Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

 

2020-жылдын 31-январы № 24-6

16 жашка толгон тоголок жетим балдарга жер участогун кезексиз берүү тууралуу.

16 жашка толгон тоголок жетим балдарга жер участогун кезексиз берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г.Ысакованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КРнын конституциясынын 16-беренесинин 5-пункту, 36-беренесинин 4-пункту, турак-жай кодесинин 44-беренесинин 1-бөлүмүндө «Жетим балдар, ата-энесинин көзөмөлүүсүз калган балдар мекемелеринде, балдар үйүндө болуусу аяктагандан кийин турак жай менен биринчи кезектеги тартипте камсыз кылынары», Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренесинин талаптарына ылайык турак жайы жок жетим балдарга 16 жашка чыкканда мыйзамда белгиленген тартипте турак жай аянтын кезексиз алуу укугунан пайдаланат деп белгиленгендигин эске алып Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагында жашаган ата-энесинин көзөмөлүүсүз калган 16 жашка толгон тоголок жетим балдарга жер трансформацияланып келген учурда жер участогу кезексиз берилсин.

2. Жер алууга керектүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г.Ысаковага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.

 

Төрага

Абдибает уулу М