Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2020-жылдын 19-февралы № 150

 

Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө”, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик органдардын, Бишкек шаарынын мэриясынын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды таратуу, жайгаштыруу маселелери боюнча мамилелерин регламенттөө максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелери, тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

үч айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирин талдап чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин;

Бишкек шаарынын аймагында орнотулган сырткы жарнаманын жана жарнамалык конструкциялардын объекттеринин реестрине киргизүү боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн.

3. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 261 «Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы, ошондой эле сырткы жарнама каражаттарын жайгаштыруу жана күтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Ж.Б. Абиров

 

Бишкек шаардык кеңешинин

2020-жылдын «___» _______

№ ____ токтомуна тиркеме

 

Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жана

жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу

ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

I. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелери (мындан ары – эрежелер) Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.

2. Ушул эрежелерде төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:

сырткы жарнама объекттеринин реестри (мындан ары – реестр) – Бишкек шаарындагы бардык болгон сырткы жарнаманын жана жарнамалык конструкциялардын объекттери боюнча маалымат;

сырткы жарнама – Бишкек шаарынын аймагында плакаттар, такталар, жарык жана электрондук табло жана башка техникалык каражаттар түрүндө сырткы жарнаманы жайгаштыруу;

жарнамалык конструкция – проекциялык жана жабдуулардын жарнаманы  ар кандай үстүнкү бетине, аба шарларына, аэростаттарга, транспорт каражаттарына жана имараттардын, курулуштардын, курулмалардын сырткы дубалдарына, чатырларына жана башка конструктивдик элементтерине же алардан тышкары, ошондой эле коомдук транспорт кыймылынын аялдама пункттарына монтаждалуучу жана жайгаштырылуучу жарнаманы проекциялоо үчүн арналган калкандарды, такталарды, курулуш торчолорун, кермелерди, электрондук жана жарык таблолорду пайдалануу менен жарнаманы таратуу үчүн багытталган туруктуу аймактык жайгаштыруунун техникалык каражаттары;

ыйгарым укуктуу орган – сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүзөгө ашыруу, бирдиктүү шаардык жарнамалык-маалыматтык мейкиндикти камсыздоо, ошондой эле жарнама объекттеринин реестрине киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы (чарба жүргүзүүчү субъекти).

 

II. Сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды ресстрге киргизүү үчүн арыздарды кароо тартибине жалпы талаптар

 

3. Ыйгарым укуктуу орган:

1) Ушул эрежелердин талаптарын ишке ашыруу максатында:

 реестр жүргүзөт;

мамлекеттик жана социалдык жарнаманы жайгаштыруу маселелери боюнча жарнама берүүчүлөр, жарнамалык конструкциялардын ээлери, мамлекеттик органдар, Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү, чарба жүргүзүүчү субъекттери менен өз ара аракеттенет;

жарнамалык тексттердин Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык келишине лингвистикалык экспертиза жүргүзөт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жарнама ишин жүргүзүү үчүн техникалык каражаттарды долбоорлоого, курууга жана башкарууга жеке өнөктөштөрдү тартат;

ушул эрежелердин талаптарын бир канча жолу бузган жактар менен сырткы жарнаманы жана жарнама конструкцияларды жайгаштыруу укугуна келишимдик милдеттенмелерди токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат;

орнотуу же демонтаждоо мөөнөттөрү, жарнамалык-көркөм жасалгалоо абалы, сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун ылайыктуулугу боюнча келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;

жарнама чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат.

2) Төмөнкүлөр боюнча ушул эрежелердин талаптарынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат:

сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун укук ченемдүүлүгү;

сырткы жарнаманын жана жарнамалык конструкциялардын долбоордук документтерге ылайык келиши;

жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүмдөрү жана транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен керектүү макулдашуулардын болушу;

сырткы жарнаманын, жарнамалык конструкциянын абалы, сырткы көрүнүшүнүн күтүлүшү жана алар орнотулган аймактын абалы;

жарнамалык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн техникалык каражаттарды орнотуу жана пайдалануу.

4. Бишкек шаарынын аймагында менчиктин түрүнө карабастан, жер участоктордо жана башка объекттерге сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу реестрге киргизүү шартында жүзөгө ашырылат.

5. Реестрге киргизүү жарнама берүүчүнүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитиле турган тартипте жана форма боюнча жазуу түрүндөгү арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.

6. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) Жеке жактар үчүн:

 аты-жөнү;

 арыз ээсинин почта дареги;

 жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүүгө жеке жактын укугун ырастоочу башка документ;

 салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СТИН);

 жарнаманын жана жарнамалык конструкциянын багытталышы жана негизги параметрлери.

2) Юридикалык жактар үчүн:

уюмдун аталышы;

юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө маалыматтар;

жетекчинин аты-жөнү;

почта дареги;

салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СТИН);

жарнаманын жана жарнамалык конструкциянын багытталышы жана негизги параметрлери;

сырткы жарнаманын жана жарнамалык конструкциянын жайгашкан дареги.

7. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:

жер участокко же имаратка, курулмага укук белгилөөчү жана/же укук ырастоочу документтер;

жеке жактар үчүн – паспорттун көчүрмөсү;

жарнаманы стационардык жайгаштыруу учурунда – жарнамалык конструкцияга архитектуралык-техникалык корутунду;

жарнаманын эскизи.

8. Ыйгарым укуктуу орган арызды кароонун жыйынтыктары боюнча арыз берилгенден кийин 5 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө:

оң жыйынтык болгон учурда, маалыматтарды реестрге киргизет;

терс жыйынтык болгон учурда, баш тартуу жөнүндө арыз ээсине билдирүүнү жөнөтөт.

9. Арыз ээси тарабынан ушул эрежелердин талаптарынын сакталбагандыгы сырткы жарнаманы реестрге киргизүү жөнүндө баш тартуу үчүн негиздеме болуп эсептелинет.

10. Ыйгарым укуктуу орган сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды реестрге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу түрүндөгү негиздүү чечимди, чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жөнөтөт.

11. Сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияны реестрге киргизүү арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык, бирок жер участогун ижаралоо же жарнамалык конструкцияны ижаралоо укуктарын берүү мөөнөтүнөн ашык эмес, бир айдан бир жылга чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

12. Жарнаманын эскизи өзгөртүлгөн учурда, жарнама берүүчү реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга билдирүү жөнөтөт.

13. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизбестен төмөнкүлөргө тыюу салынат:

аларды пайдаланууга укугу жок, башка адамдарга документтерди өткөрүп берүүгө;

уруксат берүү документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

жарнамалык курулмалардын техникалык элементтерин өзгөртүүгө.

 

III. Сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга талаптар

 

14. Бишкек шаарынын аймагында жарнамага карата талаптар:

1) Жарнама:

атайын билинүүсүз, даярдыксыз, техникалык каражатсыз байкалып турушу керек;

мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча кошумча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин тилинде таратылышы керек;

жарнаманын текстинде адабий тилдин ченемдери сакталышы керек (алфавит жана орфографиялык эрежелер), белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлгөн товардык белгилер (тейлөө белгилери), типографиялык топтомдогу муундук литерлер (логотиптер) түп нускасынын тилинде келтирилиши мүмкүн;

башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого тийиш жана мамлекеттик тилдеги текст сырткы жарнаманын көрүнөө бөлүгүнө жайгаштыруу шарты менен жайгаштырылат;

жарнама берүүчүлөрдүн иш-аракеттери уруксаттамаланууга тийиш болгон учурда, жарнамада уруксаттаманын номери, ошондой эле уруксаттама берген органдын аталышы көрсөтүлүшү керек;

милдеттүү тастыктамаланууга тийиш болгон товарларды жарнамалоодо “товар тастыкталган” белгиси менен коштолушу керек.

2) Жарнаманын тексти:

жарандарды зомбулукка, агрессияга жана алардын жашоосуна, ден соолугуна коркунуч туудурган кооптуу аракеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга аракеттерди жасоого түрткү бербөөгө тийиш;

эротикалык жана порнографиялык мүнөздөгү маалыматты,  цензуралык эмес лексиканы камтыбашы керек;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чектөөлөр жайылтылган маалыматтарды камтыбашы керек;

жарнамалануучу товарларды пайдаланбаган жактарга терс мамиле кылбашы же мындай жактарды айыптабашы керек;

ар кандай ыкмалар менен таркатылуучу алкоголдук жана тамеки продукцияларды жарнамалоону жайгаштырууда, жарнама жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбөөгө тийиш;

жашы жете электердин укуктарын бузбоого тийиш.

3) Товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын жарнамалоо Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында көрсөтүлүшү керек.

15. Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга карата санитардык ченемдердин талаптары:

1) Жарнамалык конструкция:

санитардык ченемдерге жана талаптарга, техникалык элементтерге ылайык болушу керек;

ызы-чуу, вибрация, жарык, электр магниттик жана башка нурдануу ченемдерине ылайык келүүсү керек;

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн, аянттарынын, имараттарынын жана курулмаларынын бирдиктүү архитектуралык-көркөм көрүнүшүнүн талаптарына ылайык келүүсү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылышы керек;

техникалык коопсуздуктун ылайык келүүсүнө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылышы керек;

кагылышуу учурунда коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана катуу шамал, эксплуатациялоо учурунда жетиштүү туруктуулукту камсыздоого тийиш;

конструкция ээсинин маалыматтарын (уюмдун аталышы, дареги, телефон номери, ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылуучу инвентаризациялык номери) көрсөтүү менен маркалоосу болушу керек.

2) Жарнамалык конструкция:

 жол белгилери жана көрсөткүчтөрү менен окшош болбошу керек, алардын көрүнүшүн начарлатпоого, ошондой эле кыймылдын коопсуздугун азайтпоого тийиш;

көрүнүүгө тоскоол болбоосу жана муниципалдык жана башка курулмалардын техникалык жана эстетикалык талаптарын бузбоосу керек;

жөө жүрүүчүлөр, көчөлөрдү, тротуарларды тазалоо жана шаардык көрктөндүрүүсү менен байланышкан башка иштер үчүн тоскоолдуктарды түзбөшү керек, ошондой эле башка конструкцияларды жаап калбашы керек;

жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарынын көрүнүшүн чектебөөгө же кыймылдын катышуучулары тарабынан алардын кабыл алынышына тоскоолдук кылбоого тийиш;

жол кыймылынын катышуучуларынын жарык, анын ичинде конструкциянын үстүнкү бетинен чагылыштыруу менен көзүн уялтпашы керек;

инженердик курулмалардын өтмө курулуштарына жайгаштырууда курулмалардын тышкы өлчөмүн азайтпашы керек.

16. Автотранспорттук каражаттарда жарнаманын аянтынын өлчөмү транспорттук каражаттын кузовунун сырдалган үстүнкү бетинин 50 пайызынан ашпоого тийиш жана төмөнкүлөр үчүн гана жол берилет:

 автомобилдер үчүн - кузовдун каптал беттерине;

мотоциклдер үчүн - күйүүчү май бактарына жана шаймандар кутусунун капкагына.

17. Жарнамалык конструкциянын менчик ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:

орнотулуучу жарнамалык конструкцияга бекитилген архитектуралык-техникалык корутундуга ээ болууга;

көчө жарыктандыруу иш шарттамынын графигине ылайык жарнамалык конструкциянын маалыматтык талаасынын ички жана/же тышкы жарыгынын иштөөсүн камсыздоого;

электр жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген жарык приборлорун жарыктандыруу үчүн пайдаланууга;

жылына 18 календардык күндөн аз эмес мөөнөт менен кайтарымсыз негизде социалдык жарнаманы жайгаштырууну камсыз кылууга;

жарнамалык конструкцияны жайгаштыруу жерине жакын жайгашкан аймакты жашылдандырууну жана тазалоону камсыздоого;

жарнамалык конструкциянын талаптагыдай техникалык жана эстетикалык абалын камсыздоого, конструкцияны, тосмолорду өз убагында оңдоого жана сырдоого, өңү өчүп калган жана начарланган жарнаманы алмаштырууга;

10 календардык күн ичинде алар орнотулган аймакты жарнамалык конструкцияны демонтаждоодо баштапкы абалына келтирүүгө.

18. Сырткы жарнама алмаштыруу ушул эрежелерге ылайык ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.

 

IV. Сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияны токтото туруу жана демонтаждоо

 

19. Ыйгарым укуктуу орган жарнама берүүчү тарабынан мамлекеттик тил жөнүндөгү, жарнама чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдери жана талаптары, ошондой эле ушул эрежелердин талаптары бузулгандыгы табылган учурда, сырткы жарнаманы жайгаштыруу укугун 30 календардык күндүк мөөнөткө токтото турууга укуктуу.

20. Ыйгарым укуктуу орган жарнамалык конструкциянын ээси же пайдалануучусу тарабынан ушул эрежелердин ченемдери жана талаптары бузулгандыгы, ошондой эле конструкция ээсинин, пайдалануучусунун же анын ыйгарым укуктуу жактарынын жарандардын жашоосуна, ден соолугуна жана менчигине, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч туудурган, айлана-чөйрөгө зыян келтирген аракеттери табылган учурда, жарнамалык конструкцияны жайгаштыруу укугун токтото турууга укуктуу.

21. Ыйгарым укуктуу орган сырткы жарнаманы жайгаштыруу укугун токтото турууга алып келген бузууларды жоюу жөнүндө жарнамалык конструкциянын ээсине же пайдалануучусуна бузуулар аныкталган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде жазуу түрүндө билдирүүгө милдеттүү.

22. Жарнамалык конструкциянын ээси же пайдалануучусу тарабынан бузуулар жоюлганда ыйгарым укуктуу орган 3 жумуш күндүн ичинде сырткы жарнама жайгаштыруу укугун кайра баштайт.

23. Бузуулар билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюлбаганда, ыйгарым укуктуу орган бузууларды жоюу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде сырткы жарнаманы жана/же жарнамалык конструкцияны демонтаждоо жол-жобосун демилгелейт.

24. Сырткы жарнаманы же жарнамалык конструкцияны демонтаждоо боюнча чыгымдар жарнамалык конструкциянын ээсине же пайдалануучусуна жүктөлөт.

25. Сырткы жарнаманы же жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

26. Демонтаждалган сырткы жарнаманы же жарнамалык конструкцияны ташып чыгаруу жана чогултуу 30 календардык күндүн ичинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

27. Демонтаждалган сырткы жарнаманы же жарнамалык конструкцияларды кайтарып берүү жарнамалык конструкциянын ээси же пайдалануучусу тарабынан демонтаждоо, ташуу жана сактоо менен байланышкан чыгымдардын орду толтурулган күндөн тартып жүргүзүлөт.

28. Сырткы жарнаманы же жарнамалык конструкцияны сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин, ыйгарым укуктуу орган чыгымдардын ордун толтуруу максатында, сотко сырткы жарнаманы же жарнамалык конструкцияны утилизациялоо жана андан ары чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө доо арызы менен сотко кайрылууга укуктуу. 

 

V. Сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу боюнча чектөөлөр

 

29. Сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды төмөнкүлөргө жайгаштырууга жана орнотууга тыюу салынат:

батыш тарабынан – Панфилов көчөсү, түштүк тарабынан – Токтогул көчөсү, түндүк тарабынан – М. Фрунзе көчөсү, чыгыш тарабынан –Эркиндик бульвары менен чектелген аймакка;

 «Манас», «Театрдык», «Университеттик», «9-май», «Өкмөттүк», «Жеңиш» аянттарынын аймактарына;

архитектура жана маданият ансамблдеринин жана эстеликтеринин аймактарына;

сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияны жайгаштыруу объектти визуалдык кабыл алуу үчүн тоскоол болгон архитектура, жаратылыш жана бакча-сейил бак искусствосунун, сейил бак жана эс алуу зоналарынын, маданият, монумент жана аза күтүү объекттеринин эстеликтерине жанаша жайгашкан аймактарга;

тарых жана маданият эстеликтери, ибадат жана аза күтүү объекттери, окуу жайлары, мектеп жана мектепке чейинки мекемелер, дарылоо мекемелери болуп саналган имараттардын, курулмалардын аймагына, фасаддарына, чатырларына жана башка конструктивдүү элементтерине;

жол кыймыл белгилерине, жолчырактарга, жол кыймылынын жана жолчырак таянычтарына, жол кыймылын жөнгө салуу үчүн арналган башка түзүлүштөргө;

троллейбустардын байланыш тармактарынын илме тутумдарына жана электр өткөргүч чубалгыларына, ошондой эле темир бетон жана чоюн тосмолоруна (перила);

“Транспорт-транспорт” жана “Транспорт-жөө жүрүүчү” көрүнүшүнүн үч бурчтуктарынын чектериндеги жолдордун кооптуу участокторуна, темир жол өтмөктөрүнө, туннелдерге.

30. Жерлердин жана имараттардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле аткаруунун жогорку көркөм-эстетикалык жана техникалык деңгээлин эске алуу менен сырткы жарнамага жана жарнамалык конструкцияларга карата жогорулатылган талаптар төмөнкүлөргө белгиленет:

1) маанилүү режимдик объекттерге жашоо-тиричилик иш-аракеттеринин жана жашоо-тиричилик камсыздоо объекттерине, темир жол жана автомобиль көпүрөлөрүнө жанаша жайгашкан аймактарга;

2) төмөнкү көчөлөрдүн чектериндеги аймактарга:

батыш тарабынан – Курманжан Датка көчөсү, чыгыш тарабынан –Жаш Гвардия бульвары менен чектелген Жибек-Жолу проспекти;

 түндүк тарабынан – Жибек-Жолу проспекти, түштүк тарабынан – Москва көчөсү менен чектелген Жаш Гвардия бульвары;

чыгыш тарабынан – Жаш Гвардия бульвары, батыш тарабынан – Манас проспекти менен чектелген Москва көчөсү;

түндүк тарабынан – Москва көчөсү, түштүк тарабынан – Иса Ахунбаев көчөсү менен чектелген Манас  жана Ч.Айтматов проспекттери;

чыгыш тарабынан – 7-апрель көчөсү, батыш тарабынан –Ч. Айтматов  проспекти менен чектелген Иса Ахунбаев көчөсү;

түндүк тарабынан – Шабдан Баатыр көчөсү, түштүк тарабынан –Иса Ахунбаев көчөсү менен чектелген 7-апрель көчөсү; 

түндүк тарабынан – Жибек-Жолу проспекти, түштүк тарабынан Шабдан Баатыр көчөсү менен чектелген Курманжан Датка көчөсү;

3) Дэн Сяопин, Чүй проспекттеринин жана Юсуп Абдрахманов, Тоголок Молдо, Аалы Токомбаев, Максим Горький, Анкара, Болот Юнусалиев көчөлөрүнүн аймактарына.

31. Жогорулатылган талаптар Бишкек шаарынын мэриясы менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.

 

VI. Реестрди жүргүзүү тартиби

 

32. Реестрге эсепке алуу объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

плакаттар, такталар, жарык таблосу жана туруктуу аймактык жайгаштыруунун башка техникалык каражаттары жайгаштырылуучу, сырткы жарнама жана жарнамалык конструкция;

 транспорттук каражаттарга жайгаштырылуучу сырткы жарнама.

33. Реестрди жүргүзүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

34. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) реестрди жүргүзүү тартибинин жана реестрди жүргүзүүгө коюлган талаптардын сакталышын камсыздоого;

2) реестрге жетүү жана коммерциялык сырды коргоо укуктарынын сакталышын камсыздоого;

3) маалыматтык-сурап билүү тейлөөсүн жүзөгө ашырууга, реестрдин көчүрмөлөрүн белгиленген тартипте берүүгө.

35. Реестрге төмөнкүлөр киргизилет:

жарнаманын эскизи;

жарнамалык конструкциянын дареги (жайгашкан орду), кадастрдык номери, жарнама автотранспорттук каражатка жайгаштырылган учурда – автотранспорттук каражаттын мамлекеттик номери;

сырткы жарнаманын жана жарнамалык конструкциянын өлчөмү жана аянты;

сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияны жайгаштырууга укуктардын аяктоосунун датасы жана  мөөнөтү;

юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк, сырткы жарнаманын жана жарнамалык конструкциянын ээсинин же пайдалануучусунун паспорттук маалыматтары;

укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин маалымдаректери;

сырткы жарнаманын жана жарнамалык конструкциянын же автотранспорттук каражаттын ээси жана/же пайдалануучусу жөнүндө маалыматтар;

сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияны жайгаштырууга архитектуралык-техникалык корутунду жөнүндө маалыматтар;

жарнамага карата негиздерин жана алардын пайда болгон жана токтотуу датасын көрсөтүү менен белгиленген чектөөлөр жөнүндө маалыматтар.

36. Реестр кагаз жана электрондук түрдө жүргүзүлөт. Алардагы маалыматтар шайкеш келбеген учурда, кагаз түрүндөгү маалыматтар артыкчылыкка ээ.

37. Реестр маалыматты уурдоону, жоготууну, бурмалоону жана жасалмалоону алдын алууну камсыз кылуучу шарттарды сактоо менен бөтөн адамдар үчүн жеткиликсиз жерлерде сакталышы жана иштетилиши керек.

38. Реестрге сырткы жарнама же жарнамалык конструкция жөнүндө маалыматтарды жана алар жөнүндө маалыматтардын өзгөртүлүшү тууралуу жазууларды киргизүү, реестрге киргизүүгө тийиш болгондугу жөнүндө маалыматтар, сырткы жарнаманын же жарнамалык конструкциянын ээсинин же пайдалануучунун жазуу түрүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт.

39. Документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелген арыз ыйгарым укуктуу органга сырткы жарнаманы же жарнамалык конструкцияны жайгаштырууга укуктардын пайда болуу, аны өзгөртүү же токтотуу (маалыматтардын өзгөртүлүшү жөнүндө) учурунан тартып 2 жумалык мөөнөттө берилет.

40. Сырткы жарнама же жарнамалык конструкция ушул эрежелердин талаптарына ылайык келбеген, сырткы жарнаманы же жарнамалык конструкцияны жайгаштырууга жактын укуктары ырасталбаган, реестрге маалыматтарды киргизүү үчүн зарыл болгон документтер берилбеген же толук эмес көлөмдө берилген учур белгиленсе, ыйгарым укуктуу орган реестрге маалыматтарды киргизүүдөн баш тартат.

 

VII. Эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

41. Жеке, юридикалык жактар жана кызмат адамдары ушул эрежелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдары тарабынан каралган талаптарды бузгандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

42. Бишкек шаарынын аймагында реестрге киргизүүгө тийиштүү ыйгарым укуктуу органдын чечимдери Кыргыз Республикасынын “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамына ылайык  даттанылышы мүмкүн.