Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\6161070e-0d16-4c0e-a30e-7f0f4c55034b\document.files\image001.jpg

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 2-июлу № 3

“Муниципалдык менчикти ажыратуунун шарттары жана тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жарандык” жана “Турак жай” Кодексинин 58-беренесине,”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу коми ссиясынын чечимине ылайык, “Мунципалдык менчикти ажыратуунун шарттарын жана тартиби жөнүндөгү” Жобону талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Муниципалдык менчикти ажыратуунун шарттары жана тартиби жөнүндө” Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик Реестрине киргизүү жана каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик,жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына жана Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Ботоканов

 

Тиркеме №1

 

Муниципалдык менчикти ажыратуунун шарттары жана тартиби жөнүндө

ЖОБО

Ушул Муниципалдык менчикти ажыратуунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикти ажыратуунун шарттарын жана тартибин аныктайт.

 

1-глава. Жалпы жоболор

1. Муниципалдык менчикти ажыратуу мэр тарабынан түзүлгөн жумушчу топ тарабынан, Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмъ (мындан ары – Ыйгарым укуктуу орган) аркылуу ажыратуу процессин жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлөт.

2. Ажыратылуучу объекттер төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1)    чарба жүргүзүүчү жолдоштуктардын жана коомдордун уставдык капиталындагы Нарын шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык болгон акциялар (үлүштөр);

2)    мүлктүк комплекс катары муниципалдык ишканалар;

3)    муниципалдык ишкананы кайра уюштурууну (жоюуну) жүргүзүүнүн натыйжасында түзүлгөн ишке жөндөмдүү комплекс болгон муниципалдык ишкананын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүнүштөрү;

4)    мүлктүн айрым курамдык бөлүктөрү (жайлар, өзүнчө имараттар, курулмалар, жабдуу, курулуп бүтпөгөн объекттер ж.б.у.с.);

5)    муниципалдык менчикте турган турак жайлар.

Ишкананын курамына мүлктүк комплекс катары анын иш-аракеттери үчүн пайдаланылган мүлктүн бардык түрлөрү кирет, анын ичинен жер участоктору, имараттар, курулмалар, жабдуулар. Инвентарь, чийки заттар, продукция, талап кылуу укугу, чарба жүргүзүүчү жолдоштуктардагы жана коомдордогу акциялар (үлүштөр), карыздар, анын ишмердүүлүгүн жекелештирген белгилерге (фирмалык аталышы,товардык белгилери) болгон укуктары жана башка өзгөчө укуктар кирет.

3. Нарын шаардык мэриясы ажыратылуучу объекттердин Сатуучусу болот.

4. Ажыратылуучу объекттердин Сатып алуучулары катары жеке жактар, ошондой эле муниципалдык мекемелерден жана ишканалардын тышкары юридикалык жактар чыга алышат.

 

2-глава. Ажыратуунун методдору

5. Муниципалдык менчикти ажыратуу төмөнкү методдор менен жүзөгө ашырылат:

- аукциондо сатуу;

- конкурста сатуу;

- кийин сатып алуу укугу менен башкарууга берүү;

- кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү;

- чарба жүргүзүүчү жолдоштуктардын жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү;

- тике сатуу;

- айырбаштоо;

- кайтарымсыз өткөрүп берүү.

Ажыратылуучу объект ачык сатууда эки жолу сатылбай калган учурда тике сатуу методу колдонулат.

6. Аукцион менчик укугу аукционго коюлган ажыратылуучу объект үчүн эң көп бааны сунуштаган жана төлөп берген жакка өтө турган тоорук жүргүзүү менен сатуунун методу болуп эсептелет. Бул учурда ажыратылып жаткан объектке карата эч кандай кошумча шарттарды аткаруу талап кылынбайт.

Аукциондор ачык өткөрүлөт, башкача айтканда, аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчиктештирүү объекттерин сатып алуучуларга коюлуучу талаптарды аткаруучу бардык жеке жана юридикалык жактар чектөөсүз катышууга укуктуу.

7. Ажыратылып жаткан объектти сатып алуучу конкурстун шарттары менен аныкталган белгилүү бир милдеттенмелерди өзүнө алуу менен мамлекеттик мүлктү сатуу усулу конкурс болуп саналат.

Муниципалдык мүлктү сатып алуучуга коюлган талаптарга жараша конкурс коммерциялык же инвестициялык болушу мүмкүн.

Коммерциялык конкурсту пайдаланууда ажыратылуучу объектиге карата сатып алуучу өзүнө ала турган милдеттенмелердин тизмеси белгиленет. Белгиленген милдеттенмелерди өзүнө алуу менен эң кымбат бааны сунуш кылган жана төлөгөн жак коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү жана ажыратылуучу объекттин сатып алуучусу болуп калат.

Инвестициялык конкурсту пайдаланууда ажыратуу объектине карата сатып алуучу өзүнө ала турган милдеттенмелердин тизмеси белгиленет.

8. Аукциондорду жана конкурстарды өткөрүү тартиби, сатып алуучулардын катышуу шарттары, жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби, муниципалдык мүлктү сатып алгандыгы үчүн эсептешүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

9. Кийин сатып алуу менен башкарууга берүү Ыйгарым укуктуу орган башкаруучу менен келишим түзүү аркылуу ажыратуу объектисин башкарууга берүү менен ишке ашырылган ажыратуу методу болуп саналат. Келишим башкаруучу өзүнө алуучу милдеттенмелерди жана ажыратуу объектинин сатып алуунун шарттарын аныктайт.

Кийин сатып алуу менен башкарууга берүүдө башкарууга берилип жаткан муниципалдык акциялардын пакетинин өлчөмү башкаруучуга акционердик коомду натыйжалуу башкаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек.

Башкаруучуну тандап алуу конкурстук негизде ишке ашырылат.

10. Кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү ижарачынын жазуу түрүндөгү арызынын негизинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Сатып алуунун өлчөмү, анын төлөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби, ошондой эле башка шарттары кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү жөнүндө келишимде (мындан ары – ижара келишими) белгиленет.

11.Муниципалдык мүлктү чарбалык коомдордун уставдык капиталдарына салым катары кошуу Ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча Нарын Шаардык Кеңеши менен макулдашуу боюнча Нарын шаарынын мэриясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.

Муниципалдык акциялардын пакеттерин сатуу Нарын Шаардык Кеңеши менен алдын ала макулдашылгандан кийин гана тооруктун уюштуруучулары аркылуу баалуу кагаздар рыногунда жүргүзүлүшү мүмкүн.

12. Муниципалдык мүлктү тике сатуу жолу менен ажыратуу эгер муниципалдык менчиктин объекти ачык тооруктарга эки жолу белгиленген тартипте коюлуп жана сатылбай калган учурларда ишке ашырылат, муниципалдык мүлктүн мындай объекттерин менчиктештирүү Нарын Шаардык Кеңешинин чечими боюнча тике сатуу жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

13. Өзгөчө учурларда, Нарын Шаардык Кеңешинин чечими боюнча муниципалдык менчикте турган турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүү аларды жеке жактарга кайтарымсыз берүү жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Өзгөчө учурларга төмөнкүлөр кирет:

- табигый жана техногендик кырсыктардын, кыйроолордун кесепеттери;

- бир жолку кош бойлуулукта 3 же андан көп бала төрөлгөн учурда;

- тышкы финансы булактарынын (КР Президентинин, КР Премьер-министринин резервдик фонду, донорлор, жеке жана юридикалык жактар) эсебинен турак жай курулган учурда, адамдардын конкреттүү категорияларына турак жай берүү шарттары бар болсо.

- эгер мурда муниципалдык турак жай фондунан турак жай менен, жеке турак жай куруу үчүн жер участогу менен камсыз кылынбаган болсо жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинде турса, ээлеген жарандык активдүү позициясына байланыштуу жана жеке катышуусу менен муниципалдык турак жай курууга финансы каражаттарын тартууга көмөктөшкөн, ошондой эле Нарын шаарынын социалдык көйгөйлөрүн жана милдеттерин чечүүгө активдүү катышкан адамдарды муниципалдык турак жай менен камсыздоо.

 

3-глава. Ажыратуу тартиби

14. Муниципалдык мүлктүн объекттерин ажыратуу (мындан ары – тоорук) боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү Ыйгарым укуктуу орган тарабынан көрсөтүлгөн мүлктү сатуу жүзөгө ашырылган күнгө чейин 30 календардык күн калгандан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

Тоорук өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө милдеттүү түрдө объект сатыла турган убактысын, ордун жана кепилдик салымдын өлчөмү тууралуу маалыматтар, ошондой эле Ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген башка шарттар камтылышы керек.

Сатып алуучулар ажыратуу объекти жөнүндө башка маалыматтар менен маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн орундан таанышууга укуктуу. Муниципалдык мүлктү ажыратуу боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндөгү маалымат бүтүмдөр аяктаган күндөн тартып рынокто үстөмдүк кылган же монополия абалын ээлеген объекттер үчүн бир айлык мөөнөттө, калган бардык объекттер үчүн – үч айлык мөөнөттө жарыяланууга тийиш.

Табыштамаларды даярдоо, кабыл алуу жана каттоо, тооруктарды өткөрүү жана алардын жыйынтыктарын чыгаруу комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.

Тооруктарга катышуу үчүн талапкер тоорукта сатып алына турган мүлктү төлөөнү камсыздоо эсебине шертпул төгөт (мындан ары – кепилдик төлөм).

Кепилдик төлөм төмөнкү учурларда кайтарылып берилет:

- тооруктун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп таанылбаган учурда (кепилдик төлөмдү кайтарып берүү мөөнөтү – Ыйгарым укуктуу орган тарабынан тооруктун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилген учурдан тартып банк иштеген 10 күндүн ичинде);

- тоорук өтпөй калды деп таанылган учурда(кепилдик төлөмдү кайтарып берүү мөөнөтү – Ыйгарым укуктуу орган тарабынан тооруктун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилген учурдан тартып банк иштеген 10 күндүн ичинде);

- талапкер катталган табыштамасын артка чакыртып алган учурда (кепилдик төлөмдү кайтарып берүү мөөнөтү – ажыратуу боюнча комиссия табыштаманы артка чакыртып алуу жөнүндө билдирүүнү алган учурдан тартып банк иштеген 10 күндүн ичинде).

Тооруктан утуп алган жак менен сатуу-алуу/ ижара келишимин түзүүдө ал төккөн кепилдик төлөмдүн суммасы келишим түзүү боюнча милдеттенмелердин эсебине эсептелет.

Тоорук өткөндөн кийин тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага отурумга катышкан комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат.

Протоколго төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- комиссиянын курамы;

- тооруктардын катышуучулары жөнүндө маалыматтар;

- тооруктун жыйынтыгы.

15. Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протокол аны сатуучу бекиткен учурдан тартып муниципалдык мүлктү сатуу-алуу келишимин түзүүгө жеңүүчүнүн укугун күбөлөндөргүн документ болуп эсептелет.

Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколду бекитүү жөнүндө сатуучунун чечими жеңүүчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруу менен берилет же почта аркылуу заказ кат менен жиберилет.

Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү тооруктун катышуучуларына же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө алардын суроо-талабы боюнча кол койдуруу менен берилет.

 

4-глава. Ажыратуу бүтүмдөрүн жол-жоболоштуруу

16. Тоорук өткөрүү жөнүндө протокол бекитилгенден кийин сатуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алуучу менен сатуу-алуу/менчиктештирүү, кийин сатып алуу укугу менен ижара келишимин түзүшү керек.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде караштырылган учурларда муниципалдык менчикти сатуу-алуу/менчиктештирүү, кийин сатып алуу укугу менен ижара келишими нотариуста күбөлөндүрүүгө тийиш жана 30 күндүк мөөнөттө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органында мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

17. Сатып алуучу бүтүмдүн шарттарын бузган учурда сатуучунун демилгеси менен келишим бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн, бул учурда комиссиялык жыйым жана кепилдик төлөм кайтарылбайт.

Сатып алынган бааны төлөө мөөнөтү бузулган учурда келишимге ылайык Сатып алуучуга айып санкциялары колдонулат, алар келишимге ылайык аныкталат жана кармалат жана бюджетке которулат.

Зарыл болгон учурда Ыйгарым укуктуу орган келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүн узартышы мүмкүн.

Конкурста сатылып алынган муниципалдык мүлк үчүн сатып алуучунун эсептешүүсү сатуу-алуу/ижара келишиминде аныкталган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

Муниципалдык мүлктү ажыратууда Ыйгарым укуктуу орган сатуу баасынан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өлчөмдө комиссиялык жыйымды өндүрүп алат.

Комиссиялык жыйымды төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү сатуу-алуу/ижара келишиминде аныкталат.

18. Сатуу-алуу/ижара келишиминин шарттарын аткарбай коюунун же талаптагыдай эмес аткаруунун кесепетинде Ыйгарым укуктуу орган тарабынан ажыратуу объектин сатууну жокко чыгаруу жөнүндө чечимдер кабыл алынган учурда мурда түзүлгөн бүтүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген тартипте бузулууга тийиш же жараксыз деп таанылат.

 

5.-глава. Ажыратуудан түшкөн каражаттарды пайдалануу

19. Муниципалдык мүлктү ажыратууда мыйзамдуу төлөм каражаты болуп Кыргыз Республикасынын акча бирдиги (улуттук валютасы) таанылат.

20. Муниципалдык мүлктү ажыратуунун натыйжасында алынган акча каражаттары 100 пайыз өлчөмүндө шаардык бюджетке тъшөт.

21. Ажыратуу объекттерин сатуудан түшкөн сумма жана сатып алуучу тарабынан келишимдин шарттарын аткарылбагандыгы үчүн Ыйгарым укуктуу орган тарабынан өндүрүлгөн айып санкциялары Нарын шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун менчиги болот жана шаардык бюджетке которулат.

 

6-глава. Тике сатуу методу менен муниципалдык менчикти ажыратуу

22. Тике сатуу – эгер муниципалдык менчиктин объекти белгиленген тартипте эки жолу ачык тоорукка коюлуп бирок сатылбаган учурда колдонулган ажыратуу методу.

23. Тике сатуу методун колдонуунун милдеттүү шарты объект эки жолу ачык тооруктарда ажыратууга сунушталган болушу керек.

24. Эгер ачык тооруктарда эки жолу объектти сатууга мүмкүн болбосо, Ыйгарым укуктуу орган тике сатуунун бардык шарттарын сактоо менен бул объектти тике сатуу методу менен сатып алууну ижарачыга же конкурстун же аукциондун бирден-бир жалгыз катышуучусуна сунуштай алат.

25. Тике сатуу методун пайдалануу менен муниципалдык мүлктү ажыратуунун шарттарын Ыйгарым укуктуу орган аныктайт жана Нарын шаарынын мэриясынын чечими менен түзүлгөн Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын тийиштүү чечими менен бекитилиши керек.

26. Комиссия тарабынан Сатып алуучуга сатуу-алуу/ижара келишиминин ажырагыс бөлүгү болгон бизнес-планды берүү жөнүндө талап белгилениши мүмкүн.

27. Тике сатуу методу менен муниципалдык мүлктү ажыратуунун демилгечиси болуп Ыйгарым укуктуу орган дагы, Сатып алуучу дагы чыга алат.

28. Эгер Ыйгарым укуктуу орган ажыратуунун демилгечиси болсо ал тике сатуу методу менен ажыратуу жөнүндө сунушу бар маалыматты бир же бир нече Сатып алуучуга жибере алат.

29.Ажыратуунун демилгечиси болуп Сатып алуучу чыккан учурда, ал тике сатуу методу менен муниципалдык мүлктү сатып алуу ниети тууралуу арызы менен Ыйгарым укуктуу органга кайрылат.

Арыз жазуу түрүндө жана эркин формада түзүлөт.

Ыйгарым укуктуу орган ажыратуунун демилгечиси болгон учурда дагы Сатып алуучу Ыйгарым укуктуу органга арыз берет.

30. Сатып алуучу арызы менен бирге Ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди берет:

жеке жактар үчүн:

- арыз берүүчү жөнүндө маалыматтар (автобиографиясы);

- ким экендигин күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү;

юридикалык жактар үчүн:

- уюмдаштыруучу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (акционердик коомдор үчүн). Бул талап Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - чет өлкөлүк талапкер үчүн милдеттүү эмес;

- арыз берген күнгө чейинки акыркы кварталдагы абал боюнча бардык деңгээлдердеги бюджеттерге салыктык төлөмдөр боюнча Сатып алуучунун мөөнөтү өтүп кеткен карыздары жок экендигин тастыктаган маалымкат. Бул талап Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - чет өлкөлүк талапкер үчүн милдеттүү эмес;

Зарыл болгон учурда Сатып алуучу бизнес-планын берет.

31. Берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына дал келээрин аныктоо үчүн Ыйгарым укуктуу орган зарыл болгон учурда кошумча маалыматтарды сурап алууга, ошондой элеберилген документтерди экспертизага жиберүүгө укуктуу.

32. Ыйгарым укуктуу орган Сатып алуучудан тийиштүү документтер тиркелген арыз келип түшкөндөн кийин аны Нарын шаарынын мэриясына жиберет.

33. Тике сатуу жолу менен муниципалдык мүлктү ажыратуу Ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Нарын Шаардык Кеңеши менен макулдашуу боюнча Нарын шаарынын мэриясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.

 

7-глава. Конкурста сатуу методу менен муниципалдык менчикти ажыратуу

34. Конкурстун шарттары менен аныкталган белгилүү бир милдеттенмелерди объектинин сатып алуучусу өзүнө ала турган муниципалдык мүлктү сатуу методу конкурс болуп саналат.

Муниципалдык мүлктү сатып алуучуга коюлуучу талаптарга жараша конкурс коммерциялык же инвестициялык болушу мүмкүн.

35. Коммерциялык же инвестициялык конкурстарды пайдаланууда ажыратылуучу объектиге карата сатып алуучу өзүнө ала турган милдеттенмелердин тизмеси белгиленет.

Милдеттенмелердин тизмеги ажыратуу объектисинен көз каранды болот жана Сатуучу тарабынан конкурс жарыяланганга чейин аныкталышы керек.

Коммерциялык же инвестициялык конкурстардын шарттарына ажыратуу объектисине карата Сатып алуучунун төмөнкү милдеттенмелери кириши мүмкүн:

- сунушталган инвестициялардын суммасы;

- эмгек акы, жумуштуулуктун деңгээли, социалдык чөйрөдөгү объекттерди пайдалануу жаатындагы социалдык программа;

- жаңы рынокторго чыгуу жана иштеп жаткан рынокторду өздөштүрүү;

- жаңы атаандаштыкка жөндөмдүү же импортту алмаштырган продукцияны өздөштүрүү;

- натыйжалуу менеджментти киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;

- курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелер.

Милдеттенмелердин сандык мааниси, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун мөөнөттөрү бар болушу керек.

36. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ажыратылуучу мүлктүн баасын аныктайт жана анын негизинде конкурста сатуунун баштапкы баасын (мындан ары – сатуунун баштапкы баасы) белгилейт.

37. Конкурстун шарттарын Сатуучу аныктайт жана Нарын шаарынын мэриясынын чечими менен түзүлгөн Комиссиянын тийиштүү чечими менен бекитилет.

38. Конкурска катышуу үчүн талапкер конкурста сатып алынган мүлккө төлөөнү камсыздоо эсебине шертпул (мындан ары – кепилдик төлөм) төгөт.

Конкурстан утуп алган жак менен сатуу-алуу/ ижара келишимин түзүүдө ал төккөн кепилдик төлөмдүн суммасы келишим түзүү боюнча милдеттенмелердин эсебине кошулат.

39. Конкурс боюнча ажыратуу объектин сатуу үчүн Ыйгарым укуктуу орган конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча конкурстук комиссия (мындан ары – конкурстук комиссия) түзөт.

40. Конкурстук комиссиянын курамына Сатуучунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн өкүлдөрү,Нарын шаардык кеңешинин өкүлдөрү кирет. Анын курамына көз карандысыз эксперттер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн. Конкурстук комиссия Ыйгарым укуктуу органга аудитордук, консультациялык, баалоочу, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартуу жөнүндө сунуш киргизе алат.

Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 7 кишиден аз болбошу керек.

41. Конкурстук комиссиянын чечимдери отурумга катышкан, добуш берүү укугуна ээ болгон комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүдө конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Эгер отурумга добуш берүү укугуна ээ болгон конкурстук комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, комиссия анын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу. Добуштар тең бөлүнгөн учурда, конкурстук комиссия төрага добуш берген чечимди кабыл алат.

Конкурстук комиссиянын чечимдери протокол менен жол-жоболоштурулат, ага отурумга катышкан конкурстук комиссия мүчөлөрү кол коюшат.

42. Конкурстук комиссиянын милдети конкурсту даярдоо жана өткөрүү болуп саналат. Бул максатта конкурстук комиссия:

- арыздын формасын аныктайт (типтүү арыздын үлгүсү тиркемеде берилген), талапкерлерден конкурска катышууга ниетин билдирген арыздарды, ошондой эле конкурстук комиссияга көрсөтүүгө зарыл болгон материалдарды кабыл алууну камсыз кылат, ар бир арызга анын түшкөн датасын, мезгилин жазып, номер коет;

- талапкерлерди конкурска катышууга уруксат берүү (же болбосо уруксат берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алат;

- конкурс өткөрөт;

- конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт;

- конкурстун жыйынтыгы боюнча протокол жазат жана кол коет.

43. Ажыратуу объектисин сатуу боюнча конкурстун өткөрүлүшү тууралуу маалыматтык билдирүү аны өткөрүү датасынан кеминде 30 күн мурда маалымдоо каражаттарында жарыяланышы керек. Билдирүү төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

- ажыратуу объектисинин аты;

- объектти сатуунун баштапкы баасы;

- конкурстун түрү-коммерциялык же инвестициялык;

- конкурстун шарттары;

- конкурстун түрүнө (коммерциялык же инвестициялык) жараша мамлекеттик мүлктү сатып алуучуга коюлуучу талаптардын тизмеси;

- муниципалдык мүлктү сатып алуучунун менчиктештирүү объектилерине карата алган милдеттенмелеринин тизмеси;

- конкурска катышуу үчүн талапкерлер тапшыруучу документтердин жана аларды жол-жоболоштурууга талаптардын тизмеси;

- кепилдик төлөмдүн өлчөмү жана аны төгүү мөөнөтү, Сатуучунун эсебинин зарыл болгон реквизиттери;

- арызды кабыл алуу орду жана мөөнөтү;

- конкурс өткөрүү орду, датасы жана убактысы;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Сатуучу белгилеген тартипке ылайык милдеттүү жарыялана турган зарыл болгон башка маалыматтар.

44. Ажыратуу процессинде түзүлгөн ачык акционердик коомдун акцияларын сатууда маалыматтык билдирүүгө төмөндөгүлөрдү сөзсүз түрдө киргизүү керек:

- мындай коомдун кыймылсыз мүлкү жайгашкан жер участогунун жалпы аянты;

- кыймылсыз мүлккө жалпы мүнөздөмө;

- акцияларды кайра сатууга белгиленген чектөө;

- продукциянын (иш, кызмат көрсөтүү) негизги номенклатурасы;

- кызматкерлердин саны;

45. Арыздарды кабыл ала баштагандан тартып Ыйгарым укуктуу орган ар бир талапкерге ажыратуу объектиси жөнүндө өзүндө болгон маалыматтар менен таанышууга мүмкүндүк берет.

46. Конкурска катышуу үчүн конкурстук шарттар менен катар эле, талапкерлер конкурстук комиссиянын дарегине белгиленген мөөнөттө төмөнкү документтерди тапшырат:

- конкурска катышууга арыз;

- кепилдик төлөмдү төлөгөндүгүн тастыктаган, аткарылгандык тууралуу банк белгиси түшүрүлгөн төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү;

- ажыратуу объектиси үчүн баа боюнча сунуш;

- тизмеси арызга кошо тиркелүүчү документтер;

- маалыматтык билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча башка документтер.

Бир жактын бир гана арыз, ошондой эле коммерциялык же инвестициялык конкурста сатылган менчиктештирүү объектисине баа берүү боюнча бир гана сунуш берүүгө укугу бар.

47. Юридикалык жактар кошумча түрдө төмөнкүлөрдү беришет:

- уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- талапкерлердин арыз берүү датасына чейин, акыркы кварталга бардык деңгээлдеги бюджетке салык төлөмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугун ырастаган салык инспекциясынын маалымкаты. Бул талап чет өлкөлүк талапкер - Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн милдеттүү болуп саналбайт;

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

48. Талапкер арыз менен кошо бардык тапшырылган документтердин тизмесин 2 нускада берет.

Талапкердин ыйгарым укук берилген өкүлү арыз жана зарыл болгон документтерди тапшырган учурда, талапкердин атынан келген укугу күбөлөндүрүп жазылган документти көрсөтүүсү керек.

49. Берилген документтердин мыйзамдардын талаптарына жана конкурстун шарттарына ылайыктуулугун аныктоо үчүн конкурстук комиссия зарыл учурда кошумча маалыматтарды сурап алууга, ошондой эле берилген документтерди экспертизага жиберүүгө укуктуу.

50. Конкурстук комиссия маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин тиркелген документтери бар арыздарды кабыл албайт.

51. Талапкерге конкурска катышууга төмөнкү учурда уруксат берилбейт, эгерде:

- берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талапкердин сатып алуу укугун ырастабаса;

- маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн тизме боюнча бардык документтер берилбесе, же болбосо алар туура жазылбаса, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабына же конкурстун шарттарына туура келбесе;

- Сатуучунун эсебине белгиленген мөөнөттө шертпулдун түшкөнү аныкталбаса.

Конкурска катышууга уруксат берилбеген талапкерлерге алардын суроо-талабы боюнча арыздарды кабыл алуу протоколунун көчүрмөсү берилет.

52. Талапкерди конкурстун катышуучусу деп тааныганга чейин, арызды кабыл алуунун протоколу жол-жоболоштурулганга чейин 3 күндөн кем эмес мөөнөттүн ичинде,талапкер Сатуучуга жазуу түрүндө билдирүү жолу менен, ошол билдирүүнү конкурстук комиссияга жиберүү менен катталган арызын кайта чакырып алууга укуктуу.

53. Конкурста катышуучу талапкерлерди таануу жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими, арыз кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин, конкурс өткөрүлө турган учурга чейин түзүлүүчү арыз кабыл алуучу протокол менен жол-жоболоштурулат.

Арыз кабыл алуучу протоколго талапкерлердин аттарын (аталыштарын) көрсөтүү менен бардык кабыл алынган арыздардын тизмеги, сатуучу кабыл алуудан баш тарткан арыздардын тизмеги, артка чакыртып алынган арыздардын тизмеги, конкурстун катышуучулары болуп таанылган талапкерлердин аттары (аталыштары), ошондой эле конкурска катышууга уруксат берүүдөн баш тартылган талапкерлердин аттары (аталыштары) көрсөтүлөт.

54. Конкурстук комиссия мүчөлөрү арыздарды кабыл алуу протоколуна кол койгондон баштан талапкер конкурстун катышуучусу статусун алат.

Эгерде конкурстун катышуучусунун документтери боюнча эксперттердин терс корутундусу алынса, мындай катышуучу андан ары конкурска катыша албайт.

55. Ыйгарым укуктуу орган талапкерлер берген арыздар менен ага тиркелген документтерди сактоону, ошондой эле арыз берген жактардын жана алар тапшырган документтердин мазмуну жөнүндө маалыматтардын жашырындыгын аларды конкурстук комиссиянын отурумунда жарыялаганга чейин сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.

56. Бир дагы арыз түшпөсө, же конкурска бир эле катышуучу өткөрүлсө, же болбосо талапкерлердин бири да катышуучу деп таанылбаса анда конкурс өткөн жок деп табылат.

Конкурс өткөн жок деп эсептелсе, конкурстук комиссия конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзөт.

57. Коммерциялык же инвестициялык конкурстарды өткөрүүдө катышуучулар конкурстук комиссияга ажыратуу объектисинин баасы боюнча сунуш берет.

Ажыратуу объектиси үчүн баа боюнча сунуш мамлекеттик же расмий тилдерде жазылып, ага катышуучу кол коюшу керек. Сунуш кылынган баасы жазуу менен көрсөтүлөт.

58. Конкурс өткөрүүдөн кийин жана конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол жазылып, отурумга катышкан конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол Ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө берилет жана конкурс өткөн датадан кийинки 10 күндүн ичинде бекитилет. Өзгөчө маанилүү муниципалдык менчикти сатуу боюнча конкурс өткөргөн учурда мындай мөөнөт бир айга чейин узартылат.

Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- конкурстук комиссиянын курамы;

- конкурстун катышуучусу тууралуу маалыматтар;

- конкурстун жыйынтыгы.

59. Конкурстун жыйынтыгы жөнүндөгү протокол аны Сатуучу бекиткен учурдан тартып жеңүүчүгө муниципалдык мүлктү сатуу-алуу/ижара келишимин түзүүгө укук берүүчү документ болот.

Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу Сатуучунун чечими жеңүүчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруу менен берилет же болбосо заказ кат менен почта аркылуу жиберилет.

Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөсү конкурстун катышуучуларына же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө алардын суроо-талабы боюнча кол койдуруу аркылуу берилет.

60. Ыйгарым укуктуу орган конкурстун жеңүүчүсү менен сатуу-алуу/ижара келишимин түзөт.

Конкурстун жеңүүчүсү мамлекеттик мүлктү сатуу-алуу/ижара келишимин түзүүдөн качса (баш тартса) кепилдик төлөм кайра кайтарылбайт. Мындай учурда конкурска коюлган муниципалдык мүлк муниципалдык менчикте сакталат жана кайра конкурска коюлушу мүмкүн же болбосо башка методду пайдалануу менен ажыратылат.

61. Сатып алуучу өзүнө белгилүү бир милдеттенмелерди алып, ажыратуу объектиси үчүн эң чоң бааны сунуш кылган конкурс коммерциялык конкурс деп табылат.

62. Ажыратуу объектиси үчүн коюлган баа боюнча сунуш коммерциялык конкурстун негизги шарттарына кирет, ал конкурстун катышуучусу тарабынан берилет жана конкурстук комиссия тарабынан каралат.

Баштапкы сатуу баасынан төмөн сунуш кылынган баа каралбайт.

63. Өзүнө милдеттенмелерди алып конкурска коюлган ажыратуу объектиси үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү болот.

Ажыратуу объектиси үчүн эки же андан көп бирдей баа сунушталса, конкурстук комиссия конкурстун катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана ажыратуу объектиси үчүн жаңы баа коюуну сунуш кылат.

Конкурстун катышуучулары жаңы баа коюудан баш тартса, финансы - экономикалык көрсөткүчтөрү эң мыкты деп табылган катышуучу жеңүүчү болуп табылат.

64. Инвестициялык конкурс - бул ажыратуу объектилерин Сатып алуучуга сатуу, ал ажыратуу объектисине карата белгилүү милдеттенмелерди гана сактабастан, бизнес-планды ишке ашыруучу үчүн зарыл болгон инвестициялык милдеттенмелерди кошумча кабыл алууга даяр болот.

65. Инвестициялык конкурстун негизги шарттарына конкурстун катышуучуларынын төмөнкүдөй сунуштары кирет:

- бизнес-планга ылайык көлөмү жана мүнөзү боюнча өзүнө алган инвестициялык милдеттенмелери боюнча сунуш;

- ажыратуу объектиси үчүн баа боюнча сунуш.

66. Инвестициялык конкурстун шарттарына ылайык ушул Жобонун 17, 18-пункттарында көрсөтүлгөн тизмеден сырткары, талапкерлер конкурстук комиссиянын дарегине төмөндөгү документтерди кошумча тапшырат:

- бизнес-план;

- бизнес-планда чагылдырылган иш-чараларга ылайык кабыл алынган инвестициялык милдеттенмелердин көлөмү жана мүнөзү боюнча сунуштар.

67. Инвестициялык конкурс эки этап менен өтөт:

- биринчи этапта бизнес-пландарды кароо, конкурстун катышуучуларынан түшкөн инвестициялык милдеттенмелер, алардын көлөмү жана мүнөздөрү боюнча сунуштарды экспертизадан өткөрүү жүргүзүлөт;

- экинчи этапта ажыратуу объектиси үчүн баа боюнча сунуштар каралат.

68. Биринчи этап конкурстук комиссия арыздарды кабыл алуу протоколун түзгөндөн кийин өткөрүлөт. Биринчи этапты өткөрүү мөөнөтү конкурстук комиссиянын чечими менен аныкталат.

Комиссия биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча эң мыкты инвестициялык сунуштарды жана бизнес-планда чагылдырылган сунуштарды аныктайт жана кыйла оптималдуу инвестициялык долбоорлорду сунуш кылган конкурстун катышуучуларын тактап, аларды экинчи этапка өткөрөт.

Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча тандалган конкурстун катышуучуларынын саны чектелбейт, бирок экиден кем болбошу керек.

69. Инвестициялык конкурстун биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча кимдин бизнес-планы менен инвестициялык сунуштары тандалып алынса, ошол конкурстун катышуучулары экинчи этапка чакырылат.

Экинчи этапта конкурстук комиссия ажыратуу объектисинин баасы боюнча конкурстун катышуучуларынын сунушун карайт.

Баштапкы сатуу баасынан төмөн бааны камтыган сунуш каралбайт.

70. Сунушу эң мыкты деп табылган катышуучу инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болот.

Сунушту мыкты деп табууда, төмөндөгү шарттарды сактоо зарыл:

- конкурстун катышуучусунун бизнес-планы жана инвестициялык сунуштары инвестициялык конкурстун биринчи этабында тандалышы;

- конкурстун катышуучусу оптималдуу жана натыйжалуу инвестициялык планды сунуш кылышы;

- конкурстун катышуучусу менчиктештирүү объектиси үчүн эң жогорку бааны сунуш кылышы.

Ажыратуу объектиси үчүн эки же андан көп бирдей сунуш түшсө, кимдин инвестициялык сунушу жакшы деп табылса ошол катышуучу жеңүүчү деп табылат.

Инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү деп табылган катышуучу, ажыратуу объектисине карата өзүнө белгилүү милдеттенмелерди алат.

 

8-глава. Кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү методу менен муниципалдык мүлктү ажыратуу

71. Кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү – муниципалдык мүлктү ажыратуунун методдорунун бири, ижарага берүүчү ижарачыга акы төлөтүү менен муниципалдык мүлктү убактылуу ээлик кылуу жана кийин сатып алуу укугу менен пайдаланууга берүүгө милдеттенген мамилелердин системасы.

72. Кийин сатып алуу укугу менен муниципалдык мүлктү ижарага берүүгө байланышкан укуктук мамилелер Ижарага берүүчү менен Ижарачынын ортосунда түзүлүүчү кийин сатып алуу укугу менен муниципалдык мүлктү ижарага алуу келишиминин (мындан ары – сатып алуу укугу менен ижара келишими) негизинде пайда болот.

73. Кийин сатып алуу укугу менен ижарага берилип жаткан муниципалдык мүлктүн баасы Ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат жана бекитилет.

74. Кийин сатып алуу укугу менен муниципалдык мүлктү ажыратууда Ыйгарым укуктуу орган сатуу баасынан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өлчөмдө комиссиялык жыйым өндүрөт. Комиссиялык жыйымды төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү кийин сатып алуу укугу менен ижара келишиминде каралат.

75. Кийин сатып улуу укугу менен ижарага берүү методу менен муниципалдык мүлктү ажыратуунун мөөнөтү кийин сатып алуу укугу менен келишимде каралат.

76. Ижара акысын эсептөө Кыргыз Республикасынын жана Нарын шаардык кеңешинин ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

77. Кийин сатып улуу укугу менен ижарага берүү методу менен муниципалдык мүлктү ажыратуу муниципалдык мүлктү ижарага алган жана муниципалдык мүлктү үч жылдан кем эмес ижарага алып келген жеке же юридикалык жактын жазуу түрүндөгү кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.

78. Ыйгарым укуктуу орган тийиштүү документтер тиркелген арызды алгандан кийин мэрдин тапшырмасынын негизинде ижарага берилген муниципалдык мүлктү ажыратуу жөнүндө келишим түзөт.

79. Ижарага берилген муниципалдык мүлктү ажыратуу үчүн Ыйгарым укуктуу органдын дарегине төмөнкү документтер берилет:

- типтүү үлгүдөгү арыз (№2 тиркеме);

- типтүү үлгүдөгү анкета (№3 тиркеме);

- зарыл болгон учурда арызга башка документтер тиркелет.

80. Ижарага берилген муниципалдык мүлктү ажыратуу жөнүндө чечимди Комиссиянын сунушу боюнча мэр кабыл алат. Анын көчүрмөсү Ижарачыга жиберилет.

81. Кийин сатып улуу укугу менен ижара келишиминде камтылган негизги маалыматтар:

- кийин сатып алуу укугу менен ижарага берилип жаткан мүлктүн түрү жана аталышы, жайгашкан орду жана юридикалык статусу;

- кийин сатып алуу укугу менен ижарага берилип жаткан мүлктүн курамы жана бааланган наркы;

- ижаранын мөөнөтү жана ижара акынын өлчөмү, аны төлөөнүн шарттары жана мөөнөтү;

- сатып алуучу төлөмдөрдү төгүүнүн тартиби, суммасы жана мөөнөтү;

- тараптардын укуктары, милдеттенмелери жана жоопкерчилиги, келишимди бузуунун шарттары;

- кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүүнүн шарттарынын аткарылышын контролдоо жана аны аткаруу үчүн Ижарачынын жоопкерчилиги;

- зарыл болгон учурда башка шарттар жана маалыматтар.

82. Кийин сатып алуу укугу менен ижара келишими тараптар кол коюшкан бирдиктүү документти түзүү жолу менен жазуу формасында түзүлөт.

83. Кийин сатып алуу менен ижара келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик катталууга тийиш.

84. Ижара акысын жана сатып алуунун акысын Ижарачы Ижара берүүчүгө которуп берет, кийин белгиленген тартипте которулат.

85. Мүлктү мөөнөтүнөн эрте сатып алуу кийин сатып алуу укугу менен ижара келишиминин бардык шарттары аткарылган учурда гана жүзөгө ашырылат.

86. Бир тарап же эки тарап тең келишимдин шарттарын аткарбаган учурда кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү келишимин мөөнөтүнөн эрте бузуу келишимде белгиленет же тараптардын бирөөнүн талабы боюнча соттун чечими менен белгиленет.

 

10-глава. Комиссияны курамы жана ыйгарым укуктары

87. Акысыз негизде менчигине өткөрүп берүү жолу менен турак жай алууга талапкер болгон кишилер үчүн Нарын шаарынын мээринин чечими менен Комиссия түзүлөт. Комиссия 9дан аз эмес кишиден турат.

88. Комиссиянын түзүмү жана курамы:

- Комиссиянын төрагасы – турак жай маселелерин тейлеген вице-мэр

Комиссиянын мүчөлөрү:

- шаардык кеңештин депутаттары (3 кишиден аз эмес);

- Нарын шаарынын мэриясынын турак жай маселелерин тейлеген адиси;

- жарандык коомдун институтунун өкүлү (макулдашуу боюнча);

- мэриянын башка түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери (адистери) (2 кишиден аз эмес);

- башка мамлекеттик органдардын жетекчилери (адистери) (макулдашуу боюнча)

Комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен Нарын шаарынын мэриясынын адиси Комиссиянын катчысы болот. Комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы отурумга катышкан учурда кворум бар деп эсептелет.

Комиссиянын катышпаган мүчөлөрүн алмаштырууга жол берилбейт.

89. Тандоону жүргүзүүдө Комиссия:

- тандоо жүргүзүүнүн мөөнөтүн жана иштин регламентин аныктайт;

- алдын ала тандоо жана талапкерлер менен маектешүү этабы үчүн суроолорду аныктайт;

- тандоонун катышуучулары тарабынан берилген документтерди карайт жана тандоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат;

- талапкерлер менен маектешүү өткөрөт;

- тандалган талапкерге турак жай берүүгө сунуштама берүү жөнүндө чечим кабыл алат.

90. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары:

- Комиссиянын отурумдарын даярдоого катышуу;

- алдын ала, Комиссиянын отурумуна чейин анын кароосуна чыгарылган бузуулар жөнүндө иштердин материалдары менен таанышуу;

- кошумча документтер зарыл болгон учурларда арыздарды кароону токтотуу жөнүндө сунушту Комиссиянын төрагасына киргизүү;

- Комиссиянын отурумуна катышуу;

- арыз берүүчүлөргө суроолорду берүү;

- Комиссия тарабынан карала турган документтерди талкуулоого катышуу;

- Комиссия тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

91. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланат, ошондой эле:

- Комиссиянын ишин жетектөөнү жүзөгө ашырат;

- Комиссиянын отурумдарына төрагалык кылат жана анын ишин уюштурат;

- Комиссиянын ишин пландайт;

- Комиссиянын ар бир отурумунун күн тартибин бекитет;

- Комиссиянын отурумун дайындайт;

- Комиссиянын отурумдарында кабыл алынган протоколдорго кол коет;

- мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын коргойт;

- Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;

-Нарын шаарынын мэрине жана Нарын шаардык кеңешине турак жай фондун кайтарымсыз берүү маселелери боюнча сунуш киргизет;

- Комиссиянын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

92. Комиссиянын катчысы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланат, ошондой эле:

- Комиссиянын отурумунда кароого иштерди даярдайт;

- Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт;

- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат.

93. Мэриянын турак жай жана социалдык маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүнүшү,же турак жай маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамы:

- турак жай алууга талапкер болгон жарандардан документтерди кабыл алууну жүргүзөт;

- турак жай алууга талапкер болгон жарандарга маалымат берет;

- Комиссиянын мүчөлөрү үчүн документтерди иштеп чыгат жана даярдайт;

- арыз берүүчүлөрдүн тизмесин түзөт;

- арыз берүүчүлөргө тандоонун бардык этаптары жана маектешүү өтө турган орун, күн жана убакыт жөнүндө кабарлайт.

94. Комиссиянын жаңы курамы мурдагы курамдын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбей түзүлүшү керек. Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жыл.

Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал дайындалган күндөн башталат жана ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн эрте токтотулган учурлардан тышкары Комиссиянын жаңы курамы иштеп баштаган учурда токтотулат.

 

11-глава. Менчиктештирилип жаткан турак жайдын баасын аныктоо тартиби

95. Менчиктештирилип жаткан турак жайдын баасы мэр тарабынан түзүлгөн Комиссия тарабынан белгиленет.

96. Менчиктештирилип жаткан турак жайдын баасына төмөнкүлөр кирет:

- жалпы шаардык же райондук инженердик курулмаларды, кварталдык жеткирүүчү инженердик курулмаларды жана коммуникацияларды, азыктандыруу булактарынан кварталдык инженердик жеткирүүчү тармактарды, магистралдык жана көчө тармактарын, кичи-райондук жана кварталдык трансформатордук подстанцияларды, жылытуу пункттарын, суу менен жабдуу үчүн насос орнотмолорун куруу боюнча чыгымдар;

- куралган-чиркелген жайларга сарпталган чыгымдар;

- сууга,газга, электр энергиясына жана жылуулукка болгон муктаждыктарга, башка муктаждыктарга болгон керектөөлөрдү канааттандырууга байланыштуу чыгымдар;

- көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштердин баасы;

- үйлөрдү, курулмаларды жана түзүлүштөрдү курууда бузулган мөмө бактарынын жана айдоолордун баасы;

- бузулган курулмаларды иштеп чыгууга жана курулуш таштандыларын ташып чыгарууга байланышкан чыгымдар.

97. Муниципалдык турак жай фондунун менчиктештирилип жаткан турак жайынын баасы менчиктештирилип жаткан турак жайдын жалпы аянтынын бир чарчы метринин баасын менчиктештирилип жаткан турак жайдын жалпы аянтына көбөйтүү жолу менен аныкталат.

98. Менчиктештирилип жаткан турак жайдын жалпы аянтынын бир чарчы метринин баасы (мындан ары – баа) менчиктештирилип жаткан турак жайдын жалпы аянтынын бир чарчы метринин базалык баасын менчиктештирилип жаткан турак жайдын курулган жылын, ыңгайлуулугун, жайлуулугун жана жайгашкан ордун көңүлгө алган коэффициенттерге айлантуу менен төмөнкү формула боюнча эсептелет:

Б = Бб х Жк х Ык х Кк, мында:

Б - Менчиктештирилип жаткан турак жайдын жалпы аянтынын бир чарчы метринин баасы;

Бб – базалык баа;

Жк–турак жайдын жайлуулугунун коэффициенти;

Ык –турак жайдын ыңгайлуулугунун коэффициенти;

Кк - турак жайдын кабаттуулугунун коэффициенти.

Жк–турак жайдын жайлуулугунун чагылдырган коэффициент: лифттин, ысык жана муздак суу менен жабдуунун, агынды сууну агызуунун, борбордук жылытуунун жана газ менен жабдуунун бар болушу.

Ысык жана муздак суу менен жабдуу, агынды сууну агызуу, борбордук жылытуу жана газ менен жабдуу жок болгон турак жайдын Жккоэффициенти жок болгон ар бир инженердик ыңгайлуулук үчүн 0,1 көрсөткүчкө, бирок 0,5тен көп эмес көрсөткүчкө азаят.

 

1- таблица

Турак жайлардын түрлөрү

Жк

1

Ыңгайлуулуктун бардык түрлөрү бар болгон турак жай

1

2

Ыңгайлуулуктун бир түрү жок болгон турак жай

0,9

 

Ык –турак жайдын ыңгайлуулугунун коэффициенти турак жайдын жалпы аянтынын турак жайдын турак аянтына болгон катышы менен аныкталат.

 

2-таблица

Турак жайдын жалпы аянтынын турак жайдын турак аянтына болгон катышы

Ык

1

1,5 аз

1

2

1,5 баштап 2,1 чейин

1,1

3

2,1 жана андан көп

1,2

 

Кэ - турак жайдын кабаттуулугунун коэффициенти көп кабаттуу турак үйдөгү турак жайдын жайгашуусу менен аныкталат.

 

3- таблица

Көп кабаттуу турак үйдөгү турак жайдын жайгашуусу

Кк

1

Акыркы (жогорку) кабатта

0,9

2

Биринчи кабатта

0,95

3

Биринчи жана акыркы (жогорку) кабаттардын ортосунда

1

 

108.базалык баасы төмөнкү формула менен аныкталат:

Бб = М х Р/(Т х 12), мында:

Бб – базалык баасы;

М–турак жай курулган мезгилдин коэффициенти;

Р –тийиштүү калктуу конуштагы турак жайдын бир чарчы метринин орточо рыноктук баасы;

12 –жылдын айларынын саны;

Т –имараттын (үйдүн) ченемдик кызмат өтөө мөөнөтү.

 

4-таблица

Көп батирлүү жана жеке үйлөрдүн топтору

Имараттын жана конструкциялык элементтердин мүнөздөмөлөрү

кызмат өтөө мөөнөтү (жыл)

1-топ

Таштан салынган, жөнөкөй имараттар; фундаменттери - таштан; дубалдары -таш (кирпич), ири блок же ири панель; калкасы темир-бетон же аралаш, ошондой эле металл балкалардагы таш чатырлар

125

2-топ

Таштан салынган, жеңилдетилген имараттар; фундаменттери таштан жана бетондон; дубалдары кирпичтен, шлак блоктон, ракушечниктен жеңилдетип коюлган; калкасы жыгач, темир-бетон же металл балкалардагы таш чатырлар

100

3-топ

Жыгач, тилинген же брус, аралаш конструкциялуу имараттар; фундаменттери – лента, бут; дубалдары – тилинген, брус, аралаш (кирпич жана жыгач); калкасы - жыгач

50

 

99. Тийиштүү калктуу конуштагы турак жайдын бир чарчы метринин орточо рыноктук баасы кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтары (баалардын индекси) боюнча аныкталат.

100.М–турак жай курулган мезгилдин коэффициенти.

5-таблица

Турак жай курулган мезгил

П

1

1991-жылга чейин

0,1

2

1992-1999-жылдар

1

3

2000-2007-жылдар

10

4

2008-2014-жылдар

20

 

101. Муниципалдык турак жай фондунун менчиктештирилип жаткан турак жайынын баасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:

Н = Б х S, мында:

С –муниципалдык турак жай фондунун менчиктештирилип жаткан турак жайынын наркы;

Б–менчиктештирилип жаткан турак жайдын жалпы аянтынын бир чарчы метринин баасы;

S - менчиктештирилип жаткан турак жайдын жалпы аянты

 

Жооптуу катчы                                                                                                                                                                                                       А. Абдыкеримов