Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы

 

2019-жылдын 29-марты 88

Кызыл-Сенир айылына окуу борборун куруу үчүн жерди трансформациялоого макулдук берүү жѳнүндѳ

Айыл өкмөттүн аймагындагы Кызыл-Сенир айылына жаш муундарга татыктуу тарбия жана билим берүү максатында курамында бала бакча, мектеп жана кесиптик коллежден турган окуу борборун куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы № 257 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине таянып , айыл өкмөт башчысы Э.Ж. Пасаңовдун билдирүүсүн жана айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык кенештин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кызыл-Сенир айылындагы 780 контурдагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 2,8 га сугат жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл өкмѳт башчысы Э.Пасаңовго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

К. Мусаев