КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-февралы №34/1
“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которунун убактылуу тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-октябрь 2018-жылдагы № 512 токтомуна ылайык, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагындагы № 1070 контурунан -2,9 га, № 1071 контурунан -4,8 га, №886 контурунан -0,25 га, № 1111 контурунан -0,50 га жер аянттары сугат айдоо жер аянтынан турак жай алдындагы жер аянтына которууга сунуш кылынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Тѳрага |
У.Мокешов |
|
|