Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2022-жылдын 14-июнундагы
ПЖ № 183 Жарлыгына)

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүү тартиби жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз башкарууну жана анын режимин киргизүү, ошондой эле мындай тартипти жокко чыгаруу тартибин аныктайт, мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жүзөгө ашырылат.

Түздөн-түз мамлекеттик башкаруу - башкаруунун мындай формасын киргизүүгө тиешеси бар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин токтото туруу менен тиешелүү айыл аймактарында жана шаарларда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилүүчү жергиликтүү жамааттын ишин башкаруунун өзгөчө формасы.

2. Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүүнүн максаты болуп мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн, аймактык бүтүндүгүн коргоону жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууну камсыз кылуу саналат.

3. Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүү тартиби төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:

1) мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн, улуттук коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу;

2) улуттар аралык жана конфессиялар аралык касташууну пропагандалоо жана тутандырууга жол бербөө, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу;

3) тиешелүү жердеги калктын жашоо-тиричилигинин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматтардын үзгүлтүксүз ишин уюштуруу.

4. Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кабыл алган актысы, башка иш-аракеттери төмөнкүлөргө алып келген учурларда киргизилет:

1) мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө, улуттук коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирилгенде;

2) улуттар аралык, диний касташууга жана массалык башаламандыктарга;

3) тиешелүү аймактын коомдук-саясий кырдаалынын, социалдык-экономикалык абалынын олуттуу начарлашына.

2. Түздөн-түз мамлекеттик башкарууну киргизүү тартиби

5. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын тиешелүү айыл аймактарында, шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну киргизүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) тиешелүү айыл аймактарында жана райондук маанидеги шаарларда - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын сунушу;

2) облустук маанидеги шаарларда - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу;

3) республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларында - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу.

Ушул Жобонун 4-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган учурларда түздөн-түз мамлекеттик башкарууну киргизүүдө улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын корутундулары, 4-пунктунун 3-пунктчасында каралган учурларда - экономика жана финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын корутундулары эске алынат.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз мамлекеттик башкарууну киргизүү жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан тиешелүү айыл аймактарынын жана шаарлардын калкына маалымдалат.

3. Түздөн-түз мамлекеттик башкаруунун режими

7. Түздөн-түз мамлекеттик башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдарга алып келген аракеттерине жана/же кабыл алган актыларына субъекттердин доо арыздары боюнча кабыл алынган ушул Жобонун 17-пунктунда каралган соттук чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейинки мөөнөткө киргизилет.

8. Түздөн-түз мамлекеттик башкарууну киргизүү менен бир эле убакта жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктары токтотулуп турат.

9. Түздөн-түз мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси бир эле убакта тиешелүү айыл аймактарында жана/же шаарларда аткаруучу-тескөөчү функциялар жана ушул Жободо каралган ыйгарым укуктар берилген жергиликтүү жамааттын иштерин убактылуу башкаруучуну (мындан ары - убактылуу башкаруучу) дайындайт.

Убактылуу башкаруучу болуп төмөнкүлөр дайындалат:

- айыл аймактарында жана райондук маанидеги шаарларда - тиешелүү райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басарларынын бири;

- облустук маанидеги шаарларда - Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарларынын бири;

- республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларында - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган кызмат адамы.

Айыл аймактарында, райондук жана облустук маанидеги шаарларда убактылуу башкаруучу болуп башка адамдар дайындалышы мүмкүн.

Облустук маанидеги шаарларга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан убактылуу башкаруучуну дайындоо боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, ал эми айыл аймактарына жана райондук маанидеги шаарларга карата - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына - тиешелүү райондун акимине берилиши мүмкүн.

10. Убактылуу башкаруучу Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан берилген ыйгарым укуктардын негизинде аны убактылуу башкаруучу кылып дайындаган Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө же жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысына - акимге отчет берет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана жергиликтүү мамлекеттик администрация убактылуу башкаруучуга ушул Жобо менен ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга ар тараптуу көмөк көрсөтөт.

11. Убактылуу башкаруучунун карамагына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (жергиликтүү кеңештин, мэриянын, айыл өкмөтүнүн) аппараты, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү, ведомстволук мекемелери, муниципалдык ишканалар, ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык башкаруучулук, координациялоочу жана контролдоочу ыйгарым укуктары, ошондой эле финансылык каражаттарды тескөө боюнча ыйгарым укуктары өтөт.

12. Убактылуу башкаруучуга прокуратура, статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын жана аскердик башкарууну кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүн координациялоочу-контролдоочу ыйгарым укуктар берилет.

13. Тиешелүү аймакта түздөн-түз мамлекеттик башкаруу мезгилинде убактылуу башкаруучу:

1) милдеттерге киришкен учурдан тартып ыйгарым укуктары токтотулуп турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынан мүлктү, документтерди, мөөрлөрдү жана бланктарды кабыл алат;

2) түздөн-түз мамлекеттик башкаруу киргизилген аймактын чегинде ушул Жобо менен ага берилген ыйгарым укуктардын алкагында жана тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн негизинде мыйзамдуулукту жана укук тартибин, жарандардын коопсуздугун сактоону, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн коргоону камсыз кылат;

3) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышын камсыз кылат;

4) тиешелүү жердеги калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ишканалардын жана кызматтардын үзгүлтүксүз ишин уюштурат;

5) анын карамагына өткөрүлүп берилген жергиликтүү бюджеттин каражаттарын тескейт жана аларды максаттуу пайдаланууну камсыз кылат;

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын токтотуп туруу үчүн негиз болгон кесепеттерди жоюу боюнча чараларды көрөт.

14. Убактылуу башкаруучу ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат жана аларды камсыз кылуу максатында:

1) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде уюштуруу-укук формасына жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан тиешелүү аймакта аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;

2) зарыл болгон учурда убактылуу чектөөлөрдүн чараларын аныктайт, кызмат адамдары, жарандар жана уюмдар тарабынан алардын аткарылышын контролдойт;

3) тиешелүү аймакта укук тартибин жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында укук коргоо органдары менен биргелешкен ишти уюштурат;

4) мыйзамдарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын штаттык расписаниеде турган кызматкерлерин дайындайт жана бошотот;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын ишин уюштурат.

15. Убактылуу башкаруучу ушул Жобо менен анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин формасына карабастан уюмдар, мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана башка юридикалык жактар менен укук мамилелерди түзүүгө укуктуу.

Убактылуу башкаруучу мамлекеттик органдардын, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери жана кызмат адамдары тарабынан кечиктирилгис кабыл алуу укугун пайдаланат.

16. Убактылуу башкаруучу:

1) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин тескей албайт;

2) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчик объекттерине карата бир жылдан ашык мөөнөткө ижара келишимин (ижара келишимдерин 6 айга чейинки мөөнөткө узартуу укугунан башка) күрөө келишимин түзө албайт;

3) жерди пайдалануу жана жеке турак жай куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү эрежелерин белгилей албайт;

4) бир жылга чейинки мөөнөткө ижарага берүүнү кошпогондо, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрө албайт;

5) жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча жеңилдиктерди киргизе албайт;

6) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди өзгөртө албайт жана алар боюнча жеңилдиктерди бере албайт;

7) жерлерди бир категориядан башка категорияга трансформациялоого макулдук бере албайт;

8) Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына киргизилген жерди пайдалануу жана жер казынасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыра албайт.

4. Түздөн-түз мамлекеттик башкарууну токтотуу

17. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы же болбосо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси аныктаган мамлекеттик орган ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайларга алып келген жергиликтүү кеңештердин токтомдорун конституциялык эмес деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын аракеттерин мыйзамсыз (укукка жат) деп таануу жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жалпы юрисдикциядагы сотторго кайрылат.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын актылары жана аракеттери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация жана прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сот органдарына кайрыла алат.

18. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актысын конституциялык эмес жана/же аракетин мыйзамсыз, укукка жат деп таануу жөнүндө доо арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө белгиленген тартипте күчүнө кирген соттун чечими киргизилген түздөн-түз мамлекеттик башкаруунун аракетин токтотууга жана жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарын кайра калыбына келтирүүгө алып келет.

19. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аракети жана/же кабыл алган актысы сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына каршы келет жана Ушул Жобонун 4-пунктунда каралган кырдаалдардын келип чыгышына себеп болгон деп аныкталган учурда түздөн-түз мамлекеттик башкаруунун мөөнөтү 6 айга чейин узартылышы мүмкүн.

Жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган жана тиешелүү айыл аймактарында жана шаарларда түздөн-түз мамлекеттик башкарууну киргизүүгө алып келген акт сот тарабынан конституциялык эмес жана/же мыйзамсыз, укукка жат деп таанылган учурда соттун чечими күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Президенти тиешелүү жергиликтүү кеңешти таркатууга жана кеңештин жаңы курамын шайлоону жарыялоого укуктуу.

Ошол эле учурда тиешелүү айыл аймактарында жана шаарларда түздөн-түз мамлекеттик башкаруунун мөөнөтү жергиликтүү кеңештин жаңы шайланган курамынын ыйгарым укуктары расмий башталган күнгө чейин узартылышы мүмкүн.

20. Айыл аймактарында жана шаарларда түздөн-түз мамлекеттик башкаруу төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актыларын конституциялык эмес, мыйзамсыз жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын аракеттерин укукка жат деп таануу жөнүндө доо арызды канааттандыруудан баш тартуу тууралуу соттук акт күчүнө киргенде;

2) түздөн-түз мамлекеттик башкаруу киргизилген мөөнөт аяктаганда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен түздөн-түз мамлекеттик башкарууну киргизүү үчүн негиз болгон себептер жана кесепеттер жоюлган учурда ушул Жобонун 20-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин түздөн-түз мамлекеттик башкаруу жокко чыгарылышы мүмкүн.

21. Түздөн-түз мамлекеттик башкаруу мөөнөтүнүн аякташы же мындай башкарууну мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу жергиликтүү кеңештердин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарын кайра калыбына келтирүүгө алып келет.