Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\2dd79159-95a4-46b6-83b1-6c77b2c44c90\document.files\image001.jpg

КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын 12-чи кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 18-декабры № 6

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтому жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомундагы «Сугат айдоо жерлерин, жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга(трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу № 512 токтомуна ылайык айыл аймагындагы төмөндөгү контурдагы жер аянттарын турак жай салу үчүн трансформациялоо жагы райондук жана облустук жерлерди бир түрдөн экинчи түргө которуу (трансформациялоо) боюнча комиссиясына сунушталсын.( 1999-жылга чейин турак-жай салууга берилген жерлер)

          Кызыл-Туу айылы боюнча

-№1893 контур 33,3га сугат айдоо жер аянты

-№1853 контур 4,8га сугат айдоо жер аянты

-№1855 контур 11,1га сугат айдоо жер аянты

-№1896 контур 45,30га-7,50га сугат айдоо жер аянты

-№2046 контур 76,50га-1,0га сугат айдоо жер аянты

-№1899 контур 56,60га-0,60га сугат айдоо жер аянты

          Кара-Булуң айылы боюнча

-№1718 контур 15,9га сугат айдоо жер аянты

-№1619 контур 10,4га сугат айдоо жер аянты

-№1721 контур 2,8га сугат айдоо жер аянты

-№1715 контур 7,0га сугат айдоо жер аянты, көрүстөн үчүн калтырылган

-№1713 контур 1,5га сугат айдоо жер аянты

-№1555 контур 4,3га сугат айдоо жер аянты

-№1553 контур 18,8га сугат айдоо жер аянты

-№1557 контур 10,3га сугат айдоо жер аянты

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.

 

Төрага

Б. Айыпов