Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
                        Кыргыз Республикасынын
            2005-жылдын 12-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык
                            күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2001-жылдын 28-июну № 61

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

            Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
             өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

     1-статья.

     (Кыргыз Республикасынын  2007-жылдын 15-августундагы № 153  Мыйза-
мына ылайык  күчүн жоготту)

     2-статья.

     Кыргыз Республикасынын  Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,  1996-жыл,  №  6,  80-ст.)  төмөнкү
өзгөртүү киргизилсин:
     335-статьянын 3-пункту  3-пунктчадагы   "мүмкүн   болбосо"   деген
сөздөрдөн кийин ";" белгиси коюлуп,  төмөнкү мазмундагы 4-пунктча менен
толукталсын:
     "4) тараптардын ортосунда талаштар болгондо".

     3-статья.

     "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-жыл, N 6, 233-ст.) төмөнкү
толуктоо киргизилсин:
     6-статья төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
     "3. Эгерде бул күрөө жөнүндө келишим менен каралса, бир милдеттен-
ме аткарылган учурда күрөө тыюу салууну алып  салбастан  башка  кийинки
милдеттенмелерди да камсыз кылышы мүмкүн.".

     4-статья.

     "Ипотека жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,  1999-жыл,  № 9,  438-ст.) төмөнкү
толуктоо киргизилсин:
     4-статья төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
     "Эгерде келишим  ошол эле жактарга тиешелүү болсо жана бул ипотека
жөнүндө келишим менен каралса, бир милдеттенме аткарылган учурда ипоте-
ка тыюу салууну алып салбастан башка кийинки милдеттенмелерди да камсыз
кылышы мүмкүн."

     5-статья.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик
укуктук актыларын Ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

     6-статья.

     Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти               А. Акаев

     2001-жылдын 31-майында             Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                        Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
                                        тарабынан кабыл алынган