КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 18-январы ПЖ № 12
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын маселелери жөнүндө
Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын иштешин камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги эң маанилүү инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн илимий кызматкерлерди даярдоонун деңгээлин жана статусун жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. Бекитилсин:
- Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
- Эксперттик кеңеш жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 28-январындагы № 12 (3347) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |