Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\2dd79159-95a4-46b6-83b1-6c77b2c44c90\document.files\image001.jpg

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 5-марты № 143/26-7

“Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, шаардык коомчулуктун алдында өзгөчө эмгеги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, илим, маданият, адабият, искусство, билим берүү, саламаттык сактоо жаатындагы, мамлекеттик, коомдук жана Кара-Көл шаарынын жашоо тиричилигинин башка чөйрөлөрүндөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн сыйлоо үчүн, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Көл шаардык кеңешинин төмөнкү сыйлыктары белгиленсин:

а) Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты;

б) Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасы;

в) Кара-Көл шаардык кеңешинин “ Мыкты инсан” медалы.

2. Төмөнкү жоболор бекитилсин:

а) 1-тиркемеге ылайык, "Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты жөнүндө";

б) 2-тиркемеге ылайык, " Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө";

в) 3-тиркемеге ылайык, “ Кара-Көл шаардык кеңешинин “ Мыкты инсан” медалы жөнүндө"

г) 4-тиркемеге ылайык, сыйлоо барагынын формасы;

д) 5-тиркемеге ылайык " Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин комиссиясы жөнүндө".

3. Жогоруда аталган сыйлыктарды даярдоо боюнча чыгымдар Кара-Көл шаардык кеңештин чыгымдар сметасынын чектеринде жүзөгө ашырылсын.

4. Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктары Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасынын буйругунун негизинде Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин комиссиясынын чечимине ылайык тапшырылат.

5. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалы күбөлүксүз жараксыз болоору белгиленсин.

6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык кеңештин төрагасына ( Б.Н.Кыргызалиев) , ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Н. Кыргызалиев

 

 

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин
2019-жылдын 05-мартындагы

№143/26-7 токтомуна

1-тиркеме

Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты жөнүндө
ЖОБО

I. Жалпы жоболор

1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты менен сыйлоо шартын жана тартибин белгилейт.

2. Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты (мындан ары - Ыраазычылык кат) - бул майрам күндөрүнө, кесиптик майрамдарга карата жарандарды жана Кара-Көл шаарынын уюмдарынын жамааттарын тармактык ишинин багыттары боюнча белгилүү жетишкендиктери үчүн сыйлоо формасы.

II. Ыраазычылык каттын сүрөттөлүшү

Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты А4 форматындагы (300 x 210 өлчөмүндөгү) ак түстөгү катуу жылтырак баракка (кошумча баракка) жол-жоболоштурулат. Кагаздын жогорку жана төмөнкү, оң жана сол четтеринен 1 мм аралыкты калтырып кыргыз элдик оймо салтындагы орнамент менен кооздолот.

Барактын жогорку четинен 16 мм аралыктан кийин көгүш түстөгү, 8,6 мм (24пт) өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифтинин баш тамгалары менен " КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ" же “ КАРА-КУЛЬСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ” деген жазуу жайгашкан. Андан төмөнүрөөк барактын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылат.

Андан төмөнүрөөк баш тамгалар менен, 17,5 мм (48 пт) өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен кызыл түстө "ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ" же "БЛАГОДАРСТВЕННОЕ ПИСЬМО" деген сөздөр жайгаштырылат, андан төмөнүрөөк кызыл түстөгү, 4,5 мм (12пт) өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифти менен сыйлануучунун иштеген жери , кызматы жазылат. Андан төмөнүрөөк сыя түстөгү , 8,6 мм (24пт) өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен сыйлануучунун аты – жөнү жазылат. Төмөнүрөөк кара түстө 6 мм (16 пт) өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифти менен сыйлоо үчүн негизди көрсөтүү менен текст мамлекеттик же расмий тилдерде көрсөтүлөт. Төмөнүрөөк көк түстөгү 5 мм (14пт) өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен " Төрага" деген сөз жазылып, кол коюу үчүн орун калтыруу менен, Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасынын аты-жөнү жазылат, андан төмөн жакта барактын ортосуна кара түстөгү, 4,5 мм (12пт) өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен буйруктун номери жана чыгарылган датасы жазылат.

Ыраазычылык каттын барагы (кошумча барагы) 250 х330 мм өлчөмдөгү рамкагасалынат.

 

III. Ыраазычылык кат менен сыйлоого сунуштоо тартиби

4. Ыраазычылык кат төмөнкүлөр үчүн тапшырылат:

олуттуу эмгектик, чыгармачылык, материалдык-финансылык салым, шаардык чарбаны, маданиятты, илимди, билим берүү, саламаттык сактоо, шаар куруу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программаларын жүзөгө ашыргандыгы үчүн;

аз камсыз болгон жарандарды, жетим балдарды жана ата-энелеринин кароосусуз калган балдарды социалдык жактан колдоого, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана ооруканаларды, мектептерди, приюттарды, маданий жана спорттук борборлорду, ошондой эле башка социалдык маанилүү шаардык объекттерди курууга багытталган кайрымдуулук иш үчүн;

жарандарды кылмыштуу кол салуулардан коргоодогу өздүк салымы, эрдиги, сатылбастыгы үчүн.

5. Ыраазычылык кат менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат тапшыруунун пландалган датасына чейин 1 жумадан кеч эмес убакытта сунушталышы керек.

6. Ыраазычылык кат менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат менен төмөнкү документтер киргизилет:

жактын сыйлануусуна карата сунуштама, паспорттун көчүрмөсү;

белгиленген үлгүдөгү сыйлоо барагы;

чогулуштун протоколдору, коллегиалдык органдардын (коллегиалдуу орган жок болгондо - жетекчинин чечими) сыйлоого сунуштоо жөнүндө чечими;

ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүч.

7. Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары, шаардык кеңештин төрагасы ыраазычылык кат менен жактарды сыйлоо боюнча сунуштама бере алат. Сунуш сыйлануучу жак жөнүндө толук маалыматтарды камтууга тийиш. Мындай учурда сунушка сыйлоо барагы жана башка документтердин тиркелиши шарт эмес.

8. Документтерди сапатсыз даярдоо жана ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө комиссияда кароосуз жеткиликтүү иштеп чыгууга документтерди кайтаруу үчүн негиз болуп саналат.

9. Тартиптик жазалар белгиленген тартипте алынып салынбаган кызматчыларды сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.

10. Ыраазычылык кат бир эле адамга же уюмга 1 жылда эки жолу берилбейт.

11. Ыраазычылык каттын барактарын даярдоо жана сактоо укугу Кара-Көл шаардык кеңешке гана таандык.

IV. Ыраазычылык катты тапшыруу тартиби

12. Ыраазычылык катты тапшыруу Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, депутаттар же алардын тапшыруусу боюнча аппарат жетекчи тарабынан Кара-Көл шаардык кеңеште же түздөн-түз уюмдарда жана жамааттарда салтанаттуу түрдө жүзөгө ашырылат.

13. Ыраазычылык каттын тексти белгиленген үлгүдөгү баракта жол-жоболоштурулат, Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

14. Ыраазычылык кат Кара-Көл шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери тарабынан даярдалат.

15. Ыраазычылык каттын барактарын сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте шаардык кеңештин сатып алуу бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.

16. Ыраазычылык кат менен сыйлангандарды эсепке алуу Кара-Көл шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

 

К.И.Нурматова

 

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин 2019-жылдын 05- мартындагы
№ 143/26-7 токтомуна
2- тиркеме

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө
ЖОБО

I. Жалпы жоболор

1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо шартын жана тартибин белгилейт.

2. Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) - бул жарандарды Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык, маданий өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы, кайрымдуулук иши жана билим берүүнү, илимди, спортту, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, шаардын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсү, сактоо, борбордун тургундарынын жана конокторунун ден соолугун, жашоосун жана укуктарын коргоо, коомдук транспорт жана турак жай коммуналдык чарба тутумун, шаардын жарандык коргонуу тутумун өнүктүрүү боюнча жетишкендиктер үчүн сыйлоо формасы.

II. Ардак грамотанын сүрөттөлүшү

Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасы кочкул-кызыл түстөгү, кагаздын жогорку жана төмөнкү, оң жана сол четтеринен 1 мм аралыкты калтырып кыргыз элдик оймо салтындагы орнамент менен кооздолгон, А4 форматындагы ак түстөгү катуу жылтырак баракка (кошумча баракка) жол-жоболоштурулат.

Барактын (кошумча барактын) жогору бөлүгүндө ортодо мамлекеттик тилде, көк түстөгү 6мм (16пт) өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифтин менен “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ” , “ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ” , “КАРА-КӨЛ ШААРЫ” деген баш тамгалар менен жазылган сөздөр биринен кийин бири жайгаштырылат. Андан төмөн барактын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылат. Анын төмөн жагында сыйлоо үчүн негизди көрсөтүү менен 7 мм (20пт) өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен текст жайгаштырылат, андан ары ортодо 1 сапта кызыл түстөгү баш тамгалар менен, 16 мм (44пт) өлчөмдөгү, "Impact" шрифти менен " АРДАК ГРАМОТАСЫ" деген сөз жайгаштырылат, төмөнүрөөк көк түстөгү 6 мм (16 пт) өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен "менен “ деген сөз жазылат , андан төмөнүрөөк 6 мм (16 пт) өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен иштеген жери жана кызматы жазылат, андан төмөнүрөөк көк түстөгү 17мм ( 48пт) өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен сыйлануучунун аты-жөнү көрсөтүлөт. Андан төмөн кызыл түстөгү 8мм (22пт) өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен “сыйлансын" деген сөз жазылат. Жогоруда аталгандар барактын (кошумча барактын) ортосуна жайгаштырылат.

Төмөнүрөөк көк түстөгү 5 мм (14пт) өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен " Төрага" деген сөз жазылып, кол коюу үчүн орун калтыруу менен, Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасынын аты-жөнү жазылат, андан төмөн жакта барактын ортосуна кара түстөгү, 4,5 мм (12пт) өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен берилген жылы, буйруктун номери көрсөтүлөт.

Ардак грамотанын барагы (кошумча барагы) жабылган түрдө А4 форматынан бир аз чоң (215х310) мм өлчөмдө кочкул-кызыл баркыт материал менен же жасалма кайыш менен капталган катуу картондон жасалган типографиядан чыгарылган стандарттуу папкага салынат.

Ардак горамота салынуучу папканын бет жагында сол тарабынан улуттук орнамент түшүрүлгөн, жогорку жагынан 70 мм аралыкта ортодо 50 мм х 92 мм өлчөмдөгү сары жылтырак өңдөгү Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү басылган. Анын төмөн жагында сары жылтырак өңдөгү « АРДАК ГРАМОТА”, “ПОЧЕТНАЯ ГРАМОТА” деген сөздөр жазылган.

Ардак горамота салынуучу папканын ички бетинин сол жана оң бөлүгү А4 форматындагы ак түстөгү барак менен чапталган жана ички бетинин оң бөлүгүндө баракты (кошумча баракты) бекитүү үчүн лента жайгашкан.

III. Ардак грамота менен сыйлоого көрсөтүү тартиби

4. Ардак грамота менен сыйлоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

Кара-Көл шаарында мыйзамдуулукту, парламентаризмди, демократияны өнүктүрүүдө, Кара-Көл шаарынын тургундарынын укуктарын жана эркиндигин коргоодо олуттуу эмгеги;

Кара-Көл шаарынын тургундарынын шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүүдөгү демилгеси жана жетишкендиктери, жараткыч иши;

ишкерлик ишти уюштуруудагы олуттуу жетишкендиктер;

шаардык чарбаны, маданиятты, илимди, билим берүү, саламаттык сактоо, шаар куруу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программаларын, ошондой эле башка шаардык программаларды ишке ашыруудагы олуттуу эмгектик, чыгармачылык, материалдык-финансылык салым;

жалпыга маалымдоо каражаттарындагы иште демократиялык башталууларды өнүктүрүүдөгү, шаардын жана каракөлдүктөрдүн жашоо-турмушун объективдүү чагылдыруудагы жетишкендиктер.

5. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч тапшыруунун пландалган датасына чейин 1 жумадан кеч эмес убакытта сунушталышы зарыл.

6. Ардак грамота менен сыйлоого көрсөтүлгөн жактар үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

кесиптик майрам же белгилүү дата учурунда жалпы эмгек стажысынын же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес стажынын болуусу;

мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тийиштүү кызматта 3 жылдан кем эмес эмгек стажы менен.

7. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч менен төмөнкү документтер киргизилет:

жактын сыйлануусуна карата сунуштама, паспорттун көчүрмөсү;

белгиленген үлгүдө сыйлоо барагы;

чогулуштун протоколдору, коллегиалдык органдардын (коллегиалдуу орган жок болгондо - жетекчинин чечими) сыйлоого сунуштоо жөнүндө чечими;

ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүчү;

депутаттын, комиссиянын суроо-талабы боюнча - сыйлоого сунушталып жаткан жактын, уюмдун иши жана эмгектик жетишкендиктери жөнүндө маалымдама-маалыматтык материалдар жана маалыматтар.

8. Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары, шаардык кеңештин төрагасы Ардак грамота менен жактарды сыйлоо боюнча сунуштама бере алат. Сунуш сыйлануучу жак жөнүндө толук маалыматтарды камтууга тийиш. Мындай учурда сунушка сыйлоо барагы жана башка документтердин тиркелиши шарт эмес.

9. Документтерди сапатсыз даярдоо жана ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө комиссияда кароосуз жеткиликтүү иштеп чыгууга документтерди кайтаруу үчүн негиз болуп саналат.

10. Тартиптик жазалар белгиленген тартипте алынып салынбаган кызматчыларды сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.

11. Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасы бир адамга же уюмга бир жылда 2 жолу берилбейт. Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен кезектеги сыйлоо Ардак грамота менен сыйланган учурдан тартып 3 жылдан эрте эмес, жаңы сиңирген эмгеги үчүн жүргүзүлөт. Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасы Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты менен сыйланбаган жактарга берилбейт.

12. Ардак грамотанын барактарын даярдоо укугу шаардык кеңешке гана таандык.

IV. Ардак грамотаны тапшыруу тартиби

13. Ардак грамотаны тапшыруу Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы, анын орун басары, депутаттар же алардын тапшыруусу боюнча аппарат жетекчи тарабынан Кара-Көл шаардык кеңешинде же түздөн-түз уюмдарда жана жамааттарда салтанаттуу түрдө жүзөгө ашырылат.

14. Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасынын тексти белгиленген үлгүдөгү бланкта жол-жоболоштурулат, Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы тарабынан кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

15. Ардак грамотанын тексти Кара-Көл шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлери тарабынан даярдалат.

16. Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасынын барактарын сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте шаардык кеңештин сатып алуу бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.

17. Ардак грамота менен сыйланган жактарды эсепке алуу Кара-Көл шаардык кеңешинин аппараты тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

 

К.И.Нурматова

 

 

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин
2019-жылдын 05-мартындагы
 № 143/26-7
токтомуна
 3-тиркеме

Кара-Көл шаардык кеңешинин “ Мыкты инсан” медалы менен сыйлоо
ТАРТИБИ

I. Жалпы жоболор

1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Кара-Көл шаардык кеңешинин медалы менен сыйлоо шартын жана тартибин белгилейт.

2. Кара-Көл шаардык кеңешинин “ Мыкты инсан” медалы (мындан ары медаль) - бул Кара-Көл шаарын өнүктүрүүдө олуттуу салым кошкон жарандарды, Кара-Көл шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун, менчиктин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлерин, ошондой эле мыйзамдуулукту, парламентаризмди, демократияны, жарандык коомчулукту, Кара-Көл шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну, Кара-Көл шаарында жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жана жарандуулугу жок адамдарды сыйлоо формасы.

II. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалынын жана күбөлүгүнүн сүрөттөлүшү

3. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалы төмөндөгүчө жасалат:

- диаметри 38 мм келген беш бурчтук түрүндө болот жана сары металдан жасалат. Сары металдын үстүнө диаметри 36 мм келген ошондой эле беш бурчтук түрүндөгү метал жайгаштырылат. Метал ачык кызыл түскө боелот( эмаль). Андан 8 мм ылдыйда диаметри 18мм өлчөмүндөгү тегерек томпок метал жайгаштырылат. Ал сары түстө болот. Томпок тегеректин үстүнө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин рельефи түшүрүлөт. Тегеректи ылдый жагынан “ КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ “деген жазуу тегеректи караган жарым ай түрүндө түшүрүлөт. Андан төмөнүрөөк “ МЫКТЫ ИНСАН” деген сөздөр түшүрүлөт. Сөздөр сары түс менен жазылат. Тегеректен жана “ КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ” деген жазуулардан беш бурчтуктун кырына чейин сары түстөгү сызыкчалар ( жолдор) кетет.

Медалдын арткы жак бети сары түстө жылмакай болот.

Медаль кулакчалары менен ачык кызыл жибек муар тасма менен капталган беш бурчтук түрүндөгү колодкага чынжырча менен кошулат. Колодканын артында кийимге иле турган бышык металдан жасалган төөнөгүчү болот.

Медаль күбөлүк менен тастыкталат.

Күбөлүк төмөнкү параметрлерди камтыйт: жабылган түрдө 71 мм жана 101 мм ж өлчөмдү, ачылган түрдө 143 мм жана 101 мм өлчөмдү түзөт жана кочкул-кызыл жасалма кайыш менен капталган катуу картондон жасалат.

Күбөлүктүн сырткы бетинде, жогорку бөлүктөн 13 мм аралыкта, ортодо сары жылтылдак түстөгү баш тамгалар менен, 6мм (16пт) өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен "КҮБӨЛҮК" деген сөз жазылат. Андан төмөнүрөөк ортодо жылтылдаган түстөгү 20 мм х 35 мм өлчөмдөгү Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү жайгашат. Андан төмөнүрөөк 6 мм (16пт) өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен "УДОСТОВЕРЕНИЕ" деген сөздөр жазылат.

Күбөлүктүн ички бети ак түстө жылтылдак болот. Күбөлүктүн ички бетинин сол жагында кызыл түстөгү баш тамгалар менен, 4,5 мм (12 пт) өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен " КАРА-КӨЛ “ШААРДЫК КЕҢЕШИ” деген жазуулар жайгаштырылат. Андан төмөнүрөөк ортодо медалдын натуралдык өңүндөгү сүрөтү жайгаштырылат. Андан төмөнүрөөк кызыл түстөгү баш тамгалар менен, 12 мм өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен “ МЫКТЫ ИНСАН” деген жазуулар жайгашат.    Андан төмөнүрөөк баш тамгалар менен 3 мм (9 пт) өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен кызыл түстөгү “ Регистрациялык № ____” деген жазуу жайгаштырылат.

Күбөлүктүн ички бетинин оң жагында кызыл түстөгү баш тамгалар менен, 12 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен "КҮБӨЛҮК" деген жазуу жайгаштырылат. Төмөнүрөөк үч сапта сыйлануучунун аты –жөнүн жазуу үчүн сызыкчалар жайгаштырылат. Төмөнүрөөк 4,5 мм (12 пт) өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен, кызыл түстө “ Кара-Көл шаардык кеңешинин “ МЫКТЫ ИНСАН” медалы менен сыйланат” деген жазуу жазылат.

Андан төмөнүрөөк 4,5 мм (12 пт) өлчөмүндөгү Times New Roman" шрифти менен, кызыл түстө "Төрага" деген жазуу, Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасынын колу жана аты-жөнү үчүн орун жайгашат. Андан төмөн 4 ,5 мм (12 пт) өлчөмүндөгү Times New Roman" шрифти менен “М.О. “ деген сөздөр жазылат. Төмөнүрөөк буйруктун номери жана берилген датасы жазылат.

Күбөлүк жана медаль атайын жасалган кутучага салынат. Кутуча калың кара картондон жасалат. Сырткы бетинде Кара-Көл шаардык кеңешинин медалынын түстүү сүрөтү түшүрүлөт.

III. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалы менен сыйлоого сунуштоо тартиби

4. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалы төмөнкүлөр үчүн берилет:

-мыйзамдуулукту, парламентаризмди, демократияны, жарандык коомчулукту, Кара-Көл шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну, Кара-Көл шаарында жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону өнүктүрүүдөгү эмгек үчүн;

-Кара-Көл шаарынын тургундарынын шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүүдөгү демилгеси жана жетишкендиктери, жараткыч иши үчүн;

- ишкердик ишти уюштуруудагы олуттуу жетишкендиктер үчүн;

-шаардык чарбаны, маданиятты, илимди, билим берүү, саламаттык сактоо, шаар куруу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программаларын, ошондой эле башка шаардык программаларды ишке ашырууда олуттуу эмгектик, чыгармачылык, материалдык-финансылык салым үчүн.

5. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы, төраганын орун басары, Кара-Көл шаардык кеңештин фракциялары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын же анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчиси тарабынан киргизилет.

6. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат тапшыруунун пландалган датасына чейин 2 жумадан кеч эмес киргизилет.

7. Сыйлыкка көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, саламаттык сактоо, билим берүү уюмдарынын кызматкерлери, мугалимдер, врачтар

жана маданият ишмерлери, гидрокуруучулар жана энергетиктер үчүн кошумча төмөнкүлөр талап кылынат:

кесиптик майрам же белгилүү дата болгон учурда, 4 жылдан кем эмес жалпы эмгек стажынын болуусу;

мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тийиштүү кызматта 4 жылдан кем эмес эмгек стажы менен.

8. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат менен төмөнкү документтер киргизилет:

-жактын сыйлануусуна карата сунуштама, паспорттун көчүрмөсү;

-белгиленген үлгүдөгү сыйлоо барагы;

-чогулуштун протоколдору, коллегиалдык органдардын (коллегиалдуу орган жок болгондо жетекчинин чечими) сыйлоого сунуштоо жөнүндө чечими;

- ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүчү;

- Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык катынын жана Ардак грамотасынын көчүрмөлөрү;

- депутаттын, комиссиянын суроо-талабы боюнча - сыйлоого сунушталып жаткан жактын, уюмдун иши жана эмгектик жетишкендиктери жөнүндө маалымдама-маалыматтык материалдар жана маалыматтар.

9. Документтерди сапатсыз даярдоо жана ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө комиссияда кароосуз жеткиликтүү иштеп чыгууга документтерди кайтаруу үчүн негиз болуп саналат.

10. Тартиптик жазалар белгиленген тартипте алынып салынбаган, ошондой эле Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты жана Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланбаган кызматчыларды сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.

11.Өзгөчө учурларда, комиссия Кара-Көл шаарынын жана Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги үчүн Кара-Көл шаарынын ыраазычылык каты жана Ардак грамотасысыз Кара-Көл шаардык кеңешинин “ Мыкты инсан” медалы менен сыйлоого карата өтүнүч каттарды жана сунуштамаларды кароого укуктуу.

12. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалы бир жолу гана берилет.

13. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалын даярдоо жана сактоо укугу Кара-Көл шаардык кеңешине гана таандык.

IV. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалын тапшыруу тартиби

14. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалы шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, депутаттар же алардын тапшыруусу боюнча аппарат жетекчи тарабынан Кара-Көл шаардык кеңеште же түздөн-түз уюмдарда жана жамааттарда салтанаттуу түрдө тапшырылат.

15. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалын сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Кара-Көл шаардык кеңешинин аппаратынын башкы адиси тарабынан жүзөгө ашырылат.

16. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалы менен сыйлангандарды эсепке алуу Кара-Көл шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

 

К.И.Нурматова

 

 

 

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин
2019-жылдын 05-мартындагы
 № 143/26-7 токтомуна
 4-тиркеме

СЫЙЛОО БАРАГЫ

1. Аты-жөнү ____________________________________________________________________________

2. Иштеген кызмат орду, кызматы ____________________________________________________________________________

____________________________________________________________________________

3. Туулган жылы, күнү, айы ____________________________________________________________________________

4. Жарандыгы ____________________________________________________________________________

5. Үй дареги жана телефону ____________________________________________________________________________

________________________________________________________________________

6. Жалпы иш стажы ________ жыл, анын ичинде:

6.1. Муниципалдык кызматтагы иш стажысы _________ жыл;

6.2. Бул жамааттагы иш стажысы _________ жыл;

6.3. Бул кызматтагы иш стажысы _________ жыл.

7. Мамлекеттик жана башка сыйлыктар:

____________________________________________________________________________

 (сыйлыктын аталышы, сыйлоо датасы)

8. Сыйлоого көрсөтүлүп жаткан өзгөчө сиңирген эмгектер, кыскача мүнөздөмө

____________________________________________________________________________

____________________________________________________________________________

9. ____________________________________________________________________________

 (аты-жөнү)

талапкерлиги ____________________________________________________________________________ (ишкананын, мекеменин, уюмдун аталышы, талкуулоо датасы, протокол номуру)

жыйыны (кеңеш, башкармалык) тарабынан ____________________________________________________________________________

____________________________________________________________________________

 (сыйлыктын түрү)

сыйлыгына көрсөтүү үчүн сунушталды.

10. Сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынды ____________________________________________________________

20__-жылдын "__" __________ № ___ протоколу

 

Ишкананын, мекеменин, уюмдун жетекчиси

__________________

_____________________________

 

(колу)

(аты-жөнү)

 

М.О.

 

20__-жылдын "__" __________________ 

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

 

К.И.Нурматова

 

 

 

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин
2019 -жылдын 05-мартындагы
№ 143/26-7 токтомуна
5-тиркеме

 

Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин комиссиясы жөнүндө

ЖОБО

1. Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин комиссиясы (мындан ары - комиссия) Кара-Көл шаардык кеңешинин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүчтөрдү кароо үчүн Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын ичинен түзүлөт.

2. Комиссия өз ишинде Кара-Көл шаардык кеңешинин "Кара-Көл шаардык кеңешинин сыйлыктары жөнүндө" токтомун так жетекчиликке алат.

3. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр киришет:

комиссиянын төрагасы - Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы;

комиссиянын төрагасынын орун басары – Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;

комиссиянын катчысы - Кара-Көл шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кара-Көл шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын өкүлдөрү.

4. Комиссия отурумдары Кара-Көл шаардык кеңешинин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттардын түшүүсүнө жараша өткөрүлөт.

5. Комиссия өзүнүн отурумдарында Кара-Көл шаардык кеңешинин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды, ошондой эле өз ишинин уюштуруу маселелерин карайт.

6. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

7. Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басары, депутаттары Кара-Көл шаардык кеңешинин аппаратынын муниципалдык кызматчыларын (мурунку муниципалдык кызматчыларын) жана башка кесиптин ээлерин жана мекеме-ишканаларды сыйлоо сунушун комиссияга киргизүүгө укуктуу.

8. Сыйлоо жөнүндө сунуштамалар жана өтүнүчтөр жекече так болуусу керек. Сыйлануучу жактын аты-жөнү, ошондой эле сыйлана турган уюмдун толук аталышы комиссиянын протоколунда көрсөтүлөт.

9. Тийиштүү эмес жол-жоболоштурулган сунуштамалар комиссия тарабынан каралбайт жана жеткиликтүү иштеп чыгууга кайтарылып берилет.

10. Комиссиянын сыйлоолор жана сыйлыктарды тапшыруу жөнүндө чечими сунуштамалардын жана өтүнүч каттардын түшүүсүнө жараша кабыл алынат. Алар майрамдарга жана белгилүү күндөргө, юбилейлик даталарга карата болушу мүмкүн.

11. Өзгөчө учурларда, комиссия Кара-Көл шаарынын жана Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги үчүн жогоруда аталган сыйлыктарысыз, сыйлоого карата өтүнүч каттарды жана сунуштамаларды кароого укуктуу.

12. Уюмдарды, анын юбилейи менен сыйлоодо комиссияга уюмдун түзүлүшүнүн датасы жөнүндө архивдик маалымкат берилет.

 

13. Сыйлануучуларды кошумча талдап чыгуу үчүн комиссия уюмга, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сыйлоо боюнча сунуштар жөнүндө сурамаларды жасайт.

14. Комиссиянын протоколун жол-жоболоштурууну, сыйлангандарды эсепке алууну жана каттоону, комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыздоону

 Кара-Көл шаардык кеңешинин аппаратынын адистери жүзөгө ашырат.

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

 

К.И.Нурматова