КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаувай айыл кеңешинин V1-чакырылыш кезексиз ХХХ1 сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 31/1
Чаувай айылдык аймагынын
социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн
2020-жылдагы аткарылышы жана 2021-
жылга милдеттери жөнүндө
Чаувай айылдык кеңешинин кезектеги 31-сессиясы 2020-жыл ичинде Чаувай айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап,
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1.Чаувай айыл аймагынын 2020-жыл ичинде айыл аймагынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн план тапшырмаларын аткарууда айыл өкмөт ,айыл аймагындагы мекеме ишканалар тарабынан жүргүзүлгөн уюштуруучулук иштер көңүлгө алынсын.
2.Айыл өкмөтүнүн салык жана жыйымдар боюнча башкы адис (С.Шамшиев) салыктар боюнча план-тапшырмаларды өз убагында аткаруу менен ири карыздарга ээ болгон субъектилерге чара көрсүн.
3. Айыл өкмөтү жана мекеме, ишканалардын жетекчилери:
-айылдык маданият уйу(Ж.Тешебаев) жана Б.Кулбаев орто мектеби (А.Халилов) менен биргеликте
· 2021- жылга карата өз аймактарында өткөрүлүүчү иш-чаралар планын иштеп чыгып, уюштуруу иштерин жүргүзүү;
· маданият үйүнүн имаратын ремонттоо;
· музыкалык аспаптар, улуттук кийимдер менен камсыз кылууга жетишүү;
· китепкана фондун жыл сайын толуктап турууга өзгөчө колдоо көрсөтүү;
-Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 17-февралындагы “КР айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» № 35 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы «Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндөгү» №463 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-мартындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын кат жүзүндөгү (электрондук) жана оозеки кайрылуулары менен иштөөсүн өркүндөтүү жана калк менен өз ара байланышын жакшыртуу жөнундөгү” №98 буйругунун талаптарына ылайык жарандардын арыз даттануулары менен иштөөнү мындан ары жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
-Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен квалификациялуу кадрларды тартуу жагы милдеттендирилсин.
4.Айыл аймагындагы Б.Кулбаев орто мектебине (А.Халилов) мектепте билим сапатын терендетүү, мугалимдерди аттестациялоодон өткөрүү, мектеп менен үй-бүлөнүн байланышын бекемдөө, рекетчиликтин алдын алуу багытындагы иштерди күчөтүү жагы жүктөлсүн.
5.Айыл аймагындагы №23 УБДТ на (Г.Шарабидинова):
-“Ден соолук” Улуттук программасынын алкагында иш алып баруу;
-энеликти жана балалыкты коргоо, энелердин жана балдардын өлүмүн болтурбоо;
-калк арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу, калктын саламаттыгын сактоо;
- саламаттыкты сактоо жана дарыгерлер мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чындоого жетишүү жагы тапшырылсын.
6.Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык
кеңешинин |
Ж.Тешебаев
|