Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1997-жылдын 25-июну N 39

Балык чарбасы жөнүндө

1997-жылдын 13-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

 (КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги N 32, 2008-жылдын 5-августундагы N 199, 2013-жылдын 1-июнундагы N 89, 2018-жылдын 13-февралындагы N 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын балык чарбасын ар тараптан өнүктүрүү, балык запастарын сактоо жана өстүрүү, көлдөр менен көлмөлөрдөгү балыктардын продуктуулугун жогорулатуу, калктын балык азыктарына болгон керектөөсүн алда канча толук канааттандыруу максатында, балык чарбасынын укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин жөнгө салат.

I. Негизги жоболор

1-статья. Балык чарбасы жөнүндө мыйзамдар

Балык чарбасы жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка нормативдик актылардан турат.

2-статья. Ушул Мыйзам жөнгө салуучу объекттер

Балык чарбасы - көлмөлөрдөгү жана тосмо көлмөлөрдөгү балык запастарынын түрлөрүн жакшыртууга, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан балык чарбасынын субъекттеринин товардык балыктарды, тукумдук жана асыл тукумдук материалдарды өстүрүү, балык уулоо, аны коргоо жана кайра иштетүү боюнча ишин камсыз кылууга багытталган балык өстүрүүнүн, балык уулоонун жана балык запастарын кайра өстүрүүнүн жана коргоонун системасы.

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндөгү жана жалпы пайдалануудагы көлмөлөрдөгү балыктардын табигый жана колдо өстүрүлгөн запастарына ээлик кылууда, пайдаланууда жана тескөөдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.

Кыргыз Республикасынын аймагында болгон ар кандай категориядагы көлмөдөрдөгү табигый балык запастары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет.

Балык чарбасынын көлмөлөрү - өнөр жайлык негизде балык уулоо үчүн пайдаланылган же пайдаланылышы мүмкүн болгон же өнөр жайлык негиздеги балыктардын запастарын сактоо жана кайра өстүрүү үчүн мааниси бар көлмөлөр, ошондой эле балык өстүрүү үчүн атайын курулган жасалма көлмөлөр.

Жалпы пайдалануудагы көлмөлөр - ышкыбоздук жана спорттук негизде балык уулоону уюштуруу үчүн арналган корук участокторунан башка өзөн-суулар, көлдөр, тосмо көлмөлөр, суу сактагычтар жана аларга куйган суулар.

(КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Балык чарбасын жүргүзүүнүн негиздери

Менчигинин түрүнө карабастан балык чарбасын жүргүзүүчү субъектилер балык чарбасын жүргүзүүдө:

- балыктардын көбөйүүгө жөндөмдүүлүгүн;

- көлмөлөрдүн өндүрүмдүүлүгүн сактоону;

- балыктар байырлаган чөйрөнү, тукумдашынын шарттарын жана байырлаган жерлерин которуу жолдорун коргоону;

- балыкты жасалма өстүрүүдө (мындан ары балык өстүрүү) суу экосистемаларында терс өзгөрүүлөрдүн алдын алууну;

- товардык балык, тукумдук жана асыл тукумдук материалды өстүрүү үчүн көлмө аянттарын натыйжалуу жана сарамжал пайдаланууну камсыз кылууга тийиш.

II. Көлмөлөрдөгү балык запастарын башкаруу

4-статья. Көлмөлөрдүн балык запастарын пайдалануу жана коргоо жагындагы башкаруу

Балык запастарын пайдалануу жана коргоо боюнча мамилелерди жөнгө салуу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башкаруусуна:

- мамлекеттик маанидеги балык чарбасынын көлмөлөрүндөгү жана жалпы пайдалануудагы көлмөлөрдөгү балык запастарын тескөө, аларды пайдалануу жана коргоо тартибин белгилөө;

- бирдиктүү балык чарба саясатын жүргүзүүнүн программаларын иштеп чыгууну уюштуруу жана бекитүү;

- мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүн негизги пайдалануучуну аныктоо;

- балык чарбасын башкаруунун атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы жөнүндө жобону бекитүү кирет.

Мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүнө Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрү жана Токтогул, Базар-Коргон, Киров, Орто-Токой суу сактагычтары таандык.

Ысык-Көл Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон акваториясы менен мамлекеттик маанидеги көл болуп саналат, анда күнжеле форелин жана сырттан алынып келинген, жырткыч балыктардын түрлөрүн өстүрүүгө жана инкубациялоого тыюу салуу менен, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого, туристтик ишке, суу транспорт ишине уруксат берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүнө башка көлмөлөр да таандык кылынышы мүмкүн.

Балык чарбасын башкаруунун атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы балык чарбасын өнүктүрүү жана башкаруу жагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзөт, өнөр жайлык балык уулоону жана балык запастарын кайра өстүрүүнү уюштурууну, ошондой эле балык запастарын ведомстволук коргоону жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органы балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоого жана пайдаланууга мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат.

Мамлекеттик эмес менчиктеги көлмөлөрдөгү балык запастарын көлөмөнүн менчик ээси тескейт.

(КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги N 32, 2013-жылдын 1-июнундагы N 89, 2018-жылдын 13-февралындагы N 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-статья. Балык запастарын эсепке алуу

Балык запастары, ошондой эле жасалма көлмөлөрдө өстүрүлгөн балыктар эсепке алынууга тийиш, мындай эсепке алуу мыйзамдарда белгиленген тартипте көлмөлөр жана балыктардын түрлөрү боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.

Балык чарбасын жүргүзгөн субъекттер балык чарбасын башкаруунун мамлекеттик органдарына балык ресурстарынын запастары жана аларды уулоонун көлөмдөрү жөнүндө жыл сайын маалымат берип турууга милдеттүү.

(КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Талаштарды чечүү

Көлмөлөрдөгү балык запастарын пайдаланууга жана аларды коргоого байланыштуу талаштар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.

III. Балык уулоону жана балык чарбасын уюштуруу

7-статья. Көлмөлөрдү жана алардын участокторун пайдаланууга берүү

Балык чарба көлмөлөрү же алардын участоктору балык уулоо же балык өстүрүү максатында юридикалык жактарга жана жеке адамдарга пайдаланууга берилиши мүмкүн.

Балык запастарын кармоо жана балык өстүрүүнү жүргүзүүнүн, балык чарба көлмөлөрүн же алардын участокторун пайдаланууга берүүнүн, балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоонун тартиби, эрежелери жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү жоболор менен жөнгө салынат.

Юридикалык жактар жана жеке адамдар бекитилип берилген көлмөлөрдө же алардын участокторунда көлмөлөрдүн абалын жана балыкты жана сууда жашоочу башка организмдерди кайра өстүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча балык коргоочу жана балык өстүрүүчү-мелиорациялык иш-чараларды жүзөгө ашырууга, өнөр жайлык балыктарады кайра өстүрүү боюнча иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле балык уулоонун жээк участокторунун санитардык абалын талаптагыдай күтүүгө милдеттүү.

(КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо

Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо жөнүндө жободо белгиленет.

(КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Көлмөнү пайдалануудагы артыкчылыктуу укук

Балык чарбачылыгы иши үчүн көлмөнү, анын участокторун пайдаланууга алууда, балык кармоо жана өстүрүү ишин жүргүзгөн балык чарбасынын адистешкен субъекттери артыкчылыктуу укукка ээ болушат.

10-статья. Илимий максатта балык уулоочулук

Көлмөнү негизги пайдалануучу көлмөнү илимий максатта балык уулоону жүзөгө ашыруу үчүн берүүгө милдеттүү.

11-статья. Коруктардын корголгон чөлкөмүндөгү көлмөлөрдө балык уулоо

Өнөр жайлык балык уулоону жүзөгө ашырган чарбачылык субъекттер коруктардын корголгон чөлкөмүндөгү көлмөлөрдө балык кармоону курчап турган чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органы менен макулдаштык боюнча жүргүзө алат.

(КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Балык запастарынын абалына жана аны кайра өстүрүүгө таасир берүүчү өндүрүштүк жана башка объекттерди куруу

Балык запастарынын абалына жана аны кайра өстүрүүгө таасир берүүчү өндүрүштүк жана башка объекттерди куруу курчап турган чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органынын мамлекеттик экологиялык экспертизасынын оң корутундусун алгандан кийин гана жүзөгө ашырылат.

(КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Жасалма көлмөлөрдүн сууну пайдалануусу

Атайын балык өстүрүү үчүн курулган жана толтуруу үчүн суу потенциалын пайдаланган балык өстүрүүчү жасалма көлмөлөрдө балык чарбасын жүргүзүүдө, мамлекеттик суу фондусун коргоону камсыздоочу органдар менен мамилелер "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 31 жана 41-статьялары менен жөнгө салынат.

IV. Балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоо

14-статья. Балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоону камсыздоо боюнча иш-чаралар

Балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоо:

- балык запастарын коргоо, пайдалануу жана кайра өстүрүү боюнча эрежелерди, ченемдерди, мөөнөттөрдү жана башка талаптарды белгилөө;

- балык ресурстарынын жана алар байырлаган чөйрөнүн абалына жана аларды кайра өстүрүүгө таасир берүүчү объекттерди жана курулуштарды куруу боюнча долбоорлордо каралган, балык запастарын коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

- балык запастарынын эсебин алууну жүзөгө ашыруу;

- балык чарба көлмөлөрүндө балык кармоону чектөө жана аларда балыктардын жаңы түрлөрүн үйүр алдыруу;

- балык ресурстарын сарамжал пайдалануу жана кайра өстүрүү жаганда илимий изилдөөлөр жүргүзүү;

- балык ресурстары байырлаган чөйрөнү жана аларды кайра өстүрүү шарттарын коргоо жана жакшыртуу;

- балык запастарына жана алар байырлаган чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жолу менен камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө жашаган балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрү өзгөчө корулууга тийиш.

Балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрү болуп Ысык-Көлдүн жана Аму дарыясынын форель, сиг-лудога, пеляды, Ысык-көлдүн көкчаар осман, чабак, чабакча, маринка жана сазандары эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары же Өкмөтүнүн чечимдери менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык көлмөлөрүндө жашаган балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого чектөө киргизилиши мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги N 32 Мыйзамынын, 2008-жылдын 5-августундагы N 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-статья. Балык уулоо эрежелерин бузуулар үчүн жоопкерчилик

1. Балык уулоо эрежелерин бузууга жол берген же болбосо мыйзамсыз түрдө өнөр жайлык балык кармаган граждандар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Өнөр жайлык балык уулоонун мыйзамсыз алынган объекттери жана алардан иштетилип чыгарылган продукция, ошондой эле мыйзамсыз балык уулоонун куралдары, анын ичинде сууда сүзүү каражаттары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте конфискацияланууга тийиш.

V. Балык запастарын пайдалануудагы чек крюулар

16-статья. Чек коюуларды белгилөө

Балык запастарынын абалына коркунуч туулган учурда (балыктын жапырт кырылышы, дартка чалдыгуусу, суунун ууланышы жана булганышы ж.б.) курчап турган чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органы өзгөчө учурга ылайык белгилүү бир мөөнөткө балык кармоого тыюу салууга укуктуу болушат.

(КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Өнөр жайлык балык уулоо объекттерин алып чыгуу, алып кирүү, балыктардын айрым түрлөрүн үйүр алдыруу жана көлмөлөргө кое берүү

Өнөр жайлык балык уулоо объекттерин Кыргыз Республикасынын чектеринен тышка алып чыгууга же ага алып кирүүгө, балыктардын айрым түрлөрүн жана сууда жашаган башка организмдерди үйүр алдырууга жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүнө кое берүүгө тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдары менен макулдаштык боюнча курчап турган чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органынын атайын уруксаты болгондо жол берилет.

(КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VI. Балык чарбасын өнүктүрүү фонду

18-статья. Балык чарбасын өнүктүрүү фондунун милдети

Балык запастарын кайра өстүрүүнү жана коргоону, Кыргыз Республикасында балык өндүрүшүн уюштуруу, ошондой эле балык чарбачылыгы жагында изилдөөлөрдү кошумча каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда фонд түзүлөт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Балык чарбаны өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу

Балык чарбаны өнүктүрүү фонду төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден максаттуу балык чарба программаларын ишке ашыруу үчүн бөлүнүүчү которуулардан;

- менчигинин формасына жана чарба жүргүзүүсүнүн ыкмасына карабастан жеке адамдардан жана юридикалык жактардан, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк юридикалык жактардан, балык чарба көлмөлөрүн жана суудагы биологиялык ресурстардан пайдалангандык үчүн түшүүлөрдөн;

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын балык чарбаны өнүктүрүүгө ыктыярдуу кошумчаларынан;

- балык запастарын көбөйтүү боюнча жумуштарды каржылоо үчүн максаттык каражаттардан;

- балык өстүрүүгө, балык уулоого жана балык запастарын корууга инвестицияларды жана гранттарды тартуудан түшкөн каражаттардан;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн (анын ичинде чет өлкөлүк валютада);

- Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү фондунун каражаттары төмөнкүдөй иш-чараларды каржылоого жумшалат;

- балык тармагын өнүктүрүүгө жана мамлекеттик балык өстүрүүчү чарбаларды уюштурууга;

- балык өстүрүүчү ишканаларда жана алардын көлмө фондунда оңдоо-калыбына келтирүү жана реконструкциялоо жумуштарын жүргүзүүгө;

- балык чарбалык жана башка көлмөлөрдө илимий жана ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

- балык чарбалык көлмөлөрдө жана көлмөлүк балык чарбаларда балык өстүрүү- мелиорация жумуштарын жана балыктардын ылаңдарынын алдын алуу, балык өстүрүүчү чарбаларды митефаунадан жана балыктардын инвазийлеринен тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;

- балык питомниктерин жана инкубациялык цехтерди түзүүгө;

- республиканын балык чарбалык көлмөлөрүн балыктандыруу үчүн балыктын кое берилүүчү сапаттуу материалын алууга;

- көлмөлүк балык чарбаларда селекциялык-асыл тукумдук ишти жүргүзүүгө;

- балык чарбасын өстүрүүгө багытталган республикалык жана регионалдык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;

- ышкыбоздук жана спорттук балык кармоо үчүн маданий балык чарбаларды уюштурууга жана өнүктүрүүгө;

- балыкты коруу мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын иштеп чыгууга, балык чарба көлмөлөрүн жана суудагы биологиялык ресурстарды пайдалануунун экономикалык механизмин өркүндөтүүгө;

- садоктук жана көлдүк-товардык балык чарбаларды өнүктүрүүгө жана аларды заманбап жабдуулар жана шаймандар менен жабдууга;

- балык чарбалары үчүн балык өстүрүүчү жабдууларды, мүлктөрдү, инвентарларды жана балык комбикормдарын сатып алууга;

- балык запастарын корууга жана көбөйтүүгө, балыктардын баалуу түрлөрүн жана суудагы жемдик организмдерди климатташтырууга жана республиканын көлмөлөрүнө кое берүүгө;

- балык чарбасы үчүн кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого;

- балык чарбаны өнүктүрүү жана балык чарбалык көлмөлөрдөгү браконьерликке каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга активдүү катышкан адамдарды сыйлоого;

- балык чарбаны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого;

Фондду түзүүнүн жана каражаттарын пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

А.Акаев