Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\84521bae-c8b1-4596-adb4-c6f78308b048\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2004-жылдын 25-февралы № 103

Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 887 2006-жылдын 11-январындагы № 8, 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688, 2007-жылдын 24-августундагы № 369, 2009-жылдын 5-июнундагы № 367, 2009-жылдын 15-июлундагы № 453, 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653, 2012-жылдын 11-декабрындагы № 827, 2013-жылдын 21-январындагы № 22, 2013-жылдын 7-майындагы № 256, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 , 2015-жылдын 23-июлундагы № 524, 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576, 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 , 2019-жылдын 29-июлундагы № 372, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 25-апрелиндеги № 100 "Инвестициялык жана башка ишкерлик иш-аракеттерин жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздеринде аныкталган ишкерликке ыңгайлуу ишкер чөйрө түзүү жана аны колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтеринин тиркелген реестри бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр:

- бул Реестр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уруксат берүү документтеринен башкача түзүлө тургандыгы;

- аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин наркы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылаары;

- аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык подразделениелери тарабынан ушул токтом менен бекитилген Уруксат берүү документтеринин реестрине киргизилбеген уруксат кылуу документтерин берүүгө тыюу салына тургандыгы белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнунун № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү:

- бир айлык мөөнөттө өзүлөрүнүн ченемдмк-укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин;

- уруксаттарды берүү боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу бекитилген формада Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине үзгүлтүксүз статистикалык отчетторду (жарым жылда бир жолу) берип турушсун;

- уруксат кылуу документтеринин наркынын прейскурантында каралбаган уруксат кылуу документтерин берүү үчүн акы алууга тыюу салышсын;

- берилүүчү уруксат кылуу документтери жана алардын наркы тууралуу коомчулукка кабарлоо боюнча иштерди жүргүзүшсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Уруксат кылуу документтеринин жаңы түрлөрүнүн реестрин киргизүү милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик уруксат берүүчү документтердин наркынын прейскурантын белгиленген тартипте бекитсин.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнунун № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

6. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)

 

ремьер-министр

Н. Танаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы
№ 103 токтому менен бекитилсин

Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин
РЕЕСТРИ

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 887 2006-жылдын 11-январындагы № 8, 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688, 2007-жылдын 24-августундагы № 369, 2009-жылдын 5-июнундагы № 367, 2009-жылдын 15-июлундагы № 453, 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653, 2012-жылдын 11-декабрындагы № 827, 2013-жылдын 21-январындагы № 22, 2013-жылдын 7-майындагы № 256, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 , 2015-жылдын 23-июлундагы № 524, 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576, 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 , 2019-жылдын 29-июлундагы № 372, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Аталышы

Уруксат берүү үчүн негиз (ченемдик укуктук актынын аталышы)

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти

1

Санитардык эрежелерге ылайык келүү жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду:
- продукциянын жаңы түрлөрүн (биринчи жолу иштелип жаткан же киргизилип жаткан) өндүрүштүн жаңы технологиялык процесстерин чыгарууга, колдонууга (пайдалануу), калкка сатууга;
- биологиялык заттар, биологиялык жана микробиологиялык организмдер жана алардын токсиндери менен жасалуучу иштерди аткаруунун шарттарына (патогендиктин I-VI топтогу микроорганизмдери менен иштөөгө Республикалык режимдик комиссиянын уруксаты);
- иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иштөө укугуна.

"Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти

1

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-июлундагы № 372 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

1

Кыргыз Республикасынын райондоштурулган сортторунун Мамлекеттик реестрине киргизилбеген үрөндөрдү ташып келүүгө атайын уруксат

"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2

Ысыккөл, Соңкөл көлдөрүндөгү жана башка балык чарба сууларында балык кармоого балык кармоо билети

"Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Мамлекеттик үрөн инспекциясы

1

Мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келүүчү сорттуу үрөндөрдү үрөндөрдүн кондициялуулугу жөнүндө күбөлөндүрүү (шайкештик сертификаты) (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалынын себүү сапатын лабораториялык аныктоонун натыйжалары боюнча республиканын ичинде берилет). Үрөндөрдүн экспорттолуучу продукциясына берилүүчү Эл-Аралык Саргыч Сертификат (ОISLS) (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалынын себүү сапатын лабораториялык аныктоонун натыйжалары боюнча берилет)

"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Башкы мамлекеттик техникалык инспекция

(Бөлүмчө КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти
(Бөлүмчөнүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык)

1

Пестициддерди жана (же) агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк

"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча башкы мамлекеттик инспекция

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Мамлекеттик ветеринария департаменти

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Ветеринардык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору

1

Ветеринардык дары-дармектер каражаттары мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк

"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти
(Бөлүмчөнүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык)

1

Карантиндик фитосанитариялык контролдоо актысы

"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролдоону ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

Өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде балыкты (уулоо жыйноо ж.б.) пайдаланууга, илимий максаттарда пайдаланууга уруксат

"Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

2

Кыргыз Республикасынын чегине (чегинен) өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде балыкты жана башка суу организмдерин, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүнө аларды аклиматташтыруу, көбөйтүү жана кое берүү үчүн ташып келүүгө, ташып кетүүгө уруксат

"Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

3

Жаратылышты коргоо (булгоочу заттарды төгүү, таштоо жана калдыктарды жайгаштыруу) уруксаты

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

4

Мурда колдонулган автомобиль машиналарынын шиналарын таштанды катары алып келүүгө уруксат

"Коркунучтуу калдыктарды чек аралар аркылуу ташып өтүүнү жана жок кылууну контролдоо жөнүндө" Базель конвенциясы

5

Токой билети

Кыргыз Республикасынын Токой кодекси

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция

1

Фитосанитардык сертификат

Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы

2

Импорттоого карантиндик уруксат

Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы

3

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4

Ветеринардык күбөлүк

КМШга катышкан мамлекеттердин Ветеринария тармагында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин 1998-жылдын 22-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган чечими

5

Ветеринардык сертификат

Эл аралык ветеринардык кодекс, Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы

6

Ветеринардык арналыштагы каражаттарды жасоо укугуна уруксат

Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Мамлекеттик өрт өчүрүү-куткаруу кызматы
(Бөлүмчөнүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

Өрт коопсуздугунун стандарттарынын, ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарын аткарууга корутунду

"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Өнөр жайлык коопсуздукка көзөмөл жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция (Мамкентехкөзөмөл)

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

Адистин квалификациялык сертификаты

"Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек, Ош шаарларынын жана Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын ГАСУ жана ГАСН аймактык органдары
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

Курулушка (реконструкциялоого, көлөмдүк-пландык жана конструктивдик чечилиштерди өзгөртүү менен объектти кайрадан профилдөөгө жана кайрадан пландоого) уруксат

"Кыргыз Республикасынын шаар курулушу жана архитектурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролу

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Курулуштагы стандартташтыруу, сертификациялоо жана лицензиялоо мамлекеттик борбору

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

Маданий баалуулуктарды ташып кетүүгө уруксат

"Маданият жөнүндө", "Тарыхый-маданий мурасты сактоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Баалуу металлдар департаменти

1

Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтылган концентратты сатып алууга, сатууга уруксатты

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

1

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3

Массалык маалымат каражаттарын каттоо, кайра каттоо жөнүндө күбөлүк

"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы
(Бөлүмчөнүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4

Жерине баруу менен Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик текшерүүнү талап кылган кооптуу, баалуу жана башка жүктөрдү ташууга уруксат

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө", "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

5

Ири көлөмдүү жана оор салмактагы жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууга уруксат

"Автомобиль жолдору жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдар

6

Автомототранспорт каражаттарын кайра жабдууга жана кошумча жабдуу орнотууга уруксат

"Жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы
(Бөлүмчөнүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

Жарандык жана кызматтык куралды сатып алууга, сактоого, ташууга, алып жүрүүгө, коллекциялоого, көргөзмөгө коюуга, алып келүүгө жана алып кетүүгө уруксат

"Курал жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

2

Атайын каражаттарды сатып алууга, сактоого, ташууга, алып жүрүүгө, алып келүүгө, алып кетүүгө уруксат

"Кыргыз Республикасындагы жеке детективдик жана кайтаруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

3

Курал оңдоочу, пиротехникалык, штемпелдик-гравердук ишканаларды, атуу тирлерин жана стенддерин ачууга уруксат

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

4

Күчтүү уулуу заттарды, жардыргыч материалдарды, пиротехникалык заттарды сатып алууга, сактоого, ташууга уруксат

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга уруксат

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2

Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга иштөөгө уруксат

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

3

Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жумушка орноштурууга байланыштуу иш укугуна уруксат

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Мамлекеттик транспорт инспекциясы
(Бөлүмчөнүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2

Сүзүү каражаттарынын, базаларынын, курулмаларынын жарактуулугунун күбөлүгү

"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

3

Кемелерди каттоо жөнүндө күбөлүк (кеме билети)

"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

4

Кемелерди башкаруу укугуна ырастама

"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Жарандык авиация департаменти

1

Авиация кызматкерлеринин күбөлүгү

Кыргыз Республикасынын Аба кодекси

2

Аба кемесинин учууга жарактуулугунун сертификаты

Кыргыз Республикасынын Аба кодекси

3

Аэродромдордун пайдаланууга жарактуулугунун күбөлүгү

Кыргыз Республикасынын Аба кодекси

4

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5

Пайдалануучунун сертификаты

Кыргыз Республикасынын Аба кодекси

6

Отун-май куюу комплексинин ылайыктуулугунун сертификаты

Кыргыз Республикасынын Аба кодекси

7

Авиация жүктөрүн, анын ичинде кооптуу жана башка жүктөрдү иштетүүгө сертификат

Кыргыз Республикасынын Аба кодекси

"Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуулар департаменти
(Бөлүмчөнүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

Эл аралык автомобилдик катнашта автотранспорт каражатынын өтүүсүнө уруксат

"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

1

Наркотикалык каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду алып келүүгө күбөлүк

"Наркотикалык каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2.

Наркотикалык каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду алып кетүүгө уруксат

"Наркотикалык каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

3

Наркотикалык каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташуу укугуна транзиттик сертификат

"Наркотикалык каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

1

Жеке ишкер иретинде юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик жүргүзүүчү жаранды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси

Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

Баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жөнүндө чечим

"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

2

Баалуу кагаздардын чыгарылышынын жана жайгаштырылышынын жыйынтыктары жөнүндө чечим

"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

3

Баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк

"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

4

Баалуу кагаздар боюнча кесипкөй ишти жүргүзүү укугуна квалификациялык күбөлүк

"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

5

Лотерея өткөрүү укугуна күбөлүк

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси

6

Аудитордун квалификациялык сертификаты

"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентство

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

1

Аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кендердин жана тоо тектеринин үлгүлөрүн, концентраттарды, өндүрүш калдыктарын жана лабораториялык сынамдарды Кыргыз Республикасына ташып киргизүүгө жана чегинен сыртка ташып чыгууга уруксатты

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

Бирликтерди, ассоциацияларды, концерндерди, тармактар аралык, региондук жана башка бирикмелерди, ишканаларды кошууга жана бириктирүүгө, башкаруу органдарын жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди көрсөтүлгөн бирикмелерге кайра түзүүгө макулдук берүү

"Монополиялык ишти чектөө, атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2

Акционердик коомдорду, жоопкерчилиги чектелүү шериктештиктерди жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди, кошууга, бириктирүүгө жана жоюуга макулдук берүү

"Монополиялык ишти чектөө, атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

3

"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Мыйзамдын 6-статьясы менен каралган аракеттерди (бүтүмдөрдү) жасоого макулдук берүү

"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

1

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту

2

Өлчөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо жөнүндө жана өлчөө каражаттарынын түрүн бекитүү тууралу сертификат

"Өлчөө бирдигин камсыз кылуу жөнүндө", "Продукцияларды жана кызматтарды сертификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

3

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Каржылык отчеттуулуктун стандарттары жана аудит боюнча мамлекеттик комиссия

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 токтомунун редакциясына ылайык)

1

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту

2

Кыргыз Республикасынын аймагына радиоэлектрондук каражаттарды (РЭК) жана жыштыгы жогорку түзүлүштөрдү (ЖЖТ), радиожыштыгынын нурдануусун чыгаруучу же жогорку жыштыктагы электр магнит толкундарынын булагы болуп саналуучу башка техникалык каражаттарды ташып келүүгө уруксат

Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

3

Радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгаруусу

"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

4

Ташып келинүүчү продукциянын партиясынын коопсуздуктун талаптарына ылайыктыгы жөнүндө арыз-милдеттенме

"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция

1

Төмөнкүлөрдү пайдаланууга жол берүүгө уруксат:
- керектөөчүлөрдүн жана электр менен жабдуучу уюмдардын жаңы жана реконструкциялануучу энерготүзүлүштөрүн;
- мезгилдүү керектөөчүлөрдүн

"Электрэнергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2

Керектөөчүлөрдүн жана энергия менен жабдуучу уюмдардын кызматкерлерин:
- 400 В жана жогорку электр түзүлүштөрүн пайдалануу;
- жылуулук жана газ пайдалануучу түзүлүштөрдү пайдалануу;
- электр жабдууларын электр техникалык лабораториялар тарабынан сыноолорду жүргүзүү боюнча иштерге жол берүүгө уруксат

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

3

Төмөнкү кабель линияларын куруунун жүрүшүндөгү уруксат:
- траншеяны түздөөнү кабыл алуу;
- тартылган кабелди көмүүнүн алдында кабыл алуу

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

4

Курулуп жана реконструкцияланып жаткан ишканалардын энергияны пайдалануунун, энергияны эсепке алууну уюуштуруунун жана отун-энергетика комплексинин энергетикалык жабдууларынын коопсуздугунун натыйжалуулугунун маселелери боюнча долбоорлорунун тандалма мамлекеттик экспертизасынын кортундусу

"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик

1

Жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксат

"Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2

Жардыргыч материалдарды сатып алуу укугуна күбөлүк

"Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

3

Жардыргыч материалдарды сактоо укугуна күбөлүк

"Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

4

Тоо-кен (геологиялык чалгындоо) иштерин жүргүзүү укугуна уруксат

"Көмүр жөнүндө", "Кооптуу өндүрүш объекттеринин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары

5

Жардыргычтын күбөлүгү

"Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы