Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 28-майы № 100/XXIX- 34

2019-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Күнүнө карата сый акы берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кайыңды шаарынын мэринин сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жарандык мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктунун негизинде, 2019-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Күнүнүн урматына , Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тартипте сый акы берүүгө уруксаат берилсин:

 - 2019-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен мэриянын, шаардык кеңештин, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн, мэриянын китепканасынын, “Каинда Сервис”  муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине бир оклад өлчөмүндөгү сый акы берилсин;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Күнүнө карата мэриянын, шаардык кеңештин, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн, мэриянын китепканасынын кызматкерлерине бир оклад өлчөмүндөгү сый акы берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу милдети бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Б. Абдрасулов