Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2012-жылдын 9-августундагы N 160 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\2e1abd13-68d8-449d-86e3-dcc5beba17d0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 1997-жылдын 2-июлу № 42

Жер казынасы жөнүндө

 (КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 82,
2002-жылдын 4-февралындагы № 23,
2006-жылдын 29-декабрындагы № 234,
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231,
2011-жылдын 15-июлундагы № 103,
2011-жылдын 28-октябрындагы № 187,
2012-жылдын 13-апрелиндеги №34 
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

I бөлүм

Жалпы жоболор

 

1-статья. Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

 

"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары - ушул Мыйзам) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана жер казынасын пайдаланууда мамлекеттин жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле башка мамлекеттер менен болгон мамилелерин жөнгө салат.

Жер казынасын пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынан турат.

 

2-статья. Жер казынасын пайдаланууда башка мыйзамдардын жана

нормативдик укуктук актылардын колдонулушу

 

Жер казынасын пайдаланууда келип чыгуучу жер, суу, токой мамилелери, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо боюнча жана башка мамилелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр

 

Жер казынасы - жер үстүндө же топурак катмарынын төмөнкү чегинде, көлмөлөрдүн жана агын суулардын түбүндө геологиялык иликтөө жана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн жеткиликтүү болгон тереңдиктерге чейин жайгашкан пайдалуу кендерди кошо камтыган жер катмарынын бөлүгү.

Пайдалуу кендер - жер катмарынын товардык өндүрүш чөйрөсүндө пайдаланылуучу табигый минералдык түзүлүштөрү.

Жалпы таралган пайдалуу кендер - талкаланган же табигый абалда курулуш иштери жана курулуш материалдарын даярдоо үчүн пайдаланылуучу кеңири таралган минералдар жана тоо тектер.

Пайдалуу кендер чыккан жерлер - баалардын жана өнөр жай технологиясынын ошол деңгээлинде экономикалык мааниси бар жер казынасындагы минералдык түзүлүштөрдүн табигый чогундулары.

Жергиликтүү маанидеги кен чыккан жерлер - кору жакын жайгашкан жергиликтүү керектөөчүлөрдүн керектөөлөрүн гана камсыз кыла алган жалпы тараган жана металл эмес (көмүр, гипс, казып алынуучу туз, табигый күкүрт, тальк жана пирофиллит, графит) пайдалуу кендер чыккан жерлер.

Пайдалуу кендердин техногендик түзүлүштөрү - табигый пайдалуу кендерди казып алуудан же кайра иштетүүдөн калган, өнөр жайда пайдалануу үчүн жарактуу болгон жер бетиндеги же жер казынасындагы минералдык заттардын түзүлүштөрү.

Жер казынасын пайдалануу - жер казынасын иликтөөгө, пайдалуу кендерди казып алууга, ошондой эле кен казып алууга байланышпаган курулуш жана курулуштарды эксплуатациялоо үчүн жер казынасын пайдаланууга байланыштуу аракеттер.

Жер казынасын пайдалануучу - жер казынасын геологиялык иликтөөнү жана (же) өнөр жайлык өздөштүрүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же жеке адам.

Геологиялык бөлүндү - геологиялык иликтөө үчүн бөлүнүп берилүүчү жана графикалык документтерде анын бурчтук чекиттеринин географиялык же тик бурчтуу координаттарында тартылуучу жер казынасынын участогу.

Жер бөлүндүсү - жер казынасын пайдалануучуга геологиялык иликтөө жана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн бөлүнүп берилүүчү жана графикалык документтерде анын бурчтук чекиттеринин тик бурчтуу координаттарында тартылуучу жердин үстүнкү катмарынын участогу.

Тоо-кен бөлүндүсү - пайдалуу кендерди өнөр жайлык иштетүү үчүн бөлүнүп берилүүчү жана графикалык документтерде анын бурчтук чекиттеринин тик бурчтуу үч өлчөмдүү координаттарында тартылуучу жер казынасынын участогу.

Жер казынасын геологиялык иликтөө - пайдалуу кендер чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо, алардын экономикалык баалуулугуна баа берүү менен андагы минералдык сырьелордун корлорунун санын жана сапатын аныктоо боюнча, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган башка геологиялык объектилерди изилдөө боюнча атайын изилдөө иштеринин комплекси.

Техникалык-экономикалык негиздөө - пайдалуу кендер чыккан жерлерди өздөштүрүүнүн экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн техникалык эсептөөлөр.

Техникалык долбоор - жер казынасын геологиялык иликтөө жана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн зарыл болгон техникалык-экономикалык негиздемелерди, эсептөөлөрдү, чиймелерди, макеттерди сметаларды, түшүндүрмө каттарды жана башка материалдарды камтыган техникалык документтер.

Баланстык корлор - жетишилген техникалык деңгээлде пайдалануу экономикалык жактан максатка ылайыктуу болгон минералдык сырье корлору.

Баланстан тышкаркы корлор - жетишилген техникалык деңгээлде пайдалануу экономикалык жактан максатка ылайыксыз, бирок кийинчерээк өнөр жайлык өздөштүрүү объектиси болуп калышы мүмкүн болгон минералдык сырье корлору.

Пайдалуу кендерди казып алуу - пайдалуу кендерди жер казынасынан чыгарып алуу боюнча процесстердин комплекси.

Сапаттын төмөндөшү - казып алуу процессинде пайдалуу кендин сапатынын төмөндөшү.

Жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөм (бонус) - жер казынасынын ресурстарынын ээсине (мамлекетке) аларды өздөштүрүү укугун бергендиги үчүн бир жолку төлөм.

Жер казынасын пайдалануу үчүн төлөм (роялти) - жер казынасынын ресурстарынын ээсине (мамлекетке) пайдалуу кендердин тындырылуучу корлору үчүн учурдагы төлөмдөр.

Ренталык пайда - пайдалуу кендердин корлорунун алда канча жагымдуу табигый мүнөздөмөлөрү жана ал жайгашкан райондун инфраструктурасынын өнүгүш деңгээли менен шартталган кен чыккан жерди өнөр жайлык өздөштүрүүдөн алынган жалпы пайданын бир бөлүгү.

Тарыхый чыгымдар - лицензиялык аймакты геологиялык изилдөө жана кен чыккан жерлерди геологиялык чалгындоо боюнча иштерди жүргүзүүдө мамлекет тарткан өткөн жылдардын чыгымдарынын суммасы.

Сарамжалсыз ылгап иштетүү - алда канча көп же казып алуу үчүн эң ыңгайлуу корлорду анын баланстык корлорунун бир бөлүгүнүн ысырап болушуна же баасын жоготушуна алып келүүчү кезексиз же иргеп казып алуу.

Нормативден ашык коромжулуктар - казып алууда же кайра иштетүүдө техникалык-экономикалык негиздөөлөр же долбоор менен белгиленген регламенттерди жана (же) технологияларды бузуудан улам пайдалуу кендердин кошумча ысырап болушу.

Жер казынасын коргоо - жер казынасынын жана андагы пайдалуу кендердин сарамжалдуу пайдаланылышын, аларды жер казынасынан мүмкүн болушунча экономикалык жактан максатка ылайыктуу толук чыгарып алууну, пайдалуу кендер чыккан жерлерди жана казып алынган минералдык сырьену иштетүүнүн бардык баскычтарында сарамжал пайдаланууну камсыз кылуу.

Лицензия - жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү жер казынасын пайдаланууга укук берүүчү уруксат камтылган документ.

Лицензиялык макулдашуу - жер казынасынын менчик ээси менен лицензиаттын ортосундагы жер казынасын пайдалануунун шарттары жөнүндөгү, анын ичинде продукцияны, төлөмдөрдү бөлүштүрүү, жаратылыш чөйрөсүнүн коопсуздугу жана коргоо боюнча иш-чараларды жана башка маселелерди камтыган келишим. Лицензиялык макулдашуу лицензиянын ажырагыс тиркемеси болуп эсептелет.

Лицензиялык аянт - лицензиаттын жер казынасын пайдалануу укугу жайылтылган тик бурчтуу же географиялык координаттарында белгиленген аймак.

Лицензиат - жер казынасын геологиялык иликтөөгө, пайдалуу кендер чыккан жерди иштетүүгө жана башка жер казынасын пайдалануунун түрлөрүнө лицензиянын ээси.

Лицензиар (лицензиялык орган) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү лицензия берүүгө ыйгарым укуктарды берген жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган.

Жер укугунун ээлери - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жер бөлүндүлөрүн берүү укугу ыйгарылган органдары жана жердин ээлери.

Үчүнчү жактар - чарба жүргүзүүчү субъекттер катары жер казынасын пайдалануучулардан жана лицензиялык органдан айырмаланган ар кандай жактар.

Сервитут - ушул Мыйзамдын 22-25-статьяларында белгиленген тартипте жер казынасын пайдалануучуга берилүүчү чектеш жана алыскы жер, тоо-кен жана (же) геологиялык бөлүндүлөргө мүмкүнчүлүк алуу укугу жана аларды пайдалануу укугун чектөө. Сервитут тараптардын макулдугу боюнча чечилүүчү "макулдашылган" (эркин) же жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын катышуусунда же сот тартибинде чечилүүчү мажбурлоочу (административдик) болушу мүмкүн.

Форс-мажор - лицензиялык макулдашуунун аткарылышын татаалданткан күч жеткис кырдаалдар. Аларга согуштук жаңжалдар, жаратылыш кыйроолору, табигый кырсыктар жана башкалар кирет.

Конкурс - чет өлкөлүк жана ата-мекендик инвесторлорго жер казынасын убактылуу пайдалануу укугун берүүнүн усулу, мында алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген конкурстун шарттары менен белгиленген белгилүү бир милдеттенмелерди өзүнө алат.

Аукцион - жер казынасын убактылуу пайдалануу укугун берүүнүн усулу, мында ал укук тооруктун жүрүшүндө жер казынасынын аукционго коюлган объекти үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган жана төлөп берген жакка өтөт. Аукцион өткөрүүнүн тартиби, ага мүмкүн болуучу жер казынасын пайдалануучулардын катышуусунун шарттары, жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартиби, ошондой эле жер казынасын өздөштүрүүчү объект үчүн эсептешүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобо менен жөнгө салынат.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы N 82, 2002-жылдын 4-февралындагы N 23, 2011-жылдын 28-октябрындагы N 187,

 (КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 82, 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 , 2011-жылдын 28-октябрындагы № 187,  2012-жылдын 13-апрелиндеги №34 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

II бөлүм

Жер казынасын пайдалануудагы менчик жана ыйгарым укуктар

 

4-статья. Жер казынасына менчик укугу

 

Кыргыз Республикасынын жер казынасы Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет жана мамлекеттин өзгөчө коргоосуна алынат.

Жер казынасынын мамлекеттик фондусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларынын алкагында пайдаланылып жаткан жана пайдаланылбаган жер казынасынын участокторун камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Мыйзамдын аткарылышын контролдойт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер казынасын пайдалануу жана коргоо боюнча отчетун угат жана ага баа берет.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 82, 2011-жылдын 15-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

4-1-статья. Жер казынасын пайдалануу боюнча операцияларды

жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугу

 

Бардык кызыкдар болгон адамдар, анын ичинде юридикалык жана жеке жактар, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жер казынасын пайдаланууга берүү шарттары жана анын натыйжалары менен таанышууга укуктуу.

Максаты айлана-чөйрөнү коргоо болуп саналган бардык кызыкдар болгон коомдук бирикмелер жер казынасын пайдалануу боюнча өткөрүлүүчү же пландалуучу операциялардын айлана-чөйрөгө таасир этишине тиешелүү толук жана анык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте алууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги №34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдар аркылуу жер казынасынын мамлекеттик фондун:

1) жер казынасын иликтөөдөгү жана өздөштүрүүдөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

2) тоо-кенге ээлик кылуу ишкердигин өнүктүрүү жана монополияга каршы саясатты жүргүзүү;

3) лицензиялоонун мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылуу, лицензиялоонун шарттарын жана жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо үчүн көзөмөл;

4) жер казынасын акы төлөп пайдалануу системасын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, минералдык сырье жана товардык продукция рыногунун конъюнктурасын иликтөө;

5) жер казынасын пайдалануудагы инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, жер казынасын геологиялык изилдөөгө жана пайдалуу кендерди казып алуу үчүн инвестицияларды тартуу;

6) жер казынасынын иликтенишинин, пайдалуу кендердин чалгындалган корлорунун экспертизалоонун, кыймылынын жана тындырылышынын абалын эсепке алуу;

7) жер казынасынын мамлекеттик фондусун түзүү, өнүктүрүү жана башкаруу;

8) бюджеттик каражаттардан каржылануучу жер казынасын геологиялык иликтөөгө мамлекеттик заказды негиздөө;

9) жер казынасын пайдалануунун нормативдик-методикалык жоболорун, эрежелерин, регламенттерин, технологиялык стандарттарын иштеп чыгуу;

10) жер казынасын геологиялык иликтөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө жер казынасынын пайдаланылышына жана корголушуна көзөмөл;

11) жер казынасын пайдалануу жана коргоо, экологиялык жана техникалык коопсуздук жагынан геологиялык чалгындоо жана кен долбоорлорун республиканын адистештирилген мекемелеринен эксперттерди, зарыл болгондо эл аралык уюмдардан көз карандысыз эксперттерди тартуу менен экспертизадан өткөрүү;

12) жер казынасын пайдаланууга байланыштуу геологиялык чалгындоо жана кен жумуштарын жүргүзүүдө техникалык коопсуздукту камсыз кылууга көзөмөл;

13) улуттук коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу үчүн айрым участоктордогу жер казынасын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү;

14) жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча талаштарды чечүү аркылуу тескейт.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдарынын жер

казынасын пайдалануудагы ыйгарым укуктары

 

Төмөндөгүлөр:

1) лицензияда жана лицензиялык макулдашууда аныкталган чектерде жана мөөнөттөрдө жер казынасын пайдалануу укугун (лицензиясын) алгандан кийин жер казынасын пайдаланууга жер бөлүп берүү;

2) жергиликтүү кеңештер менен биргелешип, минералдык-сырьелук базаны кеңири өндүрүүнүн, өнүктүрүүнүн жана пайдалануунун аймактык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

3) жер казынасын пайдалануу долбоорлоруна коомдук экологиялык экспертиза уюштуруу;

4) жер казынасын геологиялык иликтөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө жер казынасын пайдаланууга жана коргоого көзөмөл;

5) эгерде жер казынасынын участокторун пайдалануу адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирсе, чарбалык объектилерге же курчап турган чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болсо, аларды пайдаланууга чектөө киргизүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жер казынасын пайдалануу жагында мамилелерди жөнгө салуу боюнча органдарынын карамагына таандык кылынат.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 82, 2002-жылдын 4-февралындагы № 23, 2006-жылдын 29-декабрындагы № 234 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

III бөлүм

Жер казынасын пайдалануунун

негиздери жана тартиби

 

7-статья. Жер казынасын пайдалануунун түрлөрү

 

Жер казынасы пайдаланууга:

1) геологиялык изилдөө;

2) пайдалуу кен чыккан жерлерди, анын ичинде техногендик кендерди иштетүү;

3) пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды (мунайзат, газ жана башка заттар менен материалдарды сактоо, зыяндуу заттарды көмүү, жердин жылуулугун пайдалануу жана башка муктаждыктар) куруу жана пайдалануу;

4) илимий, маданий, эстетикалык, санитардык-ден соолукту чыңдоочу жана башка маанидеги өзгөчө корголуучу объекттерди (илимий жана окуу полигондорун, геологиялык коруктарды, үңкүрлөрдү жана башка жер астындагы тилкелерди) түзүү үчүн пайдаланууга берилет.

 

8-статья. Жер казынасын пайдалануучулар

 

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жана физикалык жактары жер казынасын пайдалануучулар боло алышат.

 

9-статья. Мамлекеттин менчигиндеги жер казынасын пайдалануунун

укуктары жана мөөнөттөрү

 

Жер казынасын пайдалануу укугу ушул Мыйзамдын 10-12-статьяларына ылайык берилүүчү лицензиялардын негизинде жана 19-1-статьянын негизинде берилет.

Мамлекеттин менчигиндеги жер казынасын пайдалануу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздемелер же техникалык долбоорлор тарабынан аныкталат жана жер казынасын пайдалануу объектилерин лицензиялоодо белгиленет.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 82, 2002-жылдын 4-февралындагы № 23, 2011-жылдын 15-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

10-статья. Жер казынасын геологиялык иликтөөгө лицензия

 

Жер казынасын геологиялык иликтөөгө лицензия ушул Мыйзамдын 9, 16 жана 17-статьяларынын жоболоруна ылайык берилет.

Лицензиялык аянттын эң жогорку көлөмү жана лицензиялык аянттын бирдигине геологиялык иликтөө үчүн ар жылкы инвестициянын эң төмөнкү өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Эгерде лицензиялык макулдашуунун шарттары аткарылган болсо, жер казынасын геологиялык иликтөөгө лицензия анын ээсине лицензиялык аянттын (геологиялык калдыктар төгүлүүчү жердин) чектеринде 2 жыл бою изилдөө жүргүзүүгө лицензияны кийинки 10 жылга узартууга өзгөчө укук берет. Лицензиат лицензиялык аянттын изделген бөлүгүн лицензиялык макулдашууда кабыл алынган мөөнөттө кайтарып берет.

Пайдалуу кендердин белгиленген түрлөрүн издөө үчүн лицензияланган аянттагы пайдалуу кендердин башка түрлөрүн издөөгө башка лицензиаттарга лицензия берилиши мүмкүн.

Кен чыккан жерди ачкан кезде лицензиат лицензия алууга аны иштетүүгө өзгөчө укугу бар.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-статья. Пайдалуу кендер чыккан жерди иштетүүгө лицензия

 

Пайдалуу кендер чыккан жерди иштетүүгө лицензия ушул Мыйзамдын 9, 16 жана 17-статьяларынын жоболоруна ылайык берилет.

Пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетүүгө лицензия анын ээсине тоо-кен бөлүндүсүнүн чектеринде техникалык долбоордо белгиленген мөөнөткө, геологиялык иликтөө, пайдалуу кен чыккан жерди ачуу, даярдоо, минералдык сырьену казып алуу жана кайра иштетүү, тоо-кен жана кайра иштетүү өндүрүштөрүнүн калдыктарын пайдаланууга, казып алынган бардык пайдалуу кендерди жана минералдык сырьелорду кайра иштетүүнүн продуктуларын тазалоого (аффинаждоого), сатууга жана экспорттоого кийин пайдалуу кендер түгөнгөнгө чейин узартуу менен, бирок 20 жылдан ашпаган мөөнөткө өзгөчө укук берет.

 

12-статья. Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер

астындагы курулуштарды курууга жана пайдаланууга

лицензия

 

Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы курулуштарды курууга жана пайдаланууга лицензия ушул Мыйзамдын 9, 16 жана 17-статьяларынын талаптарына ылайык берилет жана анын ээсине тоо-кен бөлүндүсүнүн чектеринде белгиленген эрежелерге жана нормаларга ылайык, долбоордо белгиленген мөөнөткө, кийин зарылдыгына жараша корректировкаланган техникалык долбоорлордо негизделген мезгилдерге, бирок 20 жылдан ашпаган убакытка, узартуу менен, жер астындагы курулуштарды курууга жана пайдаланууга укук берет.

 

13-статья. Лицензияга укукту күрөө катары берүү

 

Лицензиат жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен лицензиялык объектке долбоорду кошумча каржылоону камсыз кылуу үчүн лицензияга укукту үчүнчү жактарга күрөөгө бере алат.

Лицензияга укукту күрөө катары берүү "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка ченемдик актылардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Лицензияга укукту алган учурда, үчүнчү жак, мындай укук пайда болгондон тартып 30 күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча лицензияны өз атына жол-жоболоштуруу үчүн зарыл документтерди мамлекеттик органга берет.

Лицензия өз атына кайра жол-жоболоштурулган үчүнчү жак мурдагы лицензиаттын лицензиялык макулдашууда белгиленген милдеттенмелерин өзүнө алууга милдеттүү.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

14-статья. Лицензиянын жана лицензиялык макулдашуунун мазмуну

 

Лицензия:

- жер казынасын пайдалануунун түрү;

- лицензия кимге берилди жана лицензиаттын реквизиттери;

- лицензиялануучу объекттин аталышы;

- лицензия берилген дата жана күчүндө болуу мөөнөтү боюнча кыскача маалыматтарды камтыйт.

Лицензиялык макулдашууга төмөндөгү бөлүмдөр боюнча:

- лицензиат менен макулдашылган жана көзөмөлдүн алкагынан сырткары чыгуучу форс-мажордук кырдаалдарды көрсөтүү менен иштердин конкреттүү программасы;

- лицензиянын ээси жөнүндө зарыл маалыматтар;

- жер казынасын пайдалануу менен байланыштуу иштердин максаттуу багыты;

- жер казынасын пайдалануудагы төлөмдөрдүн бардык түрлөрү жана лицензиялык жыйымдар;

- жер казынасын пайдалануу үчүн жер, геологиялык жана (же) тоо-кен бөлүндүлөрүнүн бурчтук чекиттеринин мейкиндик координаттары;

- минералдык сырьену казып алуу жана кайра иштетүү технологияларын колдонуу жана жер казынасын пайдалануу менен бузулган жаратылыш-чөйрөсүн калыбына келтирүү шарттары боюнча кыскача маалыматтар киргизилет.

 

15-статья. Жер казынасын пайдаланууга концессия

 

Жер казынасын пайдаланууга концессия конкурстук негизде "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана чет өлкөлүк концессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамга ылайык берилет.

Концессия үчүн акы кен чыккан жердин табигый баалуулугуна жараша белгиленет жана концессиялык келишимге кол коюу учуруна карата аны өздөштүрүүдөн алынуучу ренталык пайдадан кем болбоого тийиш.

 

16-статья. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби

 

Жер казынасын пайдалануу укугун берүү конкурс, аукцион өткөрүү жана түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат.

 

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы N 151-р ("Тереккан", "Перевальное" алтын чыккан жерлерин, "Терек" алтын-сурьма чыккан жерин иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууга жана Терексай аянтын геологиялык изилдөөгө укук алуу үчүн конкурс өткөрүүнүн тиркелген Тартибин бекитүү тууралу) буйругу

 

Жалпы мамлекеттик маанидеги алтын, мунай, газ жана башка объекттер боюнча конкурстар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жарыяланат жана өткөрүлөт. Конкурстун шарттарын жана анын жеңүүчүсүн ар бир белгилүү объект боюнча атайын дайындалуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конкурстук комиссиясы аныктайт. Конкурстун шарттарында инвесторлордун баалуулугу теңме-тең сунуштары болгондо ата-мекендик атаандашка артыкчылыктуу укук берүү милдеттүү каралууга тийиш.

Атаандаштардын зарыл санынын жоктугунан конкурс же аукцион эки жолу натыйжасыз өткөрүлгөн учурларда, жер казыналарын пайдалануу укугу түздөн-түз сүйлөшүүлөр жолу менен берилет.

Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүүнү түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган жүргүзөт. Табыштамада табыштама берүүчү, жер казынасын пайдалануунун орду жана түрү жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. Табыштамага:

- юридикалык жактар үчүн уюштуруу документтеринин жана уставынын же жеке жактар үчүн каттоо документтеринин көчүрмөлөрү;

- табышталган объекттеги пайдалуу кендерди казып алуу, капиталдык салымдар, эксплуатациялык чыгымдар, кирешелер жана долбоордун рентабелдүүлүгү боюнча ирилештирилген техникалык-экономикалык эсептөөлөр менен байланышпаган геологиялык иликтөөнүн же иштеп чыгуулардын же жер астына курулуучу курулуш жайларын куруу жана пайдалануу программасы;

- жер казынасын өздөштүрүү программасына ылайыктуу табышталган объектти каржылоонун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдамасы кошо тиркелет.

Жер казынасынын объектинен пайдалануу укугун алууга табыштама жана ага тиркелген материалдар жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бир айга чейинки мөөнөттө каралат.

Эгерде табыштама берүүчү:

- өзү тууралу туура эмес маалыматтарды берсе;

- жер казынасынын объектин натыйжалуу, техникалык жана экологиялык жактан коопсуз өздөштүрүү үчүн зарыл болгон каржылоо ресурстарына ээ болбосо жер казынасын пайдалануу же конкурска катышуу укугунан ажыратылышы мүмкүн.

Жер казынасынын объектинен пайдалануу укугуна лицензия берүү жана лицензиар менен лицензиаттын ортосунда ишти долбоорлоого лицензиялык келишимди түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен конкурстук объект боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын чечиминин негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Лицензиялык келишимде тарыхый чыгымдарды төлөөнүн шарттары айтылууга тийиш. Тарыхый чыгымдардын наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык эсептелет.

Лицензиялык келишимде макулдашылган мөөнөттө лицензиат техникалык, экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо боюнча экспертизаларды жүргүзүү жана пайдалуу кен байлыктары чыккан жерди иштеткен учурда жер участкасын убактылуу пайдалануу укугунун ырастамасы же геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жер укугунун ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен иш жүргүзүүнүн техникалык долбоорун жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга берет.

Жер казынасынын бүтүндүгүн бузуу менен байланышкан иштерге техникалык долбоор макулдашылганга чейин тыюу салынат.

Жалпы мамлекеттик маанидеги кен байлыктарынан тышкары аукцион өткөрүү жолу менен же түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобого ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө Жобону, жалпы таралган пайдалуу кен жайгашкан жерлердин жана жергиликтүү маанидеги кендердин тизмелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 82, 2002-жылдын 4-февралындагы № 23, 2006-жылдын 29-декабрындагы № 234, 2011-жылдын 28-октябрындагы № 187, 2012-жылдын 13-апрелиндеги №34  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

17-статья. Лицензиялоонун мамлекеттик тутумун уюштурууну камсыздоо

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган лицензиялоо боюнча даярдык көрүү иштерин жүзөгө ашырат жана лицензия берет.

Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган чен өлчөмдөрүн эске алуу менен тоолордун жана геологиялык калдыктар төгүлүүчү жерлерди белгилейт.

Жер казыналарын пайдалануучунун иш жүзүндөгү өндүрүштүк кубаттуулугу өзгөргөндө жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган берилген тоонун жана бөлүнүп берилген геологиялык жердин өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 , 2006-жылдын 29-декабрындагы № 234 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

17-1-статья. Жер казынасын пайдаланууну чектөө

 

Өлкөнүн коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жер казынасынын айрым участокторун пайдаланууга чек коюлушу же тыюу салынышы мүмкүн.

Калктуу пункттардын, шаардын айланасындагы зоналардын, токойлордун аймактарында, өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарында, өнөр жай, транспорт жана байланыш объекттеринде жер казынасын пайдаланууга, эгерде мындай пайдалануу адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурушу, чарба объекттерине же айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон учурларда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жарым-жартылай же толук тыюу салынышы мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги №34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

18-статья. Жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу жана

токтотуу

 

Жер казынасын пайдалануу укугу төмөндөгү учурларда:

1) жер казынасы берилген максатына ылайык пайдаланылбаганда;

2) лицензиялык макулдашуунун шарттары бузулганда;

3) форс-мажор пайда болгондо үч айга чейинки мөөнөткө токтотула турушу мүмкүн.

Жер казынасын пайдалануу укугу төмөндөгү учурларда:

1) геологиялык изилдөөлөр аяктаганда, пайдалуу кендердин корлору түгөнгөндө (же) жана ишкана жоюлганда;

2) жер казынасын өздөштүрүүдө иштегендердин жана калктын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч түзүүчү, ошондой эле жаратылыш чөйрөсүнө орду толгус зыян келтирүүчү жана пайдалуу кендердин корлорун коромжулукка учуратуучу технологиялар колдонулганда;

3) эгерде лицензиялык келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө жер казынасын, айлана-чөйрөнү коргоо, техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик органдар жана жер укугунун ээлери менен макулдашылган ишти жүргүзүүнүн техникалык долбоору берилбегенде;

4) эгерде пайдалануучу лицензия алгандан кийин бир жылдан ашык мөөнөттө лицензиялоонун шарттарында каралган көлөмдөрдө жер казынасын өздөштүрүүгө киришпесе;

5) жер казынасын пайдалануудан ыктыярдуу баш тартканда же лицензиянын колдонулушунун мөөнөтү бүткөндө лицензияны алып коюу (жокко чыгаруу) менен токтотулат.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-статья. Муниципалдык жана жеке менчиктеги жер казыналарын

пайдалануу укугу

(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 103 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

    

19-1-статья. Өз алдынча алтын издөө иши

 

Пайдалуу кендердин өнөр жайлык мааниси болбогон чачыранды көрүнүштөрү өз алдынча алтын издөө ыкмасы менен лицензиясыз иштетилиши мүмкүн. Пайдалуу кендердин өнөр жайлык мааниси болбогон чачыранды көрүнүштөрүн иштетүүнүн тартибин жана шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-статья. Жер казынасын пайдалануучулардын укуктары жана

милдеттери

 

Жер казынасын пайдалануучулар:

1) жер казынасынын аларга берилген участогуна лицензияда көрсөтүлгөн максатка ылайык ээлик кылууга же башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга;

2) чет өлкөлүк инвесторлорго капиталын репатриациялоого, ошондой эле минералдык сырьену, анын ичинде алтынды казып алуунун жана кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган продукцияны, чет элдик валюта түрүндөгү пайдасын же анын бир бөлүгүн алып кетүүнү гарантиялоого;

3) жалпы таралган пайдалуу кендерди жана жер астындагы суулардан пайдаланууга тийиштүү лицензияны алуу менен лицензиялык аянттын чегинде өздөрүнүн муктаждыктары үчүн жалпы таралган пайдалуу кендерди жана жер астындагы сууларды алууну жүргүзүү;

4) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын макулдугуна ылайык лицензиялык макулдашуунун шарттарын сактоо менен жер казынасын геологиялык жана өнөр жайлык өздөштүрүүгө лицензиялар боюнча укукту башка пайдалануучуларга берүүгө укуктуу.

Жер казынасын пайдалануучулар:

1) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын

ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын;

2) убактылуу пайдаланылбаган, кошо казып алынуучу пайдалуу кендердин корлорунун абалын жана кыймылын, жоготууларын жана сапатынын төмөндөшүн, жыйналышын эсепке алууну;

3) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга геологиялык изилдөөлөр, жер казынасындагы чалгындалган, алынып жаткан жана калтырылган пайдалуу кендердин корлору, алардын компоненттеринин курамында болгондор, ошондой эле жер казынасын пайдалуу кендерди казып алуу жана келерки жылдагы ишти өнүктүрүүнүн пландары менен байланышпаган максаттарда пайдалануу жөнүндө жыл сайын маалыматтарды берүүнү;

4) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүүнү;

5) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө жер казынасын коргоону жана курчап турган чөйрөнүн физикалык жана биологиялык абалына таасир тийгизүүнүн жол берилген нормаларын сактоону;

6) жер казынасын пайдаланууда бузулган жер участокторун жана башка жаратылыш объектилерин нормативдик талаптарга ылайык андан ары пайдаланууга жарактуу абалга келтирүүнү;

7) пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетүүдө жана башка чарбалык максаттарда пайдаланылышы мүмкүн болгон чалгындалуучу кендердин жана бургулоо көзөнөктөрүнүн сакталышын, пайдаланууга жатпаган кендерди жана бургулоо көзөнөктөрүнүн белгиленген тартипте жок кылынышын;

8) жер казынасын геологиялык иликтөө жана өнөр жайлык өздөштүрүү процессинде пайда болуучу геологиялык жана башка документтердин сакталышын;

9) жер казынасын пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн өз убагында жана туура төлөнүп турушун камсыз кылууга милдеттүү.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23, 2011-жылдын 15-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

21-статья. Жер казынасын пайдалануучулардын укугун коргоо

 

Жер казынасын өздөштүрүү үчүн бөлүнгөн жер участокторунда жер казынасын пайдалануучу тарабынан тургузулган имараттар жана курулуштар ага тийиштүү болгон бардык алынган жабдуулары менен кошо жер казынасын пайдалануучунун ажырагыс менчигин түзөт жана мамлекеттин же башка жер казынасын пайдалануучунун карамагына лицензиялык макулдашууда каралган тартипте же соттун чечими боюнча гана өтүшү мүмкүн.

Жер казынасын пайдалануу негизсиз токтотулган учурда жумуштарды токтотуу менен шартталган экономикалык зыяндар жер казынасын пайдалануучуга өндүрүштүк иш-аракетти токтоткон мамлекеттик органдар тарабынан сот тартибинде толук көлөмдө кайтарылып берилет.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

22-статья. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдарды асыл таштарды

алууга артыкчылык укугу

 

Баалуу металлдарды, асыл таштарды сатуу же экспорттоо учурунда лицензиат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген башка органга мындай операция жөнүндө алдын ала билдирүүгө жана ага өздөрү өндүргөн баалуу металлдын же асыл таштардын бардыгын же бир бөлүгүн, алар Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен сырткары жерлерде тазалангандыгына карабастан, сатып алууга артыкчылык укугун берүүгө милдеттүү.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

IV бөлүм

Жер казынасын пайдалануучулар менен жер

укугунун ээлеринин ортосундагы мамилелер

 

23-статья. Чектеш тоо-кен бөлүндүлөрүндө сервитуттун пайда болушу

 

Эгерде:

1) ушул тоо-кен бөлүндүсүндөгү жумуштар чектеш тоо бөлүндүсүнө ар кандай зыян келтириши мүмкүн экендигинин далили бар болсо;

2) чектеш тоо-кен бөлүндүсүнүн аянтынан тоо-кен кендериндеги аварияларды жоюу боюнча жумуштарды тезирээк жүргүзүү мүмкүн болсо, чектеш тоо-кен бөлүндүлөрүнө эркин же мажбурлап жетүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.

Бардык учурларда ушул статьянын 1) жана 2)-пунктчаларында көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүү менен байланышкан чыгымдардын орду пайда алуучу тараптын эсебинен толтурулат.

 

24-статья. Жер казынасын пайдаланууда жер бөлүндүлөрүндө

сервитуттун пайда болушу

 

Чектеш же чектеш эмес жер бөлүндүлөрүнө эркин же мажбурлап жетүү укугу төмөнкү учурларда пайда болот:

1) жер бөлүндүсүнүн аянты боюнча салынган авто- жана темир жол магистралдарын, суу өткөөлдөрүн, мунайзат, газ түтүктөрүн, электр линияларын жана башка региондук жана мамлекеттик маанидеги курулуштарды тейлөөдө жана оңдоодо;

2) эгерде тоо-кен бөлүндүсүндөгү авариялык кырдаалдарды жоюу үчүн чектеш жана (же) чектеш эмес жер бөлүндүлөрү тарабынан тезирээк жол ачылса;

3) геофизикалык, топографиялык, маркшейдерлик, археологиялык жана башка мамлекеттик маанидеги изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

 

25-статья. Жер казынасын пайдалануучулар менен жер укугунун

ээлеринин ортосундагы мамилелер

 

Жер казынасын пайдалануучулар жер укугунун ээлери менен жер бөлүктөрүн пайдаланууга макулдашуу түзүүгө милдеттүү. Мындан тышкары жер казынасын пайдалануу үчүн зарыл болгон башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө макулдашуу түзүлүшү мүмкүн.

Эгерде жер укугунун ээси өзүнүн ирригациялык жана башка системаларын айыл чарбалык максаттарда өзгөртүүгө ниеттенсе жана мындай өзгөртүүлөр геологиялык чалгындоо жана (же) тоо-кен иштерине таасирин тийгизе турган болсо, анда ал буга жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын уруксатын алууга милдеттүү.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

26-статья. Жер казынасын пайдалануучулар менен жер укугунун

ээлеринин ортосундагы талаштарды чечүү

 

Эгерде жер казынасын пайдалануучулар менен жер укугунун ээлери жерди пайдалануу жана (же) тоо-кен жана (же) жер бөлүндүлөрүнө жетүү шарттары жөнүндө макулдашууга келе алышпаса, анда талаш маселеси боюнча акыркы чечим сот тартибинде кабыл алынат.

 

V бөлүм

Жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик жөнгө салуу

 

27-статья. Жер казынасын пайдаланууга талаптар

 

Төмөнкүлөр:

1) жер казынасын пайдаланууга берүүнүн белгиленген тартибин сактоо жана жер казынасын өз бетинче пайдаланууга жол бербөө;

2) жер казынасын изилдөө, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо;

3) жер казынасын геологиялык жактан алдын ала иликтөө жүргүзүү жана пайдалуу кендердин корлорунун так бааланышын, жер казынасын пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган максаттар үчүн пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу;

4) пайдалуу кендердин корлорун, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган максаттарда пайдаланылуучу жер казынасынын участокторун мамлекеттик экспертизалоо жана мамлекеттик эсепке алуу;

5) жер казынасынан негизги жана алар менен бирге жайгашкан пайдалуу кендердин жана кошумча компоненттердин корлорун техникалык-экономикалык негиздөөдө же техникалык долбоордо каралган регламенттерге ылайык чыгарып алууну камсыз кылуу;

6) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө негизги жана алар менен бирге жайгашкан пайдалуу кендердин жана кошумча компоненттердин чыгарылган, кайра иштетилген жана жер казынасында калтырылган корлорун эсепке алуу;

7) пайдалуу кен чыккан жерлерди суу астында калуудан, суу каптоодон, өрттөн жана башка пайдалуу кендердин сапатын жана пайдалуу кен чыккан жерлердин өнөр жайлык баалуулугун төмөндөтүүчү же аларды иштетүүнү татаалдантуучу факторлордон коргоо;

8) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө, ошондой эле мунайзат, газ же башка заттарды жана материалдарды жер астында сактоодо, зыяндуу заттарды, өндүрүш калдыктарын көмүүдө, булганыч сууларды агызууда жер казынасынын булганышына жол бербөө;

9) пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды жана пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы курулуштарды консервациялоонун жана жоюунун белгиленген тартибин сактоо;

10) пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуштарды өзү билип курууга жол бербөө жана бул аянттарды башка максаттар үчүн пайдалануунун белгиленген тартибин сактоо;

11) иче турган же өнөр жайлык суу менен камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу аянттарда жана жер астындагы суулар жаткан жерлерде өнөр жайлык жана турмуш-тиричилик калдыктарынын топтолушуна жол бербөө;

12) пайдалуу кендердин нормадан тышкары коромжулукка учурашына, тандап алып иштетүүгө жана кен чыккан жерлердин корлорун зыянга учуратууга жол бербөө жер казнасын пайдаланууга коюлуучу негизги талаптар болуп эсептелет.

(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

28-статья. Монополияга каршы талаптар

 

Төмөндөгүлөргө багытталган ар кандай аракеттерге:

- юридикалык жана жеке жактардын конкурстарга жана сүйлөшүүлөргө катышууга мүмкүнчүлүк алышын чектөөгө;

- лицензияны берүүдөн негизделбеген качууга;

- жер казынасын пайдаланууда үстөмдүк кылуучу абалга ээ болгон чарбакер субъекттер менен атаандашкан юридикалык жана жеке жактарды басмырлоого;

- чектеш жана чектеш эмес тоолордун жана геологиялык калдыктар төгүлүүчү жерлерге барууга мүмкүнчүлүк алууга укук берүүдө басмырлоого тыюу салынат же бул аракеттердин ар кандайы белгиленген тартипте жараксыз деп таанылат.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

29-статья. Жер казынасын пайдалануу жумуштарын коопсуз жүргүзүү

 

Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды, жер астында ар кандай багыттагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого, жер казынасын геологиялык иликтөө жүргүзүүгө ишканалардын кызматкерлеринин жана жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштердин таасири тийүүчү зонадагы калктын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылганда гана жол берилет.

Мамлекеттик органдар, ошондой эле жер казынасын пайдалануучулар өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде жер казыналарын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

30-статья. Пайдалуу кендер орун алган аянттарга курулуш куруунун шарттары

 

Курулуш түшө турган бөлүктөрдүн астындагы жер казынасында пайдалуу кендердин бар же жок экендиги тууралу маалыматтар алынганга чейин калктуу пункттарды, өнөр жай комплекстерин жана башка чарба объекттерин долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.

Мындай маалыматтарды берүү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга жүктөлөт.

Пайдалуу кендер орун алган аянттарга курулуш курууга, ошондой эле андай жерлерде пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы курулуштарды жайгаштырууга өзгөчө учурларда жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол берилет.

 

31-статья. Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды жана

пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган

объекттерди жоюу жана консервациялоо

 

Пайдалуу кендердин корлору иштетилип бүткөндөн кийин же жер казынасын пайдалануу боюнча объекттердин жана курулуштардын кереги болбой калган учурда, ошондой эле экономикалык жана башка негиздөөлөр боюнча кен чыккан жерди андан ары иштетүүгө же объектти эксплуатациялоого мүмкүн болбой калган кезде, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылган түрдө пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканалар же казып алуу үчүн багытталбаган объекттер жана курулуштар жер казынасын пайдалануучулардын эсебинен жоюлууга же консервацияланууга тийиш.

Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканалар же казып алуу үчүн багытталбаган объекттер толук же жарым-жартылай жоюлган же консервацияланган учурда тоо-кен кендери жана жер казынасын пайдалануу объекттери жер казынасын пайдалануучулардын эсебинен калктын коопсуздугун, курчап турган чөйрөнү коргоону, имараттардын жана курулуштардын сакталышын камсыз кылгыдай, ал эми консервациялоо учурунда ошондой эле кен чыккан жерлер, тоо-кен казмалары жана объекттер консервация мезгилинде сакталгандай абалга келтирилүүгө тийиш. Пайдалуу кендерди казып алуучу ишкана жоюлган учурда кен иштеткен жайларды башка максатка пайдалануу мүмкүнчүлүгү кошо чечилиши керек.

Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканалар, жер казынасындагы объекттер жана курулуштар жоюлган жана консервацияланган учурда маркшейдерлик, геологиялык жана техникалык документтер жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга сактоого өткөрүлүп берилет.

 

31-1-статья. Жер казынасын пайдалануу объекттерин

рекультивациялоо боюнча каржы кепилдиктери

 

Жер казынасынын участокторун өздөштүрүүгө укук алган жер казынасын пайдалануучулар бузулган айлана-чөйрөгө рекультивация жүргүзүү боюнча каржы кепилдиктерин берүүгө милдеттүү. Андай каржы кепилдиктеринин шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

32-статья. Жер казынасы жөнүндөгү маалыматтарды пайдалануу

 

Мамлекеттик бюджеттен каржылоо учурунда алынган жер казынасы жөнүндөгү маалымат Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет.

Ишкерлер, ишканалар жана уюмдар, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк ишкерлер тарабынан каржылоо учурунда алынган жер казынасы жөнүндөгү маалымат лицензиялык макулдашууда аныкталган мезгил ичинде алардын менчиги болот, ал мезгилдин өтүшү менен жер казынасы жөнүндөгү маалымат мамлекеттин менчигине акы төлөөсүз өтөт.

Каржылоо булагына карабастан алынган жер казынасы жөнүндөгү маалымат жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга жер казынасы жөнүндө мамлекеттик маалымат фондусуна киргизүү үчүн өткөрүп берилет. Жер казынасын жөнүндөгү маалыматты алууга мүмкүнчүлүгү бар кызмат адамдары лицензиаттарды маалыматтын конфиденциалдуулугун камсыз кылууга милдеттүү.

Жер казынасы жөнүндөгү мамлекеттик маалыматты пайдалануунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, ал эми акционердик жана жеке менчик жер казынасы жөнүндөгү маалыматты пайдалануу тартиби жана шарттары - бул маалыматтын ээси менен макулдашылган түрдө жер казынасын пайдалануу жөнүндө лицензияны ага берүүдө жана лицензиялык макулдашууда аныкталат.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23, 2011-жылдын 15-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

33-статья. Жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик эсепке алуу жана каттоо

 

Жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик эсепке алуу жана каттоо Кыргыз Республикасы үчүн бирдиктүү система боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Жер казынасын геологиялык иликтөө боюнча жумуштар, пайдалуу кендерди казып алуу үчүн берилген, анын ичинде техногендик түзүлүштөр, ошондой эле казып алуу менен байланышпаган максаттарда берилген жер казынасынын участоктору мамлекеттик эсепке алынууга жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

34-статья. Пайдалуу кендердин корлорун жана казып алуу менен

байланышпаган жер казынасынын участоктору жөнүндөгү

маалыматты мамлекеттик экспертизалоо

 

Чалгындалган кен чыккан жерлердин пайдалуу кендеринин корлору жана пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган жер алдындагы объекттерди куруу жана эксплуатациялоо үчүн белгиленген жер казынасынын участоктору жөнүндөгү маалыматтар мамлекеттик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.

Мамлекеттик экспертиза пайдалуу кендер чыккан жерлерди иликтөөнүн кандай гана болбосун баскычында жүргүзүлүшү мүмкүн. Мамлекеттик экспертизаны өткөрүү үчүн жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган көз карандысыз эксперттерди тартат.

Мамлекеттик экспертизанын корутундусу мамлекеттик баланс тарабынан чалгындалган пайдалуу кендердин корлорун эсепке алуу үчүн негиз болуп саналат.

Пайдалуу кендердин корлору мамлекеттик экспертизадан өткөрүлмөйүнчө пайдалуу кендерди казып алууга жол берилбейт.

Мамлекеттик экспертиза заказчынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

35-статья. Жер казынасын пайдалануудагы мамлекеттик кадастрлар

 

Мамлекеттик кадастрлар пайдалуу кендердин чыккан, байкалган жерлери жана техногендик түзүлүштөрү боюнча, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу үчүн белгиленбеген максаттарда колдонуудагы жер казынасындагы объекттер боюнча түзүлөт.

Пайдалуу кендердин чыккан, байкалган жерлеринин жана техногендик түзүлүштөрүнүн мамлекеттик кадастрлары алардын жайгашкан жерин, негизги жана аны менен кошо жаткан пайдалуу кендердин санын жана сапатын мүнөздөөчү маалыматтарды, тоо-кен техникалык, гидрогеологиялык жана башка пайдалуу кендер чыккан жерди иштетүүнүн башка шарттарын жана алардын экономикалык бааланышын камтыйт.

Пайдалуу кендерди казып алуу үчүн белгиленбеген жер казынасынын объекттеринин мамлекеттик кадастрлары объекттердин жайгашкан жери, өлчөмү, багыты, колдонуу мөөнөтү, тоо-кен геологиялык жана башка жаратылыш шарттары жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Мамлекеттик кадастрлар жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

36-статья. Пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик баланстары

 

Корлордун мамлекеттик баланстары өнөр жайлык мааниси бар кен чыккан жерлер боюнча пайдалуу кендердин саны, сапаты жана канчалык даражада иликтенгендиги, алардын экономикалык баалуулугу, жайгашышы жана өнөр жайлык өздөштүрүлүү даражасы, казып алынышы, коромжуга учурашы жана аракеттеги ишканалардын пайдалуу кендердин чалгындалган корлору менен камсыз болушу тууралу маалыматтарды камтыйт.

Пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик баланстары мамлекеттик экспертизанын корутундусунун жана пайдалуу кендер чыккан жерди иликтеп жана иштетип, минералдык сырьену кайра иштетип жаткан жер казынасын пайдалануучулардын отчеттуулугунун негизинде түзүлөт.

Пайдалуу кендер корлорунун мамлекеттик баланстары жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.

 

37-статья. Пайдалуу кендердин корлорун эсептен чыгаруу

 

Казып алуу процессинде тындырылган пайдалуу кендердин корлору жер казынасын пайдалануучулардын эсебинен жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик балансына ылайык өзгөртүүлөрдү чагылдыруу менен эсептен чыгарылат.

(КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

38-статья. Өзгөчө илимий же маданий баалуулугу бар жер казынасынын

участокторун коргоо

 

Өзгөчө илимий жана маданий баалуулуктагы геологиялык ачык кендер, минералогиялык түзүлүштөр, палеонтологиялык объекттер жана башка жер казынасынын участоктору жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын корутундусу боюнча белгиленген тартипте геологиялык коруктар же атайын коруктар, жаратылыш же маданият эстеликтери деп жарыяланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн коруктардын, атайын коруктардын жана жаратылыш эстеликтеринин сакталышын бузуучу ар кандай иш-аракеттерге тыюу салынат.

Жер казынасын пайдаланууда сейрек кездешүүчү геологиялык же минералогиялык түзүлүштөр, метеориттер, палеонтологиялык, археологиялык же илим жана маданият үчүн мааниси бар башка объекттер табылган учурда жер казынасын пайдалануучулар тийиштүү участокто жумуштарды токтотуп, бул жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.

 

39-статья. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын пайдалануу

жана коргоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана иштерди

коопсуз жүргүзүү үчүн мамлекеттик көзөмөл

 

Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын пайдалануу жана коргоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана иштерди коопсуз жүргүзүү үчүн мамлекеттик көзөмөлдүн милдети бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан жер казынасын иликтөө жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик эсебин жүргүзүү, курчап турган чөйрөнү коргоо, тоо-кен иштерин коопсуз жүргүзүү эрежелеринин аткарылышын сактоону камсыз кылуу, алардын калкка, курчап турган чөйрөгө, имараттарга жана курулуштарга зыяндуу таасирин алдын алуу жана четтетүү болуп саналат.

Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын пайдалануу жана коргоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана иштерди коопсуз жүргүзүү үчүн мамлекеттик көзөмөл органдарынын компетенциясы, укуктары, милдеттери жана алардын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобо тарабынан аныкталат.

(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

VI бөлүм

Жер казынасын пайдалануудагы салыктар жана төлөмдөр

 

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

VII бөлүм

Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча
талаш-тартыштарды чечүү жана жер казынасы жөнүндөгү
мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик

 

43-статья. Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча

талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби

 

Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте чечилет.

 

44-статья. Жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдарды бузуу үчүн

жоопкерчилик

 

Ушул Мыйзам менен каралган жер казынасына ээ болуу, пайдалануу жана тескөө укугунун ачык же жабык түрдө бузулушуна алып келген бүтүмдөр жараксыз деп табылат.

Аталган бүтүмдөрдү түзүүдө, ошондой эле:

- жер казынасын пайдалануу боюнча жумуштарды иштегендердин жана калктын коопсуздугу үчүн коркунуч келтиришине, жер казынасынын жана курчап турган чөйрөнүн бузулушуна алып келүүчү ыкмалар жана жолдор менен жүргүзүүдө;

- пайдалуу кендер жайгашкан аянттарга өз алдынча курулуштарды курууда;

- жер казынасын өз эркинче пайдаланууда;

- кен чыккан жерди сарамжалдуу эмес тандап иштетүү, минералдык сырьену казып алууда жана кайра иштетүүдө пайдалуу кендердин нормадагыдан ашыкча жоготууларын түзүүдө;

- жер казынасы жөнүндөгү маалыматка менчик укугун бузууда;

- жер астындагы сууларга байкоо жүргүзүү үчүн режимдик көзөнөктөрдү, маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди жок кылууда же бузууда;

- жоюлуучу же консервациялануучу тоо-кен казмаларын жана бургулоо көзөнөктөрүн калктын коопсуздугун камсыз кылуучу абалга келтирүү боюнча талаптарды, ошондой эле тоо-кен казмаларын жана бургулоо көзөнөктөрүн мекеменин консервациялануу мезгилинде сактоо боюнча талаптарды аткарбоодо күнөөлүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

Жер казынасын өзү билип пайдалануу жана пайдалуу кендер орун алган жерге курулуштарды өзү билип куруу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын чечиминин негизинде чыгымдардын ордун толтуруусуз токтотулат.

 

45-статья. Жер казынасын пайдалануучунун тарткан зыяндарынын ордун

толтуруу

 

Эгерде юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ишинин натыйжасында жер казынасынын табигый касиеттери начарлап кетсе жана жер казынасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай же толук жокко чыгаргыдай шарттар түзүлсө, жер казынасынын пайдалануучунун тарткан зыянынын орду ошолордун эсебинен толтурулат. Эгерде ошол участок пайдаланууга берилбесе, зыяндардын ордун толтуруулар Кыргыз Республикасынын бюджетине чегерилет.

 

46-статья. Зыяндардын ордун жер казынасын пайдалануучунун

мамлекетке толтуруп бериши

 

Жер казынасын пайдалануучунун күнөөсү боюнча келтирилген экономикалык зыяндын ордун мамлекетке толтуруп берүү экономикалык маанисин жоготкон корлордун санына жана баалуулугуна ылайык аныкталат. Талаш-тартыш учурлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.

 

VIII бөлүм

Корутунду жоболор

 

47-статья. Эл аралык келишимдер

 

Эгерде эл аралык келишим тарабынан ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

 

48-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө

 

Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Төмөндөгүлөр:

- "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1992-жыл, № 2, 49-ст.);

- "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1992-жыл, № 2, 50-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Акаев