Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
                                  Кыргыз Республикасынын Президентинин
                                       2007-жылдын 5 -февралындагы №24
                                              Жарлыгы менен бекитилген

               ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН ДОЛБООРЛОРУН
             ГЕНДЕРДИК ЭКСПЕРТИЗАДАН ӨТКӨРүү ЖАНА ТИЕШЕЛүү
                КОРУТУНДУЛАРДЫ ДАЯРДОО ТАРТИБИ ЖӨНүНДӨ
                                 ЖОБО
                                   
                           I. Жалпы жоболор
                                   
   Бул   Жобо   ченемдик  укуктук  актылардын  долбоорлорун  гендердик
экспертизадан  өткөрүү тартибин, ошондой эле аларды жүргүзүү  учурунда
коюлуучу талаптарды белгилейт.
   Ченемдик   укуктук   актылардын   долбоорлорун   ченемдик   укуктук
актыларды түздөнтүз иштеп чыгуучулар жүргүзөт.
   Гендердик экспертиза Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы,  башка
ченемдик  укуктук актыларындагы, гендердик тењчилик маселелери  боюнча
мамлекеттик,  региондук  жана жергиликтүү  программалардагы  гендердик
тењчиликти бузуу фактыларын иликтөө жана табуу максатында жүргүзүлөт.
   Кайсы  жыныска таандык экендигине карабастан, адамдардын укуктарын,
милдеттерин, мүмкүнчүлүктөрүн жана жоопкерчилигин жөнгө салуу учурунда
мүмкүн  болгон  дисбалансты жоюу максатында  адамдын  жашоо-турмушунун
бардык   чөйрөлөрүндөгү  мамилелерди  жөнгө  салган  ченемдик  укуктук
актылардын долбоорлору гендердик экспертизадан өткөрүлөт.
   Ченемдик  укуктук  актылардын долбоорлорун гендердик  экспертизадан
өткөрүүнүн  укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы,
күчүнө   кирген  эларалык  келишимдер,  «Гендердик  тењчиликти  камсыз
кылуунун   мамлекеттик  кепилдиктеринин  негиздери   жөнүндө»   Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы, ушул Жобо жана башка ченемдик укуктук актылар
саналат.
   
        II. Гендердик экспертизанын максаттары жана милдеттери
   
   Гендердик экспертизанын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
   -  ченемдик  укуктук  актылардын долбоорлору гендердик  мыйзамдарга
ылайык келишии же келбешин аныктоо үчүн аларга мониторинг жүргүзүү;
   -  ченемдик  укуктук актылардын долбоорлорун аларда эркектер  менен
аялдар  үчүн укуктардын, жоопкерчиликтин, мүмкүнчүлүктөрдүн тењчилиги,
тењдеш  өнөктөштүк мамилелер жана бирдей натыйжалар сакталышы  жагынан
баалоо, гендердик кодулоого жол бербөө.
   Гендердик экспертизанын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
   -   гендердик   чөйрөдө   ченемдик  жөнгө  салуунун   абалы   менен
байланышкан  жана  кабыл алынып жаткан чечимдердин негиздүүлүгүн  жана
ишенимдүүлүгүн камсыз кылган объективдүү фактыларды, жагдайларды  жана
кырдаалдарды белгилөө;
   -  адам  укуктарын жана гендердик тењчиликти сактоо  көз  карашынан
алганда ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кабыл алуунун  мүмкүн
болгон  натыйжаларын,  ошондой  эле аларды  турмушта  кепилдик  кылуу,
коргоо жана камсыз кылуу механизмдерин талдоо жана баалоо;
   -  гендердик  экспертиза жагынан атайын түшүнүктөрдү  талап  кылган
маселелерди түшүндүрүү.
   
               III. Гендердик экспертизанын принциптери
   
   Гендердик экспертизанын принциптери төмөнкүлөрдү камтыйт:
   -  ченемдик  укуктук  актылардын  долбоору  менен  жөнгө  салынуучу
мамилелерди сөзсүз экспертизадан өткөрүү;
   -  ишенимдүүлүк,  компетенттүүлүк, негизделгендик,  комплекстүүлүк,
объективдүүлүк жана көзкарандысыздык;
   - ачыктык, маалымдуулук, айкындык жана мыйзамдуулук;
   -   тармактык  жана  корпоративдик  таламдарга  караганда   коомдук
таламдардын артыкчылыгы;
   -   инсандын,  коомдун  жана  мамлекеттин  таламдарынын   балансына
жетишүү зарылчылыгы;
   -  ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жоболорунун гендердик
тењчилик  принциптерине таасир этүүчү саясий, экономикалык, социалдык,
экологиялык  жана  башка мамилелерге мүмкүн болгон жагымсыз  таасирине
жол бербөө (анын алдын алуу);
   -  кайсы жыныска таандык экендигине карабастан адамдын эркин жашоо-
турмушунун мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу адам укуктарын сактоо;
   -  ченемдик  укуктук актыларда жашоо-турмуштун алда  канча  кысымга
алынган   чөйрөсүндө  жыныстардын  бирине  тиешелүү  адамды   колдоого
багытталган  жана  мыйзамдар менен эларалык  келишимдердин  жоболоруна
ылайык гендердик кодулоо болуп саналбаган ченемдерди колдонуу;
   -  кайсы жыныска таандык экендигине карабастан адамга гумандуу жана
адилет мамиле.
   
            IV. Гендердик экспертизаны жүргүзүүгө талаптар
   
   Ченемдик     укуктук     актылардын    долбоорлорунун     гендердик
экспертизасына төмөндөгү талаптар коюлат:
   -   ченемдик  укуктук  актылардын  долбоорлорунун  мазмуну   Кыргыз
Республикасынын Конституциясына, мыйзам тарабынан белгиленген тартипте
күчүнө   кирген  Кыргыз  Республикасы  катышуучусу  болуп   эсептелген
эларалык  келишимдерге  жана макулдашууларга, эларалык  укуктун  жалпы
таанылган   принциптерине  жана  ченемдерине,  «Гендердик  тењдештикти
камсыз  кылууда  мамлекеттик кепилдиктердин негиздери жөнүндө»  Кыргыз
Республикасынын мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык
келиши;
   -     ченемдик-укуктук     актылардын     долбоорлорунун     Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары менен шайкеш келиши жана алардын  гендердик
мамиле  жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын системасындагы
орду;
   -   тийиштүү  ченемдик  укуктук  долбоорлордо  белгиленген  чөйрөдө
ченемдик  жөнгө  салуунун  абалынын  анализи,  гендердик  тењдештиктин
сакталышы менен козголгон коомдук мамилелерди жөнгө салуу үчүн аталган
долбоордун зарылдыгы жана толуктугу;
   -  ченемдик  укуктук актылардын долбоорун кабыл алууда боло  турган
натыйжалардын анализи.
   
      V. Гендердик экспертизаны жүргүзүүнүн тартиби жана этаптары
   
   Ченемдик  укуктук актылардын долбоорлорунун гендердик  экспертизасы
төмөнкүдөй ишчараларды камтыйт:
   -  ченемдик  укуктук  актылардын долбоорлорунун жоболорунун  Кыргыз
Республикасынын   Конституциясынын   ченемдерине,   мыйзам   тарабынан
белгиленген   тартипте  күчүнө  кирген  эларалык  келишимдердин   жана
гендердик тењдештик маселелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын ченемдерине
ылайык келишинин анализин;
   -  ченемдик  укуктук  актылардын  долбоорлорунун  жоболорунун  жана
аларга  коштомо  документтердин ушул Жобонун  IV  бөлүгүндө  камтылган
экспертиза  жүргүзүүгө  талаптардын тизмесине ылайык  келишине  анализ
жүргүзүүгө;
   -  ченемдик  укуктук  актылардын долбоорунун жоболорунун  гендердик
тењдештиктин  ар  бир курамдык бөлүгү менен: бирдей  укуктары,  бирдей
жоопкерчилиги;  бирдей мүмкүнчүлүктөрү, бирдей шериктештик  мамилелери
менен өз ара катышы. Мында гендердик кодулоо болуп саналбаган, саясий,
экономикалык, эмгектик жана башка социалдык мамилелерде  иш  жүзүндөгү
тењчиликке жетишүүгө багытталган ченемдерди жана атайын чараларды эске
алуу керек;
   -  гендердик  талдоонун жардамы менен күтүлгөн гендердик  социалдык
прогрессти аныктоо;
   -  анализделип  жаткан  ченемдик укуктук актылардын  долбоорлорунда
пайдаланылган  терминдердин  маанилик жактан  колдонулушунун  тактыгын
текшерүү.
   Ченемдик   укуктук  актылардын  долбоорлорунун  гендердик   анализи
төмөнкүлөрдү камтыйт:
   -   кабыл  алынышы  ар  башка  жыныстагы  адамдар  үчүн  ар  кандай
натыйжаларды алып келе турган жоболорун белгилеп жөнгө салуу  чөйрөнүн
алдын ала баяндоо;
   -   ченемдик   укуктук  актылардын  кабыл  алынышынын  натыйжаларын
аныктоо  жана анын айрым жоболорунун тийиштүү жөнгө салуу.  чөйрөсүндө
корголуп жаткан кызыкчылыктары менен «шайкештигин» талдоо;
   -   ченемдик   укуктук   актылардын  долбоорлорун   кабыл   алуунун
жыйынтыгында келип чыга турган узак мөөнөттүү натыйжаларды баалоо;
   -   ченемдик   укуктук   актылардын  долбоорлорун   кабыл   алуунун
натыйжаларын жалпылоо жана баалоо, тийиштүү сунуштарды иштеп чыгуу.
   Гендердик  анализ жүргүзүүнүн жүрүшүндө ченемдик укуктук актылардын
долбоорлоруна  көрсөтүлгөн документтер менен жөнгө  салынуучу  коомдук
мамилелер чөйрөсүндө кодуланган абалда турган жыныстагы адамды  колдоо
үчүн   убактылуу   атайын  чараларды  аныктаган  ченемдерди   киргизүү
мүмкүндүгүн аныктоо керек.
   Гендердик  талдоону  жыныска  таандыктыгы  боюнча  бөлүү,  эмгектин
бөлүнүшүн  таап  чыгуу менен зарыл болгон статистикалык  маалыматтарды
жыйноо,  ошондой  эле ар кандай жыныстагы адамдардын ресурстарга  жана
жайлуулукка   жана  алардын  үстүнөн  контролдукка  жеткиликтүүлүгүнүн
даражасын;  практикалык жана стратегиялык муктаждыктарды,  эркектердин
жана  аялдардын  стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүүнү,  эркектердин
жана  аялдардын стратегиялык кызыкчылыктарына байланышкан  чектөөлөрүн
жана мүмкүнчүлүктөрүн таап чыгуу жолу аркылуу жүргүзүүгө болот,
   Ченемдик   укуктук  актылардын  долбоорун  гендердик  экспертизадан
өткөрүүнүн   мөөнөтү  каралып  жаткан  документин   татаалдыгы   менен
аныкталат.
   
         VI. Экспертизанын корутундусунун мазмуну жана таризи
   
   Гендердик   экспертизанын  жыйынтыгы  боюнча  жалпысынан   ченемдик
укуктук  актылардын долбооруна же төмөндөгү бүтүмдөрдүн бири көрсөтүлө
турган анын айрым жоболоруна бүтүмдөр толтурулат:
   -   ченемдик  укуктук  актылардын  долбоору  жалпысынан  гендердик-
нейтралдуу;
   - ченемдик укуктук актылардын долбоору гендердик-сезимтал;
   - ченемдик укуктук актылардын долбоору дискриминациялуу;
   -  ченемдик  укуктук  актылардын  долбоору  гендердик  же  эркектин
пайдасына, же болбосо аялдын пайдасына асимметрияга ээ;
   -  ченемдик  укуктук актылардын долбоору аялдар жана эркектер  үчүн
бирдей мүмкүнчүлүктөрдү карабайт;
   -   ченемдик   укуктук  актылардын  долбооруна   убактылуу   атайын
чараларды аныктоочу жоболорду киргизүү керек;
   Зарылчылык болгон учурда эксперт гендердик-сезимтал жана  гендердик
багыттагы жоболордун баяндамалары бар сунуштарды даярдай алат,  аларды
ченемдик  укуктук актыга киргизүү гендердик-сезимтал ченемдик  укуктук
актыны алууга мүмкүндүк берет.
   Гендердик  экспертизанын  корутундусу ченемдик  укуктук  актылардын
долбоорунун  ушул  жобонун  IV бөлүгүндөгү  бардык  талаптарга  ылайык
келиши жөнүндө негизделген тыянактарды камтышы керек.
   Корутунду  объективдүү,  далилдүү жана  аргументтүү  болушу  керек.
Негиздөөчү  документтердин, корутундулардын жана  сунуштардын  анализи
ченемдик укуктук актылардын конкреттүү жоболоруна, ал эми зарылчылыкка
жараша - илимий-техникалык материалдарга негизделиши керек.
   Экспертизанын  корутундусу,  эгерде  ченемдик  укуктук   актылардын
долбоору  ушул  Жободо коюлган талаптарга толугу менен жооп  берсе  же
болбосо  жарым-жартылай  жооп берсе жана  кайра  иштеп  чыгууну  талап
кылса,  оњ  деп  эсептелет. Оњ корутунду ченемдик  укуктук  актылардын
долбооруна  гендердик  тењчилик принциптерин бузган  өзгөртүүлөр  жана
толуктоолор киргизилген учурда күчүн жоготот.
   Ченемдик   укуктук  актылардын  долбоорлору  ушул  Жободо   коюлган
талаптарга   ылайык   келбеген   учурларда   гендердик   экспертизанын
корутундусу терс деп эсептелет.