Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2020-жылдын 14-январы № 141

Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 29-мартындагы №142 «Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомдоруна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

 1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – жобо);

2-тиркемеге ылайык, жер участогун ижаралоонун типтүү келишими;

3-тиркемеге ылайык, шаар куруу корутундусу.

2. Ушул токтом Бишкек шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелери белгиленген тартипте бекитилгенден жана күчүнө киргенден кийин күчүнө кирет.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин;

алты айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө»;

2011-жылдын 20-декабрындагы № 289 «Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиялардын жоболорун бекитүү жөнүндө» ;

 2013-жылдын 19-ноябрындагы №55 “Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабры №288 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна, 2011-жылдын 20-декабры № 288 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2016-жылдын 30-ноябрындагы №193 “Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”;

2018-жылдын 5-апрелиндеги №62 “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңештин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1- жана 2-пункттары.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Ж.Б. Абиров

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

2020-жылдын “___”_________

№_____токтомуна

1-тиркеме

 

Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө ЖОБО

 

1.    Жалпы жоболор

 

1. Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - жобо)  Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 29-мартындагы №142 «Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомдоруна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

2. Жобо Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун түзүү жана берүү тартибин, мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга жер участокторун ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы тоорукту уюштурууну жана өткөрүүнү регламенттейт.

3. Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин  32-беренесинде каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жер участокторун кайтарымсыз берүүгө жайылтылбайт.

 

II.Терминдер жана түшүнүктөр

 

4. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:

жерлерди ижаралоо - менчик ээси (ижарага берүүчү) тарабынан жер участогун ижарачыга пайдалануу укугу менен тийиштүү акыга белгилүү бир мезгилге берүүсү же өткөрүп берүүсү;

ижарага берүүчү – Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде жайгашкан жер участокторун башкаруу жана ээлик кылуу боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүргөн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;

ижарачы – жеке жана юридикалык жактар, анын ичинен ушул жобо менен белгиленген тартипте жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу бериле турган чет өлкөлүк жактар;

кайрадан түзүлгөн жер участогу - жаңыдан түзүлгөн жер участогу-эки же бир нече жер участокторун кошуунун натыйжасында, ошондой эле жер участогунун чек аралары (конфигурациясы) өзгөргөндөн кийин түзүлгөн жер участогу;

кепилдик төгүм (шертпул) - жер участогуна укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер төгүүчү акча суммасы;

башкы план – шаардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;

шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлору, башкы пландар, толук пландоо долбоорлору, чек салуу, кварталдарды куруу, шаар куруу түйүндөрүнүн жана шаардын пландоо түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору;

шаар куруу корутундусу – жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү), жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө, аймакты пландоо, жер участогунун максатынын, функционалдык арналышынын өзгөрүшү же жер участокторунун чек араларынын (конфигурация) өзгөрүшү тууралуу маалыматтарды камтыган шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын техникалык документи;

шаар куруу регламенти – белгиленген шаар куруу документтеринин, жер пайдалануу жана куруу эрежелеринин жана жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануунун уруксат берилген параметрлеринин жана түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөртүүлөрдүн жыйындысы;

электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгү - электрондук соода аянтчасында катталган пайдалануучуларга гана жеткиликтүү болгон сайттын бөлүгү;

жер участогу - туташ чектердеги жер аянты;

жалпы пайдалануудагы жерлер – калктын байланыш жолдору катары колдонулуучу же болбосо маданий-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылган жерлер (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, жол четиндеги жер тилкелери, жашыл бак-дарактар, газондор, арык жана башка авто унаа жолдорунун боюнда жайгашкан жана өткөн сугат тарамдары, өтмөктөр, токой сейил бактары, бульварлар, гүл бакчалар, көлмөлөр ж. б.);

чет өлкөлүк жак - жер-укуктук мамилелердин бир тарабы катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;

чет өлкөлүк юридикалык жак - төмөндө саналган белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак:

а) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;

б) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон;

в) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан: кат жүзүндөгү контракттын, добуш берүүчү көпчүлүк акцияларды сатуу укугу, аткаруучу жана байкоочу органдын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо укугу аркылуу контролдонот же башкарылат;

г) Кыргыз Республикасында катталган жана чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же ушул пунктчада аталган юридикалык жактарга таандык болгон уставдык капиталдын кеминде жыйырма пайызына ээ болгон;

д) мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн юридикалык жак;

шаар курууну жөнгө салуу сызыктары - ченемдик талаптарга ылайык анын чектеринде өзгөчө режимдер жана аларды пайдалануу эрежелери колдонулган аймактардын чек аралары;

жеке кабинет - пайдалануучунун электрондук соода аянтчасындагы автоматташтырылган жумушчу орду;

лот – укугу тоорукка коюлуп жаткан белгилүү бир жер участогу;

ак ниетсиз атаандаштык – субъекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн адаттарына, тартиптүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, артыкчылык алууга багытталган аракеттери, эгер мындай аракеттер төмөнкүдөй натыйжаларга алып келсе:

а) тооруктун катышуучуларынын өз ара жашыруун макулдашуусуна;

б) коррупцияга;

в) тоорукта бааны жасалма арзандатууга;

г) потенциалдуу катышуучулардын тоорукка катышуусун чектөөгө же катыштырбай коюуга жана башка карасанатай аракеттерге;

д) аукциондун катышуучулары менен комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара көмүскө бүтүм.

онлайн-жыйын – жер участокторуна укуктарды берүүнүн тартибин жана шарттарын ачык талкуулоонун катышуучуларынын чөйрөсүн кеңейтүү үчүн реалдуу убакыт режиминде жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын жыйындарын трансляциялоону карайт.

электрондук соода аянтчасынын оператору – Бишкек шаарынын мэриясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштеген жана электрондук тооруктар жүргүзүлүүчү Интернет тармагы электрондук соода аянтчасынын порталына ээ болгон маалыматтык системасынын ээси;

жер участогун өздөштүрүү – курулуш-монтаждык иштерди баштоо жана жер участокторун анын функционалдык багытталышына ылайык пайдалануу үчүн бардык зарыл болгон уруксат документтерин алууга байланышкан долбоор алдындагы жана долбоордук документтерди даярдоо боюнча иштер;

негизги жер участогу - ар түрдүү багыттагы объектилерди долбоорлоо жана куруу, анын ичинде жекече көмөкчү чарба жүргүзүү же жеке турак жай куруу, ошондой эле башка максаттар үчүн мамлекеттик кадастрдык эсепке алуудан өткөн жана белгиленген тартипте укугу катталган жеке жана юридикалык жакка менчикке/пайдаланууга берилген жер участогу;

жер пайдалануу жана куруу эрежелери - шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөрүүлөрдү регламенттөөчү ченемдик укуктук акт;

жер участогун пайдалануу укугу - жер участогуна менчик ээси болуп эсептелбеген жеке жана юридикалык жактардын буюмдук укугу;

талапкер – ижара келишимин түзүү укугуна карата электрондук форматта аукционго катышууга өтүнмө берген жак;

жер участогуна укуктарды берүү – муниципалдык менчикте турган жер участогунун ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеке же юридикалык жактарга пайдаланууга берилиши;

долбоор алдындагы документтер – долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана долбоорлорду кийин ишке ашыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилүүчү шаар куруу, архитектуралык-курулуш долбоорлорун иштеп чыгууга алып келүүчү документ;

долбоордук документтер – курулушту, кайра курууну же курулуш объекттерине жана/же алардын бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон архитектуралык, функционалдык-технологиялык, конструктивдүү жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктаган графикалык, долбоордук жана тексттик документтердин жыйындысы;

жер участогун уруксат берилген пайдалануу - кыймылсыз мүлк объектилерин калктуу конуштардын шаар куруу документтери жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куруу регламенттерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөргө жана сервитуттарга ылайык пайдалануу;

сервитут - менчигинде же башка жактын пайдалануусунда турган жер участогун чектелген түрдө максаттуу пайдаланууга адамдын укугу;

жер участогунун баштапкы наркы - электрондук аукцион баштала турган жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунун баштапкы баасы;

курулуш аянты – курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу мезгилинде берилген курулуш материалдарын, буюмдарын, жабдууларды, техниканы, калдыктарды жайгаштыруу жана жыюу үчүн колдонулуучу тосулган аймак;

ыйгарым укуктуу орган - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар берилген түзүмдүк бөлүмү;

архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарынын мэриясынын шаар куруу жана архитектура маселелерин кароого ыйгарым укук берилген түзүмдүк бөлүмү;

жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарында жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик каттоо органы;

катышуучу - аукционго катышууга киргизилген талапкер;

электрондук соода аянтчасы - аукционду уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернет тармагында жайгаштырылган жана катталган катышуучуларга бүтүмдөр боюнча электрондук операцияларды аралыктан (жеке катышуусуз) ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтык система;

электрондук аукцион (мындан ары – аукцион) – Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участогуна ижаралоо келишимин түзүү укугуна электрондук форматта өткөрүлүүчү тооруктун түрү, анда эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;

электрондук кол тамга (ЭКТ) - башка маалыматка электрондук формада кошулган жана/же аны менен логикалык жактан байланышкан маалыматка анын атынан кол койгон адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;

электрондук документ - электрондук түрдө берилген документтештирилген маалымат, башкача айтканда электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабыл алуусу үчүн жарактуу түрдө берилет;

жерлердин максаттуу багыты – жер участокторун жер участогуна болгон укук күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;

жерлердин функционалдык багыты – шаар куруу жана /же жерге орноштуруу документтерин эске алуу менен, жерлердин максаттуу багытына жана аймактын функционалдык зоналаштырылышына ылайык, жер участогунун багытталышы;

жер участогун түзүү – Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана жер мыйзамдарына, ошондой эле шаар куруу документтерине жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерин ылайык, чектерди аныктоого, максаттуу, функционалдык дайындалышын белгилөөгө, анын ичинде жер участогу жөнүндө тийиштүү маалыматтарды камтыган документтерди даярдоого багытталган уюштуруу аракеттердин жана иштердин комплекси.

 

III. Максаттар жана жөнгө салуу предмети

5. Ушул жобонун максаты болуп төмөндөгүлөр саналат:

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун натыйжалуу түзүү, башкаруу жана тескөө;

  жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде жер участокторунун жана кыймылсыз мүлк объекттеринин укуктуу ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо;

курулуш чөйрөсүндө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана демилгелөө;

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун пайдалануунун эрежелери жана шарттары жөнүндө ачык маалыматка жетүүнү камсыздоо;

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун түзүү тартибин жана шарттарын аныктоо;

шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү;

  жерлерди пайдаланууну контролдоо.

 

IV. Жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө арыздарды кароо тартиби

 

6. Документтерди берүү «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүзөгө ашырылат. Менчикке же ижарага берүү үчүн жер участокторун түзүү жеке демилгеси, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

7. Төмөнкүлөр көрсөтүлгөн арыз жеке жана юридикалык жактар тарабынан ыйгарым укуктуу органга берилет:

а) арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны бирдей идентификациялоо үчүн зарыл маалыматтар, атап айтканда: ким экендигин ырастоочу документтин реквизиттери, катталган жери жөнүндө маалымат; жеке жактар үчүн – катталган жери же анык турган жери, юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты мамлекеттик каттоонун дареги жана анык турган жери, байланыш телефон номерлери, арыз ээсинин атынан өкүл кайрылган учурда ишеним каттын реквизиттери. Юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк экендиги кошумча көрсөтүлөт);

б) жер участокко суралып жаткан укуктун түрү (мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу);

в) куруу ниеттердин баяндамасы, участоктун аянты жана турган жери; конкреттүү жер участогу жөнүндө маалымат жок болгон учурда, арыз ээси алгылыктуу жайгашкан ордун көрсөтөт, ага ылайык жер участогун тандоо жана түзүү жүзөгө ашырылат.

8. Ыйгарым укуктуу орган жер участогун түзүү үчүн архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылат.

9. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл алынганы жөнүндө ырастама берет, келип түшкөн арызды чектөөлөрдүн (Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоо жана сот органдарынын актылары) бар экендигин карап чыгат. Чектөөлөр болсо, арыз катталган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине негизделген баш тартуу жөнөтөт. Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөр жок болсо, катталган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жер участогун түзүү жөнүндө тиркелген материалдар менен арыз архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.

 

V. Ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө жер участогун түзүү тартиби

 

10. Жер участогун түзүүнү архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.

Ыйгарым укуктуу органдын арызынын негизинде беш жумуш күндүн ичинде шаар куруу документтерине, жер пайдалануу жана куруу эрежелерине, суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген куруу ниеттерине ылайык келишин белгилейт.

11. Арызда суралып жаткан жер участогу боюнча курулуш ниеттеринин шаар куруу документтерине, куруу жана жер пайдалануу эрежелерине ылайык келбестиги белгиленгенде, чектөөлөр болсо, арыз катталган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде негиздүү баш тартууну ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.

Суралып жаткан жер участогу боюнча курулуш ниеттерине ылайык келүүсү белгиленсе, 10 жумуш күндүн ичинде жер участогу жана шаар курууну жөнгө салуу сызыктары боюнча өткөн инженердик-техникалык тарамдардын учурдагы трассалары түшүрүлгөн 1:500 масштабындагы топографиялык планды аткарат, анын негизинде жети жумуш күндүн ичинде жер участогунун схемасын даярдайт; анда  жер участогунун чек аралары, бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү же учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге участоктун чек араларын байлаштыруу менен түшүрүлөт.

12. Жер участоктун чиймеси даярдалган күндүн кийинки күнүнөн кечиктирбестен бир эле мезгилде жер участогунун схемасынын көчүрмөсү менен суроо-талаптарды жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, жер участогунун чек араларын, ушул жер участогуна үчүнчү жактардын укуктарынын, чектөөлөрдүн бар экендигин тактоо жана жер участогунун схемасын макулдашуу үчүн милдеттүү түрдө жөнөтөт;

Суроо-талаптар төмөнкүлөргө жөнөтүлөт:

а) корутунду жана макулдашууну алуу үчүн электр, суу жабдыктары жана канализация, жылуулук жана газ жабдыктары, ошондой эле байланыш чубалгылары менен жабдууну камсыздаган инженердик-техникалык кызматтарга (инженердик коммуникациялар ал райондо инженердик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жаткандыгы, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларды ишке киргизүүнүн мөөнөтү тууралуу маалыматтар болгон учурда);

б) тийиштүү корутундуларды алуу үчүн экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу органдарына (жер участогу санитардык-коргоо зонасында, ошондой эле өрт чыгуу жана жарылуу коркунучунун зонасында болгон учурда);

в) тийиштүү макулдашууларды алуу үчүн эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарга, (жер участогу эстеликтерди коргоо зонасында болгон учурда);

г) жашыл өсүмдүктөрдү пайдалануу, анын ичинде аларды кыюу жана которуштуруу шарттары тууралуу маселелерди чечүү жана компенсацияларды төлөө үчүн жашыл өсүмдүктөрдү күтүү жана сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органга (муниципалдык менчикте турган жер участогунда жашыл өсүмдүктөр болсо);

д) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык бөлүмгө (жер участогу жолдордун боюнда жана көрүнүү үч бурчтугунун чегинде болсо);

е) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (мамлекет тарабынан корголууга тийиш болгон объекттер аймакта болгон учурда);

13. Жер участогу төмөнкү учурда түзүлдү болуп эсептелинет:

 жер участогу үчүнчү жактардын укуктарынан бош болгондо (сервитут жолу менен бекитилген укуктардан башка);

 жер участогу белгиленген чек араларга ээ болсо;

 жер участогу функционалдык багыттоого жана уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрүнө жана башка керектүү шаар куруу регламенттерине ээ болсо;

 ошол жер участогу боюнча эркин кубаттуулуктагы инженердик коммуникациялардын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар берилсе;

 бул райондо инженердик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларды ишке киргизүү мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар болсо;

 бул жер участогунда турган бак-дарактарды пайдалануу, кыюу, которуштуруу макулдашылып (эгер алар бар болсо), тийиштүү документтер болсо жана компенсациянын наркы аныкталса.

14. Ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө келип түшкөн суроо-талаптарды карайт.

Жер участогун берүү мүмкүн эмес болсо, ошондой эле ушул жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр бар болсо, арыз катталган учурдан тартып, беш жумуш күндүн ичинде архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга негиздүү баш тартуу жөнөтүлөт. Бул учурда архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жер участогун түзүү боюнча иштерди токтотот. Жер участогун түзүүнү токтотуу жөнүндө чечим үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.

15. Инженердик тармактарга кошуу үчүн мүмкүнчүлүктүн жоктугу, жер участогун сатып алуучу аукциондун катышуучусу бул жөнүндө маалымдалган шартта, жер участогуна укукту берүүгө тоскоол болбойт.

16. Беш жумуш күндүн ичинде жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү болсо, ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга тийиштүү корутундуларды жана макулдашууларды жөнөтүүгө милдеттүү.

Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында жер участогун берүү жана куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда тийиштүү мыйзамдарды сактоо боюнча шарттар, чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.

Көрсөтүлгөн мөөнөттө корутундулар берилбеген учурда, ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат жана жер участогун түзүү боюнча иш токтотулат, ал боюнча архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан корутундулардын, макулдашуулардын берүү мөөнөтү бузулгандыгы жөнүндө акт түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.

17. Ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар корутундуларды жана башка керектүү документтерди даярдоодо берилген маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул жобонун талаптарына шайкештиги үчүн мыйзам тарабынан белгиленген жоопкерчилик тартышат.

18. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган алынган оң материалдардын негизинде жети жумуш күндүн ичинде жер участогуна шаар куруу кортундусун үч нускада белгиленген формада түзөт, бирден нуска архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган, ыйгарым укуктуу орган жана арыз ээси үчүн.

Жер участогуна шаар куруу корутундусу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) 1:500 жана 1:2000 масштабдагы топографиялык планда аткарылган жер участоктун чиймеси түрүндөгү графикалык материал, ага төмөнкүлөр түшүрүлөт:

а) бурчтук чекиттердин координаттары көрсөтүлгөн жана участоктун чек араларын учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштыруу менен жер участогунун чек аралары;

б) инженердик-техникалык тармактар өткөн трассалардын долбоорлору жана аларга туташуу чекиттери, ошондой эле курулуш зонасына туш келген инженердик коммуникациялар жылдырылуучу трассалар;

в) шаар курууну жөнгө салуу сызыктары;

г) санитардык коргоонун суу коргоо, санитардык-коргоо зоналарынын чектери;

д) жер участогуна кирүү жолдорун куруу жана өтмөктөрдү уюштуруу;

е) жер участогунун чек араларында объектти куруунун максималдуу пайызы;

2) төмөндөгүлөрдү камтыган тексттик материал:

а) жер участогун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду;

б) жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү), анын ичинен сейсмикалуулук жана кооптуу инженердик-геологиялык жана техногендик процесстердин бар экендиги жөнүндө маалыматтар;

в) суралган жер участогу боюнча билдирилген куруу ниеттеринин шаар куруу документтерине, жер участогунун функционалдык багытына шайкеш келүүсү, ошондой эле жер пайдалануу жана куруу эрежелерине шайкеш келүүсү жөнүндө маалыматтар.

Жер участогу тийиштүү чектөөлөрдүн зонасында жайгашкан учурда жер участогунун шаар куруу корутундусуна төмөндөгүдөй кошумча шаар куруу регламенттери колдонулат:

а) жер пайдалануунун жана куруунун санитардык, суу коргоо, экологиялык жана башка шарттары боюнча;

б) тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча.

Жер участогунун жайгашкан жерине жана объекттин функционалдык багытталышына жараша төмөндөгүдөй кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:

а) көрктөндүрүүгө;

б) автотоктотмо жайларын жана участокко өтүү жолун, анын ичинде убактылуу (курулуш жүрүп жаткан мезгилде) уюштуруу;

в) курулуш аянтчасынан инженердик-техникалык коммуникацияларды (жеке менчикте тургандарды кошпогондо) чыгаруу.

Шаар куруу корутундусуна тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары жана макулдашуулары милдеттүү түрдө тиркелет.

Шаар куруу корутундусуна архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же ыйгарым укуктуу адам кол тамга коёт, уюмдун гербдүү мөөрү менен тастыкталат жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Шаар куруу корутундусу катталган күндөн тартып, 2 жыл аралыгында колдонулат. Жер участогун түзүү баскычында архитектуралык-пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.

19. Жер участогуна шаар куруу корутундусун даярдоонун жалпы мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын арызы келип түшкөн күндөн тартып 35 жумуш күнүн түзөт.

20. Арыздарды жеке жана юридикалык жактардан кабыл алуу архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы белгиленген тартипте бекитилгендерди эске алуу менен акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат. Жер участогуна шаар куруу корутундусун даярдоого байланышкан чыгымдарды төлөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын берилген эсептөөлөрүнө ылайык, ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине түшкөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Ыйгарым укуктуу орган архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын чыгымдарынын төлөмүн жер участогу бекитилгенден кийин жүргүзөт.

21. Шаар куруу корутундусунун ыйгарым укуктуу органга келип түшүүсүнө жараша ыйгарым укуктуу органга жер участогун бекитүү маселеси жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын жыйынында кароо үчүн 15 жумуш күндөн кечиктирилбестен киргизилет. Шаар куруу корутундусунун жана комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органга жер участогун бекитип берүү жөнүндө токтомунун долбоорун Бишкек шаарынын мэриясына бекитүүгө киргизет. Ар бир түзүлгөн жер участогуна карата протокол жол-жоболоштурулат.

22. Ыйгарым укуктуу орган, укук белгилөөчү документтер келип түшкөн күндөн тартып, 5 жумуш күндүн ичинде жер участогуна укук ырастоочу документтерди жол-жоболоштуруу менен жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоону камсыздайт.

23. Тарыхый жана маданий мурастын,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлүп жаткан азыркы турак курулуштун зоналарында жер участокту бөлүүдө жер участоктун планын алган күндөн тартып бир айлын ичинде коомдук угуулар өткөрүлөт.

24. Ушул жобонун талаптарын сактабастан түзүлгөн жер участогуна укук берүүгө жол берилбейт.

25. Коомдук жана мамлекеттик керектөөлөр үчүн объекттерди жайгаштырууга арналып түзүлгөн жер участоктору аукционго коюлбайт.

 

VI. Жер участокторго укуктарды берүү боюнчакомиссиянын ыйгарым укуктары, материалдарды кароо тартиби жана чечимдерди кабыл алуу

 

26. Жер участокторду ыйгарым укуктуу органга бекитип берүү менен байланышкан маселелерди, ошондой эле аукцион уюштуруу жана өткөрүү маселелерин чечүү үчүн жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт.

Муниципалдык менчик жана транспорт маселелерин тейлеген вице-мэр комиссиянын төрагасы болуп саналган, комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилет. Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, инженердик-техникалык кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомчулуктун, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын иш-аракетин уюштуруучулук камсыздоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырат жана ал протоколдун туура түзүлгөндүгү жана протоколдун комиссиянын жыйынында кабыл алынган чечимдерге ылайык келүүсү үчүн жоопкерчилик тартат.

27. Комиссия өз ишин жыйындар формасында жүзөгө ашырат. Комиссиянын жыйындары айына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.

Комиссиянын жыйыны күнү жыйынтыктар үч нускада протоколдор менен жол-жоболоштурулат, анын ар бирине Комиссиянын төрагасы, катчысы, катышкан бардык мүчөлөр кол тамга коюшат. Протоколдордун ар бир барагы Комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү тарабынан парафирленүүгө (кол тамга коюуга) жатат.

Протоколдун бир нускасы ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат, протоколдун экинчи нускасы Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлөт, протоколдун үчүнчү нускасы жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга Комиссиянын жыйыны өткөрүлгөн күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.

28. Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда, кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.

29. Комиссия төмөнкү чечимдерди кабыл алат:

а) ыйгарым укуктуу органга жер участокторун бекитүү жөнүндө;

б) жер участокторду аукционго коюу жөнүндө;

в) жер участокту пайдалануунун мөөнөттөрү жөнүндө (5 жылдан кем эмес);

г) жер участоктун баштапкы наркын белгилөө жөнүндө;

д) аукциондук кадамды аныктоо жөнүндө.

30. Комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:

а) Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан жана бөлүмдөрүнөн жыйындарда каралуучу маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизалардын актыларын жана башка материалдарды сурап алууга жана алууга;

б) материалдарды комиссиянын кароосуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен же болбосо толук эмес көлөмдө даярдаган учурда, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч берүүгө;

в) Бишкек шаарынын мэриясына комиссиянын жыйындарына үч жолудан ашык катышпай калган учурда комиссиянын мүчөсүн алмаштыруу жөнүндө өтүнүч берүүгө.

31. Комиссиянын жыйындарын комиссиянын төрагасы, ал жокто Комиссиянын төрагасынын орун басарларынын бири алып барат.

Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүүдө Интернет тармагында (социалдык тармактардагы расмий баракчада) түз видеотрансляция аркылуу онлайн режиминде видеожазма жүргүзүлөт.

Ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын жыйындарынын видеожазмасынын көчүрмөлөрүн квартал сайын Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүүгө милдеттүү.

32. Комиссиянын иши менен байланышкан материалдар (анын ичинде протоколдун бир нускасы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат.

33. Комиссиянын мүчөсү арызы каралып жаткан адам менен түздөн-түз кызыкчылыгы бар же туугандык мамиледе болгон учурда, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.

 

VII. Аукцион уюштуруу

 

34. Жер участокту аукционго коюу жөнүндө комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган аукцион өткөрүү күнүнө чейин 30 күн мурда электрондук соода аянтчасына «өздүк кабинети» аркылуу маалыматтык билдирмени жайгаштырууга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого Бишкек шаарынын мэриясынын же ыйгарым укуктуу органдын сайтына аукционду өткөрүү жөнүндө билдирмени жайгаштырууга милдеттүү.

35. Маалыматтык билдирме милдеттүү түрдө төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

ижарага берүүчүнүн аталышы, анын жайгашкан жери;

жер участогунун жайгашкан жери, идентификациялык коду, функционалдык багыты, аянты жана параметрлери (мүнөздөмө);

аукционго катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;

аукционго катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу датасы, убактысы жана кабыл алуунун аякташы;

жер участоктун баштапкы баасы;

кепилдик төгүмдү киргизүү суммасы жана мөөнөтү, ал которула турган банктын реквизиттери;

аукцион кадамынын өлчөмү;

жер участоктун ижара мөөнөтү;

электрондук соода аянтчасынын кызмат көрсөтүү наркы;

кошумча маалыматтарды алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын байланыш маалыматтары;

ижарага берүүчүнүн каалоосу боюнча башка маалыматтар.

36. Аукционго катышууга аукцион өткөрүлгөнгө чейин электрондук соода аянтчасында каттоодон өткөн адамдарга жол берилет. Каттоо төмөндөгүдөй жүзөгө ашырылат:

а) жеке жактар үчүн төмөнкүлөрдү пайдалануу менен:

электрондук кол тамганы;

көмүскө электрондук кол тамганы

электрондук чип менен ID-карталарды (e-ID);

талапкердин катталган телефон номерине жөнөтүлүүчү ПИН-кодду;

б) юридикалык жактар үчүн төмөнкүлөрдү пайдалануу менен:

электрондук кол тамганы;

көмүскө кол тамганы;

документтердин электрондук үлгүлөрүн тиркөө менен ушул пункттун «а)» пунктчасында көрсөтүлгөн жеке жактар үчүн идентификациянын колдонулуучу формаларын: юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүгү; жетекчини дайындоо жөнүндө буйруктун же жеке адамдын идентификациялык маалыматтары боюнча каттоону жүзөгө ашырган адамга ишеним катты.

37. Талапкерлердин жана катышуучулардын, электрондук соода аянтчасынын оператору менен жана ижарага берүүчүнүн ортосундагы документ жүгүртүү электрондук документтер же документтердин электрондук үлгүлөрү формасындагы (кагаз жүзүндөгү документтердин реквизиттерин сактоо менен сканерлөө жолу аркылуу электрондук-санариптик формага кайра түзүү) электрондук соода аянтчасы аркылуу ишке ашырылат.

38. Аукцион ижара акысын жогорулатууга өткөрүлөт. Аукциондук кадамдын өлчөмү жер участоктун баштапкы наркынын 20 пайызын түзүүгө тийиш жана бүтүндөй аукциондун жүрүшүндө өзгөрбөйт. Аукционго коюлуучу бардык объекттер лотторго бөлүштүрүлүүгө тийиш. Аукциондо объекттер «бир номер – бир лот» схемасы боюнча ишке ашырылат.

 

VIII. Аукциондун катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

 

39.  Электрондук аянтчанын оператору төмөнкү функцияларды аткарат:

1) аукциондун катышуучуларын электрондук соода аянтчасында каттоо, ошондой эле идентификациялоочу маалыматтарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт;

2) электрондук соода аянтчасында талапкерлерди каттоонун тартибин аныктайт;

3) бардык талаалар толтурулган шартта арыздарды аукциондун катышуучулары тарабынан берүүнү, ошондой эле аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн аларды кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин өтүнмөлөрдү берүүнү токтотууну камсыздайт;

4) талапкерлерди аларды катышуучулар деп таануу же аукционго катышууга киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоону камсыздайт;

5) жер участогун ижарага берүү жол-жобосуна катышуучулардын тең укуктуулугун, пайдалануучу электрондук соода аянтчасынын программалык-аппараттык каражаттарынын иштешинин ишенимдүүлүгүн камсыздайт;

6) электрондук соода аянтчасында аукциондун өткөрүлүшүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты камсыздайт;

7) ыйгарым укуктуу органга электрондук документтерди жөнөткөн учурдан тышкары, аукциондун талапкерлери жана катышуучулары жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыздайт;

8) ушул жобого ылайык башка функцияларды аткарат.

40. Электрондук соода аянтчасынын оператору төмөнкүлөргө жооптуу:

1) электрондук соода аянтчаларына талапкерлердин жана катышуучулардын жетүүсүн камсыздоого;

2) келип түшкөн арыздар жана аларга тиркелген документтер тууралуу маалыматтардын, ошондой эле ушул Жободо каралган өтүнмөлөргө жана документтерге ыйгарым укуктуу органдын мүмкүнчүлүк алган учурларын кошпогондо, өтүнмө берген жактар жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун өтүнмөлөрдү кабыл алуунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды электрондук соода аянтчасында жайгаштырууга чейин камсыздоого.

41. Электрондук соода аянтчасынын оператору жер участогун ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукциондун өткөрүлүшүн электрондук соода аянтчасынын программалык-аппараттык каражаттары менен белгиленген техникалык бузулуу учурунда токтотот, бирок бир суткадан ашпаган убакытка. Аукцион өткөрүүнү кайра баштоо ал токтотулган учурдан тартып башталат.

Аукционду өткөрүү токтотулган убакыттан тартып бир сааттын ичинде электрондук соода аянтчасынын оператору жер участогун ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукционду токтото туруунун себеби жөнүндө маалыматты электрондук соода аянтчасына жайгаштырат, аукционду токтото туруу жана кайта баштоо убактысы тууралуу катышуучуларга кабар берет, ошондой эле бул маалыматты ыйгарым укуктуу органга жиберет.

42. Оператор аукциондун талапкерлери жана катышуучулары тарабынан Интернет тармагына кошулуудагы үзгүлтүктөр, ошондой эле системадагы үзгүлтүккө учуроолор, электр менен камсыздоо жана форс-мажордук жагдайлар, башкача айтканда ал жеткис күчтөрдүн шарттары (суу ташкыны, өрт, жер титирөө, жарылуу, эпидемиялар же башка табигый кырсыктар, согуш, аскердик иш-аракеттер, өзгөчө же аскердик абалдын киргизилиши) үчүн жоопкерчилик тартпайт.

43. Аукционду уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан, анын ичинде ижарага берүүчүдөн, талапкерлерден жана катышуучулардан алынган электрондук документтер электрондук соода аянтчасынын операторунда сакталат.

44. Электрондук соода аянтчасынын операторуна жер участокторунун ижарачылары катары чыгууга тыюу салынат.

45. Ижарага берүүчү тоорукка катышкан талапкерлердин талабы боюнча учурдагы абалын кароо үчүн жер участогуна жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого тийиш. Талапкерлердин суроо-талабы боюнча ижарага берүүчү таанышуу үчүн объекттин укук белгилөөчү документтерин жана фотосүрөт материалдарын берүүгө милдеттүү.

46. Ижарага берүүчү тарабынан аукцион жарыяланганда жер участогун пайдалануу зарылчылыгы пайда болгондо, ижарага берүүчү электрондук соода аянтчасында электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө өтүнмөнү тоорук башталганга чейин 1 жумуш күнүнөн кечиктирбестен кайра чакыртып алууга укуктуу. Ижарага берүүчү аукционду өткөрүүдөн баш тарткан учурда талапкерлер төккөн кепилдик төгүмү 10 банктык күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.

47. Жеңүүчү деп таанылган жана ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан аукциондун катышуучусу баш тарткан учурдан тартып бир жылдын ичинде бардык аукциондорго катышуу укугун жоготот жана ишенимсиз талапкерлердин тизмесине киргизилет.

 

IX. Аукцион өткөрүү

 

48. Электрондук кол тамга, көмүскө электрондук кол тамга менен ырасталган арыз же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы паспортунун (ID - карта) үлгүсү - идентификациялык картасы, маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн документтердин электрондук үлгүлөрүн тиркөө менен электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө жайгаштырылган электрондук формаларды толтуруу жолу менен берилет.

Бир адам бир гана өтүнмө берүүгө укуктуу. Ар бир өтүнмөгө кабыл алуу датасын жана убактысын көрсөтүү менен номер ыйгарылат.

49. Маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен берилген тапшырмалар жана ага тиркелген документтер, ошондой эле баа жөнүндө сунуштар электрондук соода аянтчасында катталбайт.

50. Электрондук аукционго катышуу үчүн талапкер маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн эсепке кепилдик төгүмүн төлөшү керек.

Мында кепилдик төгүмдүн өлчөмү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

а) эгерде баштапкы наркы 1 (бир) миллион сомдон ашпаса, жер участоктун баштапкы наркынан 100 пайызын;

б) эгерде баштапкы наркы 1 (бир) миллион сомдон ашса, жер участоктун баштапкы наркынан 50 пайызын.

Кепилдик төгүм аукциондун бардык талапкерлерине жана катышуучуларына, жеңүүчүнү кошпогондо, электрондук аукциондун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюлган учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде кайтарылып берилет.

51. Аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм ижара акысын төлөө эсебине чегерилет. Аукциондун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол тамга коюудан же ижарага берүү келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм кайтарылбайт.

Жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы боюнча электрондук соода аянтчасынын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөйт.

52. Эгерде аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө башкача каралбаса, ыйгарым укуктуу орган электрондук соода аянтчасынын операторуна кабарлап, электрондук соода аянтчасында аукцион өткөрүүнү каалаган убакта, бирок аны өткөрүү датасы келгенге чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жокко чыгара алат, ал эми оператор өз кезегинде аукциондун катышуучуларына 3 жумуш күн мурун кабарлайт.

Аукцион өткөрүүдөн ыйгарым укуктуу орган баш тарткан учурда талапкерлер тарабынан төгүлгөн кепилдик төгүмдөр 10 банктык күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.

53. Электрондук соода аянтчасынын оператору аукцион катышуучуларын каттайт.

54. Аукцион өткөрүү жол-жобосу аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн күнү жана убакытта, катышуучулар тарабынан «аукцион кадамынын» чоңдугуна карата баштапкы бааны ырааттуу көбөйтүү жолу менен жүргүзүлөт.

55. Аукцион өткөрүү жол-жобосу убагында электрондук соода аянтчасынын оператору электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгүнө катышуучулардын жетүүсүн жана аукционго коюлган жер участогун ижара баасы жөнүндө алар тарабынан сунуштарды берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

56. Аукцион өткөрүү жол-жобосу башталган убакыттан тартып, электрондук соода аянтчасынын оператору төмөнкүлөрдү жайгаштырат:

1) электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө - жер участогу жөнүндө маалыматтарды, баштапкы баасын жана учурдагы «аукцион кадамын» көрсөтүү менен аукционду өткөрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө маалымат;

2) электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгүндө – электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтан тышкары, билдирилген аукцион кадамына жана алардын келип түшкөн убактысына ылайык, аукциондун катышуучуларынын сунуштарын кабыл алуу аяктаганга чейин калган убакыт жана жер участогунун баштапкы баасы жөнүндө.

57. Электрондук соода аянтчасынын программалык каражаттары менен төмөндөгүлөр камсыздалат:

1) катышуучу тарабынан «аукциондун кадамынын» чоңдугуна карата учурдагы баанын өсүшүнө ылайык келбеген жер участогунун баасы жөнүндө сунуштарды берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу;

2) эгерде бул катышуучунун жер участоктун баасы жөнүндө сунушу буга чейин башка катышуучунун ушуга окшош сунуш бергендигине байланыштуу кабыл алынышы мүмкүн болбосо катышуучуга кабарлоо.

58. Жер участогун ижарага берүүдө эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп таанылат.

59. Электрондук аукционду өткөрүүнүн жүрүшү электрондук базада электрондук соода аянтынын оператор тарабынан катталат, ал аукциондун жыйынтыгын чыгаруу үчүн жер участогунун баасы жөнүндө сунуштарды кабыл алуу аяктаган учурдан тартып чагылдырылат. Баа сунуштарын берүү үчүн биринчи кадамга 30 мүнөт берилет. Андан ары, кадам сайын жогорулоого баалар боюнча сунуштарды берүү убактысы 5 мүнөттү түзөт.

Аукцион жыйынтыктары аукцион аягында автоматтык тутум менен таризделүүчү протокол түрүндө жол-жоболоштурулат.

60. Электрондук аукциондун жол-жобосу электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколду түзүү жана аукцион өткөн күндө комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан протокол кол коюлган убактысынан  тартып аяктады деп эсептелет.

61.  Аукцион өткөн жок деп төмөнкү учурда таанылат, эгерде:

1) катышууга бир дагы өтүнмө берилбесе же талапкерлердин бири дагы катышуучу деп таанылбаса;

2) бир гана талапкерди катышуучу деп таануу тууралуу чечим кабыл алынганда.

Аукцион катышуучуларынан өтүнмө түшпөгөндө, ошондой эле аукционго бир гана талапкер катышканда ижара объектиси тооруктан алынат жана аукцион өткөн жок деп табылган датадан кийин 30 (отуз) күн өткөндөн кийин кайра коюлат.

Өтүнмөлөр түшпөгөндүгүнөн улам аукцион өткөн жок деп экинчи жолу табылган учурда баштапкы баа комиссиянын чечими менен белгиленген суммага төмөндөтүлөт же ижара объектиси аукциондон алынат.

62. Аукцион болгон жок деп таануу жөнүндө чечим аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен жол-жоболоштурулат.

63. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө жайгаштырылат.

Аукциондун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол тамга коюлган убакыттан тартып, бир сааттын ичинде жеңүүчүгө ушул протоколду тиркөө менен аны жеңүүчү деп таануу жөнүндө кабарлоо жөнөтүлөт, электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө төмөнкүдөй маалымат жайгаштырылат:

жер участогунун функционалдык багыты жана аны индивидуалдаштырууга жол берген башка маалыматтар (лоттун өзгөчөлүгү);

жер участогунун ижара наркы;

жеңүүчү жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы.

64. Жер участокту ижарага берүү келишими ыйгарым укуктуу орган жана ижарага алуучу ортосунда түзүлөт жана жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда аукциондун жыйынтыгы жөнүндө проктолго ыйгарым укуктуу орган тарабынан кол тамга коюлган күндөн 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен катталат.

65. Жеңүүчү белгиленген мөөнөттө жер участогун ижарага берүү келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда, аукциондун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылат, ал эми жеңүүчү келишимди түзүү укугунан ажырайт, кепилдик төгүмү кайтарылбайт жана жергиликтүү бюджетке жөнөтүлөт.

66. Жер участогун берүүнүн шарттары, ижарага алуучунун жана ижарага берүүчүнүн укуктары, милдеттери, тараптардын жоопкерчиликтери жана ижаранын башка шарттары жер участогун ижарага берүү келишими менен белгиленет.

67. Ижарачы жер участогун ижарага берүү келишими күчүнө кирген учурдан тартып, жер участогун ижарага алат. Ижаралоо келишими жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.

68. Документтердин формалары, ошондой эле жер участогун ижаралоо жөнүндө типтүү келишимдердин долбоорлору Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен бекитилет.

69. Ижара келишими аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдо көрсөтүлгөн, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкери жөнүндө маалыматтарды камтышы керек.

70. Жер участоктун ижара келишими 3 нускада түзүлөт, тараптардын ар бири үчүн бирден нускада жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга мөөнөттүү пайдалануу укугунун келип чыгышы жөнүндө жазууларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлүүгө тийиш. Жер участоктун ижара келишимин түзүү жана андан ары каттоо боюнча чыгымдар ижарачыга жүктөлөт.

3 жыл жана андан ашык мөөнөткө түзүлгөн жер участоктун ижара келишими милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

3 жылдан аз мөөнөткө түзүлгөн жер участоктун ижара келишими ижарагачынын арызы боюнча мамлекеттик каттоодон өтүшү мүмкүн. Түзүлгөн жер участоктун ижара келишимдери муниципалдык жер участоктордун реестрине киргизилет.

71. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсинин күнөөсү боюнча мөөнөттөрдү бузган учурларды кошпогондо, чечимдердин өз убагында кабыл алынышына жана жер участогун ижарага берүү келишимин түзүүгө жоопкерчилик тартат.

 

X. Мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участоктун баштапкы наркын эсептөө тартиби

 

72. Обьекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн ижара шартында жер участогун аукцион аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө, алдын ала төлөмдү кошпогондо, ижара акысы ижарага алуучу тарабынан жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын укук ырастоочу документтери алынган күндөн тартып төлөнөт.

73. Эгерде берилген мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участогуна эки же андан ашык жер пайдалануучу укуктуу болсо жана аларды өз алдынча жер пайдалануу бирдиктерине бөлүү мүмкүн эмес болсо, участок жалпы биргелешип пайдалануудагы аймак болуп эсептелет. Мындай учурда жер участогун пайдалануу үчүн ижара төлөмдөрү ар бир жер пайдалануучу ээлеп турган жер участогунун аянтына пропорционалдуу алынат.

74. Долбоорлоонун жана куруунун ченемдик мөөнөтү жер участогун ижарага берүү келишиминде милдеттүү түрдө көрсөтүлөт жана жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын укук ырастоочу документин алган күндөн тартып эсептелинет.

Ижара акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан ижарага берүү келишиминде белгиленген айыптык санкциялар (туумдар) колдонулат. Ыйгарым укуктуу органдын алдын ала билдирүүсү боюнча инженердик-техникалык коммуникацияларды пайдалануу укугун чектөө боюнча чаралар көрүлүшү мүмкүн.

Жер участогун иш жүзүндө пайдалануу үчүн төлөм, жер участогунун ижара келишимин түзгөнгө чейин мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу мөөнөтүн узартуу жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин төлөнүүгө тийиш.

75. Ижарачы тарабынан жер участогун пайдаланууга объективдүү себептер боюнча келип чыккан тоскоолдуктар болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган соттук актылардын жана чечимдердин негизинде ижара акысын эсептөөнү токтото турууга милдеттүү.

 

XI. Акча каражаттарын бөлүштүрүү

 

76. Муниципалдык жер участокторуна ижара укугун өткөрүп берүүдөн түшкөн каражаттар шаардык бюджетке жана ошол бюджеттен 10 пайызы ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине жөнөтүлөт.

77. Ыйгарым укуктуу органдын эсебине түшкөн каражаттар архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын, жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнө, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын иш-аракеттерин өнүктүрүүгө багытталат.

78. Каражаттардын түшүүсүн контролдоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

XII. Корутунду жоболор

 

79. Ыйгарым укуктуу органдардын Бишкек шаарынын аймагында жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө тиешелүү чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

аппарат жетекчиси                                                                                                                                                                                                                                        М. Дж. Алымбеков

 

Бишкек шаардык кеңештин

2020-жылдын «___»__________

№____токтомуна 2-тиркеме

 

 

Бишкек шаарындагы жер участокту ижаралоонун

типтүү келишими

 

Бишкек шаары                                               2020-жылдын «___»___________

 

Бир тараптан мындан ары «Ижарага берүүчү» деп аталуучу Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын атынан ________________________________________________________________ жана экинчи тараптан мындан ары «Ижарачы» деп аталуучу   ___________________________________________________________ атынан 

(жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)

________________________________________________________________

(кызмат орду, аты-жөнү)

бирге “Тараптар” деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү: 

 

1. Келишимдин предмети

 

1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга Бишкек шаары________________________________________ дареги боюнча жайгашкан ушул Келишимге тиркелген жер участогунун схемасында көрсөтүлгөн чектерде аянты______ чарчы метр жер участогун ____жылдык мөөнөткө ижаралык пайдаланууга 20__-жылдын «___»_______________ муниципалдык менчикте турган жер участогун ижарага берүү келишимин түзүү укугуна/аукциондун протоколуна ылайык ________________________________________________________________

                         (жер участогун пайдалануунун максаттуу багыты көрсөтүлсүн)

______________________________________________________ үчүн берет.

 

2. Ижара төлөмү

    

2.1. Ижара төлөмдөрү жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын укук ырастоочу документи алынган күндөн тартып эсептелет.

2.2. Жылдык ижара төлөмүн төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн алыш-бериш эсебине киргизүү жолу менен бирдей үлүштө квартал сайын кийинки отчёттук кварталдан айдын 1-числосуна чейин жүргүзүлөт.

2.3. Ижара төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн эсеби Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген ошол учурдагы колдонуудагы эсептердин негизинде аныкталат.

2.4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, Ижарага алуучу ижара төлөмүнөн тышкары жер салыгын төлөйт.

2.5. Ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

 

3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери

 

3.1. Ижарачы төмөнкү укуктарга ээ:

3.1.1. Ушул келишимде аныкталган максаттарга жана шарттарга ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүү;

3.1.2. Берилген жер участокто Ижарачы тарабынан тургузулган имараттар, курулмалар, көрктөндүрүү элементтери анын менчиги болуп саналат. Жер участогунун ижара мөөнөтү аяктагандан кийин Ижарачы участокту баштапкы абалына келтирүүгө милдеттүү.

3.1.3. Өз милдеттерин талаптагыдай аткарган учурда жана келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин башка бирдей шарттарда жаңы мөөнөткө ушул келишдин мөөнөтүн узартууга башка жактардын алдында артыкчылык укугуна ээ;

3.1.4. Ушул келишимдин иштөө мөөнөтү аяктаганда же колдонуу мөөнөтү убагында Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен бул участокко менчик укукту белгиленген тартипте алууга (сатып алууга).

3.1.5. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:

3.1.6. Ижарачыга жер участокту түзүү менен байланышкан чыгымдарды эсептөөлөргө ылайык төлөөгө.

3.1.7. Ижарага алынган жер участокту максаттуу багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга.

3.1.8. Пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып, ушул келишим түзүлгөн учурга чейин жер участогун иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү төлөөнү Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан берилген эсептөөлөргө ылайык жүргүзүүгө.

3.1.9. Укук ырастоочу документ жол-жоболоштурулгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде шаардын курулушу боюнча кезметтик планын киргизүү үчүн «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында каттоодон өтүүгө.

3.1.10. Жер участогуна укук ырастоочу документ жол-жоболоштурулгандан кийин бир айдын ичинде «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына архитектуралык-пландоо шартын (АПШ) тапшырыктоого.

3.1.11. Зарыл болгон учурда бул аймакты куруунун долбоорун иштеп чыгууга жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында келишим түзүлгөн күндөн тартып, алты айдын ичинде белгиленген тартипте макулдашууга;

3.1.12. Долбоорду макулдашуудан жана бекитүүдөн кийин бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында объектти каттоого жана мамлекеттик экспертизадан өтүүгө, белгиленген тартипте объектти курууга киришүүгө;

3.1.13. Объекттин курулушун аяктоого жана объектти ________ (ай, жыл) ичинде эксплуатацияга берүүгө;

3.1.14. Зарылчылыкка жараша берилген жер участогунда жана ага жанаша турган аймакта жайгашкан инженердик тармактарды техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн эркин жетүүнү камсыздоого;

3.1.15. Көрктөндүрүүнү, жашылдандырууну (көк майсандарды, гүлзарларды уюштуруу), ирригациялоону аткарууга (арыктарды калыбына келтирүү), өтүү жолдорун асфальттоону жана «брусчатка» тибиндеги плиталар менен тротуарларды төшөөгө, сутканын түнкү убагында тышкы жарыктандырууну (шам чырактарды орнотуу) камсыздоого;

3.1.16. Аймакты тазалоону, таштандыларды ташып чыгарууну камсыз кылууга, көрктөндүрүү элементтерин талаптагыдай техникалык, санитардык жана эстетикалык абалда күтүүгө;

3.1.17. «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен таштандыларды жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга карата келишим түзүүгө.

3.1.18. Өз эсебинен төмөнкүлөр жүзөгө ашырылсын:

жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты, зарыл болгон учурда короо аймагын санитардык тазалоо;

жер участогуна жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды тазалоо жана калыбына келтирүү.

3.1.19. Төмөнкүлөргө жол берилбесин:

жанаша жаткан аймакта жайгашкан бак-дарактарга зыян келтирүүгө, бузууга же жок кылууга;

жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;

өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жайгашкан аймактарда экологиялык абалдын начарлашына;

ижарага алынган жер участогунда баш-аламан көчө соодасына жана жанаша жайгашкан аймактарда чарбалык иш-аракеттерге.

3.1.20. Накта чек аралар белгилегенден кийин жер участокту пайдаланууга киришүүгө жана мөөнөттүү (убактылуу) жер пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документтерди белгиленген тартипте алууга;

3.1.21. Жер участокту пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде имараттарды жана курулмаларды, инженердик тармактарды жана курулмаларды курууга, макулдашылган долбоорго ылайык, эгер бул жер участокту берүүнүн зарыл шарты болуп эсептелсе, берилген жер участокту жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүгө;

3.1.22. Ушул келишим тарабынан белгиленген курулуштун мөөнөтү бузулган учурда, Ижарага берүүчүгө курулуштун ченемдик мөөнөтү аяктаган учурдан тартып, ижаралык төлөмдүн толук наркын төлөп берүүгө;

3.1.23. Өз эсебинен ижарага алынган участокту таштанды таштоодон, сууга батыруудан, сазга айлантуудан, булгоодон коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды тартууга;

3.1.24. Башка жер пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого;

3.1.25. Өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык токтоп калуусуна байланыштуу Ижара берүүчүгө жана байланышы бар жер пайдалануучуларга колдон чыгарылган пайданы кошуу менен, толук көлөмдө ордун толтурууга;

3.1.26. Берилген жер участогунда жерлерди пайдаланууну жана коргоону, объекттерди курууну жана эксплуатациялоону контролдоону жүзөгө ашыруучу тийиштүү мамлекеттик органдардын берилген жер участогуна эркин жетүүсүн белгиленген тартипте камсыздоого.

3.1.27. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү  убагында төлөөгө. Ижара төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда, мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн карыздын суммасынан 0,1 пайыз өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25 пайызынан ашпаган туум эсептелинет. Айып пулду жана туумду төлөгөндүгү Ижарачыны жер участокту ижаралоо үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотпойт.

3.1.28. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн ижаралык төлөмдү, ошондой эле туумду жана айып пулду белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган төлөм документи түрүндө тастыктоого, анын көчүрмөсү Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына берилет.

3.1.29. Жер салыгын өз убагында төлөп турууга. Жер салыгын төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

3.1.30. Зарылчылыкка жараша, Ижарачынын чечими боюнча пайдалануу укугу токтотулганда өз эсебинен ижарага алынган жер участогунан имараттарды жана курулмаларды бузууга жана жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө.

3.1.31. Ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда турган жер участоктун Ижарачысы укугу жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган жана (же) курулуш даярдыгы каралган долбоордук документте 70 пайыздан кем эмести түзсө, бийиктиги беш кабаттан кем болбогон, эксплуатацияга берилген көп батирлүү үй бар жер участогун менчикке сатып алууга укуктуу.

3.1.32. Келишим аяктагандан кийин жер участогун Ижарага берүүчүгө баштапкы абалынан начар эмес абалда кайтарууга.

3.1.33. Ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) ай калганда Ижарага берүүчүгө жаңы мөөнөткө келишим түзүү ниети же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого.

3.2. Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз Ижарачы төмөнкүлөргө укугу жок:

3.2.1. Ушул келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө.

3.2.2. Ижарага алынган жер участогун кайтарымсыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө.

 

4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

 

4.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:

4.1.1. Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашырууга.

4.1.2. Келишимди төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте бузууга:

а) жер максаттуу эмес багыт боюнча пайдаланылганда;

б) жер участогун кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген ыкмалар менен пайдаланууда;

в) келишимде белгиленген мөөнөттөрдө ижаралык төлөм төлөнбөгөндө;

г) белгиленген мөөнөттөрдө жер участогу өздөштүрүлбөгөн учурда;

д) ушул келишимдин шарттары аткарылбаганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулганда.

4.1.3. Ижарачынын чарбалык иш-аракетинин жыйынтыгында жердин сапатынын жана экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга.

4.1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизилген учурда Ижарага алуучу менен макулдашуу боюнча келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө.

4.1.5. Жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзамдар, ошондой эле ушул келишимдин шарты бузулганда Ижарага алуучу тарабынан жүргүзүлүүчү ишти токтотууга.

4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

4.2.1. Ижарачыга жер участогун ушул келишимдин шарттарына ылайык абалда берүүгө.

4.2.2. Ижарачынын чарбалык иш-аракеттерине кийлигишпөөгө, жер участогун натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук көрсөтпөөгө, эгерде алар мыйзамга жана ушул келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе.

4.2.3. Ижаралык пайдаланууга берилген жердин абалына контролду жүзөгө ашырууга;

4.3. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укугу жок:

4.3.1. Ушул келишимде көрсөтүлгөн жер участогун же анын бөлүгүн пайдалануу укугун Келишимде белгиленген тартипте жокко чыгарбастан  үчүнчү жакка берүүгө.

 

5. Тараптардын жоопкерчилиги

 

5.1. Ушул келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө чейин 30 күн мурда жазуу жүзүндөгү эскертүү боюнча бир тараптуу тартипте өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.

5.2. Тараптардын ар бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

 

6. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби

 

6.1. Ижарачынын чарбалык иш-аракеттеринин жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө тийиш.

6.2. Макулдашууга жетишилбеген учурда, талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.

 

7. Башка шарттар

 

7.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогунан бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы кайтарылбайт.

7.2. Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен Ижарачы каалаган убакта, ал тараптан бул келишимдин шарттары бузулбаган учурда, Ижарага берүүчүгө 3 ай мурда жазуу түрүндө эскертүү менен ушул келишимди буза алат.

7.3. Ушул Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор Кыргыз Республикасынын жер укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдары өзгөртүлгөн учурда бир тараптуу тартипте Ижарага берүүчү тарабынан киргизилиши мүмкүн.

7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда калат жана үчүнчүсү - Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгына каттоого берилет.

 

8. Өзгөчө шарттар

 

8.1. Бишкек шаарында жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү боюнча аукциондун протоколуна/комиссиянын чечимине ылайык Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:

______________________________________________________________

______________________________________________________________

______________________________________________________________

______________________________________________________________

9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык маалым даректери

 

ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ:

 

ИЖАРАЧЫ:

__________________________

     

__________________________

(кол тамгасы)

 

(кол тамгасы)

М.О

 

М.О.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

аппарат жетекчиси                                                                                                                                                                                                                                        М. Дж. Алымбеков

 

Бишкек шаардык кеңештин

2020-жылдын “___” __________

№____ токтомуна 3-тиркеме

 

Форма 

Шаар куруу корутундусу

 

Жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү):

Жер участогунун идентификациялык коду (эгер ыйгарылган болсо) ________________________________________________________________

Объекттин (жер участогунун) жайгашкан орду: ________________________________________________________________

Жер участогунун чек аралары ________________________________________________________________

Жер участогунун аянты ________________________________________________________________

Райондун сейсмикалуулугу

________________________________________________________________

Кыртыш сууларынын тереңдиги ________________________________________________________________

Участок кооптуу табигый жана техногендик процесстерге кабылган (кабылган эмес)

____________________________________________________________

1. Графикалык бөлүгү:

1:500 жана 1:2000 масштабында жер участогунун чек араларын түшүрүү менен, бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү менен же участоктун чек араларын бар болгон кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байланыштыруу менен топографиялык негизде аткарылган жер участогунун схемасы.

 

2. Тексттик бөлүгү:

1. Пайдалануунун билдирилген ниеттери үчүн тандалган жер участогунун шаар куруу документтерине жана куруу, жер пайдалануу эрежелерине (жер пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүнө) шайкеш келиши

 Башкы план

Шаар куруу документтери жана куруу жана жер пайдалануу эрежелери бар экенин көрсөтүү (маалым даректери менен) жана аларга шайкеш келиши

 Деталдуу пландоонун долбоору

 

 Башка шаар куруу документтери

 

 Куруу жана жер пайдалануу эрежелери

 

2. Жер участогун пайдалануу боюнча негизги шаар куруу регламенттери (жер участогун уруксат берилген пайдалануунун параметрлеринин чектери):

2.1. Жер участогун уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү:

 

2.2. Объекттин кабаттарынын чектери (максималдуу жана/же минималдуу кабаттуулугу (бийиктиги):

 

2.3. Участоктогу курулуштардын максималдуу пайызы:

 

3. Кошумча шаар куруу регламенттери, негизгилерге чектөөлөр жана талаптар:

3.1. Жер участогу тийиштүү чектөөлөрдүн зоналарында жайгашкан учурда:

 тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары боюнча

Шарттардын бар экендигин көрсөтүү

 санитардык-коргоо зонасынын жана санитардык күзөт зонасынын шарттары боюнча

 

 суу коргоо зонасынын шарттары боюнча

 

экологиялык шарттар боюнча

 

3.2. Жайгашкан ордуна жана функционалдык багытына жараша жер участогун пайдаланууга коюлуучу кошумча талаптар:

Көрктөндүрүү боюнча талаптар

 

Фасаддарга карата талаптар

 

Авто коюу жайларын уюштурууга карата  (авто коюу орундарынын саны) жана участокко баруучу жолдорго коюлган талаптар

 

3.3. Ыйгарым укуктуу органдардын төмөнкүлөр боюнча корутундулары:

 экологиялык көзөмөл;

 санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл;

 өрткө кашы көзөмөл;

жерге жайгаштыруу жана каттоо;

тарых жана маданият эстеликтерин коргоо;

бак-дарактарды күтүү жана коргоо; мамлекеттик корголууга тийиш болгон объекттер;

жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык бөлүм

 

4. Бар болгон инженердик тармактарды күтүүнүн шарттары жана долбоорлонуп жаткан инженердик тармактарды жана курулмаларды жайгаштыруу боюнча

4.1. Пайдаланууга бөлүнгөн аймактар боюнча инженердик трассаларды өткөрүү талаптары

 

4.2. Инженердик курулмаларды жайгаштыруу боюнча талаптар:

трансформатордук көмөк чордон (ТКЧ)

шкафтык газды жөнгө салуучу пункт (ШГЖП)

көбөйтүүчү насостук станция (КНС)

 

4.3. Колдонуудагы инженердик тармактардын бар болушу жөнүндө маалыматтар жана зарыл болгон учурда аларды жылдыруу боюнча талаптар

 

 

 

 

 

5. Жер участогун пайдалануу жөнүндө сунуш

 

 

Начальник___________________________________________________

(«Бишкекбашкыархитектура» МИсинин жетекчисинин кызмат орду, аты-жөнү)

______ Дата: _____________________ ____________________ (кол тамгасы)

 

Бишкек шаардык кеңешинин

аппарат жетекчиси                                                                                                                                                                                М. Дж. Алымбеков