Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2020-жылдын 14-январы № 142

Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №142 «Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жана 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдоруна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

 1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо);

2-тиркемеге ылайык, жер участогун ижаралоонун типтүү келишими;

3-тиркемеге ылайык, архитектуралык-техникалык корутундунун формасы.

2. Бишкек шаарынын мэриясы бир айлык мөөнөттө, белгиленген тартипте:

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин;

Бишкек шаарынын куруу жана жер пайдалануу эрежелерин Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтом Бишкек шаарында куруу жана жер пайдалануу эрежелери белгиленген тартипте бекитилгенден жана күчүнө киргенден кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Ж.Б. Абиров

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

2020-жылдын “___”_________

     №_____токтомуна

     1-тиркеме

 

Бишкек шаарында жер участокторун ижара шарттарында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

I.              Жалпы жоболор

 

1. Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо)  Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №142 «Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

2. Жобо Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун түзүү жана берүү тартибин, ижара шарттарында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокту ижара келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы тоорукту уюштурууну жана өткөрүүнү белгилейт.

 

II.Терминдер жана түшүнүктөр

 

3. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:

жерлерди ижаралоо - менчик ээси (ижарага берүүчү) тарабынан жер участокту ижарачыга пайдалануу укугу менен тийиштүү акыга белгилүү бир мезгилге берилүүсү же өткөрүп берилүүсү;

ижарага берүүчү –жер участокторду башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар бөлүштүрүлгөн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;

ижарачы – жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде ушул жобо тарабынан белгиленген тартипте жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу бериле турган чет өлкөлүк жактар;

архитектуралык техникалык корутунду – тексттик жана графикалык материалдарды камтыган, белгиленген формадагы, жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотуу орунун аныктаган  техникалык документ;

кепилдик төгүм (шертпул)- жер участокко укук алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер төгүүчү акча суммасы;

шаар куруу регламенти - куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтеринде, курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринде жана жер участокторду, кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин, ошондой эле объекттердин чектүү өзгөртүүлөрүн уруксат менен пайдалануунун аныкталган параметрлери менен түрлөрүнүн жыйнагы;

шаар куруу документтери – шаарды  пландоонун түзүмүнүн райондук пландарынын документтери, башкы пландары, чектерге бөлүштүрүүнүн, кварталдарды, тоомдорду жана башка элементтерди куруу куруунун долбоорлору;

электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгү - электрондук соода аянтчасында катталган пайдалануучуларга гана жеткиликтүү болгон сайттын бөлүгү;

жалпы пайдалануудагы жерлер – калктын байланыш жолдору катары колдонулуучу же болбосо маданий-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылган жерлер (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, жол четиндеги жер тилкелери, жашыл бак-дарактар, газондор, арык жана башка авто унаа жолдорунун боюнда жайгашкан жана өткөн сугат тарамдары, өтмөктөр, токой сейил бактары, гүлзарлар, гүлбакчалар, көлмөлөр ж. б.);

шаар курууну жөнгө салуу сызыктары - ченемдик талаптарга ылайык өзгөчө режимдер жана аларды пайдалануу эрежелери колдонула турган чектердеги аймактардын чек аралары;

лот – укуктары  тоорукка коюла турган конкреттүү жер участок;

жеңилдетилген типтеги объект – функционалдык багытынан жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуудан же мындай кошулуунун жоктугунан тышкары жер участок менен тыгыз байланышпаган  убактылуу курулманы же убактылуу конструкцияны, аянтчаны түшүндүргөн стационардык эмес же капиталдык эмес объект.

Стационардык эмес же капиталдык эмес объекттерге   (кыймылдуу мүлккө) объекттерди каратуунун жалпы критерийлери болуп аларды багыттоонун ченеми келишпеген зыянды келтирүүсүз, түзүүчү чогултуу-чечүү көчүрүлүүчү конструктивдуу элементтерин бузуу менен  аларды бузуу мүмкүнчүлүгүн кошо көрсөтүлгөн объекттерди эркин көчүрүү мүмкүнчүлүгү эсептелет.

Жеңилдетилген типтеги объекттерге төмөнкүлөр кирет: көчмө, кайра курулуучу чатырлар, күркөлөр, жайкы аянтчалар, бастырмалар, жарнамалык конструкциялар,  көчүрмө (мобилдүү) суусундук сатуучу түйүндөр, сатураторлор, коомдук тамактануу көчмө түйүндөрү, кыймылсыз объект болуп саналбаган уюлдук байланыштын мунаралары жана курулмалары.

онлайн-жыйын – жер участокторуна укуктарды берүүнүн тартибин жана шарттарын ачык талкуулоонун катышуучуларынын чөйрөсүн кеңейтүү үчүн реалдуу убакыт режиминде жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын жыйындарын трансляциялоону карайт.

электрондук соода аянтчасынын оператору – Бишкек шаарынын мэриясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштеген жана электрондук тооруктар жүргүзүлүүчү Интернет тармагы электрондук соода аянтчасынын порталына ээ болгон маалыматтык системасынын ээси;

талапкер – ижара келишимин түзүү укугуна карата электрондук форматта аукционго катышууга өтүнмө берген жак;

түз сатуу (берүү) – жеке жана юридикалык жактарга (арыз берүүчүлөргө) жер участокко ижара укуктарын тоорук өткөрбөстөн  түз сүйлөшүү жолу менен берүү ыкмасы;

жер участогун уруксат менен пайдалануу -  Бишкек шаарынын  шаар куруу документтери жана жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куруу регламенттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөргө, анын ичинде сервитуттарга ылайык  жер участокту пайдалануу;

жер участогунун баштапкы наркы - аукцион баштала турган жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунун баштапкы баасы;

ыйгарым укуктуу орган - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар берилген түзүмдүк бөлүмү;

жер пайдалануу жана куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган – жер участокторун пайдалануу үчүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктары берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;

архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган – шаар куруу жана архитектура маселелерин кароо боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;

жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарында жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик каттоо органы;

катышуучу - аукционго катышууга киргизилген талапкер;

электрондук соода аянтчасы - аукционду уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернет тармагында жайгаштырылган жана катталган катышуучуларга бүтүмдөр боюнча электрондук операцияларды аралыктан (жеке катышуусуз) ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтык система;

электрондук кол тамга (ЭКТ) - башка маалыматка электрондук формада кошулган жана/же аны менен логикалык жактан байланышкан маалыматка анын атынан кол койгон адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;

электрондук документ – электрондук формада берилген, башкача айтканда электрондук эсептөөчү машиналарды пайдалануу менен адам тарабынан кабыл алынуусу үчүн жарай турган түрдөгү документтештирилген маалымат;

электрондук аукцион (мындан ары – аукцион) –эң жогорку бааны сунуштаган, катышуучу жеңүүчү болуп таанылган, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участогуна ижаралоо келишимин түзүү укугуна электрондук форматта өткөрүлүүчү тооруктардын түрү;

жерлердин максаттуу багыты – жер участокторду жер участогуна болгон укук күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;

иш жүзүндөгү чек ара – чиймелерде көрсөтүлгөн, 1:2000, 1:500 масштабында аткарылган белгиленген үлгүдөгү чек белгилери менен жеринде бекитилбеген  жер участоктун чеги;

белгиленген чек ара – бардык белгилүү координаттары болгон айлануу точкалар капиталдык имараттарга жана курулмаларга, туруктуу табигый багыттамаларга же геодезиялык пункттарга, байланышкан юридикалык документтердин негизинде, белгиленген үлгүдөгү чек ара белгилери менен жеринде бекитилген  жер участоктун чек арасы;

 жерлердин функционалдык багыты – шаар куруу жана /же жерге орноштуруу документтерин эске алуу менен, жерлердин максаттуу багытына жана аймактын функционалдык зоналаштырылуусуна ылайык, жер участоктун багыты.

 

III. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө арыздарды кароо тартиби

 

4. Документтерди берүү «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүзөгө ашырылат. Менчик укуктарын  же ижарага берүү үчүн жер участокторун түзүү өзүнүн демилгеси, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алууга талапкер болгон  жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөр көрсөтүлгөн арыз менен ыйгарым укуктуу органга кайрылышат:

а) арыз ээси жөнүндө маалымат (аны бирдей идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, атап айтканда: ким экендигин ырастоочу документтин реквизиттери, катталган жери жөнүндө маалымат; жеке жактар үчүн – катталган жери же анык турган жери, юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты мамлекеттик каттоонун дареги жана анык турган жери, байланыш телефон номерлери, арыз ээсинин атынан өкүл кайрылган учурда ишеним каттын реквизиттери. Юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк экендиги кошумча көрсөтүлөт);

б) жер участоктун аянты жана анын жайгашкан орду.

Арызга төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү тиркелет:

а) жер участогуна укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтер;

б) арыз ээси юридикалык жак болсо, арыз берүүчүнүн инсандыгын тастыктоочу документ жана уюмдаштыруучу документтери;

6. Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участоктор берилет:

 кыска мөөнөттүү ижарага бир жылга чейинки мөөнөткө – түз сатуу жолу менен;

5 жылга чейинки мөөнөт менен ижарага – аукцион аркылуу.

7. Жарнамалык такталарды жана уюлдук байланыштын мунараларын жайгаштыруу үчүн жер участоктор аукцион аркылуу гана берилет.

8. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл алынганы жөнүндө ырастама берет, келип түшкөн арызды чектөөлөрдүн (Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоо жана сот органдарынын актылары) бар экендигин карап чыгат. Чектөөлөр болсо, арыз катталган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине негизделген баш тартуу жөнөтөт. Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөр жок болсо, катталган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жер участогун түзүү жөнүндө тиркелген материалдар менен арыз архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.

9. Ыйгарым укуктуу органдын кайрылуусунда ниеттеринин баяндамасы жана белгиленген участоктун болжолдуу аянты жана анын жайгашкан орду каралат.

 

IV. Жеңилдетилген типтеги объекттерге ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга жер участокторун түзүүнүн тартиби

 

10. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгамы укуктуу орган жер участогун түзөт.

Түшкөн арызды ушул жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөрдүн болушун жана суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген ниеттердин шаар куруу документтерине жана эрежелердин топтомуна ылайык келишин карайт. Чектөөлөр бар болсо, арыз катталган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга баш тартуунун негизделген себептерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.

11. Чектөөлөр жок болсо жан суралып жаткан жер участогу боюнча курулуш ниеттеринин ылайык келүүсү белгиленгенсе, 10 жумуш күндүн ичинде жер участогу жана шаар курууну жөнгө салуу сызыктары боюнча өткөн инженердик-техникалык тарамдардын учурдагы трассалары түшүрүлгөн 1:500 масштабындагы топографиялык планды аткарат, анын негизинде 6 жумуш күндүн ичинде жер участогунун схемасын даярдайт, анда  жер участогунун чек аралары, бурчтук чекиттердин координаттарын  көрсөтүү же учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге участоктун чек араларын байлаштыруу менен түшүрүлөт.

Жер участогунун схемасы даярдалган кийинки күндөн кечиктирбестен бир эле мезгилде жер участогунун схемасынын көчүрмөсү менен суроо-талаптарды милдеттүү тартипте жөнөтөт:

а) жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, жер участогунун чек араларын, ушул жер участогуна үчүнчү жактардын укуктарынын, чектөөлөрдүн бар экендигин тактоо жана жер участогунун чиймесин макулдашуу үчүн.

б) администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларына жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө маалымат алуу үчүн.

     Зарылчылыкка жарша:

а) корутунду жана макулдашууну алуу үчүн электр менен, суу жана канализация, жылуулук жана газ менен, ошондой эле байланыш чубалгылары менен жабдууну камсыз кылган инженердик-техникалык кызматтарга  (инженердик коммуникациялар, ал райондо инженердик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жаткандыгы, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларды ишке киргизүүнүн мөөнөтү тууралуу маалыматтар болгон учурда);

б) макул тапкан корутундуларды алуу үчүн экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу органдарына (жер участогу санитардык-коргоо зонасында, ошондой эле өрт чыгуу жана жарылуу коркунучунун зонасында болгон учурда);

в) оң  макулдашууларды алуу үчүн эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга (жер участогу эстеликтерди коргоо зонасында болгон учурда);

г) жашыл өсүмдүктөрдү пайдалануу, анын ичинде аларды кыюу жана которуштуруу шарттары тууралуу маселелерди чечүү үчүн жашыл өсүмдүктөрдү күтүү жана сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органга  (Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокто жашыл өсүмдүктөр болсо);

д) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аймактык бөлүмгө (жер участогу жолдордун боюнда жана көрүнүү үч бурчтугунун чегинде болсо);

е) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (аймакта мамлекет тарабынан корголууга тийиш болгон объекттер болгон учурда);

12. Жер участогун берүү мүмкүн болбосо, ошондой эле ушул жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр бар болсо, арыз катталган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде ушул жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга негиздүү баш тартууну жөнөтөт.

Бул учурда архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жер участогун түзүү боюнча иштерди токтотот, ал жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлайт.

13. Жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү бар болгондо, ушул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар 5 жумуш күндүн ичинде архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга тийиштүү корутундуларды жана макулдашууларды жөнөтүүгө милдеттүү.

Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында жер участогун берүү жана куруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган учурларда Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамын сактоо боюнча шарттар, чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.

14. Корутундуларды жана макулдашууларды көрсөтүлгөн мөөнөттө бербеген учурда, ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат, бул тууралуу архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан корутундуларды, макулдашууларды берүү мөөнөттөрүнүн бузулгандыгы жөнүндө акты түзүлөт жана жер участогун түзүү боюнча иштер улантылат.

15. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган алынган макул тапкан материалдардын негизинде 3 жумуш күндүн ичинде өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган жер участогуна архитектуралык-техникалык корутундуну 3 нускада белгиленген формада, архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган, ыйгарым укуктуу орган жана арыз ээси үчүн бирден нуска даярдайт:

1) жер участогунун чек аралары бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү же кыймылсыз мүлктүн учурдагы объекттерине же геодезиялык белгилерге участоктун чектерин байлаштыруу менен түшүрүлгөн, 1:500 жана 1:2000 масштабдагы топографиялык планда аткарылган жер участогунун чиймеси түрүндөгү графикалык материал;

2) төмөнкүлөр каралган тексттик материалдар:

а) жер участогун жайгаштыруунун  Бишкек шаарынын башкы планына, башка шаар курулуш документтерине, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келүүсү;

б) архитектуралык-техникалык корутундуну берүү үчүн негиз;

в) жер участоктун функционалдык багыты;

г) жер участоктун мүнөздөмөсү (параметрлери);

д) жер участоктун аянты;

е) жайгаштырылуучу объекттин аянты;

ж) объектти долбоорлоого жана конструктивдүү чечүүгө карата талап;

з) көрктөндүрүүгө жана фасаддарга, архитектуралык образдын стилистикасына талап;

и) объекттин чектүү кабаттуулугу;

к) өзгөчө талаптар;

л) жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуштар.

16. Архитектуралык-техникалык корутундуга тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары жана макулдашуулары милдеттүү тартипте тиркелет.

Архитектуралык-техникалык корутунду архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан кол коюлат.

Ошону менен бирге, жетекчинин колу уюмдун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Архитектуралык-техникалык корутунду катталган күндөн тартып 2 жыл бою күчүндө болот.

17. Ыйгарым укуктуу органга жер участогуна архитектуралык-техникалык корутундуну даярдоонун жана жөнөтүүнүн жалпы мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын арызы келип түшкөн күндөн тартып 25 иш күнүн түзөт.

18. Макул тапкан архитектуралык-техникалык корутундунун негизинде ыйгарым укуктуу орган 10 жумуш күндүн ичинде аны берүүнүн (аукцион, түз сатуу (берүү) ыкмасын аныктай турган комиссиянын кароосуна материалдарды жөнөтөт.

19. Жер участок ушул жобого ылайык түзүлбөсө, жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторду мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө жол берилбейт.

 20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын   23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген, Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлө турган тарыхый жана маданий мурастар зоналарындагы, ошондой эле азыркы турак курулуштагы  жер участокту бөлүүдө жер участоктун планы алынган күндөн тартып бир айдын чинде коомдук угууларды өткөрүлөт.

 

V. Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын ыйгарым укуктары, материалдарды кароо тартиби жана  чечимдерди кабыл алуу

 

21. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторду  берүү менен байланышкан маселелерди жана аукционду уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелерди чечүү үчүн жер участокторго укуктарды берүү боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары – Комиссия).

     Муниципалдык менчик жана жер ресурстар маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэри төрага болуп саналган комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилет. Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондору боюнча муниципалдык администрацияларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, инженердик-техникалык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле  коомчулуктун, коммерциялык эмес же башка уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Комиссиянын ишин уюштурууну камсыз кылууну протоколду түзүүнүн тууралыгы жана комиссиянын жыйналышында кабыл алынган чечимдерге протоколдун шайкеш келиши үчүн жоопкерчилик тарта турган ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.

22. Комиссия өз ишин жыйындар формасында жүргүзөт. Комиссиянын жыйындары айына 2 жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналыштарынын жыйынтыктары үч нускада түзүлгөн протокол түрүндө жол-жоболоштурулат, алардын ар бирине комиссиянын жыйыны өткөн күнү катчы, төрага жана комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Протоколдордун ар бир барагы комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү тарабынан парафирленүүгө (кол коюуга) жатат. Протоколдун бир нускасы ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат, протоколдун экинчи нускасы Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлөт, протоколдун үчүнчү нускасы жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга комиссиянын жыйындары өткөрүлгөн күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.

23. Комиссиянын чечимдери комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болгондо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Комиссиянын төрагасы кабыл алынуучу чечимдер жана  Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык компетенциясына кирген милдеттерин тиешелүү аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат.

24. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

а)  Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан жана бөлүмдөрүнөн жыйындарда каралуучу маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизалардын актыларын жана башка материалдарды суроого жана алууга;

б) мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча күчүнө калтыруу же аларды жокко чыгаруу жана башка чечим кабыл алуу жөнүндө жаңы чечимдерди кабыл алууга;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен же толук эмес көлөмдө материалдарды комиссиянын кароосуна даярдаган учурда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүүгө;

г) Бишкек шаарынын мэриясына комиссиянын жыйындарына үч жолудан ашык катышпай калган учурда комиссиянын мүчөсүн алмаштыруу жөнүндө өтүнүүгө.

25. Комиссиянын жыйналыштарын  комиссиянын төрагасы, ал жокто Комиссиянын төрагасынын орун басарларынын бири алып барат.

Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүүдө Интернет тарамында (социалдык тармактардагы расмий баракчада) тике видеотрансляция жолу менен онлайн режиминде видеожазма жүргүзүлөт.

Ыйгарым укуктуу орган комиссиянын жыйындарынын видеожазуусунун көчүрмөлөрүн квартал сайын Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтөт.

26. Комиссиянын иши менен байланышкан материалдар, анын ичинде протоколдун бир нускасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарбынан белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат.

27. Эгерде комиссиянын мүчөсү түздөн-түз кызыкчылыгы болсо же арызы каралып жаткан адам менен туугандык мамиледе болсо, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.

 

VI. Жеңилдетилген типтеги объекттерге жер участокторду мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга түз берүү тартиби

 

28. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокко ижара укугу, арыз ээси менен түз сүйлөшүү жолу аркылуу, бир жылга чейинки кыска мөөнөттүү ижарага комиссиянын чечими менен берилет.

Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участоктор аукцион аркылуу үч жылга чейинки мөөнөткө  ижарага берилет. Жарнамалык щиттерди жана уюлдук байланыш мунараларын жайгаштыруу үчүн жер участоктор аукцион аркылуу гана берилет.

 

VII. Аукцион уюштуруу

 

29. Жер участогун аукционго коюу жөнүндө комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган аукционду өткөрүү датасына чейин 30 күн мурда электрондук соода аянтчасына “өздүк кабинети” аркылуу маалыматтык билдирмени жайгаштырууга, ошондой эле массалык маалымат каражаттарында жарыялоого Бишкек шаарынын мэриясынын же ыйгарым укуктуу органдын сайтына аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүүнү жайгаштырууга милдеттүү.

30. Маалыматтык билдирүү төмөнкү маалыматтарды милдеттүү түрдө камтышы керек:

ижарага берүүчүнүн аталышы, анын жайгашкан жери;

жер участоктун жайгашкан жери, идентификациялык коду, функционалдык багыты, аянты жана параметрлери (мүнөздөсү);

 аукциондо катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси;

 аукциондо катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу күнү, кабыл алуу жана аяктоо убактысы;

 жер участоктун баштапкы баасы;

 кепилдик төгүмдүн суммасы жана мөөнөтү, ал которо турган банктын реквизиттери;

  аукциондук кадамдын  өлчөмү;

 ижара мөөнөтү;

 электрондук соода аянтчасынын кызматтарынын наркы;

кошумча маалыматтарды алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын байланыш маалыматтары;

31. Аукцион өткөрүлгөнгө чейин электрондук соода аянтчасында каттоодон өткөн адамдар аукционго катышууга жол берилет.

Төмөнкүлөр үчүн каттоо жүргүзүлөт:

а) төмөнкүлөрдү пайдалануу менен жеке жактар үчүн:

 электрондук колтамганы;

 көмүскө электрондук колтамга;

 электрондук чип болуусу менен ID-карталар (e-ID);

 талапкердин катталган телефон номерине жөнөтүлүүчү ПИН-кодун тастыктоо менен;

б) төмөнкүлөрдү пайдалануу менен юридикалык жактар үчүн:

электрондук кол тамга;

тунук электрондук кол тамга;

документтердин электрондук үлгүлөрүн тиркөө менен ушул пункттун "а)" пунктчасында көрсөтүлгөн жеке жактар үчүн идентификациянын колдонулуучу формаларын: юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүгү, жетекчини дайындоо жөнүндө буйрукту же жеке адамдын идентификациялык маалыматтары боюнча каттоону жүзөгө ашырган адамга ишеним каттын көчүрмөсү.

32. Талапкер-катышуучулардын электрондук соода аянтчасынын оператору жана ижарага берүүчүнүн ортосундагы документ жүгүртүү, электрондук документтер же документтердин электрондук үлгүлөрү формасында (кагаз жүзүндөгү документтердин реквизиттерин сактоо менен сканерлөө жолу аркылуу электрондук-санариптик формага кайра түзүү) электрондук соода аянтчасы аркылуу ишке ашырылат.

 

VIII. Аукциондун катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

 

33. Электрондук аянтчанын оператору төмөнкү функцияларды аткарат:

1) аукциондун катышуучуларын электрондук соода аянтчасында каттоо, алар тарабынан идентификациялоочу маалыматтарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат;

2) электрондук соода аянтчасында талапкерлерди каттоонун тартибин аныктайт;

3) алар тарабынан бардык талаалар толтурулган шартта арыздарды электрондук аукциондун катышуучуларын тарабынан берүүнү, ошондой эле жер участогунун ижара келишимин электрондук форматта түзүү укугуна электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн аларды кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин өтүнмөлөрдү берүүнү токтотууну камсыз кылат;

4) талапкерлерди аларды катышуучулар деп таануу же жер участогун ижаралоо келишимин электрондук форматта түзүү укугуна электрондук аукционго катышууга киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоону камсыз кылат;

5) жер участогун ижарага берүү жол-жобосуна катышуучулардын тең укуктуулугун, пайдалануучу электрондук соода аянтчасынын программалык-аппараттык каражаттарынын иштешинин ишенимдүүлүгүн камсыз кылат;

6) электрондук соода аянтчасында жер участогунун ижара келишимин түзүү укугуна электрондук аукциондун өткөрүлүшүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты электрондук форматта жайгаштырууну камсыз кылат;

7) ыйгарым укуктуу органга электрондук документтерди жөнөткөн учурдан тышкары, электрондук аукциондун талапкерлери жана катышуучулары жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыздайт;

8) ушул жобого ылайык башка функцияларды аткарат.

 

34. Электрондук соода аянтчасынын оператору төмөнкүлөргө жооптуу:

1) электрондук соода аянтчаларына талапкерлердин жана катышуучулардын жетүүсүн камсыздоого;

2) келип түшкөн арыздар жана аларга тиркелген документтер тууралуу маалыматтардын, ошондой эле ушул жободо каралган өтүнмөлөргө жана документтерге ыйгарым укуктуу органдын мүмкүнчүлүк алган учурларын кошпогондо, табыштама берген жактар жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун өтүнмөлөрдү кабыл алуунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды электрондук соода аянтчасында жайгаштырууга чейин камсыз кылууга.

35. Электрондук соода аянтчасынын оператору жер участогун ижаралоо келишимин түзүү укугуна электрондук аукциондун өткөрүлүшүн электрондук соода аянтчасынын программалык-аппараттык каражаттары менен белгиленген техникалык бузулуу учурунда, бирок бир суткадан ашпаган убакытка токтотот. Электрондук аукционду өткөрүүнү кайра баштоо ал токтотулган учурдан тартып башталат.

Электрондук аукционду өткөрүү токтотулган убакыттан тартып бир сааттын ичинде электрондук соода аянтчасынын оператору жер участогун ижаралоо келишимин түзүү укугуна электрондук аукционду токтото туруунун себеби жөнүндө маалыматты электрондук соода аянтчасына жайгаштырат, электрондук аукционду токтото туруу жана кайта баштоо убактысы тууралуу катышуучуларга кабар берет, ошондой эле бул маалыматты ыйгарым укуктуу органга жиберет.

36. Оператор талапкерлер жана электрондук аукциондун катышуучулары тарабынан Интернет тармагына кошулуудагы үзгүлтүктөр, ошондой эле системадагы үзгүлтүккө учуроолор, электр менен камсыз кылуу жана форс-мажордук жагдайлар башкача айтканда, ал жеткис күчтөрдүн шарттары (суу ташкыны, өрт, жер титирөө, жарылуу, эпидемиялар же башка табигый кырсыктар, согуш, аскердик иш-аракеттер, өзгөчө же аскердик абалдын киргизилиши) үчүн жоопкерчилик тартпайт.

37. Жер участогунун ижара келишимин түзүү укугуна электрондук аукционду уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан, анын ичинде ижарага берүүчүдөн, талапкерлерден жана катышуучулардан алынган электрондук документтер электрондук соода аянтчасынын операторунда сакталат.

38. Электрондук соода аянтчасынын операторуна жер участоктордун ижарачысы катары чыгууга тыюу салынат.

39. Ижарага берүүчү тоорукка катышкан талапкерлердин талабы боюнча учурдагы абалын кароо үчүн жер участогуна жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуусу тийиш. Талапкерлердин суроо-талабы боюнча ижарага берүүчү таанышуу үчүн объекттин укук белгилөөчү документтерин жана фотосүрөт материалдарын берүүгө милдеттүү.

40. Жеңүүчү  белгиленген мөөнөттө жер участокко ижара келишимин түзүүдөн четтегенде же баш тартканда, аукциондун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылат, ал эми жеңүүчү ижара келишимин түзүүгө укугун жоготот, кепилдик  төлөм ага кайтарылып берилбейт жана жергиликтүү бюджетке жөнөтүлөт.

Жеңүүчү деп табылган жана ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан аукцион катышуучусу баш тарткан учурдан тартып бир жыл ичинде бардык аукциондордо катышуу укугун жоготот жана ишенимсиз талапкерлердин тизмесине киргизилет.

 

IX. Аукцион өткөрүү

 

41. Электрондук колтамга,  көмүскө электрондук колтамга же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы паспортунун (ID - карта) үлгүсү - идентификациялык картасы менен  күбөлөндүрүлгөн арыз, маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн документтердин электрондук үлгүлөрүн тиркөө менен электрондук соода аянтчасынын  ачык бөлүгүндө жайгаштырылган электрондук формаларды толтуруу жолу менен берилет.

Бир адам бир гана табыштама берүүгө укуктуу. Ар бир арызга кабыл алуу датасын жана убактысын көрсөтүү менен номер ыйгарылат.

42. Маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен берилген ага тиркелген документтери менен арыз, ошондой эле баа жөнүндө сунуштар электрондук соода аянтчасында катталбайт.

43. Аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм ижара акысын төлөө эсебине чегерилет. Аукциондун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюудан же болбосо ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм кайтарылып берилбейт.

Жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы боюнча электрондук соода аянтчасынын кызмат көрсөтүүлөрүн төлөйт.

44. Электрондук соода аянтчасынын оператору аукцион катышуучулары каттоо аяктаган күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирилбестен өткөрүлө турган аукцион катышуучуларын каттайт.

45. Аукционду өткөрүү жол-жобосу аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн күндө жана убакытта, катышуучулар тарабынан  “аукциондун кадамына” ылайык сатуунун баштапкы баасынын чоңдугуна карата ырааттуу жогорулатуу жолу менен жүргүзүлөт.

46. Аукционду өткөрүү жол-жобосу убагында электрондук соода аянтчасынын оператору электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгүнө катышуучулардын жетүүсүн жана электрондук аукционго коюлган жер участогунун ижара баасы жөнүндө алар тарабынан сунуштарды берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

47. Аукционду өткөрүү жол-жобосу башталган убакыттан тартып электрондук соода аянтчасынын оператор тарабынан төмөнкүлөр жайгаштырылат:

1) электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө - жер участогу жөнүндө маалыматтарды, баштапкы баасын жана учурдагы “аукциондун кадамын” көрсөтүү менен аукционду өткөрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө маалымат;

2) электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгүндө - электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө көрсөтүлгөн жер участогун ижаралоонун баштапкы баасы жөнүндө маалыматтан тышкары, билдирилген кадамга ылайык, катышуучулардын сунуштарын кабыл алуу аяктаганга чейин калган убакыт жана алардын келип түшкөн убактысы.

48. Электрондук соода аянтчасынын программалык каражаттары менен төмөнкүлөр камсыз кылынат:

1) катышуучу тарабынан “аукциондун кадамынын” чоңдугуна карата учурдагы баанын өсүүсүнө ылайык келбеген жер участоктун баасы жөнүндө сунуштарды берүү мүмкүнчүлүгүн алып салууну;

2) эгерде бул катышуучунун жер участоктун баасы жөнүндө сунушу башка катышуучу тарабынан  ушундай сунушту мурда киргендигине байланыштуу кабыл алынбаган учурда катышуучуну кабарлоону.

49. Жер участокту ижаралоого эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат.

50. Аукцион өткөрүүнүн жүрүшү аукциондун жыйынтыгын чыгаруу үчүн мүлктүн баасы жөнүндө сунуштарды кабыл алуу аяктаган убакыттан тартып чагылдырыла турган электрондук базада оператор тарабынан катталат. Баа сунуштарын берүү үчүн биринчи кадамга 30 мүнөт берилет. Андан ары, кадам сайын жогорулоого баалар боюнча сунуштарды берүү убактысы 5 минөттү түзөт.

Аукциондун жыйынтыктары аукциондун аяктоосу боюнча автоматтык тутум менен  таризделүүчү протокол түрүндө жол-жоболоштурулат.

51. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколду түзүү жана аукцион өткөн күндө комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан протоколго кол коюлган убакыттан тартып  электрондук аукциондун жол-жобосу аяктаган болуп эсептелет.

52. Аукцион өткөн жок болуп төмөнкү учурларда таанылат, эгерде:

1) катышууга бир дагы өтүнмө берилбесе же талапкерлердин бири дагы катышуучу деп таанылбаса;

2) бир гана талапкерди катышуучу деп таануу тууралуу чечим кабыл алынганда.

Аукциондун катышуучуларынын табыштамалары жок болгондо, ошондой эле аукциондо ижара объектин бир ган талапкер катышканда ңсатуудан алынып салынат жана аукцион болгон жок деп таанылган датадан кийин 30 (отуз) күндөн кийин кайра коюлат.

Табыштамалардын жоктугуна байланыштуу, аукцион эки жолу болгон жок деп таанылган учурда, баштапкы баа комиссиянын чечими менен белгиленген суммага төмөндөтүлөт же объектти ижаралоо аукциондон алынып салынат.

53. Электрондук аукционду болгон жок деп таануу жөнүндө чечим  аукциондун аягында автоматтык тутум менен таризделүүчү аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол менен жол-жоболоштурулат жана ошол эле күнү комиссия тарабынан кол коюлат.

54. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө жайгаштырылат.

Аукциондун жыйынтыктары тууралуу протокол кол коюлган убакыттан тартып бир сааттын ичинде аукциондун жеңүүчүсүнө ушул протоколду тиркөө менен аны жеңүүчү деп таануу жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт, электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө төмөнкү маалымат жайгаштырылат:

жер участоктун функционалдык арналышы жана аны индивидуализациялоого мүмкүнчүлүк берүүчү маалыматтар (лоттун өзгөчөлүгү);

жер участоктун ижара баасы;

жеңүүчү – жеке жактын аты-жөнү, теги же юридикалык жактын аталышы.

55. Жер участоктун ижара келишими өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыктары боюнча аукциондун жеңүүчүсү аныкталган датадан  тартып аукциондун протоколу кол коюлган күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирилбестен түзүлөт.

56. Жеңүүчү белгиленген мөөнөттө жер участоктун ижара келишимин түзүүдөн четтегенде же баш тартканда, аукциондун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылат, ал эми жеңүүчү келишимди түзүү укугунан ажырайт, кепилдик төгүмү кайтарылбайт жана жергиликтүү бюджетке жөнөтүлөт.

57. Жер участокту берүүнүн шарттары, ижарага берүүчүнүн жана ижарага алуучунун укуктары, милдеттери, тараптардын жоопкерчиликтери жана ижаранын башка шарттары жер участоктун ижара келишими менен белгиленет.

58. Ижарачы жер участоктун ижара келишими күчүнө кирген учурдан тартып жер участокту ижарага алат. Ижара келишими жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.

59. Документтердин формалары, ошондой эле жер участогун ижаралоо жөнүндө типтүү келишимдердин долбоорлору Бишкек шаардык кеңештин чечими менен бекитилет.

60. Ижара келишиминде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдо көрсөтүлгөн, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкерлери жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.

61.  Жер участоктун ижара келишими 3 нускада түзүлөт, тараптардын ар бири үчүн бирден нускада жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга мөөнөттүү пайдалануу укугунун пайда болуусу жөнүндө жазууларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлүүгө тийиш.

Жер участоктун ижара келишимин түзүү жана андан ары каттоо боюнча чыгымдар ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

3 жыл жана андан ашык мөөнөткө түзүлгөн жер участоктун ижара келишими милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

3 жылдан аз мөөнөткө түзүлгөн жер участоктун ижара келишими мамлекеттик каттоодон өтүүнү талап кылбайт.

 

IX. Жеңилдетилген типтеги объектке мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участогунун эсеби жана төлөө тартиби

 

62. Жер участокту убактылуу пайдалануу мөөнөтүн узартууда ижарачы жер участокту убактылуу пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып жер участокту анык кайтарып бергенге чейинки мезгил үчүн ижара акысын төлөөгө же мөөнөтүн узартууга милдеттүү.

 

X. Акча каражаттарды бөлүштүрүү

 

63. Муниципалдык жер участокторуна ижара укугун өткөрүп берүүдөн түшкөн каражаттар шаардык бюджетке жана ошол бюджеттен 10 пайыз ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине жөнөтүлөт.

     64. Ыйгарым укуктуу органдын эсебине түшүүчү каражаттар архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын, жерге жайгаштырууну каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматтарын төлөөгө, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын ишин өнүктүрүүгө багытталат.

     65. Каражаттардын түшүүсүн контролдоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

XII. Корутунду жоболор

66. Бишкек шаарындагы жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн ижара шарттарында жер участокторду мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын  административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамына ылайык даттанылышы мүмкүн.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

2020-жылдын “___”__________

№____токтомуна 2-тиркеме

Форма 

 

Бишкек шаарында ижара шарттарында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга ижарага берүүнүн

     типтүү келишими

 

Бишкек шаары     2020-жылдын “___”_________

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын атынан бир тарабынан мындан ары “Ижарага берүүчү” деп аталуучу _______________________________________________________________ жана экинчи тарабынан мындан ары “Ижарачы” деп аталуучу   ______________________________________________________________ атынан 

(жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)

_______________________________________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү)

төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү: 

 

1. Келишимдин предмети

 

1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга Бишкек шаарындагы жер участокту мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү боюнча 20__-жылдын “___”_______________ аукциондун протоколуна/комиссиянын чечимине  ылайык ______________________________________________________________ ______________________________________________________________ үчүн

(жер участогун пайдалануунун максаттуу багыты көрсөтүлсүн) 

Бишкек шаары________________________________________ дареги боюнча жайгашкан ушул келишимге тиркелген жер участоктун чиймесинде көрсөтүлгөн чектерде аянты______ чарчы метр жер участогун ____жылдык мөөнөткө ижаралык пайдаланууга берет.

 

2. Ижаралык төлөм

    

2.1. Ижаралык төлөмдөр Бишкек шаарында жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү боюнча комиссиянын 20___-жылдын “____” ____________ № ______ чечими кабыл алынган күндөн тартып эсептелет жана ай сайын ____________ түзөт.

2.2. Ижаралык төлөмдү төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн алыш-бериш эсебине киргизүү жолу менен ар бир айдын 1-числосуна чейин ай сайын жүргүзүлөт.

2.3. Ижаралык төлөмдүн эсеби Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

2.4.  Ижара келишимин түзүүдө Ижарачы Ижарага берүүчүгө күрөө суммасы катары _____________ сомду түзгөн, бир айлыктын үч эсе көбөйтүлгөн суммасын  ижаралык төлөмдүн өлчөмүндө төлөйт, ал Ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин Ижарага берүүчүнүн депозитинде кармалат. Ижара келишиминин иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин күрөө суммасы Ижарачы тарабынан келтирилген материалдык зыяндын, ижаралык төлөм боюнча карыздын же жеңилдетилген типтеги объектти (мындан ары- ЖТО) демонтаждоо  чыгымдардын ордун толтуруу боюнча чыгымдарды эсептен чыгаруу менен Ижарачыга кайтарылат. 

2.5. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ижаралык төлөмдөн тышкары Ижарачы жер салыгын төлөйт. Салыктын жылдык өлчөмү жылына _______________сомду түзөт.

Төлөм квартал сайын бирдей үлүштө кийинки отчёттук мезгилден айдын 15-числосунан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

2.6. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жер салыгы төлөнбөгөн учурда Ижарачыга карата Кыргыз Республикасынын Салык кодекси тарабынан белгиленген өлчөмдө айып санкциялары колдонулат.

 

3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери

 

3.1. Ижарачы төмөнкү укуктарга ээ:

3.1.1. Ушул келишим тарабынан аныкталган максаттарга жана шарттарга ылайык ижарага алынган жер участокто өз алдынча чарба жүргүзүүгө;

3.1.2. Ижарага алынган жер участокто Ижарачы тарабынан жайгаштырылган ЖТОлор анын менчиги болуп саналат. Жер участоктун ижара мөөнөтү аяктагандан кийин аларды андан ары пайдалануу жөнүндө маселе Ижарачы тарабынан чечилет.

3.1.3. келишимдин иштөө мөөнөтү аяктоосу боюнча өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарууда белгиленген тартипте бул ижара келишиминин иштөө мөөнөтүн жаңы мөөнөткө узартууга:

3.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:

3.2.1. “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен таштандыларды жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгууга келишим түзүүгө.

  3.2.2. Өз эсебинен төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга:

- жер участокту жана жанаша жайгашкан аймакты, зарылчылыкка жараша - короо аймагын санитардык тазалыкта кармоого;

- жер участокко жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды тазалоону жана калыбына келтирүүгө;

  3.2.3. Ижарага алынган жер участокту максаттуу багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга.

3.2.4. Төмөнкүлөргө жол бербөөгө:

- жанаша жаткан аймакта жайгашкан бак-дарактарга зыян келтирүүгө, бузууга же жок кылууга;

- жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;

- өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алган жер участокто жана жанаша жайгашкан аймактарда экологиялык абалдын начарлашына;

- ижарага алынган жер участокто жана жанаша жайгашкан аймактарда баш-аламан көчө соода кылууга.

 3.2.5. Келишим түзүлгөндөн кийин ижарага алынган жер участокту пайдаланууга киришүүгө.

 3.2.6. Жер участокту пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде  берилген жер участокту  көрктөндүрүүгө жана жанаша жайгашкан аймакты, анын ичинде арык тутумун таза кармоого;

 3.2.7. Өзүнүн эсебинен ижарага алынган участокту акыр-чикирден, суу каптоодон жана булгануудан коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды тартууга;

 3.2.8. Башка жер пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого;

 3.2.9. Өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык абалга байланыштуу Ижара берүүчүгө жер пайдалануудан келип чыккан зыяндын,  колдонулбай калган  пайданын ордун  толук көлөмдө  толтуруп берүүгө;

3.2.10. Жер участокту пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү  убагында төлөөгө;

Ижаралык төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда мөөнөтү өткөн ар бир өткөн күн үчүн карыздын суммасынан 0,5 пайыз өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынан 25 пайыздан көп эмес туум эсептелинет. Айып пулду жана туумду төлөгөндүгү Ижарачыны  жер участокту ижаралоо үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотпойт.

Эгерде айып пул (туум) негизги карыздан 25 пайыздан көбүн түзсө,  ЖТО Ижарачынын каражаттарынын эсебинен бузулууга же демонтаждоого жатат.

3.2.11. Зарылчылыкка жараша, пайдалануу укугу токтогондо,  ижарага алынган жер участогунан ЖТОну өз эсебинен демонтаждоого жана жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө;

3.2.12. Келишимдин иштөө мөөнөтү бүткөндөн кийин ЖТОну демонтаждайт жана Ижара берүүчүгө жер участокту баштапкы абалынан начар эмес абалда кайтарууга.

3.3. Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз Ижарачы төмөнкүлөргө укугу жок:

3.3.1. Ижаралоонун ушул келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө.

3.3.2. Ижарага алынган жер участогун акысыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө.

3.3.3. Ижара укуктарын күрөөгө берүүгө жана Ижарага алынган жер участогун акысыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым же өндүрүштүк кооперативдердин үлүштүк төгүмү катары киргизүүгө.

 

4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

 

4.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:

4.1.1. Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашырууга.

4.1.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимди төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте бузууга:

а) жер максаттуу эмес багыт боюнча пайдаланылганда;

б) жер участогун кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген ыкмалар менен пайдаланылганда;

в) келишимде белгиленген мөөнөттөрдө ижаралык төлөм төлөнбөгөндө; 

 г) Ижарачы тарабынан өз милдеттери аткарылбаса;

 д) бул аймакта пландуу курулуш башталса;

 е) ижарага алынган жер участогунда башаламан көчө соодасына жана жанаша жайгашкан аймактарда чарбалык иш-аракеттерге жол берилсе;

 ё) 5.1-пунктта көрсөтүлгөн учурларда.

4.1.3. Ижарачынын чарбалык иш-аракетинин жыйынтыгында жердин сапатынын жана экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга.

4.1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизилген учурда Ижарачы менен макулдашуу боюнча келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө.

4.1.5. Жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзамдар, ошондой эле ушул келишимдин шарттары бузулганда Ижарачы тарабынан жүргүзүлүүчү ишти токтотууга.

4.2. . Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

4.2.1. Ижарачыга жер участокту ушул келишимдин шарттарына ылайык абалда берүүгө.

4.2.2. Эгерде алар мыйзамга жана ушул келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе, Ижарачынын чарбалык иш-аракеттерине кийлигишпөөгө, жер участогун натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук көрсөтпөөгө.

4.2.3. Ижаралык пайдаланууга берилген жердин абалына контролду жүзөгө ашырууга. 

 

5. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо

 

 5.1. ЖТО төмөнкү учурларда демонтаждалат:

- жайгаштырууга уруксат берүү документтери талаптагыдай жол-жоболоштурулбастан иштеп жаткан учурда;

а) жаңы курулушту ишке ашыруу учурунда;

б) соттун чечими боюнча;

в) ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча төмөнкү учурларда:

- келишимдин шарттары бузулса;

- 3 ай аралыгында ижаралык төлөмдөр төлөнбөсө;

- архитектуралык жана шаар куруу ченемдерине ылайык келбесе;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаардын турмуш-тиричилигин жана өнүгүшүн жөнгө салган чечимдер кабыл алынганда.

5.2. ЖТОну демонтаждоо 5 күн мурда алдын ала кабарлоо боюнча ээлик кылуучунун эсебинен жүргүзүлөт. Тийиштүү документтери жок иштеп жаткан жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоодо алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.

Эгерде ЖТОнун ээси белгиленбесе жана келечекте жайгашкан жерди аныктоого мүмкүн болбосо, жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан акт түзүлөт жана демонтаждоо жөнүндө билдирүү ЖТОдо бекитилет.

5.3. ЖТОну демонтаждоо жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан демонтаждоо жөнүндө билдирмеде көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин объекттин ээсинин же анын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Демонтаждоодо объекттин ээси же анын өкүлү объектти жайгашкан материалдык баалуулуктардан бошотуп берүүгө милдеттүү.

Ээлик кылуучу жана анын өкүлү тарабынан демонтаж жүргүзүүгө тоскоолдук түзүлгөн учурда объекттеги бар болгон материалдык баалуулуктардын тизмеси түзүлөт жана материалдык жана моралдык зыяндын мүмкүндүгүн компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаж жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт.

ЖТОнун ээси жок болгон учурда, объектке мөөр басылат, демонтаж материалдык жана моралдык зыянды компенсациялоосуз анда турган материалдык баалуулуктары менен кошо жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт.

5.4. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан демонтаж жүргүзүлүп жатканда Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана адистери белгиленген тартипте тартылышы мүмкүн.

5.5. Демонтаждалган ЖТО Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген кампалоо жана сактоо орунуна жөнөтүлөт жана өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан убактылуу сактоого өткөрүлөт. ЖТОну берүү ЖТОнун ээси тарабынан ЖТОну  демонтаждоо, сактоо боюнча бардык чыгымдар төлөнгөндө жана Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын жазуу түрүндөгү ырастамасы болгондо жүргүзүлөт.

5.6. ЖТОну демонтаждоо боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын чыгымдарынын ордун толтуруу кассага акча каражатын накталай төлөө же ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт.

5.7. Демонтаждалган ЖТОну сактоо акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.

5.8. Кампалоо жана сактоо ордундагы администрация анда турган  объекттин жана материалдык баалуулуктардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.

5.9. ЖТОнун сакталышы үчүн төлөм акча каражаттарын кассага накталай төлөө же алыш-бериш эсебине которуу жолу менен төлөнүшү керек.

 

6. Тараптардын жоопкерчилиги

 

6.1. Ушул келишим Тараптардын макулдашуусу боюнча, ушул келишимдин шарттарына ылайык, аны колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.

6.2. Тараптардын ар бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

 

7. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

 

7.1. Ижарачынын чарбалык иш-аракеттеринин процессинде келип чыккан бардык талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүү жолу менен чечишет.

7.2. Макулдашуу болбой калган учурда, талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте чечилет.

 

8. Башка шарттар

 

8.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участоктун ажырагыс жакшыртууларынын наркы кайтарылбайт жана ижара мөөнөтү аяктагандан кийин ажырагыс жакшыртуулар Ижарага берүүчүнүн менчигине өтөт.

8.2. Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен Ижарачы каалаган убакта, ал тараптан бул келишимдин шарттары бузулбаган учурда, Ижарага берүүчүгө үч ай мурда жазуу түрүндө эскертүү менен ушул келишимди бузууга укуктуу.

8.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөн учурда  Ижарага берүүчү тарабынан ушул келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

8.4. Ушул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 2 нускада түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси Ижарачыда калат.

  8.5. Келишим 20__  -жылдын “___”____________ 20__  - жылдын “___”___________чейин жарактуу.

  8.6. Ижарачы жер участокту иш жүзүндө пайдалануу үчүн ___________ тартып ____________ чейин ____________сом суммада акы төлөөгө милдеттенет.

 

9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык маалым даректери

 

 ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ:

 

ИЖАРАЧЫ:

__________________________

 

__________________________

(колу)

 

(колу)

М.О

 

М.О.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

2020-жылдын “___”_________

№ ___токтомуна 3-тиркеме

 

 

Архитектуралык-техникалык корутундунун формасы

 

Архитектуралык-техникалык корутундунун материалдары

 

Бөлүмдүн мазмуну

1

2

Архитектуралык-техникалык корутундуну берүү үчүн негиз

1. Жер пайдалануучу

2. Объекттин функционалдык багыты

3. Участоктун учурдагы абалынын мүнөздөмөсү

4. Жер участогунун чек аралары

5. Жер участогунун аянты

6. Жайгаштырылуучу объекттин аянты  

7. Объектти долбоорлоого жана конструктивдүү чечүүгө карата талаптар

8. Тышкы көрүнүшүнө (фасаддарга) карата талаптар

- архитектуралык сүрөттөлүштүн стилистикасы

- объектти жарыктандыруу

- тышкы жасалга

9. Объекттин чектүү кабаттуулугу

10. Жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү боюнча талаптар

11. Объекттин иштөө шарттамына карата талаптар

12. Өзгөчө талаптар

13. Жыйынтык жана корутунду


Бишкек шаардык кеңешинин

аппарат жетекчиси                                                                                                                                                                                                                                            М. Дж. Алымбеков