Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b3e8e844-c695-40e0-9a6b-377e9ab40697\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1997-жылдын 2-июлу № 41

Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө

(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы № 239, 2011-жылдын 5-октябрындагы № 161,
2011-жылдын 4-ноябрындагы № 201,
2015-жылдын 10-июнундагы № 128 , 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун негиздерин, анын Кыргыз Республикасынын жактары жана чет өлкөлүк жактар тарабынан жүзөгө ашырылышынын тартибин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын тышкы соода иши жаатындагы укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.

I бөлүм
 Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары

Кыргыз Республикасынын экономикалык эгемендүүлүгүн коргоо, экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, тышкы соода ишин өнүктүрүүгө түрткү берүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын натыйжалуу алакалаштыруу шарттарын камсыз кылуу ушул Мыйзамдын максаты болуп эсептелет.

2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:

Тышкы соода иши - товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, маалыматтарды, ошондой эле интеллектуалдык иштин натыйжаларын, анын ичинде аларга болгон өзгөчө укуктарды (интеллектуалдык менчик) эл аралык алмашуу жагындагы ээлик кылуу иши;

Товарлардын тышкы соодасы - товарлардын импорту жана (же) экспорту;

Товар - делип ар кандай кыймылдуу мүлк (энергиянын бардык түрлөрүн кошкондо) жана кыймылсыз мүлккө таандык кылынган, тышкы соода ишинин заты болуп эсептелген аба, деңиз кемелери эл аралык жүк ташуу келишиминде пайдаланылуучу транспорттук каражаттар товар болуп эсептелбейт;

Эки жактуу колдонулуучу товар - күнүмдүк чөйрөдө пайдаланууга багытталган, бирок куралдарды жана аскердик техниканы түзүүдө пайдаланылышы мүмкүн болгон сырьелор, материалдар, жабдуулар, технологиялар жана илимий-техникалык маалыматтар, кызмат көрсөтүүлөр;

Кызмат көрсөтүүлөр - эмгектик укуктук мамилелердин негизинде жүзөгө ашырылуучу иштен башка, экинчи жактардын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган ээлик кылуу иши;

Интеллектуалдык иштин натыйжаларына болгон өзгөчө укук (интеллектуалдык менчик) - мыйзам тарабынан корголо турган адабий, көркөм жана илимий чыгармаларга, электрондук-эсептөө машиналарынын программаларына жана маалымат базаларына; эриш-аркак укуктарга; ойлоп табууларга, өнөр жайлык үлгүлөргө, пайдалуу моделдерге, ошондой эле интеллектуалдык иштин натыйжаларына теңештирилген юридикалык жактын жекече өзгөчөлөнгөн каражаттарына (фирмалык аталыштарга, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине) жана интеллектуалдык иштин башка натыйжаларына жана жекече өзгөчөлөнгөн каражаттарга болгон өзгөчө укук;

Экспорт - Кыргыз Республикасынын аймагынан кайра алып келүүгө милдеттенбестен товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, интеллектуалдык иштин натыйжаларын, анын ичинде аларга болгон өзгөчө укуктарды чет өлкөгө алып кетүү. Экспорттоо фактысы интеллектуалдык иштин натыйжаларына укук берилген товар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүп жаткан учурда белгиленет. Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылбаган айрым коммерциялык иш-аракеттер, атап айтканда Кыргыз Республикасынын жагынан чет өлкөлүк жактын товарды Кыргыз Республикасынын экинчи жагына кайра иштетүү жана иштетилген товарды кийин чет өлкөгө алып кетүү үчүн сатып алышы товарларды экспорттоого теңештирилет;

Импорт - товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, интеллектуалдык иштин натыйжаларын, анын ичинде аларга болгон өзгөчө укуктарды кайра алып кетүү жөнүндө милдеттенме албастан чет өлкөдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү. Импорт фактысы кызмат көрсөтүлгөн жана интеллектуалдык иштин натыйжаларына укук алынган товар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурда белгиленет;

Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууга лицензия - белгилүү сандагы товарлардын айрым өзгөчө түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого укукту ырастаган документ;

Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого байкоо жүргүзүү - товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоонун жана (же) импорттоонун динамикасынын мониторинги максатында белгиленүүчү убактылуу чара;

Тышкы соода ишинин кыргыз катышуучулары (Кыргыз Республикасынын жактары) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, анын аймагында туруктуу жайгашкан юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же такай жашаган жана жеке ээлик кылуучулар катарында катталган Кыргыз Республикасынын гражданы болуп эсептелген жеке адамдар;

Тышкы соода ишинин чет өлкөлүк катышуучулары (чет өлкөлүк жактар) - граждандык укукка ээ экендиги алар уюштурулган чет мамлекеттин укугу боюнча аныкталган юридикалык жактар же укуктук түрү башка болгон уюмдар; граждандык укукка ээ экендиги жана аракетке жөндөмдүүлүгү алар гражданы болуп эсептелген чет мамлекеттин укугу боюнча аныкталган жеке адамдар -чет өлкөлүк граждандар жана граждандык аракетке жөндөмдүүлүгү алар туруктуу жашаган чет мамлекеттин укугу боюнча аныкталган граждандыгы жок адамдар;

Экспорттук контроль тутуму - аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жана мыйзам актыларында белгиленген Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары куралдарды жана аскердик техниканы, ошондой эле куралдарды жана аскердик техниканы (мындан ары - эки жактуу колдонулуучу товарлар) түзүүдө пайдаланылышы мүмкүн болгон сырьенун айрым түрлөрүн, материалдарды, жабдууларды, технологияларды жана илимий-техникалык маалыматтарды сатып өткөрүү жана массалык кыргындоо куралдарын жана куралдар менен технологиялардын башка түрлөрүн алып кетүүгө жол бербөө боюнча иш-чаралардын жыйындысы, ошондой эле ушул сыяктуу тартип бузууларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралар;

Экономикалык коопсуздук - экономиканын Кыргыз Республикасынын социалдык, саясый жана коргоо мүмкүнчүлүгүнүн жетиштүү деңгээлин жана өндүрүмдүү өнүгүшүн, анын экономикалык таламдарынын мүмкүн болуучу тышкы жана ички коркунучтарга жана таасирлерге моюбастыгын жана көз карандысыздыгын камсыз кыла турган абалы.

(КР 2015-жылдын 10-июнундагы N 128, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья. Тышкы соода иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана укук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери тарабынан жөнгө салынат.

4-статья. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери

Төмөндөгүлөр:

1) тышкы соода саясатынын Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты менен анын курамдык бөлүгү катары бирдиктүүлүгү;

2) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана аны жүзөгө ашырууга контролдук жүргүзүү тутумунун бирдиктүүлүгү;

3) улуттук коопсуздукту, саясый экономикалык жана аскердик таламдарды камсыз кылуунун мамлекеттик милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле массалык кыргындоо куралдарын жана куралдын башка түрлөрүн алып кетүүгө жол бербөө боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында экспорттук контроль саясатынын бирдиктүүлүгү;

4) (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун экономикалык чараларынын артыкчылыгы;

6) тышкы соода ишинин катышуучуларынын теңдиги жана алардын басмырланбашы;

7) тышкы соода ишине катышуучулардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын мамлекет тарабынан корголушу;

8) мамлекеттин жана анын органдарынын тышкы соода ишине туура эмес кийлигишүүсүн, анын катышуучуларына жана Кыргыз Республикасынын жалпы экономикасына зыян келтирүүнү жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги принциптери болуп эсептелет.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Кыргыз Республикасынын тышкы соода саясаты

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен тышкы соода жагындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу милдеттенмелерди сактоонун негизинде түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын экономикасын дүйнөлүк экономикага алакалаштыруу максатында Кыргыз Республикасы бул бирликтерге катышкан өлкөлөрдүн жана эркин соода зоналарында иш жүргүзүүгө катышкан мамлекеттердин ортосунда бажылык-тарифтик чараларды жана сооданы тарифсиз жөнгө салууга негизделген бирдиктүү бажылык аймакты түзүүгө негизделген бажы бирликтери жана эркин соода зоналары жөнүндө эл аралык келишимдерге катышат. Мында, эгерде мамлекеттер аралык бажы макулдашууларында башкача каралбаса, бажы бирликтерине катышкан өлкөлөрдө үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүгө карата бирдиктүү бажы тарифи белгиленет.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Тышкы соода иши жагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары

Төмөндөгүлөр:

1) Кыргыз Республикасынын тышкы соода байланыштарынын багытын жана өнүгүшүнүн түпкү максатын, тышкы соода саясатынын негизги принциптерин калыптандыруу;

2) Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, экономикалык эгемендүүлүгүн, экономикалык таламдарын коргоо;

3) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда, бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, ошондой эле товарларды Кыргыз Республикасына алып келүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынан алып кетүүгө байланыштуу милдеттүү талаптарга товарлардын ылайыктуулугун ырастоо жаатындагы ишти мамлекеттик жөнгө салуу;

4) товарларды алып келүүдө стандарттарды жана адам үчүн коопсуз жана (же) зыянсыз болгон критерийлерди жана аларга контролдук кылуунун Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү болгон эрежелерин белгилөө;

5) куралдарды, аскердик техниканы жана аскердик-техникалык багыттагы мүлктү алып келүүнүн жана алып кетүүнүн, чет өлкөдө аскердик объектилерди түзүүгө техникалык көмөк көрсөтүүнүн, техникалык документтерди берүүнүн, лицензиялык өндүрүштү уюштуруунун, аскердик техниканы жаңылоонун жана оңдоонун, ошондой эле аскердик-техникалык кызматташтык жагында башка кызматтарды көрсөтүүнүн тартибин аныктоо;

6) бөлүнүүчү материалдарды, ууландыруучу, жарылуучу, уулуу, психотроптук заттарды, күчтүү таасир тийгизүүчү баңгилик каражаттарды, биологиялык активдүү каражаттарды, (донордук канды, ички органдарды жана башка материалдарды), генетикалык активдүү материалдарды (козу карындардын түрлөрүн, бактерияларды, вирустарды, малдын жана адамдын тукумдук материалдарын жана башка материалдарды) жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, алардын бөлүктөрүн жана дериваттарын экспорттоонун жана импорттоонун тартибин, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин аныктоо;

7) коркунучтуу таштандыларды алып келүүнүн жана алып кетүүнүн, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин аныктоо;

8) куралдарды жана аскердик техниканы, ошондой эле алардын жөн-жай мүнөздө болгон, бирок ядролук, химиялык жана массалык кыргындоо куралынын башка түрлөрүн жана аларды жеткирүүнүн ракеталык каражаттарын түзүүдө колдонула турган сырьелордун айрым түрлөрүн, материалдарды, жабдууларды, технологияларды, илимий техникалык маалыматтарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алып келүүнүн тартибин аныктоо;

9) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттерин аткарууга байланыштуу стратегиялык маанилүү сырьелук товарлардын айрым түрлөрүн алып кетүүнүн, Кыргыз Республикасынын бажылык аймагында кайра иштетүү үчүн сырьелорду алып келүүнүн жана аны иштеткенден кийинки продуктыларды алып кетүүнүн тартибин аныктоо;

10) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык баалуу металлдарды, асыл таштарды, алардан жасалган буюмдарды, баалуу металлдардын жана асыл таштардын сыныктарын, аларды иштетүүнүн калдыктарын жана баалуу металлдарды камтыган химиялык кошулмаларды алып келүүнүн жана алып кетүүнүн тартибин аныктоо;

11) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү болгон тышкы соода ишинин статистикалык отчеттуулугунун көрсөткүчтөрүн аныктоо;

12) чет мамлекеттерге, алардын юридикалык жактарына жана эл аралык уюмдарга мамлекеттик кредиттерди жана башка экономикалык жардамдарды берүү, Кыргыз Республикасынын сырттан карыз алышы жана чет мамлекеттер тарабынан Кыргыз Республикасына берилген мамлекеттик кредиттер жөнүндө эл аралык келишимдерди түзүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кредиттеринин, Кыргыз Республикасынын сырттан карыз алышынын чектелген өлчөмдөрүн белгилөө;

13) Кыргыз Республикасынын расмий алтын-валюталык резервдерин түзүү жана пайдалануу;

14) Кыргыз Республикасынын төлөм балансын иштеп чыгуу;

15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдигиндеги мамлекеттик, банктык жана коммерциялык кредиттерди ишке тартуу, алардын пайдаланылышына контролдук жүргүзүү;

16) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын чегин белгилөө жана бул карызды иштетүү, чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасына болгон карыздарын тындыруу боюнча ишти уюштуруу;

17) Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык байланыштар жагындагы эл аралык келишимдерин түзүү;

18) эл аралык экономикалык жана илимий-техникалык уюмдардын ишине катышуу, бул уюмдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу;

19) чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүн, ошондой эле эл аралык экономикалык жана илимий-техникалык уюмдардын алдында Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрүн түзүү жана аларды иштетүү;

20) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мамлекеттик менчигине ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын карамагында болот.

(КР 2015-жылдын 10-июнундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II бөлүм
 Тышкы соода ишинин катышуучулары

 

7-статья. Кыргыз Республикасынын жактары жана чет өлкөлүк жактар тышкы соода ишинин катышуучулары катары

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, Кыргыз Республикасындагы бардык жактары тышкы соода ишин жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушат. Чет өлкөлүк жактар Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

8-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тышкы соода ишин түздөн-түз жүзөгө ашырууга катышуусу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тышкы соода ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, нормативдик укуктук актыларында белгиленген учурларда гана түздөн-түз жүзөгө ашырат.

III бөлүм
Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө негизги жоболор

 

9-статья. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу үчүн жооптуу органдары

Мамлекеттик тышкы соода саясаты ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына ылайык экономикалык жана административдик жөнгө салууну колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасында бирдиктүү тышкы соода саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат жана аны ишке ашыруу боюнча чараларды жүзөгө ашырат, тиешелүү чечимдерди кабыл алат жана алардын аткарылышын камсыз кылат;

2) тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат;

3) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча чараларды көрөт;

4) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, ташып чыгуу бажы алымдарынын ставкасын белгилейт;

5) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык экспортко жана импортко сандык чектөө киргизет;

6) өз кызматтык укуктарынын чектеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;

7) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү менчигин башкарууну жүзөгө ашырат;

8) Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы соода ишин мамлекеттик башкаруу жагындагы указдары тарабынан өзүнө жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы соода саясаты, тышкы соода ишин жана анын катышуучуларын жөнгө салуу, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тышкы соода ишин ыңгайлаштыруу жана жөнгө салуу тикелей жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик сырткы соода саясатынын милдеттерин түздөн-түз ишке ашырууну, ошондой эле тышкы соода ишин жөнгө салууга байланыштуу чараларды иштеп чыгууну жана өткөрүүнү камсыз кылат.

Сандык чектөөлөр белгиленген же уруксат берүү тартиби киргизилген товарлардын экспортун жана (же) импортун лицензиялоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2015-жылдын 10-июнундагы N 128, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-статья. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун усулдары

Мамлекеттик тышкы соода саясаты Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана башка укуктук актыларына ылайык, тышкы соода ишин бажылык-тарифтик жөнгө салуу (ташып кирүү жана ташып чыгуу бажы алымдарын колдонуу) жана тарифтик эмес жөнгө салуу (анын ичинде, квоталоо жана лицензиялоо жолу менен) аркылуу жүзөгө ашырылат.

Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кийлигишүүсү же ар кандай чектөөлөрдү белгилеши сыяктуу башка ыкмаларына жол берилбейт.

Тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүн, атап айтканда эл аралык инвестициялык кызматташтыкты, өндүрүштүк кооперацияны, валюталык жана каржылык-кредиттик иш-аракеттерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары жана башка укук актылары тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Тышкы соода ишин бажылык-тарифтик жөнгө салуу

Импорт жана экспорт боюнча иш-аракеттерди жөнгө салуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасындагы оң натыйжалуу түзүлүштүк өзгөрүүлөргө түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык импорттук жана экспорттук бажылык жыйымдар киргизилет.

11-1-статья. Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууда лицензиялоо

Товарларды экспорттоону жана (же) импорттоону лицензиялоо аларды аткаруу үчүн киргизилген чектөөлөрдүн максаттарына караганда товарларды экспорттоонун же импорттоонун ашыкча чектелген же бурмаланган таасирине ээ болбошу керек.

Экспортко жана (же) импортко лицензия жана уруксат берүүнүн тартиби жана шарттары мыйзамдар жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

Лицензияларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарына, улуттук жана экономикалык коопсуздугунан келип чыккан товардын экспортунун жана (же) импортунун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө адистештирилген эксперт-уюмдун корутундусу негиз болуп саналат.

Сандык чектөөлөр белгиленген же уруксат берүү тартиби киргизилген товарларды экспорттоого жана (же) импорттоого лицензияларды берүү жөнүндө чечимди макулдашууну жүзөгө ашыруучу адистештирилген эксперт-уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2015-жылдын 10-июнундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Экспортко жана импортко сандык чектөө

Экспортко жана импортко сандык чектөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзгөчө учурларда:

1) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ички товардык рыноктун абалын эске алуу менен аткаруу;

3) ушул Мыйзамдын 15-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо максатында киргизилиши мүмкүн.

Сандык чектөөлөрдү белгилөөдө квоталарды бөлүштүрүү жана лицензияларды берүү мыйзамдарга ылайык, эреже катары, конкурс же аукцион өткөрүү аркылуу же ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин органы тарабынан даярдоочу-уюмга артыкчылык укугун берүү менен квотаны суммалап аткарууга чейин экспорт жана (же) импорт боюнча иш-аракеттерди иш жүзүндө жүргүзүү тартибинде жүзөгө ашырылат.

Конкурсту же аукционду өткөрүүдө мындай конкурска же аукционго катышуучулардын санын чектөөгө же менчигинин түрү, катталган жери, рыноктогу абалы боюнча аларды басмырлоого жол берилбейт.

13-статья. Экспорттук контроль

Куралдар, аскердик техника жана эки жактуу пайдаланылуучу товарлар жагындагы тышкы соода ишин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарын коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында массалык кыргындоо куралдарын жана куралдардын башка түрлөрүн, алардын технологияларын түзүүнү жайылтпоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин сактоо максатында экспорттук контролдоо тутуму иш жүргүзөт.

Экспорттук контролдоого алына турган куралдардын, аскердик техниканын, массалык кыргындоо куралдарынын, аларды жеткирүүчү ракеталык каражаттардын жана башка куралдардын түрлөрүн түзүүдө колдонула турган же колдонулушу мүмкүн болгон сырьелордун айрым түрлөрүнүн, материалдардын, жабдуулардын, технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмелер жана тизмектер тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасы өлкөнүн коопсуздугун, анын саясый, экономикалык жана аскердик таламдарын камсыз кылуунун негизинде гана аныкталуучу экспорттук контролдоонун бирдиктүү саясатын жүргүзөт.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык контролдоого алына турган экспорттук товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле интеллектуалдык иштин натыйжаларын, анын ичинде аларга болгон өзгөчө укуктарды алып кетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы № 239, 2011-жылдын 5-октябрындагы № 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

14-статья. Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого мамлекеттик монополия

Экспорттоого жана (же) импорттоого мамлекеттик монополия белгиленген товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.

Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого мамлекеттик монополия товарларды экспорттоо жана (же) импорттоо боюнча ишти лицензиялоонун негизинде жүзөгө ашырылат. Бул ишти жүзөгө ашырууга лицензия ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык басмырлабоонун жана ак ниет соода-сатыктык тажрыйбанын принциптеринин негизинде экспорт жана (же) импорт боюнча бүтүмдөрдү жасоого милдеттүү болгон мамлекеттик ишканаларга гана берилет.

Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоо жана (же) импорттоо боюнча мамлекеттик монополияны бузуу менен жасалган бүтүмдөр негизсиз деп эсептелет.

Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте негизсиз бүтүмдүн жараксыздыгынын натыйжаларын колдонуу жөнүндө талап коюуга укуктуу.

15-статья. Импорттук товарларга карата коргоо чаралары

Мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн товарларды импорттоодо атайын коргоо чаралары, демпингге каршы чаралар жана компенсациялык чаралар киргизилиши мүмкүн.

(КР 2015-жылдын 10-июнундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-статья. Улуттук таламдардан улам экспортко жана (же) импортко тыюу салуулар жана чектөөлөр

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасында улуттук таламдардан улам товарды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле интеллектуалдык иштин натыйжаларын, анын ичинде аларга болгон өзгөчө укуктарды экспорттоого жана (же) импорттоого тыюу салуулар жана чектөөлөр белгилениши мүмкүн, аларга:

1) коомдук адепти жана укук тартибин сактоо;

2) адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн жана жалпы эле курчап турган чөйрөнү коргоо;

3) Кыргыз Республикасынын элдеринин маданий мурастарын сактоо;

4) маданий баалуулуктарды мыйзамсыз алып кетүүдөн, алып келүүдөн жана аларга болгон менчик укугун өткөрүп берүүдөн коргоо;

5) эгерде жаратылыш ресурстарынын орду толгус коромжуга учурашын болтурбай коюу менен байланышкан чаралар тиешелүү ички өндүрүүгө жана керектөөгө чектөөлөр менен бир мезгилде жүргүзүлсө, анын коромжуга учурашын болтурбай коюунун зарылдыгы;

6) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу;

7) Кыргыз Республикасынын тышкы финансылык абалын коргоо жана төлөө балансын колдоо;

8) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу кирет.

Улуттук таламдардан улам кабыл алынган экспортко жана (же) импортко тыюу салуулар жана чектөөлөр жөнүндө мыйзамдар алар расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

(КР 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Алынып келинүүчү товарларга карата техникалык, фармакологиялык, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык жана экологиялык стандарттар жана талаптар, алардын сапатын контролдоо

Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинүүчү товарлар Кыргыз Республикасында белгиленген техникалык, фармакологиялык, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык жана экологиялык стандарттарга жана талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

Алынып келинүүчү товарларды сертификациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары тарабынан жөнгө салынат.

Экологиялык жактан коркунучтуу продукцияны алып келүү учурунда, бул продукция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка укуктук актыларында аныкталган тартипте атайын контролдуктан өткөрүлүүгө тийиш.

Төмөндөгү:

1) ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн стандарттарга жана талаптарга жооп бербеген;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка укук актыларында көрсөтүлгөндөй сертификаты, маркировкасы же ылайык келүү белгиси болбогон;

3) керектөөгө коркунучтуу товарлар катары пайдаланууга тыюу салынган;

4) керектөөчүлөр үчүн коркунуч келтирүүчү бузуктары бар товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынат.

Көрсөтүлгөн товарлар бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тартипте Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын көз карандысыз эксперттери тарабынан түзүлгөн актынын негизинде кайра алынып кетүүгө же жок кылынууга тийиш.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-1-статья. Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого байкоо жүргүзүү

Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого байкоо жүргүзүү Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык уруксаттарды берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

(КР 2015-жылдын 10-июнундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-статья. Кыргыз Республикасынын эл аралык экономикалык санкцияларга катышуусу

Кыргыз Республикасынын бир мамлекетке же бир нече мамлекетке карата эл аралык санкцияларга катышуусу жана бул санкцияларды колдонууга киргизүү Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасынын жактары Кыргыз Республикасынын эл аралык экономикалык санкцияларга катышуусуна байланыштуу тарткан зыяндарынын ордун сот тартибинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтуртуп алууга укуктуу.

IV бөлүм
Тышкы соода ишинин айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими

 

19-статья. Эркин экономикалык зоналар

Эркин экономикалык зоналардагы чарбалык, анын ичинде тышкы соода ишинин өзгөчө тартиби Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналар жөнүндө мыйзамы, башка мыйзамдары жана укук актылары тарабынан белгиленет.

V бөлүм
 Тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана ага түрткү берүү

 

20-статья. Тышкы соода ишин өнүктүрүү программалары

Улуттук экономиканын өсүшүнө түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тышкы соода ишин өнүктүрүүгө, анын ичинде тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн республикалык, региондук программаларын жүзөгө ашыруу аркылуу көмөк көрсөтөт.

Тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн республикалык программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын республикалык бюджеттин долбоору менен бир мезгилде иштелип чыгат.

Аталган республикалык программада:

1) Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын курамдык бөлүгү катары болгон болжолдуу соода балансы;

2) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелеринин азыркы кездеги абалына жана анын проблемаларына баа берүү;

3) Кыргыз Республикасынын сырттан алган карыздарынын жана чет өлкөлүк кредиттерди максаттуу пайдаланууну ар тараптан баяндаган планы;

4) республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануу менен же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги алдында берилген экспорттук кредиттердин планы;

5) Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тейлөөнүн планы;

6) чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасына болгон карыздарын тейлөөдөн түшкөн каражаттардын планы;

7) тиешелүү жылда көрүлгөн же белгиленген тышкы сооданы мамлекеттик жөнгө салуу чараларынын тизмеги, бажы тарифинин жыйымдарынын өлчөмдөрү жана алардын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнүн чектери, экспортту жана импортту сандык чектөө, ошондой эле ички рынокту коргоо жана валюталык жөнгө салуу боюнча чаралардын тизмеги;

8) тиешелүү жылга өнөр жайлык экспортко түрткү берүүчү чаралардын тизмеги;

9) айрым мамлекеттердин рынокторунда кыргыз ишкерлерине карата жол берилген басмырлоо, эки тараптуу жана көп тараптуу милдеттенмелердин бузулган учурларынын реестри, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу соода-экономикалык таламдарын коргоо боюнча көрүлгөн же белгиленип жаткан чаралардын тизмеги камтылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин органы менен биргелешип, кызмат укуктарынын чектеринде өз аймагында тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат.

21-статья. Тышкы соода ишин маалымат менен камсыздоо

Кыргыз Республикасынын аймагында тышкы соода ишин өнүктүрүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу жана ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы тарабынан башкарылган тышкы соода маалыматынын тутуму иш жүргүзөт.

Тышкы соода маалыматында:

1) тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн республикалык жана региондук программалары;

2) Кыргыз Республикасынын рыногунда тышкы соода ишин жүзөгө ашырып жаткан кыргыз жана чет өлкөлүк жактар жөнүндө;

3) квоталарды жана лицензияларды алган кыргыз жана чет өлкөлүк жактар жөнүндө;

4) тышкы соода чөйрөсүндөгү кыргыз жана чет өлкөлүк мыйзамдар жөнүндө;

5) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү соода өкүлчүлүктөрүнүн иши жөнүндө;

6) мамлекеттик адистештирилген кыргыз экспорттук-импорттук банктын жана тышкы соода иши жагында кредиттөө жана камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөткөн башка уюмдардын иши жөнүндө;

7) Кыргыз Республикасындагы бажы статистикасы жөнүндө;

8) негизги товардык топтор боюнча чет өлкөлүк рыноктордогу кырдаалдар жөнүндө;

9) стандартташтыруу жана сертификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын укук актылары жөнүндө;

10) тышкы соода ишинин чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө;

11) Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жана анын аймагынан алып кетүүгө тыюу салынган товарлардын тизмеги жөнүндө;

12) тышкы соода ишин жүргүзүү үчүн пайдалуу болгон башка маалыматтар камтылат.

Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы акы алуу менен ылайыктуу мөөнөттө тышкы соода ишине катышкан кыргыз же чет өлкөлүк жакка зарыл болгон тышкы соода маалыматын берүүгө укуктуу.

22-статья. Тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү иш-чара лар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн кызматтык укуктарынын чектеринде жана өзү укук берген органдын атынан Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык иш чараларды, анын ичинде аларды тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча зарыл каржылоону, анын ичинде:

1) ушул Мыйзамдын  каралган тышкы соода ишин

өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну;

2) тышкы соода ишине катышуучуларды кредит менен камсыз кылууну;

3) экспорттук кредиттердин кепилдиктеринин жана камсыздандыруу тутумдарынын иштешин камсыз кылууну;

4) соода көргөзмөлөрүн жана жарманкелерди, атайын симпозиумдарды жана конференцияларды уюштурууну жана аларга катышууну;

5) жарнамалык өнөктүктөрдү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнү;

6) тышкы соода маалыматынын тутумун жана маалымдоочу консультативдик кызматтарды түзүүнү, ошондой эле тышкы соода ишине түрткү берүүнүн жана колдоонун башка түрлөрүн жүзөгө ашырат.

23-статья. Тышкы соода ишиндеги камсыздандыруу

Кыргыз Республикасынын аймагындагы тышкы соода ишиндеги камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу иши жөнүндө мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.

Мамлекет экспортко түрткү берүү максатында экспорттук кредит берүүнү камсыздандыруу тутумуна катышышы мүмкүн.

Тышкы соода ишиндеги соода-сатык тобокелдигинин алдын алуу ыктыярдуу негизде кыргыз же чет өлкөлүк камсыздандыруучулар (юридикалык жактар) тарабынан камсыздандыруу келишими боюнча жүзөгө ашырылат.

24-статья. Тышкы соода статистикасы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргелешип, статистикалык маалыматтардын эл аралык деңгээлде салыштырыла турган бирдиктүү усулдары боюнча статистикалык отчеттуулуктун, аларды жыйноонун жана иштеп чыгуунун тутумун түзүүнү камсыз кылышат:

1) Кыргыз Республикасынын тышкы соодасы боюнча мамлекеттик статистикалык отчеттуулуктун жана Кыргыз Республикасынын бажы статистикасынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын соода балансынын отчеттуулугунун негизинде;

2) Кыргыз Республикасынын төлөм балансы боюнча, анын ичинде товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, капиталды, баалуу кагаздарды, кредиттерди алып келүүнү жана алып кетүүнү тейлөөнү камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргелешип, ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн айлык, кварталдык жана жылдык статистикалык маалыматтарды расмий жарыялоону камсыз кылышат.

25-статья. Тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү бирикмелер

Тышкы соода ишине катышкан Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары ыктыярдуу негизде тармактык, аймактык же башка принциптер боюнча ассоциацияларга жана башка кошундарга бириге алышат.

Тышкы соода ишине катышкан Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын бирикмелери алардын таламдарын билдирген бирикменин мүчөлөрүнүн жалпы таламдарын коргоону, экспорттун жана импорттун натыйжалуулугун жана тартипке салынышын жогорулатууну, кара ниет атаандаштыкты болтурбай коюуну, чет өлкөлүк жактар жана алардын бирикмелери менен тышкы соода байланыштарын өнүктүрүүнү жана чыңдоону камсыз кылуу үчүн түзүлөт.

Бирикмелерди монополиялаштыруу жана ички рынокту бөлүп-жаруу, аларга кирбеген тышкы соода ишинин катышуучулары үчүн атаандаштык шарттарын чектөө, бирикмелерге катышкандыгына жараша кыргыз жана чет өлкөлүк жактарды ар кандай түрдө басмырлоо, ошондой эле мындай бирикмелерди тышкы рыноктогу ишкердүү тажрыйбаны чектөө үчүн пайдаланууга жол берилбейт.

Көрсөтүлгөн бирикмелерди түзүү жана алардын иши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

26-статья. Чет өлкөлүк юридикалык жактардын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрү

Чет өлкөлүк юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка укук актыларын сактоо менен ушул юридикалык жактардын гана атынан тышкы соода ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.

VI бөлүм
 Тышкы соода иши жагындагы мамлекеттик аралык мамилелер

 

27-статья. Тышкы соода рыногуна чыгуу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргыз ишкерлеринин башка мамлекеттердин рыногуна чыгышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды көрөт, атап айтканда бул максаттарда кош тараптуу келишимдерге кирет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө чакырылган эл аралык уюмдарды жана өкмөттөр аралык комиссияларды түзүүгө жана алардын ишине катышат.

28-статья. Соода-экономика маселелери боюнча чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрү

Соода-экономика маселелери боюнча чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрү (мындан ары - Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрү) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде иш жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрү өздөрү иштеген өлкөлөрдө тышкы соода маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын таламдарын билдирген жана алардын корголушун камсыз кылган мамлекеттик органдар болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүгү тарабынан тышкы соода ишинин кыргыз катышуучуларына атап айтканда, менчигинин түрүнө, катталган жерине, уставдык капиталынын өлчөмдөрүнө шылтоолоп маалымат берүүдөн жана консультациялык кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

29-статья. Соода-экономика маселелери боюнча чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрү

Соода-экономика маселелери боюнча чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын тиешелүү чет мамлекеттер менен түзүлгөн эл аралык келишимдеринин негизинде түзүлөт.

VII бөлүм
 Кыргыз Республикасынын, жергиликтүү түзүлүштөрдүн жана Кыргыз Республикасынын жактарынын тышкы соода иши жагындагы экономикалык таламдарын коргоо

 

30-статья. Кыргыз Республикасынын, жергиликтүү түзүлүштөрдүн жана Кыргыз Республикасынын жактарынын тышкы соода иши жагындагы экономикалык таламдарын коргоо боюнча жооп иретиндеги чаралар

Чет мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын, таламдарын, жергиликтүү түзүлүштөрдүн же Кыргыз Республикасынын жактарынын экономикалык таламдарын, же болбосо Кыргыз Республикасынын саясий таламдарын бузган чаралар көрүлгөндө, ошондой эле бул мамлекеттер тарабынан кабыл алынган эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын алдындагы милдеттенмелери аткарылбаган учурларда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тышкы соода жагында Кыргыз Республикасынын, жергиликтүү түзүлүштөрдүн жана Кыргыз Республикасынын жактарынын экономикалык таламдарын натыйжалуу коргоо үчүн зарыл болгон чектерде жооп иретиндеги чараларды киргизүүгө укуктуу.

VIII бөлүм
 Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууга контролдук, тышкы соода иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик

 

31-статья. Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууга контролдук

Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууга контролдук Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын жана нормативдик укуктук актыларынын тышкы соода иши жөнүндө жоболорун сактоо, Кыргыз Республикасынын экономикалык жана саясий таламдарын камсыз кылуу жана коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү түзүлүштөрүнүн экономикалык таламдарын коргоо максатында өз кызмат укуктарынын чектеринде жүргүзүлөт.

32-статья. Тышкы соода иши жөнүндө мыйзамдарды бузууда күнөөлүү болгон адамдардын жоопкерчилиги

Тышкы соода иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууда күнөөлүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык граждандык, укуктук, административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

33-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. "Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-ж., № 8, 251-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Акаев