Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\398ad821-380b-4b48-b8a3-fdc524def39a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2001-жылдын 1-февралы № 15

Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө

(КР 2008-жылдын 1-декабрындагы № 249, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83,
2017-жылдын 6-июнундагы № 98,
2017-жылдын 28-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

I бөлүм. Жалпы жоболор

II бөлүм. Ишкердикти мамлекеттик колдоо

 

Ушул Мыйзам жарандардын өздөрүнүн жөндөмдөрүн жана мүлктөрүн ишкердик жүргүзүү үчүн эркин пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын коргоого багытталган, ошондой эле ишкердиктин субъекттеринин иштеги демилгелерин мамлекеттик колдоого алуунун жана жөнгө салуунун формалары менен усулдарын белгилейт.

Ушул Мыйзамдын аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү жана иштөөчү ишкердиктин субъекттеринин мамилелерине карата уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан жайылтылат.

 

I бөлүм.
Жалпы жоболор

               

1-берене. Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

 

Кыргыз Республикасында ишкерлердин укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына, ушул Мыйзамга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдар төмөнкүлөрдү караштырат:

- ишкердиктин субъекттери катышуучу мамилелердин формаларынын көп түрдүүлүгүн ченемдик жактан бекемдөө;

- ишкердиктин субъекттеринин айрым категорияларына дифференцияланган мамлекеттик колдоонун ишке ашырылышын камсыздоо.

- ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуучу принциптерди мыйзамдуу бекитүү.

(Үчүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2008-жылдын 1-декабрындагы № 249, 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамдарынын  редакциясына ылайык) 

 

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдалануучу негизги түшүнүктөр

 

Ишкердик (ишкердик жүргүзүү) деген жеке жана юридикалык жактардын өз атынан өзүнүн менчик же карызга алган каражаттарынын эсебинен, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында киреше алуу үчүн жүргүзгөн демилгеси, өз алдынча экономикалык ишкердиги болуп эсептелет.

Ишкердиктин субъекттери болуп мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана өзүнүн уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында пайда же жеке киреше табуу максатында мыйзамда тыюу салынбаган иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар эсептелет.

(Үчүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-1-берене. Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери

 

Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- ишкердиктик субъекттеринин ак ниеттүүлүк презумпциясы;

- Кыргыз Республикасынын милдеттүү талаптарды белгилөөчү мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды, өксүктөрдү жана так эместиктерди мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердиктин субъекттерине каршы пайдаланышпайт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда ишкердик субъекттеринин иштерине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишпестиги, анын ичинде аларды токтотууга жол бербөө;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген төлөмдөрдү белгилөөлөрүнө жана алууларына жол бербөө;

- ишкердикке тийиштүү лицензияларды, уруксаттарды жана башка актыларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген документтерди белгилөө жана талап кылууга жол бербөө;

- ишкердикти жөнгө салуучу иштелип жаткан ченемдик укуктук актылар жөнүндө ишкердиктин субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү маалымдоо.

(КР 2008-жылдын 1-декабрындагы № 249 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

3-берене. Ишкердиктин эркиндиги

 

Ишкердиктин эркиндиги өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген чектерде иш чөйрөсүн эркин тандап алуу;

- иштин түрлөрүн жана аны жүзөгө ашыруунун программаларын эркин тандоо;

- ишкердик иш-аракетти жүргүзүү үчүн юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн жана каржылык каражаттарын ыктыярдуу негизде эркин тартуу;

- эмгек жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин сактоо менен кызматкерлерди эркин жалдоо;

- жалданып иштеген адамдардын эмгек акысын жана башка кирешелеринин формасын, тутумун жана өлчөмдөрүн өз алдынча, бирок Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу деңгээлден төмөн эмес белгилөө;

- бардык мамилелерде контрагентти эркин тандоо;

- ишти интеллектуалдык менчиктин негизинде өнүктүрүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, сунуш кылынган товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды эркин коюу;

- мамлекет тарабынан белгиленген негизги төлөмдөрдү төлөгөндөн, ошондой эле контрагенттердин алдындагы өзүнө алган милдеттенмелерди аткаргандан кийин калган накта кирешени тескөө эркиндиги;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердин өз алдынча тышкы экономикалык иш жүргүзүүсү, анын өзүнүн валюталык үлүшүнүн пайдасын өзү каалагандай пайдалануусу.

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-берене. Ишкерлерге берилчү кепилдиктер жана алардын укуктарын коргоо

 

Мамлекет ишкерлерге менчигинин түрлөрүнө карабастан, төмөнкүлөрдү кепилдикке алат:

- тең укуктуулук жана каржылык, эмгектик, табигый, маалыматтык жана интеллектуалдык ресурстарга бирдей укук жана мүмкүнчүлүк берүү;

- атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негиздеринде иштеп жаткан ишкердиктин субъекттеринин укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо.

Тиешелүү органдардын мыйзамда белгиленген негиздердин жана ыйгарым укуктарынын чектеринен тышкары учурларда, ишкерлердин иштерине мамлекеттин жана анын органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

Мамлекет экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы ишкердикти колдоонун жана өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгууну жана аны жүзөгө ашырууну камсыздайт, инфраструктуралык жана институционалдык өзгөртүүлөрдү жүргүзөт, аларды ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук, экономикалык-уюштуруучулук ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган төлөмдөрдү белгилөөгө жана алууга тыюу салынат.

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-берене. Ишкердиктин формалары

 

Кыргыз Республикасында мыйзам чегинде жүргүзүлчү ишкердиктин бардык формаларына жол берилет.

Ишкердик:

- жеке эмгектин негизинде;

- жалданма эмгекти пайдалануу менен;

- юридикалык жакты түзбөстөн;

- юридикалык жакты түзүү менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Ишкердиктин өзгөчө формалары болуп:

- ишкананы ал ишкананын мүлкүнүн менчик ээси менен түзүлгөн контракттын негизинде башкарган адам жүргүзгөн ишкердик иш;

- концессиялык келишимге жана комплекстүү ишкердик лицензияга (франчайзинг) негизделген ишкердик иш эсептелет.

Кыргыз Республикасында ишкердик иш адабий, көркөм жана илимий чыгармалар, артисттердин аткаруучулук иши; үн жазуу, радио жана телекөрсөтүүлөр; товардык белгилер, тейлөө белгилери, фирмалык аталыштар, коммерциялык аталыштардын укуктарын камтыган интеллектуалдык менчиктин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Интеллектуалдык менчик менен байланыштуу мамилелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

6-берене. Ишкердиктин субъекттерин мамлекеттик каттоо

 

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо юридикалык жактарды каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

Юридикалык жакты түзбөстөн жеке жактарды мамлекеттик каттоо, ошондой эле патенттик негизде жүргүзүлүүчү иш салык органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Ишкердик субъекттерин мамлекеттик каттоодон баш тартуу административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83, 2017-жылдын 28-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

7-берене. Ишкердик ишти лицензиялоо

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

8-берене. Ишкердиктин субъекттеринин союздары (ассоциациялары)

 

Ишкердиктин субъекттеринин союздары (ассоциациялары) ишкердикти өнүктүрүү боюнча жагымдуу шарттарды, ак ниет атаандаштыкты камсыздоо, ишкердиктин субъекттеринин жоопкерчиликтерин жана компетенцияларын жогорулатуу, мамлекеттик бийликтин органдарында алардын таламдарын жамаатташ коргоону камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу негизде түзүлөт. Мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердиктин субъекттеринин союздарын (ассоциацияларын) уюштурууга жана иш жүргүзүүсүн камсыздоого колдоо көрсөтүшөт.

Ишкердиктин субъекттеринин союздары (ассоциациялары) мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн аймактык программаларын, ишкердик жүргүзүүгө байланыштуу башка ченемдик документтерди даярдоого жана экспертизалоого катышууга, аларды өркүндөтүү боюнча мамлекеттик бийликтин органдарына сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

 

9-берене. Чет өлкөлүк ишкерлердин иш жүргүзүүсү

 

Кыргыз Республикасында ишкердик иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат жана Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары үчүн каралган тең укуктар менен милдеттерге ээ.

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-берене. Ишкердикти илимий жана кадрлык камсыздоо

 

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу боюнча окуу жайлар тармагын өнүктүрүү үчүн шарт түзүү, ишкердиктин актуалдуу проблемалары. боюнча алар үчүн кыска мөөнөттүү курстарды жана семинарларды, конференцияларды, симпозиумдарды уюштуруу боюнча чараларды жүргүзүшөт.

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-берене. Ишкердик иш жүргүзүүнүн эсеби жана отчету

 

Ишкердиктин субъекттери өндүрүштүк-чарбалык иштин бухгалтердик эсебин жүргүзүшөт, статистикалык отчет түзүшөт жана беришет жана анын тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликте болушат.

 

12-берене. Ишкердик ишти жүргүзүү процессинде эмгектин корголушу

 

Ишкер Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарынын ченемдерин сактоого, ошондой эле кызматкерлердин саламаттыгынын жана иш жөндөмдүүлүгүнүн сакталышын камсыз кылуучу ыңгайлуу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө милдеттүү.

 

13-берене. Ишкерлерди камсыздандыруу, ишкердикте иштеген кызматкерлерди социалдык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу

 

Ишкердик иш жүргүзүүдө анын катышуучуларын камсыздандыруу каралат. Ишкер камсыздандыруунун мамлекеттик, же башка түрүн өзү каалагандай тандап алууга укуктуу.

Ишкердик негизделген менчиктин түрлөрүнө карабастан, ишкер эмгек келишими боюнча иштеп жаткан кызматкерлерин камсыздандыруу үчүн социалдык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу фонддоруна жалпы негизде каражат которууга милдеттүү.

 

14-берене. Ишкердик иш жүргүзүүнү токтотуу

 

Ишкердиктин субъектисинин иши соттун чечиминин негизинде, уюштуруу документтеринде айтылган шарттарга ылайык, ишкердин демилгеси же башка себептер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте токтотулат.

 

II бөлүм.
Ишкердикти мамлекеттик колдоо

 

15-берене. Ишкердикти мамлекеттик колдоо

 

Ишкердикти мамлекеттик колдоо мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын компетенцияларына ылайык, ал үчүн ыңгайлуу уюштуруучулук жана экономикалык шарттарды түзүү жолу менен төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

- Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүүнүн ченемдик-укуктук жана мыйзамдык базасын өркүндөтүү;

- мамлекеттик каржылык, материалдык-техникалык жана маалыматтык ресурстарды, ошондой эле анын ичинде материалдык-техникалык камсыздоону, сатууну, ошондой эле ишкерлерди маалыматтык тейлөөнү, кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону уюштурууга көмөктөшүү менен ишкердикти экономиканын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген артыкчылыктуу тармактарында өнүктүрүүгө багытталган илимий-техникалык иштеп чыгуулардын натыйжаларын пайдаланууга жеңилдетилген шарттарды түзүү;

- ыңгайлуу салык, бажы жана инвестиция режимдерин түзүү;

- салык салуунун, ишкердиктин субъекттерин каттоонун, алардын ишкердигин лицензиялоонун, чыгарылып жаткан продукциясын сертификаттоонун, мамлекеттик статистикалык жана бухгалтердик отчет берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин орнотуу;

- колдонуудагы мыйзамдарда каралган шарттарда жана тартипте жер участокторун берүү жана мамлекеттик мүлктү өткөрүп берүү;

- ишкердиктин субъекттеринин тышкы экономикалык иштерине алардын чет мамлекеттер менен соода, илимий-техникалык, өндүрүштүк, маалыматтык байланыштарын өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү камтуу менен колдоо көрсөтүү;

- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес инвестициялык жана инновациялык фонддорду, холдингдик, лизингдик компанияларды, фондулук биржаларды, аудитордук кызматтарды жана аныкталган тартипте бекитилген жоболордун негизинде иштөөчү башка курамдарды түзүүгө көмөктөшүү.

- рынокто монополисттик ишти жана атаандаштыкка каршы көрүнүштөрдү болтурбоо.

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

16-берене. Ишкердиктин субъекттерин өндүрүштүк-технологиялык колдоо

 

Мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердиктин субъекттерин учурдагы жабдуулар жана технологиялар менен камсыздоого, технопарктар тармагын, лизингдик компанияларды, бизнес-инкубаторлорду, интеграциялашкан бизнес-борборлорду, өндүрүштүк-технологиялык борборлорду жана башка объекттерди түзүүгө, адистештирилген дүң рынокторду, жарманкелерди түзүүгө жана уюштурууга багытталган жана ошондой эле имараттарды, курулуштарды, жабдууларды, өндүрүштүк жана кызматтык жайларды, мамлекеттин менчигинде турган башка мүлктү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берүү боюнча иш чаралардын комплексин иштеп чыгышат жана ишке ашырышат.

 

17-берене. Ишкердикти каржылоо

 

Ишкердиктин тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында чарбакер субъекттерди каржылык-кредиттик колдоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, адистештирилген тармактык мамлекеттик фонддордун каражаттарынын, эл аралык каржылык уюмдар жана донор өлкөлөр берүүчү кредиттердин эсебинен, ошондой эле ата мекендик жеке жана чет өлкөлүк капиталдарды жана башка булактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартуунун эсебинен жүргүзүлөт.

Ишкердиктин субъекттерин жеңилдетилген каржылоонун шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

Ишкердикке каржы - кредиттик колдоо көрсөтүү республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги менен эл аралык каржы уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылып, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору менен бир эле убакта жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилүүчү ишкердикке колдоо көрсөтүүнүн жана аны өнүктүрүүнүн программасынын негизинде жүргүзүлөт. Мында ишкердикти колдоону каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө мыйзамда өзүнчө сап менен бөлүнүп көрсөтүлөт.

 

18-берене. Ишкердиктин субъекттеринин мамлекеттик заказдарды жана ири ишканалардын заказдарын аткарууга катышуусу

 

Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууда сатып алууну жүргүзүүчү мекемелер бул процесске ишкердиктин субъекттеринин катышуусун караштырат. Ишкердиктин субъекттери үчүн заказдардын тийиштүү үлүшүн резервдөөнүн жана аларды берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

Ири ишканалар чийки заттарды, материалдарды, комплектөөчү буюмдарды жана тетиктерди сатып алуу боюнча өз заказдарынын бөлүгүн ишкердиктин субъекттерине жайгаштырышат.

 

19-берене. Ишкердиктин субъекттерин маалыматтык чөйрөдө колдоо

 

Мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары ишкердиктин субъекттери натыйжалуу өнүгүшү үчүн экономикалык, укуктук, статистикалык, өндүрүштүк-технологиялык жана башка маалыматтарды алышы жана ал маалыматтарды өз ара алмашуусу үчүн тийиштүү маалыматтык инфраструктура түзүү боюнча чараларды иштеп чыгышат жана ишке ашырышат.

 

20-берене. Ишкердиктин субъекттеринин мамлекеттик менчикти жеңилдетилген шартта менчиктештирүүсү

 

Мамлекеттин менчигиндеги иштебей токтоп турган, консервацияланган жана майнапсыз иштеген ишканалар, өндүрүштүк аянттар, жабдуулар жана башка негизги каражаттар продукцияларды, товарларды чыгарууну жана тейлөөнү уюштуруу үчүн ишкердиктин субъекттерине ижаралык шартта, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Программа жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кийин сатып алуу үчүн ижарага алуу жолу менен өткөрүп берилиши мүмкүн.

Мамлекеттик мүлктү ишкердиктин субъекттерине жеңилдетилген шартта өткөрүп берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

21-берене. Мамлекеттик контролдоочу органдардын ишкердиктин субъекттеринин ишин текшерүүсү

 

Мамлекеттик контролдоочу органдар ишкердиктин субъекттеринин ишин текшерүүнү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүшөт.

 

22-берене. Мамлекеттик контролдоочу органдардыя жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

 

Кызмат адамдарынын ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбоосу администрациялык жаза берүүдө укук бузуунун оордугуна байланыштуу болот же алардын күнөөсү сот тартибинде белгиленген учурдан тартып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда кандайдыр бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен жаза жоопкерчилигине алып келет.

Мамлекеттик же башка органдардын өз компетенциясына, болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген, ишкердин укугун бузган актыны чыгаруусу соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжалары сот тартибинде тастыкталбаганда жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенде аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.

Мамлекеттик контролдоочу жана башка органдардын же алардын кызмат адамдарынын ишкердин укутун бузган иштеринин, ошондой эле андай органдардын, болбосо алардын кызмат адамдарынын ишкерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттерин мыйзамга ылайык аткарбагандыктарынын натыйжасында келтирилген зыяндар ишкердин алынбай калган пайдасын кошо камтуу менен ал органдар жана кызмат адамдары тарабынан төлөнүп берилүүгө тийиш.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

23-берене. Ишкердиктин субъекттеринин чарбалык талаштарды чечүүсү

 

Ишкердиктин субъекттери доо арызы менен сотко кайрылган учурда, мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн сот чечим чыгарганга чейин кийинкиге калтырууга мүмкүндүк берилет. Мында мамлекеттик алым жарандык мыйзамдарга ылайык төлөнөт.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

24-берене. Ишкердин жоопкерчилиги

 

Ишкер сатып өткөргөн продукциялар (товар жана кызмат көрсөтүү) керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу жана мүлкү үчүн толугу менен коопсуз болууга, шайкеш сертификат күтүүгө, ошондой эле сатылып жаткан товар менен кызмат көрсөтүүнүн керектөө өзгөчөлүгү жөнүндө толук жана так маалымат болууга тийиш. Керектөөчүлөр менен эсептешүүнү кассалык же товардык чекти керектөөчүгө милдеттүү түрдө берүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайык жүргүзүү керек.

Ушундай талаптар бузулган учурда ишкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Сапатсыз товарларды (жумуш жана кызмат көрсөтүү) реализациялоодон улам чыккан ишкер менен керектөөчүнүн ортосундагы талаштар керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тиешелүү мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тикеден-тике байланышуу жана кайрылуу жолу менен, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдоруна (ассоциацияларга жана союздарга) же сот аркылуу каралат.

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин эки айдын ичинде ага ылайык келтирилүүгө тийиш.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

А. Акаев