КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-январы №2/1
Чаувай айылдык кеңешинин кезектеги 2 сессиясы 2016-жыл ичинде Чаувай айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап,
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айыл аймагынын 2016-жыл ичинде айыл аймагынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн план тапшырмаларын аткарууда айыл өкмөтү ,айыл аймагындагы мекеме ишканалар тарабынан жүргүзүлгөн уюштуруучулук иштер көңүлгө алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн салык жана жыйымдар боюнча башкы адис (С.Шамшиев) салыктар боюнча план-тапшырмаларды өз убагында аткаруу менен ири карыздарга ээ болгон субөектилерге чара көрсүн.
4. Айыл окмоту жана мекеме, ишканалардын жетекчилери:
- айылдык маданият уйу(Н.Назаров) жана Б.Кулбаев орто мектеби (А.Курбанов) менен биргеликте
· «2017-жыл адеп,ыйман жана маданият» жылына карата өз аймактарында өткөрүлүүчү иш-чаралар планын иштеп чыгып, уюштуруу иштерин жүргүзүү;
· маданият үйүнүн имаратын ремонттоо;
· музыкалык аспаптар, улуттук кийимдер менен камсыз кылууга жетишүү;
· китепкана фондун жыл сайын толуктап турууга өзгөчө колдоо көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 17-февралындагы “КР айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» № 35 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы «Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндөгү» №463 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-мартындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын кат жүзүндөгү (электрондук) жана оозеки кайрылуулары менен иштөөсүн өркүндөтүү жана калк менен өз ара байланышын жакшыртуу жөнундөгү” №98 буйругунун талаптарына ылайык жарандардын арыз даттануулары менен иштөөнү мындан ары жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
-Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен квалификациялуу кадрларды тартуу жагы милдеттендирилсин.
5. Айыл аймагындагы Б.Кулбаев орто мектебине (А.Курбанов) мектепте билим сапатын терендетүү, мугалимдерди аттестациялоодон өткөрүү, мектеп менен үй-бүлөнүн байланышын бекемдөө, рекетчиликтин алдын алуу багытындагы иштерди күчөтүү жагы жүктөлсүн.
6. Айыл аймагындагы №23 УБДТ на (М. Абдибаитова):
-“Ден соолук” Улуттук программасынын алкагында иш алып баруу;
-энеликти жана балалыкты коргоо, энелердин жана балдардын өлүм санын азайтуу;
-калк арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу, калктын саламаттыгын сактоо;
- саламаттыкты сактоо жана дарыгерлер мекемелеринин материалдык-техникалык
базасын чындоого жетишүү жагы тапшырылсын.
7. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жөктөлсүн.
Тѳрага |
Ж. Тешебаев |
|
|