Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2005-жылдын 9-сентябры №420/21/4

                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА
                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН
                                ТОКТОМУ

                Кыргыз Республикасындагы накталай эмес
                      эсептешүүлөр жөнүндө жобону
                           бекитүү тууралуу

     Финансы-банк системасындагы   жана   эсептешүүлөр   системасындагы
жүргүзүлүп  жаткан  реформаларга ылайык Кыргыз Республикасында накталай
эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин өркүндөтүү жана белгилөө  мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улут-
тук банкы токтом кылышат:
     1. Кыргыз  Республикасындагы  накталай  эмес  эсептешүүлөр жөнүндө
тиркелген жобо бекитилсин.
     2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, мамлекеттик комиссиялар, коммерциялык банктар жана башка финан-
сы-кредиттик мекемелер, ошондой эле ишканалар, уюмдар (макулдашуу боюн-
ча) жана мамлекеттик мекемелер бул Жобону аткарууга алышсын.
     3. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  жана Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын 2001-жылдын 10-декабрындагы №773/30/8 "Кыргыз Респуб-
ликасындагы  накталай эмес эсептешүүлөр тууралуу" токтому күчүн жоготту
деп табылсын.
     4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

     Кыргыз Республикасынын                Кыргыз Республикасынын
     Премьер-министри                      Улуттук банкынын төрагасынын
                                           милдетин аткаруучу

     Ф.Кулов                               Ш.Молдоканов