Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\6161070e-0d16-4c0e-a30e-7f0f4c55034b\document.files\image001.jpg

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 26-февралы № 3

Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы бүткөндүгүнө байланыштуу муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарынын жана “Турак жай” Кодексинин негизинде, Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы аяктагандыгына байланыштуу депутаттардын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаардык Кеңешинин 5-февраль 2019-жылдагы “Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайды муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө” №1 токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Нарын шаарындагы А.Калыков көчөсүндөгү ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган 2 кабаттуу, 10 батирлүү, 1 (бир) бөлмөдөн турган турак жайды муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Ботоканов