Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\9c98dafe-12b4-43d8-9e72-592dd25ca2b8\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 14-июну ПЖ № 183

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 11-бөлүгүн, 71-беренесин жетекчиликке алып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз ара аракеттенип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жогоруда аталган Жобонун ченемдерин түшүндүрүү боюнча маалыматтык өнөктүктү жүргүзсүн.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров