Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\2dd79159-95a4-46b6-83b1-6c77b2c44c90\document.files\image001.jpg

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 22-сессиясы

 

2019-жылдын 19-марты № 22/89

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинде (VI чакырылышы) 2017–2018–жылдары жүргүзүлгөн иштер жөнүндө шаардык кеңештин төрайымы У.М. Дарипованын отчету жөнүндө

 

Кызыл–Кыя шаардык кеңеши өткөн 2017–2018–жылдарда өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», 2016–жылдын 30–майындагы №75 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына, шаардык кеңештин регламентине жана 2017–2018–жылдарга кабыл алынган иш пландарына ылайык жүргүзүп келди. Шаардык кеңештин жогорку органы болуп саналган шаардык кеңештин сессияларынын ролун жана таасирдүүлүгүн күчөтүү, сессияларда айтылган сын сунуштардын, андагы кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууну көзөмөлгө алуу, алардын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу боюнча бир топ иштер алып барылды.

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрайымы У. Дарипованын отчеттук мезгил ичиндеги шаардык кеңештин жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып, депутаттар тарабынан берилген сунуштарды, айтылган сындарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл–Кыя шардык кеңешинин 2017–2018–жылдарда жүргүзгөн иштери жөнүндө шаардык кеңештин төрайымынын отчету “канааттандыраарлык” деп табылсын.

2. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрайымы У.Дариповага шаардык кеңештин сессиялары кабыл алган токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана туруктуу комиссиялардын иштерин активдештирүү жагы милдеттендирилсин.

3. Отчеттук мезгил ичинде кетирилген кемчилдиктерди жоюу жана мындан ары болтурбоо максатында, депутаттардын сын сунуштары боюнча иш чара иштеп чыгып, анын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппаратынын жетекчиси Р.Абдукаюмовго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы У.Дариповага, төрайымдын орун басарлары А.Мамадиевге жана М.Миркадыровго тапшырылсын.

 

Төрага

У. Дарипова