Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
                              КР Өкмөтүнүн 
2012-жылдын 21-июнундагы № 431 токтомуна ылайык
күчүн жоготту
 
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 15-марты № 128
 
               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
 
             Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз
            Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын
                сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелерди
                            бекитүү жөнүндө
 
     Кыргыз Республикасынын "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаш-
тыкты өнүктүрүү жана коргоо  жөнүндө"  Мыйзамынын  15-статьясынын  жана
Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө"
Мыйзамынын негизинде жана экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз
Республикасынын  монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик
көзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
     1. Экономикалык  концентрациянын  жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын
монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча  тиркелген
эрежелер бекитилсин.
     2. Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө  Кыргыз  Республикасынын
монополияга  каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелер-
дин аткарылышын контролдоо  Кыргыз  Республикасынын  монополияга  каршы
мамлекеттик органына жүктөлсүн.
     3. Аталган эрежелердин аракетине тийиштүү юридикалык жактарды мам-
лекеттик  каттоону,  ошондой эле андай юридикалык жактардын мамлекеттик
реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Кыргыз Республикасынын  Юстиция  ми-
нистрлиги  Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы-
нын корутундусунун негизинде жүргүзөөрү белгиленсин.
     4. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 18-августундагы №
550 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы  мыйзамдарынын  талаптары
сакталышына  экспертиза жүргүзүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
күчүн жоготту деп эсептелсин.
     5. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономика,  өнөр жай жана соода башкар-
малыгына жүктөлсүн.
 
     Премьер-министр                                 Н.Танаев