Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
жана Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын 2005-жылдын
9-сентябрындагы № 420/21/4 токтому
менен бекитилген

Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө
ЖОБО

 

(КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 642/44/12 токтомунун редакциясына ылайык)

 

I. Жалпы жоболор

1.1. Киришүү

 

1.1.1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Электрондук төлөмдөрү тууралуу", "Электрондук цифралык колтамга тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада накталай эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу учурунда катышуучулардын ортосунда болуучу мамилелерди жөнгө салат.

1.1.2. Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин, накталай эмес төлөм каражаттарынын (инструменттеринин) формаларын, накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасын жана анын катышуучуларынын өзара мамилелерин аныктайт.

1.1.3. Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда юридикалык жактарга жана жеке адамдарга карата колдонулат.

1.1.4. Жободо колдонулган терминдер:

Акцепт (латын Ассерtus - кабыл алынган) - төлөөчүнүн акчалай жана товардык документтерди төлөөгө макулдугу. Акцепт сатылып алынган товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана бүткөрүлгөн иштер үчүн эсептешүүлөрдө колдонулат. Мында төлөө, товарды берүүчү жазып берген эсептешүү документтери боюнча төлөөчүнүн макулдугу (акцепти) менен жүргүзүлөт;

Банктык эсеп - бул, банк менен кардардын ортосунда депозитти (банктагы аманатты) кабыл алуу боюнча келишимдик мамилелерди жана (же) банк тарабынан кардарды банктык тейлөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу банктык эсеп келишиминде, мыйзамдарда каралган жана банктык тажрыйбада колдонулган кардарды банктык тейлөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу операциялардын банк тарабынан ишке ашырылышын чагылдыруу ыкмасы;

Накталай эмес эсептешүү - акча каражаттарын төлөөчүнүн эсептик эсебинен чыгаруу жана алуучунун эсептик эсебине кириштөө жолу менен накталай акчаларды колдонбостон акча каражаттарынын жылышын билдирген акча жүгүртүлүшүнүн формасы;

Идентификация - тиешелүү жактын аталган ысымга жана анын ыйгарым укуктарына ылайык келүүсүн текшерүү жол-жобосу;

Кардар - банк менен банктык эсеп келишимин түзгөн жеке адам же юридикалык жак;

Клиринг борбору - төлөмдөрдүн клиринг системасынын катышуучуларынын ортосунда накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда ортомчулук кызматты көрсөткөн уюм. Клиринг борбору төлөм документтерин алмашууну, төлөмдөрдү топтоону жана иштеп чыгууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык өз ара талаптарды чегеришүү (зачет) жолу менен клиринг системасынын катышуучуларынын таза позицияларын эсептөөнү жүзөгө ашырат;

Корреспонденттик (утурумдук) эсеп - финансы-кредиттик мекеме тарабынан банктар аралык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банкта ачкан банк эсеби;

Жыйынтыктап эсептешүү - финансы-кредиттик мекемелердин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган эсептери боюнча жүргүзүлгөн эсептешүүлөр. Жыйынтыктап эсептешүү сөзсүз кабыл алынат жана кайталап эсептөөгө жатпайт;

Төлөм - накталай акча каражаттарын колдонуу менен акча милдеттенмесин аткаруу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формада накталай эмес акча каражаттарынын төлөөчү тарабынан которулуу процесси;

Төлөөчү - акча каражаттарынын эсебинен төлөө ишке ашырылган банк же кардар;

Алуучу - төлөмдөрдү ишке ашыруунун жана эсептешүүнүн натыйжасында анын пайдасына акча каражаттары келип түшкөн банк же кардар;

Алдын ала уруксат алуу (преавторизация) - кардардын банкка белгилүү убакыт аралыгында жана (же) белгилүү сумманын чегинде өзүнүн эсептешүү (утурумдук) эсебин аталган алуучудан төлөөгө эсепти алууда дебеттөөгө алдын ала уруксат берүүсү;

Банктык эсепти түздөн-түз дебеттөө - эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун формасы. Мында, банк кардардын эсебин дебеттөө жана белгилүү бир убакыт аралыгында аркеттенген жана (же) белгилүү бир сумманын чегинде алдын ала уруксат берүүнүн (преавторизациялоонун) негизинде төлөмдөрдүн алуучуга өткөрүлүп берилишин жүзөгө ашырат;

Эсептешүү - берилген төлөө документтерине ылайык, акча каражаттарын төлөөчүнүн эсептешүү эсебинен алып салуу жана алуучунун эсептешүү эсебине чегерүү. Эсептешүү төлөөнүн бүтүшү болуп саналат;

Эсептешүү эсеби - акча каражаттарын сактоого арналган жана анда кардардын бүтүндөй эсептешүүлөрү (келип түшүүлөр, төлөөдөр, башка юридикалык жактар жана жеке адамдар менен өз ара эсептешүүлөр) эске алынган, келишимдин негизинде финансы-кредиттик мекеме тарабынан кардарга (жеке адам же юридикалык жак) ачылган эсеп;

Чекене жана утурумдук төлөмдөр - тез арада жөнөтүүнү талап кылбаган жана (же) утурумдук мүнөздө болбогон орто жана майда суммадагы төлөмдөр;

Таза позиция - ага, ушул эле убакытка чейин бардык башка катышуучулар тарабынан жөнөтүлгөн сумманын, бардык которууларды эсептен алып салуу менен бардык башка катышуучулар тарабынан белгилүү бир мөөнөткө чейин алынган эсептешүүнүн клиринг системасынын катышуучусунун бардык которууларынын суммасы. Эгерде айырмачылык оң болсо, катышуучу таза кредиттик позицияда болот; эгерде, айырмачылык терс болсо таза дебеттик позицияда болот. Таза кредиттик же таза дебеттик позиция белгилүү убакытта жыйынтыктоочу таза позиция деп аталат;

Эквайер - карттардын эквайрингин жүзөгө ашырган финансы-кредиттик мекеме;

Эквайринг - финансы-кредиттик мекеменин сатылган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүнүн каражаты катары төлөм картын пайдалануу жөнүндө соода түйүндөрү менен келишимдик мамилелерин камтыган иши, ошондой эле соода түйүндөрү менен эсептешүүнү камсыздоо жана (же) карттын кармоочуларына накталай акча каражаттарды берүү;

Карттардын эмиссиясы - карттарды даярдоо, персонификациялоо, берүү, эсептерди ачуу жана жүргүзүү, алар тарабынан транзакцияларды жүргүзүүдө картты кармоочуларды эсептешүү-кассалык тейлөө;

fifo "first in - first out" - төлөмдөрү иштеп чыгуу принциби, мында төлөмдөр келип түшүү тартибине жараша ырааттуу иштелип чыгат.

1.2. Накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу боюнча негизги жоболор

1.2.1. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, эгерде мыйзамдарда башкача белгиленбесе жана төлөм каражатынын колдонулуучу формасы менен шартталбаган болсо, банктык эсептерди ачууга жана тейлөөгө келишимдин негизинде ачылган эсептер боюнча тиешелүү операцияларды жүргүзүүгө лицензиясы бар финансы-кредиттик мекемелер аркылуу жүзөгө ашырылат.

1.2.2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, банктар же банктардын кардарлары тарабынан мыйзамда каралган формаларда жана эсеп ээсинин буйрутмасынын негизинде төлөм каражаттарын колдонуу менен же болбосо эсеп ээсинин буйрутмасыз эле, бирок анын акцепти шартында же акцептсиз тартипте мыйзамда каралган учурларда гана жүзөгө ашырылат.

1.2.3. Эсеп ачуусуз накталай эмес эсептешүүлөр төлөөчү тарабынан жөнөтүүчү банкка салынган акча каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Ошол банкта эсеби ачылбаган кардар үчүн банкка акча каражаты келип түшкөн учурда банк тарабынан акча каражаты кардар толук идентификацияланган шартта гана берилет. Банктар эсеп ачуусуз операцияларды жүргүзгөн кардарлар ар бир төлөм боюнча толук маалымат менен (ведомость, журнал ж.б.) жүргүзүлөт.

1.2.4. Накталай эмес эсептешүүлөрдү почта байланышынын бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүүдө акча каражаттары накталай түрүндө төлөөчү тарабынан почта бөлүмүнүн кассасына төлөнөт, андан ары төлөм почта мекемесинин банктык эсебинен каражатты алуучунун пайдасына жүзөгө ашырылат.

1.2.5. Чет өлкө валютасында накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби, формалары жана мөөнөтү мыйзамдарга, ошондой эле эл аралык банктык тажрыйбадагы колдонулган ишкердик карым-катнаш салттарына ылайык, кардарлар менен аларды тейлеген банктардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде белгиленет.

1.2.6. Акча каражатын акцептсиз алып салуу (эсеп ээсинин макулдугусуз) эсеп ээси менен банктын ортосунда түзүлгөн келишимде ушул операцияга укук бекемделген учурда же болбосо аткаруучу баракчаны көрсөтүү менен соттун чечиминин негизинде эсепте болгон акча каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.

1.2.7. Коюлган талаптардын бардыгын канааттандыруу үчүн эсептеги акча каражаттар жетишсиз болсо, акча каражаттарын алып салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кезектүүлүккө жараша алардын келип түшүшү боюнча жүзөгө ашырылат.

1.2.8. Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимде ушул Жободо каралгандан башкача эрежелер белгиленсе болсо, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

1.3. Накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө банктык эсептерди пайдалануунун тартиби

1.3.1. Юридикалык жактардын жана жеке адамдардын төлөмдөрү боюнча накталай эмес эсептешүүлөр банк тарабынан кардар үчүн банктык эсеп келишиминин негизинде ачылган жана акча каражаттарынын сакталып турушу, утурумдук эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн каралган банктык эсеп боюнча жүргүзүлөт.

1.3.2. Банктардын же алардын кардарларынын накталай эмес эсептешүүлөрү банк тарабынан төлөөчүнүн эсептешүү эсебинен акча каражаттарын алып салуу жана алуучунун эсептешүү эсебине аларды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

1.3.3. Улуттук валютадагы банктар аралык төлөмдөрдүн бардыгы төлөө системасынын катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик (утурумдук) эсептери аркылуу гана ишке ашырылат. Төлөө системасынын катышуучулары тарабынан бири-биринде улуттук калютада накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча тике корреспонденттик эсептерди ачуусуна жол берилбейт.

1.3.4. Эгерде, банк менен алардын кардарларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерде же мыйзамдарда башкача каралбаса эсептерден акча каражаттарын алып салуу эсеп ээси тарабынан ушул Жобонун талаптарына ылайык эсептеги акча каражаттарынын чегинде түзүлгөн төлөм документтеринин негизинде банк аркылуу жүзөгө ашырылат.

 

II. Накталай эмес эсептешүүлөрүнүн формалары жана төлөм каражаттарын колдонуу тартиби

 

2.1. Накталай эмес эсептешүүлөрдүн формалары

2.1.1. Банктар, тиешелүү төлөм каражаттарын пайдалануу менен банктык эсептер боюнча акча каражаттарын кредиттик же дебеттик которуулар аркылуу накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча операцияларды ишке ашырат.

2.1.2. Төлөм каражаты кагаз жүзүндө толтурулган документ түрүндө же электрондук төлөм документи түрүндө болот:

- төлөөчүнүн (кардардын) же банктын акча каражаттарын өз эсебинен алып салуу жана аларды акча каражаттарын алуучунун эсебине которууга буюруусу;

- акча каражаттарын алуучунун (өндүрүп алуучунун) акча каражаттарын төлөөчүнүн эсебинен алып салуу жана алуучу көрсөткөн эсепке, эсеп ээсинин макулдугу боюнча гана которууга буйруусу;

- эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банкка акча каражаттарын берүү жөнүндөгү взнос тууралуу буйруу (арыз).

2.1.3. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда төмөнкүдөй накталай эмес эсептешүүлөрдүн кредиттик же дебеттик формалары жана төлөм каражаттары колдонулат:

- төлөм тапшырмасы;

- төлөм талабы (мыйзамдарда белгиленген учурда);

- аккредитив;

- тике дебеттөө;

- инкассалык тапшырма;

- эсептешүү жана эсептик-кассалык чек;

- банктык төлөм карты.

2.1.4. Келишим боюнча тараптар накталай эмес эсептешүүлөрдүн белгиленген формаларынын кайсынысын болбосун тандоого жана келишимде кароого укуктуу.

2.1.5. Мыйзамдарда каралган башка формаларда жана аларга ылайык банктык тажрыйбада колдонулган эрежелерде белгиленген ишкердик карым-катнаш салттары менен башка формаларда накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилет.

2.1.6. Кагаз жүзүндөгү төлөм документтери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарынын талаптарына ылайык келүүчү белгиленген формалардагы жана банк эрежелери жана ишкердик карым-катнаш салттары менен белгиленген бланктарда таризделет.

2.1.7. Электрондук төлөм документтери (мындан ары - ЭТД) мыйзамдарда белгиленген ЭТД форматтарына ылайык толтурулат.

2.1.8. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана акча каражаттарын которуу жөнүндөгү буйрууларды көрсөтүү төмөнкү ыкмаларда жүзөгө ашырылат:

- мыйзамдарга ылайык кагаз жүзүндө толтурулган төлөм документинин түп нускасын көрсөтүү аркылуу;

- кагаз толтуруусуз эле, байланыштын жана телекоммуникациянын тиешелүү электрондук каналдарын пайдалануу менен көрсөтмөлөрдү электрондук ыкмада жөнөтүү жолу менен.

2.1.9. Төлөөчү тарабынан банк - төлөөчүгө акча каражаттарын которуу жөнүндөгү буйрууну жөнөтүүнүн ыкмалары, тартиби жана шарттары алардын ортосунда түзүлгөн келишимде чагылдырылат. Эгерде төлөөчү банк-жөнөтүүчүнүн кардары болуп саналбаса, анда буйрууну жөнөтүү ушул Жобонун нормалаарына жана мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.

2.1.10. Төлөм документин банк-жөнөтүүчүгө берүү жана кардар-жөнөтүүчүнүн эсебин дебеттөө учурунан тартып же болбосо эсеп ачпаган төлөөчү банк-жөнөтүүчүгө накталай акча каражаттарын өткөрүп берген учурдан тартып төлөөчү үчүн төлөм ишке ашырылган болуп эсептелет.

2.1.11. Алуучу үчүн төлөм банк-алуучу тарабынан алуучу-кардардын эсебин кредиттөө же болбосо, ошол банкта эсеби болбогон кардар-алуучунун башка эсебинен акча каражаттарын берүү учурунан тартып бүткөрүлгөн болуп эсептелет.

2.1.12. Айрым министрликтер жана ведомстволор төлөм документтеринде каралбаган төлөм жөнүндө кошумча маалыматтарды чагылдыруу зарылчылыгы келип чыккан учурларда төлөм каражаттарынын атайын формаларын иштеп чыгышы мүмкүн. Мындай документтер тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун ченемдик актыларында каралган талаптарга жараша иштелип чыгуусу жана Улуттук банкка макулдашылышы, мыйзамдарга ылайык бекитилиши керек.

2.1.13. Бул Жободо төлөм тапшырмаларын, төлөмдөрдү алдынала уруксат берүү (преавторизациялоо) менен тике дебеттөө жолу аркылуу накталай эсептешүүлөрдүн жана банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн формалары каралат. Төлөм каражаттарынын башка формаларын пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат.

2.2. Төлөм тапшырмаларын пандалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр

2.2.1. Төлөм тапшырмаларын пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда төлөөчү өз эсебинен акча каражаттардын белгилүү бир суммасын ошол же башка банкта ачылган алуучунун эсебине которуу жөнүндө буйрууну тейлөөчү-банкка берет. Төлөм тапшырмасы жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютадагы төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн өткөрүү учурунда колдонулат.

2.2.2. Төлөм тапшырмасы банк тарабынан мыйзамдарда же банктык эсеп келишиминде каралган мөөнөттө аткарылат.

2.2.3. Төлөм тапшырмасында төлөөчүдөн акча каражаттарын алуучуга мыйзамдарга ылайык которуу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык реквизиттер камтылууга тийиш.

2.2.4. Юридикалык жактар жана жеке адамдар сатып алган товарлары, аларга көрсөтүлгөн кызматтар үчүн байланыш ишканалары аркылуу накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда, ошондой эле финансы органдары тарабынан кирешелерди бюджетке которуу учурунда мыйзамдарда аныкталган акцепттелген төлөм тапшырмаларын пайдалануунун эрежелерине жана тартибине ылайык акцепттелген төлөм тапшырмаларын пайдалана алышат.

2.3. Алдынала уруксат берүү (преавторизацияланган) менен тике дебеттөө аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү

2.3.1. Алдынала уруксат берүү (преавторизацияланган) менен тике дебеттөө аркылуу накталай эмес эсептешүүлөр банктардын кардарлары тарабынан утурумдук төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу (коммуналдык ишканалардын эсептери боюнча төлөмдөр) жана (же) катталган суммадагы төлөмдөрдү (камсыздандыруу төлөмдөрү, ипотека ж.б.) жүргүзүү учурунда колдонулат.

2.3.2. Алдынала уруксат берүү (преавторизацияланган) менен тике дебеттөө аркылуу төлөмдөр кардар менен анын банкынын ортосундагы келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат, ага ылайык кардар берилген товарлар, аткарылган иштер же болбосо көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөөгө жогорку келишимге тиешелүү документтерди тиркөө менен кардардын банктык эсебине алуучунун берилген тапшыруусунун негизинде анын эсебинен ал жок учурда акча каражаттарын алууга алдынала макулдугун берет.

2.3.3. Алдынала уруксат берүү (преавторизацияланган) менен тике дебеттөө аркылуу эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда кардар менен анын банкынын укуктары жана милдеттери төлөөчү менен анын банкынын ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн учурдан тартып келип чыгат.

2.3.4. Төлөөчү алуучуга банк алуучу аркылуу төлөөчүнүн банк-төлөөчүдөгү эсептешүү эсебин тике дебеттөө жөнүндөгү тапшырмасын алуучу тарабынан демилге кылынган кат жүзүндөгү буйрууну (макулдугун) берүүгө тийиш.

2.3.5. Төлөмдү алуучу төлөөчүгө көрсөткөн кызмат үчүн төлөнгөндүгү жөнүндөгү квитанцияны белгиленген убакыт аралыгында алдынала төлөө менен эсепти тике дебеттөө аркылуу эсептешүүнү жүргүзүүгө чейин жөнөтүүгө тийиш.

2.3.6. Алуучу өз банкына төлөөчүнүн эсебин тике дебеттөө жөнүндөгү буйрууну берет. Алуучунун банкы эсепти тике дебеттөө жөнүндөгү тапшырманы белгиленген күндө эсептешүүнү жүргүзүү үчүн төлөөчү банкка жөнөтөт.

2.3.7. Төлөөчүнүн банкы анын кардарынын эсептешүү эсебине карата коюлуучу банк алуучунун тапшыруусун, кардардын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасынын чегинде жана (же) кардар менен түзүлгөн келишимде каралган убакыт аралыгында аткарууга тийиш.

2.3.8. Төлөөчү алдынала төлөө менен тике дебеттөө боюнча тапшырманын жана башка операцияларга тиешелүү төлөмдөрдүн төлөнүшүн камсыз кылуу максатында банктагы өз эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгын жетиштүү деңгээлде колдоп турууга тийиш.

2.3.9. Эсептешүү эсебин тике дебеттөө тапшырмасында алуучу көрсөткөн төлөмдүн суммасы төлөөчү күтүп жаткан төлөөгө каралган суммадан айырмаланса, анда төлөөчү мыйзам талаптарына ылайык алдынала уруксат берүүнү (преваторизациялоону) токтотууга укуктуу.

2.3.10. Төлөөчүнүн банкы төлөөгө сунушталган сумманын төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн төлөөчүнүн эсебинде акча каражаттары жетишсиз болгон учурда тике дебеттөө жөнүндө тапшырманы кайтаруу, кардар тарабынан алдынала уруксат берүүнү токтотуу же кардар менен болгон келишимде каралган башка себептер боюнча төлөмдүн аткарылбай калгандыгы жөнүндө алуучунун банкына билдирет.

2.4. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр

2.4.1. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр товарларга, иштерге, көрсөтүлгөн кызматтарга акыларды, салыктарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү бюджетке банкоматтар, электрондук терминалдар жана башка перифериялык орнотмолор аркылуу төлөөдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Мында банктык картаны (карт-чек) пайдалануу менен транзакция жүргүзүүдөгү терминал, банкомат жана башка перифериялык орнотмолор аркылуу түзүлгөн кагаз документ салыктардын, жыйымдардын жана башка төлөмдөрдүн бюджетке төлөнгөндүгүнүн далили боло алат.

(КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 642/44/12 токтомунун редакциясына ылайык)

2.4.2. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр локалдык системалар боюнча да, эларалык системалар боюнча да жүргүзүлүшү мүмкүн.

2.4.3. Кыргыз Республикасынын аймагында карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн бардык эсептешүүлөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш.

2.4.4. Банктык төлөм карттарынын (мындан ары карттардын) эмиссиясы жана (же) эквайринги банктар тарабынан Улуттук банктан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия болгон шартта гана жүзөгө ашырылат.

2.4.5. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга карттарды берүү эмитенттин ички эрежелерине ылайык эсеп ээси менен келишимди же болбосо башка банктык документти (мисалы, тейлөөнүн стандарттык шарттарына ылайык өтүнүч кат) түзгөндөн кийин гана жүзөгө ашырылат. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган бардык операцияларды чагылдыруу картты кармап туруучунун банктык эсеби боюнча жүргүзүлөт.

2.4.6. Карт эмитенттин менчиги болуп саналат, аны кармоочу келишимдин шарттарына ылайык картты пайдалангандык, карттын кодунун коопсуз сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.

2.4.7. Эквайер товарлар, аткарылган иштер, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөө боюнча картты тейлөөгө алган соода түйүнүнө келишимде белгиленген шарттарга ылайык жүргүзүлгөн операциялар боюнча сумманын ордун толтурат.

2.4.8. Эмитент эквайерге карттар менен эсептешүүлөр системасында жана келишимдик мамилелерде белгиленген эрежелерге ылайык, ошол эмитент тарабынан чыгарылган карттарды пайдалануу менен төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрү гарантиялайт.

2.5. Кагаз жүзүндөгү төлөм документтерин тариздөө тартиби

2.5.1. Кагаз жүзүндөгү төлөм документтеринде мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык бардык реквизиттер толтурулууга тийиш.

Ал, ошондой эле жөнөтүүчүнүн ыйгарым укуктуу жактарынын колтамгаларын жана колтамгалардын үлгүлөрүнө, мөөрдүн оттискасына ылайык, анын мөөрүнүн оттискин камтууга тийиш.

2.5.2. Банк тарабынан төлөм документтерин кабыл алуу учурунда мыйзамдарда жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык аларды текшерүү жүрүзүлөт. Белгиленген талаптарды бузуу менен тариздетилген төлөм документтери банк тарабынан аткарууга кабыл алынбайт.

2.5.3. Банк тарабынан кабыл алынган, бирок тигил же бул себептерден улам аткарылбаган төлөм документтерин кайтарып берүү учурунда, алардын биринчи нускасынын арткы бетине кайтарылып берилишинин себептери, кайтарылып берилген күндүн датасы, банктын штампы, ошондой эле жооптуу аткаруучунун жана контролдоочу кызматкердин аты-жөнү көрсөтүлүп, белги коюлат.

2.5.4. Төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу учурунда банк, эгерде бул тууралуу мыйзамдарда түздөн-түз каралса, төлөм документтеринде кошумча реквизиттердин көрсөтүлүшүн талап кылууга укуктуу.

2.6. Электрондук төлөм документтерин тариздөө тартиби

2.6.1. Төлөм документтерин электрондук ыкмада сунуш кылуу, эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, электрондук төлөм документтеринин форматтарын, төлөм документтерин алмашуунун электрондук системаларын пайдалануу жана программалык-криптографиялык коргонуу, кардар менен анын банкынын ортосундагы электрондук цифралык колтамга системасын пайдалануу тууралуу макулдашуунун (келишимдин) негизинде жүзөгө ашырылат.

2.6.2. Электрондук цифралык колтамга жөнөтүүчү тарабынан электрондук төлөм документи мыйзамдуу таризделгенинин фактысын тастыктайт.

2.6.3. Электрондук цифралык колтамга менен тастыкталбаган электрондук төлөм документи иштеп чыгууга кабыл алынбайт.

 

III. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасы

 

Төлөө системасы - технологиялар, жол-жоболор, эрежелер, төлөм каражаттарынын өзара байланышкан системасы жана акча жүгүртүлүшүн камсыз кылган акча каражаттарын которуу системасы. Төлөө системасынын иштеши жана анын катышуучуларынын өзара мамилеси мыйзамдар жана тиешелүү эки тараптуу келишимдер менен жөнгө салынат.

3.1. Банк ичиндеги төлөө системасы

3.1.1. Банк ичиндеги төлөө системасы бир эле банкта эсептери ачылган кардарлардын ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө арналган. Банк ичиндеги система боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү кардар менен банктын ортосунда түзүлгөн келишимде, ошондой эле банктын тиешелүү ички ченемдик документтеринде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3.1.2. Банк ичиндеги система боюнча жүргүзүлгөн накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө бирдиктүү реестр түзүлөт. Андагы маалыматтар отчеттордун белгиленген формаларына ылайык дайыма Улуттук банкка берилип турат.

3.2. Банктар аралык төлөө системасы

3.2.1. Банктар аралык клиринг системасы

3.2.1.1. Төлөмдөрдүн банктар аралык клиринг системасы (мындан ары - клиринг системасы) банктардын жана алардын кардарларынын алар боюнча жыйынтыктоочу эсептөөлөрдү дароо жүргүзүү тапап кылынбаган чекене жана утурумдук төлөмдөрдү өткөрүү үчүн арналган.

3.2.1.2. Төлөө системасында операциялардын көлөмүн арттыруунун жана системага катышуучу банктардын корреспонденттик (утурумдук) эсептери боюнча операциялардын санын азайтуунун, ошондой эле эсептешүүлөр үчүн ликвиддүүлүктүн зарыл деңгээлин төмөндөтүүнүн эсебинен төлөө системасынын натыйжалуулугун арттыруу бул системанын максаты болуп саналат.

3.2.1.3. Банктар аралык клиринг системасынын негизги милдети, банктар аралык клиринг системанын бардык катышуучуларынын ортосунда төлөм документтерин ишенимдүү жана коопсуз алмашууну камсыз кылуу, таза позицияларды эсептөөнү өз учурунда жүргүзүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

3.2.1.4. Катышуучулардын төлөмдөрүн клиринг системасы аркылуу өткөрүүнүн эрежелери жана жол-жобосу тиешелүү мыйзамдарда белгиленет.

3.2.1.5. Улуттук банк же болбосо Улуттук банктын лицензиясынын жана уставдын негизинде иш алып барган, акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак клиринг системасынын оператору болушу мүмкүн. Оператор, клиринг системасынын ишин камсыз кылат, клиринг системасынын катышуучуларынын көп тараптуу таза позицияларын эсептөөнүн негизинде төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтөт. Төлөмдүк кызмат көрсөтүүлөр төлөмдөрдү кабыл алууну жана иштетүүнү, таза позицияларды аныктоону, ошондой эле төлөмдөр жөнүндө маалыматтарды топтоону жана катышуучуларга берүүнү камтыйт.

3.2.1.6. Клиринг системасы боюнча төлөмдөрдү өткөрүү клиринг борбору аркылуу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

3.2.1.7. Клиринг системасынын катышуучуларынын жыйынтыктоочу таза позициялары банк-катышуучу аныктаган төлөмдөрдүн артыкчылыктарына ылайык эсептелинет.

3.2.1.8. Клиринг системасында тобокелдиктерди тескөө максатында төмөнкүлөр каралат:

- банк-катышуучунун таза позицияларына лимиттерди белгилөө;

- бир төлөмдүн суммасына лимит белгилөө;

- системага катышуу жана анын талаптарын сактоо боюнча критерийлердин болушу.

3.2.1.9. Банк-катышуучунун таза дебеттик позициясына белгиленген лимиттен ашкан төлөмдөр клиринг системасы тарабынан четке кагалат. Мында, банк-катышуучунун корреспонденттик эсебинде жетиштүү акча каражаттары болгон шартта мындай төлөмдөр эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу төлөнүшү мүмкүн.

3.2.1.10. Клиринг системасында аныкталган жыйынтыктоочу таза позициялар боюнча акыркы эсептөөлөр банк-катышуучунун корреспонденттик (утурумдук) эсептериндеги кредиттик калдыктардын чегинде жана мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

3.2.2. Гросстук эсептешүүлөрдүн банктар арылык системасы

3.2.2.1. Гросстук эсептешүүлөрдүн банктар аралык системасы (мындан ары - гросстук система), банктар аралык финансы рынокторундагы бүтүмдөр боюнча тез жана жыйынтыктоочу эсептешүүлөрдү камсыз кылуу, ири жана тез жөнөтүлүүчү төлөмдөрдү өткөрүү, эларалык төлөө системасына интеграцияланууга багыт алуу үчүн арналган.

3.2.2.2. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда тобокелдиктерди төмөндөтүүнүн, эсептешүүлөргө катышуучуларга ликвиддүүлүктү тескөөнүн натыйжалуу механизмин сунуш кылуунун жана төлөмдөрдү өткөрүү, эсептешүүлөр учурунда коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуунун эсебинен төлөө системасынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, ишенимдүүлүгүн бекемдөө банктар аралык гросстук системанын максаты.

3.2.2.3. Банк-катышуучулардын Улуттук банктагы корреспонденттик (утурумдук) эсептери боюнча ар бир жеке төлөмгө тиешелүү ишенимдүү жана жыйынтыктоочу эсептөөлөрдү дароо жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, системанын катышуучуларына ликвиддүү тескөө механизмдерин берүү жолу менен төлөмдү жөнөтүү жана аны жыйынтыктоочу эсептөөнүн ортосундагы убакытты азайтуу эсептешүүлөрдүн банктар аралык гросстук системасынын негизги милдети.

3.2.2.4. Катышуучулардын гросстук система аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү эрежелери жана жол-жоболору тиешелүү мыйзамдарда белгиленет.

3.2.2.5. Гросстук системанын оператору болуп Улуттук банк саналат. Оператор системанын ишин камсыз кылат жана жекече негизде катышуучулардын төлөмдөр боюнча жыйынтыктоочу эсептөөлөрдү дароо жүргүзүүгө тиешелүү кызматтарды көрсөтөт. Оператордун төлөмдүк кызмат көрсөтүүлөрүнө банктар аралык төлөм документтерин кабыл алуу, иштеп чыгуу жана алар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүлөр, клиринг системасынын банк-катышуучуларынын жыйынтыктоочу таза позициялары боюнча акыркы эсептөөлөрдү жүргүзүү жана финансы рыногундагы операциялар боюнча эсептөөлөр кирет.

3.2.2.6. Гросстук системада ар бир төлөм боюнча эсептөөлөр банк-төлөөчүнүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебиндеги кредиттик калдыктардын чегинде fifo "first i№ - first out" принцибине ылайык жүргүзүлөт.

3.2.2.7. Улуттук банктын гросстук эсептешүүлөрүнүн банктар аралык системасы кезектеги төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн операциялар күндүн акырына карата банктар аралык эсептешүү мүмкүнчүлүгүн жана банктар аралык рыногунда акча каражаттарын алуу жолу менен же Улуттук банктан кайры каржылоо кредитин аркылуу бир күн ичиндеги кредиттерди кайтаруу же кредит алуунун эсебинен күн ичинде алынган кредиттерди кайтаруу мүмкүнчүлүгүн кароого тийиш. Алар боюнча эсептөө эсептешүү терезечеси жабылган учурга карата бүткөрүлбөгөн кезекте турган төлөмдөр кийинкиге калтырылууга (четке кагылууга) тийиш.

3.2.3. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн төлөмдөр системасы

3.2.3.1. Карттарды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр системасы (мындан ары - Система) мекемелердин нормаларынын, эрежелеринин жана программалык-техникалык каражаттарынын жыйындысын түшүндүрөт жана ал Кыргыз Республикасынын аймагында карттарды пайдалануу менен чекене, утурумдук төлөмдөрдү өз учурунда жана коопсуз өткөрүү үчүн арналган.

3.2.3.2. Карттарда пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр ички банктык жана банктар аралык системалар боюнча да жүргүзүлүшү мүмкүн. Ички банктык система боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү банктын ички ченемдик документтери менен жөнгө салынат. Банктар аралык система боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү мыйзамдарда жана (же) эларалык төлөө системаларынын эрежелеринде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3.2.3.3. Операторлор (процессинг борборлору) Системанын катышуучуларынын ортосунда карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр боюнча маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана алмашууну жүзөгө ашырат.

3.2.3.4. Системанын катышуучуларынын карттарды пайдалануу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча жыйынтыктоочу эсептөөлөрү гросстук системада клиринг системасынын жыйынтыктоочу таза позицияларына тиешелүү акыркы эсептөөлөрдү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүү учурунда ишке ашырылат.

 

IV. Накталай эмес төлөмдөрдүн катышуучуларынын өзара мамилеси

 

4.1. Накталай эмес эсептешүүлөрдүн катышуучулары

4.1.1. Төлөмдөрдү жөнөтүшкөн жана алышкан юридикалык жактар жана жеке адамдар, банктар жана төлөө системасынын операторлору накталай эмес эсептешүүлөрдүн катышуучулары болуп саналат.

4.1.2. Улуттук банкта корреспонденттик (утурумдук) эсеби ачылган, системага катышуу жөнүндө келишим түзгөн финансы-кредиттик мекемелер да банктар аралык төлөө системасынын катышуучулары болуп саналат. Келишимди бузуу банктар аралык төлөө системасынын катышуучусунун статусун жоготууга алып келет. Катышуучу мыйзамдарда каралган учурларда келишимди бузбастан эле банктар аралык төлөө системасына катышуу укугунан убактылуу айрылышы мүмкүн.

4.1.3. Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсеби бар жана банктар аралык төлөө системасына түздөн-түз кошулган катышуучу банктар аралык төлөө системасынын тике катышуучусу болуп калат.

4.1.4. Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсеби бар, бирок банктар аралык төлөө системасына түздөн-түз кошулбаган катышуучу банктар аралык төлөө системасынын тикелей эмес катышуучусу болуп калат. Тикелей эмес катышуучу банктар аралык төлөө системасына тике катышуучуларынын бирине кошулуу мүмкүнчүлүгүн ала алат.

4.1.5. Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсеби болбогон жана банктар аралык төлөө системасына түздөн-түз кошулбаган катышуучу банктар аралык төлөө системасынын суб-катышуучусу болуп саналат. Төлөмдөрдүн олуттуу агымын жүзөгө ашыруу зарылчылыгы келип чыккан банк-катышуучулардын ири кардарлары (калкка утурумдук кызматтарды көрсөтүшкөн компаниялар, уюмдар ж.б.) банктар аралык төлөө системасынын суб-катышуучуларынан болушат. Банктар аралык төлөө системасынын суб-катышуучулары система тарабынан банктар аралык төлөө системасынын түздөн-түз катышуучулары аркылуу идентификацияланышат.

4.1.6. Төлөө системасынын ишин камсыз кылган жана төлөө кызматтарын көрсөтүшкөн (төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштетүү, жүргүзүлгөн жана алынган төлөмдөр жөнүндө төлөмдөрдүн катышуучуларына маалымат берүү, төлөмдөрдү жүргүзүү ж.б.) юридикалык жактар - төлөө системаларынын оператору болуп саналышат. Төлөө системасынын түрүнө жараша алар банк ичиндеги төлөө системасынын операторлору, банктар аралык төлөө системасынын операторлору болушу мүмкүн.

4.1.7. Банктар аралык төлөө системасынын операторлору өз ишин мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырышат.

4.1.8. Банк ичиндеги төлөө системасынын операторлору өз ишин банк ичинде иштелип чыккан эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык жүзөгө ашырат.

4.2. Накталай эмес төлөмдөрдүн катышуучуларынын укуктары жана милдеттери

4.2.1. Банктын кардарлары, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, банктык эсептер боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга байланыштуу банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган шарттарда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөп беришет.

4.2.2. Банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык кардарлардын эсебинен (эсебине) өз учурунда акча каражаттарын алып салуу (чегерүү) үчүн жоопкерчилик тартышат.

4.2.3. Кыргыз Республикасынын банктарынын, айрым банктык операцияларды жүзөгө ашырышкан уюмдардын жана четөлкө банктарынын (финансылык институттар) ортосунда жүргүзүлгөн төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө байланыштуу мамилелер алардын ортосунда түзүлгөн келишимдер жана банктык тажрыйбада колдонулган ишкердик мамиленин жол-жоболору менен жөнгө салынат. Эгерде, көрсөтүлгөн төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча аракеттер Кыргыз Республикасында ишке ашырылса, анда бул мамилелер аталган келишимдер жана мыйзамдарга каршы келбеген бөлүгүндө банктык тажрыйбада колдонулган ишкердик жол-жоболор аркылуу жөнгө салынат.