Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2018-жылдын 6-февралы № 54

 

Бишкек шаардык кеңештин “Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүү жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартибинин эрежелерине ылайык жана Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 8-декабрындагы    № 166 “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууну колдоо жөнүндө” токтомун көнүлгө алып, ошону менен бирге Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк, канализациялык тармактарды жана курулмаларды өнүктүрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү

жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;

     2) салыктарды эсепке албаганда, бюджеттик мекемелер үчүн кичирейтилген коэффициенти менен Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерине техникалык шарттарды даярдоо жана берүү үчүн жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат үчүн тарифтер ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык.

     2. Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы аймагында төмөнкүлөрдүн таасири жайылтылбоосу белгиленсин:

     1) Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 68 "Бишкек шаарынын аймагында суу түтүк жана канализация тармактарына жаңы курулган, реконструкцияланган, арналышы өзгөртүлгөн, кайра пландалган объекттерди кошууга жана техникалык шарттарды берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомунун;

     2) суу түтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга техникалык шартты берүү жана курулуш объекттерин кошуу бөлүгүндөгү Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 8-декабрындагы № 142 “Бишкек шаарында суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануу Эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Бишкек шаарында суу түтүк жана канализацияны пайдалануу эрежесинин.

     3. Бишкек шаарынын мэриясы:

1) жер тилкелеринин ээлерине жана пайдалануучуларына инженердик тармактардын курулушунун башталышы жөнүндө кабарлоо боюнча керектүү чараларды көрсүн;

2) Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан “Түштүк пландоо зонасынын суу түтүк жана канализациясынын магистралдык тармактары” долбоорун ишке ашыруу үчүн жеке инвестицияларды тартуу механизмдерин иштеп чыксын.

     4. Төмөнкүлөр аныкталсын:

     1) “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы (мындан ары “Бишкексууканал” ӨЭБсы) – Бишкек шаарынын Түштүк зонасы үчүн “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоору тарабынан каралган инженердик тармактарды жана курулмаларды долбоорлоо жана куруу боюнча ыйгарым укуктуу органы болуп;

     2) Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы – Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын суу түтүк жана канализациянын магистралдык жана ажыратуучу тармактарын долбоорлоо жана куруу боюнча ыйгарым укуктуу органы болуп.

     5. “Бишкексууканал” ӨЭБсы:

     1) Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен бирдикте Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы инженердик тармактардын курулушу боюнча иштер аяктаганга чейин объекттерди кошууну кийинкиге калтыруу менен долбоорлонгон инженердик тармактарга кошулууга үч жактуу келишимди (“Бишкексууканал” ӨЭБсы, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жана “куруучу”) иштеп чыксын;

     2) Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен бирдикте бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын суу түтүк жана канализациянын магистралдык жана ажыратуучу тармактарынын курулушу боюнча аткарылган иштери үчүн акча каражаттарын төлөөнү жөнгө салуучу механизмин иштеп чыксын жана бул башкаруулардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө келишимди түзсүн;

     3) долбоордук-сметалык документтер тарабынан белгиленген мөөнөттө “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоорунун алкагында “Орто-Алыш” суутоптомосунда 35 скважинаны бургулоо менен “Орто-Алыш” суутоптомосунун тарамынан “Совмин” резервуарларынын районундагы тарамына чейинки магистралдык суу өткөрмөлөрдүн, ошондой эле Тыналиев көчөсүнөн (Түштүк зона) шаардын тазалоочу курулмаларына чейин канализациялык коллектордун долбоорун жана курулушун камсыз кылсын;

     4) инженердик тармактарга кошулуу үчүн куруучудан алынган акча каражаттар Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын инженердик тармактарынын курулушуна жана “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоорунун II фазасын ишке ашырууга алынган ЕРӨБнын кредитин (негизги карыз жана пайыздар) жабууга гана багытталсын;

     5) объекттерди куруу мезгилинде курулуш аянтчаларын ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн убактылуу кошулуу ордун аныктасын;

     6) туруктуу негизде инженердик тармактарга объекттерди кошуу Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк-канализациялык тармактардын курулушу боюнча бардык иштер аяктагандан жана инженердик тармактарга кошулууга техникалык шарт жана уруксат үчүн төлөмү болгондон кийин гана жүргүзүлсүн.

     6. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы курулуштун башталышы үчүн жетиштүү каражаттардын келип түшкөнүнөн баштап ченемдик мөөнөттө Түштүк зонанын суу түтүк жана канализациясынын магистралдык жана ажыратуучу тармактарынын курулушун камсыз кылсын.

     7. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы куруучу тарабынан суралган жана техникалык шарттарды берүү жана Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын иштелип чыккан деталдуу пландоо долбооруна (ДПД) ылайык инженердик тармактарга кошулууга төлөмдөрдү аныктоо үчүн “Бишкексууканал” ӨЭБ тарабынан берилген суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн жүктөмдөрүнүн аныктыгын камсыз кылсын.

     Түштүк зонадагы суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн жүктөмдөрүнүн эсеби бир кишиге жалпы аянттын 20 кв.метрден көп эмес ченеми жана 1 кишиге суткасына 430литр муздак сууну керектөө ченеми менен жүргүзүлсүн.

     8. Жетекчиликтин жеке жоопкерчилиги белгиленсин:

     1) “Бишкексууканал” ӨЭБсы – келип түшкөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу, бөлүштүрүү жана чыгымдоо үчүн;

     2) Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы – акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жана чыгымдоо, ошону менен бирге Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын суу түтүк жана канализациясынын магистралдык жана ажыратуучу тармактарынын өз убагындагы жана сапаттуу курулушу үчүн;

     3) “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы – Бишкек шаарынын Түштүк зонасында долбоорлонгон жана курулуучу объекттердин суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн жүктөмдөрүнүн эсебинин аныктыгы үчүн.

 9. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

     10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркуруу жана архитектура боюнча (Конгантиев К.К.), турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияларына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р. К. Макеновго, вице-мэрлери Б.О.Дюшембиевге жана Э.К.Исаковго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А. М. Кененбаев

 

1-тиркеме

Бишкек шаардык кеңештин

2018-жылдын “_06_” _02_

№_54_ токтомуна

 

 

Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкцияланган, багытын өзгөрткөн, кайра пландалган объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө Жобо

 

I. Жалпы жоболор

 

1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө” Жобосуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартибинин эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

2. Ушул жобо Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына (мындан ары – инженердик тармактар) техникалык шарттарды берүү жана курулуштун, реконструкциялоонун, багытын өзгөртүүнүн, кайра пландоонун объекттерин кошуу тартибин жана шарттарын, ошондой эле жер участокторунун куруучулары менен Бишкек шаарынын суу түтүк-канализациялык чарба уюму – “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасы (мындан ары – Бишкексууканал) жана Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ)  ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, инженердик камсыздоо тармактарына кошулууга Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын аймагында жайгашкан жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жер участокторуна жана башка кыймылсыз объекттерге менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болгон чет элдик жактар укуктуу.

 

4. Ушул жободо колдонулуучу негизги атоолор жана аныктамалар:

     суу түтүк тармагы – суу менен жабдуу үчүн багытталган суу өткөрмөлөрдүн жана курулмалардын тутуму;

     суу менен жабдуу жана канализация тутумдарына (суу түтүк киргизүү же канализациялык чыгаруу) кошулуу үчүн суу түтүк жана канализациялык түзүлүштөр жана курулмалар – суу менен жабдуу тутумунан сууну алуу жана (же) канализация системасына агынды сууларды агызуу үчүн түзүлүштөр жана курулмалар;

     менчик же баланстык ээликтин чек арасы – менчик, чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу белгилери боюнча кожоюндар ортосундагы суу менен жабдуу жана (же) канализация тутумдарынын жана курулмаларынын элементтеринин бөлүштүрүү сызыгы;

     куруучу - курулуштун, реконструкциялоонун, багытын өзгөртүүнүн, кайра пландоонун объекттерин Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациясына мындан ары кошууну жүзөгө ашырган уюштуруу-укуктук формага карабастан, жеке жана (же) юридикалык, анын ичинде чет элдик жактар;

     канализациялык тармак – агынды сууларды (агындыларды) чогултуу жана буруп кетүү үчүн өткөрмө түтүктөрдүн, коллекторлордун, каналдардын жана аларга курулмалардын тутуму;

     архитектура органы – Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунун архитектура жана шаар куруу аймактык органдары;

     “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоору - 2014-жылдын 15-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосунда түзүлгөн Кредиттик макулдашуунун каражаттарынын эсебинен каржыланган Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын инженердик инфратүзүм менен камсыздоо боюнча долбоор;

     уруксат документтери – мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жергиликтүү кызматтарынын макулдашуусу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген суу менен жабдуу жана сууну буруп кетүү (канализация) тутумуна кошулууга уруксат жана архитектура органынан суралган жана Бишкексууканал тарабынан берилген техникалык шарттар;

     суу менен жабдуу же канализация тутумдарына өз алдынча кошулуп алуу – уруксат документтери жок, же техникалык шарттарды бузуу менен жүргүзүлгөн кошулуп алуу;

     техникалык шарттар – жүктөмдү кошууга уруксат кылынган долбоорлонгон суу түтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга кошулуу ордун, инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына курулуш объекттерин (реконструкциялоонун, багытын өзгөртүүнүн, кайра пландоонун) кошуу үчүн аткарууга зарыл болгон негизги параметрлерди жана талаптарды аныктаган, арыз ээсине техникалык шартты колдонуу мөөнөтүнүн ичинде суу түтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга кошулууга кепилдик берген документ;

     кошулуу түйүнү – курулуш объекттерине же жер участокторуна жакын жердеги курулуп жаткан (реконструкцияланып жаткан) курулуш объектисинин шаардык суу менен жабдуу жана сууну буруп кетүү тутумуна кошуу үчүн керектүү жана жүктөмдү кошууга уруксат берүүнү камсыз кылган түзүлүшү жана курулмалары менен суу түтүк жана (же) канализация тармактарынын кошулуу орду;

     суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутуму – ичүүчү сууну тосуу, даярдоо, ташуу жана берүү үчүн инженердик курлмалардын комплекси;

     канализациянын борборлоштурулган тутуму – суу объекттерине агынды сууларды (агындыларды) топтоо, тазалоо жана буруп кетүү, ошондой эле агынды суулардын (агындылардын) тунмаларын тазалоо үчүн инженердик курулмалардын комплекси;

     Түштүк зона – шаар куруу документтери жана деталдык пландоонун долбоору менен аныкталган шарттуу чек аралардагы Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан аймак.

 

II. Ыйгарым укуктуу органдар жана милдеттерди бөлүштүрүү

 

5. Түштүк зонадагы инженердик тармактарды долбоорлоо жана куруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар болуп Бишкексууканал жана ККБ эсептелет, куруучу тарабынан суралган суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн жүктөмдөрүн эсептөө бөлүгүндө “Бишкекбашкыархитетктура” МИси ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет.

6. Бишкексууканал “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоорунун чегинде “Орто-Алыш” суутоптомосунда 35 скважинаны бургулоо менен, “Орто-Алыш” суутоптомосунун тарамынан Түштүк зонанын “Совмин” резервуарларынын районундагы тарамына чейинки магистралдык суу өткөрмөлөрдүн, ошондой эле Тыналиев көчөсүнөн (Түштүк зона) шаардын тазалоочу станциясына чейин канализациялык коллекторду долбоорлоо жана куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет;

7. ККБ Түштүк зонанын суу түтүк жана канализациясынын магистралдык жана ажыратуучу тармактарын долбоорлоо жана куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет.

8. Инженердик тармактардын курулушу этаптарга бөлүштүрүү менен жүзөгө ашырылат. Курулуштун этаптарынын бири аяктагандан кийин, курулуш аянтчаларын ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн кошулуу ордун аныктоо менен курулуш убагында Заказчынын объекттерин убактылуу кошууга болот.

 

III. Долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүнүн тартиби жана шарттары

 

9. “Бишкекбашкыархитектура” МИси Бишкексууканалга Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын иштелип чыккан деталдык пландоосунун долбооруна ылайык, техникалык шарттарды берүү жана инженердик тармактарга кошулууга төлөмдөрдү аныктоо үчүн белгиленген үлгүдөгү суроо-талапты жиберет жана куруучу тарабынан суралган суу менен жабдуу жана сууну буруп кетүүнүн жүктөмдөрүнүн аныктыгын камсыз кылат.

     Суу менен жабдуу жана сууну буруп кетүүнүн жүктөмдөрүн кичирейтүүгө алып келүүчү Түштүк зонанын иштелип чыккан деталдык пландоосунун долбоорунда каралбаган объекттердин багытын өзгөртүүгө жол берилбейт.

     10. Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы инженердик тармактардын белгиленген тартипте макулдашылган долбоорунун жана техникалык шарттарын алуу архитектура жана шаар куруу органына арыздануучу тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен архитектура жана шаар куруу органынын атын, анын турган ордун жана почталык дарегин көрсөтүү менен, белгиленген үлгүдөгү архитектура органынын суроо-талабынын  негизинде, долбоорлонгон инженердик тармактарга кошулууга техникалык шарттарын берүү Бишкексууканал тарабынан ишке ашырылат. Ошондой эле, суроо-талапка төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:

1) юридикалык жактар үчүн – уюмдаштыруучулук документтердин (юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк), юридикалык жактын кызыкчылыгы үчүн иштеген жактардын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;

2) жеке жактар үчүн – паспорттун көчүрмөсү.

11. Бишкексууканал суроо-талапты алган күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде техникалык шарттардын долбоорун даярдайт, же суралган жүктөмдөр объекттин  багытына жооп бербеген, курулуш объектисинин инженердик коммуникациялардан жайгашуусу бөлүгүндө ченемдик документтердин талаптары сакталбаган учурларда техникалык шарттарды берүүгө далилдүү баш тартууну берет.

Техникалык шарттарда төмөнкү маалыматтар болушу керек:

а) объекттин аталышы жана дареги;

б) кошулуу түйүнү;

в) курулуш объектисин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун болжолдуу мөөнөтү;

г) техникалык шарттардын колдонулуу мөөнөтү;

д) атайын техникалык талаптар;

е) жеткирилүүчү ресурстун бирдигинин кошулуу наркы.

12. Кошулууга техникалык шарттар үч жылдык мөөнөткө берилет, анын колдонулуу мөөнөтү кошумча төлөмү жок бир жылга узартылат.

13. Техникалык шарттарды берүү Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилген тарифтерге ылайык акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.

14. Объекттер суу түтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга иш жүзүндө кошулган күндөн баштап техникалык шарттар өзүнүн иш-аракетин токтотот.

 

IV. Долбоорлонгон инженердик тармактарга кошулуу үчүн уруксат келишимин түзүүнүн тартиби жана шарттары

 

15. Инженердик тармактарга кошулууга уруксат Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилген тарифтерге ылайык, акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Инженердик тармактарга кошулууга уруксаттын наркын эсептөө ушул жобонун VI бөлүмүнө ылайык жүргүзүлөт.

     16. Техникалык шарттардын долбоорун даярдоо менен бирге Бишкексууканал тарабынан долбоорлонгон инженердик тармактарга кошулууга уруксат келишиминин долбоору даярдалат.

     Келишимдин тараптары болуп Бишкексууканал жана куруучу (арыз ээси) чыгат.

     17. Долбоорлонгон инженердик тармактарга кошулууга уруксат келишиминде төмөнкү шарттар камтылат:

     а) келишимге ылайык, долбоорлонгон инженердик тармактардын курулушу жана төлөө боюнча тараптардын милдеттенмелери;

     б) долбоорлонгон инженердик тармактардын курулушунун аяктоосунун болжолдуу мөөнөтү;

     в) техникалык шарттарга ылайык, долбоорлонгон инженердик тармактарга курулуш объектисин кошуунун болжолдуу мөөнөтү;

     г) долбоорлонгон инженердик тармактарга кошулууга уруксаттын жалпы наркы.

     18. Техникалык шарттардын жана долбоорлонгон инженердик тармактарга кошулууга уруксат келишиминин долбоорун даярдагандан кийин жана куруучу жактан сын пикирлер жок болгон учурда, Бишкек шаарынын Түштүк зонасында инженердик тармактарды куруу боюнча иштер аяктаганга чейин, объекттерди кошууну кийинкиге калтыруу менен, Бишкексууканал, ККБ жана куруучунун ортосунда келишим түзүлөт.

Кошулууга уруксаттын наркы келишимде көрсөтүлөт.

     19. Техникалык шарттардын, долбоорлонгон инженердик тармактарга кошулууга уруксат келишиминин долбоорлорун даярдоонун жана келишимди түзүүнүн жалпы мөөнөтү 15 (он беш) иш күндөн ашпоосу керек.

     20. Куруучу техникалык шарттарды алуу жана келишимди түзүү үчүн,  келишимге ылайык, 5 календардык күн ичинде техникалык шарттар жана долбоорлонгон инженердик тармактарга кошулууга уруксат үчүн төлөөнү жүргүзүүгө милдеттүү.

     Ушуну менен бирге, инженердик тармактардын курулушу аяктагандан кийин, аларга иш жүзүндө кошулгандыгы үчүн карыздардын бар болушунан жана/же иш жүзүндө керектегендиги үчүн кошумча төлөөлөрдү кошуп эсептегенден сырткаркы төлөө жүргүзүлбөйт.

     21. Төлөө толук көлөмдө Бишкексууканалдын алыш-бериш эсебине сом менен төлөнөт.

     22. Төлөөдөн кийин, куруучу техникалык шарттарды алуу жана келип түшкөн акча каражаттарына эсеп жүргүзүү үчүн Бишкексууканалга төлөм документтеринин көчүрмөлөрүн берет.

     23. Келип түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жана чыгымдоо Бишкексууканал тарабынан төмөнкү түрдө жүргүзүлөт:

     - Түштүк зонанын суу түтүк жана канализациясынын магистралдык жана ажыратуучу тармактарынын курулушуна - ККБнын табыштамасы боюнча;

     - “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоорунун алкагында пайызы менен кредитти жана акча каражаттарын чогултууга байланышкан салыктарды жабууга - өз алдынча.

     Келип түшкөн акча каражаттар ушул жободо көрсөтүлгөн максаттарга гана багытталат. Ушул Жободо каралбаган, анын ичинде убактылуу максаттар үчүн акча каражаттарын пайдаланууга жол берилбейт.

 

V. Инженердик тармактарга кошулуунун тартиби жана шарттары

 

     24. Менчиктин жана баланстык ээликтин белгиленген чек араларына ылайык, суу түтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга объектти кошуу курулган инженердик тармактарды, анын ичинде этап-этабы менен эксплуатацияга киргизгенден кийин ишке ашырылат.

     Суу түтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга объектти иш жүзүндө кошуу мурда түзүлгөн долбоорлонгон инженердик тармактарга кошулууга уруксат келишиминин негизинде, толук көлөмдө төлөмдү жүргүзүү жана карыз болбогон шартта жүзөгө ашырылат.

     25. Канализациянын борборлоштурулган тутумуна агынды сууларды агызган шартта гана объекттердин Бишкек шаарынын суу менен жабдуусунун борборлоштурулган тутумуна  кошулушуна Бишкексууканал уруксат берет. Чуңкурларды казуу жана аны пайдаланууга тыюу салынат.

     Бишкексууканалдын өкүлүнүн техникалык байкоосунун астында шаардык суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү тутумдарына объекттин курулган суу түтүк жана канализация тармактарын, курулмаларын кошууну заказчы (курулуш уюму, куруучу)  аткарат.

     26. Суу түтүк жана канализация тармактарына курулуш (реконструкциялоонун, багытын өзгөртүүнүн, кайра пландоонун) объектисин кошуу үчүн арыз ээси төмөнкү тиркемелер менен арыз жөнөтөт:

     а) суу түтүк жана канализация тармактарына кошулууга техникалык шарттарды, долбоордук документтерди жана аткаруу чиймелерин (ички жумуштардын актысы);

     б) долбоорлонгон инженердик тармактарга кошулууга уруксат келишимин;

     в) өткөрмө түтүктөрдүн бышыктыгына жана жылчыксыздыгына жүргүзүлгөн гидравликалык сыноонун актысын;

     г) Кыргыз Республикасынын мыйзамы  “Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө”  техникалык регламенттин талаптарына ылайык келген бактериологиялык талдоону жүргүзүү жөнүндө Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан маалымкаттарды;

     д) суу түтүк жана канализация тармактарына кошулуу үчүн төлөөлөрдү тастыктаган документти.

     Бул документтер ошондой эле суу түтүк жана канализациянын сырткы тармактарына кошулуу жөнүндө далилдерди берүү жана абоненттик келишимди түзүү үчүн да керектүү.

     27. Тиркелген документтери менен арызды алгандан кийин Бишкексууканал куруучуга 5 календардык күн ичинде туруктуу схема боюнча инженердик тармактарга объектти кошууга уруксат берет.

     28. Бишкексууканал жана куруучулардын ортосундагы мындан аркы жарандык-укуктук өз ара мамилелери Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 8-декабрындагы №142 токтому менен бекитилген Бишкек шаарында суу түтүк жана канализацияны пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.

 

VI. Инженердик тармактарга кошулууга уруксат үчүн төлөөнүн эсеби

 

29. Инженердик тармактарга кошулууга уруксат үчүн төлөөнүн эсеби Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилген тарифтерге ылайык,

төмөнкү формула боюнча Бишкексууканал тарабынан жүргүзүлөт:

С = Т х М х Ки, мында

С – инженердик тармактарга кошулуу үчүн куруучу тарабынан төлөөгө тийиштүү сумма;

Т - инженердик тармактарга кошулуу үчүн Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилген тариф;

М – суу түтүк жана сууну буруп кетүү (канализация)  боюнча суралган жүктөмдүн кубаттуулугу (м3  суткасына);

Ки – эсепти жүргүзүү күнүнө Кыргыз Республикасынын сомуна карата Евронун курсунун индексациясынын коэффициенти.

Бул коэффициент Кыргыз Республикасынын сомуна карата евронун курсунун жогорулашы учурунда гана колдонулат жана

Ки = К1 ÷ К2

формуласы боюнча аныкталат, мында

     Ки –Кыргыз Республикасынын сомуна карата евронун курсунун индексациясынын коэффициенти;

     К1 – эсептерди жүргүзүү күнүндөгү евронун курсу;

     К2 – Бишкек шаардык кеңеш тарабынан тарифтер бекитилген күнүндөгү евронун курсу.

     30. Инженердик тармактардын курулушу аяктагандан кийин акча каражаттарынын калдыгы бар болсо, бул каражаттар Бишкек шаарынын суу түтүк жана канализациясынын инженердик тармактарын өнүктүрүүгө (жаңыларын куруу, реконструкциялоо ж.б.у.с.) багытталат.

 

VII. Өзгөчө шарттар

 

     31. Ичүүчү сууну берүү жөнүндөгү маселе оң чечилген учурда Бишкексууканал техникалык шарттарга ылайык, шаардык суу түтүктөн ичүүчү сууну керектөөгө жана шаардык канализацияга агындыларды кабыл алууга лимит коет.

     32. Объектти эксплуатацияга тапшыргандан кийин сууну керектөө жогорулаган учурда ичүүчү сууну лимиттен жогору керектегендиги үчүн кошумча төлөө орточо көрсөткүч боюнча үч ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт. Ушуну менен бирге, техникалык шарттардын заказчысы Бишкексууканалдан төлөөгө эсепти алган күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде техникалык шарттарда айтылган жүктөмдөрдүн лимитинен жогору керектеген ичүүчү сууга төлөмдү жүргүзүүгө жана ушул жободо белгиленген тартипте суу керектөө жана сууну буруп кетүүнүн лимитин жогорулатат.

     33. Сырткы суу түтүк, канализациялык тармактар, курулмалар жана жабдыктар, анын ичинде Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин аймагы боюнча жайгашкан жана өткөн Түштүк зонанын суу түтүк жана канализациясынын магистралдык жана ажыратуучу тармактары белгиленген тартипте кайтарымсыз негизде мындан аркы эксплуатациялоо жана күтүү үчүн кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Бишкексууканалдын балансына өткөрүлүп берилет.

 

VIII. Ушул Жобонун бузулуусу үчүн жоопкерчилик

 

     34. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул жободо көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар берилген ыйгарым укуктарынын алкагында, ошондой эле келип түшкөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу, бөлүштүрүү жана чыгымдоо үчүн жазыкка чейинки жоопкерчилик тартышат.

     35. Жеке жана юридикалык жактар түзүлгөн Келишимдин алкагында, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, инженердик тармактарга курулуш объекттерин өз алдынча кошуп алгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                                                                                                                                                          М. Дж. Алымбеков

 

2-тиркеме

Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын “____” _______ №____ токтомуна

 

 

ТАРИФТЕР

 

1) Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализация тармактарына курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерине техникалык шарттарды берүү үчүн

 

к/№

Инженердик тармактардын

түрү

Тариф (сом)

1.

Суу түтүк

496

2.

Канализация

496

 

2) Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализация тармактарына курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуу үчүн уруксатка (**)

 

к/№

Инженердик тармактардын

түрү

Жүктөм-

дөрдү

өлчөө

бирдиги

Тариф (сом)

Кичирейтилген

коэффициенттер

Бюджеттик мекемелер

1.

Суу түтүк

суткасына 1 куб.м

19 817

0,2

2.

Канализация

суткасына 1 куб.м

13 209

0,2

 

Эскертүү:

(*) салыктарды эсепке албаганда

(**) объекттерди куруу, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү жана кайра пландоо учурунда суралган жана накта жүктөмдүн ортосундагы айырмачылыкты эсепке алуу менен эсептөөлөр заказчылар менен жүргүзүлөт.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                                                                                                                                                         М. Дж. Алымбеков