Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
                                   Кыргыз Республикасынын Президентинин
                                        2007-жылдын 23-ноябрындагы
                                            № 506 Жарлыгы менен
                                                бекитилген

           Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун
                              КОНЦЕПЦИЯСЫ

     Жаратылыш жана  анын  компоненттери Кыргыз Республикасынын улуттук
байлыгы, анын  туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги фак-
торлорунун бири.
     Айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негиздери
Кыргыз Республикасынын  Коопсуздук кењешинин 1997-жылдын 4-августундагы
чечими менен  жактырылган  Экологиялык коопсуздук концепциясында түптө-
лүп, анда өткөөл мезгилдин экологиялык приоритеттери, атап айтканда жа-
ратылышты коргоо  мыйзамдарынын, айлана-чөйрөнү мамлекеттик контролдоо-
нун жана экспертизалоонун, экономиканы экологиялаштыруунун, мониторинг-
дөөнүн системасын түзүү маселелери аныкталган.
     Ал Концепция  кабыл  алынган  убактан  бери Кыргыз Республикасында
коомдук өнүгүүдө  олуттуу  өзгөрүүлөр  болду.  Мамлекетти  өнүктүрүүнүн
стратегиялык документтери иштелип чыгып, жаратылышты коргоо мыйзамдары-
нын негизи түзүлдү, айлана-чөйрөнү коргоо маселеси боюнча бир катар жа-
њы эл аралык макулдашууларга кол коюлду, жаратылышты коргоо ишин башка-
руунун системасы түзүлдү.
     Өнүгүүнүн комплекстүү      негизи,      Кыргыз     Республикасынын
2003-2005-жылдарга карата Кедейчиликти кыскартуунун улуттук стратегиясы
(ӨКН/НССБ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн адамзаттык туруктуу өнүгүү-
нү, жакырчылыкты  жоюуну  камсыздоочу,  ошондой эле өлкөдө азык-түлүккө
муктаждыкты болтурбоочу  активдүү  экономикалык,  социалдык жана саясый
реформаларын жүргүзүү  боюнча  орто  мөөнөттүк программасы катары кабыл
алынган.
     1998-2000-жылдарга карата  Жаратылышты  коргоо  ишин  чыњдоо  жана
өнүктүрүү концепциясы   бекитилген   (Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн
1998-жылдын 4-июлундагы N 416 токтому), анда айлана-чөйрөнү коргоо тар-
магындагы иштин негизги багыттары аныкталган.
     Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (1999-ж.), Кыргыз Республикасы-
нын Токой   кодекси   (1999-ж.),   Кыргыз   Республикасынын Суу кодекси
(2005-ж.), Кыргыз  Республикасынын  "Жер  казынасы  жөнүндө" (1997-ж.),
"Айлана-чөйрөнү коргоо  жөнүндө"  (1999-ж.), "Атмосфералык абаны коргоо
жөнүндө" (1999-ж.), "Экологиялык экспертиза жөнүндө" (1999-ж.), "Кыргыз
Республикасынын биосфералык  аймактары жөнүндө" (1999-ж..), "Жаныбарлар
дүйнөсү жөнүндө"  (1999-ж.), "Кыргыз Республикасынын калкынын радиация-
лык коопсуздугу  жөнүндө"  (1999-ж.),  "Ичүүчү  суу жөнүндө" (1999-ж.),
"Өндүрүштүн жана  керектөөнүн  калдыктары  жөнүндө"  (2001-ж.), "Калдык
сактагычтар жана  кен калдыктары жөнүндө" (2001-ж.), "Өсүмдүктөр дүйнө-
сүн коргоо  жана пайдалануу жөнүндө" (2001-ж.), "Кыргыз Республикасынын
тоолуу аймактары  жөнүндө"  (2003-ж.),  "Озон  катмарын коргоо жөнүндө"
(2006-ж.), "Парник  газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамле-
кеттик жөнгө  салуу  жана саясат жөнүндө" (2007-ж.) сыяктуу экологиялык
багыттагы мыйзамдар кабыл алынды.
     Республиканын Туруктуу  өнүгүү боюнча Дүйнөлүк Саммитке (Йоханнес-
бург, 2002-ж.)  катышуусу  үчүн Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейин
туруктуу өнүктүрүүгө  өтүү  Концепциясы,  Кыргыз Республикасын туруктуу
өнүктүрүүгө илгерилетүүнүн  натыйжаларына баа берүү жана 21-кылымга ка-
рата күн тартиби даярдалган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жыл-
дын 2-августундагы N 441-б буйругу менен жактырылган).
     Туруктуу өнүгүүнүн  жалпы кабыл алынган принциптерине ылайык токой
тармагынын сакталышын жана калыбына  келтирилишин  камсыздоо  багытында
Кыргыз  Республикасынын  токой тармагын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки
мезгилге карата концепциясы,  2005-2015-жылдарга карата  Улуттук  токой
программасы кабыл алынды.
     Экологиялык коопсуздук концепциясы кабыл  алынган  учурдан  тартып
Кыргыз  Республикасы 11 эл аралык жаратылышты коргоо конвенциясына жана
аларга карата 3 протоколго кошулду,  алар боюнча милдеттенмелерди атка-
руу  айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу тар-
магындагы улуттук мыйзамдарды жана жалпы эле саясатты кайра карап чыгу-
уну шарттайт.
     Кыргыз Республикасы  туруктуу өнүгүү принциптерин колдойт жана Мињ
жылдыктын саммитинде  БУУга  мүчө бардык мамлекеттер сыяктуу эле өзүнүн
Мињ жылдыктын  Өнүктүрүү  Максаттарына  жетүүнү жактаарын ырастады, бул
айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы саясатты кайра кароо зарылдыгын шар-
ттайт. Приоритеттердин бири өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыздоо болууга
тийиш. Өлкөнүн ресурстук потенциалын, өнүгүүнүн экономикалык жана соци-
алдык жактарын эске алуу менен стратегиялык пландоодо жањыча мамиле кы-
луу зарыл.  Жаратылыштык  ресурстарды  азыркы муундун эле эмес, келечек
муундардын да кызыкчылыктарын эске алып туруктуу пайдалануу Кыргыз Рес-
публикасы үчүн  приоритет  болууга тийиш жана программалык стратегиялык
документтерде тийиштүү түрдө чагылдырылууга тийиш.
     Экологиялык коопсуздук өлкөнүн улуттук коопсуздугунун курамдык бө-
лүгү катары туруктуу өнүгүүнүн милдеттүү шарты жана жаратылыштык систе-
маларды коруунун жана айлана-чөйрөнүн тийиштүү сапатын сактоонун негизи
болот.  Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жыл-
дын  16-майындагы  N  249  Жарлыгы менен бекитилген Өлкөнү Өнүктүрүүнүн
2010-жылга чейинки мезгилге карата Стратегиясында экологиялык  коопсуз-
дук маселеси өнүгүүнүн приоритеттерине киргизилген.
     Улуттук экономиканын бардык тармактарын  реформалоо  республиканын
бардык  экосистемаларынын  туруктуу абалын эске алуу менен жаратылыштык
ресурстарды пайдаланууга карата мамилени өзгөртүүгө негиз  болууга  ти-
йиш.
     Ушуга байланыштуу республиканын Экологиялык коопсуздугунун концеп-
циясынын  жањы  редакциясы туруктуу өнүгүүнүн контекстинде иштелип чык-
кан.
     Бул Концепция  республиканын экологиялык коопсуздугун камсыздоонун
жоболорун этаптуу ишке ашырууну көздөйт.
     биринчи этап  (2006-2010-жылдар)  -  экосистемалардын потенциалдуу
сыйымдуулугун эске алуу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү;
     экинчи этап  (2010-2015-жылдар)  -  айлана-чөйрөнүн   булганышынын
дењгээлин азайтуу, табигый чөйрөнү сактоо жана калыбына келтирүү;
     үчүнчү этап (2015-2020-жылдар) - айлана-чөйрөнүн сапатын жакшыртуу
жана жаратылышты туруктуу пайдаланууга жетишүү.

         2. Экологиялык коопсуздукту камсыздоонун принциптери

     Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу тар-
магындагы мамлекеттик саясат төмөнкүдөй негизги принциптерге таянат:
     - өнүгүүнүн  экономикалык,  социалдык жана экологиялык бөлүктөрүнө
бирдей көњүл  бурууну  көздөгөн туруктуу өнүгүү жана жаратылыш бузулган
шартта адамзат коомунун өнүгүүсү мүмкүн эместигин моюнга алуу;
     - экономикалык өсүштө экологиялык кесепеттерди азайтуу;
     - чарбалык иштин натыйжасында элдин саламаттыгына тийүүчү экологи-
ялык  кесепеттерди  болтурбоо,  мүмкүн болуучу экологиялык кесепеттерди
эске алуу;
     - эгер  айлана-чөйрөгө тийүүчү таасири белгисиз болсо табигый сис-
темаларга таасир этүүгө байланыштуу чарбалык жана  башка  долбоорлордон
баш тартуу;
     - жаратылышты акы төлөнүүчү негизде пайдалануу жана айлана-чөйрөнү
коргоо  жөнүндө  мыйзамдарды  бузгандыктын  натыйжасында айлана-чөйрөгө
келүүчү зыяндын ордун толтуруу;
     - экологиялык маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;
     - жарандык коомдун,  өз алдынча башкаруу органдарынын  жана  ишкер
чөйрөлөрдүн айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдала-
нуу тармагындагы чечимдерди даярдоого,  талкуулоого,  кабыл алууга жана
ишке ашырууга активдүү катышуусу.

               3. Экологиялык коопсуздуктун проблемалары

     Адамзаттык/туруктуу өнүгүүгө жана республикадагы калктын  коопсуз-
дугуна  коркунуч  келтирген  негизги экологиялык проблемалар глобалдык,
региондук жана улуттук болуп бөлүнөт.

     3.1. Глобалдык проблемалар

     Кыргыз Республикасы  туруктуу өнүгүүнүн,  айлана-чөйрөнү коргоонун
принциптерин колдоо өтө маанилүүлүгүн түшүнүп,  дүйнөлүк шериктештиктин
глобалдык  экологиялык  коркунучтарды  токтотуу  боюнча иштерине,  анын
ичинде мамлекеттердин климаттын өзгөрүшүнүн,  озон катмарынын бузулушу-
нун кесепеттерин жумшартууга,  биологиялык түрлөрдү сактоого, жерлердин
челге айлануусун жана бузулушун болтурбоого багытталган күч-аракеттерди
бириктирүү процессине барган сайын активдүү катышууда.

     3.1.1. Климаттын глобалдык өзгөрүшү

     "Парник эффектинен" улам климаттын өзгөрүшү  дүйнөлүк  масштабдагы
проблема  болуп жана айлана-чөйрөнү абалына олуттуу потенциалдуу корку-
нуч келтирип жатат.
     БУУнун Климатты өзгөртүү боюнча алкактык конвенциясына (РКИК) Кыр-
гыз Республикасынын кошулушу (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 14-ян-
варындагы N 11 Мыйзамы) көбүнчө Кыргыз  Республикасы  Конвенция  боюнча
милдеттенмелерди  улуттук  кызыкчылыктарга  кандайдыр  бир зыянсыз жана
өлкөнүн экономикасы үчүн тобокелсиз  аткара  алаары  менен  шартталган,
анткени анда экономикалык иштин же өндүрүштүн конкреттүү түрлөрүнө кан-
дайдыр конкреттүү чектөө коюлган эмес.
     РКИКке карата  Киото протоколун ратификациялоо (Кыргыз Республика-
сынын 2003-жылдын 15-январындагы N 9 Мыйзамы) Кыргыз Республикасына ин-
вестициялардын  ички жана тышкы булактарынын олуттуу ресурстарын тартуу
менен калдыктарды чыгарууну  азайтууга  жана  парник  газдардын  агымын
көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга өбөлгө түзөт.
     Бул процесске катышуудан алынчу пайдалар көрүнөө:  бардык булгоочу
заттарды чыгарууну азайтуу боюнча иш-чаралардын натыйжасында жалпы эко-
логиялык  абал  жакшыртылат жана энергияны пайдаланууну модернизациялоо
жана майнаптуулугун арттыруу үчүн керектүү кошумча каражаттар тартылат.
     Кыргыз Республикасы  БУУнун Климатты өзгөртүү боюнча алкактык кон-
венциясы боюнча милдеттенмелерине жооп катары Биринчи улуттук  билдирүү
даярдады. Азыркы учурда Экинчи билдирүү даярдалып жатат. "Парник газда-
рынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик  жөнгө  салуу  жана
саясат жөнүндө" Мыйзам кабыл алынды.
     Негизги парник газдардын (көмүр кычкыл  газ)  СО2  -  эмиссиясынын
жалпы структурасын  секторлор  боюнча талдоодо чыгаруулардын 2/3си рес-
публиканын энергетика секторунан чыгаары жана аба бассейнин булганышына
андан кем эмес коркунуч автомобиль транспортунан болуп жатканы көрүндү.
     Энергетика секторунун  керектөөлөрү көбөйөт жана жакынкы жана орто
мөөнөттөгү мезгилде  - көмүр казууну жана жагууну көбөйтүүнүн эсебинен,
ал эми алыскы келечекте - гидроэлектр чыгаруучу кубаттуулуктарды көбөй-
түүнүн эсебинен жабылат. Кийинки жылдарда энергетиканын өнүгүүсү 92%ине
чейин гидроэлектр станциялар чыгаруучу электр энергиясынын үлүшү көбөй-
үшү жана жылуулук электр станциялар чыгаруучу электр энергиясынын үлүшү
азайышы менен коштолду. Ошондой болсо да, жагылчу углеводороддордун са-
ны абсолюттук маанисинде экология үчүн болуучу натыйжалары менен көбөй-
үшү мүмкүн.
     Мындай жагымсыз  тенденциялардын шартында экологиялык жактан кооп-
суз,  углеводороддорго көз карандылыктан чыгууга мүмкүндүк берүүчү аль-
тернативдүү технологияларды киргизүүгө,  углеводород отун менен иштөөчү
техниканы/технологияларды колдонуу үчүн стандарттардын катуу системасын
киргизүүгө өзгөчө көњүл буруу зарыл.
     Климатты өзгөртүүчү факторлорго энергетика сектору менен катар то-
кой сектору да орчундуу таасир этет. Токой экосистемалары салыштырмалуу
жай өскөндүгү  жана биосинтездин коштонду продуктуларынын кычкылдануусу
жай экендиги менен атмосферадагы көмүртекти жутуп эле албастан, аны кы-
юучу учуру  жеткенге  чейин  80-120  жыл чейин кармап турууга жарамдуу.
Ошондуктан климаттын  өзгөрүшүнүн кесепеттерин болтурбоо боюнча улуттук
саясатта токойду калыбына келтирүү, токой тигүү жана токойлорду реконс-
трукциялоо боюнча  долбоорлор  жана программалар алдыњкы орундардын би-
ринде болуп жана төмөнкүдөй багыттарда болууга тийиш:
     - кыюулардын  ар  кандай  түрлөрүндө ал жумуштардын жүргүзүлүшүндө
жыгачтын коромжулугун  орчундуу азайтуучу заманбап жањы технологияларды
колдонуу;
     - токойду калыбына келтирүүдө жана токой тигүүдө өз уругунан  өсүп
чыгууну сактоо үчүн механикалаштыруунун дењгээл жогорулатуу;
     - токойду өнөр жайлык өстүрүү жана токой өсүмдүктөрүн түзүүнүн жа-
њы технологиясын киргизүү.
     Мөњгүлөрдү сактоо  маанилүү проблема. Кийинки жылдарда мөњгүлөрдүн
көлөмү азайып  жатышы климаттын терс жана кандай болоору белгисиз өзгө-
рүүлөрүнө алып келиши мүмкүн. Мөњгүлөрдүн эришин болтурбоо боюнча чара-
лардын атайын программасы зарыл. 

     3.1.2. Озон катмарынын бузулушу

     Жердин озон  катмарынын  бузулушу адамдын, жаныбарлардын, өсүмдүк-
төрдүн жана  микроорганизмдердин ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунуч
экенин моюнга  алып,  Кыргыз  Республикасы 2000-жылы Вена конвенциясына
жана Монреаль протоколуна кошулган.
     Стратосфералык озон катмарын коргоо жана озон катмарынын бузулушун
болтурбоо, калктын  жана  айлана-чөйрөнүн саламаттыгын жагымсыз таасир-
лерден сактоо максатында аны калыбына келтирүү тармагындагы мамлекеттик
саясатты аныктоо  жана  эл  аралык  милдеттенмелерди аткаруу үчүн "Озон
катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган.
     Мамлекеттик органдардын озон катмарын коргоо тармагындагы ишмерди-
ги чарбалык  жана башка иштердин/процесстердин таасиринен озон катмары-
нын өзгөрүүлөрүнө  байкоо  жүргүзүүгө, эсепке алууга жана контролдоого,
озонду бузуучу заттардын керектелиши боюнча маалыматтарды топтоого жана
эсепке алууга,  аларды пайдалануунун тартибин аныктоого, өндүрүштө жана
тиричиликте озонду бузуучу химиялык заттарды жөнгө салууга багытталган.
Республикада 2002-жылы Озон борбору түзүлгөн.
     Адистердин байкоолоруна  караганда  республиканын  үстүндөгү  озон
катмарынын калыњдыгы  15-50 км олку-солку болуп турат. Жүргүзүлгөн ана-
лизде Кыргыз  Республикасы  Монреаль  протоколу менен контролдонуучу эч
кандай озонду бузуучу заттарды (ОБЗ), ОБЗ камтыган жабдууларды жана то-
варларды жасаган  эместиги  жана жасабастыгы, бирок аларды таза түрүндө
да, нерселер  менен  да алып келээри көрүндү. Бардык ОБЗларды жалпы ке-
ректөө 2000-жылы  79,45  метрдик тонна болгон, ал эми озонду бузуу жөн-
дөмдүүлүгүн (ОБЖ) эске алганда - 67,49 тонна болгон.
     Республиканын ысык  климатынын  шартында  озонду бузуучу заттардын
негизги массасы  (ОБЗ жалпы керектөөнүн 79,43%и) тамак сактоо жана өнөр
жайлык муздатуу  үчүн пайдаланылчу муздатуучу түзүлүштөрдү тейлөөдө ке-
ректелет. Айыл чарбасында - сүт продукцияны муздатууга жана мамлекеттик
запастагы эгинди  иштетүүгө  (ОБЗ жалпы керектөөнүн 20,45%и) пайдаланы-
лат.
     ОБЗ керектөөнү азайтуу боюнча чаралар төмөнкүдөй багытталган:
     - болгон ОБЗлардын чыгып кетүүсүн жана коромжулугун болтурбоо үчүн
чарбаны туура жүргүзүү;
     - жабдууну ремонттош үчүн  ажыраткандан  кийин  адегенде  каралган
муздатуучу затты алып чыгуу жана кайрадан пайдалануу;
     - болгон жабдууларды ОБЖ төмөн жана нөлгө барабар ОБЗ пайдаланууга
которуу;
     - ОБЖ  нөлгө  барабар  химиялык  заттарды пайдалануучу жабдууларды
колдонуу. 

     3.1.3. Чөлгө айлануу

     Чөл басуу  уланып жатканы жана ага байланышкан ар түрдүү проблема-
лар республикабыз үчүн реалдуу ички коркунуч жаратып жатат, ал булгоочу
заттар алыскы аралыктарга өтүшү менен трансчегаралык коркунучка айланы-
шы мүмкүн.
     Кыргыз Республикасы   Чөлгө   айланууга   каршы конвенцияга (ЧАКК)
1997-жылдын декабрында  кошулуп,  жана  аны 1999-жылы ратификациялаган.
ЧАКК кургак жана суу менен аз камсыздалган жарым чөл жана чөл зоналарда
кургакчылыкка каршы  күрөшүүгө  арналган  жана  калктын жардылыгы менен
жерлердин бузулушунун  тике  байланыштуулугун,  ошондой эле чел басууга
каршы күрөштө  турмуштук маанилүү нерсе катары жакырчылыкты азайтуу за-
рылдыгын моюнга алат.
     Айыл чарба  жерлеринин аянты 10647,4 мињ га түзөт. Мамлекеттик то-
кой фондунун  жерлери  жана  өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын
(ӨКЖА) жерлери  3132,7  мињ, га аянтта. Жер реформасын жүргүзүү баштал-
гандан бери  жер фондун жерлердин категориялары боюнча пайдаланууда ор-
чундуу өзгөрүштөр болду. Атап айтканда:
     - башка категорияларга которуунун себебинен айыл чарбалык арналыш-
тагы жерлердин аянты азайды;
     - калктуу конуштардын жерлеринин аянты орчундуу көбөйдү;
     - пайдаланылбаган,  негизинен  алыскы жайыттардын жерлерин өткөрүп
берүүнүн эсебинен  запастагы  жерлердин  аянты көбөйдү (мында алар айыл
чарбалык жерлер болуп кала берет);
     - айыл чарбалык ишканалардын узак мөөнөткө пайдалануусунда турган-
дардын эсебинен мамлекеттик токой фондунун жерлери көбөйдү.
     Жерлердин жогоруда  аталган категорияларынын ичинен биздин респуб-
ликада ЧАККты аткаруучу аймактар болуп айыл чарбалык жерлер мамлекеттик
токой фондунун  жерлери  эсептелет.  Ал жерлер ашыкча эксплуатациялоого
жана антропогендик  таасирге  дуушарланган  жана бул алардын деградация
процесстеринин өсүшүндө, биологиялык жана экономикалык күрдүүлүктөрүнүн
азайышында көрүнүп жатат.
     Жерлердин биологиялык күрдүүлүктөрүн токойлордун кыйылышы, жерлер-
дин сазга  айлануусу, туздануусу, шор басуусу жана эрозиясы катуу азай-
тат. Жагымсыз  социалдык-экономикалык  факторлор  менен  бириккенде бул
продукциянын бирдигин алууда чыгымдардын көбөйүшүнө жана жерлердин эко-
номикалык күрдүүлүгү анчейин болушуна алып келет.
     2006-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жер ресурстар-
ды  туруктуу  башкаруу боюнча Улуттук Алкактык Программаны кабыл алган,
ал республикада жерлердин чөлгө айлануусун болтурбоого  жана  азайтууга
багытталган.
     Чөлгө айланууну азайтуу боюнча чаралар:
     - жер  ресурстарды  комплекстүү пландоону жана башкарууну киргизүү
үчүн потенциал түзүү;
     - кайрак жана сугат жерлерде туруктуу айыл чарба жүргүзүү;
     - токой ресурстарды туруктуу башкаруу;
     - жайыттарды туруктуу башкаруу жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү;
     - суу жана жер ресурстарды туруктуу башкаруу.

     3.1.4. Биологиялык түрлөр

     Табигый экосистемалар - кайсы өлкөнүн  болсо  да  жаныбарлар  жана
өсүмдүктөр дүйнөсүн  калыбына  келтирүүнүн жана сактоонун негизи. Өсүм-
дүктөрдүн жана жаныбарлардын жок болуу коркунучунда турган айрым түрлө-
рүн эмес, жалпы эле экосистеманы коруу керек.
     Кыргызстан биологиялык  түрлөрүнүн көрсөткүчү боюнча өсүмдүктөрдүн
жана жаныбарлардын түрлөрү көп топтолгондугу, ошондой эле табигый ланд-
шафттардын жана  экосистемалардын сакталгандыгы менен өзгөчөлөнүп, дүй-
нөдө байкаларлык  орунда турат. Бардыгы болуп экосистемалардын 26 клас-
сын жана тоолуу жана түздүктүү ландшафттардын 160 түрүн бөлүп көрсөтүү-
гө болот.  Аларда  тирүү организмдердин 50 мињден ашык түрү бар. Кыргыз
Республикасы планетада  200 приоритеттүү экологиялык региондордун ката-
рына кирет. Бул жерде дүйнөлүк флоранын түрлөрүнүн 2%и өсөт жана дүйнө-
лүк фаунанын түрлөрүнүн 3%тен ашыгы жашайт. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбар-
лардын түрлөрүнүн  бөлүгү энедмиктерге кирет жана башка эч жерде жолук-
пайт.
     Биологиялык түрлөрдүн  абалына  таасир этүүчү жаратылыштык фактор-
лордон республиканын  климатынын аридизациясы (кургашы) уланып жатканын
жана климаттын өзгөрүүсүн бөлүп көрсөтүүгө болот. Эки фактор тењ биоло-
гиялык жамаатты катаал шартта жашоого дуушарлантууда. Аймактын орчундуу
бөлүгү жылдын дээрлик жарымы бою кар астында жатат. Аридизация өсүмдүк-
төр катмарынын  күрдүүлүгү - жашоонун жањырышынын негизи азайышына алып
келет. Ареалдардын майдаланышы жана азайышы, түрлөрдүн саны жана төлдө-
шү азайып  баратат.  Алардын көпчүлүгү өлүп жок болуунун кырында турат.
Жапайы анар, жолборс, кызыл карышкыр, кундуз сыяктуу өсүмдүктөрдүн жана
жаныбарлардын бир нече түрү жок болду. Кыргыз Республикасынын Кызыл Ки-
тебине (1986)  өсүмдүктөрдүн  65,  курт-кумурскалардын  18, балыктын 3,
сойлоочулардын 3, куштардын 33, сүт эмүүчүлөрдүн 13 түрү киргизилген.
     Кыргыз Республикасынын  Кызыл  Китебине  киргизилген жаныбарлардын
саны 2003-жылдын  башына  карата: Тянь-Шань аркары - 2433, марал - 294,
илбирс - 469, сүлөөсүн - 1217, аюу - 386 жана мадыл - 204 баш.
     Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебинин жањы редакци-
ясы чыгарууга даярдалып жатат, анын жањыртылган тизмесине өсүмдүктөрдүн
95,  сүт эмүүчүлөрдүн 26, куштардын 53, амфибиялардын жана рептилиялар-
дын 10, балыктын 7 жана курт-кумурскалардын 18 түрү киргизилген.
     Азыркы учурда ӨКЖАнын жалпы аймагы 447,8 мињ га түзөт. Табигый би-
отаны - айлана-чөйрөнү жашыртуучу башкы компонентти көбөйтүү үчүн ӨКЖА-
ны (мамлекеттик коруктар, мамлекеттик жаратылыштык парктар, заказниктер
ж.б.) көбөйтүү процессин ылдамдатуу зарыл.
     Өлкөнүн бардык  социалдык-экономикалык секторлору биологиялык түр-
лөрдүн абалына  түз же кыйыр көз каранды болот. Баарыдан мурда ал элдин
ден соолугунун өбөлгөсү болгон айлана-чөйрөнүн нормалдуу санитардык-ги-
гиеналык абалын камсыздайт. Айыл чарба секторунда өзүнүн өсүмдүктөрүнүн
алгачкы түрлөрүнүн  тобу  сакталып калган жайыттар тоюттук жактан кыйла
баалуу. Талаачылыкта,  багбандыкта  жана  токой чарбасында зыянкечтерге
каршы күрөштүн  кыйла туруктуу жана коопсуз чаралары алардын санын чек-
төөчү табигый  түрлөрдү  пайдаланууга  байланыштуу.  Ањчылык жана балык
чарбалардын ийгиликтүүлүгү  аларды  алуучу  объектилердин бакыбаттыгына
тике байланыштуу. Жапайы дары өсүмдүктөрдү пайдаланган фармакология жө-
нүндө деле ушуну айтууга болот.
     Республикада биологиялык  түрлөрдүн  абалы жөнүндө илимий маалымат
жетишпейт. Омурткасыздар, төмөнкү өсүмдүктөр, Түштүк Кыргызстандын, ич-
ки Тянь-Шандын  фаунасы жана флорасы жөнүндө маалыматтар жетишсиз. Түр-
лөрдүн жана  жамааттардын топторуна мониторинг жок. Жандуу жаратылыштын
кадастрларынын илимий  негиздери  түзүлбөгөн  жана кадастрлардын өздөрү
жүргүзүлбөйт.
     Азыркы учурда сүт эмүүчүлөрдүн көптөгөн түрлөрү - Орто Азия кунду-
зу,  жейрен, тоодак, мүрзөчү бүркүт дээрлик катталбайт. Жалтырак манда-
лак, Островский мандалагы ж.б. жок болуу коркунучунда.
     Кыргыз Республикасы  1996-жылы Биологиялык түрлөрдү сактоо жөнүндө
конвенцияга кошулган, Республикадагы биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча
стратегия жана Иш-аракеттер планы иштелип чыккан.
     Кийинки кезде генетикалык жактан өзгөргөн организмдердин жана про-
дуктулардын таралышы  бүткүл  шериктештикке  реалдуу  коркунуч келтирип
жатканын эске  алып, Кыргыз Республикасы 2005-жылы Биологиялык коопсуз-
дук боюнча  Картахен протоколуна кошулган. Бул Протоколго кол коюу Кыр-
гыз Республикасына  генетикалык  өзгөргөн организмдердин жана продукту-
лардын трансчегаралык  өткөрүлүшүнө  байланыштуу ишмердикти жүргүзүүгө;
алардын өлкөгө  алынып  келишин  болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө; эл
аралык тыгыз кызматташтыкты, аныны ичинде изилдөөлөр жана илимий-техни-
калык иштеп чыгуулар ишинде кызматташтыкты камсыздоого, ошондой эле би-
отехнологиялар тармагында  маалыматтарды алмашууга мүмкүндүк берет. Ага
байланыштуу азыркы  учурда "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын долбоору толуктап иштелип жатат.
     Биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча зарыл чаралар:
     - уюшулган  эс  алууну камсыздоо жана жаратылышты уюшпаган турист-
терден коргоо  үчүн  ӨКЖАларды,  артыкчылыктуу  түрдө республиканын чоњ
шаарларынын жанында  улуттук  парктарды  түзүү  менен ӨКЖАлардын аянтын
жалпы аянттын 10%ине чейин жеткирүү;
     - талаа,  жарым  чөл  жана чөл системаларда Кыргыз Республикасынын
Кызыл Китебине  киргизилген  түрлөрдүн 60-65%ин коргоону камсыздоочу ар
кыл категориялардагы жана ар кыл дењгээлдердеги ӨКЖАларды камтыган эко-
логиялык тармакты түзүү;
     - экологиялык  туризмди  өнүктүрүүнү жана жергиликтүү жамааттардын
катышуусун эске алуу менен Биологиялык түрлөрдү сактоонун улуттук стра-
тегиясын иштеп чыгуу;
     - жаратылышты коргоочу мыйзамдарды табигый экосистемаларды  сактоо
жана коргоо жагында өркүндөтүү;
     - жерлердин жана  суулардын  бардык  категорияларында  биологиялык
түрлөрдүн  негизги компоненттеринин абалын аныктоо үчүн менчигинин фор-
масына карабастан милдеттүү документтүү эсепке алууну киргизүү;
     - биологиялык  түрлөрдүн  объектилерин баалоо жана инвентаризация-
лоо.

     3.2. Региондук проблемалар

     Кыргызстан бардык тарабынан кургак жер менен курчалган жана Кытай,
Казакстан,  Тажикстан, Өзбекстан менен чектешет. Жаратылыштык ресурстар
чектелүү,  бирок тоолордогу мөњгүлөр суунун - экономикалык маанилүү ре-
сурстун чоњ потенциалдык запасы бар экени менен мүнөздөлөт.
     Айлана-чөйрөгө антропогендик  күч келүүнүн жогорулугу, алыскы рай-
ондордо локалдуу экосистемалардын морттугу, калк жыш болгон шартта инф-
раструктуранын начардыгы, жакырчылык жана этностук талаштар - ушулардын
баары чыњалуунун  жана жањжалдардын потенциалдуу булагы жана региондогу
тынчтыкка коркунучтар.
     Кыргыз Республикасында суунун запасы - Борбордук Азиянын башка ре-
гиондорунда чектелүү  болгон ресурстун көп экендиги бул ресурсту сактоо
жана сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын шарттайт.
     Уран, оор металлдарды жана сымап алуу, мурдагы кен иштетүүдөн кал-
ган калдыктардын  топтолушу ичүүчү суунун жана кыртыштын айдалуучу кат-
марынын булганышынын  эсебинен  айлана-чөйрөнүн  булганышына шарт түздү
жана адамдардын ден соолугуна потенциалдуу коркунуч жаратты. Бул корку-
нучтар Кыргыз  Республикасы  региондун  жогору  жагында жайгашканы жана
булгоочу заттар  анын  аймагынан көптөгөн өзөн-суулар аркылуу Борбордук
Азиянын башка райондоруна барышы мүмкүн экендиги менен оорлошот.
     Майлуу-Суу шаары  дүйнөдө  экологиялык  жактан  абдан булганган он
шаардын катарына кирет, анын айланасында калдык сакталган 13 объект жа-
на уран  кендерин  иштетүүдөн  калган калдыктар сакталган 23 кампа бар.
Бул аймак калктуу конуштарга, табигый газдын жана нефтинин жер астында-
гы запастарына жакын болгондуктан жана жер титирөө жана жер көчкү сыяк-
туу табигый  кырсыктардын  ар кандай түрлөрүнүн болуу мүмкүндүгү жогору
болгондуктан өзгөчө коркунучтуу.
     Борбордук Азия  регионунун туруктуу өнүгүшү, ошондой эле региондук
жана улуттук  коопсуздук  табигый  экосистемалар  сакталган  жана айла-
на-чөйрөнүн тийиштүү  сапаты сакталган шартта гана камсыздалышы мүмкүн.
Бул үчүн  айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыштык ресурстарды сарамжал-
дуу пайдалануу  тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу
жана ырааттуу ишке ашыруу зарыл. Табигый системаларды сактоо жана калы-
бына келтирүү  Борбордук  Азия  мамлекеттеринин  Туруктуу Өнүгүү боюнча
Мамлекеттер аралык комиссиясынын жана Мамлекеттер аралык Координациялык
Суу чарба Комиссиясынын алкагындагы иштеринин приоритеттүү багыттарынын
бири болууга тийиш.
     Региондук саясаттын зарыл чаралары:
     - трансчегаралык экологиялык проблемалардын реестрин түзүү;
     - трансчегаралык проблемалар боюнча эртелеп кабарлоонун жана мони-
торинг системаларынын көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу;
     - чегара жанындагы объектилердин айлана-чөйрөгө таасир этүүсүн ба-
алоо;
     - айлана-чөйрөнүн  сапатынын  нормативдерин жана стандарттарын жа-
кындаштыруу;
     - трансчегаралык дарыялардын абалына мониторинг жүргүзүү;
     - Кыргыз Республикасынын суу стратегиясын иштеп чыгуу.

     3.3. Улуттук проблемалар

     21-кылымда экологиялык  коопсуздукту коомдук жетишкендиктин сапат-
тык жањы  элементи  катары камсыздоо дүйнөлүк шериктештиктин приоритет-
түү, турмуштук маанилүү милдети болду. 

     3.3.1. Атмосферанын булганышы

     Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны булгоонун негизги булак-
тары болуп  энергетика, курулуш материалдар, коммуналдык чарба, кен иш-
тетүү жана  кайра  иштетүү  тармактарынын ишканалары, жеке менчик үйлөр
жана автотранспорт эсептелет.
     Булгоочу заттардын атмосфералык абага чыгышы негизинен айлана-чөй-
рөгө кыйла  таасир этүүчү тармактардын экономикалык абалына, шаарлардын
коммуналдык чарбаларынын  абалына  жараша болот. Мындан тышкары, Кыргыз
Республикасында табигый  газдын  запасынын жоктугу жеке менчик үйлөрдүн
көпчүлүгүн калориясы  аз  жана күлү көп катуу отунду пайдаланууга кайра
барууга мажбурлады.
     Кыргыз Республикасынын  отун-энергетика комплекси көмүр жана нефти
казуунун жана  иштетүүнүн  чектелүү  көлөмү,  гидроэлектр  станцияларда
электр энергиясынын  көбүрөөк  чыгарылышы жана жылуулук электр станция-
ларда табигый газды көбүрөөк үлүштө пайдалануу менен мүнөздөлгөн струк-
турасы электр  энергетикасынын  айлана-чөйрөгө  зыяндуу таасирин кармап
келди. Акыркы 5 жылда ТЭЦтин жана энергия системасынын котельныйларынын
отун балансында  газдын  үлүшү салыштырмалуу азайып жана көмүрдүн үлүшү
көбөйүшү атмосферага заттардын чыгарылышы орчундуу көбөйүшүнө алып кел-
ди.
     Кыргыз Республикасында транспорттун айлана-чөйрөгө тийгизген  таа-
сири  кеп жагынан ташуулардын ургаалдуулугу жана транспорт каражаттары-
нын паркынын техникалык абалы,  транспорттук кызматтардын тигил же  бул
түрүнүн өнүгүшү менен аныкталат.
     Транспорттун, анын  ичинде  жеке транспорттун иштешине отундун жыл
сайынкы сарпталышы  400-600 мињ тонна шарттуу отунду түзөт. Керектелген
отундун дээрлик 99%ин автомобилдик бензин жана дизелдик отун түзөт.
     Автотранспорт атмосфераны булгоонун кыйла ургаалдуу жана такай кө-
бөйүп жаткан  булагы, анткени автомобилдердин төрттөн биринен ашыгы эс-
киргендиктен, жолго  чыгууда  контролдун начардыгынан, техникалык кароо
жана техникалык  тейлөө  системасынын майнапсыздыгынан токсикалуулуктун
жана түтүндүүлүктүн нормаларынан ашуу менен иштетилет.
     Шаарларда атмосфералык абанын сапаты республиканын Бишкек (7), Ка-
ра-Балта (2),  Токмок (2), Чолпон-Ата (2) шаарларындагы 13 посттогу ту-
руктуу байкоо жүргүзүү жолу менен контролдонот.
     Республикада атмосфералык абаны коргоо тармагында мамлекеттик кон-
троль системасы өндүрүштү анализдөөгө жана өндүрүштүн методдорун өркүн-
дөтүү жолу менен булгоонун алдын алууга эмес, булгоочу заттарды "түтүк-
төн чыккан жеринде" контролдобоого багытталган.
     Чыгарууларды мамлекеттик  статистикалык эсепке алуу системасы чар-
бакер субъекттер  статистикалык эсеп органдарына стационар булактар бо-
юнча берүүчү  маалыматтарга  негизделген. Бирок атмосфералык абаны бул-
гоонун булактары толук камтылбагандыктан жана берилген маалыматтар туу-
ра эмес болгондуктан анын натыйжалары иш жүзүндө пайдаланууга жараксыз. 

     3.3.2. Суу ресурстардын абалы

     Кыргыз Республикасынын суу ресурстары мамлекеттик менчик жана бир-
диктүү мамлекеттик суу фондун түзүшөт. Дарыялар агымынын жаралуу тарма-
гы жалпы  аянттын  87 процентин, ал эми таралуу аймагы 13 процентин тү-
зөт. Республиканын  дарыяларынын табигый суммалык үстүњкү агымдары суу-
луулугу боюнча  ар  кандай жылдарда 44төн 50 куб.км чейин болот (кайта-
рылма сууларды  эске алуу менен). Республиканын аймагында жер астындагы
суулардын 44  кени  аныкталган, алардын эксплуатациялык запасы 3 куб.км
ашык, ал эми потенциалдуу запастары 10 куб.км ашык. Көлдөрдө суунун за-
пасы 1745  куб.км, анын ичинен 7 куб.км гана тузсуз. Республикада таби-
гый суммалык  үстүњкү агымдардын 12-17 проценти гана пайдаланылат. Азыр
республикада суу  ресурстар менен камсыздык толук канааттанарлык, бирок
бул жыйынтык  мейкиндик боюнча бөлүштүрүүнү жана ачык көрүнгөн сезондук
олку-солкулуктарды эске албайт. 2006-жылы суу ресурстардын пайдаланылы-
шы арналышына жараша төмөнкүдөй мүнөздөлөт:
     - өндүрүштүк керектөөлөр - 72 млн. куб.м;
     - сугат жана айыл чарбалык керектөөлөр - 4115 млн. куб.м;
     - чарбага-ичүүгө керектөөлөр - 128 млн. куб.м.
     Суу бөлүү  суу  пайдалануунун  структурасын  иш жүзүндө кайталайт.
Кыргыз Республикасынын  Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча
2006-жылы республика  боюнча  жалпысынан  700,8 млн. куб.м суу алынган,
анын ичинен  таза  эмеси жана жетишерлик тазаланбаганы 12,6 млн. куб.м.
Нормативдүү тазаланган суунун берилишинин көлөмү 148 млн. куб.м түзгөн.
     Суу объектилерге  булгоочу  заттарды чыгаруунун көбөйүшү ачык суу-
лардын булганышына  алып  келет, анын натыйжасында суудагы фаунага жана
флорага эле зыян келтирет жана калктын саламаттыгына таасир этет.
     Экономикалык абалдын начарлашы тазалоочу жана канализациялык түзү-
лүштөрдүн ишинде  олуттуу  проблемаларды жаратты. Турак жай-коммуналдык
чарбанын ишканаларынын,  атап  айтканда муниципалдык тазалоочу түзүлүш-
төрдүн экономикалык  жактан  кудуретсиздигин эске алганда, тазаланбаган
саркынды сууларды төгүүдөн келтирилген зыяндын ордун толтуруу суу менен
камсыздоо жана  канализация системасы үчүн эњ башкы проблемалардын бири
болуп эсептелет.
     Суу ресурстардын   санын   жана  сапатын  мониторингдөө  системасы
80-жылдардын орто ченинде кыйла натыйжалуу болгон. Эксплуатациялоо жана
модернизациялоо  үчүн  финансылык каражаттын чектелүүлүгүнөн посттордун
көпчүлүгү жоюлган.  Гидрологиялык божомолдор үчүн негиз  болгон  тоолуу
зонадагы  кардын  жана мөњгүнүн калыњдыгына байкоо жүргүзүү тармагы ор-
чундуу кыскартылган.  Мурда карга жана мөњгүгө байкоолор  региондун  24
негизги дарыя бассейндериндеги 240 жерде жүргүзүлчү. Мөњгүлөрдү байкоо-
го алуу толук токтотулган,  үстүњкү сууларга  байкоо  жүргүзүү  тармагы
кыскартылган.  2006-жылы  посттордун саны кыскарып отуруп 23 ке түшкөн,
ал эми 1985-жылы 147 пост бар эле.
     Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүү процесстери болуп жатканы
суу ресурстарды  пайдалануу секторун климаттын өзгөрүүсүнүн болжолдонуп
жаткан көрсөткүчтөрүнө ылайыкташтыруу зарылдыгын шарттайт. Чоњ эмес да-
рыялардын бассейндеринде  муз  топтолуу  азайганына байланыштуу алардын
жылдык агымы  азайганы  байкалат жана бул өзгөрүүлөр келечекте кескини-
рээк көрүнүп, айрыкча айыл чарбасы үчүн кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн
экендиги белгиленип жатат. 

     3.3.3. Жер ресурстардын абалы

     Республиканын айыл  чарбалык  жерлеринин аянты потенциалдуу эрозия
коркунучу бар  зона деп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Жер кадастры-
нын маалыматы  боюнча, суу жана шамал эрозиясына дуушарланган жерлердин
аянты айыл  чарба жерлеринин жалпы аянтынын 45,7 процентине жакын. Эро-
зияга айрыкча Нарын жана Ысы-Көл облустарындагы жерлер көбүрөөк дуушар-
ланган. Кыртыштын деградациясы чоњ экономикалык зыян келтирет жана айыл
чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 20-60 процентке азайтат.
     Республикада кыртыштын бузулуусу анын  сапаты  кескин  начарлашына
алып келет, бул азыркы учурда төмөнкүдөй маалыматтар менен мүнөздөлөт:
     - туз чыккандар - 220 мињ га;
     - шор баскандар - 81,8 мињ га;
     - сазга айлангандар - 33,1 мињ га;
     - таштактар - 196,1 мињ га;
     - дефляция коркунучундагылар - 651,1 мињ га;
     - суу эрозиясына дуушарлангандар - 764,8 мињ га.
     Которуштуруп айдоо  жоктугу,  айыл чарба өсүмдүктөрүн багуу боюнча
талаптардын аткарылбашы,  оптималдуу тоњдурма айдоонун жоктугу, семирт-
кичтердин жоктугу  кыртыштык-экологиялык шарттардын бузулушуна алып ке-
лип, бузулган жерлердин аянты көбөйүшүн жаратууда.
     Коллектордук-дренаждык тармактын бузулганы, нормага салынбаган су-
гат кыртыш  суулардын дењгээли көтөрүлүшүнө алып келди. Ушуга байланыш-
туу жердин сапатын жана түшүмдүүлүгүн арттыруу максатында жањы техноло-
гияларды тартуу  жана  минералдык  семирткичтерди бара-бара органикалык
семирткичтерге алмаштыруу зарыл.
     Азыркы убакта-жерлердин  бузулуу  процесстери  жөнүндө  толук жана
туура маалымат  жок.  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
даярдаган Кыртыштардын кадастрын чыгаруу зарыл. 

     3.3.4. Токой ресурстардын абалы

     Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык токойлор мамлекеттин
менчиги, бирдиктүү  мамлекеттик токой фондун түзүшөт жана тоолуу аймак-
тын шартында  коргоочу, сууну коргоочу, климатты жөнгө салуучу жана ден
соолукту оњдоочу  функцияларды  аткарууга арналган жаратылышты коргоочу
токойлорго киргизилген.
     2006-жылдын 1-январына  карата  Кыргыз Республикасынын токой фонду
3132,7 мињ га турат, анын ичинен токой баскан аянт 864,9 мињ га же рес-
публиканын жалпы аянтынын 4,32 процентин түзөт.
     Кыргыз Республикасынын  токойлорунда концентрациясы боюнча регион-
догу башка өлкөлөрдө жок көп түрлөр топтолгон. Кыргызстанда арча, кара-
гай жана карагай-пихта, клен, майда жалбырактуу, жањгак-жемиштүү токой-
лор, мисте  жана бадам токойлор бар. Алардын баары биологиялык түрлөрдү
сактоо үчүн зор мааниге ээ.
     Аянты анча  чоњ  эмес  болгонуна карабастан Кыргыз Республикасынын
токойлоруна экологиялык ыњгайлуулукту камсыздоодо жана климатты түзүүдө
негизги роль  таандык.  Алар  жаан-чачындардын көбөйүшүнө өбөлгө болуп,
кыртышты эрозиядан  сактайт, тоо беттерин бекемдеп, жер астындагы гори-
зонттордо нымдын топтолушуна шарт түзүшөт, жер үстүндөгү агымдарды жөн-
гө салуу менен суу каптоолорду жана селдерди болтурбайт.
     Негизинен калк  жыш жайгашкан региондордо өскөндүктөн майда жалбы-
рактуу токойлор,  мисте жана бадам токойлор антропогендик таасирге баа-
рынан көп дуушар. Мисте жана бадам өскөн көптөгөн массивдер дээрлик жок
болгон.
     Республиканын токойлорунун санитардык абалы канааттанарлык эмес 80
га аянтта алар ар түрдүү зыянкечтерге жана илдеттерге кабылып, алар жыл
сайын чоњ токой аймактарын жок кылып турушат. Токойлордун зыянкечтерине
жана ооруларына  каршы  күрөштүн  жањы методдорун киргизип, биологиялык
жана экологиялык опурталсыз методдорду артыкчылыктуу пайдалануу зарыл.
     Токой массивдерине антропогендик жана табигый чыккан өрттөр байка-
ларлык зыян  келтирип  жатат. Буга байланыштуу токойлорду өрттөн, урук-
сатсыз кыюудан, уулануудан сактоону күчөтүү зарыл.
     Кийинки убакта  арчаны чарбалык максатта кыюу көбөйдү. Бул айрыкча
Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда байкалат. Жањгак жемиштүү токойлор
үчүн жырткычтык менен кап камдоо чыныгы кырсык болду, ал негизинен рес-
публикадан сыртка  чыгарылат.  Байыртадан  сакталган кайталангыс жањгак
жана арча  токойлорду сактап калуу, экологиялык абалды жакшыртуу макса-
тында Кыргыз  Республикасынын  Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы N
331 Жарлыгы  менен республиканын токой фондунун жерлеринде өскөн өзгөчө
кымбат баалуу  жыгач  породаларды  кыюуга, иштетүүгө жана сатууга 3 жыл
мөөнөткө мораторий киргизилген.
     Токой ресурстарды  сактоо жана калыбына келтирүү максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн  2006-жылдын  27-сентябрындагы  N 693 токтому
менен 2006-2010-жылдарга  Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктү-
рүү иш-аракеттеринин улуттук планы бекитилген. 

     3.3.5. Тоолуу экосистемалар

     Кыргыз Республикасы - тегиз эмес татаал рельефтүү бийик тоолуу өл-
кө, республиканын  аймагынын  дээрлик  90 проценти Тянь-Шандын, Алайдын
тоо массивдеринде  дењиз дењгээлинен 1500 м ашык бийикте жайгашкан жана
тармакталган татаал тоо системаларынан турат.
     Тоолуу экосистемалар суу, энергетикалык жана минералдык ресурстар-
дын, биологиялык  түрлөрдүн,  токой продуктуларынын маанилүү булактары,
айыл чарбаны жана рекреацияны, зыяратчылыкты жана туризмди өнүктүрүүнүн
орду.
     Тоолор климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө сезгич жана ошондуктан планета-
нын климатынын  өзгөрүүлөрүнүн өсүмдүктөрдүн/жаныбарлардын түрлүк айыр-
маларына жана  энергетикалык ресурстарга таасир этүүсүн изилдөөнүн иде-
алдуу объектиси болот жана абдан коркунучтуу абалда турат, анткени алар
татаал, морт  жана  табигый процесстерге жана антропогендик таасирлерге
сезгич. Тоолуу аймактардын жеткиликтүүлүгү көбөйүшү жана аларды социал-
дык-экономикалык өздөштүрүүнүн  темпи ылдамдашы менен - жогорку сейсми-
калуулук, көчкүлөр, селдер жана кар көчкүлөр менен айкалышканда кыртыш-
тын эрозиясы токтоосуз көбөйө берет. Ушуга байланыштуу тоолуу экосисте-
малардын деградация проблемасын комплекстүү. ички ресурстарды мобилиза-
циялап жана тышкы жардам тартуу менен системалуу негизде чечүү керек.
     Тоолуу экосистемалар пайдалуу кендерге бай,  аларды айлана-чөйрөгө
минимум зыян келтирүү менен экономикалык жактан натыйжалуу иштетүү жана
экологиялык, социалдык жана экономикалык кызыкчылыктарды оптималдуу ай-
калыштырган шартта гана иштетүү керек. Мында тоолуу аймактардагы чарба-
лык иштер жаратылышты коргоонун талаптарын катуу сактоо менен жана  ту-
руктуу өнүгүүнүн принциптерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
     Тоолуу райондорду  өнүктүрүү проблемаларын чечүүдө чарба жүргүзүү-
нүн өзүн  практикада актаган салттуу ыкмаларын, мал чарбасын өнүктүрүү-
нүн, тоодогу  жана  тоо этегиндеги дыйканчылыктын, токой ишинин, балчы-
лыктын жана  башкалардын  илимий  негизделген жањы технологияларын жана
методдорун пайдалануу зарыл.
     Андан тышкары  айыл  чарба (мал чарба, дыйканчылык, бакчылык ж.б.)
сырьелоруна жакын  жерлерде  -  тоолуу калктуу конуштарда кайра иштетүү
өнөр жайын ар тараптуу өнүктүрүү жана заманбап маркетингдик кызматтарды
түзүү зарыл. 

     3.3.6. Калдыктар менен булгануу

     Кыргыз Республикасынын  аймагында  чарбалык  иштин узак мезгилинде
кен калдыктарында  жана  калдык сактагычтарда, тиричиликтеги катуу кал-
дыктардын полигондорунда  жана  санкциясыз  таштандыларда  миллиондогон
тонна тиричиликтик жана өнөр жайлык калдыктар топтолгон. 

     3.3.6.1. Тарыхый калдыктар

     Радиоактивдүү калдыктар  орчундуу  санда  топтолушу өткөн кылымдын
40-50-жылдарында уран өнөр жайынын кен казуучу жана иштетүүчү ишканала-
рынын иштеринин,  полигондордогу ядролук сыноолордун жана ишканалардагы
авариялардын натыйжасы болду.
     Кыргызстандын аймагында 35 калдык сактоочу жай жана 25 кен калдык-
тары жайгашкан,  алардан 30 калдык сактоочу жай уран өндүрүш  калдыкта-
рын, 5и түстүү металлдар өндүрүшүнүн калдыктарын камтыйт.
     Көпчүлүгү трансчегаралык райондордо жайгашкан радиактивдүү калдык-
тардын  көптөгөн калдык сактоочу жайлары өтө начар абалда жана булгануу
жана радиациялык нурдануу коркунучун жаратат.  Экологиялык  оорчулуктун
негизги себептери дароо эле экономикалык пайда табуу максатында калдык-
тарды топтоочу жана сактоочу жерлерди туура эмес тандап алуу,  инженер-
дик-геологиялык  издөөлөрдүн  жана долбоорлоонун дењгээлинин төмөндүгү,
аярлуу тоо экосистемасынын туруктуулугуна (Майлуу-Суу,  Мињ-Куш, Шекаф-
тар, Сумсар, Кажы-Сай, Ак-Түз, Кан) жеткире баа бербөө жана техногендик
терс таасирлерди алдын ала көрө билбөө менен шартталган.
     Соњку убактарда  техногендик  кыйратуучу көрүнүштөрдүн, көчкү-сел-
дердин, эрозиялык процесстердин, айлана-чөйрөнү радиактивдүү, уулуу жа-
на химиялык  жактан булгоо коркунучунун жанданышы менен мындай көрүнүш-
төр кыйла өсүүдө. Калдык сактоочу жайлар, атап айтканда Майлуу-Суу жана
Кумтөрдө кокус  бузулса, бул Кыргызстандын аймагында гана эмес, ошондой
эле коњшулаш  республикаларда  экологиялык кыйроолорго алып келиши мүм-
күн. 

     3.3.6.2. Өнөр жайлык калдыктар

     Соњку убактарда экономиканы турукташтырууга жана жандандырууга же-
тишилип,  эски ишканалар калыбына келтирилип,  жањылары түзүлө баштады,
бул өнөр жайлык калдыктардын топтолушунун өсүшүнө таасир этет.
     2006-жылдын аягына карата өлкөдө 87,8 млн.  тонна уулуу  калдыктар
топтолгон,  булар  уюштурулган жана уюштурулбаган таштанды төгүүчү жер-
лерге чыгарылат же ишканалардын аймагында топтолот.
     Кен казып  алуучу жана кайра иштетүүчү, тери-булгаары, цемент, ку-
рулуш индустриясынын,  электр лампа, куюучу, химиялык, механикалык, жы-
луулук-электр энергетикалык,  текстиль  өнөр  жай жана башка ишканалары
кыйла булгоочу тармактар бойдон калууда. Башка тармактардын калдыктары-
нын арасында  энергетика  комплексинин күл жана күл шлак калдыктары ба-
сымдуу.
     Тыюу салынган  жана  жараксыз болуп калган пестициддердин болушуна
байланыштуу проблема орун алган. Алардын физикалык абалы, химиялык сос-
тавынын  аныкталбагандыгы,  сактоонун  канааттандырбаган шарттары айла-
на-чөйрө жана адамдардын ден соолугу үчүн чоњ коркунуч туудурат. Пести-
циддерди зыянсыздандыруу ушул убакка чейин дээрлик жүргүзүлгөн эмес.
     Өзгөрбөс органикалык заттар (ӨОЗ) келтирген тобокелдиктерди жењил-
детүү боюнча чараларды көрүү жана күчөтүү максатында Кыргыз Республика-
сы 2006-жылы өзгөрбөс органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвен-
циясын ратификациялаган жана о аны аткаруу боюнча Улуттук планын бекит-
кен. ӨОЗдо  тез таралуучу уулуу түзүлүштөр бар, ал биоаккумуляция менен
мүнөздөлөт жана  аба, суу жана миграциялык түрлөр боюнча трансчегаралык
жайылуу объектиси  болуп  саналат, ошондой эле алар чыгарылган булактан
алыскы аралыкта таралып, кургакта жана суудагы экосистемада топтолот.
     Айлана-чөйрөнү булгоонун  коркунучтуу  булактары  мал чарбасындагы
калдыктар, айрыкча ири мал чарба фермаларынан жана комплекстеринен чык-
кан көњ  калдыктары болуп саналат, аларды эсепке алууга жана утилдешти-
рүүгө тийиштүү көњүл бөлүнбөйт. Айлана-чөйрөнү булгоого биологиялык жа-
на медициналык калдыктар (өлүктөр, өлүү төрөлгөн жаныбарлар, этти кайра
иштетүү өнөр  жайынын  калдыктары ж.б.) терс таасир тийгизет, алар кыр-
тышты жана  суу объекттерин булгоонун коркунучтуу булактары болуп сана-
лып, оор санитардык-гигиеналык абалды түзөт жана зыянсыздандыруу боюнча
атайын чараларды талап кылат.
     Өнөр жай  калдыктарын пайдаланууда, зыянсыздандырууда жана жайгаш-
тырууда канааттандырбаган  абал  бир  катар  объективдүү себептер менен
шартталган. Баарыдан  мурда бул калдыктарды зыянсыздандыруу жана колдо-
нуу, аларды жайгаштыруу боюнча түзүлүштөрдү курууну өтө жетишсиз каржы-
лоо, ошондой эле калдыктарды жана жерди жайгаштыруунун субъекттерин ре-
конструкциялоонун жана рекультивациялоонун жоктугу, аларды жайгаштыруу-
нун санкцияланбаган орундарын жойбогондук жана башкалар.
     Өндүрүш калдыктарынын кеп көлөмдө топтолушу аларды жыйноо, жайгаш-
тыруу, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, сактоо жана көмүү проблемасы ме-
нен коштолгон,  алар айлана-чөйрөнү коргоонун тиешелүү нормаларына жана
талаптарына жооп  бербейт, бул республикадагы ансыз да татаал экология-
лык кырдаалды андан ары терењдетет. 

     3.3.6.3. Катуу тиричилик калдыктары

     Бишкек шаарында,  ошондой  эле  бүткүл  республикада азыркы убакка
чейин чечилбей  келаткан  катуу тиричилик калдыктарын (КТК) башкаруунун
негизги проблемасы - бул тиричилик таштандыларын утилдештирүү проблема-
сы болуп  саналат.  1990-жылдардан  тартып КТКны чогултуу, утилдештирүү
жана көмүү  маселеси  өтө  начар чечилүүдө. Азыркы убакта республиканын
шаар жерлеринде  катуу  калдыктардын 31 полигону бар, алардын жарымынан
көбү (55%)  санитардык нормаларга жооп бербейт. Колдонуудагы контейнер-
лер, адистештирилген  автотранспорт шаарлардын керектөөлөрүн канааттан-
дырбайт. КТКны өз-өзүнчө чогултуу системасы (тамак-аш калдыктары, маку-
латура, текстиль, металл сыныктары ж.б.у.с.) толугу менен бузулган. Ай-
мактарды тиричилик  калдыктарынан  тазалоо системасы өнүктүрүлгөн эмес.
Тиричилик калдыктарынын  экинчи  сырье  катары  сорттоо жана пайдалануу
жүргүзүлбөйт, иш  жүзүндө калдыктарды кайра иштетүү жок. Шаарларда жана
шаар айланасындагы  зоналарда  контролго  алынбаган таштандылардын саны
кескин көбөйүп  кеткен. 2006-жылы республикада чыгарылган КТКнын көлөмү
1602 мињ куб метрди, суюктук - 78 мињ куб.метрди түзгөн.
     Бишкек шаарында колдонуудагы шаардык таштанды полигону калдыктарды
көмүү үчүн  жападан-жалгыз жер болуп саналат, ал шаардан 10 км аралыкта
жайгашкан жана  ага  шаардын, 22 жањы курулуштардын калдыктары төгүлөт.
Полигондун иш жүзүндөгү колдонуу мөөнөтү 1972-жылдан тартып иштегендик-
тен колдонуунун  нормативдик мөөнөтүнөн он эсеге ашып кеткен жана сани-
тардык-эпидемиологиялык жана экологиялык коркунучтун олуттуу булагы бо-
луп саналат.
     Полигон жер алдындагы суулардын жогорку дењгээлинде жайгашкан жана
полигондун булганыч  сууларды  жер  алдындагы  суу  горизонтуна өткөрүү
фильтрациясы бар.  КТК шамал менен атмосфералык абалынын, кыртыш катма-
рын жана жер үстүндөгү сууларды булгайт. Калдыктарды өрттөөдөн, алардын
чиришинен жана жайылышынан атмосфералык абаны булгайт жана ууландырат.
     Катуу калдыктардын  санынын  өсүшү, алардын химиялык жаратылышынын
татаалдашы адамдардын  ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунучту кө-
бөйтөт. Республиканын  шаарларында катуу тиричилик калдыктарынын топто-
лушу бир  жылга  эсептегенде  бир адамга 250-300 кг чейин жетет, ал эми
жыл сайын  калктын ар бирине карата алардын көбөйүшү 6 процентти түзөт,
бул калктын өсүш ылдамдыгынан үч эсеге ашат.
     Кадимки КТК  уулуу кошулмалардын 100дөн ашуун аталыштарын камтыйт,
алардын арасында - уулуу боектор, пестициддер, сымап жана анын кошулма-
лары, эритиндилер,  коргошун жана анын тузу дары, кадмий, мышьяк кошул-
малары формальдегид,  таллий тузу жана башкалар бар. Пластмассалар жана
синтетикалык материалдар өзгөчө орунду ээлейт, алар биологиялык бузулуу
процесстерине дуушар  болуу  менен  айлана-чөйрөнү коргоо объекттеринде
ондогон, жүздөгөн  жылдар кала бериши мүмкүн. Пластмассалык жана синте-
тикалык материалдар  күйгөндө  көп сандаган токсиканддарды, анын ичинде
жарымхлорбифенилдерди (диоксиндер), фтор кошулмаларын, кадмий жана баш-
каларды бөлүп  чыгарат.  Көпчүлүк учурда таштандыларга иштетилген сымап
лампалары, металл  сыныктары, пайдаланылган резиналар, текстиль калдык-
тары ташталат, аларды продукциянын жањы түрлөрүн өндүрүү үчүн сырье ка-
тары колдонсо  болор  эле. Таштандылар курчап турган жаратылыш чөйрөсүн
булгоонун коркунучтуу булагына айланууда жана колдонуудагы полигондорду
түп тамырынан реконструкциялоону жана кайра жабдып чыгууну талап кылат.
Ушуга байланыштуу  калдыктарды  кайра  иштетүүнүн  натыйжалуулугун жана
аларды экономиканын  муктаждыктары  үчүн сырье катары кайрадан колдонуу
маселесин чечүү зарыл. 

     3.3.7. Техногендик жана жаратылыштык көрүнүштөр

     Кыргыз Республикасы бийик тоолуу экологиялык системаны, өзгөчө жа-
ратылыштык жана антропогендик таасирлерге өтө сезгич болуп саналат жана
жер титирөө,  көчкү,  сел,  суу  ташкыны, таш кулоолор, суу каптоо, кар
көчкүлөрү сыяктуу  табигый  кырсыктардан улам келип чыгуучу 20дан ашуун
өзгөчө коркунучтуу  жаратылыш процессине дуушар болот, алар республика-
нын токойлоруна жана биологиялык ар түрдүүлүктүн ресурстарына чоњ мате-
риалдык зыян алып келет.
     Экологиялык кооптуулук  республиканын дээрлик бүткүл аймагында ка-
туу жаан-чачындан, карлардын эришинен, бийик тоолуу көлдөрдүн жырып ке-
тишинен улам  келип  чыгат.  3900дөн ашуун суу бассейндери сел жана суу
ташкыны жагынан коркунучтуу болуп эсептелет.
     Орточо республиканын  аймагында жыл ичинде 153кө жакын өзгөчө кыр-
даалдардын учурлары  болуп  өтөт, анын үстүнө жогоруда саналган кыйроо-
лордун үлүшүнүн 90%ине чейинкисин жаратылыш көрүнүштөрү түзөт.
     Геологиялык-географиялык шарттар боюнча Кыргыз Республикасынын ай-
магы Орто  Азиянын  кыйла кооптуу зонасына кирет. Жыл сайын сейсмикалык
станциялар 3  мињге жакын жер титирөөлөрдү каттайт, алардын ондогон жер
титирөөлөрү сезилээрлик  болсо, бир нечелери эреже катары турак үйлөргө
жана имараттарга  зыян  келтирет. Адистердин берген баасы боюнча 200дөн
ашуун калктуу конуштар сейсмикалык жактан кооптуу категорияга кирет.
     Адамдардын өлүмүнө  жана айлана-чөйрөгө зыян келтирген экологиялык
табигый кырсыктардын кыйла коркунучтуу түрлөрүнүн бири жер көчкү  болуп
саналат.  Республиканын аймагында дээрлик 3 мињдей жер көчкү катталган,
алардан 98 проценти республиканын түштүк регионуна туура келет.
     Республиканын аймагындагы кыйла кењири таралган жаратылыштык көрү-
нүштөр кар  көчкүлөрү  болуп эсептелет. Түштүк-батыш жана Ички Тяньшань
райондору кар  көчкүлөрү  жагынан  кыйла активдүүлүгү боюнча ондон ашык
суу бассейндери  айырмаланат. Республикалык маанидеги автожолдор боюнча
гана болжол менен 800 кар көчкү коркунучу бар участкалар кездешет.
     Калктын жыштыгы көбөйүшү, аймактардын өсүп бараткан урбанизациясы,
климаттын глобалдуу өзгөрүшү жана сейсмикалык активдүүлүктүн жогорулашы
жыл сайын  табигый  кырсыктардын жана кыйроолордун санынын өсүшүнө алып
келүүдө.
     Жаратылыштын өзгөчө  кырдаалдарын четтетүү максатында бийик тоолуу
көлдөрдү, мөњгүлөрдүн,  суу  бассейндеринин абалына мониторинг жүргүзүү
зарыл. 

               4. Экологиялык коопсуздукту камсыздоонун 
                      багыттары жана механизмдери

     4.1. Экономиканы экологдоштуруу

     Жакынкы келечекте  аларды пайдалануу чектерин белгилөө менен жара-
тылыш ресурстарына  алдын  ала экологиялык-экономикалык баа берүүгө не-
гизденген айлана-чөйрөнү  сактоону  эске алуу менен Кыргыз Республиканы
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү  ишке ашыруунун негизи болуп калууга
тийиш.
     Туруктуу өнүгүү  боюнча  бүткүл  дүйнөлүк  саммит  өлкөнү туруктуу
өнүктүрүүнүн улуттук стратегияларын иштеп чыгууга карата прогресске же-
тишүү жана аларды 2005-жылга карата ишке ашыра баштоо максатында кечик-
тирилгис чараларды  көрүүгө  чакырган, ал туруктуу өнүгүүнүн экономика-
лык, социалдык  жана  экологиялык  жагдайларын интеграциялоого, ошондой
эле ар бир өлкөнүн улуттук артыкчылыктарына жооп берүүгө тийиш.
     21-кылымдын күн  тартибинде туруктуу өнүгүү боюнча өлкөнүн максат-
тарын жана  умтулууларын  конкреттүү  программалар менен иш-аракеттерге
багыттоо үчүн улуттук координациялык структураларды түзүү зарылдыгы ба-
са белгиленген.
     Республикада өнүгүүнүн  экономикалык,  социалдык  жана экологиялык
секторлорун интеграциялоонун  жана  туруктуу  өнүгүү  жагындагы иштерди
координациялоонун негизинде туруктуу өнүгүү маселелери боюнча мамлекет-
тик саясатты  түзүүгө  көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын ту-
руктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кењеш түзүү керек. Мындай Кењеш көп та-
раптуу форумга айланууга тийиш, анда мамлекеттик структураларды, мыйзам
чыгаруу бийлигинин органдарын, ишкер жана илимий чөйрөлөрдү, коомчулук-
ту кошо  алганда  бардык  катышуучулар бүткүл күч аракетин республиканы
туруктуу өнүктүрүүгө жетишүүгө жумшайт.
     Экономиканы экологдоштуруунун негизги багыттары:
     - экологиялык жагдайларды сектордук саясатка интеграциялоо;
     - калыбына келтирилүүчү жаратылыш ресурстарын деградациялоону жок-
ко чыгаруучу сарамжалдуу керектөө;
     - милдеттүү экологиялык экспертиза,  практикалык долбоорлорго  баа
берүүдө айлана-чөйрөгө таасирин баалоо;
     - экосистеманын  потенциалдык  сыйымдуулугунун калыбына келүү мүм-
күнчүлүгүнө баа  берүү  жана  параметрлерди иштеп чыгуу, өлкөнү социал-
дык-экономикалык өнүктүрүүнү  пландаштырууда  ушул параметрлерди эсепке
алуу жол-жоболорун ишке киргизүү;
     - ар  кандай  товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик баа
түзүү системасында                             экологиялык-экономикалык
көрсөткүчтөрдүн/индикаторлордун комплексин ишке киргизүү;
     - баа  структурасындагы  экологиялык чыгымдарды эсепке алуу;  
     - ички  жана  тышкы инвестицияларды экосистемага экономиканын терс
таасиринин кесепеттерин болтурбоого жана четтетүүгө тартуу. 

     4.2. Мыйзамдар

     Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жаа-
тында колдонуудагы  ченемдик  укуктук  базаны талдоо өлкөдө бул багытта
олуттуу кадам жасалгандыгын көрсөтөт, бул багытта кыйла иштер жүргүзүл-
дү. Ошону менен бирге мамлекеттик көзөмөлдөө жана ведомстволук контрол-
доонун колдонуудагы  жол-жоболору, мыйзамдык актыларда нормалар практи-
када натыйжалуу   колдонулбай   жаткандыгы,  инспекциялык жол-жоболорду
ашыкча борбордоштуруу менен айырмалангандыгын көрсөтөт, мында ушул про-
цесстерге жергиликтүү  өз  алдынча башкаруу органдары жана коомчулуктун
өкүлдөрү катышуусун толук дењгээлде карабайт.
     Мыйзамдарды өркүндөтүүнүн негизги багыттары:
     - айлана-чөйрөгө  жана калктын ден соолугуна бир кыйла экологиялык
авариялар менен кыйроолордун учурунда мүмкүн болуучу зыяндын ордун тол-
туруу үчүн өндүрүштүн калдыктары менен иштөө жана керектөө чөйрөсүндөгү
экологиялык камсыздандыруу системасын ишке киргизүү;
     - экологиялык  талаптарга жетишүүнү камсыз кылуу максатында чарба-
кер субъекттердин  иш-аракеттердин  экологиялык  аудит  системасын ишке
киргизүү;
     - өндүрүштүк  иштерден айлана-чөйрөнү булгоолордун эл аралык прак-
тикада колдонулуучу эсептөө методикасын ишке киргизүү. 

     4.3. Жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмдерин
          өркүндөтүү

     Айлана-чөйрөнү коргоону жана жаратылышты пайдаланууну экономикалык
жөнгө салуу  республикада натыйжалуу экологиялык саясат жүргүзүү маани-
лүү шарты болуп саналат.
     Айлана-чөйрөнүн сапатын жөнгө салуу бөлүгүндө жаратылышты пайдала-
нуунун негизги принциби акы төлөтүү болуп саналат.
     Айлана-чөйрөнү булгоо  үчүн  акы төлөтүү республикада колдонулуучу
негизги жана бардыгын камтуучу экономикалык шайман болуп эсептелет.
     Жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмдерин өркүндөтүүнүн
негизги багыттары:
     - "булгоочулар төлөйт" принцибин толук дењгээлде ишке ашыруу;
     - айлана-чөйрө жана адамдардын ден соолугу үчүн  коркунучтуу  зат-
тарды чыгарууларга жараша акы төлөөнү камсыздоо;
     - айлана-чөйрөнү булгоо үчүн бирдиктүү экологиялык салык киргизүү;
     - экономикалык  иштерди  диверсификациялоо жана экологиялык жактан
коопсуз жањы технологияларды тартуу үчүн  шарттарды  түзүүнүн  эсебинен
мамлекеттин  иш-аракетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары айла-
на-чөйрөнү коргоону адекваттуу бюджеттик каржылоону камсыздоо;
     - сырьену  экспорттоодон  жогорку  сапаттагы жана терењ иштетилген
продуктуларды өндүрүүгө экономиканы багыттоону стимулдоочу  салык  жана
тариф саясатын түзүү жана колдонуу;
     - экологиялык  жактан таза технологияларды, товарларды жана кызмат
көрсөтүүлөрдү өндүрүүчү өлкөлөргө көз карандысыз түрдө колдонууга түрт-
кү берүүчү  салыктардын жана пошлиналардын системасын түзүү жана колдо-
нуу;
     - өнөр  жайлык  калдыктарды кайтадан пайдаланууга жана кайра иште-
түүгө түрткү берүүчү рыноктук механизмдерин ишке киргизүү;
     - эл аралык конвенцияларда жана макулдашууларда каралган механизм-
дерди жана тышкы карызды конверциялоону кошо алганда (таза өнүгүү меха-
низми, углероддук кредит ж.б.) эл аралык механизмдерди колдонуу. 

     4.4. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу
          жагындагы контроль

     Айлана-чөйрөнү коргоо  жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жа-
гындагы контроль жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын,  анын са-
патынын  нормативдерин  жана  экологиялык  талаптарды  сактоону,  айла-
на-чөйрөнү коргоо,  жаратылыш ресурстарын кайталап өндүрүү жана  сарам-
жалдуу  колдонуу  боюнча  иш-чараларды  камсыз кылуу максатында аткаруу
бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ишке ашырылуучу чаралар-
дын системасы катары аныкталат. Кыргыз Республикасында мамлекеттик, ве-
домстволук, өндүрүштүк жана коомдук экологиялык контроль ишке ашырылат.
     Жаратылышты коргоо саясатынын чараларын ишке ашыруу айлана-чөйрөнү
жана калктын ден соолугун экономикалык  жактан  негизделген  жана  таа-
сирдүү  коргоону  камсыз  кылуу  үчүн так аныкталган жана макулдашылган
иш-аракеттерди көрүүнү талап кылат.
     Айлана-чөйрөнү коргоо  жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жа-
гындагы контролду өркүндөтүүнүн негизги багыттары
     - бир  органдагы функцияларды айкалыштырууну сөзсүз четтетүү менен
айлана-чөйрөнү коргоо жагынан чарбакер  жана  контролдоочу  мамлекеттик
органдардын функцияларын жана милдеттерин так чектөө, ошондой эле иште-
рин так координациялоо;
     - контролдоо  жана укук колдонуу функцияларын ишке ашырууда кайта-
лоолорду четтетүү менен бир мамлекеттик органдын алкагында  экологиялык
багыттагы  бардык контролдоочу органдарды болушунча борбордоштуруу жана
ушундай иш-аракеттин процессинде  жарандар  менен  уюмдардын  укуктарын
коргоо механизмдерин түзүү;
     - айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы мамлекеттик контролдоо  органда-
рын текшерүү жүргүзүүгө же укук колдонуу иштерин жүзөгө ашырууга байла-
нышка маселелерге карата көз карандысыз  жана  калыс  чечимдерди  кабыл
алуу үчүн зарыл ыйгарым укуктар менен камсыздоо;
     - контролдоочу структураларды булганууларга баа берүүнүн расчеттук
методдорун  болушунча  четтетүү  үчүн айлана-чөйрө булгоонун дењгээлине
кубаттуу аналитикалык контроль жүргүзүүнүн азыркы учурдагы  каражаттары
менен жетиштүү техникалык жактан камсыздоо;
     - электрондук түрдө маалымдуулукту жөнөкөйлөтүү,  жогорулатуу жана
пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында чарбакер субъекттерди эко-
логиялык паспорттоштуруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
     - контролдоо көрсөткүчтөрүнүн системасын өркүндөтүү.

     4.5. Уруксат берүү системасы

     Жаратылышты коргоого уруксат берүү айлана-чөйрөгө өнөр жайлык таа-
сирлердин кењири  чөйрөсүн жөнгө салуунун жана технологиялык инновация-
ларды стимулдоонун негизги инструменти болуп саналат.
     Жаратылышты коргоого уруксат берүү системасынын жалпы милдети кал-
ктын ден  соолугун  жана  айлана-чөйрөнү  коргоо максатында экологиялык
таасир этүүнүн айрым булактарына карата юридикалык жактан милдеттүү та-
лаптарды жөнгө салууну органдар тарабынан белгилөө болуп саналат.
     Жаратылышты коргоо уруксаттарын берүүдө "Айлана-чөйрөнү коргоо жө-
нүндө" жана  "Экологиялык  экспертиза  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык  башка нормативдик талаптар - айлана-чөйрөгө таасир
этүүгө баа берүүнүн жыйынтыктары жана мамлекеттик экологиялык эксперти-
за эске алынууга тийиш.
     Жаратылышты коргоо уруксаттары ишканалардын айлана-чөйрөгө экспер-
тизада белгиленген талаптар аркылуу таасир этүүсүнүн масштабын жана са-
патын контролдоого  мүмкүндүк берүүчү нормативдик укуктук документ, иш-
кананын экологиялык статусу жөнүндө маалымат (экологиялык паспорт) жана
айрым ресурстар  жана  чөйрөлөр боюнча чектөөлөр (калдыктарды жайгашты-
рууга, чыгарууга, таштоого жогорку жол берилүүчү лимиттер) жөнүндө маа-
лымат болуп  саналат. Жаратылышты коргоо уруксаттары жаратылышты пайда-
ланууну комплекстүү  башкаруунун натыйжалуу администрациялык рычагы бо-
луп саналат.
     Уруксат берүү системасын өркүндөтүүнүн негизги багыттары:
     - айлана-чөйрөнү коргоого комплекстүү мамиле;
     - "трубанын  аягындагы"  контролдук эмес булганууну болтурбоо жана
азайтуу артыкчылыгы;
     - эксперттен кийинки контролду күчөтүү;
     - комплекстүү уруксат берүүгө арыздарды кароого коомчулуктун каты-
шуусу жана аларды маалымдоо;
     - контролдоонун  эњ мыкты жеткиликтүү техникалык методдорун колдо-
нуу,  мында сууну, сырьену керектөө жана энергия ресурстарды натыйжалуу
пайдалануу эске алынат.

     4.6. Институттук камсыздоо

     Экологиялык проблемаларды  ийгиликтүү чечүү кандайдыр бир потенци-
алдын, биринчи  кезекте  мыйзамдарда жана институттук чөйрөлөрдө болушу
менен аныкталат. Мамлекеттик башкарууну жана жарандык коомдук институт-
тук камсыздоо дайыма өзгөрүп туруучу эл аралык жана улуттук дењгээлдеги
саясий, социалдык,  экономикалык  жана башка шарттарга адаптацияланууга
тийиш.
     Республикада жүргүзүлүп  жаткан реформалар жана социалдык-экономи-
калык абал  жаратылышты  коргоо органынын саясий салмагынын төмөндөшүнө
жана мамлекеттик бюджеттин кыскарышына жараша айлана-чөйрөнү коргоо ор-
гандарына бөлүнүүчү  ресурстардын да кыскарышына алып келди. Жалпысынан
айлана-чөйрөнү коргоо  маселелери жаратылышты коргоо органдарынын, РЭУ-
лардын жана  эл аралык коомчулуктун күч аракеттери менен Өлкөнү өнүктү-
рүүнүн 2007-жылы  кабыл  алынган  стратегиясында экологиялык коопсуздук
маселелери өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына киргизилген. Иш жүзүндө
секторлор аралык  жана  ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жок жана
ишке ашырылбай келет.
     Институттук саясатты өркүндөтүүнүн негизги багыттары:
     - туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук (мамлекеттик) комиссиянын жана
аны  менен  биргелешип аракеттенүүчү ведомстволор аралык эксперттик жу-
мушчу топторунун жана ӨЭУлардын негизинде экологиялык иш-аракеттин  ко-
ординациялык механизмин бекемдөө;
     - жаратылыш ресурстарын башкаруунун улуттук системасын реформалоо,
жаратылышты коргоо  иш-аракетин башкаруу чечимдерин кабыл алууну демок-
ратташтыруу жана децентралдаштыруу контекстинде ишке ашыруу, бул чечим-
дерди практикалык жактан ишке ашыруу үчүн негизги жоопкерчиликти жерги-
ликтүү өз  алдынча  башкаруу  органдарына  жана  жаратылышты пайдалануу
субъекттерине жүктөө;
     - ички жана тышкы капиталдык салымдарды, донордук жардамдарды тар-
туу  үчүн  өлкөдө ыњгайлуу инвестициялык климатты түзүү аркылуу жараты-
лышты коргоо иштерин туруктуу каржылоо үчүн өбөлгөлөрдү түзүү;
     - структуралык  өзгөртүп  кайра  түзүүлөрдү  кыскартуу  жана айла-
на-чөйрөнү коргоо   жагында   ыйгарым   укуктуу мамлекеттик органдардын
структураларын болушунча турукташтыруу. 

     4.7. Экологиялык мониторинг жана маалыматтык камсыздоо

     Айлана-чөйрөнүн абалы  жана өзгөрүшү, анын ресурстары үчүн байкоо-
лорду, аларды  эсепке  алуу, баалоо, божомолдоо, контролдоо жана башка-
рууну камсыз  кылуу максатында республикада айлана-чөйрөнү жана жараты-
лышты пайдаланууну  мамлекеттик  мониторинг  жүргүзүү системасы иштейт.
Айлана-чөйрөнү мониторинг жүргүзүүнүн колдонуудагы системасы азыркы та-
лаптарга жооп  бербейт.  Мониторингдин  объектиси  болуп саналган айла-
на-чөйрөнүн компоненттеринин  саны  кескин  азайып кеткен. Республикада
мониторинг жүргүзүүнүн  бирдиктүү  улуттук системасы жок. Ар кандай ми-
нистрликтер менен ведомстволордун мониторинг жүргүзүү системасын ведом-
стволор аралык  координациялоо  жетишсиз  болгондуктан  айлана-чөйрөнүн
абалына толук түрдө калыс баа берүү жана өз учурунда экологиялык маани-
лүү чечимдерди  кабыл  алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга мүм-
күндүк бербейт.
     Айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү системасын  өркүндөтүүнүн  жана
маалыматтык камсыздоонун негизги багыттары:
     - айлана-чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына  экологиялык  монито-
ринг жүргүзүүнүн бирдиктүү мамлекеттик системасын түзүү;
     - мамлекеттик экологиялык мониторингди жүргүзүүчү аткаруу бийлиги-
нин республикалык  органдарынын өз ара аракеттерин жөнгө салуучу норма-
тивдик базаны өркүндөтүү жана маалыматтык ресурстар фондун түзүү;
     - республиканын  экономикасынын өзүнчө тармактары боюнча маалымат-
тардын тууралыгын  жана салыштырмалуулугун камсыздоо максатында көрсөт-
күчтөр системасын  өркүндөтүү, республиканын экологиялык мониторингинин
бирдиктүү методологиясын түзүү;
     - айлана-чөйрөнүн  абалы жана мүмкүн болуучу экологиялык коркунуч-
тар жөнүндө маалыматтын ачык-айкындуулугун камсыздоо;
     - жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен экологиялык коопсуз-
дукту камсыздоо маселелери боюнча калк арасында экологиялык  маалыматты
кењири жайылтуу;
     - интернетте  экологиялык сайттарды түзүү, экологиялык газета-жур-
налдарды басып чыгаруу. 

     4.8. Эл аралык кызматташтык

     Айлана-чөйрөнү коргоо  жагындагы  эл аралык кызматташтыкты өнүктү-
рүү, глобалдуу  жана  региондук проблемаларды чечүү үчүн мамлекеттердин
ортосундагы ыњгайлуу эл аралык мамилелерди түзүүгө да көмөктөшөт.
     Эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө экологиялык саясатты ишке ашыруу-
нун артыкчылыктуу багыттары Кыргыз Республикасынын эл аралык конвенция-
лар менен  макулдашууларга кийин алардын жоболорун аткаруу боюнча прак-
тикалык чараларды көрүү менен кошулуусу болуп саналат.
     Кыргыз Республикасынын  азыркы өнүгүшү дүйнөлүк мейкиндикке, ошон-
дой эле  Борбордук  Азия  регионунун ичинде интеграцияга умтулушу менен
айырмаланат. Бирдиктүү жаратылыш регионунун жалпы экологиялык жана эко-
номикалык проблемалары Туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттер аралык ко-
миссиянын (ТӨМК), Мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссия-
сынын (МАКСК),  Борбордук  Азиялык региондук экологиялык борбордун (БА-
РЭБ) алкагында  Борбордук  Азиянын  бардык өлкөлөрүнөн биргелешкен жана
макулдашылган иш-аракеттерди керүүгө көмөктөшөт.
     КМШ өлкөлөрү менен кызматташтык Мамлекеттер аралык экологиялык ке-
њештин чектеринде ишке ашырылат.
     Кыргыз Республикасы 1992-жылдан бери БУУнун Европалык экономикалык
комиссиясынын мүчөсү болуп саналат жана "Европа үчүн курчап турган чөй-
рө" процессине  активдүү катышып, башка эл аралык уюмдар жана мамлекет-
тер менен кызматташат.
     Эл аралык  экологиялык  конвенцияларга  жана эл аралык дењгээлдеги
жаратылышты коргоо иштерине, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты са-
рамжалдуу пайдалануу  жагындагы  бардык  иштелип  чыккан программаларга
республиканын кыйла  кењири катышуусун камсыз кылуу үчүн эл аралык кыз-
матташтыктын артыкчылыктары  белгиленүүгө жана аларды жүзөгө ашыруу бо-
юнча тиешелүү ишчараларды пландаштырууга тийиш.
     Эл аралык кызматташтык өркүндөтүүнүн негизги багыттары:
     - Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү сактоо боюнча дүйнөлүк ше-
риктештиктин күч аракеттерин баш коштурууга, туруктуу өнүгүүгө жетишүү-
гө катышуусу;
     - Жаратылышты  пайдаланууга  байланыштуу  эл  аралык келишимдерди,
контракттарды жана  макулдашууларды  милдеттүү  мамлекеттик экологиялык
экспертиза жана экологиялык мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо;
     - жаратылыш ресурстарын пайдаланууга, калкка жана жаратылыш чөйрө-
сүнө экологиялык  зыян келтирүүгө жөндөмдүү технологияларды, товарларды
жана кызмат көрсөтүүлөрдү трансчегаралык алып өтүүгө тиешелүү эл аралык
сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын активдүү катышуусу аркылуу глобал-
дуу процесске таасир этүү;
     - айлана-чөйрөнү коргоого жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу-
га кошумча  тышкы  инвестицияларды  тартууга  багытталган натыйжалуу эл
аралык кызматташтыкты уюштуруу. 

     4.9. Экологиялык коопсуздукту илимий жактан камсыздоо

     Экологиялык коопсуздукту илимий жактан камсыздоо туруктуу өнүгүүгө
өтүүнүн теориялык  жана  технологиялык  негиздерине багытталууга тийиш.
Экологиялык коопсуздук  жагындагы илимий-изилдөөлөр, бюджеттик програм-
малар жана  эл  аралык гранттар аркылуу мамлекеттик заказ боюнча илимий
мекемелер тарабынан жүргүзүлүшү керек.
     Илимий жактан камсыздоону өркүндөтүүнүн негизги багыттары:
     - Кыргыз Республикасынын жаратылыш системасынын экологиялык сыйым-
дуулугун жана алардын туруктуулук чектерин аныктоо;
     - экологиялык жактан таза жана ресурсту үнөмдөөчү технологияларды,
өндүрүштөрдү, сырьелордун, материалдардын, продукциялардын түрлөрүн жа-
на жабдууларды иштеп чыгуу;
     - биологиялык  ар  түрдүүлүктү  сактоо проблемаларын изилдөө, био-
коопсуздуктун илимий негиздери;
     - климаттын мүмкүн болуучу глобалдуу жана региондук өзгөрүшүнө ка-
рата жаратылыш  системаларынын  жана айыл чарба иштеринин секторлорунун
байланыштарын изилдөө;
     - экологиялык тобокелдиктерди аныктоонун илимий  негиздерин  иштеп
чыгуу жана экологиялык артыкчылыктарга экономикалык баа берүү;
     - айлана-чөйрөнүн абалынын өзгөрүшүнүн калктын ден соолугуна  таа-
сирин изилдөө;
     - тирүү организмдердин генетикалык жактан өзгөргөн түрлөрүнүн тар-
калышын талдоо  жана  бул процесстердин терс кесепеттерин контролдоонун
жана азайтуунун тийиштүү методдорун иштеп чыгуу;
     - топтолгон илимдерди системалаштырууну жана айлана-чөйрөнү коргоо
жагындагы илимий-изилдөөнү координациялоону уюштуруу.

     4.10. Экологиялык билим берүү

     Соњку убактарда республикада экологиялык жактан агартууга көбүрөөк
көњүл бурула баштады. Бул туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү концепци-
ясын иштеп чыгуунун жана бул процесске Туруктуу өнүктүрүү боюнча бүткүл
дүйнөлүк экинчи саммиттин (2002-ж.) жана айлана-чөйрөнү коргоо министр-
леринин Киевдеги жалпы европалык конференциясында берилген жањы импуль-
стун натыйжасы болуп саналат. Ушулардын бардыгы БУУнун 2005-жылдан тар-
тып башталган  демилгесине  - туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүүнүн он
жылдыгына салым болуп калды.
     Республикада экологиялык  жактан  агартуу  үчүн ченемдик-мыйзамдык
база иш  жүзүндө  түзүлдү. Ар кандай формаларда үзгүлтүксүз экологиялык
билим берүүнү караган программалар, алкактык документтер кабыл алынды.
     Республикада экологиялык билим берүүнү өнүктүрүүгө экологиялык би-
лим берүү борборлорунун функцияларын аткаруу менен (ӨЭУлар)  чоњ  салым
кошууда.  Бул өкмөттүк эмес уюмдардын эл аралык программалары менен ту-
руктуу байланыштары бар.
     Экологиялык билим берүүнү жогорулатуунун негизги багыттары:
     - билим  берүүнүн бардык дењгээлиндеги окуу программаларына эколо-
гия жана  туруктуу  өнүктүрүү  маселелерин киргизүү аркылуу үзгүлтүксүз
экологиялык билим берүү системасын түзүү;
     - милдеттүү  жана кошумча билим берүүнүн бардык дењгээлдеги систе-
малары үчүн  экология тармагында адистерди даярдоо, кадрларды кайра да-
ярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
     - экологиялык  проблемаларды жана жаратылышты сарамжалдуу пайдала-
нуунун зарылдыгын  кыйла  төрөњ  түшүнүүгө көмөктөшүүчү экология боюнча
жалпы билим берүүчү жана атайын окуу пландарын/программаларынын жањыла-
рын ишке киргизүү жана колдонуудагыларын жакшыртуу;
     - экологиялык билим берүү системасын мамлекеттик колдоо.

     4.11. Экологиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууга коомчулуктун
           катышуусу

     Айлана-чөйрө коргоо  проблемаларын  чечүү  өнөктөштүктөрсүз мүмкүн
эмес, ал  бардык  процесстин  кызыкдар катышуучуларынын бирдей статусун
болжолдойт. Азыркы  убакта республикада 200дөн ашуун экологиялык ӨЭУлар
иштейт. Мамлекеттик бийлик менен ӨЭУлардын өз ара аракети - экологиялык
маалыматка жеткиликтүүлүк  жөнүндө жана айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы
маселелер боюнча  чечимдерди  кабыл  алуу  жана сот акыйкаттыгына жетүү
процессине коомчулуктун  катышуусу жөнүндө БУУнун Орхусс конвенциясынын
милдеттенмелерин аткаруунун негизи, 2000-жылдан тартып Кыргыз Республи-
касынын катышуучусу  болуп  саналат.  Бул  Конвенциянын негизги максаты
мурдагы жана  азыркы муундун ар бир адамынын ден соолугуна ыњгайлуу ай-
лана-чөйрөдө маалыматка  жеткиликтүүлүктүн, айлана-чөйрөгө тиешелүү ма-
селелер боюнча  чечимдерди  кабыл  алуу  жана сот акыйкаттыгына жетишүү
процессине коомчулуктун  катышуусуна  берилген кепилдиктин эсебинен жа-
шоого укуктарын  коргоого  көмөктөшүү болуп саналат. Республиканын мил-
деттенмелерин ишке ашырууда бул Конвенция боюнча мамлекеттик жаратылыш-
ты коргоо  органынын  алдында ӨЭУлардын консультациялык кенеши түзүлгөн
жана иштеп жатат.
     Бул үчүн төмөнкүдөй чаралар зарыл:
     - коомчулуктун экологиялык жактан маанилүү чечимдерди кабыл алууга
катышуусу;
     - коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүү;
     - айлана-чөйрөгө олуттуу терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон  чар-
балык ири долбоорлор боюнча коомдук угууларды өткөрүү;
     - экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча коомдук пи-
кир түзүү;
     - жаратылыш мыйзамдарын сактоо боюнча коомдук  контролду  калыбына
келтирүү.

                5. Экологиялык коопсуздук концепциясын
                  ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжалары

     Экологиялык коопсуздуктун  бул  концепциясы республиканын туруктуу
өнүгүшүнө жетишүү максатында айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты са-
рамжалдуу пайдалануу жагынан мамлекеттик саясат жүргүзүү үчүн негиз бо-
луп саналат.
     Бул Концепциянын  жоболорун  ишке  ашыруу  төмөнкү багыттар - суу,
жер, токой ресурстарын, калдыктарды (өнөр жайлык, радиактивдүү, тиричи-
лик, химиялык  жана  башка),  биологиялык ар жактуулук ресурстарын, тоо
экосистемасын аймактарга карата, ошондой эле алардын табигый чектеринин
контексти боюнча башкарууну интеграцияланган планын иштеп чыгуу аркылуу
жүргүзүлөт.
     Интеграцияланган пландарды иштеп чыгуу туруктуу өнүктүрүү принцип-
теринин негизинде  республиканын социалдык экономикалык өнүгүшүнүн кол-
донуудагы программаларын  жана тармактык программаларын эске алуу менен
жана өз ара байланышта ишке ашырылууга тийиш.
     Интеграцияланган пландар  финансылык  керектөөнү жана каржылоо бу-
лактарын, артыкчылыктарды аныктоо менен беш жылдык мезгилге иштелип чы-
гышы керек.  Интеграцияланган  пландар  алардын  аткарылышын,  түзүлгөн
абалды, артыкчылыктын  өзгөрүшүн, финансылык каражаттардын болушун жана
улуттук жаратылыш ресурстарынын реалдуу абалын эске алуу менен жыл сай-
ын такталып жана оњдолуп турууга тийиш.