Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

                            КР Президентинин

               2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

                         ылайык күчүн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 20-марты ПЖ № 136

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

                 Гендердик саясатты өркүндөтүү боюнча

                            чаралар жөнүндө

 

     Республикадагы кырдаалды  талдоо,  саясаттагы  жана  экономикадагы

түзүмдүк өзгөрүүлөр гендердик натыйжанын көз  карашынан  алганда  толук

эмес  өлчөмдө  оњ  болуп  санала тургандыгын,  аялдардын эркектер менен

тењдеш укуктарын жана эркиндиктерин турмушка ашыруу үчүн жетиштүү шарт-

тар түзүлбөгөндүгүн көрсөтүп турат.

     Артыкчылыктуу демократияны түзүү эркектердин,  ошондой эле аялдар-

дын  потенциалын чечүүнү иштеп чыгууну жана кабыл алууну камтууну талап

кылат,  бул ошондой эле Кыргыз Республикасынын Пекин ишаракеттер  плат-

формасы  боюнча  эларалык  милдеттенмелериннн,  Аялдарга карата кысымга

алуунун бардык формаларын жоюу жөнүндө Конвенциянын мањызын түзөт.  Эр-

кектер менен аялдардын тењдештигин кубаттоо жана аялдардын укуктары ме-

нен мүмкүнчүлүктөрүн кењейтүү  -  Мињжылдыктын  өнүктүрүү  максаттарына

мамлекеттин жетишүүсүнүн негизи болуп саналат.

     Кыргыз Республикасы гендердик тењдештик чөйрөсүндө  эларалык  мил-

деттенмелерди  аткарышыны  камсыз кылуу максатында,  ошондой эле Кыргыз

Республикасынын Конституцнясынын 42-статьясын жана  "Гендердик  тењдеш-

тикти  камсыз  кылуунун  мамлекеттик гарантияларынын негиздери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып токтом кылам:

     1. Мамлекеттик  органдарда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-

гандарында, анын ичинде чечимдерди кабыл алуу дењгээлинде аялдардын ке-

минде  30  проценттик  өкүлчүлүгүн  камсыз кылуу максатка ылайыктуу деп

эсептелсин.

     2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-

гандарынын жетекчилери мамлекеттик жана муниципалдык кызматка бош орун-

дарды  ээлөөгө  конкурс  жарыялоо  учурунда  аларга ар кандай жыныстыгы

адамдардын катышуусунун тењдеш шарттарын жана  тењдеш  мүмкүнчүлүктөрүн

камсыз кылсын.

     3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор,  башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-

гандары иштеп чыккан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актылары-

нын  долбоорлору  милдетүү түрдө гендердик экспертизадан өтө тургандыгы

белгиленсин.

     Гендердик экспертизаны  жүргүзүү  Кыргыз  Республикасынын ченемдик

укуктук актыларын иштеп чыгуу демилгечилери болгон  мамлекеттик  орган-

дарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жүктөлсүн.

     4. Кыргыз   Республикасынын   Президентине   караштуу   Аялдардын,

үйбүлөнүн  маселелери  жана  гендердик  өнүктүрүү боюнча улуттук кењеши

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте жарандык  ко-

омдун жана эларалык институттардын катышуусу аркасында ченемдик укуктук

актылардын долбоорлорун гендердик экспертизадан өткөрүү  жана  тиешелүү

корутундуларды  даярдоо  жана  Кыргыз Республикасынын Президентинин бе-

китүүсүнө киргизүү тартиби жөнүндө жобону үч айлык мөөнөттө иштеп  чык-

сын. Бул Жобо кењири кулактандыруу жана мамлекеттик органдар менен жер-

гиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги үчүн жарыялансын.

     5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Жогорку Кењештеги, Өкмөттөгү жана сот орган-

дарындагы атайын өкүлүнө жүктөлсүн.

     6. Бул Жарлык жарыялангач күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти               К.Бакиев