КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
|
Тиркеме 4 | |
|
|
(Кыргыз
Республикасынын Президентинин |
Эксперттик кеңеш жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын (мындан ары – Комиссия) эксперттик кеңештерин түзүү жана ишин уюштуруу тартибин белгилейт, милдеттерин жана функцияларын аныктайт.
2. Эксперттик кеңеш Комиссия тарабынан жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого жана аттестациялоого байланышкан маселелерди кароо үчүн түзүлөт.
Эксперттик кеңеш диссертациялык кеңештерде корголгон диссертацияларга экспертиза жүргүзөт, Комиссиянын президиумуна окумуштуулук даражаны берүү маселеси боюнча корутундуларды жана сунуштарды даярдайт, окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөрдүн аттестациялык делолорун, ошондой эле диссертациялык кеңештерди түзүү жана алардын иштөө маселелерин, мамлекеттик аттестациялоо системасынын ишинин башка маселелерин карайт.
3. Эксперттик кеңештер илимдин, техниканын, билим берүүнүн, маданияттын тийиштүү жаатындагы жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди аттестациялоо системасынын ишинин маанилүү багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга түрткү берүүчү алдыңкы окумуштуу – адистердин ичинен илимдин тармактары боюнча түзүлөт.
4. Эксперттик кеңештер өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө жобону, Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобону, Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобону, Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө жобону, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат жана аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Эксперттик кеңештин ишинин негизги принциптери компетенттүүлүк, көз карандысыздык, объективдүүлүк, ачыктык жана кесиптик этиканын ченемдерин сактоо болуп эсептелет.
2. Эксперттик кеңештин милдеттери
5. Эксперттик кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– корголгон диссертацияларга илимий экспертиза жүргүзүү жана профессордун, доценттин, улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч каттарды кароо;
– окумуштуулук даражаларды жана окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөргө карата бирдей талаптарды камсыз кылуу;
– жогорку окуу жайларда жана илимий уюмдарда диссертациялык кеңештерди түзүү боюнча материалдарга экспертиза жүргүзүү;
– диссертацияларды коргоо видеоматериалдарын карап чыгуу, жыйындарга мониторинг жүргүзүү жана диссертациялык кеңештердин документтерин текшерүү аркылуу диссертациялык кеңештердин ишин, ошондой эле окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештеринин профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдарын ыйгарууга тиешелүү бөлүгүндөгү ишин контролдоо;
– диссертациялык иштердин жыйынтыктарын талдоо жана алардын илимий-техникалык жана социалдык прогресстин артыкчылыктуу багыттарына ылайык келишин баалоо;
– илимди, техниканы, билим берүүнү жана маданиятты өнүктүрүү тенденцияларын жана келечектерин эске алуу менен жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо системасын өркүндөтүүгө катышуу;
– корголгон иштердин тематикасын талдоо менен ар жылдык отчетту берүү аркылуу өлкөнү илимий-техникалык жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына диссертациялык иштердин тематикасынын ылайык келишин баалоо жана талдоо;
– Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмдөрү менен бирге адистиктердин паспортторун иштеп чыгууга жана экспертизалоого катышуу;
– Кыргыз Республикасынын илимий кызматкерлеринин адистиктеринин номенклатурасын, Кыргыз Республикасында окумуштуулук наамдар ыйгарылуучу адистиктердин тизмесин, ошондой эле диссертациялык кеңештердин, аспирантуралардын жана докторантуралардын ишин өркүндөтүү боюнча Комиссия үчүн ар жылдык сунуштарды иштеп чыгуу;
– диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктарын жарыялоо үчүн сунушталган илимий жана илимий-техникалык мезгилдүү басылмаларды колдонуудагы тизмекке киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле бул басылмаларга Комиссиянын президиумунун токтому менен бекитилген диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктарын жарыялоо үчүн рецензиялануучу илимий мезгилдүү басылмалардын тизмегин түзүүнүн эрежелери жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келишине карата жыл сайын инспекция жүргүзүү.
3. Эксперттик кеңештин функциялары
6. Эксперттик кеңеш төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
– диссертациялык кеңештердин жана окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештеринин чечимдерин кароо жана илимдин докторунун жана кандидатынын окумуштуулук даражаларын берүү, профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдарын ыйгаруу маселелери боюнча Комиссиянын президиумуна сунуштарды даярдоо;
– диссертациялык кеңештердин тармагын түзүү боюнча сунуштарды даярдоо;
– диссертациялык кеңештердин курамын түзүү, бекитүү жана жарым-жартылай өзгөртүү, бир жолку коргоолорду өткөрүү боюнча материалдарды кароо жана алардын Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобонун 15-17-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык келиши жөнүндө корутундуларды даярдоо;
– диссертациялык кеңештердин чечимдерине апелляциялар боюнча корутундуларды даярдоо;
– окумуштуулук даражалардан жана окумуштуулук наамдардан ажыратуу же калыбына келтирүү маселелери боюнча корутундуларды даярдоо;
– диссертацияларда камтылган негизги илимий жыйынтыктарды жарыялоо үчүн алдыңкы илимий журналдардын жана басылмалардын тизмегин аныктоо боюнча Комиссияга сунуштарды даярдоо;
– корголгон диссертацияларга жана окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн аттестациялык делосуна диссертациянын Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына жана аталган адистикке ылайык келиши, диссертациянын темасынын актуалдуулугу, анын илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына ылайык келиши, илимдин жаңылыгы, алынган жыйынтыктардын аныктыгы жана негиздүүлүгү, алардын практикалык, экономикалык жана социалдык маанилүүлүгү боюнча маселелерди кароону камтыган илимий экспертиза жүргүзүү;
– жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону жана Илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасын өркүндөтүү, ошондой эле илимий адистиктердин паспортторун жана кандидаттык экзамендердин программаларын даярдоо боюнча сунуштарды кароого катышуу;
– Кыргыз Республикасынын жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга болгон керектөөлөрүнүн болжолдорун иштеп чыгууга катышуу жана жыл сайын Комиссияга тиешелүү отчетту берүү;
– жарандардын сунуштарын, арыздарын, даттанууларын кароого катышуу;
– Комиссиянын президиумунун жана жетекчилигинин тапшырмасы боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоого байланышкан башка маселелерди кароо;
– илимдин докторунун же кандидатынын дипломун нострификациялоо жөнүндө уюмдардын өтүнүч каттарын жана жеке арыздарды кароо жана бул маселе боюнча Комиссиянын президиумуна сунуштарды даярдоо;
– диссертацияларды коргоонун жол-жобосуна белгиленген талаптардын жана кандидаттык экзамендерди өткөрүүнүн эрежелеринин сакталышын текшерүү, Комиссиянын жетекчилигине алардын ишин текшерүү боюнча комиссияларга киргизүү үчүн талапкерлерди сунуштоо;
– иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин Комиссияга иши жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту тапшыруу.
4. Эксперттик кеңештин укуктары
7. Эксперттик кеңештерге төмөнкүдөй укуктар берилет:
– диссертацияга экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды диссертация аткарылган, ага алдын ала экспертиза жүргүзүлгөн же анын жыйынтыктары жайылтылган уюмдардан, ошондой эле диссертациялык кеңештерден жана изденүүчүдөн Комиссия аркылуу суроого жана алууга;
– зарыл болгон учурда Комиссияга жетиштүү деңгээлде аргументтелбеген корутундуларды жеткире иштеп чыгуу үчүн диссертациялык кеңештерге кайтаруу жөнүндө сунуштарды берүүгө;
– өзүнүн жыйынына изденүүчүлөрдү, диссертацияларды коргоо же алардын жамааттык рецензиялоо өткөрүлгөн диссертациялык кеңештердин жетекчилерин, расмий оппоненттерди, илимий жетекчилерди жана илимий кеңешчилерди, алдыңкы уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле жыйындын күн тартибиндеги маселелерди кароо үчүн катышуусу зарыл болгон башка адамдарды чакырууга;
– Комиссиянын жетекчилигинин чечими боюнча эксперттик кеңештин жыйындарына чечүүчү добуш берүү укугу менен катышуу үчүн, эгерде анын курамында каралып жаткан диссертациянын профили боюнча адистер жок болгон, же эксперттик кеңештин мүчөлөрү ушул Жобонун 26–30-пункттарына ылайык экспертиза жүргүзүүгө укугу жок болгон, же болбосо кошумча экспертиза жүргүзүү талап кылынган учурда эксперттик кеңештин курамына кирбеген кошумча эксперттерди чакырууга;
– илимдин чектеш тармактары боюнча аткарылган иштерди кароодо башка эксперттик кеңештер менен биргелешкен жыйындарды өткөрүүгө;
– зарыл болгон учурда диссертацияларды республиканын профилдик диссертациялык кеңештерине же башка мамлекеттердин адистерине кошумча корутунду алуу үчүн жиберүү жөнүндө Комиссияга сунуштарды берүүгө;
– өзүнүн жыйындарында диссертациялык кеңештердин жетекчилеринин отчетторун угууга, диссертациялык кеңештин андан ары иштешинин максатка ылайыктуулугу жөнүндө Комиссиянын президиумуна сунуштарды даярдоого;
– зарыл болгон учурда диссертациялык кеңештердин жана окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештеринин жыйындарына катышуу үчүн эксперттик кеңештердин мүчөлөрүнүн ичинен өзүнүн өкүлдөрүн жиберүүгө;
– Комиссиянын аттестациялык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен бирдикте диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин жыйындарына катышуу, аткарылган иштер жөнүндө диссертациялык кеңештердин төрагаларынын отчетторун талдоо жана докладдарын угуу аркылуу диссертациялык кеңештердин иштерин текшерүүгө катышууга;
– зарыл болгон учурда илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди кайра аттестациялоодо, башка өлкөлөрдөн берилген окумуштуулук даражалары бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын диссертацияларын тийиштүү диссертациялык кеңештерге кошумча корутунду алуу үчүн жиберүүнү Комиссияга сунуштоого.
5. Эксперттик кеңешти түзүүнүн тартиби
8. Эксперттик кеңештер Комиссиянын президиумунун токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Илимий кызматкерлеринин адистиктеринин номенклатурасына ылайык жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлар даярдалуучу илимдин тармактары же илимдин тиешелүү тармагындагы адистиктердин топтору боюнча Комиссия тарабынан түзүлөт.
9. Эксперттик кеңеш “Scopus”, “Web of Science” же РИНЦ системалары менен индекстелүүчү чет өлкөлүк жана ата мекендик илимий мезгилдүү басылмаларда акыркы 5 жыл ичинде жарыяланган макалалары бар илимдин белгилүү бир тармагынын алдыңкы окумуштууларынын ичинен түзүлөт.
10. Эксперттик кеңештин курамы мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, жогорку билим берүү мекемелеринин жана илимий уюмдардын сунуштарын эске алуу менен Комиссиянын аттестациялык бөлүмдөрүнүн сунуштамаларынын негизинде түзүлөт, аларда илимдин тиешелүү тармагындагы конкреттүү адистик боюнча адистерди эксперттик кеңешке киргизүү зарылчылыгы негизделип берилиши керек.
11. Эксперттик кеңештин курамына киргизилүүчү адистердин бул кеңештин адистиктерине жана илиминин тармагына ылайык келиши окумуштуулук даражасы жөнүндө диплому, диссертациясынын авторефераты жана (же) илимий макалалары менен ырасталууга тийиш. Эксперттик кеңештин курамына киргизилүүчү адис ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча адистин паспортун толтурат.
12. Эксперттик кеңешти түзүү, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, жеке курамы, эксперттик кеңеш изденүүчүлөрдүн диссертацияларына жана аттестациялык делолоруна экспертиза жүргүзүүгө укуктуу адистиктердин тизмеси жөнүндө чечим Комиссиянын жетекчилиги тарабынан кабыл алынат.
13. Эксперттик кеңештердин саны, алардын жекече курамы үч жылдык мөөнөткө, кеңештин курамынын үчтөн биринен кем эмесин жаңыртуу менен Комиссиянын президиуму тарабынан бекитилет жана Комиссиянын төрагасынын буйругу менен таризделет. Эксперттик кеңештин төрагасы болуп бир адам бирден ашпаган мөөнөткө шайланышы мүмкүн.
14. Эксперттик кеңештин курамын түзүүдө окумуштуулардын талапкерлигин талкуулоого Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары – башкы окумуштуу катчысы, Комиссиянын тийиштүү аттестациялык бөлүмүнүн жетекчиси катышат. Талкуунун жыйынтыгы боюнча Комиссиянын аттестациялык бөлүмү Комиссиянын президиумунун тийиштүү чечиминин долбоорун даярдайт.
15. Эксперттик кеңеш төрагадан, төраганын орун басарларынан, окумуштуу катчыдан жана эксперттик кеңештин мүчөлөрүнөн турат. Эксперттик кеңештин сандык курамы 7ден кем эмес адамдан түзүлүшү керек.
Эксперттик кеңештин төрагасы жана төрагасынын орун басары бир уюмдун же мекеменин кызматкерлери болбошу керек.
16. Бир уюмдан эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн саны анын жалпы санынын 30 %ынан ашпашы керек.
17. Эксперттик кеңештин курамына Комиссиядан кайра аттестациялоодон өткөн илимдин докторлору, ошондой эле эрежеден тышкары – өз илиминин тармагында таанылган адис болуп саналган, профессордук окумуштуулук наамы бар илимдин кандидаттары докторлук диссертацияларды кароодон тышкары, эксперттик кеңештин компетенциясына кирген бардык маселелерди кароодо чечүүчү добуш берүү укугу менен киргизилет.
18. Илимдин кандидаты эксперттик кеңештин окумуштуу катчысы болушу мүмкүн.
19. Комиссиянын штаттык кызматкерлери, Комиссиянын президиумунун мүчөлөрү, эксперттик кеңештин профили боюнча диссертациялык кеңештин төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери эксперттик кеңештин мүчөлөрү боло алышпайт.
20. Эксперттик кеңештин мүчөсү илимдин тармактары же илимдин тиешелүү тармактарындагы адистиктердин топтору боюнча түзүлгөн экиден ашык эмес эксперттик кеңештин курамына кире алат.
21. Эксперттик кеңештин мүчөсү илимдин бир тармагынын 3төн ашык эмес адистиги боюнча иш алып бара алат.
22. Эксперттик кеңештин мүчөсү расмий оппонент же оппонент болгон уюмдун эксперти катары чыга албайт.
6. Эксперттик кеңештин жыйындарын өткөрүү тартиби
23. Эксперттик кеңештин жыйындары төраганын, ал жок учурда анын орун басарынын жетекчилиги алдында өткөрүлөт. Алар жок болгон учурда, эксперттик кеңештин жыйынын өткөрүү үчүн Комиссиянын төрагасынын же төраганын орун басары – башкы окумуштуу катчынын чечими боюнча ошол жыйынга төрагалык кылуу милдетин аткаруу анын мүчөлөрүнүн бирине жүктөлүшү мүмкүн.
24. Эксперттик кеңештин жыйыны, эгерде анын ишине анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу деп эсептелет.
25. Жыйында каралуучу маселени даярдоо тапшырылган кеңештин мүчөсүнүн (мындан ары – эксперт) жыйынга катышуусу милдеттүү.
Эгерде эксперттик кеңештин мүчөсүнүн милдеттерин аткаруу кабыл алынуучу чечимдердин толуктугуна жана объективдүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышына алып келиши мүмкүн болсо, эксперттик кеңештин мүчөсү эксперттик кеңештин жыйыны башталганга чейин өзүнүн баш тартуусу жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
26. Эксперт эгерде ал диссертация аткарылган уюмдун жетекчиси же изденүүчү иштеген уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери болсо, диссертацияга экспертиза жүргүзүүгө катышууга укугу жок.
27. Эксперт эгерде ал изденүүчүнүн илимий макалаларына авторлош болсо же материалдары диссертацияда колдонулган илимий-изилдөө иштеринин темаларын кошо аткаруучу болсо диссертацияга экспертиза жүргүзүүгө, аны талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга укугу жок.
28. Эксперт эгерде ал мурда эксперттик кеңештин курамына киргизилгенге чейин диссертация корголгон диссертациялык кеңештин мүчөсү болсо жана аны талкуулоого катышкан болсо диссертацияга экспертиза жүргүзүүгө укугу жок.
29. Эксперт эгерде ал изденүүчүнүн илимий жетекчиси (илимий кеңешчиси) болсо, диссертацияга экспертиза жүргүзүүгө, аны талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга укугу жок.
30. Эксперт эгерде ал изденүүчү же изденүүчүнүн илимий жетекчиси (илимий кеңешчиси) менен жакын туугандыкта же жакыны болсо (ата-энеси, жубайы, ага-иниси, эже-карындашы, уулу, кызы ошондой эле жубайынын ага-иниси, эже-карындашы, ата-энеси жана балдары), диссертацияга экспертиза жүргүзүүгө, аны талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга укугу жок.
31. Комиссиянын жетекчилери, Комиссиянын президиумунун мүчөлөрү, ошондой эле эксперттик кеңештин төрагасы тарабынан жыйынга катышууга чакырылган адамдар жыйынга чечүүчү добуш берүүгө укугу жок катыша алышат.
32. Эксперттик кеңештин окумуштуу катчысы жыйынга үч календарлык күн калгандан кечиктирбей эксперттик кеңештин мүчөлөрүнө жыйындын датасы жана убактысы жөнүндө, ал эми дайындалган эксперттерге керектүү документтерди даярдоо боюнча аларга берилген тапшырмалар жөнүндө кабарлайт.
33. Жыйындын башында төрага эксперттик кеңештин мүчөлөрүнө кворумдун болушу жана жыйынды өткөрүүнүн укуктуулугу жөнүндө маалымдайт жана анын күн тартибин жарыялайт.
34. Эксперттик кеңештин ушул Жобонун 27, 29 жана 30-пункттарынын колдонулушуна туш болгон мүчөлөрү тиешелүү маселени кароо убагында эксперттик кеңештин тизмелик курамынан чыгарылат жана жыйынга катышпайт.
35. Эксперттик кеңештин чечимдери ачык же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
36. Жашыруун добуш берүү экспертизанын жүрүшүндө терс пикирлер түшкөн учурда же эксперттик кеңештин жок дегенде бир мүчөсүнүн сунушу боюнча жүргүзүлөт.
37. Чечим кабыл алууда эксперттик кеңештин ар бир мүчөсү каралуучу маселеге карата өз мамилесин аныктоосу, “макул” же, “каршы” же, “калыс” деп добуш берүүсү керек.
38. Чечим эгерде ага жыйынга катышкан эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси, бирок эксперттик кеңештин тизмелик курамынын 50 %ынан кем эмеси добуш берсе кабыл алынды деп эсептелет.
39. Берилген материалдардын мазмуну, эксперттик кеңештин жыйынында маселелерди талкуулоонун жүрүшү жана ал кабыл алган чечимдер купуя болуп саналат жана ачыкка чыгарылбоого тийиш.
40. Комиссиянын аттестациялык бөлүмүнүн жетекчисинин чечими боюнча ошол бөлүмдүн кызматкери эксперттик кеңештин жыйынын аудиожаздыруу (видеожаздыруу) жүргүзөт, ал Комиссиянын аттестациялык бөлүмүндө сакталат жана жайылтылбоого тийиш. Эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн же жыйынга чакырылган адамдардын өз алдынча аудиожаздыруусуна (видеожаздыруусуна) жол берилбейт.
41. Эксперттик кеңештин окумуштуу катчысы ар бир жыйындын протоколун түзөт, ал жыйындан кийин беш күндөн кечиктирбестен Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмүнө берилет. Протоколго эксперттик кеңештин жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн колу коюлган, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча даярдалган келүү барагы тиркелет.
42. Аттестациялык делолорду эксперттик кеңеште кароо мөөнөтү алар эксперттик кеңешке жиберилген күндөн баштап эсептелет. Мында илимдин доктору окумуштуулук даражасын берүү (кайра аттестациялоо) жана профессордун окумуштуулук наамын ыйгаруу боюнча аттестациялык делолорду кароонун мөөнөтү үч айдан ашпашы, ал эми илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасын берүү (кайра аттестациялоо) жана доценттин, улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамын ыйгаруу боюнча аттестациялык делолорду кароо мөөнөтү эки айдан ашпашы керек.
43. Диссертациялык кеңештердин ишин уюштуруу боюнча материалдарды эксперттик кеңеште кароонун мөөнөттөрү эки айдан ашпашы керек.
44. Сунушталган адистиктердин паспортторун эксперттик кеңеште кароонун мөөнөтү 2 айдан ашпашы керек.
45. Материалдарды эксперттик кеңеште кароонун мөөнөтү алар эксперттик кеңешке жиберилген күндөн баштап эсептелет жана диссертация тышкы пикир үчүн жиберилген, же чыр-чатактуу кырдаалдар келип чыккан учурда аттестациялык бөлүмдүн өтүнүчү боюнча Комиссиянын президиуму тарабынан узартылышы мүмкүн. Жай айлары (июль, август) кароонун жалпы мөөнөтүнөн алып салынат.
46. Комиссия тарабынан диссертацияны кароо процессинде андан табылган кемчиликтерди оңдоого жол берилбейт.
47. Төрага, төраганын орун басары, окумуштуу катчы жана эксперттик кеңештин мүчөлөрү диссертация боюнча расмий оппонент болуп дайындала албайт, диссертацияны коргоого чейин аны кароонун кайсы болбосун этабында пикир жана рецензия бере албайт.
7. Диссертацияларга экспертиза жүргүзүү жол-жобосу
48. Эксперттик кеңештин төрагасы жыйынга чейин Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмүнөн жыйындын күн тартиби жана ушул бөлүмдүн кызматкери тарабынан кароо үчүн даярдалган материалдар менен таанышат.
49. Комиссиянын аттестациялык бөлүмү жыйындын датасын аныктайт жана эксперттик кеңештин төрагасы менен макулдашат, эксперттик кеңештин жыйынынын күн тартибин түзөт. Эксперттик кеңеш окумуштуулук даражаларды жана окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөрдүн диссертациялары жана аттестациялык делолору боюнча пикирлерди жана корутундуларды даярдоо үчүн эксперттерди дайындайт, эксперттик кеңештин мүчөлөрүнө адистиктердин паспортторуна экспертиза жүргүзүүнү жана зарыл болгон учурда жеткире иштеп чыгууну, ошондой эле эксперттик кеңештин жыйынында кароо үчүн пландалган башка маселелерди даярдоону тапшырат.
50. Дайындалган эксперттер Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмүнөн аларга тапшырылган маселелер боюнча материалдар менен таанышууга жана эксперттик кеңештин жыйынына корутундуларды даярдоого милдеттүү.
51. Диссертацияга терс пикир алынган учурда изденүүчүгө жазуу жүзүндөгү же электрондук түрдөгү кабарлоо жиберилет. Эксперттик кеңеш Комиссиянын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча диссертацияны кошумча экспертиза жүргүзүүгө жибере алат, ошондой эле өз жыйынына изденүүчүнү, илимий жетекчилерди (кеңешчилерди), диссертация боюнча корутунду берген диссертациялык кеңештин эксперттик комиссиясынын мүчөлөрүн чакыра алат.
52. Изденүүчү эксперттик кеңештин жыйынына чакырылган учурда, Комиссиянын аттестациялык бөлүмү аны жыйын өткөрүлүүчү датага чейин он күн мурда корутундунун мазмуну менен тааныштыруусу зарыл.
53. Эки адистиктин кошулушунда аткарылган диссертациялар тиешелүү адистиктер боюнча эксперттик кеңештердин биргелешкен жыйындарында каралууга тийиш.
54. Эксперттик кеңештин жыйынына аттестациялык бөлүмдүн начальнигинен тышкары, эксперттик кеңештин ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылган Комиссиянын ошол бөлүмүнүн штаттык кызматкери катышуусу керек, ал эксперттик кеңештин окумуштуу катчысы менен бирдикте аттестациялык делолордун толуктугу жана сакталышы, алардын өз убагында каралышы үчүн жооп берет, жыйындарда эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн ишин эсепке алат.
55. Эксперттик кеңештин жыйынына анын чечими жана Комиссиянын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча кеңеш берүүчү добуш укугу менен башка эксперттик кеңештердин мүчөлөрү жана маселени кароо үчүн эксперттик кеңешке зарыл болгон окумуштуу-адистер чакырылышы мүмкүн. Эксперттик кеңештин жыйынына башка адамдар Комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басары – башкы окумуштуу катчысынын уруксаты менен гана катыша алат.
56. Эксперт ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык формада каралуучу диссертация боюнча корутунду даярдайт.
57. Диссертация эксперт тарабынан оң бааланса, ошондой эле диссертациялык кеңештин корутундусу боюнча сын пикирлер жок болсо, диссертация Комиссиянын президиумунун тиешелүү сунуштарды кабыл алуусу үчүн эксперттик кеңештин кароосуна киргизилет.
58. Диссертация тышкы экспертиза жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына жана илим-изилдөө мекемелерине, же КМШга катышкан мамлекеттердин жогорку (улуттук) аттестациялык комиссияларына, же болбосо түздөн-түз диссертациянын багыты боюнча чет өлкөдө жайгашкан алдыңкы илимий мекемелерге төмөнкү учурларда жиберилет:
1) эгерде Комиссиянын эксперттери ушул Жобонун 26-30-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча диссертацияга экспертиза жүргүзө алышпаса;
2) эгерде эксперттик кеңеште авторефераттын адистигинин шифри боюнча, чектеш адистик боюнча, эмгектеринин жыйындысы боюнча диссертацияга экспертиза жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу адистер жок болсо.
59. Диссертация жөнүндө эксперттин пикири терс болгон учурда, ал эксперттик кеңештин кароосуна жазуу жүзүндө пикирин берет, анда диссертациянын негизги илимий жыйынтыктарын баалоо, оппоненттердин жана оппонент болгон уюмдун сын пикирлерин талдоо, изденүүчүнүн диссертациялык ишин четке кагуу себептерин негиздөө камтылышы керек.
60. Диссертациянын билдирилген адистикке ылайык келбеши аныкталган учурда эксперттик кеңеш изденүүчүгө окумуштуулук даражасын берүү жөнүндө өтүнүчтү четке кагуу тууралуу корутунду чыгарат же Комиссиянын президиумуна сунуш берет.
61. Эгерде эки адистик боюнча берилген диссертация алардын бири боюнча гана илимий жаңылыкка ээ болсо, эксперттик кеңеш Комиссиянын президиумуна изденүүчүгө окумуштуулук даражасын берүү жөнүндө өтүнүчтү четке кагуу сунушу менен негизделген корутунду даярдайт.
62. Көчүрүлүп алынган материалдын жол берилген пайыздан ашып кеткендиги аныкталса, Комиссия диссертациянын ар бир бетин текшерет, анын жыйынтыгы эксперттик кеңештин кароосуна берилет. Эксперттик кеңеш Комиссиянын жетекчилигине изденүүчүгө илимдин доктору же кандидаты окумуштуулук даражасын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө сунуш даярдайт.
63. Эгерде тышкы эксперттин корутундусу Комиссиянын эксперттик кеңешинин экспертинин корутундусуна дал келбесе, диссертация кошумча тышкы экспертиза жүргүзүүгө жөнөтүлөт. Диссертацияны кошумча кароо Комиссиянын эксперттик кеңешинин жыйынында Комиссиянын жетекчилеринин биринин же Комиссиянын президиумунун мүчөсүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.
64. Эгерде эксперттин диссертация жөнүндө корутундусунда же кошумча экспертиза жүргүзүүнүн натыйжасында алынган корутундуда иштин баасына таасирин тийгизүүчү сын пикирлер камтылса, эксперттик кеңеш изденүүчүнү ошол сын пикирлер менен тааныштырат, андан аларга карата жазуу жүзүндөгү жообун сурайт жана жообун алгандан кийин, зарыл болгон учурда аны өзүнүн жыйынында угат.
65. Диссертацияны жана эксперттердин пикирлерин ар тараптуу талкуулоодон кийин, эксперттик кеңеш окумуштуулук даражасын берүү жөнүндө маселе боюнча добуш берүү өткөрөт. Жашыруун добуш берүү учурунда добуш берүү үчүн ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча даярдалган бюллетень эксперттик кеңештин мүчөлөрү тарабынан толтурулат, ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча даярдалган эсептөө комиссиясынын жыйынынын протоколун эсептөө комиссиясы өзү тариздейт.
66. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы эсептөө комиссиясынын жыйынынын протоколуна киргизилет, ага эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат. Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнөкөй көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү аркылуу бекитилет.
67. Эксперттик кеңеш Комиссиянын президиумунун кароосуна киргизилүүчү диссертация жөнүндө корутундунун формулировкасын ачык добуш берүү менен кабыл алат.
68. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эксперттик кеңеш изденүүчүгө илимдин доктору же кандидаты окумуштуулук даражасын берүү жөнүндө өтүнүчтү четке кагууну сунуштаса, корутундуда терс чечимди кабыл алуу үчүн негиз көрсөтүлүшү керек.
69. Эксперттик кеңештин жана эксперттин пикирлеринин, корутундуларынын, ошондой эле изденүүчүнүн пикирлерде камтылган сын пикирлерге жазуу жүзүндөгү жоопторунун көчүрмөлөрү эксперттик кеңештин жыйынынын протоколуна тиркелет. Аталган документтердин түп нускалары изденүүчүнүн аттестациялык делосуна тиркелет.
70. Окумуштуулук даражалардын дипломдорун кайра аттестациялоо (нострификациялоо) жөнүндө маселелерди кароо эксперттик кеңеш тарабынан окумуштуулук даражаларды берүү тартибиндей эле жүргүзүлөт.
71. Эксперттик кеңеш караган аттестациялык делолорду Комиссиянын президиумунун жыйындарына тийиштүү аттестациялык бөлүмдүн башчысы берет.
72. Өзгөчө учурларда, Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча Комиссиянын президиумунун жыйындарына эксперттик кеңештин корутундусун берүү эксперттик кеңештин төрагасына же Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмүнүн жетектөөчү адисине тапшырылышы мүмкүн.
8. Окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөрдүн аттестациялык делолорун кароо жол-жобосу
73. Окумуштуулук наамды изденүүчүнүн эксперттик кеңешке жөнөткөн аттестациялык делосун кароо үчүн эксперттик кеңештин төрагасы аттестациялык бөлүм менен макулдашуу боюнча эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен экспертти (эксперттерди) дайындайт.
74. Изденүүчүнү окумуштуулук наамды ыйгарууга көрсөткөн уюмдун бөлүмүнүн кызматкери, изденүүчүнүн макалаларына авторлош болгон же аны менен туугандык байланышы бар адам эксперт боло албайт.
75. Эксперт окумуштуулук наамды изденүүчүнүн аттестациялык делосун, анын окуу-методикалык жана илимий иштерин талдоонун негизинде корутунду даярдайт. Корутундуда изденүүчүнүн илимий-педагогикалык квалификациясынын деңгээлин жана тиешелүү окумуштуулук наамды изденүүчүлөр үчүн белгиленген талаптарды толук аткаргандыгын баалоону камтууга тийиш.
76. Эксперттик кеңештин жыйынында окумуштуулук наамды изденүүчүнүн аттестациялык делосун кароо Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен өткөрүлөт. Эксперт тарабынан берилген корутундунун негизинде эксперттик кеңеш Комиссиянын президиумуна изденүүчүгө окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө сунушту камтыган чечимди кабыл алат.
77. Эксперттик кеңеш өзүнүн корутундусунда изденүүчүнүн илимий жана окуу-методикалык иштеринин маанилүүлүгүн, берилген материалдардын изденүүчү талапкер болгон адистикке ылайык келишин, ошондой эле изденүүчүнү жогорку квалификациялуу адис катары мүнөздөгөн башка маалыматтарды жана профессордун, доценттин, улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштаманы көрсөтүшү керек.
78. Эксперттик кеңештин төрагасынын жана окумуштуу катчысынын колу коюлган, изденүүчүгө окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө маселе боюнча эксперттик кеңештин жыйынынын протоколунан жана корутундусунан көчүрмө эксперттик кеңештин жыйынынан кийин 5 күндүк мөөнөттө Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмүнө берилет.
79. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар адамдарга доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамын ыйгарууга аттестациялык делолор эксперттик кеңешке кароо үчүн талаш жараткан жагдайларда гана берилет. Калган учурларда бул делолор тиешелүү аттестациялык бөлүмдөр тарабынан каралат жана берилген материалдар Комиссиянын талаптарына ылайык келген учурда президиумга бекитүү үчүн берилет.
9. Эксперттик кеңеш тарабынан анын компетенциясына кирүүчү башка маселелерди кароо
80. Эксперттик кеңеш кеңешке диссертацияларды коргоону өткөрүү укугу берилген адистиктерди жана илимдин тармагын, ошондой эле анын сандык жана жекече курамын көрсөтүү менен диссертациялык кеңешти түзүү жөнүндө маселе боюнча Комиссиянын президиумуна сунуштарды даярдайт.
81. Эксперттик кеңештин корутундусунда диссертациялык кеңешти түзүп жаткан уюмдун илимдин тиешелүү тармагында маанилүү илимий жетишкендиктеринин болушу жана диссертациялык кеңешти түзүү сунушталган адистиктер жана илимдин тармактары боюнча жогорку квалификациялуу илимий кадрлар менен камсыз болгондугу, ошондой эле ошол адистиктер боюнча аспирантуранын, докторантуранын бар экендиги жөнүндө маалыматтар берилиши керек.
82. Эксперттик кеңеш сунуш кылынган адистиктердин паспортторунун долбооруна аларга оңдоо жана толуктоо киргизүү жөнүндө сунуш менен баа бериши керек.
83. Эксперттер диссертациялык кеңештин курамына киргизүү үчүн сунушталган адистердин макалаларынын ошол кеңештин адистиктерине ылайык келишине баа бериши керек.
10. Эксперттик кеңештердин ишин уюштуруучулук камсыздоо жана алардын ишин контролдоо
84. Эксперттик кеңештин иши үчүн зарыл болгон шарттарды жана уюштуруу-методикалык жардамды Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмдөрү камсыз кылат.
85. Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмүнүн кызматкери эксперттик кеңештин жыйынына чечүүчү добуш берүү укугусуз катышат, зарыл болгон методикалык жардам көрсөтөт, күн тартибиндеги маселелерди кароодо белгиленген талаптардын аткарылышын жана жыйындын протоколдорунун таризделишин контролдойт.
86. Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмүнүн кызматкери эксперттик кеңештин иши боюнча делону түзөт, ага эксперттик кеңештин жыйындарынын протоколдору жана ага материалдар киргизилет, ошондой эле эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн жыйындагы ишинин эсебин жүргүзөт.
87. Эксперттик кеңештердин ишин Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле Комиссиянын жетекчилиги контролдойт.
88. Эксперттик кеңештин жыйыны белгиленген тартипти бузуу менен өткөрүлгөн же кабыл алынган чечим жетишсиз негизделген учурда, Комиссиянын жетекчилиги эксперттик кеңешке маселени кайра кароону сунуштоого укуктуу.
89. Эксперттик кеңештер жыл сайын 20-январга карата Комиссияга ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндө же электрондук түрдө өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчетторун берет.
90. Эксперттик кеңештин төрагасы жыл сайын тиешелүү эксперттик кеңештин жана Комиссиянын президиумунун жыйындарында өз иши жөнүндө отчет берет.
91. Эксперттик кеңештин мүчөлөрүнө жана эксперт катары эксперттик кеңештин айрым жыйындарына чакырылган адистерге эмгек акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
92. Эксперттик кеңештин иши жөнүндө бардык маалымат купуя мүнөзгө ээ. Эксперттик кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле чакырылган эксперттер окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу боюнча аттестациялык делолорду кароонун жүрүшү жөнүндө маалыматтын ачык чыгып кетишине белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
Эксперттик кеңеш жөнүндө
жобонун |
Форма
Эксперттик кеңештин мүчөсүнүн
АДИСТИК ПАСПОРТУ (ИЛИМИЙ
ПРОФИЛИ)
│ │Улуту ______________, жарандыгы ____________________
│ │____-жылы ________________________________ аяктаган
│ │Адистиги __________________________________________
│ │____-жылдан тартып _______________________ кандидаты
│ │____-жылдан тартып _________________________ доктору
│ │____-жылдан тартып наамы ___________________________
│ │ Иштеген жери ______________________________________
└──────────┘ кызмат орду ________________________________________
Паспорттук жана байланыш маалыматы ______________________________
Кызмат орду боюнча ишинин мүнөзү _________________________________
Кандидаттык диссертациясын коргогон адистиги (шифры)
_____________________________________________________________________
Доценттин же улук и.к. наамы ыйгарылган адистиги (шифры)
_____________________________________________________________________
Доктордук диссертациясын коргогон адистиги (шифры)
_____________________________________________________________________
Профессордук наам ыйгарылган адистиги (шифры)
_____________________________________________________________________
Негизги илимий эмгектери жарыяланган адистиги (шифры)
_____________________________________________________________________
1. __________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
2. __________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
3. __________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
Илимий эмгектери жарыяланган негизги чектеш адистиги (шифры) ____________________________________________________________________
1. ________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
2. ________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
3. ________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
Илимий эмгектери жарыяланган кошумча чектеш адистиги (шифры)
РЕЗЮМЕ
Эксперттик кеңештин курамында экспертиза жүргүзө алган адистиги (шифры)
_______________________________________________________ кеңештин курамында экспертиза жүргүзө алган негизги чектеш адистиги (шифры)
________________________________________________________ эксперттик кеңештин курамында экспертиза жүргүзө алган кошумча (чектеш) адистиги (шифры)
__________________________________________________________________
Аттестациялык бөлүмдүн башчысы