Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2020-жылдын 19-февралы № 151

Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө1. ” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолор тутумун башкаруу жана иштетүү боюнча бирдиктүү шаардык саясатты ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобо, тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Бишкек шаарынын мэриясы:

2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө “Бишкек токтомолор жана унаа туруктар” муниципалдык ишканасынан Бишкек шаарынын бюджетине түшүүчү каражаттар боюнча болжол планды Бишкек шаардык кеңешине киргизсин;

 өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3.    Ушул токтом Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шарттарында жол боюнда муниципалдык токтотмолорду уюштуруу” долбоорун ишке ашырганга чейин иштейт.

 4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Ж.Б. Абиров

 

 

Бишкек шааардык кеңештин

2020 –жылдын “____” ________

№____ токтомуна тиркеме

 

 

Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобо

 

 

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары-жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты. 

2. Ушул жобо Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат.

3. Ушул жобо Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолор тутумун  башкаруу жана иштетүү боюнча бирдиктүү шаардык саясатты ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

4. Ушул жобонун ченемдери жеке жана юридикалык жактардын жеке менчигинде турган жер участоктордо, ошондой эле ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участоктордо токтотмолорду уюштурууга жайылтылбайт.

 

II.Терминдер жана түшүнүктөр

5. Ушул жободо колдонулуучу  терминдер жана түшүнүктөр: 

токтотмолорду уюштуруу - транспорттук каражаттарды токтотуу үчүн атайын жасалган орундарды түзүү боюнча техникалык жана уюштуруу чаралар комплекси;

муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмо – автомобилдик жолдордун бөлүгү болуп саналган жана (же)  транспорт жүргөн бөлүгүнө жана (же) тротуарга, жол жээгине, эстакадага же көпүрөгө жанаша жайгашкан же эстакаданын же көпүрөнүн алдындагы мейкиндиктердин, аянттардын же башка көчө-жол тармагынын объекттеринин, имараттарынын, курулуштарынын же курулмаларынын бөлүгү болуп эсептелген жана акы төлөнүүчү негизде же менчик ээсинин чечими боюнча акы алуусуз автотранспорт каражаттарынын унаа туруктарын уюштуруу үчүн арналган атайын белгиленген, жасалган жана жабдылган орун;       

транспорт каражатын токтотуу үчүн акы - ушул максаттар үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан атайын бөлүнгөн жана жабдылган орундарда ордун, сутканын убактысын жана токтотуу узактыгын, транспорттун түрүн эске алуу менен акы төлөнүүчү муниципалдык токтотмону пайдалануу үчүн Бишкек шаардык кеңеши тарабынан белгиленген төлөмдүн өлчөмү;

токтотуу убактысы - транспортту токтотуу ордуна киргизүү убактысы башталышы жана  токтотуу ордунан чыккан учур аягы болуп эсептелинген акы төлөнүүчү токтотмого (токтотмо ордун пайдалануу) транспорт каражатын жайгаштыруу убагынын мезгили; 

токтотуу орду - бир транспорт каражатын жайгаштыруу үчүн арналган токтотмодогу атайын белгиленген, жасалган жана жабдылган орун;       

муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмонун пайдалануучусу–муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмого транспорту менен кирген жана транспорт каражатын токтотмо орунга жайгаштырган транспорт каражатын башкаруучу жак;   

ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарынын муниципалдык аймагында токтотмо ишмердигин жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы (чарба жүргүзүүчү субъект);

ыйгарым укуктуу органдын өкүлү –муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмонун ага бекитилип берилген аймагында башкарууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын кызматчысы; 

токтотмо орундарын уюштуруу схемасы –муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону уюштуруу үчүн архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыккан  схема.

 

III. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу схемасы

6. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону уюштуруу схемасы (мындан ары – схема) ыйгарым укуктуу органдын табыштамасынын негизинде архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат.

Схемалар пайда болгон шаар курулуш жагдайларын, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоого карата талаптарды эске алуу менен иштелип чыгат.

Схемага өзгөртүүлөрдү киргизүү ыйгарым укуктуу органдын арызы боюнча архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат жана тийиштүү органдар жана кызматтар менен макулдашылат.

7.Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин имараттарына жанаша жайгашкан аймакта уюштурууга жол берилбейт.

8. Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган токтотуу орундарын уюштуруу схемаларынын долбоорлорун, схеманын долбоорун алган күндөн тартып 5 күндүн ичинде долбоорду макулдашып берүүгө же жазуу жүзүндөгү сын-пикирди берүүгө милдеттүү болгон, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнө жана Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарына макулдашууга жөнөтөт. 

9. Схемаларды иштеп чыгуу ыйгарым укуктуу органдын каражаттарынын эсебинен акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат. 

10. Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган макулдашылган  схемаларды иштеп чыккан күндөн тартып 5 күндүн ичинде жана акы төлөнгөндөн кийин ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берет. 

Макулдашылган схемалар, анын ичинде ага киргизилген өзгөртүүлөр ушул жобо тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу  органдын буйругу менен бекитилет. Схемалар 5 жылга чейинки мөөнөткө бекитилет.  

11. Схемалар шаардык аймактардын өзүнчө участокторунун (көчөнүн участоктору, көчө, бульвар, магистрал, аянт, квартал) өзүнчө байланышкан жана өз ара  дал келген схемалардан турушу мүмкүн.

12. Схемалар чек араларды, токтотмо орундарынын санын жана транспорт каражаттарын токтотуу тартибин көрсөтүү менен муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу үчүн  орундарды аныктайт.

Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган кээ бир участоктор боюнча муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолордо транспорттун кирүү жана чыгуусун уюштуруу бөлүгүндө кошумча сунуштарды бериши мүмкүн.

 

IV. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолордун аймагын күтүү жана жабдуу боюнча талаптар

13. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолор транспорт каражаттарын убактылуу жайгаштыруу жана аларды тартипке келтирүү, автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көтөрүү жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында түзүлөт. 

14. Токтомолор  төмөнкүлөр менен жабдылышы керек:

жол кыймылынын тиешелүү белгилери;

токтотуу орундарына белги салынышы;

маалыматтык көрсөткүчтөр.

15. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолордун аймагы жана ага кирүү жолдору кардан, муздан жана башка буюмдардан тазаланып турушу керек. 

16. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолордо жасалма төшөлмөлөрдүн белгилениши жана акы төлөнүүчү токтотуулардын жабдылышы милдеттүү.  

17. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду зарыл жабдуулар менен жабдуу боюнча уюштуруу;

муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду көрктөндүрүү боюнча жумуштарды уюштуруу;

муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолордун аймагын тазалоо боюнча жумуштарды жүргүзүү; 

муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолордо транспорт каражаттарынын кыймылын жөнгө салуу каражаттарын (жол белгилери, маалыматтык көрсөткүчтөр) орнотуу;

айдоочулар тарабынан  токтотуу орундарын пайдалануу эрежелерин жана Жол кыймылынын эрежелерин сактоо менен,  муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолордо  транспорт каражаттарынын  жүрүүсүн жана токтоосун контролдоо.

18. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолордун иштөө режими  дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары, күн сайын  саат 08:00дөн  20:00гө чейин белгиленет. 

 

V. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду колдонуу эрежелери

19. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолордо транспорт каражаттарынын ээлерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:

токтотмо орундарында транспорт каражаттарынын эркин жайгашуусуна тоскоолдук жаратууга;

токтотмо орундарынын чек араларын бузуу менен, транспорт каражаттарын жайгаштырууга;

токтотмо үчүн арналбаган, атайын жол белгиси салынбаган жерлерге транспорт каражаттарын токтотууга;   

токтотмо орундарын резервдөөгө;

мамлекеттик каттоо белгиси окулбаган же мамлекеттик каттоо белгисин аныктоого кыйынчылык туудурган бузуулары менен транспорт каражаттарын калтырууга;      

муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорго  транспорт каражаттарынын кирүүсүн (чыгуу) тосууга;

коомдук тартипти бузууга;

муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолордун аймагын булгоого;  

транспорт каражатын оңдоону, аны технологиялык суюктуктар менен толтурууну, транспорт каражатын  жууну жүзөгө ашырууга; 

коммерциялык иштин ар кандай түрүн ишке ашырууга;

чоңдордун кароосусуз жашы жете элек балдарды транспорт каражатынын  салонуна калтырууга; 

муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду пайдалануунун  белгиленген тартибин бузуучу башка аракеттерди жасоого. 

20. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду пайдалануу ыйгарым укуктуу органдын өкүлү токтотмодо бош орун бар болсо, колдонуучуга токтотмо ордун пайдалануу укугун берүүгө милдеттүү, ал эми колдонуучу акы төлөнүүчү муниципалдык токтотмону пайдалангандыгы үчүн  акы төлөө менен ушул жобого ылайык токтотуу эрежелерин сактоого милдеттүү болгонго ылайык, ыйгарым укуктуу органдын өкүлү менен муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону пайдалануучунун ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде ишке ашырылат.       

21. Ыйгарым укуктуу органдын өкүлү менен муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн келишим транспорт каражатын колдонуучу тарабынан муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмого транспорт каражаты токтотулган учурдан тартып түзүлдү болуп эсептелинет. 

22. Ыйгарым укуктуу органдын өкүлү менен муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн келишим колдонуучу тарабынан муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону пайдалангандыгы үчүн  акы төлөнгөн шартта,  транспорт каражаты токтотмодон чыккандан кийин токтотулду болуп эсептелинет. 

23. Келишим транспорт каражатынын ээси муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмого келгенде оозеки формада түзүлөт, муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмого токтоткондугу үчүн акы төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк менен тастыкталат.      

24. Ыйгарым укуктуу органдын өкүлү ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган учурлардан тышкары, келишим түзүүдө башкалардын алдында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмонун бир колдонуучусун артык көрүүгө укугу жок.

25. Ыйгарым укуктуу орган  муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону колдонуу тартибин өз алдынча аныктайт жана ушул жобого жана Жол кыймылынын коопсуздук  эрежелерине ылайык  муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону коопсуз эксплуатациялоону кепилдеген иш-чараларды камсыздоосу, уюштургандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.  

 

VI. Транспорт каражаттарын токтотуу үчүн төлөм

26. Транспорт каражатын токтотуу үчүн төлөм токтотууга белгиленген мезгили үчүн бир жолку талон алуу же контролдук касса машинасы аркылуу (мындан ары-ККМ) кассалык чекти алуу жолу менен   ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнө накталай каражат төлөө менен жүргүзүлөт. 

Транспортту токтотуу кызматтары 15 мүнөт акысыз тургандан кийин төлөнөт.

27. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону пайдалануу үчүн төлөмдүн өлчөмү жана муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорго  токтотуу үчүн төлөө жөнүндө дүмүрчөктүн формасы  (талон) Бишкек шаардык кеңеши тарабынан белгиленет жана бекитилет. 

28. Ыйгарым укуктуу органга схеманы иштеп чыгуу, даярдоо жана бекитүү менен байланышкан чыгымдарды төлөөгө каражаттар шаардык бюджетте каралышы жана бөлүнүшү керек.

29.  Токтотуу үчүн төлөмдөн “МАЙЫП” деген  таануу белгилери менен белгиленген жана каттоо документтеринде тийиштүү белгиси бар автотранспорт каражатынын ээлери - 1-2-топтун майыптары бошотулат.

 

VII. Ыйгарым укуктуу органдын жана муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери

30. Ыйгарым укуктуу орган жыйымды эсептөө тартибинин сакталышын камсыз кылат жана Бишкек шаарынын бюджетине муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорго транспорт каражаттарын токтотуу үчүн акча каражаттардын чогулуу суммасынын өз убагында түшүүсүн контролдойт.

31. Ыйгарым укуктуу орган жана анын өкүлдөрү ушул жободо каралган муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорго транспорт каражаттарын токтотуу үчүн төлөмдөрдүн эсебин жүргүзөт жана контролдойт.

32. Отчёттук мезгилден кийинки кварталдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын таза кирешесинин 50 пайызы жергиликтүү бюджетке которулууга тийиш. Таза кирешенин калган бөлүгү ыйгарым укуктуу органдын ишин өнүктүрүүгө жана колдоого пайдаланылат.

33. Ыйгарым укуктуу орган жана анын өкүлдөрү муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону колдонуучулардын укуктарын жана  мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого милдеттүү.

34. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:

ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнөн муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмодо транспорт каражатын токтотууга акы төлөө тууралуу дүмүрчөктү (талон) талап кылууга;

ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын чечимдерин, аракеттерин же аракетсиздигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга.

35. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

акы төлөнүүчү муниципалдык токтотмолордо токтотуу үчүн   акы төлөө тууралуу милдеттенмени белгиленген тартипте аткарууга;

тартип  бузуунун кесепеттерин жоюу же тартип бузууну жасоого алып келе турган аракеттерди же аракетсиздикти токтотуу тууралуу ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн мыйзамдуу көрсөтмөсүн аткарууга;

ушул жобонун негизинде  ал тарабынан милдеттерди аткарууда ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн мыйзамдуу  ишине  тоскоолдук кылбоого.

36. Муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону  пайдалангандыгы үчүн акы төлөө боюнча талаптар бузулган учурда, муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмону колдонуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

 

VIII. Корутунду бөлүк

37. Ыйгарым укуктуу органдын жана анын өкүлдөрүнүн чечими, аракеттери жана аракетсиздиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

М. Дж. Алымбеков