Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\f41eaf36-5580-481e-bbe6-26e617ad2915\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1997-жылдын 19-июну № 38

Үрөн жөнүндө

(КР 2005-жылдын 4-июнундагы № 69, 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2016-жылдын 18-июлундагы № 120, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32, 2020-жылдын 20-мартындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Ушул Мыйзам өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрүнүн үрөндүк жана көчөттүк материалын өндүрүүнү, сертификациялоону, сатып өткөрүүнү жана пайдаланууну регламенттөөчү негизги жоболорду камтыйт, ошондой эле үрөнчүлүк тармагындагы субъектилердин ишинин укуктук негиздерин камсыз кылат жана алардын башка жактар жана үрөнчүлүк объектилери менен өз ара мамилелерин жөнгө салат.

1-статья. Терминдердин аныктамасы

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй терминдер колдонулат:

Аккредитация - сорттук үрөндөрдү сертификациялоо жагындагы белгилүү иш жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга толук укуктуулугун расмий түрдө таануу.

Cоодалык жүгүртүүгө киргизүү - сорттук үрөндөрдүн болушу, ага болгон сунуш, аны сактоо, берүү, сатуу максатында жиберүү же жөнөтүү, ошондой эле аларды алмаштырууга макулдук берүү же акы катарында алуу.

Пайдаланууга жол берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик реестри - расмий сыноолордон кийин Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген сорттордун, гибриддердин тизмеги (мындан ары - Мамлекеттик реестр).

Оригинатор - сортту түзгөн жана (же) анын сакталышын камсыз кылган селекционер же селекциялык мекеме (уюм).

Өзгөчөлөнгөн үрөндөр - үрөнчүлүктөгү селекционер же мекеме - оригинатор тарабынан алынган ар бир айкын сорттун эң биринчи алынган үрөндөрү.

Патент ээси - мыйзамда белгиленген тартипте белгилүү бир сортко патенти бар жеке же юридикалык жак (селекционер, сорттун автору, жумуш берүүчү, укук мураскери, мурасчы) же менчиктин ар кандай түрүндөгү субъекттер.

Үрөндөрдүн топтому - үрөндөрдүн бир документ менен күбөлөндүрүлгөн белгилүү бир саны.

Себилүүчү үрөндүн сапаты - үрөндөрдүн себүүгө жарактуулугун мүнөздөй турган касиеттеринин жыйындысы.

Үрөндөрдү репродукциялоо-көбөйтүү процессинде сортту кеңири өндүрүү. Элиталык үрөндөрдү көбөйтүүнүн кийинки тизмектери.

Үрөндөр - көбөйтүү жана өстүрүү үчүн арналган өсүмдүктүн жана алардын бир бөлүгүнүн себиле турган бөлүгү.

Сорт - айрым бирдик катарында каралган жана айырмалуу, бир кылка жана туруктуу болгон өстүрүлүүчү өсүмдүктөрдүн ботаникалык биримдиги.

Сорттук сапаттар - үрөндөрдүн сортунун тазалыгынын көрсөткүчтөрү.

Сорттук үрөндөр - Мамлекеттик реестрге киргизилген жана тиешелүү ылайыктуулук сертификатын алган сорттордун жана гибриддердин үрөндөрү.

Элиталык үрөндөр - өзгөчөлөнгөн үрөндөрдү элиталык үрөн өстүрүүчү жана башка чарбаларда кийин көбөйтүүдөн алынган үрөндөр.

Кыртыш контролу - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана үрөндөрдүн белгилүү бир сортуна тиешелүүлүгүн белгилөө жана үрөндөрдү атайын участокторго себүү жана кийин аларды текшерүү аркылуу өсүмдүктөрдүн сорттук тазалыгын аныктоо.

Инспекция - сорттун тазалыгын же өсүмдүктөрдүн типтүүлүгүн, отоо чөп басышын, оорууга чалдыгышын аныктоо максатында үрөндөрдүн сорттук сапатын, ошондой эле пайдаланылып жаткан мөмө-жемиш сортторунун эзип-жанчуу жагынан дал келишин белгилөө, ошондой эле гибрид үрөндөрдү өстүргөн учурда технологиялык ченемдердин сакталышын контролдоо.

Лицензиялык келишим - бул келишимге ылайык патент ээси (лицензиар) коргоого алынган сортту башка жакка (лицензиатка) берилүүчү укуктардын, мөөнөттөрдүн, сорт өстүрүлүүчү аймакты жана акы төлөөнүн тартибин келишимдеги шартталган көлөмдө пайдалануу укугун өткөрүп берет.

Коргоого алынган сорт - селекциялык жетишкендиктердин патенти менен коргоого алынган жана Кыргыз Республикасынын коргоого алынган селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган сорт.

Патент - "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен өсүмдүктөрдүн сортторун, гибриддерин коргоого берилген документ.

Үлгү алып туруучу - Мамлекеттик үрөн инспекциясынын үрөндөрдүн сапатын контролдоо үчүн алардын топтомунан үлгү алып турууга укуктуу расмий өкүлү.

Өсүмдүктөрдүн тизмеси - сорттук жана себүү сапаттарын күбөлөндүрүү үчүн милдеттүү болгон сорттук үрөндөрдүн өсүмдүктөрү.

Үрөнчүлүк - өзүнө үрөн өндүрүү, даярдоо, иштетүү, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана пайдалануу боюнча иш чаралардын комплексин, ошондой эле мамлекеттик контролду, анын ичинде сорттук жана үрөндүк контроль жүргүзүүнү камтыган иш.

Үрөнчүлүк чарба - менчигинин түрүнө карабастан бир же бир нече айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк же көчөт материалдарын өстүрүүчү жана (же) сатуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген үрөнчүлүк чарбалар жөнүндө жобого ылайык үрөнчүлүк чарбага коюлуучу талаптарга (критерийлерге) жооп берүүчү чарба жүргүзүүчү субъект.

ИСТА - Үрөндөрдү тесттен өткөрүү боюнча эларалык ассоциация (ISТА). Ассоциацияга мүчө болуу жана лабораторияларды аккредитациялоо ыйгарым укуктуу органга үрөнгө ылайык келүүнүн эларалык сертификатын берүүгө укук берет.

ОЕСД - Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (ОЕСD). Ар кандай өсүмдүктөрдүн сорттуу үрөндөрүн өстүрүү ушул уюмдун схемаларына ылайык жүргүзүлөт.

Үрөнчүлүк жагындагы объекттерге төмөнкүлөр кирет: сорт (клон, багыт, гибрид, тукум улоо, сорттордун аралашмасы); үрөндөр; үрөндүк жана үрөн чыгаруу, себүүлөр жана тигүүлөр.

Үрөн өстүрүү жагындагы субъекттерге төмөнкүлөр кирет:

1) сорттун автору;

2) сорттун оригинатору;

3) үрөн өндүрүүчүлөр;

4) үрөнчүлүк чарба;

5) үрөндү пайдалануучулар, короо алдындагы, багбанчылык, дачадагы жана огороддогу жер участокторунда аларды сатып өткөрүү укугусуз пайдалануу үчүн үрөн өндүрүү менен алектенген жеке адамдарды кошпогондо;

6) үрөндөрдүн сорттук жана себүү сапаттарын аныктоо, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин мамлекеттик сыноо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана (же) юридикалык жактар.

(КР 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2016-жылдын 18-июлундагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья. Үрөндөр боюнча мыйзамдар жана аларды колдонуу

1. Үрөндөр боюнча мыйзамдар ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынан жана тиешелүү нормативдик укуктук актылардан турат.

2. Ушул Мыйзамдын күчү көбөйтүү жана сортун өстүрүү үчүн арналган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жергиликтүү жана чет өлкөдөн алынып келинген бардык түрлөрүнө, токойдогу, өсүмдүктөргө, жер-жемиштерге, мөмөлөргө, декоративдүү өсүмдүктөргө, гүлдөргө жана дарылык чөптөргө карата жайылтылат.

3. Ушул Мыйзамдын жоболору үрөндүк жана эгилүүчү өсүмдүктөрдү бардык өндүрүүчүлөргө, керектөөчүлөргө карата Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле ортомчуларга, даярдоочу, соода кылуучу жана транспорттук уюмдарга, юридикалык жактарга жана жеке адамдарга, анын ичинде чет мамлекеттердин юридикалык жактарына жана жеке адамдарына карата колдонулат.

3-статья. Үрөндөр боюнча ишти жүзөгө ашыруучу органдар

1. Кыргыз Республикасында үрөн өндүрүү боюнча ишти башкаруучу, жөнгө салуучу жана аткаруучу органдар жүзөгө ашырышат. Айыл (токой) чарбасын башкаруу боюнча, ошондой эле үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана алардын тиешелүү ыйгарым укуктуу түзүмдөрү (мындан ары - айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы) башкаруучу органдар болуп саналат.

2. (КР 2005-жылдын 4-июнундагы № 69 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Үрөнчүлүк боюнча Республикалык (ведомстволор аралык) кеңеш координациялоочу орган болуп эсептелет, ал ишке таламдаш тараптардын жана үрөндөрдү өндүрүүчү адамдардын, ортомчулардын жана керектүүчүлөрдүн өкүлдөрүнөн турат. Ал үрөнчүлүктү өнүктүрүүнүн стратегиясын жана тактикасын аныктайт, субъектилердин өз ара мамилелерин жөнгө салуучу актыларды иштеп чыгат жана жактырат.

4. Үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле төмөнкү иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктары бар субъекттер аткаруу органдары болуп саналат:

1) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерди Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик сыноодон өткөрүүгө жол берүүгө, селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоого алуу үчүн сортторду тесттен өткөрүүгө;

2) айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн жана отургузуучу материалдын сортторун жана себүү сапатын мамлекеттик контролдоого, үрөндөргө күбөлүктөрүн берүүгө.

(КР 2005-жылдын 4-июнундагы № 69, 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-статья. Сорттук үрөндөрдү өндүрүүнүн жана сертификациялоонун принциптери

1. Кыргыз Республикасында үрөндүк материалды өндүрүү Кыргыз Республикасында иштелип чыккан, ошондой эле ОЕСДынын схемаларына ылайык схемалар боюнча жүзөгө ашырылат, ал бардык сорттук үрөн өндүрүүчүлөр үчүн милдеттүү болуп эсептелет. Схемалар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аларды көбөйтүүдө түшүнүктөрдү бирдей абалга келтирүүнү камсыз кылууга жана төмөндөгү принциптерге жооп берүүгө тийиш:

- схемаларда үрөндөрдүн өзгөчөлөнгөн, элиталык жана баштапкы жана кийинки муундарынын репродукцияларынын категориялары таанылат;

- схемалар үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы органда сыноодон өткөн жана Мамлекеттик реестрине киргизилген сортторго таандык кылынат;

- үрөндөрдүн корголуучу сортторун өстүрүү жана сатып өткөрүү үрөндөрдүн патент ээлеринин уруксаты менен гана жүргүзүлөт;

- айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталган ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан инспекциядан өткөрүлөт, гибриддештирилген участоктор жеринде иликтенет;

- үрөндөрдүн сортторун репродукциялоонун саны патент ээси менен үрөндөрдү өндүрүүчүнүн ортосундагы лицензиялык келишим менен бекем чектелет;

- үрөндөрдүн сортторун кийин алып келүү үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде көбөйтүү сорттун оригинатору менен консультациядан кийин макулдашкан тараптардын айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы менен макулдашылган схемасы боюнча контракт (келишим) боюнча жүзөгө ашырылат;

- сорттун оригинаторлору оригиналдуу үрөндөрдүн мындай сортторунун камсыздандырылган жана өтмө запасын айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын тиешелүү ченемдик актысы менен аныкталуучу көлөмүндө такай кармап турууга милдеттүү.

2. Себүү жана сатып өткөрүү үчүн пайдаланылган сорттук үрөндөр айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан бекитилүүчү өсүмдүктөрдүн тизмесинин негизинде инспекциялоо жана апробациялоо органы тарабынан милдеттүү түрдө сертификациядан өткөрүлөт.

Мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келген сорттук үрөндөргө - ылайык келүү сертификаты берилет.

Экспорттолуучу үрөндөр керектөөчүлөрдүн талабы боюнча ылайык келүүнүн эл аралык сертификаты менен коштолот.

(Абзац КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Үрөндөрдүн сорттук жана себүү сапаттарына документти берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Үрөндүк материалдын, кыртыш контролунун инспекциясын, үрөндүн текшерилүүчү үлгүсүн тандап алуунун жана талдоонун методдору Кыргыз Республикасында иштелип чыккан эрежелерге, ошондой эле ОЕСД жана ИСТАнын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

Милдеттүү түрдө инспекциялана турган өсүмдүктөрдүн тизмесине кирбей калган сорттуу үрөндөр баштык, каптагы жана сапаттын коштомо документтеринде көрсөтүлгөндөргө ылайык көбөйтүлөт жана сатып өткөрүлөт.

3. (КР 2016-жылдын 18-июлундагы № 120 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берүү үчүн талаадагы сыноолордон өтүүгө милдеттүү болгон өсүмдүктөрдүн тизмеги аныкталат.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген сорттор, гибриддер Мамлекеттик реестрге киргизилет.

Бул үчүн сорт төмөнкүдөй талаптарга ылайык келиши керек:

а) сорттун, анын келип чыгышынын жана селекциясынын методунун сыпаттамасына ылайык келген баяндамасы болууга;

б) сорттун тиешелүү аты болууга;

үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органда сорттун үрөндөрүнүн үлгүсү болууга тийиш.

6. Мамлекеттик реестр жалпыга маалымдоо каражаттарында жылына кеминде бир жолу жарыяланып турат. Сортту эсепке алуунун шарттары сакталбаганда үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган сорту жана гибридди реестрден чыгарып салуу жөнүндө сунуш киргизе алат.

(КР 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2016-жылдын 18-июлундагы № 120 , 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-статья. Сорттук үрөндөрдү маркировкалоо, таңгактоо, сактоо

1. Соода-сатык жүгүртүүсүнө киргизилген сорттук үрөндөр тиешелүү баштыкка, капка салынууга жана этикетка (маркировка) чапталууга тийиш. Үрөндүк материалдын сапаты жөнүндө толук жана так маалымат берилген этикетка таңгакка жазылат же ага бекитилип коюлат.

Этикеткадагы үрөндөрдүн түрүндө жана категориясында камтылган маалыматтын аныктыгына контролдук текшерүүнү үлгү алып туруучу жүргүзөт.

Химиялык жана биологиялык препараттар менен иштетилген үрөн салынган идиштерге тиешелүү эскертүүчү жазуу жазылууга, ал эми этикеткада же коштомо документте үрөндөрдү коопсуз пайдалануу боюнча нускамалар жана препараттардын адамдардын ден соолугуна жана жаныбарларга таасирлеринин түрлөрү жана алардын кесепеттери тууралу маалымат камтылууга тийиш.

2. Үрөндүк (көчөттүк) материалды өндүрүүгө жана сатып өткөрүүгө укук алган жеке адамдар жана юридикалык жактар үрөндөрдүн ылайык келүү сертификатында көрсөтүлгөн сорттук жана жалпы сапаттарын, ошондой эле сорттун оригиналдуу атын өзгөртүүсүз сактоого милдеттүү, үрөндөрдү сактоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2005-жылдын 4-июнундагы № 69, 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

6-статья. Сорттук үрөндөрдү өндүрүү жана сатып өткөрүү укугу

1. Коргоого алынган сорттордун патент ээсинин таламдарын эске алуу менен үрөндөрдүн ээсинен буга уруксаты бар бардык юридикалык жана жеке жактар сорттук үрөндөрдү өндүрүү жана сатып өткөрүү укугуна ээ болушат.

2. Сорттук үрөндөрдү өндүрүүчүлөр:

патент ээсинин сортту пайдалануудан баш тартуу жөнүндө чечимин сот тартибинде талашууга;

үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдан үрөндөрдүн текшерилүүчү үлгүлөрүнө талдоо жүргүзүүнү жана ылайык келүү сертификатын, үрөндөрдүн сорттук жана себүү сапаттары жөнүндө документтерди белгиленген мөөнөттөрдө берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Сорттук үрөндөрдү өндүрүүчүлөр:

Мамлекеттик реестрине киргизилген сорттордун жана гибриддердин үрөндөрүн өстүрүү боюнча схемаларды бекем сактоого жана үрөндү өстүрүүгө ылайык келүү сертификатын алууга;

өз чарбасында сатылып алынган жана пайдаланылган үрөндүн санынын жеке эсебин алууга, алардын келип чыгышын, сорттук жана себилүүчү үрөндүн сапаттарын билүүгө;

эсепке алынган материалдардын айыл чарбасында - үч жыл бою, токой чарбасында беш жыл бою сактоону камсыз кылууга;

айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органына сорттук үрөндүк тилкелерди инспекциядан өткөрүүгө жана айыл чарба өсүмдүктөрү гибриддештирилген участокторду жеринде иликтөөнү жүргүзүүгө өз убагында билдирме берүүгө;

эгилген жерлерди жана көчөттөрдү иликтөөнү жүзөгө ашырууга жана "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык карантиндик объектилерге каршы күрөш жүргүзүүгө;

айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын жана анын тиешелүү ыйгарым укуктуу структураларынын кызматкерлерине жана инспекторлоруна өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышы үчүн үрөндүк, үрөнчүлүк тилкелерге жана көчөттөргө, талдоо жүргүзүүгө коюлган үрөндөрдүн бардык топторуна, кампалык жана бухгалтердик документтерге карата эркин мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүү;

сорттун оригинаторунан же үрөндүн ээсинен сорттук үрөндөрдү өндүрүүгө жана сатууга уруксаты (контракты), ал эми коргоого алынган сортторго патент ээси же анын укук мураскери менен түзүлгөн лицензиялык келишими болууга тийиш.

(КР 2005-жылдын 4-июнундагы № 69, 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2016-жылдын 18-июлундагы № 120, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-статья. Үрөндөрдү өндүрүү, тазалоо, таңгактоо жана сатып өткөрүү менен алектенген үрөнчүлүк чарбаларынын тизмеги

1. Үрөндөрдү өндүрүү, тазалоо, таңгактоо жана сатып өткөрүү менен алектенген үрөнчүлүк чарбалары үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өтүүгө тийиш.

2. Каттоодон өткөн үрөнчүлүк чарбаларынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Патент ээсинин укуктары

(КР 2007-жылдын 8-январындагы № 1 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

9-статья. Сорттук үрөндөрдүн фондулары, аларды калыптандыруу жана пайдалануу

1. Сорттук үрөндөрдү аларды өндүрбөгөн же аларды өндүрүү үчүн чектелген мүмкүнчүлүктөрү бар башка райондорго, ошондой эле эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттерге жана табигый кырсыктардын учурунда региондорго жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүүлөрдү камсыз кылуу максатында сорттук үрөндөрдүн мамлекеттик фондусу жана сорттук үрөндөрдүн региондук фондусу түзүлөт.

2. Үрөндөрдүн мамлекеттик жана региондук фондулары Мамлекеттик реестрине киргизилген үрөндөрдүн сортторунан даярдалат.

3. Мамлекеттик ресурстарда даярдалуучу өсүмдүктөрдүн топтору боюнча сорттук үрөндөрдүн мамлекеттик фондусунун көлөмү аларды өндүрүүчүлөрдү көрсөтүү менен айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасында сорттук үрөн өндүрүүчүлөрдөн контракттык негизде сатып алуунун эсебинен, ошондой эле импорт боюнча калыптандырылат.

4. Республиканын мамлекеттик ресурстарындагы эгилген жерлер табигый-климаттык шарттардын таасиринен жана башка табигый кырсыктардан зыян тартканда камсыздандыруучу жана өткөрүлүп берилүүчү үрөндүк фондулардын корунун көлөмү айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.

5. Өсүмдүктөрдүн топтору боюнча сорттук үрөндүн региондук фондуларынын көлөмү аткаруу бийлигинин жергиликтүү органы тарабынан аныкталат жана өз административдик чек арасынын ичиндеги жана анын чегинен тышкары жердеги үрөн өндүрүүчүлөрдөн контракттык негизде сатып алуунун эсебинен, ошондой эле импорт боюнча калыптандырылат.

6. Сорттук үрөндөрдүн мамлекеттик фондусун айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тескейт. Сорттук үрөндөрдүн региондук фондуларын пайдалануунун тартиби аткаруу бийлигинин жергиликтүү органы тарабынан аныкталат.

(КР 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-статья. Сорттук үрөндөрдү соода жүгүртүүсүнө киргизүү

1. Үрөндөрдү соода жүгүртүүсүнө киргизүү алардын түрүнүн жана сортунун, сорттук жана Мамлекеттик реестрге киргизилген жалпы сапаттарынын ылайык келүү сертификатын берүүнүн, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүнүн гарантиясы болуп эсептелет. Өсүмдүктөрдүн сортторун жана гибриддерин Мамлекеттик реестрден чыгарган учурда мындай сорттордун партиясы кийинки эки жылдын ичинде жүгүртүүдө болушу мүмкүн.

2. Бир сорттогу жана бир жылдагы репродукцияланган үрөндөрдүн топтомдорун соода жүгүртүүсүнө киргизүүдө үрөндөрдүн жаңы топтому бир типтүү болгон шартта алар бири-бири менен кошулушу мүмкүн.

3. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келиши менен байланышкан өзгөчө учурларда камсыздандыруу фонддорунун запастарынын көлөмдөрүн калыбына келтирүү үчүн айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы зарыл учурда ар кандай түрдөгү жана сорттогу же категориядагы үрөндөрдү бири-бири менен аралаштырып соода жүгүртүүсүнө киргизүүгө уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу болот.

4. Мамлекеттик реестрине киргизилбеген сорттордун үрөндөрү:

конкурстук, экологиялык жана өндүрүштүк сыноолор үчүн;

селекциялык жана изилдөө иштери үчүн;

экспорттоло турган үрөндөрдү өндүрүү үчүн;

селекционердин билдирүүсү боюнча селекциялык жетишкендиктерди текшерүү үчүн үрөндүн корун түзүүгө;

көргөзмөлөргө коюу үчүн;

жеке коммерциялык эмес максатта пайдалануу үчүн керектелиши мүмкүн.

5. Төмөндөгүлөрдү:

республиканын экологиясына жана калкынын ден соолугуна коркунучтуу болгон сортторду, гибриддерди;

эгерде үрөндөрдүн маркировкасы, таңгакталышы, нормативдик-техникалык документтердин талаптарын бузуу менен жүргүзүлсө;

(абзац КР 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

патент ээси менен түзүлгөн лицензиясы жок келишим менен коргоого алынуучу сортторду, гибриддерди;

ачык ташып келүү учурунда химиялык жана биологиялык препараттар менен иштетилсе, аларды соода жүгүртүүсүнө киргизүүгө тыюу салынат.

6. Генетикалык жактан өзгөртүлгөн сорттор тиешелүү экосистемаларда сыноодон жана изилдөөдөн өткөрүлмөйүнчө пайдаланууга жол берилбейт.

7. Өсүмдүктөрдүн генетикалык жактан модификацияланган сортторун өстүрүү ыйгарым укуктуу органдардын контролу астында жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу органдар ал сорттордун айлана-чөйрөгө, ошондой эле адамдын ден соолугуна тийгизген таасирине баа берет.

8. Бул сортту экспертизадан өткөргөндөн кийин ыйгарым укуктуу органдар натыйжалар жөнүндө айыл (токой) чарбасын башкаруу органына жана арыздануучуга билдирүүгө тийиш.

9. Сыноолордун натыйжалары он болгон учурда сорт пайдаланууга жол берүү боюнча мамлекеттик сыноого жиберилет.

(КР 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

11-статья. Сорттук үрөндөр менен тышкы соода жүргүзүү

1. Импорт боюнча мамлекеттик фондуга сорттук үрөндөрдү сатып алуунун көлөмү боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат жана мамлекеттик буюртмачылар аркылуу борбордоштурулган тартипте жүзөгө ашырылат.

Башка адамдар жана субъектилер өз каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте үрөндөрдү чет өлкөдөн өз алдынча сатып алууга укуктуу.

2. Төмөндөгү:

ушул Мыйзамдын 10-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, Мамлекеттик реестрге киргизилбеген;

алардын сорттук жана себилүүчү үрөндүн сапаттарын күбөлөндүргөн документи жок;

фитосанитардык сертификаты же экспорттогон өлкө тарабынан берилген күбөлүгү жок;

ачык ташып келүү учурунда химиялык жана биологиялык препараттар менен иштетилген үрөндөрдү Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынат;

республиканын экологиясына жана калкынын ден соолугуна коркунучтуу болгон.

3. Чет мамлекеттерден почта аркылуу Кыргыз Республикасында жашаган граждандардын дарегине үрөндөрдү салып жиберүүгө, ошондой эле аларды жүк менен фитосанитардык сертификатсыз алып өтүүгө тыюу салынат.

4. Экспорттолуучу үрөндөр келишимдерде же эл аралык макулдашууларда каралган шарттарга жооп берүүгө жана белгиленген тартипке ылайык алып кетүүгө жатпаган объектилердин тизмегине кирбөөгө тийиш.

5. Эгерде жөнөтүүлөрдүн шарттарында башкача айтылбаса, сорттук үрөндөрдү импорттоодо жана экспорттоодо эл аралык (мамлекеттер аралык) үлгүдөгү сертификаттар туура деп табылат.

6. Үрөндөрдү алып келүүгө контролдук жүргүзүү жүктөлгөн бажы органдары, ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини боюнча чек ара пункттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

7. (КР 2016-жылдын 18-июлундагы № 120 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. Үрөндөрдү Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо эл аралык үлгүдөгү (ИСТА) сертификаттар, ошондой эле ОЕСДнын сорттук күбөлүктөрү болгон шартта үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан сертификатташтыруу боюнча органдары менен тийиштүү макулдашууну түзгөн экспорттоочу өлкөлөрдүн үрөндүн сапаты жөнүндө документтери таанылат.

9. (КР 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2016-жылдын 18-июлундагы № 120, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-статья. Ушул Мыйзамдын аткарылышына мамлекеттик контроль

1. Үрөндүк материалдын сапатына мамлекеттик контроль үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат, алар:

алардын ведомстволук баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан даярдоочу жана соода кылуучу уюмдардагы үрөн өндүрүүчүлөрдүн сорттук жана үрөндүк контролун тоскоолдуксуз жүргүзүүгө;

сорттук эгүүлөрдү контролдоону жана үрөндүк материалга инспекция жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

алардын себүү сапаттарын аныктоо максатында үрөндөрдүн үлгүлөрүн тандап алууга жана талдоо жүргүзүүгө;

үрөн өндүрүүчүлөрдөн, даярдоочу жана сатуучу уюмдардан үрөнчүлүк жана үрөндүк өсүмдүктөр, ошондой эле көчөттөр, үрөндөрдүн саны жана сапаты жөнүндө зарыл маалыматтарды жана документтерди сурап алууга;

Мамлекеттик реестрине киргизилбеген сорттордун үрөндүк материалынын сапаты, ошондой эле көчөттөрдү жыйноо үчүн жараксыз жерлерден даярдалган токой өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана үрөндүк материалды өндүрүүчү тарабынан өндүргөн үрөндүн сапаты жөнүндө документтерди бербөөгө;

үрөндөрдү өндүрүүнүн технологиясы бузулган учурларда үрөнчүлүк жана үрөндүк өсүмдүктөрдү, ошондой эле көчөттөрдү жараксыз деп табууга;

транспорт каражаттары, идиштер, таңгактар менен бирге үрөндөрдүн топтомун инспекциялык жана арбитраждык контроль үчүн кармап турууга;

сорттук үрөндөрдү өндүрүүчүгө жана сатып өткөрүүчүгө үрөндүк материалда табылган кемчиликтерди четтетүү жана ыйгарым укуктуу инспектор тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө аны экинчи текшерүүгө берүү талабы менен кат жүзүндө буйрук берүүгө укуктуу. Буйрук аткарылбаган учурда ыйгарым укуктуу инспектор үрөндүк материалды тамак-ашка же тоюттук муктаждыктарга пайдалануу үчүн же үрөндүк материал уу химикаттар менен иштетилсе, аны жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу;

коргоого алынуучу сорттун патент ээси же анын укук мураскери менен лицензиялык келишимсиз коргоого алынуучу сорттун үрөнүнө үрөндүк материалдын сапаты жөнүндөгү документтерди да бербөөгө;

чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан үрөн өстүрүү жагындагы ишти жүзөгө ашырган учурдагы бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу.

2. (КР 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. (КР 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2005-жылдын 4-июнундагы № 69, 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32, 2020-жылдын 20-мартындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

1. Ушул Мыйзамда каралган жоболорду бузган, ошондой эле үрөндөр боюнча жалган маалыматты атайылап же жоопкерсиздик менен берген, тиешелүү ыйгарым укуктары болбой туруп үрөндөрдүн сертификаттарын, маркировкасын же расмий эсепке алуунун башка түрлөрүн бурмалаган же алып койгон, үрөндөрдүн үлгүлөрүн атайлап жасалмалаган, үрөндүк материалды өндүрүү жана сатып өткөрүү боюнча иш менен байланыштуу юридикалык жактар жана жеке адамдар менен үрөндүк материалдын сапатын контролдоого жооп берүүчү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

2. Сапатсыз, жасалма үрөндөрдү сатып алуунун натыйжасында керектөөчүгө келтирилген зыян тартип бузуучунун эсебинен жабылат.

Мында керектөөчү:

сатып алуу баасын ылайыктуу азайтууну;

ушундай эле сорттогу үрөндөрдүн башка топтомуна алмаштырып берүүнү;

келишимди бузууну жана зыяндардын ордун сот тартибинде толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. (КР 2007-жылдын 8-январындагы № 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды)

4. (КР 2005-жылдын 4-июнундагы № 69 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон)

5. Эгерде бул аларга байланыштуу болбогон себептерден улам болсо, үрөндү өндүрүүчү жана жөнөтүүчү үрөндүн соттук жана себүү сапаттарынын жоголушуна жооп беришпейт.

6. Талап коюу үчүн эскирүү мөөнөтү үч жылга белгиленет.

(КР 2005-жылдын 4-июнундагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Акаев