Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2006-жылдын 3-августу ПЖ № 410

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

             Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
            суу-энергетикалык саясат боюнча Улуттук кењешти
                             жоюу жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын  суу-энергетикалык  ресурстарын сарамжалдуу
пайдалануу боюнча маселелерди карап чыгууну тартипке салуу, суу-энерге-
тикалык  мамилелерди  тезарада  чечүү жана консультациялык жана кењешүү
органдарынын ишиндеги функциялардын кайталанышын жоюу максатында токтом
кылам:
     1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  суу-энергетикалык
саясат боюнча Улуттук кењеш жоюлсун.
     2 Жоюлуп  жаткан  Кыргыз  Республикасынын  Президентине   караштуу
суу-энергетикалык  саясат  боюнча  Улуттук  кењештин бардык функциялары
"Суу боюнча улуттук кењеш  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн
2006-жылдын 3-февралындагы № 64 токтому менен түзүлгөн Суу боюнча улут-
тук кењешке өткөрүп берилсин.
     3. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-
йык келтирсин.
     4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
     - "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  суу-энергетикалык
саясат боюнча Улуттук кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин 2006-жылдын 17-апрелиндеги № 174 Жарлыгы;
     - "Кыргыз  Республикасынын Президентине караштуу суу-энергетикалык
саясат боюнча Улуттук кењештин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги № 185 Жарлыгы;
     - "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  суу-энергетикалык
саясат боюнча Улуттук кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин  2006-жылдын  17-апрелиндеги   Жарлыгына   өзгөртүүлөрдү   киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы №
351 Жарлыгы.
     5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин  Администрациясынын  стратегиялык  өнүктүрүү
жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
     6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын 
     Президенти                                           К.Бакиев