Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1997-жылдын 28-январы № 8

Электр энергетикасы жөнүндө

2003-жылдын 26-февралындагы № 43, 2004-жылдын 6-декабрындагы № 187, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 207,
2007-жылдын 10-августундагы № 146, 2008-жылдын 16-майындагы № 85,
2009-жылдын 23-январындагы № 14,
2011-жылдын 10-июнундагы № 35, 2011-жылдын 13-июнундагы № 43, 2011-жылдын 26-июлундагы № 146,
2013-жылдын 30-ноябрындагы № 188, 2013-жылдын 15-февралындагы № 20, 2013-жылдын 24-июнундагы № 98,
2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2014-жылдын 19-июлундагы № 145,
2016-жылдын 20-январындагы № 5, 2017-жылдын 12-декабрындагы N 207 (12) , 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын "Энергетика жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынын жоболоруна негизделет жана менчигинин формасына карабастан бардык юридикалык жактарга, ошондой эле электр жана жылуулук энергиясын өндүргөн, берген, бөлүштүргөн, саткан жана керектеген жеке жактарга жайылтылат.

 

1-статья. Бул Мыйзамдын максаттары

Электр жана жылуулук энергиясы менен ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана бардык керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жакшыртуу, атаандаш чөйрөнү түзүү жана энергия рыногун калыптандыруу, жеке менчик сектордун өнүгүшүн кубаттоо жана инвестицияларды тартуу бул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

 

2-статья. Аныктамалар

Бул Мыйзамда төмөндө саналып өткөн терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ:

Турмуш-тиричилик абоненти - энергия менен жабдуу келишими боюнча өз турмуш-тиричилик муктаждыгы үчүн энергияны пайдаланган жаран;

Турмуш-тиричилик керектөөчүсү - контракттын шарттарына ылайык электр энергиясын турмуш-тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануучу жеке жак.

Электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу - энергетикалык ресурстардан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү;

Электр энергиясын иштеп чыгаруучу ишкана - электр энергиясын өндүрүү жана электр станцияларды эксплуатациялоо боюнча иш жүргүзгөн ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак;

Гидроэлектростанция - суунун энергиясын пайдалануу аркылуу электр энергиясын чыгаруучу ар кандай станция жана мындай өндүрүш менен байланышкан гидротехникалык курулуштар, жабдуулар;

Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 30 Мвт жогорку кубаттуулуктагы гидроэлектростанциялар, жылуулук станциялар;

Магистралдык электр тармак - электр энергиясын өндүрүүчүдөн жергиликтүү (локалдык) тармакка кошуучу пунктка чейин жеткизүүгө дайындалган электр тармагы;

Чакан электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 0,5 МВтдан 30 МВтга чейинки кубаттуулуктагы электр жана жылуулук станциялары;

Интеграцияланган ишкана - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу жагынан иштин эки же андан ашык түрүн жүргүзгөн ар кандай мамлекеттик же жеке менчик ишкана;

Улуттук электр тармагы - жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүүчү каражаттардын системасы;

Улуттук энергосистема - иштөө режиминин жалпылыгы менен байланышкан жана диспетчердик кызмат тарабынан борбордоштурулуп оперативдүү башкаруу жүргүзгөн электростанциялардын, гидроэлектростанциялардын, электр (анын ичинде улуттук электр тармагы) жана жылуулук тармактарынын иштеп жаткан комплекси;

Бириккен системалар - бир же андан ашык система аркылуу бириктирилген электр энергиясын берүүчү жана бөлүштүрүүчү бир катар системалар;

Өз муктаждыгы үчүн электр энергиясы - мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак өз керектөөсү үчүн иштеп чыгаруучу электр энергиясы;

Негизги керектөөчү - тикеден-тике өндүрүүчү ишканадагы жогорку чыңалуудагы тармактан электр энергиясын сатып алуучу;

Берүү - жогорку чыңалуудагы электр энергиясын негизги керектөөчүлөргө же бөлүштүрүүчү ишканаларга берүү максатында аны электр тармагы аркылуу өткөрүү;

Электр энергиясын берүүчү ишкана - электр энергиясын өндүрүүчү ишкананын берүүчү точкалары менен бөлүштүрүүчү ишкананын же негизги керектөөчүнүн кошулуучу точкасынын ортосунда электр энергиясын берүүчү ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак;

Тандоо мүмкүнчүлүгү болбогон керектөөчү - төмөнкү чыңалуудагы электр энергиясы, жылуулук энергиясы бирден-бир бөлүштүрүүчү ишкана тарабынан берилүүчү түпкү керектөөчү;

Бөлүштүрүүчү электр тармагы - электр энергиясын бөлүштүрүү жана аны кошуу точкасына берүү максаттары үчүн кызмат кылган конструкцияларды, жабдууларды жана аппаратураларды камтыган электр өткөрүү тармагы;

Бөлүштүрүүчү ишкана - айтылган аймакта керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук энергиясы менен жабдуучу ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же физикалык жак;

Жогорку чыңалуудагы тармактар - чыңалуусу 35 кВ жана андан жогору болгон электр тармактары жана подстанциялар;

Электр менен жабдууга типтүү контракт - кызмат көрсөтүүдө же алууда белгилүү шарттарды сактоого өндүрүүчү, берүүчү, электр энергиясын жана бөлүштүрүүчү ишкана менен керектөөчүнүн ортосундагы белгилүү укуктар менен милдеттердин тизмеси көрсөтүлгөн макулдашуу;

Кошуу точкасы - электр жана жылуулук энергиясын бөлүштүрүүчү ишкана менен керектөөчүнүн ортосундагы же берүүчү жана бөлүштүрүүчү ишкананын же негизги керектөөчүнүн ортосундагы менчиктин чеги;

Берүү точкасы - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчү жана берүүчү ишкананын ортосундагы же берүүчү жана бөлүштүрүүчү ишкананын же негизги керектөөчүнүн ортосундагы менчиктин чеги;

Установка - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү милдеттерин чечүүгө багытталып, жабдууларды, курулуштарды, имараттарды жана ага байланыштуу пайдаланылуучу жерди ичине камтыган жай;

Энергетикалык кызмат - берүү, бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жана жылуулук энергиясын сактоодон башка) жана энергоресурстарды ташуу;

Электроэнергия - бир эле мезгилде аны өндүрүү жана керектөө менен мүнөздөлгөн, берилген чектердеги анын параметрлерин ар дайым, үзгүлтүксүз жана сапаттуу сактоону талап кылган өзгөчө түрдөгү товар;

Электр энергетикалык тармак - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө же сатууга тартылган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишкананы камтыган структура;

Электр станциясы - бардык энергоресурстарды пайдалануу аркылуу электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчү ар кандай станция;

Электр жана жылуулук энергиясын берүүчү ишкана - менчигинин формасына карабастан электр же жылуулук энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү, бөлүштүрүүчү же сатуучу ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак;

Электр жана жылуулук энергиясын уурдоо - электр жана жылуулук энергиясын тийиштүү уруксат албастан өз алдынча кошуп алуу, керектөө жана берүү;

Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы;

отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензиялоо жана электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы;

эсеп борбору - электр энергиясынын ашыкча агымы жана коромжусу боюнча маалыматтарды жыйноо, иштетүү, аныктыгын текшерүү, талдоо, электр энергиясынын балансын түзүү, электр энергетика базарынын бардык катышуучулары үчүн эсеп жүргүзүү, ошондой эле электр энергетика рыногунун катышуучуларынын өз ара эсептешүүлөрүнө мониторинг жүргүзүү боюнча борборлоштурулган маалыматтык аналитикалык тутумду пайдалануу менен кызмат көрсөтүүчү өз алдынча уюм.

Энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгуу, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөнүн техникалык коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжалуулугу чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.

 (КР 2007-жылдын 10-августундагы № 146, 2009-жылдын 23-январындагы № 14, 2011-жылдын 26-июлундагы № 146, 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 188, 2013-жылдын 15-февралындагы № 20, 2013-жылдын 24-июнундагы № 98, 2014-жылдын 19-июлундагы № 145, 2016-жылдын 20-январындагы № 5 , 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-статья. Милдеттерди бөлүштүрүү

(КР 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

 

4-статья. Электроэнергетика тармактарын мамлекеттик жөнгө салуу

Электроэнергетика тармактарын мамлекеттик жөнгө салуу электр жана жылуулук энергиясын экономикалык жактан негизделген, социалдык жактан алгылыктуу жана дискриминацияланбаган баалар менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында берүү, ошондой эле электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүдө жана керектөөдө анын ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга контроль жүргүзүү максатында ишке ашырылат.

 

5-статья. Лицензиялар тууралу жалпы жоболор

Юридикалык жана жеке жактар отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензиянын негизинде иштин төмөнкүдөй түрлөрү менен алектенүүгө укуктуу:

- электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейин кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү кошпогондо);

- жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан жылуулук энергиясын өндүрүүнү кошпогондо).

Лицензиялардын түрлөрү жана мөөнөттөрү, ошондой эле электр энергетика ишканаларына аларды берүүнүн тартиби жана шарттары лицензиялоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

(КР 2003-жылдын 26-февралындагы № 43, 2013-жылдын 24-июнундагы № 98, 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

6-статья. Лицензиянын шарттарын чакырып алуу, токтото туруу же өзгөртүү

 (КР 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

7-статья. Лицензияларды кайра кароо

(КР 2003-жылдын 26-февралындагы № 43 Мыйзамынын ылайык күчүн жоготту деп табылган)

8-статья. Өндүрүүгө лицензиялар жөнүндө эрежелер

(КР 2003-жылдын 26-февралындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту деп табылган)

9-статья. Жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктар

Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды куруу Улуттук энергетикалык программага ылайык же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө токтомуна ылайык ишке ашырылат.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 146 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Гидроэлектростанциялар

Гидроэлектроэнергиясын өндүрүүгө тиешеси бар ар кандай лицензия сууну энергетикалык эмес максатта пайдалануу мүмкүнчүлүгү жагынан алдын ала изилдөөдөн өткөрүлүүгө тийиш. Бул изилдөөнүн натыйжалары аймагында гидроэлектростанцияларды куруу жүргүзүлүп жаткан же аймагында ага таасир көрсөтүлүп жаткан жергиликтүү бийлик органына маалымдалууга тийиш.

Иштеп жаткан кубаттуулуктардын көлөмдөрүн кеңейтүүгө же кубаттуулуктардын жаңы көлөмдөрүн курууга гидроэлектростанцияга тиешелүү болгон тендер өткөрүү жөнүндө ар кандай жарыяда милдеттүү тартипте ушундай изилдөө жүргүзүү туурасында жана анын натыйжалары туурасында кыскача отчет келтирилет.

Гидроэлектростанцияларды куруунун натыйжасында пайда болгон жергиликтүү калктын бардык чыгымдары жана жоготуулары курулуш сметасына киргизилүүгө тийиш.

 

11-статья. Атом электростанциялары

Ар кандай атом электростанцияларынын курулушу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими менен санкцияланууга тийиш.

(КР 2007-жылдын 10-августундагы № 146 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Өз муктаждыгы үчүн электр энергиясын өндүрүү

 (КР 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

13-статья. Электр берүүлөрдүн улуттук тармагын тейлөө жана иштетүү

 (Биринчи бөлүм КР 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

Электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси электр энергиясын иштетүүгө жана анын берилишине жетекчилик кылууга карата мамилесин кошпогондо, секторлорго же географиялык райондорго карата кандайдыр бир монополиялык укукка ээ эмес.

Электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси экономикалык натыйжалуу ыкма менен электр энергиясынын өткөрүлүшүн ишке ашырууга, ошондой эле улуттук электр энергетика тармагын жана бириккен энергосистемаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук энергетика программасына ылайык иштетүүгө жана тейлөөгө милдеттүү.

Электр берүүнүн улуттук тармагы аркылуу электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси электр берүүлөрүнүн улуттук тармагынан пайдаланууга чектөө киргизүүгө же улуттук тармакты пайдалануучуларга же ага электр энергиясын сатуучуларга негизсиз талаптарды таңуулоого укуксуз. Бирок өзгөчө учурларда электр берүүнүн улуттук тармагы аркылуу электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси адамдардын жана объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, ошондой эле электр менен камсыз кылууну улантуу үчүн зарыл болгон ар кандай аракеттерди көрүүгө укуктуу.

Эгерде тийиштүү жабдуунун кубаттуулугу электр энергиясын берүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн учурду кошпогондо, көп батирлүү үйлөрдүн жашоочуларынын (турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктеринин) электр энергиясын башка өзүнчө турак, соода жана өнөр жай объектилерине берүүсүнө тыюу салынат.

Эгерде тийиштүү жабдуунун кубаттуулугу электр энергиясын берүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн учурду кошпогондо, электр энергетика ишканаларынын көп батирлүү үйлөргө арналган электр энергиясын башка өзүнчө турак, соода жана өнөр жай объектилерине берүүсүнө тыюу салынат.

 (КР 2013-жылдын 24-июнундагы № 98,  2017-жылдын 12-декабрындагы N 207 (12) Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

14-статья. Бөлүштүрүүчү ишканалардын милдети

Лицензиялардын ээлерине алар иштеген аймактагы бардык кардарларды электр менен жабдууну камсыз кылуу милдети жүктөлөт. Кардарлар алыскы райондордо электр менен жабдууну камсыз кылууга өтүнүч билдире алышат.

Бөлүштүрүүчү ишкана алты айдын ичинде өз эсебинен керектөөчүлөргө материалдарды сатып алуу, бөлүштүрүүчү ишкананын балансындагы энергия жабдууларын орнотуу жана ремонттоо боюнча материалдык чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү.

Бөлүштүрүүчү ишкана алдын ала эскертилбестен электр энергиясын өчүрүп салуудан жана ГОСТтун талаптарына ылайык келбеген электр энергиясын берүүдөн улам пайда болгон керектөөчүлөргө келтирилген материалдык зыянды өз эсебинен төлөп берүүгө милдеттүү.

 

15-статья. Электр менен жабдууга типтүү контракт

 (Биринчи бөлүм КР 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

Электр менен жабдууга типтүү контракт бөлүштүрүүчү ишканалардын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин регламенттейт, ошондой эле электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынын жана/же керектөөчүлөрдү эскертүүсүз өчүрүүнүн натыйжасында келип чыккан реалдуу зыянды компенсациялоо боюнча берүүчүнүн милдеттерин милдеттүү түрдө карайт.

Типтүү контракт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2011-жылдын 10-июнундагы № 35, 2013-жылдын 24-июнундагы № 98, 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

15-1-статья. Энергия менен жабдуу субъекттеринин өз ара Милдеттенмелери

1. Форс-мажордук жагдайларды эске албаганда, контракттын шарттарын бузуу менен бир календардык айдын ичинде электр энергиясын жеткирүү бир сааттан көбүрөөк үзгүлтүккө учураганда (электр энергиясын бербей коюу, өчүрүп салуу) электр энергиясын жөнөтүүчү керектөөчүгө (абонентке) эсептик көрсөткүчтөрдүн 0,5 өлчөмүндө үстөкайып төлөп берет. Электр энергиясын ошол эле календардык айдын ичинде андан кийинки ар бир жолку үзгүлтүккө учуратуулары үчүн үстөкайыптын өлчөмү 0,5 эсеге көбөйтүлөт. Бир календардык айдын ичинде электр энергиясын жөнөтүү беш күндөн ашык үзгүлтүккө учураганда (электр энергиясын бербей коюу, өчүрүп салуу) жөнөтүүчү электр энергиясын керектөөчүгө (абонентке) беш жолку эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө үстөкайып төлөйт. Үстөкайыптын суммасы электр энергиясын керектегенге төлөнгөн акы катары эсептелинет жана тарифке киргизилбейт.

Электр энергиясын жеткирүү үзгүлтүккө учураганда юридикалык жактарга колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык үстөкайып төлөөнүн башка шарттары айтылышы мүмкүн.

Электр энергиясын жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратуунун узактыгынын, Мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык келбеген электр энергиясын берүү фактылары, ошондой эле бул учурда тарткан материалдык зыян электр менен жабдуучу уюмдун же энергетика маселелери боюнча мамлекеттик органдын өкүлү менен биргелешип абонент тарабынан түзүлгөн акт менен күбөлөндүрүлөт. Абонент жазуу жүзүндө кабарлагандан кийин электр менен жабдуучу уюмдун же энергетика маселелери боюнча мамлекеттик органдын өкүлү алты сааттын ичинде келбей койсо, абонент менен бир линиядан электр энергиясын алган башка үч керектөөчү менен биргелешип абонент тарабынан акт түзүлөт. Юридикалык жак менен акт түзүүнүн башкача тартиби контракт (келишим) менен аныкталышы мүмкүн.

2. Электр энергиясын керектөөчү төлөөнү керектөө мезгилинде колдонулган тарифтер боюнча, жеке эсептегичтин көрсөткүчүнө ылайык, календардык айда бир жолу, же болбосо алдын ала төлөө картасы менен электрондук эсептегичти пайдалануу, же болбосо контракттын шарттарына ылайык алдын ала төлөө жолу менен жүргүзөт.

Алдын ала төлөө болгондо, керектөөчү электр энергиясын алдын ала төлөө киргизилген учурда колдонулган тариф боюнча алат.

Керектөөчү эсептегичти сындырган учурлардан тышкары (заводдук бракты же сапатсыз орнотууну кошпогондо), турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү үчүн эсептегичтер электр энергиясын берүүчү тарабынан акысыз негизде орнотулат.

3. Форс-мажордук жагдайларды эске албаганда, энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө кечиктирилген учурда керектөөчү контракттын шарттарына ылайык, бирок мөөнөтүн өткөрүп жиберген ар бир күн үчүн карыздын суммасынын 0,5 процентинен ашпаган жана негизги карыздын суммасынын 100 процентинен көп болбогон туум төлөйт. Электр менен жабдуучу уюм керектөөчүлөрдүн (жеке жактардын) электр энергиясы үчүн акы төлөөгө карыздарын үч айдан ашык узартууга жол берүүгө укуксуз. Үч айдан ашык мезгил үчүн карыздын суммасын өндүрүп алуу сот тартибинде гана жүргүзүлөт. Форс-мажордук жагдайлардан тышкары, электр энергиясын жөнөтүүчү керектөөчүнү алдын ала эскертүүсүз энергия булагын өчүрүп салууга укугу жок. Керектөөчүнү алдын ала эскертүүсүз өчүргөн учурда, анын ичинде трансформатордук кичи станциялардын катардан чыгышынын себеби боюнча, электр энергиясынын булактарына кошуу боюнча чыгымдар жөнөтүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт.

4. Электр энергиясына тарифтерди ар кандай өзгөртүү жаны тарифтерди киргизгенге чейин кеминде бир ай калганда жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.

(КР 2004-жылдын 6-декабрындагы № 187, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 207, 2009-жылдын 23-январындагы № 14, 2011-жылдын 10-июнундагы № 35, 2013-жылдын 15-февралындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-статья. Негизги иш принциптерин сактоо

Бөлүштүрүүчү ишкана өз ишин төмөндөгү принциптерге ылайык жүргүзөт:

электр менен коопсуз, ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылууну колдоо;

өндүрүмдүүлүктү жана натыйжалуулукту туруктуу түрдө жогорулатууга алып келе турган башкаруу формаларын тандап алуу;

керектөөчүлөрдүн коопсуздук маселелерин камтуу менен алардын таламдарын жана муктаждыктарын урматтоо;

адилет баалар боюнча керектөөчүлөргө энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын туруктуу жогорулатуу;

керектөөчүлөрдүн даттануулары боюнча чараларды кечиктирбестен көрүү;

курчап турган чөйрөгө зыян келтирбөө.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Бөлүштүрүүчү ишканалардын жабдууну үзгүлтүккө учуратуу укугу

Эгерде керектөөчү энергияны берүү контрактында айтылган мөөнөттүн ичинде акы төлөбөсө, энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү токтотуу бөлүштүрүүчү ишкана адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна же коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларды кошпогондо энергия менен жабдуу контрактында белгиленген шарттарга жана процедураларга ылайык энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүккө учуратууга укуктуу.

Өндүрүштө үзгүлтүксүз процессти электр менен жабдуу энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу продукция чыгаруунун технологиялык циклин аяктоону караган шарттарга жана процедураларга ылайык ишке ашырылат.

Эгерде тандап алуу мүмкүнчүлүгү болбогон керектөөчү энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөй албаса, ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык анын эсеби төлөнүшү мүмкүн.

Берүүчүнүн күнөөсү менен электр же жылуулук менен жабдуу үзгүлтүккө учураса же анын сапаты начарласа керектөөчүлөр Энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко даттанууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 14, 2013-жылдын 24-июнундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

18-статья. Электр энергиясын сатуу

Электр энергиясын импорттогон, экспорттогон жана саткан ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык жана жеке жактар отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясын алышы зарыл.

(КР 2013-жылдын 24-июнундагы № 98 , 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Тендер өткөрүү жөнүндө жарыялоо

(КР 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

20-статья. Тендер өткөрүү тартиби

(КР 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

21-статья. Тарифтер

Тарифтер төмөнкү принциптерге ылайык белгиленет:

баалар өндүрүшкө жана техникалык тейлөөгө, капиталдык чыгымдарды толуктоого, инвестицияларды тартууга жана кайтаруунун проценттик ставкасына кеткен чыгымдарды кошкондо жылуулук же электр энергиясын өндүрүүнүн, берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн толук наркын чагылдырууга тийиш;

баалардын өзгөрүшү өндүрүүчүлөрдө же керектөөчүлөрдө капыстан экономикалык кыйынчылыктарды пайда кылбоого тийиш;

(Төртүнчү абзац КР 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

керектөөнүн бирдей мүнөздөмөсүнө ээ болгон, бир бөлүштүрүүчү ишкана тарабынан тейленүүчү бирдей топтогу бардык керектөөчүлөр бирдей тарифтерди алууга жана тейленүүгө тийиш;

энергияны керектөөчүлөрдүн ар бир тобу үчүн тарифтер берилген электр энергиясынын жана энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук наркын чагылдырууга тийиш;

керектөөчүлөрдүн бир тобунан экинчи бир тобуна субсидияларды берүүгө тыюу алынат;

тарифтер жылдын ар кандай мезгилинде жана сутканын ар кандай мезгилинде берилген электр энергиясы жана энергетикалык кызматтардын наркындагы айырманы, ошондой эле керектөөчүлөрдө тандоо мүмкүнчүлүгү болгон учурларда энергетикалык кызматтын түрлөрүнүн жана сапатынын же электр энергиясынын наркындагы айырманы чагылдыргандай белгиленүүгө тийиш.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 14, 2011-жылдын 13-июнундагы № 43, 2013-жылдын 24-июнундагы № 98
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

22-статья. Аз камсыз болгон керектөөчүлөргө электр энергетикалык жана энергетикалык кызмат көрсөтүү

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 23-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүжана шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тандоо мүмкүнчүлүгү болбогон жана жылуулук же электр энергиясынын толук наркын төлөй албаган кардар керектеген энергиянын белгиленген саны үчүн гана акы төлөөгө тике субсидияларды бере алышат.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 14, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

23-статья. Учет, эсептерди түзүү жана акча жыйноо

Бардык бөлүштүрүүчү компаниялар счетчиктердин көрсөткөндөрүн маалы менен алып туруу, счетторду түзүү жана акча жыйноонун натыйжалуу методдорун белгилөө үчүн кызмат көрсөтүлүүчү электр энергиясына ар бир точкада ишенимдүү жана коопсуз счетчиктерди коюуга милдеттүү.

Турмуш-тиричилик абоненттери үчүн электр жана жылуулук энергиясынын счетчиктери (жеке эсептөөчү приборлор) энергия менен жабдуучу уюмдардын каражаттарынын эсебинен сатылып алынат, орнотулат жана эксплуатацияланат.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 14, 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

24-статья. Уурдалган учурда көрүлүүчү чаралар

Электр жана жылуулук энергиясын уурдоо, эсеп приборлорун бүлүндүрүү жана көрсөткүчтөрдү өзгөртүү, электр жана жылуулук тармактарына өз алдынча кошулуп алуу жана башка укукка жат иш-аракеттер үчүн электр жана жылуулук менен камсыз кылуучу ишканалар жана керектөөчүлөр мыйзамдарда белгиленген юридикалык жана жеке жактардын менчигин уурдагандай эле административдик жана уголовный жоопкерчилик тартат.

 

25-статья. Тарифти кароо мөөнөттөрү

Ишканалар менен уюмдар бардык зарыл документтерди жана эсеп-кысаптарды тарифтерди кароого бергенден кийин энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган бир айдын ичинде чечим кабыл алууга тийиш.

Тарифтерди өзгөртүү боюнча кайталанып сунуш кылынган документтер отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алты айдан кийин каралууга тийиш.

(КР 2013-жылдын 24-июнундагы № 98, 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

26-статья. Бухгалтердик эсептин стандарттары

Укуктук формасына же менчигинин түрүнө же ишинин уюштуруу-укуктук структурасына карабастан электр же жылуулук энергиясын иштеп чыгуу, берүү, бөлүштүрүү же сатуу боюнча бардык ишканалар эл аралык стандарттарды жана бухгалтердик эсеп практикасын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларына ылайык өзүнүн бухгалтердик документтерин жүргүзүүгө, ал эми зарыл учурда аларды эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу аудитордук текшерүүгө сунуш кылууга тийиш.

 

27-статья. Бухгалтердик эсептин документтерин өзүнчө жүргүзүү

Интеграцияланган ишканалардын лицензияларынын ээлери ишинин ар бир түрү боюнча: өз алдынча юридикалык жак статусуна ээ болгон ишканалар сыяктуу эле электр энергиясын жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү боюнча өзүнчө бухгалтердик эсеп документтерин жүргүзүүгө тийиш.

Ишкана (уюм) баланстык отчетун отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

(КР 2013-жылдын 24-июнундагы № 98, 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

28-статья. Жаратылышты коргоо

Жаратылышты коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларына ылайык лицензиялардын ээлеринин бардыгы өздөрүнүн иш процессинде пайда болуучу булгануулардын алдын алуу же минимумга жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды тартууга милдеттүү.

 

29-статья. Курчап турган чөйрөгө таасир көрсөтүүгө баа берүү

Жаңы электр станцияны же гидроэлектростанцияны жайгаштыруучу жерди тандоо жөнүндө маселени чечүүдө курулуш жүргүзүүгө уруксат берилгенге чейин анын курчаган чөйрөгө тийгизе турган таасирине баа берүү жүргүзүлөт. Бул туурасында отчеттор коомчулукка сунуш кылынып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коомдук пикирди иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш.

 

30-статья. Кризистик жагдайлар

Авариялык жагдайлар жана табигый кырсыктар болгон учурда, ошондой эле адамдардын, жасалгалардын коопсуздугуна же системалардын өз ара байланышына коркунуч болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү зарыл болгон коргоо чараларын көрөт жана электр энергиясын пайдаланууга убактылуу чектөөлөрдү киргизе алат. Мындай чаралар электр энергиясынын рыногунун иштөөсүнө мүмкүн болушунча азыраак ыңгайсыздыктарды түзүүгө жана көлөмү боюнча күтүүсүздөн пайда болгон кризистик жагдайларды четтетүү үчүн өтө зарыл болгондон ашык болбоого тийиш.

 

31-статья. Мыйзамдардын бузулушу үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамды, башка мыйзам актыларын, лицензиясын бузган мамлекеттик, жеке менчик ишкана же башка ар кандай жак Мыйзамда белгиленгендей материалдык, административдик жана уголовный жоопкерчилик тартат.

Күнөөлүү жактарды дисциплинардык, административдик же уголовный жоопкерчиликке тартуу алар келтирген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтуруудан аларды бошото албайт.

Энергия менен жабдуучу уюм электр тармактарын өнүктүрүү пландарын жүзөгө ашыруу үчүн, алардын ремонтун жана профилактикасын өз учурунда жана сапаттуу жүргүзүү үчүн, кышкы шартта иштөөгө даяр болушуна жооп берет.

 

32-статья. Талаштарды чечүү

Эки же андан ашык мамлекеттик органдын, ошондой эле электр энергетикасы жагынан иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы чырды чечүү лицензиялардын ээлерине берилген укуктарга жана жеңилдиктерге зыян келтирбөөгө тийиш.

Эгерде чет өлкөлүк жана кыргызстандык тараптын ортосундагы талаштар лицензиялардын ээлеринин укуктары менен милдеттерин түшүндүрүү туурасында болсо жана сүйлөшүүлөрдүн жана арачылардын жардамы менен үч айдын ичинде тынышуу жолу менен жөнгө салынбаса, чырга катышкан тараптын бири алдын ала макулдашууга ылайык ишти эл аралык арбитражга берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнчаыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тандоо мүмкүнчүлүгү болбогон кардар менен бөлүштүрүүчү ишкананын ортосунда пайда болгон чырды тез арада чечүүнүн так тартибин белгилөөгө тийиш.

(КР 2013-жылдын 24-июнундагы № 98, 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

33-статья. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Акаев