Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Президентинин

2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

2004-жылдын 15-февралы ПЖ № 56

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө,

аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча

Улуттук кеңештин жумушчу органдын - Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн

алдындагы ченемдик укук

актыларын гендердик экспертизалоо боюнча

комиссия жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралу

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 7-майындагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

Гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктеринин негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" жана Кыргыз Республикасында андан аркы гендердик өнүктүрүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын алдында ченемдик укук актыларын гендердик экспертизалоо боюнча комиссия жөнүндөгү тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.