Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19-сессиясы

 

2020-жылдын 8-февралы № 5

    

Жерлерди бир категориядан башка категорияга (трансформациялоо) которуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомунун негизинде депутаттарынын Ак-Коргон айыл Кеңешинин 27-чакырылыш 19-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтому менен бекитилген “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторунун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу” Убактылуу тартипке ылайык, “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл аймагында жайгашкан 93,68 га жер аянттары 2009-жылдын 31-июлуна чейин мыйзамсыз курулуп кеткен турак үйлөрдүн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорундагы которула турган жалпы аянты 93,68 га “Айыл чарба багытындагы жерлеринин” ичинен 14,9 га көп жылдык бак-дарактарды (тутовник) чыгарып салууга жана № 106, № 306, № 308,№ 249, № 236, № 241, № 154, № 155, № 54, № 55, № 73,№ 62 контурларындагы жалпы аянты 78,78 га сугат жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.

2.  Токтом akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

3.  Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл  өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

    Төрага

 М. Инамов