Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2001-жылдын 26-июну 56

Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу

(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 77, 2005-жылдын 30-июлундагы № 118, 2011-жылдын 19-июлундагы № 112, 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(Преамбула КР 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

I Глава
Жалпы жоболор

1-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо (мындан ары иммунопрофилактика) - профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү жолу менен жугуштуу оорулардын алдын алуу, алардын жайылышын чектөө жана жоюу максатында жүзөгө ашырылуучу иш-чаралардын тутуму;

профилактикалык эмдөөлөр - жугуштуу ооруларды өзгөчө кабыл албоону жаратуу үчүн адамдын организмине медициналык иммунобиологиялык препараттарды куюу;

медициналык иммунобиологиялык препараттар - жугуштуу ооруларды өзгөчө кабыл албоону жаратууга тиешелүү вакциналар, анатоксиндер, иммунобиологиялык дары-дармек каражаттары;

профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календары - жарандарга профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтүн жана тартибин белгилеген ченемдик укуктук акт;

профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген профилактикалык эмдөөлөрдөн жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөрдөн келип чыккан вакцинациялоодон кийинки ырбоо (мындан ары - вакцинациялоодон кийинки ырбоо) - профилактикалык эмдөөлөрдүн кесепетинен ден соолуктун өтө жана (же) биротоло бузулушу;

профилактикалык эмдөөлөрдүн сертификаты - жарандарга жасалган профилактикалык эмдөөлөр катталган документ.

11-статья. Жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылуучу башкарылуучу жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын укуктук негиздерин белгилейт.

(КР 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Иммунопрофилактика жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Иммунопрофилактика жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда каралгандан башкача эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

(КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат.

(КР 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II Глава
Иммунопрофилактика жаатындагы мамлекеттик саясат. Иммунопрофилактиканы ишке ашырган учурда жарандардын укуктары менен милдеттери

4-статья. Иммунопрофилактика жаатындагы мамлекеттик саясат

Иммунопрофилактика жаатындагы мамлекеттик саясат жугуштуу оорулардын алдын алууга, алардын жайылышын чектөөгө жана жоюуга багытталган.

Иммунопрофилактика жаатында мамлекет төмөндөгүлөргө кепилдик берет:

- жарандар үчүн профилактикалык эмдөөнүн жеткиликтүүлүгүнө;

- профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына кирген профилактикалык эмдөөлөрдү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын медицина - санитардык жактан камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программаларына ылайык саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча акысыз профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүгө;

- вакцинациялоодон кийин ырбап кеткен учурда жарандарды социалдык жактан коргоого;

- улуттук максаттуу жана регионалдык программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;

- иммунопрофилактиканы жүргүзүү үчүн таасирдүү медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерди колдонууга;

- медициналык иммунобиологиялык дары-дармектердин сапатына, таасирдүүлүгүнө жана коопсуздугуна мамлекеттин контроль жүргүзүшүнө;

- иммунопрофилактика жаатындагы илимий изилдөөлөрдү колдоого жана жаңы медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерди иштеп чыгууга;

- иммунопрофилактика маселелери боюнча медициналык кызматкерлерди даярдоону мамлекеттик билим берүү стандартына киргизүүгө;

- статистикалык байкоо тутумун өркүндөтүүгө;

- бирдиктүү мамлекеттик маалымат саясатын камсыз кылууга;

- эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө.

Иммунопрофилактика жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жер-жерлердеги аткаруу бийлик органдары жүргүзөт.

(КР 2005-жылдын 30-июлундагы № 118 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Иммунопрофилактика жүргүзгөн учурдагы жарандардын укуктары менен милдеттери

Кыргыз Республикасынын жарандары иммунопрофилактиканы жүргүзгөн учурда төмөндөгүлөргө укуктуу:

- профилактикалык эмдөөнүн зарылдыгы, андан баш тарткан учурдагы анын кесепеттери, вакцинациялоодон кийин ырбап кетүү коркунучунун болушу жөнүндө медициналык кызматкерлерден толук жана объективдүү маалыматтарды алууга;

- мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, менчиктин дагы башка формаларындагы саламаттык сактоо мекемелерин тандап алууга;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык мамлекеттик мекемелерде акысыз профилактикалык эмдөөлөргө;

- мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, менчиктин дагы башка формаларындагы саламаттык сактоо мекемелеринде алдын алуу эмдөөлөрүнүн улуттук календарына киргизилбеген акы төлөнүүчү профилактикалык эмдөөлөрдү алууга;

- акысыз медициналык байкоодон өтүүгө, эгер зарыл болсо профилактикалык эмдөөнүн алдында саламаттыкты сактоонун мамлекеттик мекемелеринде медициналык текшерүүдөн өтүүгө;

- вакцинациялоодон кийин ырбап кеткенде мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз дарыланууга;

- вакцинациялоодон кийин ырбап кеткен учурда социалдык жактан корголууга;

- эгерде башка ченемдик актыларда башкалар көрсөтүлбөсө, профилактикалык эмдөөдөн баш тартууга.

Профилактикалык эмдөөсү жок болсо:

- жаран башка өлкөгө, эгер ал өлкөдө жүргөн учурда эл аралык медико-санитардык, болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык белгилүү бир профилактикалык эмдөөлөр талап кылынса, ал өлкөгө жөнөп кете албайт;

- массалык жугуштуу оорулар менен ооруганда же эпидемия чыгуу коркунучу пайда болгондо жарандарды билим берүү мекемелерине жана дарылап сакайтуучу мекемелерге кабыл алууну убактылуу токтото туруу;

- жарандарды ишке алуудан баш тартуу же жарандардын иши жугуштуу оорулар менен ооруп калуу тобокели менен байланышкан болсо, аны иштен четтетүү.

Жугуштуу оорулар менен ооруу коркунучун пайда кылган милдеттүү түрдө профилактикалык эмдөө жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмеси Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(4 Бөлүк КР 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Иммунопрофилактиканы жүргүзүп жаткан учурда жарандар:

- медицина кызматкерлеринин айткандарын жана сунуштарын аткарууга;

- профилактикалык эмдөөдөн баш тартса, аны жазуу жүзүндө тастыктоого милдеттүү.

Жашы жетелектин оорусунун өрчүшүнө алып келген профилактикалык эмдөөдөн баш тартуу үчүн жоопкерчиликти ата-энеси же анын мыйзамдуу өкүлү тартат.

(КР 2005-жылдын 30-июлундагы № 118, 2011-жылдын 19-июлундагы № 112, 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

6-статья. Иммунопрофилактика жүргүзгөн учурдагы медицина кызматкерлеринин укуктары менен милдеттери

Иммунопрофилактика жүргүзгөн медицина кызматкерлерине саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдарында каралган укуктар менен милдеттер жайылтылат.

(КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III Глава
Иммунопрофилактиканы каржылоо

7-статья. Иммунопрофилактиканы каржылоо

Иммунопрофилактиканы каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, келишимдик негиздеги милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каржылоонун башка булактарынан жүргүзүлөт.

8-статья. Медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерди берүү

Пландуу профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерди берүү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөө үчүн медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерди берүү республикалык, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана бюджеттик эмес каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.

IV Глава
Иммунопрофилактика жаатындагы иштердин уюштуруу негиздери

9-статья. Иммунопрофилактикалоо жаатындагы ишти уюштуруунун негиздери

Кыргыз Республикасында иммунопрофилактикалоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дарылоо-профилактикалоо мекемелери жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

Коргоо, чек ара кызматы, улуттук коопсуздук, ички иштер, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тутумунда жана башка аскер түзүлүштөрүндө иммунопрофилактикалоо ведомстволук медицина кызматы тарабынан ишке ашырылат.

(КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календары

Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календары башкаруучу инфекцияга каршы жүргүзүлүүчү пландуу профилактикалык эмдөөнү камтыйт. Пландуу профилактикалык эмдөөлөр профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарында белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жасалат.

(2 Бөлүк КР 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 112, 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

11-статья. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөр

Жугуштуу оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу жаралган учурда эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөр жарандарга жүргүзүлөт.

Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү чечимди Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы, областтык, шаардык жана райондук башкы мамлекеттик санитардык врачы, ал эми Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын мекемелеринде - тийиштүү медициналык-санитардык кызматтын начальниктери кабыл алышат.

(3 Бөлүк КР 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 77, 2011-жылдын 19-июлундагы № 112, 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-статья. Профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү талабы

Профилактикалык эмдөөлөр мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, менчиктин дагы башка формасындагы саламаттык сактоо мекемелеринде жарандарга жасалат.

Профилактикалык эмдөөлөр жарандардын, ата-энелердин же жаш балдардын башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жараксыз деп табылган жарандардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт.

Профилактикалык эмдөөлөр медициналык терс көрсөткүчтөрү жок жарандарга жасалат.

Профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтү, тартиби, каттоо жана ага карата талаптар, ошондой эле профилактикалык эмдөөлөрдүн медициналык документтеринин жана сертификатынын формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2005-жылдын 30-июлундагы № 118, 2011-жылдын 19-июлундагы № 112, 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-статья. Медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерге коюлуучу талаптар

Иммунопрофилактика үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн ата мекендик жана чет элдик медициналык иммунобиологиялык дары-дармектер колдонулат.

Иммунопрофилактика үчүн колдонулган медициналык иммунобиологиялык дары-дармектер милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш.

Иммунопрофилактика үчүн арналган вакциналарды дарыкана уюмдарында, мекемелеринде сатууга тыюу салынат.

14-статья. Медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерди сактоо жана ташып келүү

Медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерди сактоо жана ташып келүү санитардык эрежелердин талаптарына ылайык ишке ашырылат.

Медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерди сактоону жана ташып келүүнү көзөмөлгө алууну мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызмат ишке ашырат.

15-статья. Медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерге мамлекеттик көзөмөл

Иммунопрофилактика үчүн пайдаланылуучу медициналык иммунобиологиялык дары-дармектердин сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна болгон мамлекеттик көзөмөлдү медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерди текшерүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик орган ишке ашырат.

16-статья. Медициналык иммунобиологиялык дары-дармектер менен камсыз кылуу

Пландуу профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген профилактикалык эмдөөлөрдү жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн саламаттык сактоонун уюмдарын медициналык иммунобиологиялык дары-дармектер менен камсыз кылууну мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы аркылуу саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишке ашырат.

(КР 2005-жылдын 30-июлундагы № 118, 2011-жылдын 19-июлундагы № 112 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

17-статья. Иммунопрофилактика жаатындагы мамлекеттик статистикалык байкоо

Профилактикалык эмдөөлөр, вакцинациялоодон кийинки ырбоолор, профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тартуу учурлары жөнүндөгү маалыматтар мамлекеттик статистикалык эсепке алынат.

Профилактикалык эмдөөлөр, вакцинациялоодон кийинки ырбоолор, профилактикалык эмдөөдөн баш тартуу учурлары жөнүндөгү маалыматтар медициналык документтерде жана профилактикалык эмдөөнүн сертификаттарында каттоодон өтүүгө тийиш.

(КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 112, 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

V Глава
Корутунду жоболор

18-статъя. Вакцинациялоодон кийин ырбап кеткен учурда жарандардын социалдык жактан коргонууга болгон укугу

Вакцинациялоодон кийин ырбап кеткен учурда жарандар, эксперттик комиссиянын тыянагына ылайык, убактылуу ишке жараксыздыгы боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген башка жөлөкпулдарды алууга укуктуу.

Убактылуу ишке жараксыздык боюнча жөлөкпулдарды төлөп берүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун каражаттарынан жүргүзүлөт.

19-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамды бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

20-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ага ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

 

А. Акаев