык, социалдык, эмгектеги, турак жай же башка укуктарын ар кандай чектөөгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекет үчүн маданий, тарыхый жана башка кенч болуучу мааниси бар буюмдарды ташып чыгышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен жөнгө салынат.

Кыргыз Республикасынын жарандары туруктуу жашоо үчүн анын аймагынан чыгып кеткенге чейин Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы жайылтылган жеке адамдарга жана юридикалык жактарга карата мүлк милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү.

Чет мамлекетке чыгып кетүү тартиби бара турган мамлекеттин тийиштүү мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен жөнгө салынат.

Кыргыз Республикасынан туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен жарандар, Кыргыз Республикасына кайрылып келгенде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кепилдикке алынган бардык укуктардан жалпы негизде пайдаланышат жана мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартышат.

55-статья. Эмигрант болуп саналбаган адамдар

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө убактылуу эмгектенген жарандары, тынчтык орнотуп жаткан аскер кызматчылары, ошондой эле окуп жаткан, дарылануудагы, туристтик сапардагы, чет өлкөлөрдө уюмдардын жана жеке адамдардын чакыруусу боюнча жана кызмат сапарында жүргөн адамдары эмигрант болуп саналбайт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынан убактылуу чыккан башка адамдар да эмигранттарга кирбейт.

56-статья. Мамлекеттик сырларды билген адамдардын Кыргыз Республикасынан чыгуусу

Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда уруксат берилбеши керек.

Убактылуу чектөөлөр мамлекеттик сырды түзгөн маалыматка байланышкан ишкананын, мекеменин, уюмдун администрациясы же ал укук берген орган, окуу жайдын жетекчиси, аскер бөлүгүнүн командачылыгы тарабынан ишке алууда (окууга өткөндө) же аскер кызматына киргенде жарандарга билдирилиши керек.

57-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине байланышкан чыгымдар

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кетишине байланышкан чыгымдар эмигранттардын өз каражатынын эсебинен, ошондой эле башка мыйзамдуу булактардан каржыланышы мүмкүн.

IV БӨЛҮМ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫН БУЗГАНДЫК
ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК

58-статья. Укук бузуудагы жоопкерчиликке негиздер

Кыргыз Республикасынын аймагында укукка жат иш жасаган иммигранттар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде каралгандан башка учурларда, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирге жалпы негиздерде жоопкерчилик тартышат.

59-статья. Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргендеги жоопкерчилиги

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

60-статья. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жумушка кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын аймагына тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды юридикалык жана жеке жактар жумушка орноштурган учурда, жумуш берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

61-статья. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды чакырган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги

Ушул Мыйзамдын 25-статьясынын талаптарын аткарбаган учурларда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

62-статья. Өлкөдө болуу же транзит менен өтүү тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында болуу тартибин бузушу, башкача айтканда, жашап турууга укук берген документсиз же жараксыз документ менен жашоосу, каттоонун же жүрүүнүн, жашап турууга жер тандоонун белгиленген тартибин сактабашы, белгиленген болуу мөөнөтү аяктаганда чыгып кетүүдөн баш тартышы же Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өтүү эрежелерин сактабашы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укук актыларына ылайык жана иммунитет алган адамдардын жоопкерчилиги дипломатиялык жолдор менен чечилет.

63-статья. Ташуучунун жоопкерчилиги

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

V БӨЛҮМ
КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

 

64-статья. Мамлекеттик алым жана консулдук жыйымдар

Ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик алым менен консулдук жана башка жыйымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө төлөнөт.

65-статья. Ушул Мыйзамды ишке киргизүү

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө киргизилсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

"Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 3, 70-ст.) күчүн жоготту деп табылсын. 

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А. Акаев