Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин кезексиз VIII чакырылышынын XXI сессиясы

 

2019-жылдын 09-сентяры №90

Мекемени кайра каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде, Абды Суеркулов айыл аймагынын Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн Уставын талкулоонун негизинде Абды Суеркулов айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Торкент айыл аймагынын Торкент айыл өкмөтү» мекемесинин аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра каттоодон өткөрүлсүн.

- мекеменин толук фирмалык аталышы:

мамлекеттик тилде –“Абды Суеркулов айыл аймагынын Абды Суеркулов айыл өкмөтү”мекемеси

- расмий тилде аталышы: Учреждение “Абды Суеркуловский айыл Окмоту Абды Суеркуловского айылного аймака”.

2. “Абды Суеркулов айыл аймагынын Абды Суеркулов айыл өкмөтү”мекемесинин (мындан ары мекеме) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал Абад облусу, Токтогул району, Торкент айылы, Айдаралы көчөсү № 48.

3. Мекеменин уставы бекитилсин.

4. Тийиштүү документтерди бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Токтошовага милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

6. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.

7. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.

 

Кеңештин төрагасы:

У.Бучуков