Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы

 

2017-жылдын 21-ноябры № 7/4

Кербен шаарынын борбордук стадионунун батыш жагындагы кɵчɵгɵ КРнын эмгек сиңирген экономисти жана Аксы районунун ардактуу атуулу Сонунбек Тургунбаевдин ысмын ыйгаруу жɵнүндɵ

«КР географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 27-октябрындагы «Кербен шаарынын борбордук стадионунун батыш жагындагы З.Боронбеков, С.Айманбетовдор жашаган кɵчɵгɵ КРнын эмгек сиңирген экономисти жана Аксы районунун ардактуу атуулу Сонунбек Тургунбаевдин ысмын ыйгаруу жɵнүндɵ» № 10 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кербен шаарынын борбордук стадионунун батыш жагындагы З.Боронбеков, С.Айманбетовдор жашаган кɵчɵгɵ КРнын эмгек сиңирген экономисти жана Аксы районунун ардактуу атуулу Сонунбек Тургунбаевдин ысмы ыйгарылсын жана ал көчө “Сонунбек Тургунбаев атындагы көчө”- деп аталсын.

2.Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап жана анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.

3. Ат коюу салтанатын уюштуруу жана Кербен шаарынын мэриясы менен макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты коюлуп жаткан инсандын

үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.

4. Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.

5. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген

«КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.

6.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб - сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага тапшырылсын.

 

 

Төрага

Н.Шадыбеков