Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\8bbea4a6-9dcd-487b-bec4-9d336cb639fc\document.files\image001.jpg

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөбөлү айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги 34-сессиясы

 

2019-жылдын 6-сентябры №34/3

Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу №512 токтому менен бекитилген убактылуу тартипке ылайык, айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөбөлү айыл аймагынан Кенеш айылынын №477 контурдагы 3 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап, сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Алсеитовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тийиштүү комитетке тапшырылсын.

 

Төрага

Уланбек уулу Ж