Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

1994-жылдын 18-июлу № 521

Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн
1994-жылдын 10-декабрындагы № 854, 1995-жылдын 2-майындагы № 142, 1995-жылдын 13-мартындагы № 84,
1996-жылдын 6-июнундагы № 255, 1996-жылдын 6-ноябрындагы № 527, 1998-жылдын 11-майындагы № 261,
1998-жылдын 2-сентябрындагы № 579, 1998-жылдын 16-октябрындагы № 679, 1999-жылдын 4-июнундагы № 314,
1999-жылдын 9-декабрындагы № 673, 2000-жылдын 11-июлу № 407, 2000-жылдын 19-июлундагы № 420,
2000-жылдын 16-октябрындагы № 621, 2001-жылдын 1-сентябрындагы № 508, 2002-жылдын 8-январындагы № 8,
2002-жылдын 21-майындагы № 332, 2002-жылдын 18-июлундагы № 481, 2003-жылдын 24-январындагы № 24,
2003-жылдын 30-апрелиндеги № 256, 2003-жылдын 25-июнундагы № 387, 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 698,
2004-жылдын 22-ноябрындагы № 849, 2005-жылдын 23-июлундагы № 303, 2006-жылдын 9-февралындагы № 85,
2006-жылдын 21-февралындагы № 119, 2006-жылдын 27-февралындагы № 127, 2006-жылдын 19-октябры № 733,
2006-жылдын 19-декабрындагы № 866, 2007-жылдын 7-июнундагы № 215, 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 412,
2012-жылдын 20-январындагы №44, 2013-жылдын 22-мартындагы № 142, 2013-жылдын 3-майындагы № 228,
2013-жылдын 10-июнундагы № 330, 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 637, 2015-жылдын 19-февралы № 75 , 2018-жылдын 22-октябрындагы № 496
токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик салык жөнүндөгү" Мыйзамынын 4-статьясынын 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республика Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик салыктын бул токтомго тиркелген өлчөмдөрү бекитилсин.

2. Кыргыз Республика Финансы министрлиги Кыргыз Республика Юстиция министрлиги менен макулдашып, үч ай ичинде "Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик салык саясаты жөнүндө" Мыйзамын колдонуу боюнча инструкцияны иштеп чыгып, бекитсин.

 

Премьер-министр

А.Жумагулов

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө 1994-жылдан
18-июлундагы № 521 токтому
менен бекитилген

 

 

Мамлекеттик жыйымдын
ӨЛЧӨМДӨРҮ

 

 (КР Өкмөтүнүн
1994-жылдын 10-декабрындагы № 854, 1995-жылдын 2-майындагы № 142, 1995-жылдын 13-мартындагы № 84,
1996-жылдын 6-июнундагы № 255, 1996-жылдын 6-ноябрындагы № 527, 1998-жылдын 11-майындагы № 261,
1998-жылдын 2-сентябрындагы № 579, 1998-жылдын 16-октябрындагы № 679, 1999-жылдын 4-июнундагы № 314,
1999-жылдын 9-декабрындагы № 673, 2000-жылдын 11-июлу № 407, 2000-жылдын 19-июлундагы № 420,
2000-жылдын 16-октябрындагы № 621, 2001-жылдын 1-сентябрындагы № 508, 2002-жылдын 8-январындагы № 8,
2002-жылдын 21-майындагы № 332, 2002-жылдын 18-июлундагы № 481, 2003-жылдын 24-январындагы № 24,
2003-жылдын 30-апрелиндеги № 256, 2003-жылдын 25-июнундагы № 387, 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 698,
2004-жылдын 22-ноябрындагы № 849, 2005-жылдын 23-июлундагы № 303, 2006-жылдын 9-февралындагы № 85,
2006-жылдын 21-февралындагы № 119, 2006-жылдын 27-февралындагы № 127,
2006-жылдын 19-октябры № 733
2006-жылдын 19-декабрындагы № 866,
2007-жылдын 7-июнундагы № 215, 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 412,
2012-жылдын 20-январындагы №44, 2013-жылдын 22-мартындагы № 142, 2013-жылдын 3-майындагы № 228,
2013-жылдын 10-июнундагы № 330, 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 637, 2015-жылдын 19-февралы № 75, 2018-жылдын 22-октябрындагы № 496
токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Сотко берилүүчү доо арыздардан, анын ичинде Келишимге чейинки талаштар боюнча арыздардан, өзгөчө өндүрүштүк иштер боюнча арыздардан, кассациялык даттануулардан, ошондой эле сот тарабынан берилүүчү документтердин көчүрмөлөрү /дубликаттары/ үчүн мамлекеттик жыйым төмөнкү өлчөмдөрдө алынат:

 

 

сом жана тыйын

а) фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун берүү үчүн, жашаган жери боюнча каттоодо турган жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул алган жумушсуз жарандардан (мындан ары - жумушсуз жарандар), Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн кайтып келген этностук кыргыздардан (мындан ары - этностук кыргыздар) тышкары;

 

30 сом

б) жоголгон же жараксыз болгон паспорттун ордуна Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун берүү үчүн, жумушсуз жарандардан, этностук кыргыздардан тышкары; 

 

бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө

в) фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн, жумушсуз жарандардан, этностук кыргыздардан тышкары;

бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө

г) жоголгон же жараксыз болгон паспорттун ордуна Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн, жумушсуз жарандардан, этностук кыргыздардан тышкары.

 

эки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө

д) турак-жайды жалдоо келишимин өзгөртүү же бузуу жөнүндө, мураска алуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө, мүлктү кармоодон бошотуу жана мүлктүк мүнөздөгү башка доо коюу арыздарынан

10 сом

 

е) өзгөчө өндүрүштөгү арыздардан /даттануулардан/

5 сом

ж) келишимге чейинки талаштар боюнча доо арыздарынан

3 сом

 

з) соттун чечимине кассациялык

 

 

доо арызын, башка арыз даттануулардан дарды жана даттанууларды берүүдө төлөөгө жаткан жыйымдын 50 проценти, ал эми мүлктүк талаш-тартыштар боюнча пунктунун алдындагы "а" пунктуна ылайык талаштагы суммага жараша эсептелген жыйым

 и) көзөмөл иретинде берилген даттануулардан

 

 

 

доо арызын, башка арыздарды жана даттанууларды берүүдө төлөөгө жаткан жыйымдын 25 проценти, ал эми мүлктүк талаш-тартыштар боюнча пунктунун алдындагы "а" пунктуна ылайык талаштагы суммага жараша эсептелген жыйым

 к) ишке катышкан тараптардын жана башка адамдардын өтүнүчү боюнча сот аркылуу соттук чечимдердин, өкүмдөрдүн, аныктамалардын соттун токтомдорунун көчүрмөлөрүн /дубликаттарынын/ бергендик үчүн делодон башка документтердин көчүрмөлөрүн /дубликаттарын/ бергендик үчүн

3 сом жана андан башка ар бир даярдалган бет үчүн 50 тыйын

л) электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын пайдалангандыгы жана электр энергиясын берүү (транспортировкалоо) боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн карызды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан

эң аз эмгек акынын бир эсе ставкасы

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-февралы № 75 токтомдун редакциясына ылайык)

2. Экономикалык жана административдик иштерди караган сотторго берилген арыздардан, ошондой эле экономикалык жана административдик иштерди караган соттор тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүн берүү үчүн, мамлекеттик алым төмөнкү өлчөмдөрдө алынат:

(КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 2-майындагы № 142, 1996-жылдын 6-июнундагы № 255, 1996-жылдын 6-ноябрындагы № 527, 1998-жылдын 11-майындагы № 261, 1998-жылдын 2-сентябрындагы № 579, 2000-жылдын 19-июлундагы № 420, 2002-жылдын 8-январындагы № 8, 2002-жылдын 18-июлундагы № 481, 2003-жылдын 24-январындагы № 24, 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 698, 2006-жылдын 27-февралындагы № 127, 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 637 , 2018-жылдын 22-октябрындагы № 496 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

а) күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүүгө чегерүү жөнүндө доо арыздарынан:

50 миңден 250 миңге чейин

1500 сом + 50000 сомдон ашкан доо суммасынын 2 проценти

250 миңден 500 миңге чейин

5500 сом + 250000 сомдон ашкан сумманын 1 проценти

500 миң сомдон жогору

8000 сом + 500000 сомдон ашкан сумманын 0,5 проценти. 

б) келишимденрди түзүү , өзгөртүү же бузуу учурунда келип чыккан талаштар жана бүтүмдү 5 млн. сомдон ашканда туура эмес деп табуу жөнүндө талаштар боюнча доо коюу арыздарынан

Эмгек акынын минималдуу ставкасынын 20 эсе өлчөмүндө

 

в) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка органдардын нормативдик эмес актыларын жараксыз деп табуу жөнүндө доо коюу арыздарынан

 Эмгек акынын минималдуу ставкасынын 10 эсе өлчөмүндө

 

 

г) мүлктүк эмес мүнөздөгү башка доо коюу арыздарынан, анын ичинде милдетин натурада аткарууга чечим чыгаруу укугун тануу жөнүндө арыздан

 

Эмгек акынын минималдуу ставкасынын 10 эсе өлчөмүндө

 

д) ишканалардын кудуретсиздигин (банкрот) тануу жөнүндө арыздарынан

 

Эмгек акынын минималдуу ставкасынын 25 эсе өлчөмүндө

е) талаштын предметине өз алдынча талап койгон үчүнчү бир адамдын ишке аралашышы жөнүндө арыздардан

Мүлктүк эмес мүнөздөгү доо коюу арызын берүүдө алынган мамлекеттик пошлинанын өлчөмү боюнча, ал эми мүлктүк мүнөздөгү талаштар боюнча – үчүнчү бир катышкан адамдан алынган сумдан эсептелген мамлекеттик пошлина өлчөмү боюнча

ж) бейтарап соттун чечимин аргасыз аткарууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздан

Эмгек акынын минималдуу ставкасынын 10 эсе өлчөмүндө

з) экономикалык жана административдик иштерди караган сотунун чечимдерине карата аппеляциялык даттануулардан – мүлк эмес мүнөздөгү доомат арыздарын берүүдө / ушул пункттун «б» жана «ж» пунктчалары/ алынуучу мамлекеттик пошлинанын өлчөмүнүн 50 проценти, ал эми мүлк мүнөзүндөгү талаштар боюнча – арыз ээси талашкан суммадан эсептелинүүчү мамлекеттик пошлинанын өлчөмүнүн 50 проценти;

Мүлктүк эмес мүнөдөгү (ушул пункттун «б» - «ж» пунктчалары) доо менен арыз берүүдөн алынган мамлекет- пошлинанын өлчөмүнүн 50 проценти; ал эми мүлктүк мүнөздөгү талаштар боюнча-арыз берүүчү адамдан алынган суммадан эсептелген мамлекеттик пошлина өлчөмүнөн

и) экономикалык жана административдик иштерди караган соттордун аныктамаларынын, токтомдорунун чечимдеринин көчүрмөлөрүн жана иште катышып жаткан тараптардын жана башка адамдардын суранычы боюнча, экономикалык жана административдик иштерди караган соттор тарабынан берилген иштен башка документтердин көчүрмөлөрүн берүү үчүн

эсептешүү көрсөткүчүнүн 1 пайызы жана андан сырткары ар бир бер үчүн – 1 сом

к) жаратылыш газын керектөө жана ташууга карызды өндүрүү жөнүндө доо коюу арызы менен

Минималдуу эмгек акынын бир эселенген ставкасы

л) экономикалык жана административдик иштерди караган сотунун чечимдерин, токтомдорун жана аныктамаларын байкоо иретинде кайрадан карап чыгуу жөнүндөгү арыздардан – мүлк эмес мүнөздөгү доомат арыздарын берүүдө /ушул пункттун «б» «ж» пунктчалары/ алынуучу мамлекеттик пошлинанын өлчөмүнүн 25 проценти, ал эми мулк мүнөзүндөгү талаштар боюнча – арыз ээси талашкан суммадан эсептелинүүчү мамлекеттик пошлинанын өлчөмүнүн 25 проценти

 

 

 

 

м) Банктарды жоюу агенттиги, салык жана бажы органдары берген карызды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан

 эсептик көрсөткүчтүн бир жолку ставкасы

н) электр энергиясын, жылуулук энергиясынжана жаратылыш газын пайдалангандыгы жана электр энергиясын берүү (транспортировкалоо) боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн карыздыөндүрүү жөнүндө доо арыздарынан

Эң аз эмгек акынын бир эсе ставкасы

Бир эле учурларда мүлктүк жана мүлктүк эмес мүнөздөгү талаптарды камтыган доо коюу арыздарынан бир эле учурда мүлктүк жана мүлктүк эмес мүнөздөгү доо коюу арыздарына белгиленген мамлекеттик пошлина алынат.

Жоюлуп жаткан жана финансы жана банк секторун реконструкциялоо кредитинин программасына кирген банктардан юридикалык жактардан жана жеке адамдардан карыздарды төлөтүп алуу жөнүндөгү доомат арыздарынан мамлекеттик пошлина эң аз бир эмгек акынын өлчөмүндө мамлекеттик пошлина алынат.

3. Ыйгарым укугу бар мекемелерде нотариалдык иш – аракетти жасаганы, ошондой эле нотариалдык жол менен ырасталган документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) бергени үчүн мамлекеттик алым төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө алынат:

(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 256, 2003-жылдын 25-июнундагы № 387, 2004-жылдын 22-ноябрындагы № 849, 2006-жылдын 21-февралындагы № 119, 2006-жылдын 19-октябры № 733, 2012-жылдын 20-январындагы №44 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

а) кыймылсыз мүлккө менчик укугуна өтүү предмети болуп эсептелүүчү келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн:

 

 

эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир туугандар, чоң энелер, чоң аталар, неберелер болсо

 

1000 сом

эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке адамдар болсо

 

2000 сом

эгерде бүтүмдүн тарабынын бири юридикалык жак болсо

 

5000 сом

б) (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

в) (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

г) башка келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн: 

эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир туугандар, чоң энелер, чоң аталар, неберелер болсо

 

300 сом

эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке адамдар болсо

 

500 сом

 

эгерде бүтүмдүн тарабынын бири юридикалык жак болсо

 

1000 сом

д) (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

 

 

е) мүлктүн ипотекасы (күрөөсү) жөнүндө келишимдери ырастаганы үчүн

Эгерде күрөө бергендер:

Айылдык товар өндүрүүчүлөр болсо

10 сом

Башка жеке жана юридикалык жактар болушса

Эң аз эмгек акынын 3 эсе ставкасы

ж) тыюу салууларды койгондугу жана алып салганы үчүн

 

Эгерде күрөө бергендер:

Айылдык товар өндүрүүчүлөр болсо

10 сом

Башка жеке жана юридикалык жактар болушса

Эң аз эмгек акынын 1 эсе ставкасы

з) ар кандай мүлктү (кыймылдуу жана кыймылсыз), анын ичинде кайра ишеним кылуу тартибинде берилүүчү мүлктү пайдалануу жана тескөө укугуна ишеним каттарын ырастаганы үчүн

Эгерде ишеним кылуучулар:

Балдар, ата-энелер, жубайлар болушса

Эң аз эмгек акынын 1 эсе ставкасы

Башка жеке жактар болсо

Ишеним кат берүү учурунда

- 3 айга чейин – эң аз эмгек акынын 1 эсе ставкасы

- 3 айга чейин – эң аз эмгек акынын 2 эсе ставкасы

- 1 (бир) жылга чейин – эң аз эмгек акынын 3 эсе ставкасы

- 3 (үч) жылга чейин – эң аз эмгек акынын 5 эсе ставкасы

Юридикалык жактар болушса

Мөөнөтүнө карабастан эң аз эмгек акынын 5 эсе ставкасы

и) башка ишеним каттарды ырастаган үчүн

 

Эгерде ишеним кылуучулар:

Жеке жактар болушса

Эң аз эмгек акынын 50% ставкасы

Юридикалык жактар болушса

Эң аз эмгек акынын 1 эсе ставкасы

к) керезди ырастаганы үчүн:

Жөнөкөй керез

Эң аз эмгек акынын 50% ставкасы

Жашыруун керез

Эң аз эмгек акынын 5 эсе ставкасы

л) мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгендиги үчүн: 

 

балдарга, ата-энелерге, жубайларга

1000 сом

бир туугандарга, чоң энелерге, чоң аталарга, неберелерге 

2000 сом

башка мураскерлерге 

5000 сом

м) жубайлардын орток мүлкүнүн үлүшүндөгү менчик укугу тууралуу күбөлүктөрдү бергени үчүн

 Эң аз эмгек акынын 1 эсе ставкасы

н) аткаруу жазууларын жасагандыгы үчүн

Алынуучу суммадан 1%, бирок эң аз эмгек акынын 50% нен аз эмес

Лизинг предметин талап кылган учурда

Эң аз эмгек акынын 3 эсе ставкасы

о) бир тилден экинчи тилге нотариус тарабынан документти жазуу жүзүндөгү котормонун (документтин ар бир барагы үчүн)тууралыгын жазуу үчүн:

бир минималдуу эмгек акынын өлчөмүндө

Жеке жактар үчүн

Эң аз эмгек акынын 50% ставкасы

Юридикалык жактар үчүн

Эң аз эмгек акынын 1 эсе ставкасы

п) документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын ырастаганы жана алардан алынган көчүрмөлөрдү ырастаганы үчүн:

Эгерде жеке жактардын документтери берилсе

Эң аз эмгек акынын 5% ставкасы

Эгерде юридикалык жактардын документтери берилсе

Эң аз эмгек акынын 10% ставкасы

р) жеке жана юридикалык жактардын арыздарын өткөрүп бергендиги үчүн:

Эгерде жеке жактардын арыздарын өткөрүп берүүгө тийиш болсо

Эң аз эмгек акынын 1 эсе ставкасы

Эгерде юридикалык жактардын арыздарын өткөрүп берүүгө тийиш болсо

Эң аз эмгек акынын 3 эсе ставкасы

с) банк карточкаларындагы, арыздардагы жана башка документтердеги (анын ичинде коммерциялык эмес юридикалык жактарды – коомдук фонддорду, мекемелерди түзүү тууралуу чечимдердеги) коюлган колдун аныктыгын ырастаганы үчүн:

 

Эгерде жеке жактардын коблган колунун аныктыгы ырасталып жатса

Эң аз эмгек акынын 50% ставкасы

Эгерде юридикалык жактардын коблган колунун аныктыгы ырасталып жатса

Эң аз эмгек акынын 1% ставкасы

т) нотариус контораларынын делолорунда сакталуучу нотариалдык жактан ырасталган документтердин дубликаттарын бергени жана алардын көчүрмөлөрүн ырастаганы үчүн:

Жеке жактарга берген учурда

Эң аз эмгек акынын 50% ставкасы

Юридикалык жактарга берген учурда

Эң аз эмгек акынын 1 эсе ставкасы

у) юридикалык жактардын жыйналыштарынын протоколдорун, ар кандай лотореялардын, аукциондордун ж.б. тираждык комиссияларынын протоколдорун ырастаганы үчүн:

Эң аз эмгек акынын 10 эсе ставкасы

ф) депозитке акчалай суммалардын жана баалуу кагаздардын кабыл алынганы үчүн

кабыл алынган депозит суммасынын жана баалуу кагаздар наркынан 1%, бирок эң аз эмгек акынын 5 эсе ставкасынан аз эмес

х) акы төлөнбөгөнү үчүн векселдерге, акцептелбеген жана акцептин датасы коюлбаганы үчүн протест жасаганга, чектин төлөнбөгөнүн ырастаганы үчүн

векселди же чекти төлөбөгөн суммадан 1%, бирок эң аз эмгек акынын 1 эсе ставкасынан аз эмес

ң) документтерди сактаганы үчүн

жарыяланган баалуулуктун суммасынан 1% (сакталган ар бир ай үчүн), бирок эң аз айлык акынын ставкасынын 50%нен аз эмес

ч) деңиз протестин жасаганы үчүн

эң аз эмгек акынын 5 эсе ставкасы

ш) башка нотариалдык иш – аракеттерди (анын ичинде зыяндын ордун жабуу тууралуу, карызды кайтарып берүү тууралуу, мүлктү сактап берүү тууралуу милдеттенмелерди ырастаганы) жасаганы үчүн:

 

Жеке жактар үчүн

эң аз эмгек акынын 1 эсе ставкасы

Юридикалык жактар үчүн

эң аз эмгек акынын 3 эсе ставкасы

Нотариалдык контора жайгашкан жайдан тышкары жасалган нотариалдык иш-аракеттери үчүн мамлекеттик алым эки эсе өлчөмдө алынат; ошондой эле ушул иш-аракетти жасоо үчүн жерине барууга байланышкан иш жүзүндөгү чыгымдар да төлөп берилет. Эки эсе өлчөмдө мамлекеттик алымды төлөөдөн дыйкан (фермер) чарбалары, айыл чарба кооперативдери жана башка айылдык товар өндүрүүчүлөр бошотулат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чет өлкө валютасында укук белгилөөчү документтерди берүү жана чет өлкө валютасы менен байланышкан бүтүмдөрдү жасоо үчүн, эгерде булар бүтүмдөрдүн предмети болсо, мамлекеттик алымдын өлчөмү мамлекеттик алымды төлөө учурундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чектеген курс боюнча сомго айландырылып эсептелүүгө тийиш.

4. Жарандык абал актыларын каттоонун өзгөртүүлөрүнө, толуктоолоруна, оңдоолоруна жана калыбына келтирүүгө байланыштуу жарандарга жарандык абал актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайталап бергендик үчүн мамлекеттик жыйым төмөндөгүдөй өлчөмдө төлөнөт:

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык)

а) жарандык абал актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайталап бергендиги үчүн;

10 сом

б) Кыргыз Республикасынын жарандык абал актыларын каттоонун өзгөртүүлөрүнө, толуктоолоруна, оңдоолоруна жана калыбына келтирүүгө байланышкан күбөлүк бергендиги үчүн

5 сом

в) фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгүн каттоо үчүн

15 сом

г) туулгандыгы, никеге тургандыгы, ажырашкандыгы, өлгөндүгү жөнүндө каттоону өзгөртүүгө, толуктоого, оңдоого жана калыбына келтирүүгө байланыштуу күбөлүк бергендик үчүн

5 сом

д) граждандык абалдын актысын каттоо жөнүндө күбөлүктү кайталап бергендик үчүн

10 сом

5. Юридикалык мааниси бар документтерди берүү жана башка аракеттерди жасоо үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөрдө мамлекеттик пошлина алынат:

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 85, 2006-жылдын 19-декабрындагы № 866, 2007-жылдын 7-июнундагы № 215, 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 412, 2013-жылдын 3-майындагы № 228, 2013-жылдын 10-июнундагы № 330 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун берүү үчүн:

Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыккан жарандарына; 

Минималдуу эмгек акынын нөлдүк ставкасы

биринчи жолу паспорт алгандарга, ошондой эле фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу алмаштыруу боюнча;

- 30 сом

жоголгон же жараксыз болуп калгандын ордуна; 

100 сом 

б) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн: 

 

60 сом

- жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү тууралуу келишимдерге ылайык чет өлкөлүк сотторго тараптар, күбөлөр, жабыр тарткандар жана жарандык, кылмыш иштери боюнча эксперттер катарында чакырылган жарандарга, - аларга уруксат берүү жана чет мамлекетке чыгуу укугуна документтерди берүү үчүн; 

 

эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө

- окууга же өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн чыгууга байланыштуу окуучуларга жана студенттерге

эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө

в) жоголгондун же жараксыз болуп калгандын ордуна Кыргыз Республикасынын жаранына жалпы жарандык паспорт берүү үчүн;

200 сом

г) фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаганжерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаранына жалпы жарандык паспорт берүү үчүн; 

100 сом

д) Кыргыз Республикасынан чыгууга байланыштуу документтерди тариздөө үчүн: 

 

убактылуу жашоого

минималдуу эмгек акынын бир эсе ставкасы

туруктуу жашоого

эмгек акынын он эсе ставкасы

е) Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгууга виза (күбөлүк) берүү үчүн же визанын (күбөлүктүн) колдонулуш мөөнөтүну зартуу үчүн;

 

ж) Кыргыз Республикасына убактылуу келишкен чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга чет өлкөлүк паспортуна же аны алмаштыруучу документине визаларды берүү же жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн:

 

- Кыргыз Республикасынан чыкканда жана кийин Кыргыз Республикасына киргенде:

 

- үч айга чейинки мөөнөткө;

эсептешүү көрсөткүчүнүн он эсе ставкасы

- алты айга чейинки мөөнөткө;

эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш эсе ставкасы

- бир жылга чейинки мөөнөткө;

 

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма беш эсе ставкасы

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынан бир нече жолу өтүү:

- үч айга чейинки мөөнөткө; |

 

эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш эсе ставкасы

- алты айга чейинки мөөнөткө;

 

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма эсе ставкасы

- бир жылга чейинки мөөнөткө;

 

эсептешүү көрсөткүчүнүн кырк эсе ставкасы

Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыздар үчүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынан көп жолу өтүү үчүн бир жылга чейин мөөнөткө;

эсептешүү көрсөткүчүнүн бир эсе ставкасы

 

з) Кыргыз Республикасына чакырууга уруксат жөнүндө документ берүү үчүн

эсептешүү көрсөткүчүнүн он эсе ставкасы

 

Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыздар үчүн

эсептешүү көрсөткүчүнүн бир эсе ставкасы

и) Кыргыз Республикасынан чыгуу жана кайра Кыргыз Республикасына кирүү үчүн мурда берилген документке кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү (пайдалануу мөөнөтүн узартуудан башка) киргизүү үчүн;

 

эсептик көрсөткүчтүн бир

эселенген ставкасы

 

к) жашап турууга укук берүү үчүн

 

- убактылуу:

КМШ жана ЕврАзЭСке катышуучу-мамлекеттердин жарандарына, жарандыгы жок адамдарга;

эсептик көрсөткүчтүн жыйырма эселенген ставкасы

алыскы чет өлкөлөрдүн жарандарына;

эсептик көрсөткүчтүн жүз эселенген ставкасы

-туруктуу:

КМШ жана ЕврАзЭСке катышуучу-мамлекеттердин жарандарына, жарандыгы жок адамдарга;

эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш эселенген ставкасы

алыскы чет өлкөлөрдүн жарандарына;

эсептик көрсөткүчтүн бир жүз элүү эселенген ставкасы

л) чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга мурда берилген жашоого укуктун мөөнөтүн узартуу, ошондой эле мурда берилген, жоголгон же бузулган документтин ордуна берүү үчүн;

 

эсептик көрсөткүчтүн эки эселенген ставкасы

 

м) чет өлкөлүк паспортту же аны алмаштырган документти каттоо же аны каттоонун жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн;

эсептик көрсөткүчтүн бир өлчөмүндө

- Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттерге чыгып жаткан чет өлкөлүк туристтин документтерин каттоо үчүн;

 

эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө

н) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга, Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүүгө жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга, аларды каттоо тартибинде жарандыгын аныктоо жөнүндө арыздан

эсептик көрсөткүчтүн бир эселенген ставкасы

о) өтүнүчтөрдөн:

- Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу тууралуу (этностук кыргыздар, качкындар жана жер которгондордон сырткары);

 

эсептик көрсөткүчтүн жыйырма эсе өлчөмүндө

качкындар жана аргасыз жер которгон адамдар үчүн;

 

эсептик көрсөткүчтүн бир эсе өлчөмүндө

 

этностук кыргыздар, Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган аял жынысындагы чет мамлекеттик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн;

 

эсептик көрсөткүчтүн нөлдүк өлчөмүндө

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу;

 

эсептик көрсөткүчтүн жыйырма эсе өлчөмүндө

 этностук кыргыздар, качкындар жана көчүүгө аргасыз адамдар үчүн;

эсептик көрсөткүчтүн бир эселенген ставкасы

п) жашаган жери боюнча каттоо (каттоого туруу) үчүн:

 

эсептик көрсөткүчтүн 0,2 өлчөмүндө

- картаңдар жана майыптар үчүн интернат-үйлөрдө жашаган картаңдар жана майыптар үчүн; 

 

эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө

- мектеп-интернаттардын жана толугу мененмамлекеттик камсыздоодо турган баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин жатаканаларында жашаган окуучулары үчүн

 

эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө

р) өткөрмө берүү үчүн:

 

 

 

- Кыргыз Республикасынын жарандарына;│

50 сом

- чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга;

250 сом

с) мамлекетке карыз адамдарды издөө боюнча кызматтар үчүн (ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан алынат);

150 сом

т) даректик маалымкаттарды берүү үчүн;

20 сом

у) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мергенчилик, балыкчылык жана башка ишмердүүлүк укугуна уруксат берүү үчүн:

 

 

 

 

- жеке жактар үчүн;

 

эсептик көрсөткүчтүн бир

эселенген ставкасы

 

- юридикалык жактар үчүн

эсептик көрсөткүчтүн үч

эселенген ставкасы.

(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-майындагы № 332 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Пайдаланылбай турган аянттарды, жайларды, жабдууларды жана башка негизги фондуларды, ошондой эле банкроттук процессинде талап кылынбаган мүлктү чакан жана орто ишкердик субъектерине өткөрүп берүү Программасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 200-жылдын 31-январында № 46 токтомуна ылайык түзүлгөн бүтүмдөрдү Кыргыз Республикасынын нотариалдык контораларында каттоо жана толтуруу үчүн ал катталган жана толтурулган учурга белгиленген бир минималдуу эмгек акыга барабар өлчөмдө мамлекеттик пошлина алынат.