Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\829569dd-8f68-48b5-8936-fdce9c8aff26\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 30-октябры ПЖ № 218

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин "Административдик мамлекеттик кызмат орундары" деген 4-главанын 4.2-пунктунда:

"Жогорку сотко караштуу Судьяларды окутуу борбору" деген сөздөр "Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"Жогорку кызмат орду" деген топтун "Ж-Б" деген категориясы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"

Ж-Б

Аппараттын Жетекчисинин орун басары

 

Жетекчинин орун басары

Жетекчи(*)

 

";

"Башкы кызмат орду" деген топтун "Б-А" деген категориясы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"

Б-А

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Жетекчинин орун басары

Бөлүм башчысы

".

2. Бул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын Жогорку соту үчүн каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 2-ноябрындагы N 91 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков