Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7f8b37ae-cb3d-4a3f-8445-29744de85da7\document.files\image001.jpg

БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 22-январы № 1

Боз-Учук айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксат берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимлери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин жетекчиликке алып жана Боз-Учук айылдык кенешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги токтомунда көрсөтүлгөн контурлардагы үй куруга берилген жерлерди трансформациядан өткөрүү үчүн айылдык кенеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боз-Учук айылдык кенешинин 25 чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги “Айрым айыл чарба багытындагы жер участокторун калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү” токтомунда көрсөтүлгөн төмөндөгү контурларга макулдук берилсин :

-Боз-Учук айыл аймагынын Ново-Вознесеновка айылы боюнча : контур №393- 4.20га , №394 – 0,90 га. №391- 2,10 га. №388 – 1,20 га , №386-0,30 га, № 384- 1,35 га, №385 – 1,35га, №383 – 1,20 га, №422- 2,10 га, №423- 2,25 га, №418 -1,50 га,

-Ичке-Жергез айылы боюнча : контур №1147- 5,55 га, №1122-8,50 га, №1117-4,05 га, №1213- 0,60 га баардыгы 37,05 га.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Узакпаев