КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 6-майы N 177
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 119 токтомунун редакциясына ылайык)
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн бирдей тартибин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
2. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү компетенциясына кирген тийиштүү атайын укуктуу органдар жогоруда көрсөтүлгөн иштерди аткарууда Жобонун талаптарын катуу сакташсын.
2-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуусунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өз убагында тиешелүү маалыматты өздүк расмий сайтында жайгаштырсын.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 119 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр |
К.Бакиев |