Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ХХVIII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

2017-жылдын 14-июну №1

Бостери айылдык Кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1/1-пунктунун, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Бостери айылдык Кеңеши, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү ” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Бостери айылдык Кенеши токтом кылат:

1.  Бостери айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту сактоо, укук коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш, Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

3.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Жамангуловго тапшырылсын.

 

Төрага

Ч.Джылкыбаев