Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 5-февралы №24
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун гендердик экспертизадан
өткөрүү жана тиешелүү корутундуларды даярдоо тартиби жөнүндө
Жобону бекитүү тууралу
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча
башкаруу органдары иштеп чыгып жаткан ченемдик укуктук актыларда
гендердик тењчилик принциптери сакталышын камсыз кылуу максатында,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясын жана
«Гендердик тењчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепкилдиктеринин
негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
токтом кылам:
1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун гендердик экспертизадан
өткөрүү жана тиешелүү корутундуларды даярдоо тартиби жөнүндө тиркелген
Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, анын ичинде министрликтер,
мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка
мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдары:
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун гендердик экспертизадан
өткөрүү боюнча чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу Аялдардын, үйбүлөнүн маселелери
жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кењештин катчылыгына
жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев