Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1997-жылдын 1-октябры N 68

              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИ

                        (Кыргыз Республикасынын          
 1998-жылдын 21-сентябрындагы N 124, 1999-жылдын 9-декабрындагы N 141,
    2001-жылдын 23-июлундагы N 77, 2001-жылдын 19-ноябрындагы N 92,
    2002-жылдын 12-мартындагы N 36, 2002-жылдын 22-июнундагы N 109,
   2002-жылдын 8-июлундагы N 115, 2002-жылдын 16-октябрындагы N 141,
   2003-жылдын 17-февралындагы N 36, 2003-жылдын 11-июнундагы N 98,
    2003-жылдын 11-июнундагы N 99, 2003-жылдын 11-июнундагы N 100,
  2003-жылдын 5-августундагы N 192, 2003-жылдын 9-августундагы N 193,
 2003-жылдын 24-августундагы N 199, 2003-жылдын 14-ноябрындагы N 221,
  2003-жылдын 15-ноябрындагы N 223, 2004-жылдын 15-февралындагы N 13,
     2004-жылдын 7-мартындагы N 17, 2004-жылдын 23-мартындагы N 46,
    2004-жылдын 26-июлундагы N 99, 2004-жылдын 27-июлундагы N 101,
 2004-жылдын 15-декабрындагы N 191, 2005-жылдын 5-августундагы N 122
     2006-жылдын 5-январындагы N 1, 2006-жылдын 6-февралындагы N 35,
   2006-жылдын 13-февралындагы N 56, 2006-жылдын 13-февралындагы N 57,
     2006-жылдын 8-августу N 156, 2006-жылдын 8-августундагы N 158
                 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

          (Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы
                N 69 мыйзамы менен күчүнө киргизилген)

     ЖАЛПЫ БӨЛҮК
        I БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ
        1-Глава. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
                 милдеттери жана принциптери
        2-Глава. Кылмыш-жаза мыйзамынын колдонулуш чектери
       II БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ
        3-Глава. Кылмыштардын түшүнүгү жана түрлөрү
        4-Глава. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуучу адамдар
        5-Глава. Күнөө
        6-Глава. Аякталган жана аякталбаган кылмыш
        7-Глава. Кылмышка шериктеш болуу
        8-Глава. Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу жагдайлар
      III БӨЛҮМ. ЖАЗА
        9-Глава. Жазанын түшүнүгү жана максаттары. Жазанын түрлөрү
       10-Глава. Жаза белгилөө
       IV БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕН ЖАНА ЖАЗАДАН БОШОТУУ
       11-Глава. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу
       12-Глава. Жазадан бошотуу
       13-Глава. Мунапыс. Кечирим берүү. Соттуулук
        V БӨЛҮМ. ЖАШЫ ЖЕТПЕГЕНДЕРДИН КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИ
       14-Глава. Жашы жетпегендердин кылмыш-жаза жоопкерчилигинин
                 өзгөчөлүктөрү
       VI БӨЛҮМ. МЕДИЦИНАЛЫК МҮНӨЗДӨГҮ МАЖБУРЛООЧУ ЖАНА БАШКА ЧАРАЛАР
       15-Глава. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу жана башка чаралар
     ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК
      VII БӨЛҮМ. ИНСАНГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР
       16-Глава. Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар
       17-Глава. Инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына
                 каршы кылмыштар
       18-Глава. Инсандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык
                 эркиндигине каршы кылмыштар
       19-Глава. Адамдын жана граждандын конституциялык укуктарына
                 жана эркиндиктерине каршы кылмыштар
       20-Глава. Үй-бүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар
     VIII БӨЛҮМ. ЭКОНОМИКА ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КЫЛМЫШТАР
       21-Глава. Менчикке каршы кылмыштар
       22-Глава. Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар
       23-Глава. Мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы
                 кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар
       IX БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ
                 КЫЛМЫШТАР
       24-Глава. Коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар
       25-Глава. Калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка
                 каршы кылмыштар
       26-Глава. Экологиялык кылмыштар
       27-Глава. Транспорт кыймылынын жана аны пайдалануунун
                 коопсуздугуна каршы кылмыштар
       28-Глава. Компьютердик маалыматтар чөйрөсүндөгү кылмыштар
        Х БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШ
       29-Глава. Конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин
                 коопсуздугуна каршы кылмыштар
       30-Глава. Кызматтык кылмыштар
       31-Глава. Сот адилеттигине каршы кылмыштар
       32-Глава. Башкаруу тартибине каршы кылмыштар
       XI БӨЛҮМ. АСКЕРДИК КЫЛМЫШТАР
       33-Глава. Аскердик кылмыштар
      XII БӨЛҮМ. ТЫНЧТЫККА ЖАНА АДАМЗАТ КООПСУЗДУГУНА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР
       34-Глава. Тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар

                              ЖАЛПЫ БӨЛҮК

                                I БӨЛҮМ
                          КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ

                               1-Глава
                  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза
                кодексинин милдеттери жана принциптери

     1-статья. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдары

     (1) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдары Кыргыз Республи-
касынын  Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши та-
рабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде жана  башка  актыларда
камтылган ченемдерге негизделген ушул Кодекстен турат.
     (2) Кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган жањы мыйзамдар ушул Кодекс-
ке киргизилүүгө тийиш.

     2-статья. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
               максаттары жана милдеттери

     (1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин максаттары: кыл-
мыштардын алдын алуу,  граждандардын инсандыгын,  укуктарын жана эркин-
диктерин,  юридикалык жактарды,  менчикти,  жаратылыш чөйрөсүн, коомдук
тартипти   жана  коопсуздукту,  Кыргыз  Республикасынын  конституциялык
түзүлүшүн,  адамдардын тынчтыгын жана коопсуздугун кылмыштуу кол салуу-
лардан коргоо болуп саналат.
     (2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин милдеттери  кыл-
мыш-жаза  жоопкерчилигинин  принциптерин,  кылмыш-жаза жоопкерчилигинин
негиздерин, кылмыштын жалпы түшүнүгүнүн белгилерин, коомдук коркунучтуу
жосундардын чөйрөсүн,  кылмыш жасаган адамдарга карата колдонулуучу жа-
залардын түрлөрүн аныктоо болуп саналат.

     3-статья. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
               принциптери

     (1) Кылмыш-жаза  кодекси мыйзамдуулуктун,  жеке жазалык жоопкерчи-
ликтин,  адилетүүлүктүн,  демократиялуулуктун,  гумандуулуктун, ошондой
эле  граждандардын  мыйзам  алдында  бирдейлигинин жана жасаган кылмышы
үчүн жоопкерчилик тартары шексиз экендигинин принциптерине негизделет.
     (2) Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен күнөөлүү деп  анык-
талмайынча, эч ким кылмыш жасоодо күнөөлүү деп табылышы мүмкүн эмес.
     (3) Бир эле кылмыш үчүн эч ким эки жолу кылмыш-жаза жоопкерчилиги-
не тартылышы мүмкүн эмес.

     4-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинин негизи

     Кылмыш-жаза мыйзамында каралган кылмыш курамынын белгилерин камты-
ган коомдук коркунучтуу жосун жасоо кылмыш-жаза жоопкерчилигинин негизи
болуп саналат.

                                2-Глава
               Кылмыш-жаза мыйзамынын колдонулуш чектери

     5-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган
               адамдарга карата кылмыш-жаза мыйзамынын колдонулушу

     (1) Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган бардык адамдар
ушул Кодекс боюнча жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
     (2) Эгерде кылмыш Кыргыз Республикасынын аймагында  бүтсө  же  ага
бөгөт коюлса, башка мамлекеттин аймагында жасалган кылмыш үчүн жоопкер-
чилик ушул Кодекс боюнча келип чыгат.
     (3) Колдонуудагы  мыйзамдарга  жана  эл аралык келишимдерге ылайык
Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолбой турган чет мамлекет-
тердин  дипломатиялык өкүлдөрү жана башка граждандар Кыргыз Республика-
сынын аймагында кылмыш жасаганда,  алардын кылмыш-жаза жоопкерчилиги эл
аралык укуктун ченемдеринин негизинде дипломатиялык жол менен чечилет.

     6-статья. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кылмыш жасаган
               адамдарга карата кылмыш-жаза мыйзамынын колдонулушу

     (1) Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кылмыш жа-
саган Кыргыз Республикасынын граждандары,  ошондой эле Кыргыз Республи-
касында туруктуу жашаган граждандыгы жок адамдар, чет мамлекеттин соту-
нун өкүмү боюнча жазага тартылышпаса, ушул Кодекс боюнча жоопкерчиликке
тартылууга тийиш.
     (2) Чет  мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган Кыргыз Республикасы-
нын граждандары ошол мамлекетке кармалып берилбейт.
     (3) Кыргыз  Республикасынын  чегинен  тышкары жерде кылмыш жасаган
жана анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы  жок
адамдар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу же жазасын өтөө үчүн эл ара-
лык келишимге ылайык чет мамлекетке кармалып берилиши мүмкүн.

     7-статья. Кылмыш-жаза мыйзамынын убакыт боюнча колдонулушу

     (1) Жосундун кылмыштуулугу жана жазалуулугу  ошол  жосун  жасалган
убакытта колдонулуп жаткан мыйзам тарабынан аныкталат.
     (2) Жосундун жазалуулугун жокко чыгаруучу же  жазаны  жењилдетүүчү
мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулат,  башкача айтканда тийиштүү жо-
сунду мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин жасаган,  анын ичинде жазасын
өтөп жаткан же өтөгөн, бирок соттуулугу бар адамдарга да колдонулат.
     (3) Жосундун жазалуулугун белгилөөчү,  жазаны күчөтүүчү же адамдын
абалын  башкача  түрдө начарлатуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдо-
нулбайт.

                               II БӨЛҮМ
                                КЫЛМЫШ

                                3-Глава
                  Кылмыштардын түшүнүгү жана түрлөрү

     8-статья. Кылмыштын түшүнүгү

     (1) Кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомдук коркунучтуу,  күнөөлүү
жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик) кылмыш катары табылат.
     (2) Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган жосундун  белгилерине
формалдуу  түрдө  туура келген,  бирок анчалык маанилүү болбогондугунан
улам коомго коркунуч келтирбеген аракет же  аракетсиздик  кылмыш  болуп
эсептелбейт.

     9-статья. Кылмыштарды жиктөө (классификациялоо)

     (1) Кылмыштар  мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук даражасына жа-
раша чоњ коркунуч келтирбеген,  анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кыл-
мыштар болуп бөлүнөт.
     (2) Кылмыштын оордугу статьянын санкциясында каралган кыйла катаал
жазанын эњ жогорку мөөнөтү менен аныкталат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     10-статья. Чоњ коркунуч келтирбеген кылмыштар

     Чоњ коркунуч келтирбеген кылмыштарга - эки жылга эркиндигинен ажы-
ратуудан ашпаган эњ жогорку жаза колдонулган,  атайылап жасалган, ошон-
дой  эле  эњ  жогорку жазасы беш жылга эркиндигинен ажыратуудан ашпаган
байкабастыктан жасалган кылмыштар таандык.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     11-статья. Анча оор эмес кылмыштар

     Анча оор эмес кылмыштарга - мыйзам тарабынан  беш  жылдан  ашпаган
мөөнөткө  эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайылап жасалган
кылмыштар,  ошондой эле беш жылдан ашык эркиндигинен  ажыратуу  түрүндө
жаза каралган байкабастыктан жасалган кылмыштар таандык.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     12-статья. Оор кылмыштар

     Оор кылмыштарга  -  мыйзам  тарабынан беш жылдан жогору,  бирок он
жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен  ажыратуу  түрүндө  жаза  каралган
атайылап жасалган кылмыштар таандык.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     13-статья. Өзгөчө оор кылмыштар

     Өзгөчө оор кылмыштарга - мыйзам тарабынан он жылдан ашуун мөөнөткө
эркиндигинен ажыратуу же өлүм жазасы каралган атайылап жасалган кылмыш-
тар таандык.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     14-статья. Бир нече жолу кылмыш жасоо

     Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн бир статьясында же статьясынын бир
бөлүгүндө каралган эки же андан көп  кылмыштарды  жасоо,  ошондой  эле,
эгерде ал жөнүндө ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө атайын көрсөтүлсө, ар
кандай статьяларда каралган эки же андан көп кылмыштарды жасоо бир нече
жолу кылмыш жасоо катары табылат.

     15-статья. Кылмыштар жыйындысы

     (1) Кылмыш-жаза кодексинин ар кайсы статьяларында же статьяларынын
бөлүктөрүндө каралган эки же андан ашуун кылмыштар жасалып, алардын би-
ри үчүн да ал адам соттолбосо, анда ал кылмыштар жыйындысы деп табылат.
Мында адам мыйзамда белгиленген негиздер боюнча кылмыш-жаза  жоопкерчи-
лигинен бошотулган кылмыштар эске алынбайт.
     (2) Ушул Кодекстин эки же андан ашуун статьяларында каралган  кыл-
мыш курамынын белгилерин камтыган бир аракет (аракетсиздик) да, кылмыш-
тар жыйындысы деп табылат.
     (3) Эгерде  кылмыш  жалпы жана атайын ченемдерде каралса жана кыл-
мыштар жыйындысы жок болсо,  кылмыш-жаза жоопкерчилиги атайын ченем бо-
юнча каралат.

     16-статья. Өнөкөт кылмыштар

     (1) Мурда атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адам та-
рабынан атайылап кылмыш жасоо өнөкөт кылмыштар деп табылат.
     (2) Төмөндөгү учурларда өнөкөт кылмыштар коркунучтуу деп табылат:
     1) эгерде  мурда атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн үч жолу эркинди-
гинен ажыратууга соттолгон адам атайылап кылмыш жасаса жана ал үчүн эр-
киндигинен ажыратууга соттолсо;
     2) эгерде  мурда  эки  жолу  оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон
адам оор кылмыш жасаса.
     (3) Төмөндөгү  учурларда  өнөкөт  кылмыштар өзгөчө коркунучтуу деп
таанылат:
     1) эгерде мурда жасаган оор кылмыштары үчүн үч же андан  көп  жолу
эркиндигинен  ажыратууга соттолгон адам атайылап кылмыш жасап,  ал үчүн
эркиндигинен ажыратууга соттолсо;
     2) мурда оор кылмыш жасагандыгы үчүн үч жолу соттолгон же эки жолу
өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам оор кылмыш жасаса;
     3) мурда  өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам өзгөчө
оор кылмыш жасаса.
     (4) Кылмыштарды  өнөкөт  кылмыштар  деп  таанууда  төмөнкүлөр эске
алынбайт:
     1) анчалык оор эмес атайын кылмыш үчүн соттуулук;
     2) он сегиз жашка чейинки адам жасаган кылмыш үчүн соттуулук;
     3) шарттуу деп таанылган кылмыштар үчүн,  болбосо өкүмдү аткарууну
кийинкиге калтыруу берилгендиги боюнча соттуулук, эгерде шарттуу сотту-
улук  же өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу жоюлбаган жана адам жазаны
өтөө үчүн эркинен ажыратуу жайына жөнөтүлбөгөн,  ошондой эле  ушул  Ко-
декстин  76-статьясында  белгиленген  тартипте алып салынган же жоюлган
сотгуулуктар.
     (5) Өнөкөт  кылмыштар  ушул Кодексте каралган негиздерде жана чек-
терде кыйла катуу жазага тартууга алып келет.
     Эскертүү. Он  сегиз  жашка  толо  элек  адам тарабынан 1998-жылдын
1-январына чейин  жасалган  кылмыш  үчүн соттуулук өнөкөт кылмыштар деп
таанууда эске алынбайт.
     Кыргыз Республикасында да кылмыш деп таанылган жосундар  үчүн  чет
мамлекеттеги соттуулук өнөкөт кылмыштар деп таанууда эске алынат.
     (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 12-мартындагы N 36 Мыйзамынын, 
2003-жылдын 11-июнундагы N 99 Мыйзамынын, 2006-жылдын 13-февралындагы N
56 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

                                4-Глава
            Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуучу адамдар

     17-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинин жалпы шарттары

     Кылмыш-жаза жоопкерчилигине ушул Кодексте белгиленген  жашка  жет-
кен, акыл-эси соо, кылмыш жасаган адам гана тартылат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     18-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагы

     (1) Кылмыш жасаганга чейин он алты жашка толгон  адам  кылмыш-жаза
жоопкерчилигине тартылат.
     (2) Кылмыш  жасаганга чейин он төрт жашка толгон балдар киши өлтү-
рүү (97-статья), саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү (104-статья),
саламаттыкка атайылап  анча  оор  эмес оор залал келтирүү (105-статья),
адамды уурдоо  (123-статья),  адамдарды  сатуу  (124-статья), зордуктоо
(129-статья), сексуалдык  мүнөздөгү  зомбулук  аракеттер  (130-статья),
уурдоо (164-статья),  мал  уурдоо (165-статья), тоноо (167-статья), ка-
ракчылык (168-статья),  башка бирөөнүн мүлкүн өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо
(169-статья), опузалап  талап  кылуу (170-статья), автомобилди же башка
автомототранспорт каражатын  укукка  жат түрдө ээлеп алуу (172-статья),
өрттөө аркылуу, башка жалпыга коркунучтуу ыкма менен же оор кесепеттер-
ге алып  келүү  менен  мүлктү  атайылап  жок  кылуу  же зыянга учуратуу
(174-статьянын экинчи бөлүгү), терроризм (226-статья), барымтага кармоо
(227-статья), оордотуучу   жагдайлардагы   хулиганчылык  (234-статьянын
экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү), вандализм (235-статья), ок атуучу курал-
дарды, ок-дарыларды,  жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу
(245-статья), башкага берүү максатында бањгилик каражаттарды же психот-
роптук заттарды  мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же өт-
көрүү (247-статья), бањгилик каражаттарды же психотроптук заттарды уур-
доо же опузалап талап кылуу (248-статья), транспорт каражаттарын же жол
катнашын жараксыз  абалга  келтирүү (283-статья) үчүн кылмыш-жаза жооп-
керчилигине тартылышат.
     (Кыргыз Республикасынын   1998-жылдын   21-сентябрындагы   N  124,
2002-жылдын 8-июлундагы N 115, 2003-жылдын 9-августундагы N 193 мыйзам-
дарынын редакцияларына ылайык)  

     19-статья. Акыл-эси соо эместик

     (1) Коомдук  коркунучтуу  жосун  жасаган  убакта акыл-эси соо эмес
абалда болгон, башкача айтканда психикалык өнөкөт оорусунун, психикасы-
нын убактылуу бузулушунун, кем акылдыгынын же болбосо психикасынын баш-
ка оорулуу абалынын кесепетинен өзүнүн аракеттерине жооп  бере  албаган
же аларды башкара албаган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.
     (2) Акыл-эси соо эмес деп таанылган адамга  карата  сот  тарабынан
ушул  Кодексте каралган медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдо-
нулушу мүмкүн.

     20-статья. Акыл-эси соо, бирок ачууга алдырган адамдын кылмыш-жаза
                жоопкерчилиги

     (1) Кылмыш  жасаган убакта ачууга алдыруудан улам өзүнүн аракетте-
ринин (аракетсиздигинин) анык мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулугун то-
лук  ченемде  ањдап  биле  албаган  же өз аракетин башкара албай калган
акыл-эси соо адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
     (2) Акыл-эси  соо туруп ачууга алдыруу жаза дайындоодо сот тарабы-
нан эске алынат жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын дайындо-
ого негиз болушу мүмкүн.

     21-статья. Мас абалында кылмыш жасаган адамдын кылмыш-жаза
                жоопкерчилиги

     Алкоголдук ичимдик ичүүдөн,  бањгилик каражаттарды же башка дењда-
роо  кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында кылмыш жасаган адам
кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

                                5-Глава
                                 Күнөө

     22-статья. Күнөөнүн түрлөрү

     Атайылап же  байкабастыктан коомдук коркунучтуу жосун жасаган адам
гана кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     23-статья. Атайылап жасалган кылмыш

     (1) Тикелей же кыйыр ниетте жасалган жосун, атайылап жасалган кыл-
мыш деп табылат.
     (2) Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунуч-
туулугун ањдап билсе, анын коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай ал-
са,  алардын ошондой болушун кааласа,  анда ал тикелей ниетте  жасалган
кылмыш деп табылат.
     (3) Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунуч-
туулугун  ањдап  билсе,  коомдук коркунучтуу кесепеттердин келип чыгышы
мүмкүн экендигин баамдай  алса,  аларды  каалабаса,  бирок  ањ-сезимдүү
түрдө аларга жол берсе,  анда ал кыйыр ниетте жасалган кылмыш деп табы-
лат.

     24-статья. Байкабастыктан жасалган кылмыш

     (1) Жењил ойлуулук же этиятсыздык менен жасалган  жосун  байкабас-
тыктан жасалган кылмыш деп табылат.
     (2) Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунуч-
туу  кесепеттерин  баамдай  алса,  бирок жетиштүү негиздер болбосо деле
өзүнө-өзү ишенип аларды болтурбайм деп ойлосо,  кылмыш  жењил  ойлуулук
менен жасалган деп табылат.
     (3) Эгерде адам өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук  кор-
кунучтуу кесепеттерин баамдай албаса, бирок аларды баамдоого тийиш бол-
со жана баамдашы мүмкүн болсо,  кылмыш этиятсыздык менен  жасалган  деп
табылат.

     25-статья. Күнөөсүз зыян келтирүү (кокустук)

     Эгерде жосун жасаган адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук
коркунучтуулугун ањдап билбесе,  билүүгө тийиш болбосо же ањдап  билиши
мүмкүн  болбосо же анын коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай албаса
жана иштин жагдайлары боюнча аларды баамдоого тийиш болбосо же баамдашы
мүмкүн болбосо жосун күнөөсүз жасалган деп табылат.

                                6-Глава
                   Аякталган жана аякталбаган кылмыш

     26-статья. Аякталбаган кылмыш үчүн жоопкерчилик

     (1) Эгерде адам жасаган жосунда ушул Кодексте каралган кылмыш  ку-
рамынын бардык белгилери камтылса, кылмыш аякталган деп табылат.
     (2) Кылмышка даярдануу жана кылмыш далалаты аякталбаган кылмыш деп
табылат.
     (3) Аякталбаган кылмыш үчүн кылмыш-жаза  жоопкерчилиги,  ушул  Ко-
декстин  27  же 28-статьяларына таянуу менен,  ушул Кодекстин аякталган
кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган статьясы боюнча келип чыгат.

     27-статья. Кылмышка даярдануу

     (1) Каражаттарды же куралдарды издөөнү же ылайыктоону тикелей  ни-
етте жасоо, кылмыш жасоо үчүн макулдашуу же болбосо кылмыш жасоого баш-
ка атайылап жасалган шарттарды түзүү, эгерде мында кылмыш адамдарга көз
каранды  эмес  жагдайлар боюнча аягына чыгарылбаса,  кылмышка даярдануу
деп табылат.
     (2) Оор же өзгөчө оор кылмышка даярдануу үчүн гана кылмыш-жаза жо-
опкерчилиги келип чыгат.

     28-статья. Кылмыш далалаты

     Кылмыш жасоого  түздөн-түз  багытталган,  тикелей  ниетте жасалган
аракет же  аракетсиздик, эгерде мында кылмыш адамдарга көз каранды эмес
жагдайлар боюнча аягына чыгарылбаса, кылмыш далалаты деп табылат.

     29-статья. Кылмыш жасоодон өз ыктыяры менен баш тартуу

     (1) Адамдын даярдык аракеттерин токтотушу же болбосо кылмыш жасоо-
го түздөн-түз багытталган аракетти же аракетсиздикти токтотушу,  эгерде
адам кылмышты аягына чыгарууну ањдап билсе жана чыныгы мүмкүнчүлүккө ээ
болсо, кылмыштан өз ыктяры менен баш тартуу деп табылат.
     (2) Жосундан өз ыктыяры менен баш тартуу кылмыш-жаза  жоопкерчили-
гине  алып  келбейт.  Кылмышты  аягына  чыгаруудан өз ыктыяры менен баш
тарткан адам,  эгерде ал жасаган жосун иш жүзүндө башка кылмыштын кура-
мын камтыган учурда гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
     (3) Кылмышты уюштуруучунун,  шыкакчынын же көмөкчүнүн  өз  ыктыяры
менен  баш тартуусу,  эгерде адам кылмыш жасоону болтурбоо үчүн колунан
келген чаралардын бардыгын өз убагында жасаса жана мында кылмыштын  ко-
омдук коркунучтуу кесепеттери али жок болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигин
жокко чыгарат.

                                7-Глава
                        Кылмышка шериктеш болуу

     30-статья. Кылмышка шериктеш болуу

     (1) Эки же андан көп адамдардын кылмыш  жасоого  атайылап  өз  ара
биргелешип катышуусу кылмышка шериктеш болуу деп табылат.
     (2) Аткаруучулар  менен  катар  уюштуруучулар,   шыкакчылар   жана
көмөкчүлөр кылмыш шериктери деп табылат.
     (3) Түздөн-түз кылмыш жасаган же болбосо аны жасоого башка адамдар
менен  бирге  түздөн-түз  катышкан,  ошондой эле мыйзамдын күчүнөн улам
кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбай турган башка адамдарды пайдалану-
унун аркасында кылмыш жасаган адам аткаруучу деп табылат.
     (4) Кылмыш жасоону уюштурган же  аны  аткарууну  жетектеген  адам,
ошого  тете  уюмдашкан  топту же кылмыштуу шериктикти түзгөн же болбосо
аларды жетектеген адам уюштуруучу деп табылат.
     (5) Кылмыш жасоого түрткөн адам шыкакчы деп табылат.
     (6) Кењеш,  көрсөтмөлөр, каражаттар берүү менен же тоскоолдуктарды
жоюу менен кылмыш жасоого көмөктөшкөн адам,  же кылмышкерди, кылмыш жа-
соонун куралдарын же каражаттарын, кылмыш издерин же болбосо кылмыш жо-
лу  менен  табылган  нерселерди  жашырууга алдын ала убада берген адам,
ошого тете мындай нерселерди алууга же өткөрүүгө алдын ала убада берген
адам көмөкчү деп табылат.
     (7) Уюштуруучунун,  шыкакчынын жана көмөкчүнүн жоопкерчилиги атка-
руучунукундай  эле Кылмыш-жаза кодексинин Өзгөчө бөлүгүндөгү статья бо-
юнча, ошол статьяга таянуу менен келип чыгат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     31-статья. Шериктиктин түрлөрү

     (1) Жөнөкөй шериктик,  татаал шериктик,  уюмдашкан топ,  кылмыштуу
чоњ топ кылмыш шериктигинин түрлөрү катары табылат.
     (2) Ар бири кылмыш курамында каралган аракетти жасаган эки же  ан-
дан  көп  адамдардын кылмыш жасашы жөнөкөй шериктик (кошо аткаруучулук)
деп табылат. Жөнөкөй шериктик эки түрдө болушу мүмкүн:
     1) адамдар тобу тарабынан алдын ала бүтүмсүз жасалган;
     2) адамдар тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча жасалган.
     (3) Милдеттерди  (уюштуруучунун,  шыкакчынын,  аткаруучунун   жана
көмөкчүнүн)  бөлүштүрүү менен эки же андан көп адамдар тарабынан кылмыш
жасоо татаал шериктик деп табылат.
     (4) Кылмыш  жасоо  үчүн  алдын  ала уюшуп алган эки жана андан көп
адамдардан турган туруктуу топ уюмдашкан кылмыштуу топ деп табылат.
     (5) Оор жана өзгөчө оор кылмыштарды такай жасоо үчүн алдын ала ую-
шуп алган эки же андан көп адамдардын же топтордун туруктуу  бекем  би-
рикмеси кылмыштуу чоњ топ деп табылат.

     32-статья. Кылмышты аткаруучунун аша чапкандыгы

     Аткаруучу тарабынан катышуучулардын макулдашуусунун чегинен чыккан
жана алардын ниетине туура келбеген аракеттерди жасашы аткаруучунун аша
чапкандыгы деп табылат.

     33-статья. Уюмдашкан топ тарабынан жасалган кылмыштар үчүн
                жоопкерчилик

     (1) Адамдардын уюмдашкан тобун түзгөн  же  ага  жетекчилик  кылган
адам,  анын ниети боюнча бул топ жасаган бардык кылмыштар үчүн жоопкер-
чилик тартат.
     (2) Уюмдашкан  топтун башка катышуучулары,  топтун курамындагы ат-
карган иштерине карабай өздөрүнүн ниети боюнча  уюмдашкан  топ  жасаган
кылмыштар үчүн жоопкерчилик тартышат.

     34-статья. Кылмыштуу чоњ топ жасаган кылмыштар үчүн жоопкерчилик

     (1) Кылмыштуу  чоњ  топтун уюштуруучусу жана жетекчиси,  кылмыштуу
чоњ топтогу  адамдардын  ниети  боюнча  жасалган  жана  бул  чоњ  топту
түзүүнүн кылмыштуу максаттарына ылайык келген кылмыштар үчүн жоопкерчи-
лик тартат.
     (2) Кылмыштуу  чоњ  топтун  мүчөлөрү  чоњ топто аткарган кылмыштуу
милдеттерине карабай чоњ топто жасалган бардык кылмыштар  үчүн,  эгерде
ал кылмыштар алардын ниети боюнча жасалса, кылмыштуу чоњ топту түзүүнүн
максаттарынын чөйрөсүнө кирсе, кылмыш шериктиктери катары жооп беришет.

     35-статья. Жашыруучулук

     (1) Кылмышкерди,  ошого тете кылмыш жасоонун куралдарын жана кара-
жаттарын,  кылмыштын издерин же болбосо кылмыш жолу менен табылган нер-
селерди алдын ала убада бербестен жашыруу,  ушул Кодексте каралган ата-
йын учурларда гана жоопкерчиликке алып келет.
     (2) Шектүүнүн, айыпкердин же соттолуучунун жубайы же жакын тууган-
дары  алдын ала убада бербестен жашыргандыгы үчүн жоопкерчиликке тарты-
лышпайт.

                                8-Глава
           Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу жагдайлар

     36-статья. Коргонуу зарылдыгы

     (1) Коргонуу учурундагы, башкача айтканда, коргонуучунун, же башка
адамдардын инсандыгын жана укуктарын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчы-
лыктарын коомдук коркунучтуу кол салуудан коргоодо  кол  салган  адамга
залал келтирүү, эгерде анда коргонуу зарылдыгынын чектеринен аша чабуу-
га жол берилбесе, кылмыш болуп саналбайт.
     (2) Кол  салуудан кутулуу же болбосо башка адамдарга же бийлик ор-
гандарына жардам сурап кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө карабастан ар  бир  адам
коргонуу зарылдыгына укуктуу.
     (3) Кол салуунун мүнөзүнө жана коркунучтуулугуна коргонуунун  ачык
дал  келбеши  коргонуу  зарылдыгынын  чектеринен аша чабуу деп табылат.
Мындай учурда кол салуучуга байкабастыктан залал  келтирүү  кылмыш-жаза
жоопкерчилигине алып келбейт.

     37-статья. Аргасыз зарылдык

     (1) Аргасыз зарылдык абалында,  башкача айтканда ошол  адамдын  же
башка  адамдардын  инсандыгына же укуктарына,  коомдун жана мамлекеттин
кызыкчылыктарына келтирилген коркунучту жоюу үчүн укук тарабынан корго-
луучу таламдарга зыян келтирүү, эгерде бул жагдайларда коркунучту башка
каражаттар менен жоюуга мүмкүн болбосо  жана  эгерде  келтирилген  зыян
болтурулбаган зыяндан кыйла аз болсо, кылмыш деп табылбайт.
     (2) Болтурулбаган зыянга тете же андан чоњ зыян келтирген,  келти-
рилген коркунучтун мүнөзүнө жана даражасына жана коркунуч жоюлуучу жаг-
дайларга айкын-ачык ылайык келбеген зыян келтирүү  аргасыз  зарылдыктын
чектеринен  аша чабуу деп табылат.  Мындай учурда байкабастыктан келти-
рилген зыян кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга алып келбейт.

     38-статья. Кылмыш жасаган адамды кармоодо ага зыян келтирүү

     (1) Эгерде кармалган адам жасаган жосундун мүнөзүнө  жана  коомдук
коркунучтуулугунун  даражасына жана кармоонун жагдайларына кармоо чара-
ларынын ылайыксыздыгына ачык жол берилбесе, кармалганды бийлик органда-
рына  өткөрүп  берүү  максатында,  аны  кылмыш  жасап  жаткан учурда же
түздөн-түз жасагандан кийин кармоодо ага зыян  келтирүү,  кылмыш  болуп
саналбайт.
     (2) Кармоонун каражаттары менен ыкмалары жосундун коркунучтуулугу-
на жана аны жасаган адамга,  ошондой эле  кармоонун  жагдайларына  ачык
ылайык келбегенде, натыйжада адамга кармоонун зарылчылыгынан келип чык-
паган, атайылап зыян келтирилгенде, адамды кармоо үчүн зарыл чаралардан
аша  чабуу  деп табылат.  Мындай учурда байкабастыктан келтирилген зыян
кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга алып келбейт.

     39-статья. Буйрукту же башка тескөөнү аткаруу

     (1) Адам  тарабынан буйрукту же башка тескөөнү,  ошого тете өзүнүн
кызматы боюнча каралган милдеттерин укук ченемдүү аткарууда келтирилген
зыян кылмыш болуп саналбайт.
     (2) Кылмыштуу экендиги белгилүү буйрук же башка тескөө боюнча кыл-
мыш  жасаган адам,  жалпы негиздерде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тарты-
лат.
     (3) Эгерде укукка жат негизде берилген буйрукту,  тескөөнү же кыз-
маттык милдеттерин аткарбаган же башкача бузган адам ал  иш  үчүн  кыл-
мыш-жаза  жоопкерчилигине тартылбайт.  Эгерде иш жүзүндө жасалган жосун
башка кылмыштын курамын камтыган учурда гана жоопкерчилик келип чыгат.

     40-статья. Орундуу тобокелдик

     (1) Коомдук  пайдалуу максатка жетишүү үчүн орундуу тобокелдик жа-
салган учурда укук тарабынан  корголуучу  таламдарга  келтирилген  зыян
кылмыш болуп саналбайт.
     (2) Эгерде жасалган аракет азыркы  илимий-техникалык  илим-билимге
жана  тажрыйбага  ылайык келсе,  ал эми коюлган максатка тобокелчиликке
байланышпаган аракеттер менен жетишүүгө мүмкүн болбосо жана  тобокелчи-
ликке  барган  адам укук тарабынан корголуучу таламдарга зыян келтирбөө
үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын көрсө,  тобокелчилик негиздүү  деп
табылат.
     (3) Эгерде тобокелчилик,  адамдардын өлүм  коркунучу,  экологиялык
апаат  менен,  же болбосо атайылап башка оор кесепеттер менен коштолсо,
ал негиздүү деп табылбайт.

                              III БӨЛҮМ
                                 ЖАЗА

                                9-Глава
                   Жазанын түшүнүгү жана максаттары.
                            Жазанын түрлөрү

     41-статья. Жазанын түшүнүгү жана максаттары

     (1) Жаза бул кылмыш жасоодо күнөөлүү деп  табылган  адамга  карата
мамлекеттин  атынан  соттун  өкүмү боюнча колдонулуучу жана соттолгонду
укуктарынан жана эркиндиктеринен ажыратууну же чектөөнү билдирген  маж-
бурлоо чарасы болуп эсептелет.
     (2) Жаза социалдык адилеттикти калыбына  келтирүү,  соттолгондорду
оњ  жолго салуу,  ошондой эле соттолгондор тарабынан да,  башка адамдар
тарабынан да башка кылмыштардын жасалышынын  алдын  алуу  максаттарында
колдонулат.
     (3) Жаза адамды азапка салуу же анын кадыр-баркын кемсинтүү макса-
тын көздөбөйт.

     42-статья. Жазанын түрлөрү

     (1) Кылмыш жасаган адамдарга төмөндөгүдөй негизги жазалар:
     1) коомдук жумуштарга тартуу;
     2) айып;
     3) үч эселенген айып;
     4) белгилүү  кызматтарды  ээлөө  же  белгилүү иш жүргүзүү укугунан
ажыратуу;
     5) тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо;
     6) камакка алуу;
     7) эркиндигинен ажыратуу;
     8) өлүм жазасы колдонулушу мүмкүн.
     (2) Соттолгондорго  карата  негизги  жазалардан тышкары төмөнкүдөй
кошумча жазалар:
     1) атайын же аскердик наамдан ажыратуу;
     2) мүлкүн конфискациялоо колдонулушу мүмкүн.
     (3) Айып  жана  белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү
укугунан ажыратуу  негизги  да,  кошумча  да  жаза  катары  колдонулушу
мүмкүн.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     43-статья. Коомдук жумуштарга тартуу

     (1) Коомдук  жумуштар соттолгондун негизги ишинен же окуусунан бош
убагында коомдун пайдасына  акысыз  эмгектенишин  билдирет,  анын  түрү
өкүмдү аткарууну жүргүзгөн органдар тарабынан аныкталат.
     (2) Коомдук жумуштар кырктан эки жүз кырк саатка чейинки узактыкта
белгиленет.  Соттолгондор  тарабынан,  негизги  ишинен же окуусунан бош
убагында коомдук жумуш күнүнө төрт сааттан ашпаган,  ал эми  иштебеген-
дерге күнүнө сегиз сааттан ашпаган убакытка акысыз өтөлөт.
     (3) Соттолгон адам коомдук жумуштарды аткаруудан кыянаттык  менен
баш  тартканда  судья  жумушту аныктаган органдардын өтүнүчү боюнча аны
айып,  үч эселенген айып,  белгилүү кызматтарды ээлөө  же  белгилүү  иш
жүргүзүү  укугунан  ажыратуу,  болбосо  ушул адам күнөөлүү деп табылган
Мыйзамдын санкциясында каралган камакка алуу менен алмаштыра алат.
     Соттолгон адам  иштеген  убакыт жоопкерчиликти жењилдетүүчү жагдай
катары каралат.
     (4) Коомдук жумуштар:
     1) аскер кызматчыларына;
     2) 55 жаштан ашкан аялдарга жана 60 жаштан ашкан эркектерге;
     3) кош бойлуу аялдарга;
     4) баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөн аялдарга;
     5) I жана II топтогу майыптарга;
     6) жашы жетпегендерге дайындалышы мүмкүн эмес.
     Эскертүү. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүн колдонууда белгилүү  кыз-
маттарды  ээлөө  же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуунун,  камакка
алуунун  мөөнөтү,  айыптын,  үч  эселенген  айыптын  өлчөмү  ушул  адам
күнөөлүү деп таанылган мыйзамдын санкциясынын чектеринде аныкталат.
     Эгерде ушул адам күнөөлүү  деп  таанылган  мыйзамдын  санкциясынын
чектеринде  эркиндигинен  ажыратуу  каралган учурда да коомдук жумуштар
камакка алуу менен алмаштырылышы мүмкүн.  Мында камакка алуунун мөөнөтү
ушул Кодекстин 48-статьясына ылайык аныкталат.
     (Кыргыз Республикасынын   1998-жылдын   21-сентябрындагы   N  124,
2002-жылдын 12-мартындагы N 36 мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

     44-статья. Айып

     (1) Айып - ушул Кодексте каралган учурларда жана чектерде, сот та-
рабынан салынуучу акчалай өндүрүү.
     (2) Күнөөкөргө айып жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана оордугуна жа-
раша, эсептик  көрсөткүчтүн жыйырмадан бир мињге чейинки өлчөмүндө бел-
гиленет.
     (3) Айып  кошумча жаза катары мыйзамда каралган учурларда гана да-
йындалышы мүмкүн.
     (4) Айып   төлөөдөн   баш  тартылган  учурда,  ал  ушул  Кодекстин
48-статьясында каралган мөөнөттүн чектериндеги камак  менен  алмаштыры-
лат.

     45-статья. Үч эселенген айып

     (1) Үч эселенген айып сот тарабынан келтирилген зыяндын үч эселен-
ген өлчөмүндө салынуучу акчалай же натуралай түрдө өндүрүп алуу.
     (2) Үч  эселенген айыптын эки бөлүгү материалдык жана моралдык зы-
яндын ордун  толтуруу  үчүн  жабырлануучунун пайдасына, үчүнчү бөлүгү -
мамлекеттин пайдасына  өндүрүлөт.  Бул жаза атайылап кылмыш жасагандыгы
үчүн биринчи жолу соттолуп жаткандарга колдонулат.

     46-статья. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү
                укугунан ажыратуу

     (1) Белгилүү  кызматтарды  ээлөө  же белгилүү иш жүргүзүү укугунан
ажыратуу сот тарабынан негизги жаза катары бир жылдан беш жылга чейинки
мөөнөткө  же  кошумча  жаза катары бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө
дайындалышы мүмкүн.
     (2) Адам жасаган кылмыштын мүнөзүнө таянуу менен сот белгилүү кыз-
маттарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугун сактоону мүмкүн эмес  деп
тапса,  эгерде  бул  чара ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьяларында
каралбаса,  күнөөкөр тарабынан жасалган кылмыштын мүнөзүнө жараша  бел-
гилүү  кызматтарды  ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу ко-
шумча жаза катары сот тарабынан дайындалышы мүмкүн.
     (3) Бул  жазаны эркиндигинен ажыратууга, тартиптик аскер бөлүгүндө
кармоого же  камакка  алууга  кошумча катары дайындоодо мөөнөттүн өтүшү
өкүмдө белгиленген  негизги  жазаны  өтөгөндөн кийин башталат. Белгилүү
кызматтарды ээлөө  же  белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууну жазанын
башка түрлөрүнө кошумча катары дайындоодо, ошондой эле шарттуу соттоодо
анын мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып эсептелет.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     47-статья. Тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо

     Тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо ушул Кодексте каралган учурларда,
ошондой эле  сот  кылмыштын жагдайларын жана айыпкердин инсандыгын эске
алуу менен  эки жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуунун ордуна
ошол эле  мөөнөткө  тартиптик бөлүктө кармоону зарыл деп тапканда, мөө-
нөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына карата алты айдан эки жылга чей-
инки мөөнөткө колдонулат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     48-статья. Камакка алуу

     (1) Камакка алуу адамды өзгөчө бөлүп кармоо  шарттарында  кармоону
билдирет.
     (2) Камак бир айдан алты айга чейинки мөөнөттө белгиленет.
     (3) Жазаны  өтөөдөн  качкандыгы  үчүн белгиленген коомдук иштердин
ордуна камакка алуу белгиленген учурда камакка алуу бир айдан кем  эмес
мөөнөткө белгилениши мүмкүн.
     (4) Камакка алуу кош бойлуу аялдарга,  жашы жете элек балдары  бар
аялдарга,  өкүм  чыгарылган  учурга карата он алты жашка чыга элек жашы
жетпегендерге колдонулбайт.
     (5) Аскер кызматчылары камакты гауптвахтада өтөшөт.

     49-статья. Эркиндигинен ажыратуу

     (1) Эркиндигинен  ажыратуу - соттолгон адамды жатак-абакка жөнөтүү
же жалпы,  күчөтүлгөн,  өзгөчө,  катуу тартиптеги абактарга, же болбосо
түрмөгө жайгаштыруу  жолу  менен  коомдон мажбурлап өзгөчө бөлүп кармоо
дегенди билдирет.
     (2) Эркиндигинен   ажыратуу   алты  айдан  жыйырма  жылга  чейинки
мөөнөткө белгиленет.
     (3) Кылмыштар  жыйындысы  боюнча жазаларды белгилөөдө эркиндигинен
ажыратууну жарым-жартылай же толук кошкон учурда эркиндигинен ажыратуу-
нун эњ чоњ мөөнөтү жыйырма беш жылдан,  ал эми өкүмдөрдүн жыйындысы бо-
юнча отуз жылдан ашпоого тийиш.
     (4) Өлүм  жазасы кечирим берүү тартибинде отуз жылдык мөөнөткө эр-
киндигинен ажыратууга алмаштырылышы мүмкүн.
     (5) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон эркектерге жазаны:
     1) байкабастыктан  биринчи  жолу жасаган кылмыштар үчүн беш жылдан
ашпаган мөөнөткө  эркиндигинен  ажыратууга  соттолгон  адамдарды  - жа-
так-абактарында;
     2) чоњ коркунуч келтирбеген атайын кылмыштар, ошондой эле анча оор
эмес кылмыштар жасагандыгы үчүн эркиндигинен  ажыратууга  биринчи  жолу
соттолгон адамдарды,  ошого тете байкабастыктан жасалган кылмыштар үчүн
беш жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон  адамдарды,
- жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында;
     3) оор же өзгөчө оор кылмыштарды  жасагандыгы  үчүн  биринчи  жолу
соттолгон адамдарды, - күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында;
     4) эгерде адам эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны  мурда  өтөсө,
өнөкөт  кылмыштар  учурунда,  ошондой  эле коркунучтуу өнөкөт кылмыштар
учурунда - катуу тартиптеги түзөтүү абактарында;
     5) өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар учурунда,  ошондой эле өлүм
жазасына тартуу түрүндөгү жазасы кечирим берүү тартибинде  эркиндигинен
ажыратууга алмаштырылган адамдарга, - өзгөчө тартиптеги түзөтүү абакта-
рында өтөө дайындалат.
     (6) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон аялдарга жазаны:
     1) байкабастыктан  жасалган  кылмыштар  үчүн  беш  жылдан  ашпаган
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон аялдарга, - жатак абактарда;
     2) өзгөчө оор  кылмыштар  үчүн  соттолгон  аялдарга,  ошондой  эле
өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар учурунда,  - катуу тартиптеги абак-
тарда;
     3) башка  соттолгондорго  - жалпы тартиптеги абактарда өтөө чекте-
лет.
     (7) Өзгөчө  оор  кылмыш  жасагандыгы  үчүн эркиндигинен ажыратууга
соттолгон адамдарга,  ошондой эле өзгөчө коркунучтуу  өнөкөт  кылмыштар
учурунда  жазанын  бир бөлүгүн түрмөдө өтөө чектелиши мүмкүн,  бирок ал
беш жылдан ашпоого тийиш.
     (8) Сот өкүм чыгарган учурда он сегиз жашка чыга элек эркиндигинен
ажыратууга соттолгон адамдар жалпы же күчөтүлгөн  тартиптеги  тарбиялоо
абактарына жайгаштырылат.
     9) Соттолгонго дайындалган түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү Кыр-
гыз  Республикасынын  мыйзамдарында белгиленген негиздер жана тартиптер
боюнча сот тарабынан жүргүзүлөт.

     50-статья. Өлүм жазасы

     (1) Өлүм жазасы - жазанын өзгөчө чарасы катары өмүргө кол  салууга
байланышкан өзгөчө оор кылмыш үчүн гана белгилениши мүмкүн.
     (2) Өлүм  жазасы  аялга  жана жашы жете элек кезде  кылмыш жасаган
балага карата колдонулбайт.
     (Кыргыз Республикасынын  1998-жылдын 21-сентябрындагы N 124 мыйза-
мынын редакциясына ылайык)
   

     51-статья. Атайын же аскердик наамдан ажыратуу

     Оор же өзгөчө оор кылмыш үчүн соттоодо атайын  же  аскердик  наамы
бар адам соттун өкүмү боюнча ал наамдан ажыратылышы мүмкүн.
 
     52-статья. Мүлктү конфискациялоо

     (1) Мүлктү конфискациялоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тара-
бынан белгиленген тартипте кайтарылууга тийиш болгон мүлктү кошпогондо,
соттолуучунун кылмыш жасоо үчүн кызмат кылган же ага арналган же болбо-
со кылмыштын натыйжасында алынган мүлкүн мамлекеттин менчигине  мажбур-
лап акысыз алып коюуда турат.  Эгерде мүлктүн бир гана бөлүгү конфиска-
цияланууга тийиш болсо,  сот мүлктүн кайсы бөлүгү конфискациялана  тур-
гандыгын  даана  көрсөтүүгө  же  конфискациялануучу  буюмдарды тизмелеп
берүүгө тийиш.
     (2) Мүлктү конфискациялоо ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү
статьяларында  каралган  пайда көздөөгө ниеттенүү менен жасалган оор же
өзгөчө оор кылмыштар үчүн гана сот тарабынан дайындалышы мүмкүн.
     (3) Эгерде соттолуучунун карыздары жана милдеттенмелери тергөө ор-
гандары же сот тарабынан мүлктү сактоо боюнча чаралар көрүлгөндөн кийин
жана анын үстүнө бул органдардын макулдугусуз келип чыкса,  мүлктү кон-
фискациялоодо мамлекет алар үчүн жооп бербейт.
     (4) Мамлекет конфискацияланган мүлктүн эсебинен канааттандырылуучу
дооматка карата активдин чектеринде гана жооп берет,  мында дооматтарды
канааттандыруунун кезектүүлүгүнө карата Кыргыз Республикасынын Жарандык
процесстик кодексинде белгиленген эрежелер сакталат.
     (Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-ноябрындагы N 92 мыйзамынын
редакциясына ылайык)     

                               10-Глава
                             Жаза белгилөө

     53-статья. Жаза белгилөөнүн жалпы негиздери

     (1) Сот жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган ушул Кодекстин
Өзгөчө бөлүгүнүн статьяларында белгиленген чектерде жана ушул Кодекстин
Жалпы  бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен жаза белгилейт.  Жазаны бел-
гилөөдө сот жасалган  кылмыштын  мүнөзүн  жана  коомдук  коркунучтуулук
дењгээлин,  иштин жүйөлөрүн, күнөөкөрдүн жүрүш-турушун, келтирилген зы-
яндын мүнөзүн жана өлчөмүн, жоопкерчиликти жењилдетүүчү жана оордотуучу
жагдайларды эске алат.
     (2) Кылмыш жасаган адамга,  анын оњолушуна жана жањы  кылмыштардын
алдын  алуу  үчүн зарыл жана жетишерлик болгон адилет жаза дайындалууга
тийиш.  Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү  статьясында  каралган
башка, кыйла жењил жаза менен жетишүүгө мүмкүн болбогон шартта гана эр-
киндигинен ажыратуу жазасы белгилениши мүмкүн.

     54-статья. Жоопкерчиликти жењилдетүүчү жагдайлар

     (1) Төмөндөгүлөр:
     1) күнөөсүн мойнуна алып келүү, чын дилинен өкүнүү, кылмышты ачуу-
га жигердүү көмөк көрсөтүү;
     2) келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу түрдө толтуруу же четтетүү;
     3) жеке,  үй-бүлөлүк жана башка оор жагдайлардын чырмалышынан улам
кылмыш жасоо;
     4) коркутуунун же мажбурлоонун таасиринен же болбосо  материалдык,
кызматтык же башка жагынан көз карандылыктан улам,  ошондой эле мыйзам-
сыз буйрукту же тескөөнү аткарган учурда кылмыш жасоо;
     5) жабырлануучунун  зомбулук  көрсөтүшүнөн,  катуу  кордошунан  же
укукка жат башка аракеттеринен улам келип чыккан ачууга өтө жењдирүүнүн
таасиринен кылмыш жасоо;
     6) аргасыз коргонуунун,  өтө зарылчылдыктын, кылмыш жасаган адамды
кармоонун укукка ылайыктуу шарттарын бузуу менен кылмыш жасоо;
     7) жашы жетпегендердин кылмыш жасашы;
     8) кош  бойлуу  аялдын  кылмыш  жасашы жоопкерчиликти жењилдетүүчү
жагдайлар катары табылат.
     (2) Жаза белгилөөдө сот ушул статьяда көрсөтүлбөгөн жагдайларды да
жењилдетүүчү жагдайлар деп таанышы мүмкүн.
     (3) Ушул  Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясында кылмыштын белгиси
катары каралган жењилдетүүчү жагдай, жаза белгилөөдө кайрадан эске алы-
нышы мүмкүн эмес.
     (4) Күнөөсүн моюнга  алып  келүүдө  же  кылмышты  ачууга  жигердүү
көмөктөшүүдө жана оордотуучу жагдайлар жок болгондо, жазанын мөөнөтү же
өлчөмү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн  тийиштүү  статьясында  каралган
жазанын  эњ катаал түрү үчүн белгиленчү мөөнөтүнүн же өлчөмүнүн төрттөн
үч бөлүгүнөн ашышы мүмкүн эмес.

     55-статья. Жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар

     (1) Төмөндөгүлөр:
     1) бир нече жолу кылмыш жасоо, өнөкөт кылмыштар, кылмыштарды кесип
катары жасоо;
     2) адамдар тобунун,  алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобунун,  уюм-
дашкан топтун же кылмыштуу чоњ топтун (кылмыштуу уюмдун) курамында кыл-
мыш жасоо;
     3) жеке пайдасын көздөп же башка ыплас  максаттардан  улам  кылмыш
жасоо;
     4) өзүнүн кызматтык же коомдук милдетин аткарып жүргөн кызмат ада-
мына же анын жакын туугандарына карата кылмыш жасоо;
     5) кылмыш аркылуу оор кесепеттерге алып келүү;
     6) жаш балага, карыган адамга же алсыз абалдагы адамга карата кыл-
мыш жасоо;
     7) күнөөкөр үчүн кош бойлуулугу алдын ала  белгилүү  аялга  карата
кылмыш жасоо;
     8) күнөөкөргө материалдык,  кызматтык же  башка  көз  карандылыкта
турган адамга карата кылмыш жасоо;
     9) жаш баланы же күнөөкөр үчүн психикалык оорусу же  кем  акылдыгы
алдын-ала белгилүү адамды пайдалануу менен кылмыш жасоо;
     10) өзгөчө ырайымсыздык же кордоо менен кылмыш жасоо;
     11) коомдук кырсыктын, массалык тартипсиздиктин шарттарын пайдала-
нуу менен, же өзгөчө абалдын мезгилинде кылмыш жасоо;
     12) жалпыга коркунучтуу ыкма менен кылмыш жасоо;
     13) курал-жаракты,  ок-дарыны  жарылуучу  заттарды,  жарылуучу  же
аларга окшош түзүлүштөрдү, атайын жасалган техникалык каражаттарды, уу-
луу жана радиоактивдүү заттарды, дарылык жана башка химиялык-фармаколо-
гиялык препараттарды пайдалануу менен,  ошондой эле күчкө салып же пси-
хикалык жактан мажбурлоону колдонуу менен кылмыш жасоо;
     14) башка  кылмышты  жашыруу  же аны жасоону жењилдетүү максатында
кылмыш жасоо жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар катары каралат;
     15) адамдын  ден соолугуна же  өмүрүнө  коркунуч  келтирүүчү  эзүү
максатында кылмыш жасоо.
     (2) Кылмыштын  мүнөзүнө  жараша  сот биринчи бөлүктө саналып өткөн
жагдайлардын ар бирин оордотуучу жагдай катары эсептебей  коюуга  укук-
туу.
     (3) Жаза белгилөөдө сот ушул  статьяда  көрсөтүлбөгөн  жагдайларды
оордотуучу жагдай катары тааный албайт.
     (4) Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясында кылмыш белгиси ка-
тары каралган оордотуучу жагдай,  жаза белгилөөдө кайрадан эске алынышы
мүмкүн эмес.
     (КР 2003-жылдын   9-августундагы   N   193 мыйзамынын редакциясына
ылайык)

     56-статья. Мыйзамда каралгандан жењилирээк жаза белгилөө

     (1) Сот, жосундун коомдук коркунучтуулук дењгээлин кыйла төмөндөт-
көн иштин  өзгөчө  жагдайларын, ошондой эле күнөөкөрдүн инсандыгын эске
алып жана  ага  ошол кылмыш үчүн мыйзамда каралган ылдыйкы чектен төмөн
жаза белгилөөнү,  же  башка,  кыйла  жењил жаза түрүнө өтүүнү зарыл деп
таап жүйөлөрүн  милдеттүү  түрдө көрсөтүү менен мындай жењилдетүүгө жол
бере алат.  Мында жазанын мөөнөтү жана өлчөмү ушул Кодекстин 43-статья-
сынын экинчи бөлүгүндө, 44-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 45-статьясынын
биринчи бөлүгүндө,  46-статьясынын  биринчи  бөлүгүндө, 47-статьясында,
48-статьясынын экинчи  бөлүгүндө,  49-статьясынын  экинчи бөлүгүндө, 80
жана 81-статьяларында жазанын ушул түрү үчүн каралган эњ төмөнкү чектен
төмөн болушу мүмкүн эмес.
     (2) Сот ошол эле негиздөө боюнча,  ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн
жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган статьясына ылайык милдеттүү
болгон кошумча жазаны колдонбой кое алат.
     (3) Айрым  жењилдетүүчү жагдайлар,  ошондой эле андай жагдайлардын
жыйындысы да өзгөчө жагдайлар деп таанылышы мүмкүн.
     (Кыргыз Республикасынын  2002-жылдын 12-мартындагы N 36 мыйзамынын
редакциясына ылайык)

     57-статья. Кылмышка даярдануу, кылмыш далалаты үчүн жана кылмыш
                жасоого кошо катышкандыгы үчүн жаза белгилөө

     (1) Кылмышка  даярдануу  жана кылмыш далалаты үчүн жаза белгилөөдө
сот күнөөкөр жасаган аракеттердин мүнөзүн жана  коомдук  коркунучтуулук
дењгээлин, кылмыштуу ниеттин жүзөгө ашырылышынын дењгээлин жана кылмыш-
тын аягына чыкпай калышына таасир эткен себептерди эске алат.
     (2) Кылмышка  шериктеш  болгондорго жаза белгилөөдө сот алардын ар
биринин кылмышты жасоого катышуусунун мүнөзүн жана дењгээлин эске алат.
Ар  бир  шериктин инсандыгына таандык оордотуучу жана жењилдетүүчү жаг-
дайлар, сот тарабынан ошол шерикке жаза колдонууда гана эске алынат.

     58-статья. Өнөкөт кылмыштар учурунда жаза белгилөө

     (1) Өнөкөт, коркунучтуу өнөкөт жана өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кыл-
мыштар үчүн жаза белгилөөдө жасалган кылмыштардын саны, мүнөзү, оордугу
жана кесепеттери,  мурдагы жазанын түзөтүүчү таасирин  жетишсиз  кылган
жагдайлар,  ошондой эле жањы кылмыштардын мүнөзү, оордугу жана кесепет-
тери эске алынат.
     (2) Өнөкөт  кылмыштар үчүн жазанын өлчөмү жасалган кылмыш үчүн ка-
ралган эњ жогорку жазанын жарымынан,  коркунучтуу өнөкөт кылмыштар үчүн
- үчтөн  экисинен, ал эми өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш үчүн төрттөн
үчүнөн кем болбоого тийиш.
     (3) Ушул  Кодекстин  56-статьясында каралган өзгөчө жагдайлар бол-
гондо өнөкөт, коркунучтуу өнөкөт же өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар
үчүн жаза ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган чектөөлөрдү эске ал-
бастан белгиленет.

     59-статья. Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө

     (1) Кылмыштар жыйындысы боюнча сот ар бир кылмыш боюнча өзүнчө жа-
за  белгилеп,  ушул Кодекстин 49-статьясында белгиленген чектерде толук
же жарым-жартылай кошуу жолу менен жазаны биротоло белгилейт.
     (2) Сот негизги жазага,  адам жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табыл-
ган кылмыштар үчүн белгиленген кошумча жазаларды кошуп кое алат.
     (3) Эгерде кылмыштар жыйындысына кирген, аларга карата ушул Кодек-
сте алмаштыруу  (эсепке алуу) мүмкүнчүлүгү каралбаган кылмыштар үчүн ар
кандай түрдөгү жазалар белгиленсе, алар өз алдынча аткарылат.
     (4) Эгерде  иш  боюнча өкүм чыгарылгандан кийин соттолгон адамдын,
биринчи иш боюнча өкүм чыкканга чейин ал тарабынан жасалган башка  кыл-
мыш  үчүн  күнөөлүү экендиги айкындалса,  жаза ушул эле эрежелер боюнча
дайындалат.  Мындай учурда жаза мөөнөтүнө биринчи өкүм  боюнча  өтөлгөн
жаза кошулуп эсептелет.
     (Кыргыз Республикасынын  1998-жылдын 21-сентябрындагы N 124 мыйза-
мынын редакциясына ылайык)

     60-статья. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза белгилөө

     (1) Эгерде соттолгон адам өкүм чыгарылгандан кийин,  бирок жазасын
толук өтөгөнгө чейин жањы кылмыш жасаса,  сот акыркы өкүм боюнча белги-
ленген жазага мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгүн толугу ме-
нен же жарым-жартылай кошот.
     (2) Эгерде өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча  акыркы  жаза  эркиндигинен
ажыратууга  караганда  алда  канча  жењил  болсо,  ушул Кодекстин Жалпы
бөлүгүндө жазанын ушул түрү үчүн каралган  эњ  жогорку  мөөнөттөн  жана
өлчөмдөн ашпоого тийиш.
     (3) Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча  эркиндигинен  ажыратуу  түрүндөгү
акыркы жаза отуз жылдан ашпоого тийиш.
     (4) Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча акыркы жаза  мурдагы  өкүм  боюнча
жазага караганда да, ошондой эле мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек
бөлүгүнөн да жогору болууга тийиш.
     (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 12-мартындагы N 36 мыйзамынын 
редакциясына ылайык)

     61-статья. Жазаларды кошуу жана кошуп эсептөө эрежелери

     (1) Кылмыштар  жыйындысы  жана  өкүмдөр жыйындысы боюнча жазаларды
кошууда эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө:
     1) камактын же дисциплинардык бөлүктө кармоонун бир күнү;
     2) коомдук жумуштардын он алты сааты туура келет.
     (2) Алдын  ала камоо сот тарабынан жазанын мөөнөтүнө кошулуп эсеп-
телет. Мында алдын ала камоонуп бир күнү:
     1) жатак-абагында кармоонун үч күнүнө;
     2) жалпы,  күчөтүлгөн  же катуу тартиптеги түзөтүү жатагында, дис-
циплинардик аскер бөлүгүндө кармоонун эки күнүнө;
     3) өзгөчө тартиптеги түзөтүү жатагында, түрмөдө же камакта кармоо-
нун бир күнүнө туура келет.
     Эскертүү. Алдын-ала  камакка  алуу  - соттун өкүмү күчүнө киргенге
чейин тыюу салуу чарасы катары кайтарууга алып камакка алуу.
     (Кыргыз Республикасынын   1999-жылдын   9-декабрындагы   N   141, 
2004-жылдын 26-июлундагы N 99 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
    
     62-статья. Жазанын мөөнөттөрүн эсептөө

     (1) Жазанын  мөөнөттөрү суткалар,  айлар жана жылдар менен эсепте-
лет.
     (2) Коомдук  жумуштарга тартуунун мөөнөттөрү сааттар менен эсепте-
лет.

     63-статья. Шарттуу соттоо

     (1) Эгерде сот эркиндигинен ажыратуу,  дисциплинардык бөлүктө кар-
моо  түрүндө  жаза  белгилөөдө  жасалган кылмыштын мүнөзүн жана коомдук
коркунучтуулук дењгээлин,  күнөөкөрдүн инсандыгын жана иштин башка жаг-
дайларын эске алуу менен,  жазаны өтөбөй эле, бирок анын жүрүм-турумуна
көзөмөл  жүргүзүү  шарттарында  соттолгондун  оњолушу  мүмкүн  экендиги
жөнүндө тыянакка келсе, анда күнөөкөргө карата жазаны шарттуу колдонбоо
жөнүндө токтом чыгара алат.  Эгерде алар  тарабынан  белгиленген  сынак
мөөнөтүнүн  ичинде  соттолгон  адам  жањы  кылмыш жасабаса жана ага сот
жүктөгөн милдеттерди аткарса, мындай учурда өкүм аткарылбайт.
     (2) Шарттуу  соттоо белгиленгенде мүлктү конфискациялоодон тышкары
кошумча жазалар дайындалышы мүмкүн.
     (3) Сынак мөөнөтү бир жылдан үч жылга чейинки убакытка белгиленет.
     (4) Сот шарттуу соттоодо, ага карата негиздер болгондо соттолуучу-
ну белгилүү мөөнөттө келтирилген зыяндын ордун толтурууну,  жумушка ор-
ношууга,  окууга өтүүгө,  ички иштер органдарынын макулдугусуз туруктуу
жашаган жерин алмаштырбоону, иштеген же окуган жеринин өзгөрүшү жөнүндө
бул органдарга билдирүүнү,  мезгил-мезгили менен катталуу үчүн ички иш-
тер органдарына келип турууну,  бул органдарга маалымдабай туруп турук-
туу жашаган жеринен бир жакка  кетпөөнү,  белгилүү  жерлерге  барбоону,
белгилүү мезгил башталгандан кийин жашаган жеринде болууну,  аракечтик-
тен, бањгиликтен, токсикоманиядан же жыныс ооруларынан дарылануу курсу-
нан өтүүнү милдеттендире алат.
     (5) Шарттуу соттолгон адамдын жүрүм-турумуна контролдук жүргүзүүнү
ички   иштер  органы,  ал  эми  аскер  кызматындагыларга  карата  аскер
бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгы жүзөгө ашырат.
     (6) Сынак мөөнөтүнүн ичинде сот шарттуу соттолгондун жүрүм-туруму-
на контролдук жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу органдын сунушу  боюнча,  сот-
толгон  адам үчүн мурда белгиленген милдеттерди толук же жарым-жартылай
алып салышы же кошумчалашы мүмкүн.
     (7) Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдарга, ошондой эле Кыргыз
Республикасында убактылуу жашаган чет өлкөлүк граждандарга  жана  граж-
дандыгы жок адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбайт.
     (8) (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 12-мартындагы N 36 мыйза-
нын негизинде алынып салынган)

     64-статья. Шарттуу соттоону жокко чыгаруу же сынак мөөнөтүн
                узартуу

     (1) Эгерде  сынак  мөөнөтү  бүткөнчө шарттуу соттолгон адам өзүнүн
жүрүм-туруму менен өзүнүн оњолгондугун далилдесе, сот шарттуу соттолгон
адамдын жүрүм-турумуна көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдын сунушу боюнча
шарттуу соттоону жокко чыгаруу жана соттолгондун соттуулугун алып салуу
жөнүндө  токтом  чыгара  алат.  Мында  шарттуу соттоо белгиленген сынак
мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндөн кийин жокко чыгарылышы мүмкүн.
     (2) Эгерде шарттуу соттолгон адам ага сот тарабынан жүктөлгөн мил-
деттерди аткаруудан качса же коомдук тартипти бузса,  ал үчүн ага адми-
нистрациялык   жаза  берилсе,  сот  ушул  статьянын  биринчи  бөлүгүндө
көрсөтүлгөн органдын сунушу боюнча сынак мөөнөтүн узарта алат, бирок ал
бир жылдан ашык болбоого тийиш.
     (3) Шарттуу соттолгон адам сынак мөөнөтүнүн ичинде ага сот тарабы-
нан жүктөлгөн милдеттерди дайыма же кыянаттык менен бузган учурда,  сот
ушул статьянын биринчи бөлүгүндө  көрсөтүлгөн  органдын  сунушу  боюнча
шарттуу  соттоону жокко чыгаруу жана соттун өкүмү менен белгиленген жа-
заны аткаруу жөнүндө токтом чыгара алат.
     (4) Шарттуу соттолгон адам сыноо мөөнөтүнүн ичинде жањы кылмыш жа-
саган учурда сот ушул Кодекстин 60-статьясында каралган эрежелер боюнча
жаза белгилейт. Мында сот шарттуу соттоону жокко чыгарат, алдын ала ка-
макка  алуудан  башка,  мурдагы өкүм боюнча жазаны өтөлө элек деп эсеп-
тейт.
    (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 12-мартындагы N 36 мыйзамынын
редакциясына ылайык)

                               IV БӨЛҮМ
           КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕН ЖАНА ЖАЗАДАН БОШОТУУ

                               11-Глава
                 Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

     65-статья. Кырдаалдын өзгөрүшүнөн же адамдын коомдук
                коркунучтуулугунун жоюлушунан улам кылмыш-жаза
                жоопкерчилигинен бошотуу

     Эгерде кырдаалдын  өзгөрүүсүнөн улам чоњ коркунуч келтирбеген жана
биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган адамдын жосуну коомдук корку-
нучтуу  мүнөзүн  жоготту же ал адам коомго коркунучтуу болбой калды деп
таанылса, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

     66-статья. Жабырлануучу менен соттолуучунун ортосунда макулдашууга
                жетишилгенде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

     Чоњ коркунуч келтирбеген кылмышты биринчи жолу жасаган адам жабыр-
лануучу менен макулдашууга жетишсе,  кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошо-
тулушу мүмкүн.

     67-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскириши

     (1) Эгерде кылмыш жасаган күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөр:
     1) чоњ коркунуч келтирбеген кылмыш жасалгандан кийин эки жыл;
     2) анча оор эмес кылмыш жасалгандан кийин беш жыл;
     3) оор кылмыш жасалгандан кийин он жыл;
     4) өзгөчө оор кылмыш жасалгандан кийин он беш жыл өтүп кетсе, ушул
статьянын бешинчи бөлүгүндө каралгандан башка учурда  адам  кылмыш-жаза
жоопкерчилигинен бошотулат.
     (2) Эскирүү мөөнөтү кылмыш жасалган күндөн тартып жана өкүм  чыга-
рылган  учурга  чейин эсептелет жана кылмыш-жаза ишинин козголушу менен
үзгүлтүккө учурабайт.
     (3) Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганга чейин ал адам атайылап
жањы кылмыш жасаса,  эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү үзгүлтүккө учурайт. Мында
эскирүү мөөнөтүн эсептөө жањы кылмыш жасалган күндөн тартып башталат.
     (4) Эгерде кылмыш жасаган адам тергөөдөн же соттон жашырынса,  эс-
кирүүнүн өтүшү токтотула турат.  Мындай учурларда эскирүүнүн өтүшү адам
кармалган же ал күнөөсүн мойнуна алып келген  учурдан  тартып  эсептеле
баштайт.  Мында  ушул  статьянын  биринчи  бөлүгүндө  каралган  эскирүү
мөөнөттөрү эки эсеге көбөйөт, бирок ал он беш жылдан ашпоого тийиш.
     (5) Өлүм жазасы белгилениши мүмкүн болгон  кылмыш  жасаган  адамга
карата эскирүүнү колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет.  Эгерде
сот ага эскирүүнү колдонуу мүмкүн эмес десе,  өлүм жазасы колдонулбайт,
ага эркиндигинен ажыратуу белгиленет.
     (6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында атайын каралган  учурлар-
да,  тынчтыкка  жана  адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар жасалган
учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

                               12-Глава
                            Жазадан бошотуу

     68-статья. Адамдын коомго коркунучтуу болбой калышынан улам
                жазадан бошотуу

     Эгерде кылмыш  жасаган  адам,  кылмыш  жасагандан  кийин кынтыксыз
жүрүм-турумунун жана эмгекке же окууга ак ниет мамилесинин натыйжасында
коомго  коркунуч  келтирбей калды деп таанылса,  ал соттун өкүмү боюнча
жазадан бошотулушу мүмкүн.

     69-статья. Жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу

     (1) Эгерде сот анын  оњолушу  үчүн  сот  дайындаган  жазаны  толук
өтөөгө  муктаж эмес деп тапса,  эркиндигинен ажыратуу же дисциплинардык
аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазасын өтөп жаткан адам мөөнөтүнөн мур-
да шарттуу түрдө бошотулушу мүмкүн. Мында адам кошумча жазадан толук же
жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн.
     (2) Мөөнөтүнөн  мурда  шарттуу  түрдө бошотууну колдонуу менен сот
адамга ушул Кодекстин 64-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө  каралган  мил-
деттерди  жүктөшү  мүмкүн,  адам  аларды  жазанын өтөлбөй калган бөлүгү
ичинде аткарууга тийиш.
     (3) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу  соттолгон  адамдар  иш
жүзүндө:
     1) чоњ коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыш үчүн  белги-
ленген жазанын мөөнөтүнүн кеминде жарымын;
     2) оор кылмыш үчүн белгиленген жазанын  мөөнөтүнүн  кеминде  үчтөн
экисин;
     3) өзгөчө  оор  кылмыш үчүн белгиленген жазанын мөөнөтүнүн төрттөн
үчүнөн кем эмес мөөнөтүн өтөгөндөн кийин гана колдонулушу мүмкүн.
     (4) Адам үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү  жазаны  иш  жүзүндө
өтөөнүн мөөнөтү алты айдан кем болбоого тийиш.
     (5) Мөөнөтүнөн  мурда шарттуу түрдө бошотулган адамдын жүрүм-туру-
муна контролдук жүргүзүү ички иштер органдары, ал эми аскер кызматында-
гыларга  карата аскер бөлүгүндөр менен мекемелердин командачылыгы тара-
бынан жүзөгө ашырылат.
     (6) Эгерде, жазанын өтөлбөй калган мөөнөтүнүн ичинде:
     1) соттолгон адам коомдук тартипти бузса,  ал үчүн ага администра-
циялык жаза берилсе, же мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну колдо-
нууда  ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан кыянаттык менен качса,  сот
ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардын сунушу  боюнча
мөөнөтүнөн  мурда  шарттуу  бошотууну бузуу жана жазанын өтөлбөй калган
бөлүгүн аткаруу жөнүндө токтом чыгарат;
     2) соттолгон  адам байкабастыктан кылмыш жасаса,  мөөнөтүнөн мурда
шарттуу түрдө бошотууну бузуу же сактоо маселеси сот тарабынан чечилет.
     3) соттолгон  адам атайылап кылмыш жасаса,  сот ага ушул Кодекстин
60-статьясында каралган  эрежелер  боюнча  жаза  колдонот.  Эгерде  сот
мөөнөтүнөн  мурда  шарттуу  түрдө бошотууну жокко чыгарса,  байкабастан
кылмыш жасаган учурда жаза ошол эле эрежелер боюнча дайындалат.
     (7) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу:
     1) өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш учурунда;
     2) кечирим  берүү  тартибинде  өлүм жазасы эркиндигинен ажыратууга
алмаштырылганда колдонулбайт.

     70-статья. Жазанын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жењил жаза менен
                алмаштыруу

     (1) Чоњ  коркунуч  келтирбеген,  анча  оор эмес кылмыш жасагандыгы
үчүн эркиндигинен  ажыратуу  жазасын өтөп жаткан адамга сот анын жазаны
өтөө мезгилиндеги  жүрүм-турумун  эске  алуу менен жазасынын өтөлө элек
бөлүгүн кыйла  жењил  жаза менен алмаштыра алат. Мында адам жазанын ко-
шумча түрүн өтөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн.
     (2) Соттолгон   адам   жазанын   мөөнөтүнүн  кеминде  үчтөн  бирин
өтөгөндөн кийин жазанын өтөлө элек бөлүгү кыйла жењил жаза менен алмаш-
тырылышы мүмкүн.
     (3) Жазанын өтөлө элек бөлүгүн  алмаштырууда  сот  ушул  Кодекстин
42-статьясында көрсөтүлгөн жазанын түрлөрүнө ылайык ушул Кодексте жаза-
нын ар бир түрү үчүн каралган чектерде жазанын кыйла жењил  түрүнүн  ар
кандайын тандап алышы мүмкүн.

     Көњүл буруњуздар! "Эркин Тоо" гезитинин 1997-жылдын 24-октябрында-
гы N   96-99   санында   70-статьянын   1-бөлүгү  төмөнкүдөй редакцияда
баяндалган:
     "(1) Чоњ  коркунуч  келтирбеген,  анча оор эмес, оор же өзгөчө оор
кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу жазасын өтөп жаткан адам-
га сот  анын жазаны өтөө мезгилиндеги жүрүм-турумун эске алуу менен жа-
засынын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жењил жаза менен алмаштыра алат. Мында
адам жазанын кошумча түрүн өтөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошо-
тулушу мүмкүн."


     71-статья. Катуу оорусуна байланыштуу жазадан бошотуу

     (1) Өкүм чыгарылгандан кийин өзүнүн аракеттеринин  маанисин  ањдап
билүү  же  аларды  башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан психикалык ооруга
чалдыккан адам, ошондой эле жазаны өтөөгө тосколдук кылуучу башка катуу
ооруга чалдыккан адам, медициналык комиссиянын корутундусу боюнча жаза-
ны өтөөдөн бошотулат.
     (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө саналып өткөн адамдарга кара-
та сот тарабынан медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар  колдонулушу
мүмкүн.
     (3) Эгерде  мындай адамдар ушул Кодекстин 67-статьясында каралган,
сот тарабынан медициналык  мүнөздөгү  чара  колдонулган  күндөн  тартып
эсептелген эскирүү мөөнөтү өткөнгө чейин сакайып кетишсе,  аларды жаза-
лоо аткарылышы мүмкүн.
     (4) Дисциплинардык бөлүккө жөнөтүүгө соттолгон аскер кызматчылары,
алар  саламаттыгы жагынан аскердик кызматка жараксыз деп табылган учур-
да, жазаны өтөөдөн бошотулушат.

     72-статья. Кош бойлуу аялдардын жана жаш балдары бар аялдардын
                жазаны өтөөсүн кийинкиге калтыруу

     (1) Соттолгон  кош бойлуу аялдарга жана сегиз жашка чыга элек бал-
дары бар  аялдарга карата, өзгөчө оор кылмыштар үчүн эркинен ажыратууга
соттолгондордон башкаларына, сот жазаны өтөөнү бала сегиз жашка чыккан-
га чейин узарта алат.
     (2) Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн  соттолгон
аял баладан баш тартса же жазаны өтөөсү кийинкиге калтырылган соттолгон
аялдын жүрүм-турумуна контролдук жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу орган  бил-
дирген эскертүүдөн кийин баланы тарбиялоодон качуусун уланта берсе, сот
ошол органдын сунушу боюнча жазаны өтөөнү  кийинкиге  калтырууну  жокко
чыгара алат жана соттолгон аялды жазаны өтөө үчүн соттун өкүмүнө ылайык
дайындалган жерге жөнөтө алат.
     (3) Сот  бала  сегиз жашка чыкканда соттолгон аялды жазанын калган
бөлүгүн өтөөдөн бошотот,  же калган бөлүгүн жазанын кыйла жењил  түрүнө
алмаштырат,  же  соттолгон  аялды жазанын калган бөлүгүн өтөшү үчүн ти-
йиштүү мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алат.
     (4) Эгерде соттолгон аял жазаны өтөөсү кийинкиге калтырылган  мез-
гилде жањы кылмыш жасаса,  сот ага ушул Кодекстин 60-статьясында карал-
ган эрежелер боюнча жаза колдонот.
     Эскертүү. Ушул  статьянын төртүнчү бөлүгүнүн эрежелери 1998-жылдын
1-январына чейин соттолгон адамдарга 1960-жылдын 29-декабрындагы редак-
ция менен    чыккан    Кыргыз    Республикасынын   Уголовный кодексинин
41-1-статьясын колдонуу менен жайылтылат.
     (Кыргыз Республикасынын  2002-жылдын 12-мартындагы N 36, 2004-жыл-
дын 27-июлундагы N 101 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

     73-статья. Айыптоо өкүмүн аткаруу мөөнөтүнүн эскиришинен улам
                жазадан бошотуу

     (1) Эгерде айыптоо өкүмү мыйзамдуу  күчүнө  кирген  күндөн  тартып
төмөнкү мөөнөттөрдө:
     1) эки жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же эркинди-
гинен ажыратууга байланышпаган жазага соттолгондо - эки жылда;
     2) беш  жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон-
до - төрт жылда;
     3) он  жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондо
- жети жылда;
     4) он  жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуудан кыйла катуу жазага
соттолгондо - он жылда айыптоо өкүмү аткарылбаса, адам негизги жана ко-
шумча жазадан бошотулат.
     (2) Эгерде соттолгон адам жазаны өтөөдөн качса эскирүү  мөөнөтүнүн
өтүшү токтотула турат. Мындай учурда адам кармалган же күнөөсүн мойнуна
алып өзү келген учурдан тартып эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү кайра башталат.
Мында  ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган эскирүү мөөнөттөрү эки
эсеге көбөйөт, бирок ал он беш жылдан ашпоого тийиш.
     (3) Өлүм  жазасына  өкүм  кылынган  адамга карата эскирүү мөөнөтүн
колдонуу жөнүндөгү маселе  сот  аркылуу  чечилет.  Эгерде  сот  эскирүү
мөөнөтүн колдонууну мүмкүн деп таппаса, өлүм жазасы эркиндигинен ажыра-
тууга алмаштырылат.
     (4) Тынчтыкка  жана  адамзат коопсуздугуна каршы кылмыш жасалганда
жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында атайын каралган учурларда эс-
кирүү мөөнөтү колдонулбайт.

                               13-Глава
                   Мунапыс. Кечирим берүү. Соттуулук

     74-статья. Мунапыс

     (1) Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кењеши жеке аныкталбаган адам-
дар чөйрөсүнө карата мунапыс берүү жөнүндө акт чыгарат.
     (2) Кылмыш  жасаган  адамдар  мунапыс  берүү жөнүндө актысы боюнча
кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Кылмыш жасагандыгы үчүн
соттолгон  адамдар жазадан бошотулушу,  же аларга дайындалган жаза кыс-
картылышы же жазанын кыйла жењил түрү менен  алмаштырылышы  мүмкүн,  же
болбосо мындай адамдар жазанын кошумча түрүнөн бошотулушу мүмкүн.

     75-статья. Кечирим берүү

     (1) Айрым жеке адамга карата Кыргыз Республикасынын Президенти та-
рабынан кечирим берүү жүзөгө ашырылат.
     (2) Кылмыш үчүн соттолгон адам кечирим берүү актысы  боюнча  андан
ары жаза өтөөдөн бошотулушу же болбосо ага дайындалган жаза кыскартылы-
шы же жазанын кыйла жењил түрү менен алмаштырылышы мүмкүн.
     (3) Өлүм  жазасына  соттолгон  адам өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенде
кечирим берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
     (4) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам белгиленген жазанын ке-
минде жарымын өтөгөндөн кийин кечирим  берүү  жөнүндө  өтүнүч  козгоого
укуктуу.

     76-статья. Соттуулук

     (1) Кылмыш  жасагандыгы үчүн соттолгон адам,  соттун айыптоо өкүмү
мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып соттуулугу жоюлган же алынып  са-
лынган  учурга  чейин соттолгон деп эсептелет.  Соттуулук ушул Кодекске
ылайык өнөкөт кылмыштар учурунда жана жаза белгилөөдө эске алынат.
     (2) Соттун  өкүмү менен жазадан бошотулган адам соттолгон эмес деп
эсептелет.
     (3) Соттуулук:
     1) шарттуу соттолгон адамдарга карата - сынак мөөнөтү бүткөндө;
     2) эркиндигинен ажыратууга караганда жазанын кыйла жењил түрлөрүнө
соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн кийин бир жыл өткөндө;
     3) чоњ коркунуч келтирбеген кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратууга
соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн кийин үч жыл өткөндө;
     4) анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга карата - жаза-
ны өтөгөндөн кийин беш жыл өткөндө;
     5) оор  кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга
карата - жазаны өтөгөндөн кийин сегиз жыл өткөндө;
     6) өзгөчө  оор  кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга карата - жазаны
өтөгөндөн кийин он жыл өткөндө соттуулук жоюлат.
     (4) Эгерде  соттолгон  адам  мыйзамда  белгиленген тартипте жазаны
өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулса же жазанын өтөлбөгөн бөлүгү  жазанын
кыйла  жењил  түрү менен алмаштырылса,  соттуулуктун жоюлушунун мөөнөтү
жазанын өтөлгөн мөөнөтүнө таянуу менен  жазанын  негизги  жана  кошумча
түрлөрүн өтөөдөн бошотулган учурдан тартып эсептелет.
     (5) Эгерде соттолгон адам жазасын өтөгөндөн кийин  өзүн  кынтыксыз
алып жүрсө,  сот соттуулугунун жоюлуш мөөнөтү аяктаганга чейин эле анын
соттуулугун өтүнүч боюнча алып сала алат.
     (6) Соттуулуктун жоюулушу же алынып салынышы соттуулукка байланыш-
кан бардык укуктук кесепеттерди жокко чыгарат.
     (Кыргыз Республикасынын  2004-жылдын 27-июлундагы N 101 мыйзамынын
редакциясына ылайык)

                                V БӨЛҮМ
             ЖАШЫ ЖЕТПЕГЕНДЕРДИН КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИ

                               14-Глава
                    Жашы жетпегендердин кылмыш-жаза
                    жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү

     77-статья. Жашы жетпегендердин кылмыш-жаза жоопкерчилиги

     (1) Кылмыш жасалган учурда он сегизге толбогон адамдар жашы жетпе-
гендер деп табылат.
     (2) Кылмыш жасаган жашы жетпегендерге жаза берилет же болбосо тар-
биялык таасир берүүнүн мажбурлоочу чаралары колдонулушу мүмкүн.

     78-статья. Жашы жетпегендерге колдонулуучу жазанын түрлөрү

     Кылмыш жасаган  жашы  жетпегендерге  жазалардын  төмөндөгүдөй гана
түрлөрү:
     1) айып;
     2) үч эселенген айып;
     3) камакка алуу;
     4) эркиндигинен ажыратуу колдонулушу мүмкүн.
     (Кыргыз Республикасынын  1998-жылдын 21-сентябрындагы N 124 мыйза-
мынын редакциясына ылайык)

     79-статья. Жашы жетпегенге жаза белгилөө

     (1) Жашы  жетпегенге жаза белгилөөдө ушул Кодекстин 53-статьясында
каралган жагдайлардан тышкары, анын турмушу менен тарбия шарттары, пси-
хикалык өнүгүшүнүн дењгээли,  инсандык башка өзгөчөлүктөрү, ошондой эле
ага жашы улуулардын таасири эске алынат.
     (2) Жењилдетүүчү  жагдай  катары жашы жете элек курак жењилдетүүчү
жана оордотуучу башка жагдайлар менен бирге чогуу эске алынат.

     80-статья. Жашы жетпегенге айып белгилөө

     (1) Он  алты  жашка  чыккан  жашы жетпегендерге айып салынат. Айып
эсептик көрсөткүчтүн жыйырмадан отузга чейин өлчөмүндө белгиленет.
     (КР 1998-жылдын 21-сентябрындагы N 124 мыйзамынын негизинде алынып
салынган)

     81-статья. Жашы жетпегенди камакка алуу

     (1) Камакка алуу кылмыш жасаган учурга карата он алты жашка толгон
жашы жетпегенге карата бир айдан үч айга чейинки мөөнөткө колдонулат.
     (Кыргыз Республикасынын  1998-жылдын 21-сентябрындагы N 124 мыйза-
мынын редакциясына ылайык)

     82-статья. Жашы жетпегенге эркиндигинен ажыратууну белгилөө

     (1) Он сегиз жашка чейинки куракта кылмыш жасаган жашы  жетпегенге
эркиндигинен ажыратуу:
     1) анча оор эмес кылмыш үчүн - үч жылдан;
     2) оор кылмыш үчүн - беш жылдан;
     3) өзгөчө оор кылмыш үчүн - он беш жылдан ашышы мүмкүн эмес.
     (2) Кылмыштар же өкүмдөр жыйындысы боюнча жаза белгилөөдө эркинди-
гинен ажыратуунун жогорку мөөнөтү он беш жылдан ашпоого тийиш.
     (3) Өкүм чыгарылган учурда он сегизге чыга элек жашы жетпегендерге
эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны жалпы же  күчөтүлгөн  тартиптеги
тарбиялык абактарда өтөө белгиленет.
     (4) Тарбиялык абактарда жаза өтөө:
     1) биринчи  жолу  эркиндигинен ажыратууга соттолгон, жашы жетпеген
эркек балдарга,  ошондой  эле жашы жетпеген кыздарга - жалпы тартиптеги
абактарда;
     2) мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөгөн, жашы жетпе-
ген эркек балдарга, - күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөө белгиленет.
     (5) Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук дењгэ-
элине, күнөөкөрдүн инсандыгына жана иштин башка жагдайларына жараша сот
тарабынан кабыл алынган чечимдин жүйөлөрүн көрсөтүү менен соттолгон жа-
шы  жетпеген  эркек балдарга эркиндигинен ажыратууну - жалпы тартиптеги
тарбиялык абактарда өтөө белгилениши мүмкүн.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     83-статья. Тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чаралары

     (1) Эгерде,  анын оњолуп-түзөлүшүнө  тарбиялык  таасир  тийгизүүчү
мажбурлоо чараларын колдонуу менен жетишүүгө мүмкүн деп табылса, бирин-
чи жолу чоњ коркунуч келтирилбеген кылмыш,  же анча оор эмес кылмыш жа-
саган  жашы  жетпеген  өспүрүм  кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу
мүмкүн.
     (2) Жашы  жетпеген  өспүрүмгө  төмөндөгүдөй  тарбиялык таасир тий-
гизүүчү мажбурлоо чаралары:
     1) эскертүү;
     2) ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын,  же болбосо жашы
жете электердин иштери боюнча комиссиянын көзөмөлүнө берүү;
     3) жашы жетпеген өспүрүмдүн бош убактысын чектөө жана  жүрүм-туру-
муна карата өзгөчө талаптарды белгилөө дайындалышы мүмкүн.
     (3) Жашы жетпеген өспүрүмгө бир эле мезгилде тарбиялык таасир тий-
гизүүчү бир нече мажбурлоо чаралары дайындалышы мүмкүн.  Ушул статьянын
экинчи бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында  каралган  тарбиялык  таасирдеги
мажбурлоочу  чараларды  колдонуунун мөөнөтү бул чараны дайындаган орган
тарабынан аныкталат.
     (4) Жашы  жетпеген  өспүрүм  тарабынан тарбиялык таасир тийгизүүчү
мажбурлоо чараларын аткарбоо үргүлжүкө айланган учурда, жашы жете элек-
тердин  иштери  боюнча  комиссиянын сунушу боюнча бул чара бузулат жана
материалдар жашы жетпегенди  кылмыш-жаза  жоопкерчилигине  тартуу  үчүн
жөнөтүлөт.
     (Кыргыз Республикасынын  1998-жылдын 21-сентябрындагы N 124 мыйза-
мынын редакциясына ылайык)

     84-статья. Тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларынын
                мазмуну

     (1) Эскертүү  -  жашы жетпегенге анын жосуну келтирген зыянды жана
ушул Кодексте  каралган  кылмыштарды кайталап жасоонун кесепеттерин тү-
шүндүрүүнү билдирет.
     (2) Көзөмөлгө  берүү  ата-энесине же аларды алмаштырган адамдарга,
же болбосо ички иштер органдарынын жашы жете электердин  иштери  боюнча
инспекциясына  же  жашы  жете  электердин иштери боюнча комиссияга жашы
жетпегенге тарбиялык таасир берүү жана анын  жүрүм-турумуна  контролдук
кылуу милдеттерин жүктөөнү билдирет.
     (3) Жашы жетпегендин бош убактысын  чектөөдө  жана  жүрүм-турумуна
карата өзгөчө талаптарды белгилөөдө белгилүү жерлерге барууга, эс алуу-
нун белгилүү түрлөрүн,  анын ичинде механикалык транспорт  каражаттарын
башкарууга  байланышкан  түрлөрүн  пайдаланууга тыюу салууну,  сутканын
белгилүү убактысынан кийин үйдөн сыртта болууну,  жашы жете  электердин
иштери  боюнча комиссиянын уруксатысыз башка жерге барууну чектөө кара-
лышы мүмкүн.  Жашы жетпегенге ошондой эле билим берүү мекемесине кайтып
келүү же болбосо жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын жардамы
менен ишке орношуу талабы коюлушу мүмкүн.
     Бул тизме толук тизме болуп эсептелбейт.

     85-статья. Жашы жетпегенди жазадан бошотуу

     (1) Чоњ  коркунуч келтирбеген кылмыш же анча оор эмес кылмыш жасоо
үчүн соттолгон жашы  жетпеген,  ушул  Кодекстин  83-статьясынын  экинчи
бөлүгүндө каралган тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларын кол-
донуу менен сот тарабынан жазадан бошотулушу мүмкүн.
     (2) Эгерде анча оор эмес кылмыш жасоо үчүн соттолгон жашы жетпеген
өспүрүмдү жашы жетпегендер үчүн атайын тарбиялоо  же  дарылоо-тарбиялоо
мекемесине жайгаштыруу жолу менен жазалоонун максатына жетишүүгө мүмкүн
деп  табылса,  ал  сот  тарабынан  жазадан  бошотулушу  мүмкүн.   Мында
көрсөтүлгөн  мекемеде  болуунун  мөөнөтү  жашы жетпеген өспүрүм жасаган
кылмыш үчүн ушул Кодексте каралган эњ чоњ  жазанын  мөөнөтүнөн  ашпоого
тийиш.

     86-статья. Жашы жетпегенди мажбурлоо чараларын колдонуу менен
                жоопкерчиликтен же жазадан бошотуу

     (1) Эгерде жасалган кылмыштын мүнөзүн, айыпкердин инсанын жана иш-
тин   башка  жагдайларын  эске  алуу  менен  жаза  колдонбой  эле  анын
оњолуп-түзөлүшү мүмкүн болсо, сот материалдарды жашы жетпегендердин иш-
тери  боюнча комиссиянын кароосуна берүү менен чоњ коркунуч келтирбеген
кылмышты биринчи жолу жасаган жашы жетпегенди жоопкерчиликтен  бошотушу
мүмкүн.
     (2) Биринчи жолу чоњ коркунуч келтирбеген кылмыш жасаган жашы жет-
пегенге карата, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган негиздер бол-
со, сот аны жазадан жана мажбурлоо чараларын колдонуудан бошото алат.
     (3) Жашы  жетпеген жаш курактык жагынан өнүгүүдө олуттуу артта ка-
лып,   жасаган   жосундун   маанисин   толук   ченемде   ањдап    билүү
жөндөмдүүлүгүнөн  ажыраган болсо,  сот жазанын ордуна мажбурлоочу чара-
ларды колдоно алат.

     87-статья. Жашы жетпегенди жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда
                шарттуу түрдө бошотуу

     (1) Он сегиз жашка чейинки куракта жасалган кылмыш үчүн эркиндиги-
нен  ажыратууга  соттолгон  адамдарга  сот  тарабынан  жазаны   өтөөдөн
мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу колдонулушу мүмкүн.
     (2) Соттолгонго жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө  бо-
шотуу,  анын үлгүлүү жүрүм-туруму, эмгекке жана окууга ак ниет мамилеси
үчүн гана колдонулушу мүмкүн.
     (3) Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу:
     1) чоњ коркунуч келтирбеген кылмыш же анча оор  эмес  кылмыш  үчүн
сот белгилеген жазанын үчтөн биринен кем эмес мөөнөтү;
     2) оор кылмыш үчүн  сот  белгилеген  жазанын  жарымынан  кем  эмес
мөөнөтү;
     3) өзгөчө оор кылмыш үчүн,  ошондой эле эгерде адам мурда атайылап
жасалган  кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолсо,  сот белгилеген
жазанын үчтөн экиден кем эмес мөөнөтү иш жүзүндө өтөлгөндөн кийин  кол-
донулат.
     (4) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу колдонулган адам  жаза-
нын  өтөлө  элек  бөлүгүнүн ичинде жањы кылмыш жасаган учурда,  сот ага
ушул Кодекстин 60-статьясында каралган эрежелер боюнча жаза колдонот.

     88-статья. Эскирүү мөөнөттөрүнүн өтүшүнө байланыштуу жашы
                жетпегенди кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же жазадан
                бошотуу

     Жашы жетпеген   куракта   кылмыш   жасаган    адамдарды    эскирүү
мөөнөттөрүнүн өтүшүнө байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же жаза-
дан бошотуу,  жетилген куракта кылмыш жасаган адамдар үчүн  каралгандан
эки эсе аз мөөнөттөрдү колдонуу менен жүргүзүлөт.

     89-статья. Жашы жетпеген куракта соттолгондордун соттуулугун жоюу

     Он сегиз жашка чыкканга чейин кылмыш жасаган адамдар үчүн ушул Ко-
декстин  76-статьясында каралган соттуулугун жоюунун мөөнөттөрү кыскар-
тылат жана тийиштүүлүгүнө жараша:
     1) чоњ  коркунуч  келтирбеген  кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууну
өтөгөндөн кийин эки жылга;
     2) анча оор эмес кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууну өтөгөндөн ки-
йин үч жылга;
     3) оор кылмыш үчүн жазаны өтөгөндөн кийин - беш жылга;
     4) өзгөчө оор кылмыш үчүн жазаны өтөгөндөн кийин - жети жылга  ба-
рабар болот.

                               VI БӨЛҮМ
         МЕДИЦИНАЛЫК МҮНӨЗДӨГҮ МАЖБУРЛООЧУ ЖАНА БАШКА ЧАРАЛАР

                               15-Глава
         Медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу жана башка чаралар

     90-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу жана башка чаралар

     (1) Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары сот тарабынан коомдук
коркунучтуу жосун жасаган акыл-эси ордунда эмес адамдарга карата, дары-
лоо жана бул адамдар тарабынан жањы коомдук коркунучтуу жосундардын жа-
салышынын алдын алуу максатында белгилениши мүмкүн.
     (2) Сот тарабынан жаза берүү менен катар,  аракечтиктен, бањгилик-
тен же токсикоманиядан жапа чеккен соттолгон адамдарга карата,  дарылоо
максатында жана жазанын максатына  жетишүүгө  көмөк  берүүчү  шарттарды
түзүү максатында медициналык чаралар белгилениши мүмкүн.

     91-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу

     Акыл-эси ордунда эмес абалда коомдук коркунучтуу жосундар жасаган,
же ушундай жосундарды акыл-эси соо абалда жасаган, бирок өкүм чыгарган-
га чейин же жазаны өтөө убагында,  аларды өз аракеттерине жооп берүү же
аларды башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан жан оорусу менен ооруп калган
адамдарга карата,  сот тарабынан саламаттык сактоо органдарынын мекеме-
лери жүзөгө ашыруучу медициналык мүнөздөгү төмөндөгүдөй мажбурлоо чара-
лары:
     1) милдеттүү амбулатордук байкоо жүргүзүү жана психиатрда  дарылоо
(мажбурлап диспансерлештирүү);
     2) катардагы байкоо жүргүзүү менен психиатриялык  ооруканага  жай-
гаштыруу;
     3) күчөтүлгөн байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканага  жай-
гаштыруу;
     4) катуу байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканага  жайгашты-
руу колдонулушу мүмкүн.

     92-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын белгилөөнүн
                негиздери

     (1) Милдеттүү амбулатордук байкоо жүргүзүү жана психиатрда дарылоо
(мажбурлап диспансерлештирүү) оорусу күчөбөгөн психикалык оорулууларга,
ошондой эле психикасы бузулган оорудан сакайган адамдарга  карата,  ак-
тивдүү байкоо жүргүзүү,  оорунун өнөкөт алышын жана жањы коомдук корку-
нучтуу жосундардын алдын алуу үчүн колдонулушу мүмкүн.
     (2) Катардагы  байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканада маж-
бурлап дарылоо психикалык абалы жана жасаган коомдук коркунучтуу  жосу-
нунун  мүнөзү боюнча ооруканада кармоого муктаж болгон оорулууга карата
белгилениши мүмкүн.
     (3) Күчөтүлгөн байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканада маж-
бурлап дарылоо, граждандардын өмүрүнө кол салуу менен байланышпаган ко-
омдук коркунучтуу жосун жасаган жана психикалык абалы боюнча айлана-те-
герегиндегилерге коркунуч келтирбеген,  бирок ооруканада кармоого  жана
күчөтүлгөн байкоо жүргүзүү шарттарында дарылоого муктаж болгон психика-
лык оорулууга белгилениши мүмкүн.
     (4) Катуу байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканада мажбурлап
дарылоо,  психикалык абалы жана жасаган коомдук  коркунучтуу  жосунунун
мүнөзү  боюнча  коом  үчүн  өзгөчө коркунуч келтирген жана катуу байкоо
жүргүзүү шарттарында ооруканада кармоого муктаж болгон психикалык оору-
лууга белгилениши мүмкүн.
     (5) Күчөтүлгөн жана катуу байкоо жүргүзүүчү психиатриялык  оорука-
наларга жайгаштырылган адамдар, алардын жањы коомдук коркунучтуу жосун-
ду жасашына мүмкүнчүлүк бербеген шарттарда кармалышат.

     93-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну
                узартуу, өзгөртүү жана токтотуу

     (1) Медициналык  мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу,
өзгөртүү жана токтотуу врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусунун
негизинде сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
     (2) Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү чаралар белгиленген
адамдар,  медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу же алардын
түрүн өзгөртүү жөнүндө сот алдында иш козгоонун мүмкүндүгү жөнүндө  ма-
селени чечүү үчүн кеминде алты айда бир жолу врач психиатрлардын комис-
сиясында каралып,  алардын күбөлөндүрүүсүнөн өтүүгө тийиш.  Медициналык
мүнөздөгү  чараны  өзгөртүү  же  жокко  чыгаруу  үчүн  негиздер болбосо
врач-психиатрлардын комиссиясы бул чараны  колдонууну  узартуу  жөнүндө
корутунду берет, ал корутунду дарылоо мекемесинин администрациясы тара-
бынан жылына кеминде бир жолу кароо үчүн сотко жөнөтүлүп турат.

     94-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу
                убактысын кошуп эсептөө

     Кылмыш жасагандан  кийин же жазаны өтөө убагында,  аны өзүнүн ара-
кеттеринин маанисин ањдап билүү  же  аларды  башкаруу  жөндөмдүүлүгүнөн
ажыраткан психикасы бузулган ооруга чалдыккан адамга,  өзүнүн аракетте-
ринин маанисин түшүнүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгү  калыбына  кел-
генден кийин,  эгерде эскирүү мөөнөтү өтө элек болсо же аны кылмыш-жаза
жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу үчүн башка негиздер жок болсо сот
тарабынан жаза белгилениши мүмкүн.  Эгерде мындай адамга жаза колдонул-
са,  анда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары  колдонулган  убакыт
психиатриялык  стационарда  болгон бир күн эркиндигинен ажыратуунун бир
күнү эсебинде жаза мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

     95-статья. Акыл-эсинен ажырабаган, психикасы бузулган деп
                таанылган адамдарга карата медициналык мүнөздөгү
                чаралар колдонуу

     Эркиндигинен ажыратууга  соттолгон  жана  акыл-эсинен  ажырабаган,
психикасы бузулган деп таанылган адамдарга карата колдонулуучу  медици-
налык    мүнөздөгү   чаралар   врач-психиатрдын   амбулатордук   байкоо
жүргүзүүсүн, психиатриялык стационарда дарылоону, ошондой эле жаза өтөө
убагында  психикалык-терапиялык  жана психикалык-коррекциялык чараларды
жүргүзүүгө көмөк берүүчү шарттарды түзүүнү камтыйт.  Стационардык дары-
лоо  адамдын психикалык абалы начарлап өзгөргөн учурда врач-психиатрдын
сунушу менен жүргүзүлөт. Аларга эркиндигинен ажыратууга же камакка алу-
уга байланышпаган жаза белгиленгенде, дарылоо жалпы негизде жүргүзүлөт.

     96-статья. Аракечтиктен, бањгиликтен же токсикоманиядан,
                туберкулездон, жыныстык дарттан жана ВИЧ-жугуш
                оорусунан жапа чеккен адамдарга карата медициналык
                мүнөздөгү чараларды колдонуу

     (1) Аракечтиктен, бањгиликтен, токсикоманиядан, туберкулездон, жы-
ныстык дарттан жана ВИЧ-жугуш оорусунан жапа чекккен адамдар кылмыш жа-
саган учурда, медициналык корутунду болсо сот жазалоо менен катар алар-
га медициналык мүнөздөгү чараларды белгилеши мүмкүн.
     (2) Эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалоо чараларына  сот-
толгон, жогоруда көрсөтүлгөн адамдар медициналык мекемелерде дарылануу-
га тийиш.  Мындай адамдар эркиндигинен ажыратууга соттолгон учурда алар
жазасын  өтөгөн  жерде,  ал эми бошотулгандан кийин дарыланууну улантуу
зарыл болгон учурларда,  медициналык мекемелерде  дарыланууга  алынууга
тийиш.

                             ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

                               VII БӨЛҮМ
                        ИНСАНГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР

                               16-Глава
               Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар

     97-статья. Киши өлтүрүү

     (1) Киши өлтүргөндө, атайылап башка кишинин өмүрүн кыйганда, -
     сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     (2) Киши өлтүрүү:
     1) эки же андан ашык адамды;
     2) күнөөкөр үчүн кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялды;
     3) күнөөкөр  үчүн  алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же
жашы жетпеген өспүрүмдү;
     4) өзүнүн  кызматтык  ишин  же коомдук парзын жүзөгө ашырып жүргөн
адамды же анын жакындарын;
     5) көптөгөн адамдардын өмүрү үчүн коркунучтуу ыкма менен;
     6) өзгөчө мыкаачылык менен;
     7) зордуктоо  же жыныстык кумарын башка түрдө күч колдонуп канаат-
тандыруу менен коштолгондо;
     8) пайда табуу максатында же жалданып, ошого тете каракчылык, опу-
залап талап кылуу же бандитчилик менен коштолгондо;
     9) улуттар аралык, расалык, же болбосо диний көрө албастык же кас-
ташуу негизинде;
     10) хулигандык максаттарда;
     11) адамды уурдоо же барымтага алуу менен коштолгондо;
     12) жабырлануучунун  бир мүчөсүн же денесинин башка жерин пайдала-
нуу максатында;
     13) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жењилдетүү максатында;
     14) адамдардын тобу тарабынан;
     15) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     16) бир нече жолу кайталанган;
     17) уюмдашкан  топ  же  кылмыштуу шериктик тарабынан жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен же андай кылбастан он эки жылдан жый-
ырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат же мүлкүн
конфискациялоо менен же андай кылбастан өлүм жазасына тартылат.

     98-статья. Ачууга өтө алдырган абалда киши өлтүрүү

     (1) Жабырлануучу тараптан болгон укукка жат зомбулук  көрсөтүү  же
катуу мазактоо,  жабырлануучунун башка укукка жат аракеттеринен,  ошого
тете жабырлануучунун үзгүлтүксүз укукка жат же моралга  туура  келбеген
жүрүш-турушунан  улам узак убакыт бою психикасын бузган жагдайга байла-
ныштуу капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалда (аффект)  киши
өлтүргөндө, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалда эки же андан
ашык кишини өлтүргөндө, -
     үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     99-статья. Аргасыз коргонуунун чегинен чыгып же болбосо кылмыш
                жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардын
                чегинен чыгып киши өлтүрүү

     Аргасыз коргонуунун чегинен чыгып киши өлтүргөндө, ошого тете кыл-
мыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон  чаралардын  чегинен  чыгып
киши өлтүргөндө, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     100-статья. Эненин жањы төрөлгөн баласын өлтүрүшү

     Жањы төрөлгөн бала энеси тарабынан төрөт маалында же төрөттөн  ки-
йин  дароо өлтүрүлгөндө,  ошого тете жањы төрөлгөн бала энеси тарабынан
акыл-эси ордунда туруп өтө кызууланган жагдайдын шарттарында же  психи-
касы бузулган абалда өлтүрүлгөндө,-
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     101-статья. Байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу

     (1) Байкабастыктан өлүмгө дуушар кылганда,-
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбоонун кесепе-
тинен  өлүмгө  дуушар кылганда,  ошого тете байкабастыктан эки же андан
ашык кишини өлүмгө дуушар кылганда, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан  үч  жылдан  беш
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     102-статья. Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү

     (1) Коркутуу, катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын дайыма кем-
синтүү аркылуу адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө же ага аракет кылууга  жеткир-
генде,-
     эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.
     (2) Ошол эле жосундар айыпкерге материалдык же башка  жагынан  көз
каранды болгон адамга карата жасалганда, -
     үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.

     103-статья. Өзүн өлтүрүүгө түрткү берүү

     Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү,  көндүрүү, алдоо же башка жол ме-
нен экинчи бир адамда өзүн-өзү өлтүрүүгө болгон чечимди пайда кылганда,
эгерде бул адам өзүн өлтүрсө же өлтүрүүгө аракет кылса, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     104-статья. Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү

     (1) Саламаттыкка,  өмүргө коркунуч келтирген же көрбөй,  сүйлөбөй,
укпай  калууга  же  кайсы  бир  мүчөсүнөн  ажыратууга  же  дененин  бир
мүчөсүнүн иштебей калышына, психикалык дартка чалдыгышына же саламатты-
гынын башка бузулушуна алып келген оор залал келтирилгенде, бул эмгекке
жарамдуулугунун үчтөн бирин туруктуу жоготуу менен коштолгондо же  бою-
нан түшүүгө, же болбосо бети, башына өчпөс так салууга алып келгенде, -
     беш жылдан сегиз жылга чейинки  мөөнөткө  эркиндигинен  ажыратууга
жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) кош бойлуу экендиги айыпкерге белгилүү болгон аялга карата;
     2) өзүнүн кызматтык же коомдук парзын аткарган адамга же анын  жа-
кындарына карата;
     3) кыйноого жана азап-тозокко салган ыкма менен;
     4) пайда табуу максатында, ошого тете жалданып жасалганда;
     5) хулигандык максаттарда;
     6) уурдалган же барымтага алынган адамга карата жасалганда;
     7) жабырлануучунун бир мүчөсүн же денесинин бир жерин алуу  макса-
тында;
     8) башка кылмышты жасоону жењилдетүү максатында;
     9) адамдардын тобу тарабынан;
     10) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу  тарабынан  жасал-
са, -
     алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган  ушул
эле жосундар:
     1) эки же андан ашык адамга карата;
     2) өзгөчө мыкаачылык менен;
     3) уюмдашкан топ тарабынан;
     4) бир  нече  жолу же мурда ушул Кодекстин 97-статьясында каралган
киши өлтүргөн адам тарабынан жасалганда, -
     сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     (4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө карал-
ган жосундар байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде, -
     сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.

     105-статья. Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү

     (1) Саламаттыкка атайылап өмүргө коркунуч  келтирбеген  жана  ушул
Кодекстин  104-статьясында  каралган кесепеттерге алып келбеген,  бирок
саламаттыктын узакка начарлашына же эмгекке жарактуулугунун үчтөн бирин
олуттуу түрдө туруктуу жоготууга алып келген анча оор эмес залал келти-
рилгенде, -
     алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат же болбосо беш жылга че-
йинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) эки же андан ашык адамга карата;
     2) кызматтык  ишин же коомдук парзын аткарып жүргөн адамга же анын
жакындарына карата;
     3) жабырлануучуну  мазактоо же кыйноо менен,  ошого тете айыпкерге
алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамга карата;
     4) адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча;
     5) уюмдашкан топ тарабынан;
     6) хулигандык максаттарда;
     7) бир нече жолу же болбосо  мурда  жабырлануучунун  саламаттыгына
атайылап оор залал келтирген же ушул Кодекстин 97-статьясында каралган-
дай киши өлтүргөн адам тарабынан жасалганда, -
     үч жылдан  жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     106-статья. Ачууга өтө алдырган абалда саламаттыкка атайылап оор
                 залал же анча оор эмес залал келтирүү

     Жабырлануучу тараптан болгон укукка жат зомбулук көрсөтүү же катуу
мазактоо, жабырлануучунун  башка  укукка  жат аракеттеринен, ошого тете
жабырлануучунун дайыма укукка жат же моралга туура келбеген жүрүш-туру-
шунан улам  узак  убакыт бою психикасын бузуунун натыйжасында капысынан
чыккан ачууга  өтө  алдырган  абалда саламаттыкка атайылап оор залал же
анча оор эмес залал келтирилгенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүз  өлчөмүнө  чейин айып салынат же үч айга
чейинки мөөнөткө  камакка  алынат, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     107-статья. Аргасыз коргонуунун чегинен чыгып саламаттыкка
                 атайылап оор залал же анча оор эмес залал келтирүү

     Аргасыз коргоонуунун чегинен чыгып саламаттыкка атайылап оор залал
же анча оор эмес залал келтирилгенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү  өлчөмүнө чейин айып салынат же үч айга
чейинки мөөнөткө  камакка алынат, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     108-статья. Кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон
                 чаралардын чегинен чыгып саламаттыкка атайылап оор
                 залал же анча оор эмес залал келтирүү

     Кылмыш кылган адамды кармоо үчүн зарыл болгон  чаралардын  чегинен
чыгып, анын саламаттыгына атайылап оор же анча оор эмес залал келтирил-
генде, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү  өлчөмүнө чейин айып салынат же үч айга
чейинки мөөнөткө  камакка алынат, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     109-статья. Байкабастыктан саламаттыкка оор же анча оор эмес залал
                 келтирүү

     (1) Байкабастыктан саламаттыкка оор залал келтирилгенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн  отуз өлчөмүнө чейин айып төлөм салынат же үч
айга чейинки мөөнөткө камакка алынат.
     (2) Байкабастыктан  саламаттыкка  анча оор эмес залал келтирилген-
де, -
     эњ аз  айлык акынын жыйырма беш өлчөмүнө чейин айып салынат же эки
айга чейинки мөөнөткө камакка алынат.

     110-статья. Уруп-сабоо

     Жанын кыйнап уруп-сабаганда же башка зомбулук аракеттер  жасалган-
да,  бирок  алар  ушул  Кодекстин 112-статьясында каралган кесепеттерге
алып келбесе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  отуз  өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо
үч айга чейинки мөөнөткө камакка алынат.

     111-статья. Кыйноо

     (1) Такай уруп-сабоо же болбосо  башка  зомбулук  аракеттер  менен
азап-тозокко салганда, эгерде бул ушул Кодекстин 104, 105-статьяларында
көрсөтүлгөн кесепеттерге алып келбесе, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) эки же андан ашык адамга карата;
     2) өзүнүн кызматтык ишин же коомдук парзын аткарып  жүргөн  адамга
же анын жакындарына карата;
     3) күнөөкөр үчүн кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялга карата;
     4) жашы  жете элек экендиги же күнөөлүү үчүн алсыз абалда экендиги
белгилүү болгон же болбосо айыпкерге материалдык же башка  жагынан  көз
каранды болгон адамга карата, ошого тете уурдалган же болбосо барымтага
алынган адамга карата;
     5) кыйноого салуу менен;
     6) адамдардын тобу тарабынан;
     7) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     8) уюмдашкан топ тарабынан;
     9) жалданып жасалганда, -
     үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.

     112-статья. Саламаттыкка атайылап жењил залал келтирүү

     (1) Саламаттыкка жењил залал келтирилгенде, бул саламаттыктын кыс-
ка убакытка бузулушуна же  эмгекке  жарамдуулугун  утурумдук  жоготууга
алып келсе, -
     алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат же болбосо бир жылга че-
йинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн
кесепеттерге алып келбесе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  отуз  өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо
үч айга чейинки мөөнөткө камакка алынат.

     113-статья. Өлтүрөм деп коркутуу

     (1) Өлтүрөм  деп  коркутканда,  мында бул коркутууну жүзөгө ашыруу
үчүн жетиштүү негиздер болгондо, -
     алты айга  чейинки  мөөнөткө  камакка  алынат же эки жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) уюмдашкан топтун мүчөсү тарабынан же анын таламдарында;
     2) өзүнүн  кызматтык же граждандык парзын аткарып жүргөн адамга же
анын жакын туугандарына карата жасалганда, -
     үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     114-статья. Трансплантациялоо үчүн адамдын мүчөлөрүн же денесинин
                 бир жерин кесип алууга мажбурлоо

     (1) Трансплантациялоо  үчүн  адамды анын же жакындарынын мүчөлөрүн
же денесинин  бир жерин кесип алууга мажбурлаганда, бул зомбулук көрсө-
түү же  зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен же алдоо жолу менен жасал-
ганда, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө  же  белгилүү
иш  жүргүзүү  укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан төрт жылга че-
йинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар күнөөлүү адамга материалдык же башка жагынан
көз каранды болгон адамга карата жасалганда, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки  жылдан  беш
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (КР 2003-жылдын   9-августундагы   N   193 мыйзамынын редакциясына
ылайык)

     115-статья. Трансплантациялоо боюнча операция жүргүзүү эрежелерин
                 бузуу

     (1) Адамдын мүчөлөрүн жана (же) дененин бир жерин алуунун  мыйзам-
дарда  белгиленген  шарттары  жана тартиби же болбосо трансплантациялоо
шарттары жана тартиби бузулганда, бул байкабастыктан реципиенттин сала-
маттыгына оор же анча оор эмес залал келтиргенде, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол  эле  жосундар  байкабастыктан  реципиенттин өлүмүнө алып
келсе, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     116-статья. Мыйзамсыз боюнан түшүрүү

     (1) Тиешелүү багыттагы жогорку медициналык билими бар адам мыйзам-
сыз түрдө бирөөнүн боюнан түшүргөндө, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салы-
нат.
     (2) Тиешелүү багыттагы жогорку медициналык билими жок адам мыйзам-
сыз түрдө бирөөнүн боюнан түшүргөндө, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүз  элүү  өлчөмүнөн  эки жүз өлчөмүнө чейин
айып салынат.
     (3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосун бир  нече  жолу
жасалганда, -
     төрт айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат же  үч  жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө карал-
ган жосундар байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө, же башка оор кесе-
петтерге алып келсе, -
     эки жылдан  беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     117-статья. ВИЧ-жугуш оорусун жуктуруу

     (1) Атайылап башка адамга ВИЧ-жугуш оорусун   жуктуруу  коркунучун
түзгөндө, -
     үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат  же  бир  жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Өзүндө  ВИЧ-жугуш  оорусу  бар экендигин атайылап башка адамга
жуктурганда, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундар эки же андан
ашык адамга же болбосо жашы жетпегенге карата жасалганда, -
     сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (4) Медициналык  кызматкердин  өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка
ылайык аткарбашынын кесепетинен ВИЧ-жугуш оорусу башка адамга жукканда,
-
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     118-статья. Жыныстык ооруну жуктуруу

     (1) Жыныстык  оорусу  бар  экендигин  билген адам аны башка адамга
жуктурганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салы-
нат же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул  статьянын  биринчи бөлүгүндө каралган жосундар мурда жы-
ныстык ооруну жуктургандыгы үчүн соттолгон адам  тарабынан  жасалганда,
ошого тете эки же андан ашык адамга же жашы жетпегенге жуктурулганда, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     119-статья. Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин
                 талапка ылайык аткарбашы

     (1) Медициналык кызматкер өзүнүн кесиптик милдетин аткарбаганда же
талапка ылайык аткарбаганда, бул саламаттыктын узак убакытка бузулушуна
алып келгенде, эмгекке жарактуулугунун үчтөн бирин туруктуу түрдө жого-
туу менен коштолгондо, -
     беш жылга  чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратылат же эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмү-
нөн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат.
     (2) Ошол эле жосундар жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө  же  белгилүү
иш  жүргүзүү  укугунан  ажыратуу  менен  үч  жылдан  жети жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     120-статья. Оорулууну дарылоону мыйзамсыз токтотуу

     Медициналык кызматкер оор абалда жаткан оорулууну  дарылоону  мый-
замсыз токтоткондо,  ушунун натыйжасында оорулуу оор абалга дуушар бол-
со, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     121-статья. Коркунуч абалда калтыруу

     (1) Жаштыгына, карылыгына, оорусуна же өзүнүн алсыз абалына байла-
ныштуу өзүн сактап калууга карата чара көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок  адамды
анын  өмүрү  жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу абалда жардам бербестен,
атайылап  таштап  кеткенде,  эгерде  айыпкердин  жабырлануучуга  жардам
берүүгө  мүмкүнчүлүгү болсо жана ал жөнүндө кам көрүүгө милдеттүү болсо
же болбосо өзү анын өмүрү үчүн коркунучтуу абалга алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жыйырма  беш  өлчөмүнө чейин айып салынат же
болбосо үч айга чейинки мөөнөткө камакка алынат.
     (2) Эгерде  ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар оор
кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     122-статья. Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу

     (1) Мыйзамсыз  дарыгерлик кылганда,  эгерде бул саламаттыктын узак
убакыт начарлашына же болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү  өлчөмүнөн  эки жүз өлчөмүнө чейин айып
салынат же  болбосо  беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     (2) Атайын  уруксаты  бар   адам   дарыгерликти   талапка   ылайык
жүргүзбөгөндө,  бул  ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган кесепет-
терге алып келгенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо үч
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

                               17-Глава
                   Инсандын эркиндигине, ар-намысына
                  жана кадыр-баркына каршы кылмыштар

     123-статья. Адамды уурдоо

     (1) Адамды  анын эркине койбостон уурдап кетүү, алдоо, болбосо да-
гы башка жол менен же адамдын өмүрүнө жана  ден  соолугуна  коркунучтуу
болбогон  зомбулук көрсөтүү менен ушул Кодекстин 227-статьясында карал-
ган кылмыштын белгилерин жасабастан,  аны туруктуу же  убактылуу  жашап
турган  жеринен  алып  кетип же аны баштагы турган жеринен айырмаланган
жерде кармап туруу, -      
     төрт жылдан  сегиз  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     2) бир нече жолу;
     3) өмүргө жана саламаттыкка коркунуч келтирген  зомбулук  көрсөтүү
менен;
     4) курал же курал катарында пайдаланган нерселерди колдонуу  аркы-
луу;
     5) жашы  жете элек экендиги белгилүү болгон жашы жетпегендерге ка-
рата;
     6) күнөөкөр үчүн кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялга карата;
     7) эки же андан ашык адамга карата;
     8) пайда табуу максатында жасалганда, -
     беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (3) Эгерде  ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө карал-
ган жосундар акча алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктан жаш бала-
га (кызга) карата, же уюмдашкан топ тарабынан жасалса же болбосо байка-
бастыктан жабырлануучунун өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе,
-
     он  жылдан  жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     Эскертүү. Эгерде  уурдаган  адамдын  аракеттеринде кылмыштын башка
курамы жок  болсо, уурдалган адамды өз ыктыяры менен бошоткон адам кыл-
мыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
     Он төрт жашка толо элек адам жаш бала (кыз) деп эсептелет.
     (Кыргыз Республикасынын  2002-жылдын 8-июлундагы N 115 мыйзамынын,
2003-жылдын 9-августундагы  N  193,  2003-жылдын  24-августундагы N 199
мыйзамынын редакциясына ылайык)

     124-статья. Адамдарды сатуу

     (1) адамдарды  сатуу - эксплуатациялоо же болбосо башка пайда та-
буу максатында  адамды  жалдоо,  ташып  жеткирүү,  жаап-жашыруу,  алуу,
өткөрүп берүү,  сатып алуу-сатуу же мажбурлоо,  шантаж, алдамчылык, ал-
доо,  уурдоо жолу менен жүзөгө ашырылган анын макулдугу менен же макул-
дугусуз жасалган башка мыйзамсыз бүтүм,-
     мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз беш жылдан он  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) бир нече адамга карата;
     2) жашы жетпегендерге карата;
     3) бир нече жолу;
     4) алдын ала сүйлөшүп алган адамдардын тобу тарабынан;
     5) бийликти кыянаттык менен же кызмат абалынан пайдалануу жолу ме-
нен;
     6) күнөөлүү адамга материалдык же дагы башка жагынан  көз  каранды
болгон адамга карата;
     7) адамды чет өлкөгө мыйзамсыз алып кетүүгө же чет өлкөдөн мыйзам-
сыз алып келүүгө байланыштуу;
     8) адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу болбогон  зомбу-
лук көрсөтөм деп коркутуу же аны колдонуу менен жасалганда;
     9) жасалма  документтерди  пайдалануу менен, ага тете эле жабырла-
нуучунун инсандыгын  күбөлөндүргөн  документтерди алып коюу, жашыруу же
болбосо жок кылуу менен,-
     мүлкүн конфискациялоо менен сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө
эркинен ажыратуу менен жазаланат.
     (3) ошол эле жосун:
     1) трансплантациялоо  үчүн  адамдын  органдарын  же ткандарын алуу
максатында;
     2) коркутуу  же  адам өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу зор-
дук-зомбулук колдонуу менен;
     3) күнөөлүү адам үчүн кош бойлуулугу белгилүү болгон аялга карата;
     4) жашы жетпегенге карата;
     5) курал-жарак  же болбосо курал-жарак катары пайдаланылган нерсе-
лерди колдонуу менен;
     6) көптөгөн адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунучтуу ыкма
менен жасалса;
     7) байкабастыктан  адамдын  өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып
келсе;
     8) уюмдашкан топ тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан  жыйырма  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Адамды  кылмыштуу  ишке тартуу, сойкулукка же сексуалдык
иштин башка  түрлөрүнө,  мажбурлаган  эмгекке  же кызмат көрсөтүүлөргө,
кулчулукка мажбурлоо,  коммерциялык  максаттарда асырап алуу (баланы же
кызды), куралдуу кагылыштарга пайдалануу эксплуатациялоо катары түшүнү-
лөт.
     Адамдарды соодалоонун курмандыгы  болуп  калган  адам,  эгерде  ал
адамдарды соодалоо процессин уюштуруучуларды,  аткаруучуларды жана кошо
аткаруучуларды табууда жана жазык жоопкерчилигине тартууда укук  коргоо
органдарына көмөк көрсөтсө, жазык укук бузуусуна жаткан аракеттерди жа-
сагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
     (КР 2003-жылдын  9-августундагы N 193, 2006-жылдын 5-январындагы N
1 мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

     125-статья. Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу

     (1) Кызматтык  кылмыштын  белгилерин  көрсөтпөстөн,  адамды зордоп
кармап туруу менен басып жүрүү эркиндигин чектөө, -
     - үч  айдан  алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат же үч жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     2) бир нече жолу;
     3) өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу зомбулук  көрсөтүү  ме-
нен;
     4) курал же башка курал катарында пайдаланылган нерселерди  колдо-
нуу менен;
     5) жашы жете элек экендиги белгилүү болгон балага карата;
     6) эки же андан ашык адамга карата;
     7) күнөөкөр үчүн кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялга  карата
жасалганда, -
     үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.
     (3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  карал-
ган жосундар уюмдашкан топ тарабынан жасалса же байкабастыктан жабырла-
нуучунун өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     жети жылдан  он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (КР 2003-жылдын   9-августундагы   N   193 мыйзамынын редакциясына
ылайык)

     126-статья. Психиатриялык стационарга мыйзамсыз жаткыруу

     (1) Адам психиатриялык стационарга мыйзамсыз жаткырылганда, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жа-
салганда же болбосо байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө же башка оор
кесепеттерге алып келгенде, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч  жылдан  жети
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     127-статья. Ушактоо

     (1) Ушактаганда,  башкача  айтканда экинчи бир адамдын ар-намысына
жана кадыр-баркына шек келтирген же анын беделин кетирген жалган маалы-
маттарды атайылап жайылтканда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салы-
нат.
     (2) Калк алдында чыгып сүйлөгөндө, калкка көрсөтүлгөн чыгармада же
массалык маалымат каражаттарында ушак жүргүзгөндө, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн бир мињ өлчөмүнө чейин айып са-
лынат.
     (3) Ушактоо  оор  же өзгөчө оор кылмыш жасаган деген айыптоо менен
коштолгондо, -
     үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат же үч жылга че-
йинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     128-статья. Мазактоо

     (1) Мазактаганда,  башкача айтканда  уятсыздык  менен  экинчи  бир
адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын атайылап кемсинткенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жыйырма  өлчөмүнөн  элүү өлчөмүнө чейин айып
салынат.
     (2) Калк алдында чыгып сүйлөгөндө, калкка көрсөтүлгөн чыгармада же
массалык маалымат каражаттарында мазактаганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салы-
нат.

                               18-Глава
                Инсандын жыныстык кол тийгистигине жана
                 жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар

     129-статья. Зордуктоо

     (1) Зордуктоо, башкача айтканда, жабырлануучуга же анын жакындары-
на зомбулук көрсөтүү, зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу, ошого те-
те  жабырлануучунун  алсыз  абалынан пайдалануу менен жыныстык катнашта
болгондо, -
     беш жылдан  сегиз  жылга  чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     (2) Зордуктоо:
     1) бир нече жолу жасалганда же ушул главанын статьяларында  карал-
ган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда;
     2) адамдардын тобу тарабынан жасалганда;
     3) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     4) өлтүрөм деп же саламаттыкка оор залал келтирем деп коркутуу ме-
нен  коштолгондо,  ошондой эле жабырлануучуга же башка адамдарга карата
өзгөчө ырайымсыздык менен жасалганда;
     5) жабырлануучуга жыныстык оорууну жуктурууга алып келгенде;
     6) Зордуктоо жашы жете элек кызга карата жасалганда, - 
     сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга 
жазаланат.
     (3) Зордуктоо:
     1) байкабастыктан  жабырлануучунун  өлүмүнө,  ВИЧ-жугуштуу  ооруну
жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келгенде;
     2) уюшкан топ тарабынан жасалганда;
     3) жаш кызга карата жасалганда,  - 
     он беш  жылдан  жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыра-
тууга жазаланат.
     (4) Жаш кызды зордуктоо өтө оор кесепеттерге алып келгенде, - 
     жыйырма жылдан  жыйырма  беш  жылга  чейинки мөөнөткө эркиндигинен
ажыратууга жазаланат же өлүм жазасына тартылат.
     Эскертүү. Эгерде  күнөөлүүнүн  аракеттеринде ушул статьянын экинчи
бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган белгилер жок болсо,  жашы жете элек
жабырланган  кызды  жашы  жеткен кыз деп ойлоого негиз болгон учурларда
жазык жоопкерчилиги ушул статьянын биринчи бөлүгү боюнча келип чыгат.
     Эгерде күнөөлүүнүн аракеттеринде ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн 1
жана 2-пункттарында каралган белгилер жок болсо,  жашы жете элек жабыр-
ланган  кызды  жашы жеткен кыз деп ойлоого негиз болгон учурларда жазык
жоопкерчилиги ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 6-пункту боюнча келип чы-
гат.
     Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн  1  жана  2-пункттарында  каралган
башка оор кесепеттер деп: жабырланган кыздын (жашы жеткен кыздын же жа-
шы жете элек кыздын) өзүн-өзү өлтүрүшүн же  өзүн-өзү  өлтүрүүгө  аракет
кылышын,  кыздын психикасына залал келтирүүнү,  күнөөлүү адам тарабынан
жабырланган кыздын ден соолугуна ар кандай түрдөгү оор залал келтирүүнү
(боюнан түшүүнү,  зордуктоонун натыйжасында жатындын тышына боюна бүтүп
калууну), анын ичинде залал келтирүү учурундагы өмүргө коркунуч келтир-
ген аракеттерди түшүнүү керек.
     Ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө каралган өтө  оор  кесепеттерди:
жабырланган  жаш кыздын өзүн-өзү өлтүрүшүн же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет
кылышын,  кыздын психикасына залал келтирүүнү,  күнөөлүү адам тарабынан
жабырланган  жаш  кыздын ден соолугуна ар кандай түрдөгү оор залал кел-
тирүүнү (зордуктоонун натыйжасында жатындын тышына боюна бүтүүнү,  бала
төрөө мүмкүнчүлүгүн жоготууну,  жыныстык катышуу мүмкүнчүлүгүн жоготуу-
ну),  анын ичинде залал келтирүү учурундагы өмүргө  коркунуч  келтирген
аракеттерди байкабастыктан жабырланган жаш кыздын өлүшүнө,  ага ВИЧ-жу-
гуштуу ооруну жуктурууга алып келүү деп түшүнүү керек.
     Жаш кыз деп он төрт жашка толо элек кыз эсептелет.
     (Кыргыз Республикасынын  2002-жылдын 12-мартындагы N 36 мыйзамынын
редакциясына ылайык)

     130-статья. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер

     (1) Жабырлануучуга  (жабырлануучу аялга) же башка адамдарга зомбу-
лук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же болбосо жабырлануучу-
нун  (жабырлануучу  аялдын) алсыз абалынан пайдалануу менен бачабаздык,
лесбиянчылык же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер жасалганда, -
     үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) бир нече жолу жасалган же ушул главанын статьяларында  каралган
сексуалдык  мүнөздөгү зомбулук аракеттерди мурда жасаган адам тарабынан
жасалганда;
     2) адамдардын тобу тарабынан;
     3) алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     4) өлтүрөм  деп коркутуу же саламаттыгына оор залал келтирүү менен
коштолгондо,  ошондой эле жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) же  башка
адамдарга карата өзгөчө катаалдык менен жасалганда;
     5) жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) жыныстык ооруну  жуктурууга
алып келгенде;
     6) жашы жетпегендиги белгилүү болгондорго карата жасалганда, -
     сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     (3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  карал-
ган жосундар:
     1) байкабастыктан жабырлануучунун (жабырлануучу  аялдын)   өлүмүнө
алып келсе;
     2) байкабастыктан жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) саламатты-
гына оор залал келтирүүгө,  ага (ал аялга) ВИЧ-жугуш оорусун жуктурууга
же башка оор кесепеттерге алып келсе;
     3) он  төрт  жашка толо электиги белгилүү болгон адамга карата жа-
салса;
     4) уюмдашкан топ тарабынан жасалганда, -
     он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажырату-
уга жазаланат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     131-статья. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо

     Шантаж, жок кылам,  зыянга учуратам же мүлкүњдү алып коем деп кор-
кутуу же болбосо жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын)  материалдык  же
башка  жагынан көз карандылыгынан пайдалануу менен адамды жыныстык кат-
нашка,  бачабаздыкка, лесбиянчылыкка же сексуалдык мүнөздөгү башка ара-
кеттерди жасоого мажбурлаганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     132-статья. Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта
                 болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди
                 жасоо

     Он алты жашка толо элек экендиги белгилүү болгон адам менен он се-
гиз жашка толгон адам жыныстык катнашта болгондо,  бачабаздык же лесби-
янчылык кылганда, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     133-статья. Ыплас аракеттер

     Он төрт жашка толо элеги белгилүү болгон  адамга  карата  зомбулук
көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер жасалганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

                               19-Глава
                Адамдын жана граждандын конституциялык
            укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар

     134-статья. Граждандардын тењ укуктуулугун бузуу

     (1) Жынысына,  расасына,  улутуна, тилине, тегине, мүлктүк же кыз-
маттык абалына,  жашаган жерине, диний жана башка ынанымдарына, коомдук
бирикмелерге таандык болгондугуна карата адамдын жана граждандын  укук-
тары жана эркиндиктери тикелей же кыйыр түрдө бузулганда,  бул граждан-
дын мыйзамдуу таламдарына зыян келтиргенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же эки айга
чейинки мөөнөткө камакка алынат.
     (2) Ошол эле жосундар кызматтык абалынан пайдалануу  менен  жасал-
ганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     135-статья. Адамдын жеке турмушунун кол тийгистигин бузуу

     (1) Башка  адамдын  макулдугусуз  анын  жеке  же  үй-бүлөлүк сырын
түзгөн жеке турмушу жөнүндө маалыматтарды жайылтуу максатында мыйзамсыз
түрдө  чогултканда,  же мындай маалыматтарды ачык сүйлөө,  ачык коюлган
чыгармада же массалык маалымат каражаттарында жайылтканда, бул жабырла-
нуучунун укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына зыян келтиргенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып төлөм салынат.
     (2) Ошол  эле  жосундар кызмат абалынан пайдалануу менен жасалган-
да, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү  өлчөмүнөн  эки жүз өлчөмүнө чейин айып
салынат же бир айдан төрт айга чейинки мөөнөткө камакка алынат.

     136-статья. Кат жазышуулардын, телефондо сүйлөшүүлөрдүн, почта,
                 телеграф жана башка билдирүүлөрдүн жашырындуулугун
                 бузуу

     (1) Граждандардын кат жазышууларынын,  телефондо  сүйлөшүүлөрүнүн,
почта, телеграф же башка билдирүүлөрүнүн жашырындуулугу бузулганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салы-
нат.
     (2) Ошол  эле жосундар кызматтык абалынан пайдалануу менен же маа-
лыматтарды билдирбей алуу үчүн арналган атайын техникалык  каражаттарды
пайдалануу менен жасалганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүз өлчөмүнөн үч жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат же  беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же бел-
гилүү иш  жүргүзүү укугунан ажыратылат, же үч айга чейинки мөөнөткө ка-
макка алынат.
     (3) Маалыматтарды билдирбей алуу үчүн арналган  атайын  техникалык
каражаттарды мыйзамсыз өндүргөндө, сатканда же сатуу үчүн алганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып
салынат, же  үч  жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же
белгилүү иш  жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     137-статья. Турак-жайдын кол тийгистигин бузуу

     (1) Турак-жайда жашаган адамдын каалоосуна каршы ага мыйзамсыз ки-
рип барганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салы-
нат же үч айга чейинки мөөнөткө камакка алынат.
     (2) Ошол  эле  жосундар зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп
коркутуу аркылуу жасалганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Бул статьяда, ошондой эле ушул Кодекстин башка статьяла-
рында имарат-жай  деп турак үйлөр, ошондой эле турак жай фондуна кирген
жана туруктуу  же убактылуу жашоого арналган ар кандай менчик формасын-
дагы башка курулмалардагы турак жай башпааналары түшүндүрүлөт.
     (Кыргыз Республикасынын  2004-жылдын  26-июлундагы N 99 мыйзамынын
редакциясына ылайык)

     138-статья. Гражданга маалымат берүүдөн баш тартуу

     Граждандын укуктарына жана эркиндиктерине түздөн-түз тиешеси  бар,
белгиленген   тартипте  чогултулган  документтерди  жана  материалдарды
берүүдөн кызмат адамынын укукка ылайыксыз  баш  тартышы,  же  гражданга
атайылап  толук  эмес  же  жалган маалымат бериши,  эгерде бул жосундар
граждандын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына олуттуу  зыян  келтир-
се, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат.

     139-статья. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо
                 комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу

     (1) Граждандын өзүнүн шайлоо  укуктарын  же  референдумга  катышуу
укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу,  ошондой эле шайлоо комис-
сияларынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине тоскоолдук
кылуу, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салы-
нат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) сатып алуу,  алдоо,  зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп
коркутуу менен коштолгондо;
     2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда;
     3) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган-
да;
     4) уюмдашкан топ тарабынан жасалганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып
салынат же алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, же беш жылга чей-
инки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Шайлоочунун  референдум,  Кыргыз Республикасынын  Президентин,
Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кењешинин же жергиликтүү кењештеринин
депутаттарын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын
шайлоо  убагында референдумдун же  шайлоонун натыйжаларына таасир берүү
максатында башка адам же адамдардын тобу үчүн добуш берүүсү,  ага  тете
болгон ошол эле максатта мындай аракеттерге кошо катышуусу -
     эсептик көрсөткүчтүн  беш  жүздөн бир мињге чейинки өлчөмүндө айып
салууга, болбосо  алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга же алты ай-
дан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (КР 2003-жылдын  14-ноябрындагы  N  221  мыйзамынын   редакциясына
ылайык)

     140-статья. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу

     Кыргыз Республикасынын Президенттигине, Жогорку Кењештин же жерги-
ликтүү кењештин депутаттыгына жана мамлекеттик бийликтин башка органда-
рына талапкер шайлоочулардын добуштарын, ошондой эле алардын жакын туу-
гандары ишенимдүү  адамдары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан ма-
териалдык баалуулуктар  түрүндө же кандайдыр бир кызматты же башка дөө-
лөттөрдү алууга көмөктөшүү менен сатып алганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн бир мињ өлчөмүнө чейин айып
салынат же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу-
га жазаланат.
     (КР 2003-жылдын   14-ноябрындагы   N   221 мыйзамынын, 2004-жылдын
15-декабрындагы N 191 мыйзамынын редакцияларына ылайык)

     141-статья. Шайлоо документтерин, референдумдун документтерин
                 бурмалоо же добуштарды туура эмес эсептөө

     (1) Шайлоо  документтерин,  референдумдун  документтерин бурмалоо,
добуштарды атайылап  туура эмес эсептөө же шайлоонун, референдумдун на-
тыйжаларын атайылап  туура эмес чыгаруу, добуш берүүнүн жашырындуулугун
же тартибин бузуу, эгерде бул жосундар шайлоо комиссиясынын, демилгелүү
топтун же референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү тарабынан жасал-
са, -
     эсептик көрсөткүчтүн  беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салууга, болбосо  алты  айлык мөөнөткө камакка алууга же эки жылдан беш
жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол  эле аракеттер шайлоо комиссиясынын же референдум өткөрүү
боюнча комиссиянын төрагасы,  төраганын орун басары,  катчысы тарабынан
ага тете болгон алдын ала жењ ичинен бүтүм жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жети жүздөн бир мињге чейинки өлчөмүндө айып
салууга, болбосо  алты  айлык мөөнөткө камакка алууга же үч жылдан жети
жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (КР 2003-жылдын  14-ноябрындагы  N  221  мыйзамынын   редакциясына
ылайык)

     142-статья. Эмгекти коргоо эрежелерин бузуу

     (1) Техникалык коопсуздукту сактоого жооптуу адам тарабынан  сала-
маттыкка  анча  оор эмес залал келтирүүгө алып келүүчү техникалык кооп-
суздуктун, өнөр жай санитариясынын эрежелери же эмгекти коргоонун башка
эрежелери бузулганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн отуз өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле укук бузуулар оор кесепеттерге алып келгенде, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки  жылдан  беш
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     143-статья. Эмгек жөнүндө мыйзамдарды бузуу

     Жеке максаттарда адамды жумуштан мыйзамсыз атайылап бошотуу, ошого
тете эмгек жөнүндө мыйзамдарды башкача түрдө олуттуу бузуу, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү  өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо
беш жылга  чейинки  мөөнөткө  белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш
жүргүзүү укугунан ажыратылат.

     144-статья. Кош бойлуу аялды, ошондой эле үч жашка толо элек
                 баласы бар аялды жумушка алуудан негизсиз баш тартуу
                 же жумуштан негизсиз бошотуу

     Кош бойлуулугуна байланыштуу аялды жумушка  алуудан  негизсиз  баш
тартуу же жумуштан негизсиз бошотуу, үч жашка толо элек баласы бар аял-
ды ушуга байланыштуу жумушка алуудан негизсиз баш  тартуу  же  жумуштан
негизсиз бошотуу, ошого тете эмгек акысынын өлчөмүн төмөндөтүү, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат.

     145-статья. Дарыгерлик сырды билдирип коюу

     (1) Медициналык,  фармацевт же башка кызматкер кесиптик же кызмат-
тык   зарылдыгы   болбосо   деле,   пациенттин   дарты  же  медициналык
күбөлөндүрүлүшүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды  билдирип  койгон-
до, -
     эсептик көрсөткүчтүн отуз өлчөмүнө чейин айып салынат.
     (2) Ошол эле жосундар адамдын иммунодефицитинин вирусу бар экенди-
ги жөнүндө маалыматтарды билдирүү аркылуу жасалганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  карал-
ган жосундар байкабастыктан оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     146-статья. Динге ишенүү жана дин тутуу эркиндиги укугун жүзөгө
                 ашырууга тоскоолдук кылуу

     Диний уюмдардын ишине же диний ырым-жырымдарды  жасоого  мыйзамсыз
тоскоолдук кылуу, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүз  өлчөмүнө  чейин айып салынат же үч айга
чейинки мөөнөткө камакка алынат.

     146-1-статья. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин
                   (Акыйкатчысынын) ишине тоскоолдук кылуу

     (1) "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамында каралган Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ый-
гарым укуктарын ишке ашыруусуна  жана  милдеттерин  аткаруусуна  кандай
формада болсун тоскоолдук кылуу, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүздөн  эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып са-
лууга жазаланат.
     (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы N 100 мыйзамынын 
редакциясына ылайык)

     147-статья. Диний ырым-жырымдарды аткарымыш болуп инсанга жана
                 граждандын укуктарына шек келтирүү

     (1) Диний окууларды үйрөтүмүш жана диний ырым-жырымдарды аткарымыш
болуп, граждандардын саламаттыгына зыян келтиргенде же инсанга же граж-
дандын укуктарына башкача шек келтиргенде,  же граждандарга коомдук иш-
тен  же граждандык милдеттерди аткаруудан баш тартууга түрткү берүү ме-
нен коштолгон иш жүргүзгөн топту уюштуруу же ага жетекчилик кылуу, ошо-
го тете бул топко жашы жете электерди тартуу, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул  статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн топтун ишине жи-
гердүү катышуу, ошого тете аларда көрсөтүлгөн жосундарды жасоого багыт-
талган үзгүлтүксүз пропаганда жүргүзүү, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Эгерде ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адам-
дардын жосундары жана аларды жасаган адамдар коомго анча коркунуч  кел-
тирбесе,  аларга  карата  коомдук  таасир көрсөтүү чаралары колдонулушу
мүмкүн.

     148-статья. Чогулуш, митинг, демонстрация, көчө жүрүшүн өткөрүүгө,
                 пикетке чыгууга же аларга катышууга тоскоолдук кылуу

     Чогулуш, митинг, демонстрация, көчө жүрүшүн өткөрүүгө, пикетке чы-
гууга же аларга катышууга мыйзамсыз тоскоолдук кылуу же аларга катышуу-
га  мажбурлоо,  эгерде  бул жосундар өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу
менен кызмат адамы тарабынан же зомбулук көрсөтүү же зомбулук  көрсөтөм
деп коркутуу менен жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  үч жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып
салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же бел-
гилүү иш  жүргүзүү  укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     149-статья. Жалпыга бирдей милдеттүү билим берүү жөнүндө мыйзамды
                 аткарбоо

     Кызмат адамы  тарабынан  жалпыга  бирдей  милдеттүү  билим   берүү
жөнүндө мыйзам кыянаттык менен аткарылбаганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салынат.

     150-статья. Автордук, эриш-аркак укуктарды жана патент ээлеринин
                 укуктарын бузуу

     (1) Башка  бирөөнүн илимий,  адабий,  музыкалык көркөм чыгармасын,
ошондой эле ЭЭМ үчүн башка бирөөнүн программасын же маалыматтар базасын
өзүнүн аты менен чыгаруу,  же мындай чыгармага автордукту башкача ыйга-
рып алуу,  автордукту жана ойлоп табууну ыйгаруу,  ошого тете  авторлош
болууга мажбурлоо, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат.
     (2) Автордук  укуктун же эриш-аркак укуктун объектилерин мыйзамсыз
пайдалануу,  ошондой эле ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жайлык
үлгүнү,  ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын мыйзамсыз пайдала-
нуу,  автордун же билдирүүчүнүн макулдугусуз ойлоп табуу,  пайдалуу мо-
дель же өнөр жайлык үлгү тууралу маалыматтар расмий түрдө жарыяланганга
чейин алардын мањызы тууралу билдирүү,  эгерде бул жосундар атайылап же
байкабастыктан ири зыян келтирсе, -
     үч эселенген  айып  салынат  же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү
кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан  ажыратуу  менен  же
андай кылбастан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (3) Ушул  статьянын  биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жо-
сундар бир нече жолу жасалганда, алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын
тобу же уюмдашкан топ тарабынан жасалганда, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө  же  белгилүү
иш  жүргүзүү  укугунан  ажыратуу  менен үч эселенген айып салынат же үч
жылга чейинки  мөөнөткө  белгилүү  кызматтарды  ээлөө  же  белгилүү  иш
жүргүзүү  укугунан  ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Ушул статьянын экинчи бөлүгүндөгү ири зыян катары кылмыш
жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
эсептик көрсөткүчтүн беш жүз эселенген өлчөмүнөн ашкан зыян табылат.

     151-статья. Журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук
                 кылуу

     (1) Маалыматты  жайылтууга же аны жайылтуудан баш тартууга мажбур-
лоо аркылуу  журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу,
-
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салы-
нат.
     (2) Ошол эле жосундар өзүнүн кызматтык абалынан  пайдалануу  менен
жасалганда, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү  укугунан  ажыратууга  же  андай кылбастан үч жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     152-статья. Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка
                 социалдык төлөмдөрдү төлөөгө арналган акчалай
                 каражаттарды пайдалануу

     (1) Менчигинин түрүнө карабастан,  ишканалардын, мекемелердин жана
уюмдардын кызмат адамдары тарабынан эмгек акыны,  пенсияларды, пособие-
лерди жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө арналган каражаттар багы-
ты боюнча пайдаланылбаганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат.
     (2) Ошол эле аракеттер бир нече жолу кайталанганда, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

                               20-Глава
          Үй-бүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар

     153-статья. Эки жана андан көп аял алуу

     Эки же андан  көп  аял  алганда,  башкача  айтканда,  жалпы  чарба
жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, -
     эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     154-статья. Никелик куракка жете элек адам менен иш жүзүндө
                 никелик мамилелерге өтүү

     (1) Никелик  куракка жете элек адам менен иш жүзүндө никелик мами-
леге өтүү, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Он  алты жашка толо элек адам менен иш жүзүндө никелик мамиле-
лерге өтүү же мындай мамилеге өтүүгө мажбурлоо, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Он  алты жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге
өтүү үчүн ала качуу, -
     үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.

     155-статья. Аялды никеге турууга мажбурлоо же анын никеге турушуна
                 тоскоолдук кылуу

     Аялды никеге  турууга же никелешип чогуу жашоону улантууга мажбур-
лаганда,  же никелешүү үчүн анын эркине каршы ала качканда,  ошого тете
аялдын никеге турушуна тоскоолдук кылганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     156-статья. Жашы жетпегенди кылмыш жасоого тартуу

     (1) Он сегиз жашка толгон адам тарабынан убада берүү,  алдоо, кор-
кутуу же башка ыкма менен жашы жетпегенди кылмыш жасоого тартуу, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар ата-энеси, мугалими, же жашы жетпеген жөнүн-
дө кам  көрүү  милдети  мыйзам тарабынан жүктөлгөн башка адам тарабынан
жасалганда, -
     төрт жылдан жети жылга чейинки  мөөнөткө  эркиндигинен  ажыратууга
жазаланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган жосундар
зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалганда, -
     беш жылдан сегиз жылга чейинки  мөөнөткө  эркиндигинен  ажыратууга
жазаланат.
     (4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө карал-
ган  жосундар  жашы  жетпегенди уюмдашкан топко же кылмыштуу шериктикке
тартуу менен,  же болбосо оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого  байланыштуу
болгондо, -
     сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     157-статья. Жашы жетпегенди коомчулукка каршы аракеттерди жасоого
                 тартуу

     (1) Он сегиз жашка толгон адам жашы жетпегенди аракечтикке, бањги-
лик же башка баш айлантуучу заттарды  врачтын  дайындоосуз  керектөөгө,
сойкулукка, селсаяктыкка же кайырчылыкка, сексуалдык аракеттерди жасоо-
го тартканда, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же нер-
селерди даярдоого байланыштуу аракеттерге тартканда, -
     үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат же үч жылга че-
йинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) бир нече жолу;
     2) зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу жа-
салганда, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     158-статья. Бөбөктү алмаштырып коюу

     (1) Бөбөктү алмаштырып койгондо, -
     эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар кара ниеттик же башка жаман ой менен  жасал-
ганда, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     159-статья. Балдарды сатуу  
                 (2003-жылдын 9-августундагы N 193 мыйзамынын 
                 редакциясына ылайык алынып салынган)


     (бул статьяга  КР 2003-жылдын 24-августундагы N 199 мыйзамынын ре-
дакциясына ылайык өзгөртүүлөр киргизилген)


     160-статья. Баланы (кызды) асырап алуунун сырын ачуу

     Баланы (кызды)  асырап  алган  адамдын эркине каршы асырап алуунун
сырын ачып койгондо, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып төлөм салынат же эки
айга чейинки мөөнөткө камакка алынат.

     161-статья. Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо

     Ата-эне же  өздөрүнө  жашы  жетпегенди  тарбиялоо боюнча милдеттер
жүктөлгөн башка адам жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерин, ошо-
го тете  жашы  жетпегенге көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү болгон билим бе-
рүүчү, тарбиялоочу, дарылоочу же башка мекемелердин окутуучусу же башка
кызматкери өз  милдеттерин аткарбаганда же талапка ылайык аткарбаганда,
эгерде бул  жосундар  жашы жетпегенге ырайымсыз мамиле жасоо менен кош-
толсо, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салы-
нат же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылга чейин-
ки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)
 
     162-статья. Ата-эненин балдарды багуудан качышы

     Ата-энелери соттун чечими боюнча же соттун токтому боюнча жашы же-
те элек же эрезеге жеткен, бирок эмгекке жараксыз жана материалдык жар-
дамга муктаж балдарын багууга каражат төлөөдөн кыянаттык менен  качкан-
да, -
     эсептик көрсөткүчтүн отуз өлчөмүнө чейин айып салынат же алты айга
чейинки мөөнөткө  камакка алынат же эки жылга чейинки мөөнөткө эркинди-
гинен ажыратууга жазаланат.

     163-статья. Балдардын ата-энени багуудан качышы

     Эрезеге жеткен балдар соттун чечими боюнча эмгекке  жараксыз  жана
материалдык  жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражат төлөөдөн кыя-
наттык менен качканда, -
     эсептик көрсөткүчтүн отуз өлчөмүнө чейин айып салынат же алты айга
чейинки мөөнөткө  камакка алынат же эки жылга чейинки мөөнөткө эркинди-
гинен ажыратууга жазаланат.

                              VIII БӨЛҮМ
                   ЭКОНОМИКА ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КЫЛМЫШТАР

                               21-Глава
                       Менчикке каршы кылмыштар

     164-статья. Уурдоо

     (1) Уурдаганда,  башкача  айтканда  бирөөнүн мүлкүн билгизбей алып
кеткенде, -
     үч эселенген  айып  салынат  же эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө
чейин айып салынат, же үч айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, болбосо
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Уурдоо:
     1) адамдардын тобу тарабынан;
     2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     3) бир нече жолу;
     4) олуттуу өлчөмдөрдө жасалганда;
     5) жабырлануучунун кийим-кечегинен же анын кол жүгүнөн уурдалганда
(чөнтөкчүлүк);
     үч эселенген айып салынат же мүлкүн конфискациялоо менен же  андай
кылбастан эки жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу-
га жазаланат.
     (3) Уурдоо:
     1) уюмдашкан топ тарабынан;
     2) ири өлчөмдө;
     3) мурда уурдагандыгы же опузалап талап кылгандыгы үчүн эки же ан-
дан көп жолу соттолгон адам тарабынан;
     4) турак-жайга,  бөлмөгө же башка сактоочу жайга  мыйзамсыз  кирүү
менен  жасалганда, - 
     мүлкүн конфискациялоо  менен  беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. 1.  Башка бирөөнүн мүлкүн укукка жат түрдө айыпкердин же
башка адамдардын пайдасына акысыз алып коюу, ал жеке пайда көрүү макса-
тында жасалганда, менчик ээсине же бул мүлктүн башка ээсине зыян келти-
рилгенде, мунун өзү уурдоо катары түшүндүрүлөт.
     2. Эгерде  мүлктүн  наркы кылмыш жасаган учурга карата Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында  белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он өлчөмү-
нөн көп болсо ушул главанын статьяларында каралган жосундар олуттуу өл-
чөмдө жасалган деп табылат.
     3. Эгерде  мүлктүн наркы кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өл-
чөмүнөн ашса, ушул главанын статьяларында каралган жосундар ири өлчөмдө
жасалган деп табылат.
     4. Эгерде  ага чейин ушул статьянын ушул бөлүктөрүндө каралган бир
же андан көп кылмыш жасалса,  ошондой эле ушул Кодекстин 169, 230, 240,
245,  248-статьяларында  каралган  кылмыштар  жасалса,  ушул  Кодекстин
164-168,  170-173-статьяларында бир нече жолу жасалган кылмыш деп табы-
лат.
     5. Ушул Кодекстин 164-168,  170-171,  230, 240, 245, 248-статьяла-
рында  каралган бир же бир нече кылмыштар үчүн соттолгон адам ушул гла-
ванын статьяларында, ошондой эле ушул Кодекстин башка статьяларында ка-
ралган адам  мурда ууру кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы
үчүн соттолгон адам деп табылат.

     165-статья. Мал уурдоо

     (1) Мал уурдоо,  башкача айтканда башканын малын билгизбей  уурдап
кеткенде, -
     үч эселенген айып же эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып
салынат, же  үч  айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, болбосо үч жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Мал уурдоо:
     1) турак-жайдын короосуна, ишканага, уюмга, мекемеге же мал короо-
го, мал камалган жерге кирүү менен;
     2) адамдардын тобу тарабынан;
     3) бир нече жолу;
     4) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан үч жылдан жети жыл-
га чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ошол эле аракеттер:
     1) уюмдашкан кылмыштуу топ тарабынан;
     2) ири өлчөмдө;
     3) уурулук кылгандыгы же опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда  эки
же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо менен  алты  жылдан  он  бир  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     166-статья. Алдамчылык

     (1) Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу
жолу менен башканын мүлкүнө ээ болуу же мүлк укугуна ээ болуу, -
     үч эселенген  айып  же  эсептик  көрсөткүчтүн жыйырма беш өлчөмүнө
чейин айып салынат, же үч айга чейинки мөөнөткө камакка алынат.
     (2) Алдамчылык:
     1) адамдардын тобу тарабынан;
     2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     3) бир нече жолу;
     4) олуттуу өлчөмдөрдө жасалганда, -
     үч эселенген  айып  же  эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш өлчөмүнөн
жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо мүлкүн конфискациялоо менен же
андай кылбастан  беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (3) Алдамчылык:
     1) мурда уурулук кылгандыгы же опузалап талап кылгандыгы үчүн сот-
толгон адам тарабынан;
     2) ири өлчөмдө;
     3) уюмдашкан топ тарабынан;
     4) кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга  чейинки  мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     167-статья. Тоноо

     (1) Тоноо, башкача айтканда, башканын мүлкүн ачык эле алып коюу, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салы-
нат же  эки  жылдан  беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     (2) Тоноо:
     1) адамдардын тобу тарабынан;
     2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     3) бир нече жолу;
     4) олуттуу зыян келтирүү менен;
     5) өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирбеген зомбулук  менен
же ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен коштолгондо, -
     мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан үч жылдан жети жыл-
га чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Тоноо:
     1) мурда уурулук кылгандыгы же опузалап талап кылгандыгы үчүн сот-
толгон адам тарабынан;
     2) ири өлчөмдө;
     3) турак-жайга, имаратка же башка сактоочу жайга кирүү менен;
     4) уюмдашкан топ тарабынан жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо менен  жети  жылдан  он  эки  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     168-статья. Каракчылык

     (1) Каракчылык, башкача айтканда, башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу
максатында өмүргө  же саламаттыкка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү
менен, болбосо  ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен кол салуу,
-
     мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан жети жылга чейинки  мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Каракчылык:
     1) адамдардын тобу тарабынан;
     2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     3) бир нече жолу;
     4) турак-жайга, имаратка же болбосо башка сактоочу жайга кирүү ме-
нен;
     5) курал же курал катарында пайдаланылган нерселерди колдонуу  ме-
нен жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо менен  алты  жылдан  он  эки  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Каракчылык:
     1) мурда  уурулук кылгандыгы,  опузалап талап кылгандыгы,  болбосо
бандиттик кылгандыгы үчүн соттолгон адам тарабынан,
     2) ири өлчөмдө мүлккө ээ болуу максатында;
     3) жабырлануучунун саламаттыгына оор залал келтирүү менен;
     4) уюмдашкан топ тарабынан жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо менен сегиз  жылдан  он  беш  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     169-статья. Башка бирөөнүн мүлкүн өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо

     Уурдоонун ыкмасына  карабастан,  башка  бирөөнүн  мүлкү өзгөчө ири
өлчөмдө уурдалганда (164-171-статьялар), -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  же андай кылбастан он жылдан жыйырма
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Эгерде  мүлктүн наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында  белгиленген  эсептик  көрсөткүчтөн  бир мињ
эседен ашса,  ушул главанын статьяларында каралган жосун өзгөчө ири өл-
чөмдө жасалган катары табылат.

     170-статья. Опузалап талап кылуу

     (1) Опузалап талап кылуу,  башкача айтканда зомбулук көрсөтөм  деп
коркутуу же башка бирөөнүн мүлкүн жок кылам же зыянга учуратам деп кор-
кутуу аркылуу,  ошого тете жабырлануучуну же анын  жакындарын  мазактай
турган маалыматтарды,  болбосо  жабырлануучунун  же  анын  жакындарынын
укуктарына же мыйзамдуу таламдарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн  бол-
гон  башка маалыматтарды жайылтуу коркунучу астында опузалап талап кыл-
ганда, башкача айтканда, башка бирөөнүн мүлкүн же мүлккө болгон укукта-
рын өткөрүп  берүүнү же башка мүлктүк мүнөздөгү аракеттерди жасоону та-
лап кылганда, -
     үч эселенген  айып  салынат  же алты айга чейинки мөөнөткө камакка
алынат, болбосо эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салуу ме-
нен эки  жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (2) Опузалап талап кылуу:
     1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     2) бир нече жолу;
     3) зомбулук көрсөтүү менен жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо   менен   төрт  жылдан  жети  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Опузалап талап кылуу:
     1) мурда эки же андан көп жолу уурулук кылгандыгы,  болбосо опуза-
лап талап кылгандыгы үчүн соттолгон адам тарабынан жасалганда;
     2) мүлктү ири өлчөмдө алуу максатында;
     3) жабырлануучунун саламаттыгына оор залал келтирүү менен;
     4) уюмдашкан топ тарабынан жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  жети  жылдан  он  беш  жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     171-статья. Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу

     (1) Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу, -
     үч эселенген айып же эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып
салынат, болбосо үч айга чейинки мөөнөткө камакка алынат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) адамдардын тобу тарабынан;
     2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     3) бир нече жолу жасалганда, -
     үч эселенген  айып  же  эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз
өлчөмүнө чейин  айып  салынат  же  мүлкүн конфискациялоо менен же андай
кылбастан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ошол эле жосундар:
     1) мурда уурулук кылгандыгы, же опузалап талап кылгандыгы үчүн эки
же андан көп соттолгон адам тарабынан;
     2) ири өлчөмдөрдө;
     3) кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн мињ өлчөмүнө чейин айып са-
лынат же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белги-
лүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан, мүлкүн кон-
фискациялоо менен  беш  жылдан  он  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен
ажыратууга жазаланат.

     172-статья. Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын
                 укукка жат түрдө ээлеп алуу

     (1) Автомобилди  же  башка  автомототранспорт каражатын укукка жат
түрдө ээлеп алуу, -
     беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) адамдардын тобу тарабынан;
     2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     3) бир нече жолу;
     4) өмүрүнө   жана   саламаттыгына  коркунуч  келтирбеген  зомбулук
көрсөтүү, болбосо ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу жасал-
ганда, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  сегиз  жылдан  он  эки жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  каралган  жо-
сундар уюмдашкан топ тарабынан, болбосо өмүргө же саламаттыкка коркунуч
келтирген зомбулук көрсөтүү менен,  же ушундай  зомбулук  көрсөтөм  деп
коркутуу менен жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  он  жылдан  он  беш  жылга   чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     172-1-статья. Өзү билип жер ээлөө

     (1) Менчигинин  формасына карабастан жер участогун өзү билип ээлеп
алуу айдоого, түшүмгө зыян келтирүүгө же жок кылынышына алып келсе жана
олуттуу материалдык зыян келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жыйырма өлчөмүндө айып салууга же үч эселен-
ген айып салууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосун жер участокторун мыйзамсыз  жапырт  ээлеп  алуу
убагында жасалып, ал айдоого, түшүмгө зыян келтирүүгө же жок кылынышына
алып келсе жана ири материалдык зыян келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жыйырмадан  бир мињге чейинки өлчөмүндө айып
салууга же  үч эселенген айып салууга, болбосо эки жылга чейин эркинди-
гинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ири зыян келтирүү менен жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алуу-
ну уюштуруу же аны жетектөө, -
     үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү: Бул  статьяда  олуттуу зыян келтирүү катары эсептик көр-
сөткүчтөн элүү  эсе ашкан зыян келтирүү таанылат. Ири зыян келтирүү ка-
тары эсептик көрсөткүчтөн эки жүз эсе ашкан зыян келтирүү таанылат.
     (КР 2005-жылдын   5-августундагы   N   122 Мыйзамынын редакциясына
ылайык)

     173-статья. Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу
                 мүлктүк зыян келтирүү

     (1) Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу  аркылуу  менчик
ээсине же мүлктүн башка ээсине уурдоо белгилери жок мүлктүк зыян келти-
рилгенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо төрт
айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, болбосо эки жылга чейинки мөөнөт-
кө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын  тобу
тарабынан же бир нече жолу жасалганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат, болбосо  үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө  каралган  жосун-
дар:
     1) уюмдашкан топ тарабынан жасалганда;
     2) ири зыян келтиргенде;
     3) мурда эки же андан ашык уурулук кылгандыгы, опузалап талап кыл-
гандыгы,  болбосо алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу
мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүз өлчөмүнө чейин айып салуу менен эки жыл-
дан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Менчик  ээсине келтирген зыян өз ыктыяры менен толтурул-
ганда,  ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн бел-
гилер  жок  болгондо,  зыян келтирген адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен
бошотулат.

     174-статья. Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу

     (1) Башканын  мүлкүнө олуттуу зыян келтирүү менен аны атайылап жок
кылганда же зыянга учуратканда, -
     үч эселенген  айып  же  эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз
өлчөмүнө чейин  айып  салынат, болбосо үч айга чейинки мөөнөткө камакка
алынат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) өрттөө аркылуу;
     2) башка жалпыга коркунучтуу ыкма менен;
     3) оор кесепеттерге алып келүү менен жасалганда, -
     эки жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     175-статья. Тарых жана маданият эстеликтерин атайылап жок кылуу же
                 бузуу

     Мамлекеттин коргоосу астындагы тарыхый жана маданий  эстеликтерди,
жаратылыш объектилерин атайылап жок кылуу же бузуу, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же жүз элүү
сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, болбо-
со үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     176-статья. Мүлктү байкабастыктан жок кылуу же зыянга учуратуу

     Башка бирөөнүн  мүлкүн байкабастыктан ири өлчөмдө жок кылуу же зы-
янга учуратуу, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү  өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо
жүз элүү сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштар-
га жазаланат.

     177-статья. Кылмыш жолу менен алынгандыгы белгилүү болгон мүлктү
                 сатып алуу же сатуу

     (1) Мурда  убада  бербестен кылмыш жолу менен алынгандыгы белгилүү
болгон мүлктү сатып алуу же сатуу, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жыйырма  беш өлчөмүнө чейин айып салынат, же
болбосо эки айга чейинки мөөнөткө камакка алынат.
     (2) Ошол эле жосундар кесип катарында же ири өлчөмдөрдө  жасалган-
да, -
     мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга чейинки мөөнөткө  эркиндиги-
нен ажыратууга жазаланат.

                               22-Глава
                Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар

     178-статья. Мыйзамдуу ишкердик кылуу ишине тоскоолдук кылуу

     (1) Жеке  ишкердик  кылуучуну же коммерциялык уюмду каттоодон мый-
замга ылайыксыз  баш  тартуу  же аларды каттоодон четтөө, белгилүү ишти
жүзөгө ашырууга атайын уруксат (лицензия) берүүдөн укукка ылайыксыз баш
тартуу, болбосо  аны  берүүдөн четтөө, жеке ишкердик кылуучунун же ком-
мерциялык уюмдун  укуктарын  жана  мыйзамдуу  таламдарын алардын уюшту-
руу-укуктук же  менчигинин  түрүнө жараша чектөө, ошого тете алардын өз
алдынчалыгын чектөө,  болбосо  жеке ишкердик кылуучунун же коммерциялык
уюмдун ишине  мыйзамсыз  түрдө  башкача кийлигишүү, эгерде бул жосундар
кызмат адамы  тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасал-
са, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат, болбосо  жүз  элүү  сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө
коомдук жумуштарга,  болбосо  эсептик  көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин
айып салуу  менен беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө
же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат.
     (2) Ошол  эле  жосундар  мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын бузуу
менен жасалганда, ошого тете ири зыян келтирилгенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып
салуу менен  беш  жылга  чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же
белгилүү иш  жүргүзүү  укугунан  ажыратылат,  болбосо алты айга чейинки
мөөнөткө камакка  алынат, болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндиги-
нен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Кылмыш  жасалган  учурга  карата  Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген  эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн ашкан
суммада келтирилген  зыян  ушул  главанын 178, 184, 187, 189, 191, 194,
197, 216, 217, 218-статьяларында ири зыян деп табылат.

     179-статья. Жерге байланыштуу мыйзамсыз бүтүмдөрдү каттоо

     Жерге байланыштуу мыйзамсыз бүтүмдөрдү атайылап каттоо,  Мамлекет-
тик  жер  кадастрынын эсептик маалыматын бурмалоо,  ошого тете жер үчүн
акынын өлчөмүн атайылап төмөндөтүү, болбосо жогорулатуу, эгерде бул жо-
сундар  кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен
жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат, болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же
белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат, болбосо кырк сааттан жүз элүү
саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат.

     180-статья. Мыйзамсыз ишкердик кылуу

     (1) Мындай  уруксат  (лицензия) милдеттүү болгон учурда,  ишкердик
кылуу ишин каттоосуз же атайын уруксатсыз (лицензиясыз) ишке ашыруу, же
лицензиялоонун  шарттарын  бузуу  менен  ишке ашыруу,  эгерде бул жосун
граждандарга,  уюмдарга же  мамлекетке  ири  зыян  келтиргенде  же  ири
өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат же  алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, болбосо жүз сексен
сааттан эки  жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тарты-
лат же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) уюмдашкан топ тарабынан жасалганда;
     2) өтө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо;
     3) мурда мыйзамсыз ишкердик кылуу ишин же мыйзамсыз банк ишин жүр-
гүзгөндүгү үчүн соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып
салынат, болбосо мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Ушул  Кодекстин  180,  181-статьяларында кылмыш жасалган
учурга карата  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик
көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн ашкан суммадагы киреше ири өлчөмдөгү ки-
реше, эсептик көрсөткүчтүн бир мињ өлчөмүнөн ашкан суммадагы киреше өтө
ири өлчөмдөгү киреше катары табылат.

     181-статья. Банк ишин мыйзамсыз жүргүзүү

     (1) Мындай уруксат (лицензия) милдеттүү болгон учурда,  банк  ишин
(банк  операцияларын) каттоосуз же атайын уруксатсыз (лицензиясыз) ишке
ашыруу,  же лицензиялоону бузуу менен ишке  ашыруу,  эгерде  бул  жосун
граждандарга,  уюмдарга  же  мамлекетке  ири  зыян  келтиргенде  же ири
өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо, -
     эсептик көрсөткүчтүн  беш  жүз  өлчөмүнөн сегиз жүз өлчөмүнө чейин
айып салынат, болбосо эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып са-
луу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) уюмдашкан топ тарабынан жасалганда;
     2) өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо;
     3) мурда  банк  ишин  мыйзамсыз  же  мыйзамсыз ишкердик кылуу ишин
жүргүзгөндүгү үчүн соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     182-статья. Жалган ээлик кылуучулук

     Жалган ээлик кылуучулук, башкача айтканда, ээлик кылуу ишин жүзөгө
ашырууну ойлобостон, кредит алуу, салыктан бошонуу, мүлктүк башка пайда
табуу же  тыюу салынган ишти көмүскөлөө максатында коммерциялык уюм тү-
зүү, бул граждандарга, башка коммерциялык уюмдарга же болбосо мамлекет-
ке ири зыян келтиргенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып тө-
лөм салынат же мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан беш жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     183-статья. Мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же
                 башка мүлктү легалдаштыруу

     (1) Атайылап мыйзамсыз жол менен  алынган  акчалай  каражаттар  же
башка  мүлк жагынан финансылык операцияларды же башка бүтүмдөрдү жасоо,
ошого тете аталган каражаттарды ишкердик кылуу  же  башка  экономикалык
ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдалануу, -
     эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн бир мињ өлчөмүнө чейин айып
салынат, болбосо эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салуу ме-
нен төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     2) бир нече жолу;
     3) өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  же андай кылбастан төрт жылдан сегиз
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган жосундар
уюмдашкан топ тарабынан жана ири өлчөмдө жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     184-статья. Мыйзамсыз кредит алуу

     (1) Жеке ишкердик кылуучу же уюмдун жетекчиси банкка же башка кре-
дит берүүчүгө ишкердик кылуучунун же уюмдун чарбалык же финансылык аба-
лы жөнүндө атайылап жалган маалыматтарды берүү  менен  кредит  алганда,
болбосо кредит берүүнүн жењилдик берүүчү шарттарына ээ болгондо, эгерде
бул жосун чоњ зыян келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып
салынат же төрт айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, болбо-
со эки  жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (2) Мамлекеттик максаттуу кредитти мыйзамсыз алуудан улам ири зыян
келтирилгенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн бир мињ өлчөмүнө чейин айып
салынат, болбосо  үч  жылдан  жети  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен
ажыратууга жазаланат.

     185-статья. Мамлекеттик кредитти максатка ылайыксыз пайдалануу

     (1) Мамлекеттик кредитти максатка ылайыксыз пайдалануу, -
     эсептик көрсөткүчтүн  үч жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып
салынат же  эки  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазала-
нат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) бир нече жолу;
     2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган-
да, -
     мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан эки жылдан беш жыл-
га чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     186-статья. Кредиттик карызды тындыруудан четтөө

     Уюмдун жетекчиси же граждан ири кредиттик карызын  тындыруудан  же
соттун  тиешелүү  актысы мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин баалуу кагаз-
дарды төлөөдөн четтегенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып
салынат, болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөт-
кө коомдук  жумуштарга  тартылат  же алты айга чейинки мөөнөткө камакка
алынат, болбосо  эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     Эскертүү. Кылмыш  жасалган  учурга  карата, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген  эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн ашкан
суммадагы граждандын карызы, ал эми уюмдун эсептик көрсөткүчтүн эки мињ
беш жүз  өлчөмүнөн ашкан карызы ири өлчөмдөгү кредиттик карыз деп табы-
лат.

     187-статья. Бухгалтердик эсептин эрежелерин бузуу

     Ыйгарым укуктуу адам тарабынан мыйзамдарда  каралган  бухгалтердик
эсептердин эрежелерин, маалыматтарды документтештирүүнү атайылап бузуу,
болбосо отчеттук документтерге  уюмдун  финансылык  жана  чарбалык  иши
жөнүндө  жалган маалыматтарды атайылап киргизүү,  ошого тете финансылык
жана башка эсептик документтерди жок кылуу, бул ири зыян келтиргенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     188-статья. Монополиялык аракеттер жана атаандаштыкты чектөө

     (1) Монополиялык жогорку же монополиялык төмөнкү бааларды белгилөө
жана  кармап  туруу,  ошого тете рынокту бөлүштүрүүгө,  рынокко чыгууну
чектөөгө, андан экономикалык иштин башка субъектилерин четтетүүгө, бир-
диктүү  бааларды  белгилөөгө же кармап турууга багытталган бүтүм же ма-
кулдашылган аракет аркылуу атаандаштыкты чектөө, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) бир нече жолу;
     2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган-
да, -
     эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып
салынат, болбосо  мүлкүн  конфискациялоо  менен  же андай кылбастан эки
жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ошол эле жосундар:
     1) зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу;
     2) башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу  же  зыянга  учуратуу,  болбосо
башка  бирөөнүн  мүлкүн жок кылам же зыянга учуратам деп коркутуу аркы-
луу;
     3) кызматтык абалын пайдалануу менен;
     4) уюмдашкан топ тарабынан жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     189-статья. Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык
                 менен бузуу

     Мүлктүн менчик ээсине, соода же аукционду уюштуруучуга, сатып алу-
учуга же чарба жүргүзүүчү башка субъектиге ири зыян келтирип, ачык соо-
да,  аукцион же тендер өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат, болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы N 98 мыйзамынын 
редакциясына ылайык)

     190-статья. Бүтүм жасоого же андан баш тартууга мажбурлоо

     (1) Зомбулук көрсөтөм,  башка бирөөнүн мүлкүн жок кылам же  зыянга
учуратам  деп коркутуу аркылуу бүтүм жасоого же андан баш тартууга маж-
бурлоо, ошого тете жабырлануучунун же анын жакындарынын укуктарына жана
мыйзамдуу таламдарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтар-
ды таратуу, мында опузалап талап кылуунун белгилери жок болсо, -
     үч айдан  алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, болбосо эсеп-
тик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салуу менен эки жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) бир нече жолу;
     2) зомбулук көрсөтүү менен;
     3) уюмдашкан топ тарабынан жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан үч жылдан жети жыл-
га чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     191-статья. Товардык белгини мыйзамсыз пайдалануу

     (1) Бөтөн  товардык белгини,  тейлөө белгисин,  фирмалык аталышты,
товардын келип чыккан жеринин аталышын мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул
жосун бир нече жолу жасалса же ири зыян келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүз  өлчөмүнөн  төрт жүз өлчөмүнө чейин
айып салынат,  болбосо  жүз  сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки
мөөнөткө коомдук жумуштарга, болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка
алууга жазаланат.
     (2) Кыргыз Республикасында катталбаган  товардык  белгиге,  тейлөө
белгисине же товардын чыккан жерине карата эскертүүчү белгини мыйзамсыз
пайдаланганда,  эгерде бул жосун бир нече жолу жасалса же ири зыян кел-
тирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат, болбосо  жүз  жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө
коомдук жумуштарга, же болбосо төрт айга чейинки мөөнөткө камакка алуу-
га жазаланат.

     192-статья. Атайылап жалган рекламалоо

     (1) Реклама  берүүчү тарабынан товарлар, жумуштар же кызмат көрсө-
түүлөр, ошондой  эле аларды өндүрүүчүлөр же сатуучулар тууралу атайылап
жалган маалыматты пайдалануу, милдеттүү түрдө сертификациядан же лицен-
зиялоодон өткөрүлүүгө  тийиш болгон, бирок тиешелүү сертификаты, лицен-
зиясы болбогон  продукцияны рекламалоо жеке пайда көздөөдөн улам жасал-
са, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү  өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо
жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен жасалса;
     2) олуттуу зыян келтирсе, -
     үч эсе  айып  салынат, болбосо эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн
жүз өлчөмүнө  чейин  айып  салынат,  болбосо жүз сааттан эки жүз саатка
чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат.
     Эскертүү. Жеке  жактар  үчүн  кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында  белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жыйырма
өлчөмүндө жана  юридикалык жак үчүн эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө
зыян келтирүү  ушул главанын статьяларында каралган олуттуу зыян катары
табылат.
     (КР 2003-жылдын   9-августундагы   N   193 мыйзамынын редакциясына
ылайык)

     192-1-статья. Алкоголдук жана тамеки продукциясын, ошондой эле
                    оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу

     (1) Алкоголдук жана тамеки продукциясын, ошондой эле оюн-зоок биз-
несин жарнамалоо эрежелерин кайрадан бузуу -
     эсептик көрсөткүчтүн  жыйырмадан отузга чейинки өлчөмүндө айып са-
луу же  алты  айга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазала-
нат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) кызмат адамдары;
     2) жалпыга маалымдоо каражаттарынын редактору, -
     тарабынан жасалганда үч жылга чейинки  мөөнөткө  эркинен  ажыратуу
менен жазаланат.
     (Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 6-февралындагы N 35 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)

     193-статья. Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн
                 маалыматты мыйзамсыз алуу

     Документтерди уурдоо,  коммерциялык же банктык жашыруун сырды бил-
ген  адамдарды,  алардын  жакындарын  паралап сатып алуу жана коркутуу,
байланыш каражаттарынан маалыматты кармап калуу,  компьютердик  тутумга
же тармакка мыйзамсыз кирүү,  атайын техникалык каражаттарды пайдалануу
жолу менен, ошого тете башка мыйзамсыз ыкма менен коммерциялык же банк-
тык  сырды  түзгөн  маалыматтарды  чогултуу ошол маалыматтарды таратуу,
болбосо пайдалануу максатында жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салуу-
га, болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.

     194-статья. Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу

     Ээсинин макулдугусуз коммерциялык же банктык жашыруун сыр, бул сыр
кесиптик  же кызматтык ишине байланыштуу белгилүү болгон адам тарабынан
мыйзамсыз таркатылса же пайдаланылса, коммерциялык уюмга же жеке ишкер-
ге ири зыян келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лууга, болбосо  жүз  жыйырма саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга
жазаланат.
     Эскертүү. Ушул статьяда каралган жосунду  жасоо  үчүн  кылмыш-жаза
куугунтугуна  алуу,  зыян  тарткан коммерциялык уюмдун же жеке ишкердин
арызы боюнча жүзөгө ашырылат.

     195-статья. Мамлекеттик эн тамганы жасоонун жана пайдалануунун
                 эрежелерин бузуу

     (1) Мамлекеттик эн тамганы санкциясыз даярдоо, өткөрүү же пайдала-
нуу, ошого тете окшотуп жасоо, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салууга, болбосо  үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (2) Ошол эле жосундар,  көп жолу же уюмдашкан топ тарабынан жасал-
са, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     196-статья. Метрологиялык эрежелерди бузуу

     Түрлөрүн бекитүүсүз  же метрологиялык аттестациялоосуз жана текше-
рилбеген чен-өлчөм каражаттарын колдонууга чыгаруу, ошого тете тийиштүү
уруксатсыз  чен-өлчөм  каражаттарын  жасоо,  оњдоо жана текшерүү,  тек-
шерүүнүн ыкмаларын жана эрежелерин бузуу оор кесепеттерге алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга, болбосо
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     197-статья. Баалуу кагаздарды чыгарууда (эмиссиялоодо) кыянаттык
                 кылуу

     Баалуу кагаздар  эмиссиясынын  басылма проспектисине атайылап анык
эмес маалымат киргизүү,  ошого тете анык эмес маалыматты камтыган эмис-
сия басылма проспектин бекитүү, же атайылап эмиссиянын анык эмес натый-
жаларын бекитүү, эгерде бул жосундар ири зыянга алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салууга жазаланат.

     198-статья. Жасалма акча же баалуу кагаз даярдоо, сактоо же
                 өткөрүү

     (1) Жасалма акча,  металл тыйын,  баалуу кагаздарды же чет өлкөлүк
валютаны же чет өлкөлүк валютадагы баалуу кагаздарды өткөрүү максатында
даярдаганда,  болбосо  өткөрүү максатында сактаганда,  ошого тете сатып
өткөргөндө, -
     мүлкүн конфискациялоо   менен   беш  жылдан  сегиз  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) ири өлчөмдө;
     2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо   менен  он  жылдан  он  беш  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар,  уюмдашкан
топ тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  он  беш жылдан жыйырма жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     199-статья. Жасалма акциздик маркаларды даярдоо, сактоо, өткөрүү
                 жана пайдалануу

     Өткөрүү максатында жасалма акциздик маркаларды даярдоо, ошого тете
сатып  өткөрүү  максатында сактоо,  болбосо өткөрүү же жасалма акциздик
маркаларды ири өлчөмдө, болбосо алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу та-
рабынан пайдалануу, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат,
болбосо жүз  жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук
жумуштарга, болбосо  мүлкүн  конфискациялоо менен же андай кылбастан үч
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Эгерде даярдоодо,  сактоодо, өткөрүүдө жана пайдаланууда
жасалма акциздик марканын саны беш жүздөн ашса,  ушул статьяда каралган
жосундар ири өлчөмдө жасалган деп табылат.

     200-статья. Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны
                 акциздик маркасыз өндүрүү, сактоо, импорттоо жана
                 сатуу

     Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны  акциздик  маркасыз
өндүрүү,  сактоо, импорттоо же сатуу ири өлчөмдө жасалса, болбосо атал-
ган кылмыш үчүн же салык салуудан качкандыгы үчүн мурда соттолгон  адам
тарабынан жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, болбосо  жүз  сексен  сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө
коомдук жумуштарга,  болбосо мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга чей-
инки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү: Эгерде  продукцияга милдеттүү түрдө эсептик көрсөткүчтөн
мињ эсе ашкан суммага акциз салынууга тийиш болсо, ушул статьяда карал-
ган жосундар ири өлчөмдө жасалган деп таанылат.
     (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 12-мартындагы N 36 мыйзамынын
редакциясына ылайык)

     201-статья. Спирт жана спирттүү ичимдиктерди лицензиясыз өндүрүү,
                 өткөрүү

     Спирт же спирттүү ичимдиктерди өткөрүү максатында өндүрүү же  сак-
тоо, ошого тете ири өлчөмдө лицензиясыз өткөрүү, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, болбосо  жүз  сексен  сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө
коомдук жумуштарга,  болбосо  мүлкүн конфискациялоо менен же андай кыл-
бастан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Эгерде  спирт өндүрүү жана сатып  өткөрүү  жыйырма  жана
андан көп литрди, спирттүү ичимдиктер элүү жана андан көп литрди түзсө,
ушул статьяда каралган жосундар ири өлчөмдө жасалган деп табылат.
     (Кыргыз Республикасынын  2003-жылдын 11-июнундагы N 98 мыйзамынын,
2004-жылдын 15-февралындагы N 13 мыйзамынын редакцияларына ылайык)

     202-статья. Сапатсыз спирт жана спирттүү ичимдиктерди өндүрүү,
                 сактоо, өткөрүү

     Өткөрүү максатында  мамлекеттик  стандарт  белгилеген сапатка жооп
бербеген спирт жана спирттүү ичимдиктерди өндүрүү же сактоо, ошого тете
өткөрүү  байкабастыктан адамдын өлүмүнө,  саламаттыгына зыян келтирүүгө
же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  же  андай  кылбастан үч жылдан сегиз
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     202-1-статья. Үйдө жасалган спирт ичимдиктерин даярдоо, сатып 
                   өткөрүү же сатып өткөрүү максатында сактоо

     Үйдө жасалган  (этил  спиртинин үлүшү 9 пайыздан ашык көлөмдө бол-
гон) спирт ичимдиктерин ири өлчөмдө даярдоо,  сатып  өткөрүү  же  сатып
өткөрүү максатында сактоо, же болбосо аларды иштеп чыгаруу үчүн өндүрүш
каражаттарын даярдоо же сатып өткөрүү максатында  сактоо,  ага  барабар
болгон   аталган  спирт  ичимдиктерин  же  өндүрүш  каражаттарын  сатып
өткөрүү, -
     продукцияны жана  аны  өндүрүүчү каражаттарды милдеттүү түрдө алып
коюу менен  эсептик  көрсөткүчтүн  элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салууга же  жүз  жыйырмадан  жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук
иштерге, же  болбосо  мүлкүн  конфискациялоо  менен же ансыз, эки жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Эгерде спирт ичимдиктерин даярдоо,  сатып  өткөрүү  жана
сактоо элүү жана андан көп литрди түзсө,  ушул статьяда каралган жосун-
дар ири өлчөмдө жасалган деп табылат.
     (КР 2004-жылдын  15-февралындагы  N  13  мыйзамынын редакцияларына
ылайык)

     203-статья. Жасалма кредиттик, болбосо эсептик карталарды жана
                 башка төлөм документтерин даярдоо же өткөрүү

     (1) Жасалма кредиттик, болбосо эсептик карталарды, ошондой эле ба-
алуу кагаз деп эсептелбеген башка төлөм документтерин өткөрүү максатын-
да даярдоо же өткөрүү, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат, болбосо  эки  жылдан  беш  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен
ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар,  көп жолу же уюмдашкан топ тарабынан жасал-
са, -
     мүлкүн конфискациялоо   менен   төрт  жылдан  жети  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     204-статья. Контрабанда

     (1) Контрабанда, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын бажы чек
арасы  аркылуу,  ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн тыш-
каркы товарларды же башка нерселерди ири  өлчөмдөрдө  алып  өтүү,  бажы
көзөмөлүнөн  буйтап же жашыруу менен,  болбосо документтерди же бажылык
идентификация каражаттарын алдап пайдалануу менен жасалса, болбосо дек-
ларациялабоо же анык эмес декларациялоо менен коштолсо, -
     мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга чейинки мөөнөткө  эркиндиги-
нен ажыратууга жазаланат.
     (2) Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу  бањгилик  кара-
жаттарды,  психотроптук,  таасири күчтүү, уулуу, ууландыруучу, радиоак-
тивдүү же жарылгыч заттарды,  курал-жарактарды, жарылуучу түзүлүштөрдү,
ок атуучу курал-жарак жана ок-дарыларды, ядролук, химиялык, биологиялык
жана массалык кыргынга  учуратуучу  курал-жарактардын  башка  түрлөрүн,
массалык  кыргынга  учуратуучу  курал-жарактарды  түзүүдө пайдаланылышы
мүмкүн болгон жана аларга карата Кыргыз Республикасынын бажы чек  арасы
аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген материалдарды, техно-
логияларды,  илимий-техникалык маалыматтарды жана  жабдууларды,  Кыргыз
Республикасынын  бажы  чек  арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери
белгиленген стратегиялык жактан маанилүү чийки зат товарларды жана  ма-
даний баалуулуктарды алып өтүү,  эгерде бул жосун бажы көзөмөлүн буйтап
же жашыруу менен, болбосо документтерди же бажылык идентификациялоо ка-
ражаттарын  алдап  пайдалануу  менен жасалса же декларациялабоо же анык
эмес декларациялоо менен коштолсо, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул  статьянын  биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жо-
сундар:
     1) көп жолу;
     2) кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен
жасалса;
     3) бажылык контролду жүзөгө ашырган адамга зордук  көрсөтүү  менен
жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга  чейинки  мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө карал-
ган жосундар, уюмдашкан топ тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен  жети  жылдан  он  эки  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Ушул  главанын 204, 205-статьяларында каралган жосундар,
эгерде алынып  өтүлгөн товарлардын наркы, кылмыш жасалган учурда Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында  белгиленген эсептик көрсөткүчтүн бир мињ
эселенген өлчөмүнөн ашса ири өлчөмдө жасалган деп табылат.

     204-1-статья. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу

     (1) Транспорт каражаттарын же жасалма документтерди, болбосо турак
жай же дагы башка имарат-жайды берүү, ошондой эле жарандардын мыйзамсыз
келүүсү, кетүүсү үчүн дагы башка кызматтарды көрсөтүү, Кыргыз Республи-
касынын  аймагында орун которуп жүрүү менен мыйзамсыз миграцияны уюшту-
руу, -
     элүүдөн жүзгө  чейинки  эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдөгү айып
салуу же үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат;
     (2) Алдынала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан,  бол-
босо өздөрүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен жасалган ошол  эле  жо-
сундар, -
     үчтөн беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.
     (КР 2003-жылдын   9-августундагы   N   193 мыйзамынын редакциясына
ылайык)

     204-2-статья. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн
                   тартуунун жана пайдалануунун эрежелерин бир нече
                   жолу бузуу

     (1) Иш берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын  аймагына  ыйгарым
укуктуу  органдын  тиешелүү уруксатысыз келишкен чет өлкөлүк жарандарды
жана жарандыгы жок адамдарды бир нече жолу ишке кабыл алуу, -
     элүүдөн жүзгө  чейинки  эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдөгү айып
салууга алып келет.
     (2) Иш берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумуш-
чу күчүн пайдалануунун эрежелеринин бир нече жолу бузулушу, -
     жүздөн эки  жүзгө  чейинки  эсептик көрсөткүчүндөгү жазапул же жүз
жыйырмадан жүз сексен саатка чейинки мөөнөттөгү коомдук иштерге, болбо-
со алты  айга  чейинки мөөнөткө камакка алуу, же бир жылга чейинки мөө-
нөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.
     Эскертүү. Эгерде ушул статьянын биринчи жана  экинчи  бөлүктөрүндө
көрсөтүлгөн кылмыштардан мурда да ал бир эмес же бир нече жолу жасалса,
ушул статьяда каралган жосундар бир нече жолу  жасалган  катары  тааны-
лат.
     (КР 2003-жылдын   9-августундагы   N   193 мыйзамынын редакциясына
ылайык)

     205-статья. Материалдык байлыктарды чет өлкөдөн кайтарбоо

     Милдеттүү түрдө  кайра  алып келүү милдеттенмеси менен алынып кет-
кен, Кыргыз Республикасына таандык, ири өлчөмдөгү материалдык байлыктар
чет өлкөлөрдөн кайтарылбаганда, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  беш  жылдан  сегиз   жылга   чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     206-статья. Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн элдеринин
                 энчиси болгон көркөм, тарыхый жана археологиялык
                 буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кайтарбоо

     Кыргыз Республикасынын  чектеринен  тышкары алынып кеткен,  Кыргыз
Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн элдеринин энчиси болгон көркөм, та-
рыхый  жана  археологиялык  буюмдар  белгиленген мөөнөттө анын аймагына
кайтарылбаганда, эгерде мындай кайтаруу милдеттүү болуп эсептелсе, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  же андай кылбастан беш жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     207-статья. Чет өлкөлүк валютадагы каражаттарды чет мамлекеттерден
                 кайтарбоо

     Уюмдун жетекчиси  тарабынан  Кыргыз  Республикасынын ыйгарым укугу
берилген банкынын эсебине милдеттүү түрдө которулууга тийиш болгон  чет
өлкөлүк  валютадагы ири өлчөмдөгү мамлекеттик каражаттар кайтарылбаган-
да, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Ушул статьяда каралган жосун, эгерде чет өлкөлүк валюта-
дагы кайтарылбаган каражаттардын суммасы, кылмыш жасалган учурда Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында  белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш мињ
эсе ашса ири өлчөмдө жасалган деп табылат.

     208-статья. Кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды
                 мыйзамсыз жүгүртүү

     (1) Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында  белгиленген  эрежелерди
бузуп,  кымбат баалуу металлдар,  табигый асыл таштар менен байланышкан
соода-сатык жасоо, ошого тете зергердик жана тиричилик буюмдарынан жана
мындай буюмдардын сыныктарынан тышкары,  кымбат баалуу металлдарды, та-
бигый асыл таштарды кандай түрдө, абалда болсун мыйзамсыз сактоо, ташуу
же жөнөтүү, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат, болбосо  алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, болбосо үч
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) кымбат баалуу  металлдарды,  табигый  асыл  таштарды  мыйзамсыз
жүгүртүү үчүн мурда соттолгон адам тарабынан;
     2) ири өлчөмдө;
     3) уюмдашкан топ тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга  чейинки  мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Ушул статьяда каралган жосундар, эгерде мыйзамсыз жүгүр-
түлгөн кымбат баалуу металлдардын, табигый асыл таштардын наркы, кылмыш
жасалган учурда  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсеп-
тик көрсөткүчтөн беш жүз эсе ашса ири өлчөмдө жасалган деп табылат.

     209-статья. Кымбат баалуу металлдарды жана табигый асыл таштарды
                 мамлекетке өткөрүп берүүнүн эрежелерин бузуу

     Жер казынасынан казылып,  калдык чийки заттардан алынган,  ошондой
эле суу түбүнөн алынган жана табылган кымбат баалуу металлдарды же асыл
таштарды аффинажга милдеттүү түрдө өткөрүп берүүдөн же мамлекетке  мил-
деттүү түрдө сатуудан четтөө, эгерде бул жосун ири өлчөмдө жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  беш  жүздөн бир мињге чейинки өлчөмүндө айып
салынат, же  болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен
ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Эгерде  ушул статьяда көрсөтүлгөн, мамлекетке өткөрүлбө-
гөн же сатылбаган нерселердин наркы, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсе
ашса, ушул статьяда каралган жосун ири өлчөмдө жасалган деп табылат.

     210-статья. Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө

     (1) Төлөмдөрдү эсептөө үчүн документтерди бербөө же аларды жок кы-
луу,  ошондой эле төлөмдөрдү эсептөө үчүн документтерге бурмаланган ма-
лыматтарды атайылап киргизүү, ошондой эле салык салуунун башка объекти-
лерин жашыруу аркылуу ири өлчөмдөгү бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) көп жолу;
     2) кызмат абалын пайдалануу менен;
     3) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  үч  жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат, болбосо мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан үч жыл-
га чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Өзгөчө ири өлчөмдөгү бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө  же  уюм-
дашкан топтун бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөөсү, -
     мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан беш жылга  чейинки  мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Ири  өлчөмдөгү  бажы жыйымдарын төлөбөө, кылмыш жасалган
учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөт-
күчтөн үч жүз эсе ашса, ири өлчөмдө бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө деп
табылат.

     211-статья. Граждандын салык төлөөдөн четтөөсү

     Декларация берүү  милдеттүү  болуп  эсептелген учурларда кирешелер
жөнүндө декларация бербөө жолу менен, болбосо декларацияга кирешелер же
чыгашалар  жөнүндө атайылап бурмаланган маалыматтарды киргизүү жолу ме-
нен граждандын ири өлчөмдө салык төлөөдөн четтөөсү, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, болбосо  жүз  жыйырма  сааттан  жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө
коомдук жумуштарга,  же  эсептик  көрсөткүчтүн  жүзгө чейинки өлчөмүндө
айып салуу менен үч айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     Эскертүү. Кылмыш  жасалган  күнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында белгиленген  эсептик көрсөткүчтөн мињ эсе ашкан салык төлөбөө ири
өлчөмдө салык төлөөдөн четтөө деп табылат.
     (Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 23-июлундагы N 77 мыйзамынын
редакциясына ылайык) 

     212-статья. Жеке ишкердин салык жана милдеттүү камсыздандыруу
                 акыларын төлөөдөн четтөөсү

     (1) Жеке ишкердин салык  жана  милдеттүү  камсыздандыруу  акыларын
эсептөө үчүн документтерди бербөө же аларды жок кылуу аркылуу салык жа-
на мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу
акыларын төлөөдөн четтөөсү, ошондой эле мындай документтерге кирешелери
жана чыгашалары жөнүндө бурмаланган маалыматтарды атайылап  киргизүүсү,
ошондой  эле салык салуунун жана социалдык камсыздандыруунун башка объ-
екттерин ири өлчөмдө жаап-жашыруусу, -
     эсептик көрсөткүчтүн  үч  жүздөн  беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салууга, болбосо  жүз  сексенден  эки  жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө
коомдук жумуштарга,  же  бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыра-
тууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосун өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан бир жылдан үч жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Салыктарды  жана  милдеттүү  камсыздандыруу акыларын ири
өлчөмдө төлөөдөн четтөө катары кылмыш жасалган күндө Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарында  белгиленген  - эсептик көрсөткүчтөн эки мињ эседен
ашуун, өзгөчө  ири  өлчөм  катары - эсептик көрсөткүчтөн беш мињ эседен
ашуун салыктарды жана камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөө деп табы-
лат.
     (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы N 36 мыйзамы-
нын редакциясына ылайык) 

     213-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын
                 салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын
                 төлөөдөн четтөөсү

     (1) Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат  адамдарынын  салыктарды
жана  милдеттүү  камсыздандыруу  акыларын  эсептөө  үчүн  документтерди
бербөө,  салыктарды жана камсыздандыруу акыларын эсептөө үчүн документ-
терге  кирешелери  же чыгашалары жөнүндө бурмаланган маалыматтарды кир-
гизүү же мындай документтерди жок кылуу жолу менен салыктарды жана мил-
деттүү  социалдык камсыздандыруу акыларын ири өлчөмдө төлөөдөн четтеши,
-
     эсептик көрсөткүчтүн  үч  жүздөн  беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салууга болбосо  беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө
же белгилүү  бир иш жүргүзүү укугунан ажыратууга, болбосо бир жылдан үч
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосун өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан беш жылга  чейинки  мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Салыктарды  жана  милдеттүү  камсыздандыруу акыларын ири
өлчөмдө төлөөдөн  четтөө катары кылмыш жасалган күнгө карай Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында  белгиленген  эсептик  көрсөткүчтөн  беш мињ
эседен ашкан,  өзгөчө  ири  өлчөм катары - он мињ эседен ашкан, салыкты
жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөө деп табылат.
     (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы N 36 мыйзамы-
нын редакциясына ылайык)

     214-статья. Салык кызматтарынын, Социалдык фонддун органдарынын
                 мыйзамдуу талаптарын аткарбоо жана аларга каршылык
                 көрсөтүү

     Салыкты, мамлекеттик  социалдык  камсыздандыруу  боюнча  милдеттүү
камсыздандыруу акыларын жана башка милдеттүү  төлөмдөрдү  эсептөө  жана
төлөө үчүн зарыл болгон документтерди берүү жөнүндө салык кызматтарынын
жана Социалдык  фонддун  органдарынын  мыйзамдуу  талаптарын  аткарбоо,
өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу салык кызматтары-
нын жана Социалдык фонддун органдарынын кызмат адамдарына карата зомбу-
лук аракеттер жасалганда, ошого тете салык кызматтары салган пломбалар-
ды жана мөөрлөрдү жулуп салуу, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүздөн  беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып са-
лууга, болбосо  жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө
коомдук иштерге, болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыра-
тууга жазаланат.
     (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы N 36 мыйзамы-
нын редакциясына ылайык)

     215-статья. Финансылык жењилдиктерди мыйзамсыз берүү же алуу

     Салыктык, бажылык же башка финансылык жењилдиктерди мыйзамсыз бер-
генде же алганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, болбосо  жүз  сексен  сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө
коомдук жумуштарга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу-
га жазаланат.

     216-статья. Банкротко учуроодогу укукка жат аракеттер

     (1) Мүлктү же мүлктүк милдеттерди,  мүлк, анын өлчөмү, турган орду
жөнүндөгү кабарларды, болбосо мүлк жөнүндөгү башка маалыматты жашырган-
да,  мүлктү башканын ээлигине бергенде, мүлктү ээликтен ажыратканда, же
жок кылганда, ошого тете экономикалык ишти чагылдырган бухгалтердик жа-
на башка эсеп-кысаптык документтерди жашырганда, жок кылганда, бурмала-
ганда,  эгерде бул аракеттер банкротко учуроодо же банкроттук  күтүлгөн
учурда  карыз  уюмдун  жетекчиси же менчик ээси же жеке ишкер админист-
ратор тарабынан жасалып, ири зыянга учуратса, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, болбосо  жүз  сексен  сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө
коомдук жумуштарга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу-
га жазаланат.
     (2) Карыз  уюмдун  жетекчиси же менчик ээси же өзүнүн иш жүзүндөгү
кудуретсиздиги (банкроттугу) жөнүндө билген башка жеке  ишкердин  башка
кредиторлорго атайылап зыян келтирүү менен айрым кредиторлордун мүлктүк
талаптары укукка жат канааттандырылганда,  ошого  тете  жарамсыз  карыз
башка  кредиторлорго  зыян  келтирүү  менен  өзүнө  артыкчылык  берүүсү
жөнүндө билген кредитор тарабынан мындай канааттандыруу кабыл  алынган-
да, эгерде бул аракеттер ири зыян келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, болбосо  жүз  жыйырма  сааттан  жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө
коомдук жумуштарга,  же  эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыра-
тууга жазаланат.
     (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 22-июнундагы N 109 мыйзамынын
редакциясына ылайык)

     217-статья. Атайылап жасалган банкротчулук

     Коммерциялык уюмдун жетекчиси же менчик ээси,  ошого тете жеке иш-
кер өзүнүн же башка адамдардын кызыкчылыктарында төлөөгө жөндөмсүздүктү
атайылап түзгөндө же көбөйткөндө ири зыян келтирилсе же башка оор кесе-
петтерге алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат, болбосо  үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     218-статья. Жалган банкротчулук

     Жалган банкротчулук,   башкача   айтканда  кредиторлорго  тийиштүү
төлөөлөрдүн мөөнөтүн узартуу же бөлүп төлөө үчүн же карызын жењилдетүү,
ошого  тете  карыздарын  төлөбөй коюу үчүн кредиторлорду алдап жазгыруу
максатында коммерциялык уюмдун жетекчиси же менчик ээси, ошого тете же-
ке  ишкердик кылуучу өзүнүн кудуретсиздиги жөнүндө атайылап жалган бил-
дирүү жасоо менен ири зыян келтиргенде, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазала-
нат.

     219-статья. Керектөөчүлөрдү алдоо

     (1) Товар сатууну ишке ашырган же калкка кызмат көрсөткөн  уюмдар-
да,  ошого тете соода чөйрөсүндө жеке ишкердик кылуучу катары катталган
граждандар ченөөдө,  таразага тартууда, эсептөөдө керектөөчүлөрдү алда-
ганда, товардын (кызматтын) керектөө касиеттери же сапаты жагынан адаш-
тырганда же башкача алдаганда,  эгерде бул жосундар олуттуу өлчөмдө жа-
салса, -
     үч эсе айып, болбосо эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө
айып салынат, же жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө
коомдук жумуштарга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) ири өлчөмдө;
     2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан жасалса, -
     үч эсе айып салынат, болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндиги-
нен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  каралган  жо-
сундар,  уюмдашкан  топ  же  ошондой эле аракеттер үчүн мурда соттолгон
адам тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан үч жылдан алты жыл-
га чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Ушул  статьяда каралган жосундар, эгерде керектөөчүлөргө
келтирилген зыян  кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарында белгиленген  эсептик  көрсөткүчүнүн  ондон  бир  бөлүгүнөн ашса
олуттуу өлчөмдө жасалган, эсептик көрсөткүчүнөн ашкан суммада болсо ири
өлчөмдө жасалган катары табылат.

     220-статья. Спорт мелдештеринин жана оюн-зоок конкурстарынын
                 катышуучуларын жана уюштуруучуларын паралап сатып алуу

     (1) Спортсмендерди,  спорт судьяларын, машыктыруучуларды, команда-
лардын жетекчилерин жана башка катышуучуларды же кесипкөй спорттук мел-
дештерди уюштуруучуларды, ошого тете коммерциялык оюн-зоок конкурстары-
нын уюштуруучуларын  же калыстар тобунун мүчөлөрүн, бул мелдештердин же
конкурстардын натыйжаларына  таасир этүү максатында паралап сатып алуу,
-
     эсептик көрсөткүчтүн  үч  жүздөн  беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салууга жазаланат.
     (2) Ошол жосун, көп жолу же уюмдашкан топ тарабынан жасалса, -
     бир жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.
     (3) Мелдештердин же конкурстардын натыйжаларына таасир этүү макса-
тында берилген акчаны же башка материалдык байлыктарды же болбосо мате-
риалдык мүнөздөгү кызматтарды спортсмендер мыйзамсыз алганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салууга жазаланат.
     (4) Спорт  судьялары,  машыктыруучулар,  командалардын жетекчилери
жана  спорттук  мелдештерди  уюштуруучулар,  ошого  тете   коммерциялык
оюн-зоок  конкурстарын уюштуруучулар же калыстар тобунун мүчөлөрү тара-
бынан ошол эле максатта акча же материалдык байлыктар,  же  материалдык
мүнөздөгү кызматтар мыйзамсыз алынганда, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө  же  белгилүү
иш  жүргүзүү  укугунан  ажыратуу  менен  эки  жылдан  беш жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

                               23-Глава
            Мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы
              кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар

     221-статья. Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын
                 ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы

     (1) Коммерциялык  же  башка уюмдун кызматчылары өзүнүн тескөөчү же
башка башкаруучулук ыйгарым укуктарын бул уюмдун кызыкчылыктарына каршы
жана  өзү үчүн,  ошондой эле башка адамдар үчүн пайда же артыкчылык та-
буу,  болбосо башка адамдарга зыян келтирүү  максатында  пайдаланганда,
эгерде ал граждандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарына же мыйзам-
дуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүүгө алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат,
болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга же жүз сексен сааттан
эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, болбосо  алты  айга чейинки мөөнөткө камакка алууга, же болбосо үч
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүүлөр. 1.  Ушул главанын статьяларында коммерциялык же башка
уюмда башкаруучулук милдеттерди аткаруучу катары, менчигинин түрүнө ка-
рабастан коммерциялык уюмда, ошондой эле мамлекеттик орган, жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме болбогон
коммерциялык эмес  уюмда  уюштуруучулук-тескөөчүлүк  же  администрация-
лык-чарбалык милдеттерди туруктуу,  убактылуу же атайын ыйгарым укуктар
боюнча аткарган адам табылат.
     2. Эгерде ушул статьяда, болбосо ушул главанын башка статьяларында
каралган жосун мамлекеттик же  муниципалдык  ишкана  эмес  коммерциялык
уюмдун  гана  кызыкчылыктарына зыян келтирсе,  кылмыш-жаза куугунтугуна
алуу ошол уюмдун арызы же анын макулдугу боюнча жүзөгө ашырылат.
     3. Эгерде ушул статьяда, болбосо ушул главанын башка статьяларында
каралган жосун башка уюмдардын кызыкчылыктарына,  ошондой эле  граждан-
дардын,  коомдун  же  мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирсе,  кыл-
мыш-жаза куугунтугуна алуу жалпы негизде жүзөгө ашырылат.

     222-статья. Жеке нотариустардын жана аудиторлордун ыйгарым
                 укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусу

     (1) Жеке нотариустун же жеке адудитордун өзүнүн ыйгарым  укуктарын
өзүнүн  иш милдеттерине каршы жана өзү үчүн же башка адамдар үчүн пайда
жана артыкчылык табуу максатында, болбосо башка адамдарга зыян келтирүү
менен пайдалануусу,  эгерде мындай жосун жарандардын же уюмдардын укук-
тарына жана мыйзамдуу таламдарына,  болбосо коомдун же мамлекеттин мый-
зам тарабынан корголуучу таламдарына олуттуу зыян келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  бир  жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салып, үч  жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө же белги-
лүү бир  иш  жүргүзүү укутунан ажыратуу менен, болбосо үч жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар көп жолу жасалганда, -
     үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (КР 2003-жылдын   15-ноябрындагы   N   223 мыйзамынын редакциясына
ылайык)
 
     223-статья. Жеке детективдик кызматтардын кызматчысынын ыйгарым
                 укуктарынан аша чабуусу

     (1) Жеке детективдик кызматтын жетекчиси же кызматчысы  өзүнө  бе-
рилген кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапканда,  эгерде жосун зомбу-
лук көрсөтүү менен же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалса, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан  ажыратуу  менен  эки  жылдан  беш  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) курал колдонуу менен жасалса;
     2) оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен  беш  жылдан  сегиз  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     224-статья. Коммерциялык паралап сатып алуу

     (1) Коммерциялык  уюмда башкаруучулук милдеттерди аткарган адамга,
ошол адамдын ээлеген кызматтык абалына байланыштуу берип жаткандын  кы-
зыкчылыгы  үчүн жасаган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн,  акча,  баалуу
кагаздар, башка мүлк мыйзамсыз берилгенде, ошого тете мүлктүк мүнөздөгү
мыйзамсыз кызмат көрсөтүлгөндө, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга, болбосо эки жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) көп жолу;
     2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу;
     3) уюмдашкан топ тарабынан жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  үч жүздөн сегиз жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  алты  айга  чейинки  мөөнөткө камакка алууга, же болбосо үч
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Коммерциялык уюмда  башкаруучулук  милдеттерди  аткарган  адам
өзүнүн,  ээлеген  кызматтык абалына байланыштуу берген адамдын кызыкчы-
лыктарына жасаган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн мыйзамсыз акча,  баа-
луу кагаздар, башка мүлктү алганда, ошого тете мүлктүк мүнөздөгү кызмат
көрсөтүүлөрдү мыйзамсыз пайдаланганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн сегиз жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат, болбосо  беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө
же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат, же төрт жылга чейинки мөө-
нөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (4) Ушул  статьянын  үчүнчү  бөлүгүндө  каралган жосундар,  эгерде
алар:
     1) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу;
     2) көп жолу;
     3) опузалап талап кылуу менен коштолсо;
     4) уюмдашкан топ тарабынан жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн сегиз жүздөн бир мињге чейинки өлчөмүндө айып
салынат,  болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө
же  белгилүү  иш  жүргүзүү  укугунан  ажыратууга  же  беш жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган
жосундарды жасаган адам, эгерде ага карата опузалап талап кылуу жасалса
же эгерде бул адам паралап сатып алуу жөнүндө кылмыш-жаза ишин козгоого
укугу бар органга өз ыктыяры менен билдирсе, кылмыш-жаза жоопкерчилиги-
нен бошотулат.

     225-статья. Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу

     Мамлекеттик органдын, ишкананын, мекеменин, уюмдун, коомдук бирик-
менин,  граждандардын өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы болбо-
гон  кызматчы өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып жасоого тийиш болгон
же жасай ала турган белгилүү аракетти акча берген адамдын таламында ат-
каргандыгы же аткарбагандыгы үчүн олуттуу өлчөмдө материалдык сыйлык же
мүлктүк пайданы мыйзамсыз түрдө атайылап алганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып са-
лынат, болбосо  жүз  жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө
коомдук жумуштарга жазаланат.
     Эскертүү. Ушул  статьяда каралган жосун, эгерде сыйлыктын же мүлк-
түк пайданын  наркы  кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мый-
замдарында белгиленген  эсептик  көрсөткүчтүн  үч өлчөмүнөн ашса, кыйла
өлчөмдө жасалган деп табылат.

                               IX БӨЛҮМ
                   КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК
                       ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР

                               24-Глава
                 Коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар

     226-статья. Терроризм

     (1) Терроризм,  башкача айтканда, адамдардын курман болуу коркуну-
чун түзгөн,  олуттуу мүлктүк зыян келтирген, болбосо башка коомдук кор-
кунучтуу  кесепеттердин келип чыгышына алып келген жардыруу,  өрттөө же
башка аракеттер жасалганда,  эгерде бул аракеттер коомдук  коопсуздукту
бузуу, калкты коркутуу же бийлик органдары тарабынан чечим кабыл алууга
таасир көрсөтүү максатында жасалса,  ошондой  эле  аталган  аракеттерди
ошол эле максаттарда жасайм деп коркутканда, -
     беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган-
да;
     2) бир нече жолу;
     3) ок атуучу куралды колдонуу менен жасалганда, -
     сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     (3) Эгерде  ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө карал-
ган жосундар уюмдашкан топ тарабынан жасалса, же байкабастыктан адамдын
өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажырату-
уга жазаланат.
     Эскертүү. Терроризм актысын даярдоого катышкан адам, эгерде бийлик
органдарына  өз убагында эскертсе же башка ыкма менен терроризм актысын
жүзөгө ашырууну болтурбай коюуга көмөк көрсөтсө жана бул  адамдын  ара-
кеттеринде кылмыштын башка курамы камтылбаса, ал кылмыш-жаза жоопкерчи-
лигинен бошотулат.

     227-статья. Барымтага кармоо

     (1) Барымтага алынган адамды бошотуунун шарты  катары  мамлекетти,
эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты кандайдыр-бир аракетти жасоо-
го же жасатпай коюуга мажбурлоо максатында адамды барымтага  алуу  жана
кармоо, -
     беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     2) бир нече жолу;
     3) уюмдашкан топ тарабынан;
     4) өмүргө же саламаттыкка коркунучтуу зомбулук көрсөтүү же өлтүрөм
деп коркутуу менен;
     5) курал же курал катарында пайдаланылган башка нерселерди  колдо-
нуу менен;
     6) эки же андан ашык адамга карата;
     7) жашы жете элек экендиги белгилүү болгон адамга карата;
     8) айыпкерге, кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялга карата;
     9) пайда табуу максатында же жалданып жасалганда, -
     сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     (3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  карал-
ган  жосундар  кылмыштуу шериктик тарабынан жасалса,  же байкабастыктан
жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе же анын саламаттыгына оор залал кел-
тирсе, болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажырату-
уга жазаланат.
     Эскертүү. Эгерде барымтага кармаган адамды өз ыктыяры менен бошот-
кон  адамдын  аракеттеринде  кылмыштын башка курамы жок болсо,  ал кыл-
мыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

     228-статья. Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү
                 жасоо

     Адамдардын өлүмүнө,  олуттуу мүлктүк зыянга,  же болбосо башка оор
кесепеттердин келип чыгышынын коркунучун келтирүүчү  даярдалып  жаткан,
өрттөө же башка аракеттер жөнүндө атайылап жалган маалымат билдирилген-
де, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн  үч жүз өлчөмүнө чейин айып салынат,
болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук
жумуштарга, же үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга, бол-
босо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     229-статья. Мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага
                 катышуу

     (1) Мыйзамсыз  түрдө куралдуу кошуун (бирикме,  отряд,  дружина же
башка топ) түзүү, ошого тете мындай кошуунга жетекчилик кылуу, -
     эки жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (2) Куралдуу кошуунга катышканда, -
     алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат,  болбосо беш жылга  че-
йинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Эгерде мыйзамсыз түрдө түзүлгөн куралдуу кошуунга  каты-
шууну  токтоткон  жана  куралын өз ыктыяры менен өткөрүп берген адамдын
аракеттеринде кылмыштын башка курамы болбосо, ал кылмыш-жаза жоопкерчи-
лигинен бошотулат.

     230-статья. Бандитчилик

     (1) Граждандарга же уюмдарга кол салуу максатында уюмдашкан турук-
туу куралдуу топту (банданы) түзүү,  мындай топко (бандага)  жетекчилик
кылуу, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  он  жылдан  он  беш  жылга   чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Куралдуу топко (бандага),  ошого тете банда тарабынан жасалган
кол салууларга катышканда, -
     мүлкүн конфискациялоо менен сегиз  жылдан  он  беш  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  каралган  жо-
сундар өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан  жыйырма  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     231-статья. Кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу

     (1) Оор же өтө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу шериктик (кыл-
мыштуу уюм) түзүү,  ошого тете мындай шериктикке (уюмга) же ага  кирген
структуралык  кичи  бөлүмдөргө  жетекчилик  кылуу,  ошондой  эле оор же
өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп  чыгуу
максатында  уюмдашкан  топтордун  уюштуруучуларынын,  жетекчилеринин же
башка өкүлдөрүнүн бирикмелерин түзүү, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  же  андай кылбастан он жылдан он беш
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Кылмыштуу шериктикке (кылмыштуу уюмга) катышканда, -
     мүлкүн конфискациялоо менен сегиз  жылдан  он  эки  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  каралган  жо-
сундар өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  он  жылдан  жыйырма  жылга   чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     232-статья. Аба же суу транспортун, болбосо темир жолдогу
                 кыймылдуу курамды айдай качуу

     (1) Аба же суу транспортун, болбосо темир жолдун кыймылдуу курамын
айдай качуу, ошого тете мындай кемени же курамды айдай качуу максатында
ээлеп алуу, -
     төрт жылдан  сегиз  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     2) бир нече жолу;
     3) өмүрү  жана  саламаттыгы  үчүн  коркунучтуу   болгон   зомбулук
көрсөтүү, болбосо ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу;
     4) курал же курал катарында пайдаланылган нерселерди колдонуу  ар-
кылуу жасалганда, -
     жети жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен  ажыратууга
жазаланат.
     (3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  карал-
ган  жосундар  уюмдашкан топ тарабынан жасалса,  болбосо байкабастыктан
адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.

     233-статья. Массалык тартипсиздиктер

     (1) Зомбулук, кыйратуу, өрттөө, мүлктү жок кылуу, ок атуучу курал-
ды,  жардыруучу  заттарды  же жардыруучу түзүлүштөрдү пайдалануу менен,
ошондой эле бийлик өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү  менен  коштолгон
массалык тартипсиздиктерди уюштуруу, -
     сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган массалык  тартипсиз-
диктерге катышканда, -
     үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (3) Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш  ийбөөгө
жана массалык тартипсиздикке чакырык жасаганда, ошого тете граждандарга
зомбулук көрсөтүүгө чакырык жасалганда, -
     эки жылдан  беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     234-статья. Хулиганчылык

     (1) Хулиганчылык,  башкача айтканда, зомбулук же зомбулук көрсөтөм
деп коркутуу, ошого тете мүлктү жок кылам же зыянга учуратам деп корку-
туу менен коштолгон, коомдук тартипти же жалпыга бирдей жүрүш-туруш че-
немдерин одоно бузган аракеттер атайылап жасалганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо
жүз жыйырма  сааттан  жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуш-
тарга тартылат,  же  алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, болбосо
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Хулиганчылык:
     1) адамдардын тобу тарабынан;
     2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюмдашкан топ тарабы-
нан жасалганда;
     3) жаш балдарды,  кары-картањдарды, майыпты же алсыз абалда болгон
адамды мазактоо менен коштолгондо;
     4) башка бирөөнүн мүлкүнө атайын олуттуу зыян  келтирүү,  аны  жок
кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгондо, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Хулиганчылык:
     1) бир нече жолу жасалганда;
     2) курал колдонуу же курал-жарак, болбосо курал катары пайдалануу-
чу нерселерди колдоном деп коркутуу менен коштолгондо;
     3) коомдук  тартипти  коргоо боюнча милдетин аткарып жүргөн бийлик
өкүлүнө,  болбосо башка адамга,  же коомдук тартиптин бузулушуна  бөгөт
койгон адамга каршылык көрсөтүүгө байланыштуу жасалганда, -
     төрт жылдан жети жылга чейинки  мөөнөткө  эркиндигинен  ажыратууга
жазаланат.

     235-статья. Вандализм

     Имараттарга же  башка  курулуш жайларга коомдук адеп-ахлакка одоно
шек келтирген  уят сөздөрдү жазуу, коомдук транспорттогу же башка коом-
дук жайлардагы мүлктү бүлүндүрүү, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо жүз
жыйырма сааттан  жүз  сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга
тартылат, же  болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазала-
нат.
     (КР 2006-жылдын 8-августундагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)

     236-статья. Кен, курулуш, жарылуу коркунучу бар же башка
                 жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу

     (1) Кен,  курулуш же жарылуу коркунучу бар  жумуштарды  жүргүзүүдө
коопсуздук эрежелерин бузуу, эгерде ал байкабастыктан саламаттыкка анча
оор эмес залал келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосун байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор ке-
сепеттерге алып келсе, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркинди-
гинен ажыратууга жазаланат.

     237-статья. Жарылуучу, тез күйгөн заттарды жана пиротехникалык
                 жасалгаларды каттоо, сактоо, ташуу жана пайдалануу
                 эрежелеринин бузулушу

     Жарылуучу, тез  күйгөн  заттарды  жана пиротехникалык жасалгаларды
каттоо, сактоо, ташуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу, ошондой эле бул
заттарды  почта аркылуу же жүк менен мыйзамсыз жөнөтүү,  эгерде бул жо-
сундар оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     238-статья. Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу

     (1) Өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышына жооптуу адам тара-
бынан  бул эрежелердин бузулушунун кесепетинен өрт чыгып,  саламаттыкка
жењил же анча оор эмес залал келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо жүз
жыйырма сааттан  жүз  сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга
же болбосо  эки  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазала-
нат.
     (2) Ошол  эле жосундар байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор
кесепеттерге алып келсе, -
     эки жылдан  сегиз  жылга  чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.

     239-статья. Радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз колдонуу

     (1) Радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, пай-
далануу, бирөөгө берүү, сатуу же бузуу, -
     алты айга чейинки мөөнөткө камакка  алынат  же  үч  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор,
кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.

     240-статья. Радиоактивдүү материалдарды уурдоо же опузалап талап
                 кылуу

     (1) Радиоактивдүү материалдарды уурдоо же опузалап талап кылуу,-
     эсептик көрсөткүчтүн  жети жүздөн бир мињге чейинки өлчөмүндө айып
салынат, болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) бир нече жолу;
     2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     3) өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан;
     4) адамдын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирилбеген  зомбу-
лук колдонуу менен,  же мындай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жа-
салса, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  же  андай кылбастан төрт жылдан жети
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Радиоактивдүү  материалдарды уурдаганда же опузалап талап кыл-
ганда адамдын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген, зомбулук ме-
нен,  болбосо  уюмдашкан топ же кылмыштуу шериктик,  же уурдагандыгы же
опузалап талап кылгандыгы үчүн эки же андан көп жолу соттолгон адам та-
рабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга  чейинки  мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     241-статья. Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды
                 жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү,
                 өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү

     (1) Ок  атуучу  куралдарды  (мергенчинин сайсыз мылтыгынан башка),
ок-дарыларды, жарылуучу  заттарды жана жарылуучу жасалгаларды мыйзамсыз
алуу, бирөөгө берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат, болбосо  алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, болбосо үч
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул  эле жосундар,  адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм
боюнча же бир нече жолу жасалса, -
     эки жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (3) Ушул  статьянын  биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жо-
сундар, уюшкан топ тарабынан жасалса, -
     үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (4) Ок атпоочу,  газ атуучу куралдарды,  анын ичинде ыргытуучу ку-
ралдарды мыйзамсыз сатып алганда, сатып өткөргөндө же алып жүргөндө, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо жүз
сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга,
же алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга, болбосо эки жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Ушул  статьяда  көрсөтүлгөн буюмдарды ыктыяры менен тап-
шырган адамдын аракетинде кылмыштын башка курамы болбосо, ал кылмыш-жа-
за жоопкерчилигинен бошотулат.
     (Кыргыз Республикасынын  2002-жылдын 12-мартындагы N 36 мыйзамынын
редакциясына ылайык)

     242-статья. Куралды мыйзамсыз даярдоо же оњдоо

     (1) Ок  атуучу  куралды  мыйзамсыз  даярдоо  же оњдоо,  ошого тете
ок-дарыларды,  жарылуучу   заттарды   же   колго   жасалган   жардыргыч
түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул эле жосундар:
     1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
     2) бир нече жолу;
     3) уюмдашкан топ тарабынан жасалса, -
     эки жылдан  беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (3) Газ куралдарын,  ок атпоочу,  анын ичинде ыргытуучу куралдарды
мыйзамсыз даярдаганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, болбосо төрт айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жаза-
ланат.
     Эскертүү. Эгерде ушул статьяда көрсөтүлгөн буюмдарды ыктыяры менен
тапшырган  адамдын  аракетинде кылмыштын башка курамы болбосо,  ал кыл-
мыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

     243-статья. Ок атуучу куралдарды этиятсыз сактоо

     Ок атуучу курал этиятсыз  сакталып,  башка  бирөөнүн  пайдалануусу
үчүн шарт түзүп, бул оор кесепеттерге алып келсе, -
     алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат,  болбосо бир жылга  че-
йинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     244-статья. Куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды
                 сактоо боюнча милдетти талаптагыдай аткарбоо

     Ок атуучу куралдарды,  ок-дарыларды же жарылуучу  заттарды  сактоо
тапшырылган адам өз милдетин талаптагыдай аткарбаса,  эгерде ал алардын
уурдалышына же жок кылынышына, болбосо башка оор кесепеттерге алып кел-
се, -
     үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка  алууга,  болбосо  эки
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     245-статья. Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды
                 уурдоо же опузалап талап кылуу

     (1) Ок атуучу куралдарды,  ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо
болбосо опузалап талап кылуу, -
     үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.
     (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар:
     1) ок атуучу курал, ок-дарылар же жарылуучу заттар ага кызмат аба-
лына байланыштуу же сактоого берилген адам тарабынан;
     2) бир  нече  жолу же мурда уурулук,  же опузалап талап кылгандыгы
үчүн соттолгон адам тарабынан жасалса;
     3) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;
     4) уюмдашкан топ тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  жети  жылдан  он  эки  жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул  статьянын  биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жо-
сундар,  эгерде алар адамдын өмүрү же саламаттыгы үчүн коркунучтуу бол-
гон зомбулук колдонуу менен, же кылмыштуу шериктик тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен сегиз  жылдан  он  беш  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

                               25-Глава
                  Калктын саламаттыгына жана коомдук
                     адеп-ахлакка каршы кылмыштар

     246-статья. Башкага берүү максатын көздөбөстөн бањгилик
                 каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз
                 даярдоо, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү

     (1) Башкага  берүү  максатын  көздөбөстөн бањгилик каражаттарды же
психотроптук  заттарды  мыйзамсыз  даярдоо,  алуу,  сактоо,  ташуу   же
жөнөтүү, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же үч жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар мурда бањгилик каражаттар менен  байланышкан
ар кандай кылмыш жасаган адам тарабынан бир нече жолу жасалса, -
     үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  санал-
ган жосундар ири өлчөмдөгү бањги каражаттарына байланыштуу болсо, -
     мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан сегиз жылдан он беш
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Бањгилик каражаттарды же  психотроптук  каражаттарды  өз
ыктыяры менен тапшырган адам аларды алуу,  сактоо, ташуу, жөнөтүү жагы-
нан кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
     Бул статьяда,  ошондой  эле ушул Кодекстин башка статьялары боюнча
бањгилик каражаттардын жана психотроптук заттардын ири өлчөмү "Бањгилик
каражаттар, психотроптук  заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына ылайык мыйзамсыз жүгүртүүдөн же сактоодон табыл-
ган алардын  анча чоњ эмес, чоњ жана өтө чоњ өлчөмдөрү тиешелүү ыйгарым
укуктуу орган  тарабынан бекитилүүчү Бањгилик каражаттардын, психотроп-
тук жана катуу таасир кылуучу заттардын тизмеги менен аныкталат.
     (Кыргыз Республикасынын  2004-жылдын  26-июлундагы N 99 мыйзамынын
редакциясына ылайык)

     247-статья. Бањгилик каражаттарды, психотроптук заттарды болбосо
                 прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо,
                 сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу

     (1) Бањгилик каражаттарды,  психотроптук заттарды, болбосо прекур-
сорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу,
жөнөтүү, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тара-
бынан же мурда бањгилик каражаттар,  психотроптук  каражаттар,  болбосо
прекурсорлор  менен ар кандай аракеттерди жасаган адам тарабынан жасал-
са,  эгерде ошого тете ири өлчөмдөгү бањгилик каражаттар,  психотроптук
заттар, болбосо прекурсорлор мындай аракеттердин предмети болсо, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  он  жылдан  он  беш  жылга   чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  каралган  жо-
сундар, уюшкан топ тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан  жыйырма  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (Кыргыз Республикасынын  2002-жылдын 12-мартындагы N 36 мыйзамынын
редакциясына ылайык)
     
     248-статья. Бањгилик каражаттарды же психотроптук заттарды уурдоо
                 же опузалап талап кылуу

     (1) Уурдоо же опузалап талап кылуу жолу менен бањгилик каражаттар-
га же психотроптук заттарга мыйзамсыз ээ болгондо, -
     мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан үч жылдан жети жыл-
га чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Эгерде ошол эле жосундар:
     1) бир нече жолу же мурда уурулук же  опузалап  талап  кылуу  үчүн
соттолгон адам тарабынан;
     2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;
     3) бањгилик  каражаттар  же  психотроптук заттар кызматтык абалына
байланыштуу же кайтарууга ишенилип берилген адам тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун уюмдаш-
кан топ тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  жети  жылдан  он  эки  жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө карал-
ган жосундар кылмыштуу шериктиктер тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  он  эки жылдан жыйырма жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     249-статья. Бањгилик каражаттарды же психотроптук заттарды
                 колдонууга тартуу

     (1) Бањгилик каражаттарды же психотроптук заттарды колдонууга тар-
туу, -
     үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (2) Эгерде ушул эле жосун:
     1) бир нече жолу;
     2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;
     3) жашы жетпегендерге же эки же андан ашык адамга карата жасалса;
     4) күч колдонуу менен же күч колдонуу коркунучу алдында жасалса, -
     беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  каралган  жо-
сундар,  эгерде алар уюмдашкан топ тарабынан жасалса, же байкабастыктан
жабырлануучунун өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     жети жылдан  он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.

     250-статья. Бањги заттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана
                 өстүрүү

     (1) Өстүрүүгө  тыюу  салынган  бањги  заттуу өсүмдүктөрдү себүү же
өстүрүү, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүздөн  үч  жүз өлчөмүнө чейин айып салынат,
болбосо мүлкүн  конфискациялоо  менен же андай кылбастан эки жылдан беш
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул эле жосундар бир нече жолу,  алдын ала макулдашуу  боюнча
адамдардын  тобу же мурда бањгилик каражаттар менен байланышкан ар кан-
дай кылмышты жасаган адам тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     251-статья. Бањгилик каражаттарды, психотроптук заттарды же
                 прекурсорлорду өндүрүүнүн жана мыйзамдуу жүгүртүүнүн
                 белгиленген эрежелерин бузуу

     (1) Бањгилик каражаттарды, психотроптук заттарды же прекурсорлорду
өндүрүүнүн жана мыйзамдуу  жүгүртүүнүн  белгиленген  эрежелерин  бузуу,
эгерде  мунун  өзү аларды жоготууга же башка оор кесепеттерге алып кел-
се, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул эле жосун бир нече жолу же мурда бањгилик  каражаттар  же
психотроптук  заттар,  прекурсорлор менен байланышкан ар кандай кылмыш-
тарды жасаган адам тарабынан жасалса, -
     үч жылдан  жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     252-статья. Бањгилик каражаттарды же психотроптук заттарды
                 колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү

     (1) Бањгилик  каражаттарды  же психотроптук заттарды колдонуу үчүн
көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү,  же ошол  эле  максаттар  үчүн  жай
берүү, -
     мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан үч жылдан беш жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул эле жосундар:
     1) бир нече жолу;
     2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     253-статья. Бањгилик каражаттарды же психотроптук заттарды алууга
                 укук берген рецептерди же башка документтерди 
                 мыйзамсыз берүү же окшотуп жасоо

     Бањгилик каражаттарды же психотроптук заттарды алууга укук  берген
рецептерди же башка документтерди мыйзамсыз берүү же окшотуп жасоо, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө  же  белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылга чейин-
ки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     254-статья. Күчтүү таасир тийгизүүчү же уулуу заттарды сатып
                 өткөрүү максатында мыйзамсыз жүгүртүү

     (1) Өткөрүү  максатында бањгилик каражаттар же психотроптук заттар
болуп саналбаган күчтүү таасир тийгизүүчү же уулуу заттарды,  же аларды
даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды мыйзамсыз даярдоо,  кайра иш-
тетүү, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ошондой эле мыйзамсыз өткөрүү, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  же  андай кылбастан үч жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол  эле жосундар алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабы-
нан же бир нече жолу жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул  статьянын  биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жо-
сундар уюмдашкан топ тарабынан же ири өлчөмдө жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо   менен  төрт  жылдан  сегиз  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (4) күчтүү таасир тийгизүүчү же уулуу заттарды өндүрүү, алуу, сак-
тоо,  каттоо,  берүү,  ташуу, же жөнөтүү эрежелерин бузганда, эгерде ал
алардын уурдалышына же башка олуттуу зыян келтирүүгө алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салы-
нат же  болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же
белгилүү иш  жүргүзүү  укугунан  ажыратуу  менен же андай кылбастан эки
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     255-статья. Дары-дармек каражаттарын, медициналык арналыштагы
                 буюмдарды жана техниканы, медицинада колдонуучу
                 дарылоо-профилактикалык тамак-аш азыктарын жана
                 тамак-аш татылмаларын мыйзамсыз өндүрүү жана өткөрүү

     (1) Дары-дармек каражаттарын, дартты аныктоочу профилактикалык жа-
на дарылоо-косметикалык  буюмдарды  жана  медициналык  техниканы, дары-
лоо-профилактикалык тамак-аш  азыктарын жана тамак-аш татылмаларын мый-
замсыз өндүрүү жана өткөрүү, эгерде мындай иштин натыйжасында байкабас-
тыктан адамдын саламаттыгына зыян келтирилсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүнө чейин айып са-
лынат же болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө
коомдук жумуштарга  тартылат, же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө ка-
макка алынат  же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (2) Ушул эле жосундар байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө  алып
келсе, -
     үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     256-статья. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу

     (1) Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу адамдардын масса-
лык түрдө ооруп калышына же ууланышына алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүзгө  чейинки өлчөмүндө айып салынат же эки
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул эле жосундар оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө  же  белгилүү
иш  жүргүзүү  укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылдан беш
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     257-статья. Адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген
                 жагдайлар жөнүндө маалыматтарды жашыруу же бурмалоо

     (1) Адамдардын  өмүрүнө же саламаттыгына же айлана-чөйрө үчүн кор-
кунуч келтирген окуялар, фактылар же кубулуштар жөнүндө маалыматтар ме-
нен калкты камсыз кылууга милдеттүү болгон адам тарабынан алар жашырыл-
ганда же бурмаланганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат, болбосо  үч  жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө
же белгилүү  иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөө-
нөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол  эле жосундар мамлекеттик жооптуу кызмат адамдары,  ошого
тете жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы тарабынан жасал-
са, жосундун натыйжасында адамдын саламаттыгына зыян келтирилсе же баш-
ка оор кесепеттер келип чыкса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жети жүздөн бир мињге чейинки өлчөмүндө айып
салынат, болбосо  үч  жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө
же белгилүү  иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөө-
нөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     258-статья. Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды
                 чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү

     (1) Керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же саламаттыгынын коопсуздугунун та-
лаптарына жооп бербеген товарларды өндүргөндө же  сатканда,  же  кызмат
көрсөткөндө, ошого тете товарлардын, иштердин же көрсөтүлгөн кызматтар-
дын коопсуздук талаптарына ылайык келерлигин күбөлөндүргөн расмий доку-
мент укукка ылайыксыз берилгенде же пайдаланылганда,  эгерде бул жосун-
дар байкабастыктан адамдын саламаттыгына зыян келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүз өлчөмүнө чейин айып салы-
нат же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар, эгерде алар:
     1) жаш балдарга арналган товарларга, иштерге же кызматтарга карата
жасалса;
     2) байкабастыктан эки же андан  ашык  адамдын  саламаттыгына  зыян
келтирсе;
     3) байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жети жүздөн бир мињге чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  беш  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазала-
нат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  каралган  жо-
сундар  байкабастыктан улам эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып кел-
се, -
     төрт жылдан  он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     259-статья. Граждандардын инсанына жана укуктарына кыянаттык
                 келтирүүчү бирикмелерди уюштуруу

     (1) Иши  граждандарга зомбулук кылуу же алардын саламаттыгына баш-
кача зыян келтирүү  менен  коштолгон,  болбосо  граждандарды  өздөрүнүн
граждандык  милдеттерин  аткаруудан  баш  тартууга  же башка укукка жат
иш-аракеттерди жасоого ниеттендирүү менен коштолгон диний  уюмдарды  же
коомдук бирикмелерди уюштуруу,  ошого тете мындай бирикмелерге жетекчи-
лик кылуу, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат, болбосо  үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (2) Көрсөтүлгөн бирикмелердин ишине катышканда,  ошого  тете  ушул
статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундарды пропагандалаганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     260-статья. Сойкулук жасоого тартуу

     (1) Күч  колдонуу же күч колдоном деп коркутуу,  опузалоо,  мүлкүн
жок кылуу же алдоо жолу менен сойкулук жасоого тартуу, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, болбосо  үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазала-
нат.
     (2) Ошол эле жосундар уюмдашкан топ тарабынан жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат, болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажы-
ратууга жазаланат.

     261-статья. Сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү

     Сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, болбосо  мүлкүн  конфискациялоо менен эки жылдан беш жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     262-статья. Порнографиялык буюмдарды жасоо же сатуу

     Сатуу, жайылтуу же рекламалоо максатында  порнографиялык  чыгарма-
ларды, басылмаларды, сүрөттөрдү же порнографиялык мүнөздөгү башка буюм-
дарды даярдоо, ошондой эле аларды сатуу же сатуу максатында сактоо, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн  үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат, болбосо  мүлкүн  конфискациялоо  менен  же андай кылбастан эки
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     263-статья. Өлгөн адамдын денесин жана алар көмүлгөн жерди
                 мазактоо

     (1) Өлгөн адамдын денесин  мазактаганда  жана  көрүстөн  жайларын,
мүрзөнүн  үстүндөгү  курулуштарды  жок кылганда,  зыянга учуратканда же
ыпыластаганда, ошого тете бейиттин ичиндеги же үстүндөгү буюмдарды уур-
дап кеткенде, -
     жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка  чейинки  мөөнөткө  коомдук
жумуштарга,  болбосо  үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) адамдардын тобу тарабынан;
     2) бир нече жолу жасалса, -
     үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     264-статья. Жаныбарларга ырайымсыз мамиле

     Жаныбарларга ырайымсыз  мамиле  жасаганда,  бул алардын өлүмүнө же
жаракат алышына алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат,
болбосо жүз  жыйырма  сааттан  жүз элүү саатка чейинки мөөнөткө коомдук
жумуштарга, же алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.

                               26-Глава
                         Экологиялык кылмыштар

     265-статья. Иш жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу

     Өнөр жай, чарба, илимий жана башка объектилерди долбоорлоодо, жай-
гаштырууда,  курууда, пайдаланууга берүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эреже-
леринин сакталышы үчүн жооптуу болгон адамдар тарабынан бул эрежелердин
бузулушу, эгерде ал радиоактивдүү чөйрөнүн олуттуу өзгөрүшүнө, адамдар-
дын саламаттыгына зыян келтирүүгө, жаныбарлардын жапырт өлүмүнө же баш-
ка оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө  же  белгилүү
иш  жүргүзүү  укугунан  ажыратуу  менен  үч  жылдан  беш  жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     266-статья. Экологиялык коркунучтуу заттарды жана таштандыларды
                 чыгаруу эрежелерин бузуу

     (1) Радиоактивдүү,  бактериологиялык, химиялык заттар жана таштан-
дылар эрежелерди бузуу менен ташылганда, көмүлгөндө же зыянсыздандырыл-
ганда,  эгерде  бул  жосундар  адамдын  саламаттыгына же айлана-чөйрөгө
олуттуу зыян келтирүү коркунучун түзсө, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат
же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул  эле жосундар айлана-чөйрөнүн булганышына,  ууланышына же
зыяндуу абалга алып келсе,  адамдын саламаттыгына зыян келтирсе же мал-
дын  текши кырылышына алып келсе,  ошого тете экологиялык кырсык болгон
зонада же өзгөчө экологиялык кырдаал түзүлгөн зонада жасалса, -
     үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (3) Ушул  статьянын  биринчи бөлүгүндө каралган жосундар байкабас-
тыктан улам адамдардын текши ооруп калышына  же  адамдын  өлүмүнө  алып
келсе, -
     беш жылдан сегиз жылга чейинки  мөөнөткө  эркиндигинен  ажыратууга
жазаланат.

     267-статья. Микробиологиялык жана башка биологиялык агенттерди же
                 уулуу заттарды колдонууда коопсуздук эрежелерин бузуу

     (1) Микробиологиялык жана башка биологиялык агенттерди же  токсин-
дерди  колдонууда  коопсуздук эрежелерин бузуудан улам адамдардын сала-
маттыгына зыян келтирилсе, эпидемиянын, эпизоотиянын таралышына, болбо-
со башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
     эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.

     268-статья. Өсүмдүк илдеттерине же зыянкечтерине каршы күрөшүү
                 үчүн белгиленген эрежелерди бузуу

     Өсүмдүк илдеттерине же зыянкечтерине  каршы  күрөш  жүргүзүү  үчүн
белгиленген эрежелерди бузуу оор кесепеттерге алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же  болбосо  үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөөгө
же белгилүү  иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     269-статья. Ветеринардык эрежелерди бузуу

     Ветеринардык эрежелерди бузуу эпизоотиянын таралышына, малдын тек-
ши кырылышына же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     270-статья. Токойду жана башка жаратылыш объектилерин жок кылуу же
                 аларга зыян келтирүү

     (1) Отко же башка чоњ коркунуч келтирүүчү нерселерге кайдыгер  ма-
миле жасоонун натыйжасында токой же башка жаратылыш объектилери жок кы-
лынса же зыянга учураса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат
же болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коом-
дук жумуштарга же болбосо, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажы-
ратууга жазаланат.
     (2) Өрттөп жиберүү менен же башка жалпы коркунучтуу ыкма менен то-
койду, чым көњдү же башка жаратылыш объектилерин жок кылганда же зыянга
учуратканда, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     271-статья. Сууларды булгоо

     (1) Көлмөлөрдү (жер үстүндөгү же жер астындагы  сууларды),  агынды
суулар, өндүрүштүк, тиричилик жана башка таштандылар жана калдыктар ме-
нен булгоо же ылайлоодон калктын саламаттыгына зыян келтирилсе же башка
оор кесепеттерге алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө
же белгилүү  иш  жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөө-
нөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол  эле жосундар, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе,
-
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан  ажыратуу  менен  эки  жылдан  беш  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     272-статья. Атмосфераны булгоо

     (1) Булганыч  заттарды  атмосферага чыгаруунун эрежелерин бузуу же
жасалгаларды,  курулуштарды жана башка объектилерди пайдаланууну  бузуу
абанын  булганышына же башка табигый касиеттеринин өзгөрүшүнө алып кел-
се, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же
белгилүү иш  жүргүзүү  укугунан  ажыратууга  же болбосо үч айга чейинки
мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     (2) Ушул эле жосундар адамдын саламаттыгына зыян келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  болбосо  үч  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган жосундар
байкабастыктан бир же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, -
     эки жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     273-статья. Жерди бузуу

     (1) Уу химикаттарды,  өсүмдүктөрдүн өсүшүнө  түрткү  берүүчү  жана
башка коркунучтуу химиялык же биологиялык заттарды сактоодо, пайдалану-
уда жана ташууда аларды колдонуу эрежелерин бузуудан улам  чарбалык  же
башка  иштердин зыяндуу продукциялары менен жердин ууланышы,  булганышы
же башка бузулушу адамдын саламаттыгына  же  жаратылыш  чөйрөсүнө  зыян
келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же
белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.
     (2) Жерди рекультивациялоо эрежелерин аткарбоонун кесепетинен кыр-
тыштын күрдүү катмарынын бузулушу же жок кылынышы,  эгерде  бул  өзгөчө
экологиялык  кырдаал түзүлгөн зонада же экологиялык кырсык болгон зона-
дагы жерлердин айыл чарбасында  пайдаланууга  жараксыз  болуп  калышына
алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же  болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган жосундар
байкабастыктан бир же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, -
     эки жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     274-статья. Экологиялык эрежелерди бузуунун кесепеттерин жоюу
                 боюнча чара көрбөө

     Экологиялык булганууга дуушар болгон жерлерге  дезактивациялык  же
башка  калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүүдөн качуу же аларды туура
эмес жүргүзүү оор кесепеттерге алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө
же белгилүү  иш  жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөө-
нөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     275-статья. Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу

     Кен ишканаларын же пайдалуу кендерди казып алуу менен  байланышпа-
ган  жер астындагы курулуштарды долбоорлоодо,  жайгаштырууда,  курууда,
пайдаланууга берүүдө жана пайдаланууда жер казынасын коргоо жана пайда-
лануу эрежелеринин бузулушу,  ошого тете пайдалуу кен байлыктары жаткан
аянтка өз алдынча курулуш курганда ал жосундар кыйла зыян тартууга алып
келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээ-
лөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.

     276-статья. Балыкты жана суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо

     (1) Балыкты жана суу жаныбарларын мыйзамсыз уулаганда,  эгерде бул
жосун:
     1) ири зыян келтирилсе;
     2) өзү  жүргөн  транспорттук сүзүүчү каражаттарды,  жардыргыч жана
химиялык заттарды, электр тогун же аларды кырып жок кылуучу башка ыкма-
ларды колдонуу менен жасалса;
     3) урук таштаган жерлерде же ага бараткан миграциялык жолдордо жа-
салса, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же  болбосо  алты  айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, же болбосо
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
     (2) Ушул  эле  жосун  кызматтык абалды пайдалануу менен же болбосо
мамлекеттик коруктун,  өзгөчө коруктун аймагында же экологиялык  кырсык
болгон зонада же болбосо өзгөчө экологиялык кырдаал түзүлгөн зонада жа-
салса, же болбосо адамдардын тобу тарабынан алдын ала  сүйлөшүү  боюнча
жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө
же белгилүү  иш  жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөө-
нөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     277-статья. Балык корун коргоо эрежелерин бузуу

     Суу алынуучу  курулуштарды  жана сордуруучу механизмдерди пайдала-
нуу,  көпүрөлөрдү,  дамбаларды  куруу,  жардыруу  жана  башка   иштерди
жүргүзүү  балык корун коргоо эрежелерин бузуу менен жасалганда,  эгерде
бул жосундар балыктардын же башка суу жаныбарларынын текши  кырылышына,
тоют  корунун көп өлчөмдө жок кылынышына же башка оор кесепеттерге алып
келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээ-
лөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.

     278-статья. Мыйзамсыз ањчылык кылуу

     (1) Мыйзамсыз ањчылык кылуу, эгерде бул жосун:
     1) ири зыян келтирүү менен;
     2) механикалык  транспорт  каражаттарын же аба кемесин,  жардыргыч
заттарды,  газдарды же канаттуулар менен  айбанаттарды  текши  кыруунун
башка ыкмаларын колдонуу менен;
     3) ањчылык кылууга толук тыюу салынган канаттууларга жана айбанат-
тарга карата;
     4) коруктун,  атайын коруктун аймагында же экологиялык кырсык бол-
гон зонада же өзгөчө экологиялык кырдаал түзүлгөн зонада жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  алты  айга  чейинки  мөөнөткө камакка алууга же болбосо эки
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул эле жосундар өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жа-
салса же алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу же уюмдашкан топ тарабынан
жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө
же белгилүү  иш  жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     279-статья. Бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу

     (1) Мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токойлордогу же коргоо же
жашылдандыруу зоналарындагы дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз  кыюу,
ошого  тете  өспөй калгандай дењгээлге чейин зыян келтирүү,  эгерде бул
жосундар олуттуу зыян келтирсе,  ошого тете ар кандай жерлердеги өзгөчө
корголуучу  дарактар  өспөй калганга чейинки даражада мыйзамсыз кыйылса
же зыян келтирилсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат.
     (2) Токойдогу дарактарды жана бадалдарды  кыюу  же  аларга  өсүшүн
токтоткондой даражага чейин зыян келтирүү:
     1) ири зыян келтирүүгө алып келсе;
     2) бир нече жолу жасалса;
     3) кызмат абалынан пайдалануу менен жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же үч айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     Эскертүү. Кылмыш жасалган учурга карата белгиленген таксалар боюн-
ча эсептелген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик
көрсөткүчүнөн жыйырма  эсе  ашкан  зыян  276, 277, 278, 279-статьяларда
олуттуу зыян,  эки  жүз эсе ашкан зыян - ири өлчөмдөгү зыян деп эсепте-
лет.

     Көњүл буруњуздар!  Бул  статьянын  орус тилиндеги текстине ылайык,
кылмыш жасалган  учурга  карата белгиленген таксалар боюнча эсептелген,
Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчүнөн
жүз эсе ашкан зыян - ири өлчөмдөгү зыян деп эсептелет.


                               27-Глава
                     Транспорт кыймылынын жана аны
              пайдалануунун коопсуздугуна каршы кылмыштар

     280-статья. Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана
                 аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу

     (1) Аткарган ишине же ээлеген  кызматына  байланыштуу  темир  жол,
аба,  суу  транспортунун  кыймылынын  жана аны пайдалануунун коопсуздук
эрежелерин сактоого милдеттүү болгон адам тарабынан бул эрежелер бузул-
ганда,  эгерде  бул  жосун байкабастыктан жабырлануучунун саламаттыгына
оор же анча оор эмес зыян келтирсе же болбосо ири зыян келтирүүгө  алып
келсе, -
     алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга же болбосо үч жылга  че-
йинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү уку-
гунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылга чейинки мөөнөткө  эр-
киндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул эле жосун байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун байкабастыктан
бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе, -
     жети жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен  ажыратууга
жазаланат.
     Эскертүү. Кылмыш  жасалган  учурга  карата  Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында белгиленген  эсептик көрсөткүчтөн эки жүз эсе ашкан зыян ири
зыян деп таанылат.
     (Кыргыз Республикасынын  2002-жылдын 12-мартындагы N 36 мыйзамынын
редакциясына ылайык)

     281-статья. Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды
                 пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу

     (1) Транспорт каражатын айдаган адам тарабынан транспорт  каражат-
тарынын кыймылынын жана пайдалануунун коопсуздук эрежелеринин бузулушу-
нан улам жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес зыян келтирилсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүзгө  чейинки  өлчөмүндө айып салынат же үч
жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргү-
зүү укугунан  ажыратуу  менен же андай кылбастан эки жылга чейинки мөө-
нөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул  эле жосун жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе же анын са-
ламаттыгына оор зыян келтирсе, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч  жылдан  жети
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи  бөлүгүндө  каралган  жосун,  бир  нече
адамдын өлүмүнө алып келсе, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө  же  белгилүү
иш  жүргүзүү  укугунан  ажыратуу менен жети жылдан он беш жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Ушул  Кодекстин  көрсөтүлгөн статьясында транспорт кара-
жаттары деп автомобилдердин бардык түрлөрү,  троллейбустар,  тракторлор
жана  башка  өзү жүрүүчү машиналар,  мотоциклдер жана башка механикалык
транспорт каражаттары түшүнүлөт.

     282-статья. Транспорт каражаттарын сапатсыз оњдоо жана аларды
                 техникалык бузуктары менен пайдаланууга чыгаруу

     (1) Транспорт  каражаттарынын  техникалык  абалы үчүн жооптуу адам
тарабынан транспорт каражаттарын,  жол катнашын, кабарлагыч же байланыш
каражаттарын,  же  болбосо  башка транспорт жабдууларын сапатсыз оњдоо,
ошого тете техникалык жактан бузук транспорт каражаттарын атайылап пай-
даланууга чыгаруу, эгерде бул байкабастыктан улам жабырлануучунун сала-
маттыгына оор же анча оор эмес зыян келтирүүгө же ири  зыян  келтирүүгө
алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат
же үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     (2) Ушул эле жосун, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
     эки жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (3) Ушул  статьянын  биринчи бөлүгүндө каралган жосундар байкабас-
тыктан эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, -
     төрт жылдан  он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     283-статья. Транспорт каражаттарын же жол катнашын жараксыз абалга
                 келтирүү

     (1) Транспорт каражаттарын,  жол катнашын,  кабарлагыч же байланыш
каражаттарын, же башка транспорт жабдууларын бузганда, зыян келтирүү же
башка  ыкма менен пайдалануу үчүн жараксыз абалга алып келгенде,  ошого
тете транспорт коммуникациясына бөгөт коюу байкабастыктан жабырлануучу-
нун  саламаттыгына  оор  же  анча оор эмес зыян келтирсе же болбосо ири
өлчөмдө материалдык зыян келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат
же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул  эле жосундар, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе,
-
     үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар,  байкабас-
тыктан эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, -
     беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     284-статья. Мас абалындагы адамга транспорт каражатын айдоого жол
                 берүү

     Алкоголдук, бањгилик же башка  ар  кандай  мас  абалындагы  адамга
транспорт  каражатын башкарууга,  мындай транспорт каражатын пайдалануу
үчүн жооптуу адам тарабынан жол берилгенде,  эгерде ал  ушул  Кодекстин
281-статьясында көрсөтүлгөн кесепеттерге алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат
же үч  жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш
жүргүзүү укугунан  ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндиги-
нен ажыратууга жазаланат.

     285-статья. Транспорттун коопсуз иштөөсүн камсыз кылуучу
                 эрежелерди бузуу

     (1) Жүргүнчү, жөө адам же жол кыймылынын башка катышуучусу тарабы-
нан коопсуздук же транспорттун бардык түрлөрүн пайдалануу эрежелери бу-
зулса,  эгерде бул жапа чегүүчүнүн саламаттыгына оор же анча  оор  эмес
зыян келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же бол-
босо үч айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     (2) Ушул эле жосун,  байкабастыктан  бир  же  андан  ашык  адамдын
өлүмүнө алып келсе, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     286-статья. Магистралдык түтүк өткөргүчтөрдү курууда, пайдаланууда
                 же оњдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу

     (1) Магистралдык  түтүк  өткөргүчтөрдү  курууда,  пайдаланууда  же
оњдоодо коопсуздук эрежелерин бузганда, эгерде бул жосун байкабастыктан
жабырлануучунун  саламаттыгына  оор  же анча оор эмес залал келтирсе же
ири зыян келтирсе, -
     үч айдан  алты  айга чейинки мөөнөткө камакка алууга же болбосо үч
жылга чейинки  мөөнөткө  белгилүү  кызматтарды  ээлөө  же  белгилүү  иш
жүргүзүү  укугунан  ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул эле жосун, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул  статьянын  биринчи бөлүгүндө каралган жосундар байкабас-
тыктан эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, -
     төрт жылдан  он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     287-статья. Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды коргоо
                 эрежелерин бузуу

     (1) Автомобиль  жолдорун  пайдалануу  жана аларды коргоо эрежелери
бузулганда,  башкача  айтканда,  автомобиль  жолдорунда   жана   аларга
бөлүнгөн  тилкеде  тиешелүү  уруксатсыз  жер астындагы же жер үстүндөгү
коммуникацияларды өткөргөндө,  оњдогондо, бул иштерди аткаруунун белги-
ленген шарттары жана мөөнөттөрү сакталбаганда,  аркаларды,  тосмолорду,
материалдарды жана башка нерселерди жолго жыйнап койгондо, жол тасмасын
бузганда, мунун өзү байкабастыктан жабырлануучунун саламаттыгына оор же
анча оор эмес залал келтирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же алты
айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар, адамдын өлүмүнө алып келсе, -
     үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (3) Ошол эле жосундар:
     1) эки же андан көп адамдын өлүмүнө;
     2) башка оор кесепеттерге алып келсе, - 
     беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     288-статья. Эл аралык учуулардын эрежелерин бузуу

     Уруксат берилген каттамдарда көрсөтүлгөн маршруттар, конуу орунда-
ры, аба дарбазаларын учуу бийиктиги сакталбаганда же эл аралык учуулар-
дын эрежелери башкача бузулганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат
же болбосо  беш  жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же
белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.
     (КР 2006-жылдын 8-августундагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)

                               28-Глава
            Компьютердик маалыматтар чөйрөсүндөгү кылмыштар

     289-статья. Автоматташтырылган компьютердик тутумга укуксуз кирүү

     (1) Мыйзам тарабынан корголуучу компьютердик маалыматтарга, башка-
ча айтканда электрондук-эсептөө машинасындагы (ЭЭМ), ЭЭМ тутумундагы же
алардын  тармагындагы  машиналык  сактагычтагы  маалыматтарга   укуксуз
кирүү,  эгерде бул жосун маалыматтарды жок кылууга, чыгарбоого, модифи-
кациялоого алып келсе же болбосо көчүрүп алынса,  ЭЭМдин, ЭЭМ тутумунун
же алардын тармагынын ишин бузса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (2) Ошол эле жосундар, алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу же уюм-
дашкан топ тарабынан, же болбосо өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу ме-
нен,  ошого  тете  ЭЭМге же алардын тармагына кире алган адам тарабынан
жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  болбосо үчтөн алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга, же
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     290-статья. ЭЭМ үчүн зыяндуу программаларды түзүү, пайдалануу жана
                 таратуу

     (1) Маалыматтарды атайылап санкциясыз жок кылууга, чыгарбоого, мо-
дификациялоого,  же болбосо маалыматтарды көчүрүп алууга,  ЭЭМдин,  ЭЭМ
тутумунун же алардын тармагынын ишинин бузулушуна алып келүүчү ЭЭМ үчүн
программаларды түзүү же болгон программаларга өзгөрүүлөр киргизүү, ошо-
го тете мындай программалар же ушундай программалуу машиналык сактагыч-
тар пайдаланылса же жайылтылса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салуу менен  үч  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазала-
нат.
     (2) Ошол эле жосундар,  байкабастыктан оор кесепеттерге алып  кел-
се, -
     үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.

     291-статья. ЭЭМди, ЭЭМ тутумун же алардын тармагын пайдалануу
                 эрежелерин бузуу

     (1) ЭЭМ, ЭЭМ тутуму же алардын тармагын пайдалануу эрежелери, ЭЭМ-
ге,  ЭЭМ тутумуна же алардын тармактарына кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар адам
тарабынан бузулганда ЭЭМдин мыйзам тарабынан  корголуучу  маалыматтарын
жок кылууга,  чыгарбоого же модификациялоого алып келүү менен бузулган-
да, эгерде бул жосун олуттуу зыян келтирсе, -
     беш жылга  чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол  эле жосундар,  байкабастыктан оор кесепеттерге алып кел-
се, -
     төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

                                Х БӨЛҮМ
                   МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШ

                               29-Глава
               Конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин
                     коопсуздугуна каршы кылмыштар

     292-статья. Мамлекеттик чыккынчылык

     Мамлекеттик чыккынчылык,  башкача  айтканда  мамлекеттик  жашыруун
сырды ачып берүү, же болбосо чет мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга Кыргыз
Республикасынын   тышкы   коопсуздугуна   зыян   келтирген   кастык  иш
жүргүзүшүнө башкача жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын гражданы та-
рабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан  жыйырма  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Ушул Кодекстин аталган  статьясында,  ошондой  эле  293,
295-статьяларында каралган кылмыш жасаган адам, эгерде ал бийлик орган-
дарына ыктыярдуу жана өз убагында кабарлоо менен же башкача түрдө  Кыр-
гыз  Республикасынын кызыкчылыктарына андан ары зыян келтирүүнү болтур-
боого көмөк көрсөтсө,  эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курам-
дары болбосо, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

     293-статья. Шпиончулук

     Мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтар чет мамлекетке,  чет
өлкөлүк уюмга же алардын өкүлдөрүнө берилгенде, ошого тете берүү макса-
тында  чогултулганда,  уурдалганда  же  сакталганда,  ошондой  эле  чет
өлкөлүк чалгындын тапшырмасы боюнча башка маалыматтар Кыргыз  Республи-
касынын коопсуздугуна зыян келтирүүгө пайдалануу үчүн берилгенде же чо-
гултулганда,  эгерде бул аракеттер чет өлкөлүк же граждандыгы жок  адам
тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  он  жылдан  жыйырма  жылга   чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     294-статья. Мамлекеттик же коомдук ишмердин өмүрүнө кол салуу

     Мамлекеттик же коомдук ишмердин өмүрүнө, анын мамлекеттик же башка
саясий ишин токтотуу же болбосо ошондой иши үчүн өч алуу максатында кол
салуу (террордук акт) жасалганда, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  он  беш жылдан жыйырма жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (КР 2004-жылдын 23-мартындагы N 46 мыйзамынын редакциясына ылайык)

     295-статья. Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен
                 кармап туруу

     Бийлик Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен күчкө са-
лып тартып алынганда же бийлик күч менен кармалып турганда,  ошого тете
ушундай  эле  аракеттер Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн
күчкө салып өзгөртүүгө багытталганда, -
     он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажырату-
уга жазаланат.

     296-статья. Куралдуу козголоњ

     Конституциялык түзүлүштү кулатуу же күчкө салып өзгөртүү же болбо-
со Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн бузуу максатында куралдуу
козголоњ уюштурулганда же болбосо ага активдүү катышканда, -
     он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажырату-
уга жазаланат.

     297-статья. Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл
                 алдында чакырык жасоо

     (1) Бийликти күчкө салып тартып алууга же конституциялык түзүлүштү
күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасаганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн  жүз  өлчөмүнө чейин айып салынат же
болбосо үчтөн алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга, же болбосо эки
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар,  массалык маалымат каражаттарын  пайдалануу
менен жасалса, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     298-статья. Диверсия

     Кыргыз Республикасынын  экономикалык  коопсуздугунун  же  коргонуу
жөндөмдүүлүгүнүн кедерин  кетирүү максатында же болбосо мамлекеттик ор-
гандардын ишин  жана  коомдук-саясий кырдаалды туруксуз абалга келтирүү
максатында жардырууларды, өрт коюуларды жана ишканаларды, курулуштарды,
жолдорду жана  кабарлоо  каражаттарын,  байланыш  каражаттарын, калктын
турмуш-тиричилигин камсыздоочу  объекттерди талкалаганда же зыянга учу-
ратууга багытталган башка аракеттерди жасаганда, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  он беш жылдан жыйырмага чейинки мөө-
нөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     299-статья. Улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу

     (1) Улуттук,  расалык же диний кастыкты козутууга,  улуттук ар-на-
мысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете граждандардын динге
карата мамилесинин,  улуттук же расалык таандуулугунун белгилери боюнча
өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын   же  болбосо  начардыгын  пропагандалаганда,
эгерде бул жосундар эл алдында же массалык маалымат каражаттарын пайда-
лануу менен жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, же бир жылдан
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) зомбулук кылуу же зомбулук кылам деп коркутуу менен;
     2) өзүнүн кызмат абалынан пайдаланган адам тарабынан;
     3) уюмдашкан топ тарабынан жасалса, -
     үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     300-статья. Мамлекеттик жашыруун сырларды билдирип коюу

     (1) Мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтар ага  кызматы  же
иши  боюнча  ишенилип  берилген же ал маалыматтар белгилүү болуп калган
адам тарабынан билдирилсе, мында мамлекеттик чыккынчылык же шпиондуктун
белгилери болбосо, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же  белгилүү
иш  жүргүзүү  укугунан ажыратылат же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө
камакка алынат же эки жылга чейинки  мөөнөткө  эркиндигинен  ажыратууга
жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар оор кесепеттерге алып келсе, -
     эки жылдан  беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     301-статья. Мамлекеттик жашыруун сырды камтыган документтерди
                 жоготуу

     (1) Мамлекеттик жашыруун сырды билген адам мамлекеттик сырды  кам-
тыган документтерди, ошого тете маалыматтары мамлекеттик жашыруун сырды
түзгөн предметтерди колдонуунун белгиленген эрежелерин бузганда, эгерде
бул байкабастыктан аларды жоготууга алып келсе, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө  эркинди-
гинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү  укугунан  ажыратуу  менен  үч  жылдан  беш  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     302-статья. Кызматтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет
                 өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында берүү же
                 чогултуу

     (1) Кызматтык жашыруун сырды түзгөн экономикалык,  илимий-техника-
лык же башка маалыматтарды,  бул маалыматтар кызматы же иши боюнча ише-
нилип  берилген,  же башка жол менен белгилүү болгон адам тарабынан чет
өлкөлүк уюмдарга же алардын өкүлдөрүнө берилгенде же  берүү  максатында
чогултулганда, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар, мамлекеттик же коомдук уюмдарга мүлктүк ири
зыян келтирсе, же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

                               30-Глава
                          Кызматтык кылмыштар

     303-статья. Коррупция

     (1) Коррупция - материалдык,  ар кандай башка дөөлөттөрдү жана ар-
тыкчылыктарды укуксуз алуу,  ошондой эле алар тарабынан бул дөөлөттөрдү
жана артыкчылыктарды жеке адамдарга жана юридикалык жактарга берүү мак-
сатында  бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамы-
нын айрым адамдар же топтор менен туруктуу байланышын билдирген,  коом-
дун жана мамлекеттин таламдарына коркунуч келтирген атайын жасалган жо-
сундар, -
     мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кыз-
маттарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан  ажыратуу  менен  сегиз
жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар, уюмдашкан топтун, кылмыштуу шериктиктин кы-
зыкчылыгында жасалса, же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кыз-
маттарды  ээлөө  же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен он беш
жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен  ажыратууга  жазала-
нат.

     304-статья. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу

     (1) Кызмат адамы өзүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктары-
на каршы пайдаланса,  эгерде бул жосун граждандардын же юридикалык жак-
тардын  укуктарын  жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын же болбосо коомдун же
мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын олуттуу  бузууга
алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан үч жылдан
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол  эле жосундар өзү же башка адамдар үчүн пайда жана артык-
чылыктар табуу максатында, ошондой эле башка жеке кызыкчылыктардан улам
жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  болбосо  мүлкүн  конфискациялоо менен же андай кылбастан үч
жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосун:
     1) өзгөчө ири зыян келтирүү менен;
     2) уюмдашкан топтун же кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыктарында;
     3) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  же  андай кылбастан беш жылдан сегиз
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (4) Ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосун-
дар көп жолу жасалса, же болбосо оор кесепеттерге алып келсе, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  сегиз  жылдан  он  беш жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. 1.  Ушул главанын статьяларында кызмат  адамдары  катары
туруктуу,  убактылуу  же  атайын ыйгарым укуктар боюнча бийлик өкүлүнүн
милдеттерин жүзөгө ашырган же болбосо  мамлекеттик  органдарда,  жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдарында,  мамлекеттик жана муниципалдык
мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жа-
на башка аскердик түзүлүштөрдө уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администраци-
ялык-чарбалык милдеттерди аткарышкан адамдар табылат.
     2. Ушул Кодекстин  статьяларында  жооптуу  абалды  ээлеген  кызмат
адамдары  деп  Кыргыз Республикасынын Конституциясында,  конституциялык
мыйзамдарында мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын түздөн-түз  ат-
каруу үчүн мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдар табылат.
     3. Кызмат адамдарынын катарына  кирбеген  мамлекеттик  кызматчылар
жана  жергиликтүү  өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматчылары ушул Ко-
декстин тийиштүү статьялары боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылы-
шат.

     304-1-статья. Мамлекеттик контролдоо органынын кызмат адамдары
                   тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү

     1) Мамлекеттик контролдоо органдарынын кызмат  адамдары  тарабынан
мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүү, эгерде бул текшерүүлөр жеке жана юри-
дикалык жактардын мыйзамдуу укуктарына жана таламдарына доо кетирсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же  үч  жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөөгө же
белгилүү бир иш-аракеттерди жүргүзүү укугунан ажыратылуу менен же андай
кылбастан бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат.
     2) Ошол эле жосун өзү үчүн же башка адамдар үчүн пайда жана артык-
чылыктарды табуу максатында,  ошондой эле башка  жеке  кызыкчылыктардан
улам жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн  беш  жүзгө чейинки өлчөмүндө үч
жылга чейинки  мөөнөткө  белгилүү  бир кызмат ордун ээлөөгө же белгилүү
иш-аракеттерди жүргүзүүгө укугун жоюу менен айып салынат же мүлкүн кон-
фискациялоо менен  же  андай кылбастан үч жылдан беш жылга чейинки мөө-
нөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     3) Ушул  статьянын  экинчи  бөлүгүндө каралган жосун бир нече жолу
кайталанса же болбосо кесепеттерге алып келсе, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө
эркинен ажыратууга жазаланат.
     (КР 2003-жылдын  5-августундагы  N  192  мыйзамынын редакцияларына
ылайык)

     305-статья. Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу

     (1) Кызмат адамы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринен өтө эле аша
чапкан жана граждандардын укуктарын же  мыйзамдуу  кызыкчылыктарын,  же
болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыкта-
рын олуттуу бузууга алып келген аракеттерди жасаса, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же
белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат, же болбосо төрт жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) уюмдашкан топтун же кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыктарында;
     2) жооптуу абалды ээлеген, кызмат адамы тарабынан;
     3) зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу алдында;
     4) курал же атайын каражаттарды колдонуу менен;
     5) оор кесепеттерге алып келүү менен жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  же  андай кылбастан үч жылга чейинки
мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү  иш  жүргүзүү  укугунан
ажыратуу  менен  төрт  жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен
ажыратууга жазаланат.

     305-1-статья. Кыйноо
     
     Кайсы бир  адамга  андан маалымат алуу же аны мойнуна алдыруу,  ал
жасаган же жасады деп шек туудурган аракети үчүн аны  жазалоо,  ошондой
эле коркутуу жана белгилүү бир аракеттерди жасоого мажбурлоо максатында
атайылап уруп-сабаса же азапка салып кыйнаса, мындай аракет кызмат ада-
мы тарабынан анын көрүп-билүүсү же макулдугу менен ар кандай башка адам
тарабынан жасалса, -
     бир жылдан  үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш жасоо укугу-
нан ажыратуу менен же андай кылбай үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (КР 2003-жылдын   15-ноябрындагы   N   223 мыйзамынын редакциясына
ылайык)
 
     305-2-статья. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу

     Мамлекеттик жана  муниципалдык менчикте турган жерди кызмат адамы-
нын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен жеке жана юриди-
калык жактарга менчикке же убактылуу пайдаланууга берүүсү, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып са-
лууга, же  болбосо  беш  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     Эскертүү. Ушул статьяда кызмат адамы деп жер мамилелерин жөнгө са-
луу боюнча тийиштүү ыйгарым укук берилген органдардын кызмат адамы таа-
нылат.
     (КР 2004-жылдын 7-мартындагы N 17 мыйзамынын редакцияcына ылайык)

     306-статья. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт
                 түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу

     (1) Кызмат  адамы  мамлекет үчүн атайылап пайдасыз контракт түзсө,
ошого тете ири өлчөмдө зыян келтирген мамлекеттик сатып  алууну  жүзөгө
ашырса, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү  укугунан  ажыратуу  менен эсептик көрсөткүчтүн жети жүздөн
бир мињге  чейинки  өлчөмүндө  айып салынат же болбосо үч жылга чейинки
мөөнөткө белгилүү  кызматтарды  ээлөө  же белгилүү иш жүргүзүү укугунан
ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыра-
тууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) бир нече жолу;
     2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;
     3) уюмдашкан топтун кызыкчылыктарында жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  беш  жылдан  сегиз   жылга   чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     307-статья. Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык ишти
                 жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу

     (1) Кызмат адамы менчиктештирүүгө болбой турган объектилерди  мен-
чикке берүүдөн,  же болбосо салыктарды, бажы жыйымдарын же менчиктешти-
рилүүчү объектилердин наркын төмөндөтүү, ошого тете салыктардан же бажы
жыйымдарынан мыйзамсыз  бошотуу,  же болбосо лицензияны мыйзамсыз берүү
аркылуу өзүнүн кызмат абалынан пайдаланганда, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү  укугунан  ажыратуу  менен  эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки
жүзгө чейинки  өлчөмүндө айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөө-
нөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол  эле жосундар алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабы-
нан жасалса, же болбосо ири зыян келтирсе, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен  беш  жылдан  сегиз  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     308-статья. Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу

     Кызмат адамы тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу
коомдук же мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирсе, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир
мињге чейинки  өлчөмүндө  айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо
менен беш  жылдан  сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.

     309-статья. Ишкердик кылуу ишине мыйзамсыз катышуу

     Мыйзамда белгиленген  тыюу  салууга  карабай кызмат адамы ишкердик
кылуу ишин жүзөгө ашырган уюмду уюштурса,  же болбосо мындай уюмду жеке
өзү же ишенимдүү адам аркылуу башкарса, эгерде бул жосундар мындай уюм-
дарга жењилдиктер жана артыкчылыктар  берүү  же  башка  формада  колдоо
көрсөтүү менен байланышса, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салуу
менен беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү  укугунан ажыратууга же үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө
камакка алууга,  болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыра-
тууга жазаланат.

     310-статья. Паралап сый берүү

     (1) Эгерде мындай аракет (аракетсиздик) кызмат адамынын  кызматтык
ыйгарым  укуктарына кирсе же кызматтык абалына байланыштуу ушундай ара-
кетке (аракетсиздикке) көмөк көрсөтүшү мүмкүн  болсо,  кызмат  адамынын
жеке  өзү же ортомчу аркылуу мурда шарташпастан акчалай,  баалуу кагаз,
башка мүлк же мүлктүк мүнөздөгү пайда түрүндө пара берүүчүнүн  же  анын
өкүлү  болгон  адамдардын  пайдасына жасаган аракет (аракетсиздик) үчүн
пара алса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салы-
нат, же  үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белги-
лүү иш  жүргүзүү  укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эр-
киндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар:
     1) жооптуу кызматты ээлеген кызмат адамы тарабынан;
     2) бир нече жолу;
     3) ири өлчөмдө;
     4) мыйзамсыз аракеттер (аракетсиздик) үчүн, -
     мүлкүн конфискациялоо менен үч  жылга  чейинки  мөөнөткө  белгилүү
кызматтарды  ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен,  үч
жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Ушул  статьяда  жана 311, 312, 313-статьялардагы паранын
ири өлчөмү  катары кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген  эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн ашкан
акчанын суммасы,  баалуу кагаздардын наркы, башка мүлк же мүлк мүнөзүн-
дөгү пайда табылат.

     311-статья. Паралап сатып алуу

     (1) Кызмат  адамы  жеке  өзү же ортомчу аркылуу пара берүүчүнүн же
анын өкүлү болгон адамдардын пайдасына жасаган аракети  (аракетсиздиги)
үчүн,  мурдатан  шартташуу менен андан акча,  баалуу кагаз,  башка мүлк
түрүндө пара алса же мүлк мүнөзүндө пайда көрсө,  эгерде мындай  аракет
(аракетсиздик)  кызмат адамынын кызматтык ыйгарым укуктарына кирсе,  же
болбосо  кызматтык  абалынан  улам  мындай  аракетке   (аракетсиздикке)
көмөктөшө  алса,  ошого  тете  кызматы  боюнча  жалпы  колдоо көрсөтсө,
көрмөксөнгө салса, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  үч  жылга  чейинки мөөнөткө белгилүү
кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу  менен  беш
жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;
     2) уюмдашкан топ тарабынан;
     3) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан;
     4) бир нече жолу;
     5) ири өлчөмдө жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен үч  жылга  чейинки  мөөнөткө  белгилүү
кызматтарды  ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жети
жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     312-статья. Кызмат бергендиги үчүн пара алуу

     (1) Кызмат адамы мамлекеттик кызмат  тутумунан  кызмат  бергендиги
үчүн жеке өзү же ортомчу аркылуу пара алганда, -
     мүлкүн конфискациялоо менен үч  жылга  чейинки  мөөнөткө  белгилүү
кызматтарды  ээлөө  же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш
жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) бир нече жолу;
     2) ири өлчөмдө;
     3) жооптуу кызмат адамы тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  үч  жылга  чейинки мөөнөткө белгилүү
кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен сегиз
жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     313-статья. Опузалап пара талап кылуу

     (1) Опузалап пара талап кылганда,  башкача айтканда,  кызмат адамы
пара берүүчүнүн кызыкчылыктарында анын мыйзамдуу укуктарын бузган  ара-
кеттерди  аткаргандыгы  же аткарбагандыгы үчүн пара талап кылса,  ошого
тете аны өзүнүн укук тарабынан корголгон кызыкчылыктарына зыян  келтир-
ген  кесепеттер келип чыгышынын алдын алуу максатында пара берүүгө маж-
бур болгондой шарттарга койгондо, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  үч  жылга  чейинки мөөнөткө белгилүү
кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан  ажыратуу  менен  он
жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Опузалап пара талап кылуу:
     1) бир нече жолу;
     2) ири өлчөмдө;
     3) жооптуу кызмат адамы тарабынан жасалса, -
     мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан  жыйырма  жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     314-статья. Пара берүү

     (1) Кызмат адамына жеке өзү же ортомчу аркылуу пара бергенде, -
     үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга же  болбосо  үч
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) бир нече жолу;
     2) ири өлчөмдө;
     3) уюмдашкан топтун кызыкчылыгында жасалганда, ошого тете атайылап
мыйзамсыз аракетти (аракетсиздикти) жасоо үчүн пара бергенде, -
     үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     Эскертүү. 1. Пара алуу же башка адамга пара берүү жөнүндө макулда-
шууга жетишүүгө  жана аны жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү адам ортомчу-кө-
мөкчү деп таанылат.
     2. Пара  алууга же башка адамга пара берүүгө ортомчу-көмөкчү болуп
саналган адам,  эгерде ал бул тууралу кылмыш ишин козгоого укуктуу  ор-
ганга ыктыярдуу түрдө билдирсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
     3. Пара  берген адам,  эгерде кызмат адамы тарабынан опузалап пара
талап кылуу жасалса, же адам пара берүү жөнүндө кылмыш-жаза ишин козго-
ого  укуктуу  органга ыктыярдуу билдирсе,  кылмыш-жаза жоопкерчилигинен
бошотулат.
     (КР 2006-жылдын 13-февралындагы N 57 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык

     315-статья. Кызматтык жасалмачылык

     Кызматтык жасалмачылык, башкача айтканда кызмат адамы, ошондой эле
мамлекеттик  кызматчы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кыз-
матчысы расмий документтерге жалган  маалыматтарды  атайылап  киргизсе,
мындай документтерге алардын чыныгы мазмунун бурмалаган оњдоолорду кир-
гизсе,  эгерде бул жосундар жеке пайда көздөп же башка жеке кызыкчылык-
тан улам жасалса, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү  укугунан  ажыратуу  менен  эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки
жүзгө чейинки  өлчөмүндө айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө бел-
гилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     316-статья. Шалаакылык

     (1) Шалаакылык,  башкача айтканда, кызмат адамы кызматына ынтаасыз
же кайдыгер  мамиленин кесепетинен өзүнүн милдеттерин аткарбаса же тий-
иштүү түрдө  аткарбаса,  эгерде  бул граждандардын, уюмдардын укуктарын
жана мыйзамдуу  кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мый-
зам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын олуттуу бузууга алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар,  байкабастыктан ири зыян тартууга,  адамдын
өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

                               31-Глава
                   Сот адилеттигине каршы кылмыштар

     317-статья. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу

     (1) Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга  тоскоолдук  жасоо  максатында
сот ишине ар кандай түрдө кийлигишкенде, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш
жүзгө чейинки  өлчөмүндө  айып  салынат,  же болбосо үч айдан алты айга
чейинки мөөнөткө  камакка алууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ушул  статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун өзүнүн кызмат
абалын пайдалануу менен жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  беш  жүздөн бир мињге чейинки өлчөмүндө айып
салынат, же  болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээ-
лөө же  белгилүү  иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     318-статья. Тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу

     (1) Ишти ар тараптан,  толук объективдүү тергөөгө тоскоолдук кылуу
максатында ар кандай түрдө прокурордун,  тергөөчүнүн ишине кийлигишкен-
де, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, же  болбосо үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жа-
заланат.
     (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун өзүнүн кызмат-
тык абалын пайдалануу менен жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  беш  жүздөн бир мињге чейинки өлчөмүндө айып
салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө
же белгилүү  иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөө-
нөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     318-1-статья. Коргоочулардын кесиптик ишине тоскоолдук кылуу

     (1) Коргоочунун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин
48-статьясында каралган укуктарын ишке ашырууга жана милдеттерин  атка-
рууга ар кандай түрдө тоскоолдук кылуу -
     эсептик көрсөткүчтүн  жүздөн  эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып са-
лууга же үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     (2) Өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен  жеке  жак  тарабынан
ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосунду жасоо -
     эсептик көрсөткүчтүн  беш  жүздөн мињге чейинки өлчөмүндө айып са-
лууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматтарды ээлөө, бол-
босо белгилүү  бир иште иштөө укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 16-октябрындагы N 141 мыйзамы-
нын редакциясына ылайык)

     319-статья. Сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырган адамдын
                 өмүрүнө кол салуу

     Иштерди же материалдарды сотто кароого,  тергөө жүргүзүүгө же бол-
босо соттун өкүмүн,  чечимин же башка сот актысын аткарууга байланыштуу
судьянын,  заседателдин же сот  адилеттигин  аткарууга  катышкан  башка
адамдын, прокурордун,  тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү жүргүзгөн адамдын,
актоочунун, эксперттин, сот аткаруучусунун, ошого тете алардын жакында-
рынын өмүрүнө кол салуу аракети, көрсөтүлгөн адамдардын мыйзамдуу ишине
тоскоолдук кылуу же болбосо ошондой иши үчүн өч алуу максатында  жасал-
са, -
     он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажырату-
уга жазаланат.
     (КР 2004-жылдын 23-мартындагы N 46 мыйзамынын редакциясына ылайык)

     320-статья. Сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырууга
                 байланыштуу коркутуу же зомбулук аракеттерди жасоо

     (1) Иштерди же материалдарды сотто  кароого  байланыштуу  судьяга,
заседателге же сот адилеттигин аткарууга катышкан башка адамдарга, ошо-
го тете алардын жакындарына карата өлтүрөм, саламаттыгына зыян келтирем
же мүлкүњө зыян келтирем же жок кылам деп коркутканда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  болбосо  үч  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар тергөө жүргүзүүгө,  иштерди же материалдарды
сотто кароого же болбосо соттун өкүмүн,  чечимин же башка  сот  актысын
аткарууга байланыштуу прокурорго, тергөөчүгө, актоочуга, экспертке, сот
аткаруучусуна, ошого тете алардын жакындарына карата жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  болбосо үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга,
же болбосо  эки  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазала-
нат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  каралган  жо-
сундар,  өмүрү  же  саламаттыгы үчүн коркунучтуу эмес зомбулук көрсөтүү
менен жасалса, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (4) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  каралган  жо-
сундар,  өмүрү  же саламаттыгы үчүн коркунучтуу зомбулук көрсөтүү менен
жасалса, -
     беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     321-статья. Сотту урматтабоо

     (1) Соттук териштирүүнүн катышуучуларын маскаралоо менен сотту ур-
маттабаганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, же болбосо эки айдан төрт айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жа-
заланат.
     (2) Ошол  эле жосундар судьяны же сот адилеттигин аткарууга катыш-
кан заседателди маскаралоо менен жасалганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  болбосо төрт айдан алты ага чейинки мөөнөткө камакка алууга
жазаланат.

     322-статья. Күнөөсүз экендиги белгилүү адамды кылмыш-жаза
                 жоопкерчилигине тартуу

     (1) Күнөөсүз экендиги белгилүү адамды тергөө, прокуратура органда-
рынын кызматкери кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартканда, -
     эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.
     (2) Ошол эле жосундар,  оор же өзгөчө  оор  кылмыш  жасаган  деген
айыптоо менен коштолсо, -
     беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     323-статья. Кылмыш-жаза ишин козгоодон мыйзамсыз баш тартуу

     Кылмыш-жаза ишин козгоодон атайылап мыйзамсыз баш тартылса,  ошон-
дой эле тергөөчү,  прокурор тарабынан кылмыш-жаза  иши  боюнча  өндүрүш
мыйзамсыз кыскартылса,  бул коомдук же мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян
келтирсе, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     324-статья. Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу

     (1) Атайылап мыйзамсыз кармаганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же бол-
босо үч  жылга  чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө эркинди-
гинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Атайылап мыйзамсыз камакка алганда же камакта кармаганда, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  каралган  жо-
сундар оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     325-статья. Көрсөтмөлөрдү берүүгө мажбурлоо

     (1) Шектүүнү,   айыпкерди,  жабырлануучуну,  күбөнү  көрсөтмөлөрдү
берүүгө,  же болбосо экспертти корутунду берүүгө тергөө жүргүзгөн  адам
коркутуу,  шантаж же башка мыйзамсыз аракеттерди колдонуу менен мажбур-
лаганда, -
     эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар,  суралып жаткан адамга  зомбулук  көрсөтүү,
кордоо менен коштолсо, -
     эки жылдан сегиз жылга чейинки  мөөнөткө  эркиндигинен  ажыратууга
жазаланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  каралган  жо-
сундар оор кесепеттерге алып келсе, -
     жети жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен  ажыратууга
жазаланат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     326-статья. Далилдерди жасалмалоо

     (1) Ишке катышкан адам,  же анын өкүлү тарабынан граждандык иш бо-
юнча далилдер жасалмалаганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  беш жүздөн сегиз жүз өлчөмүнө чейин айып са-
лынат же  болбосо  эки  айдан төрт айга чейинки мөөнөткө камакка алууга
жазаланат.
     (2) Тергөөчү, прокурор же актоочу тарабынан кылмыш-жаза иши боюнча
далилдер жасалмаланганда, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө  же  белгилүү
иш  жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркинди-
гинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Оор  же өзгөчө оор кылмыш-жаза иши боюнча далилдер жасалмалан-
ганда, ошого тете далилдерди жасалмалоо оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылга  чейинки  мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан жети жылга жылга  чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     327-статья. Пара алууга же коммерциялык сатып алууга түртүү

     Пара алууга же коммерциялык сатып алууга түртүү,  башкача айтканда
кылмыш жасоонун жасалма далилдерин түзүү же болбосо опуза кылуу  макса-
тында  коммерциялык же башка уюмда башкаруу милдеттерин аткарган кызмат
адамына анын макулдугусуз акча,  баалуу кагаздар, башка мүлктү берүүгө,
же мүлк мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүгө далалат жасалганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып
салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же бел-
гилүү иш  жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан беш жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     328-статья. Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же
                 башка сот токтомун чыгаруу

     (1) Судья (сот) тарабынан атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм,
чечим же башка сот токтомун чыгаруу, -
     эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.
     (2) Ошол эле жосундар,  эркиндигинен ажыратууга мыйзамсыз өкүм чы-
гаруу менен байланышса же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жаза-
ланат.

     329-статья. Атайылап жалган билдирүү жасоо

     (1) Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасалган-
да, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же болбосо үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жаза-
ланат.
     (2) Ошол эле жосундар, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасады деп айып-
тоо менен, же айыптоонун жасалма далилдерин түзүү менен жасалса, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     330-статья. Атайылап жалган көрсөтмөлөрдү берүү, эксперттин жалган
                 корутунду чыгаруусу же туура эмес которуу

     (1) Күбө,  жабырлануучу атайылап жалган көрсөтмөлөрдү бергенде, же
болбосо эксперт жалган корутунду чыгарганда,  ошого тете сотто, же бол-
босо тергөөдө атайылап туура эмес которуу, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, же бол-
босо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар,  адамды оор же өзгөчө оор кылмыш жасады де-
ген айыптоо менен байланыштырылса, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Эгерде күбө,  жабырлануучу,  эксперт же тилмеч тергөөнүн
же соттук териштирүүнүн жүрүшүндө соттун өкүмү же соттун чечими чыккан-
га чейин алар берген көрсөтмөлөрдүн, корутундулардын жалгандыгы же ата-
йылап туура эмес которуу жөнүндө ыктыярдуу түрдө билдиришсе, кылмыш-жа-
за жоопкерчилигинен бошотулушат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     331-статья. Күбөнүн же жабырлануучунун көрсөтмөлөрдү берүүдөн же
                 эксперттин корутунду берүүдөн баш тартуусу

     Сот заседаниесинде  же  болбосо тергөө жүргүзүүдө же тергөөдө күбө
же жабырлануучу көрсөтмөлөрдү берүүдөн же  эксперт  корутунду  берүүдөн
баш тартса же качса, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салынат.
     Эскертүү. Өзүнө, өзүнүн жубайына же жакын туугандарына (ата-энеси,
балдары, ага-иниси, эже-сињдиси) каршы көрсөтмөлөрүн берүүдөн баш тарт-
кандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     332-статья. Көрсөтмөлөрдү берүү же көрсөтмөлөрдү берүүдөн качуу,
                 же болбосо туура эмес которуу үчүн паралап сатып алуу
                 же мажбурлоо

     (1) Күбөнү,  жабырлануучуну  жалган көрсөтмөлөрдү берүү максатында
же болбосо экспертти жалган корутунду берүү максатында,  ошого тете ко-
тормону  туура  эмес  жүзөгө  ашыруу  максатында тилмечти паралап сатып
алуу, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же болбосо үч айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     (2) Күбөнү, жабырлануучуну жалган көрсөтмөлөрдү берүүгө, экспертти
жалган корутунду берүүгө же тилмечти туура эмес которууну жүзөгө ашыру-
уга  мажбурлаганда,  ошого  тете  көрсөтүлгөн  адамдарды  көрсөтмөлөрдү
берүүдөн качууга мажбурлаганда, опуза кылганда, өлтүрөм деп коркутканда
мунун өзү  адамдардын  же алардын жакындарынын саламаттыгына залал кел-
тирүү, мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолсо, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга же болбо-
со үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Ушул   статьянын   экинчи   бөлүгүндө   каралган    аракеттер,
көрсөтүлгөн  адамдардын  өмүрүнө  же саламаттыгына коркунуч келтирбеген
зомбулук көрсөтүү менен жасалса, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (4) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө  каралган  жо-
сундар  уюмдашкан  топ  тарабынан  же  болбосо  көрсөтүлгөн  адамдардын
өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен жа-
салса, -
     үч жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жаза-
ланат.
     (КР 2003-жылдын  24-августундагы  N  199  мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     333-статья. Тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруу

     Тергөөнүн маалыматтары, мыйзамда белгиленген тартипте аларды ачык-
ка чыгарууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертилген адам тарабынан
ачыкка чыгарылса,  эгерде ал прокурордун,  тергөөчүнүн макулдугусуз жа-
салса, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.

     334-статья. Судьяга жана кылмыш-жаза процессинин катышуучуларына
                 карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө
                 маалыматтарды ачыкка чыгаруу

     (1) Судьяга же сот адилеттигин аткарууга  катышкан  башка  адамга,
сот аткаруучусуна, жабырлануучуга, күбөгө, кылмыш-жаза процессинин баш-
ка катышуучуларына карата, ошого тете алардын жакындарына карата колдо-
нулуучу коопсуздук  чаралары  жөнүндө  маалыматтар ачыкка чыгарылганда,
эгерде мындай жосун бул маалыматтар ишенилип берилген же анын кызматтык
иши боюнча белгилүү болгон адам тарабынан жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     335-статья. Тизмелөөгө же камак салууга алынган же болбосо
                 конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер

     (1) Тизмелөөгө же камак салууга алынган мүлктү ысырапка учураткан-
да,  ээликтен ажыратканда,  жашырганда же мыйзамсыз бергенде,  бул мүлк
ишенилип берилген адам тарабынан жасалса,  ошого тете кредиттик  уюмдун
кызматчысы камак  салынган акча каражаттары (аманаттар) менен операция-
лар жасоону жүзөгө ашырса, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же  алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, же болбосо эки жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Соттун  өкүмү  боюнча  конфискациялануучу мүлктү жашырганда же
ээлеп алганда,  ошого тете соттун мүлктү конфискациялоо жөнүндө мыйзам-
дуу күчүнө кирген өкүмүн аткаруудан башкача түрдө четтөө, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  болбосо  эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып
салуу менен  үч  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазала-
нат.

     336-статья. Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу

     (1) Жазасын  өтөп жаткан же алдын ала камакта жаткан адам эркинди-
гинен ажыратуучу жайдан же камактан качканда, -
     үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;
     2) уюмдашкан топ тарабынан;
     3) башка адамдардын өмүрү же саламаттыгы үчүн коркунучтуу зомбулук
көрсөтүү, же болбосо зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен;
     4) курал-жарак  же  курал-жарак  катары  пайдаланылуучу нерселерди
колдонуу менен жасалса, -
     үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     Эскертүү. Эркиндигинен  ажыратуучу жайдан же камактан биринчи жолу
качкандан тартып үч күндүк мөөнөттө ыктыяры менен  кайра  келген  адам,
эгерде  ал  жањы  кылмыш жасабаса же эгерде качуу ушул статьянын экинчи
бөлүгүндө каралган жосундар менен коштолбосо,  кылмыш-жаза жоопкерчили-
гинен бошотулат.

     337-статья. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу

     Эркиндигинен ажыратуу  жайынын  чектеринен  кыска мөөнөткө чыгууга
уруксат берилген, же болбосо жазаны өтөөдө өкүмдү аткаруу мөөнөтү узар-
тылган,  эркиндигинен  ажыратууга  соттолгон адам мөөнөтү же узартылган
мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра келбегенде, -
     эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     338-статья. Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын
                 аткарбоо

     Бийлик өкүлү,  мамлекеттик кызматчы, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу
органынын кызматчысы,  ошондой эле мамлекеттик мекеменин,  коммерциялык
же башка уюмдун кызматчысы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүн,  сот-
тун чечимин  же  башка сот актысын кыянаттык менен аткарбаганда,  ошого
тете аларды аткарууга тоскоолдук кылганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээ-
лөө же  белгилүү  иш жүргүзүү укугунан ажыратылат, же болбосо алты айга
чейинки мөөнөткө  камакка  алууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     339-статья. Кылмышты жаап-жашыруу

     (1) Оор кылмышты алдын ала убада бербестен жаап-жашырганда, -
     эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Өзгөчө оор кылмыштар жаатындагы ошондой эле жосундар, -
     төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     Эскертүү. Кайсы  бир  адам  өзүнүн күйөөсү (аялы) же жакын тууганы
тарабынан жасалган кылмышты убадалапшай жаап-жашырганы үчүн жазык жооп-
керчилигине тартылууга тийиш эмес.
     (Кыргыз Республикасынын  2004-жылдын  26-июлундагы N 99 мыйзамынын
редакциясына ылайык)

                               32-Глава
                  Башкаруу тартибине каршы кылмыштар

     340-статья. Укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу

     Укук коргоо  органынын кызматкеринин,  аскер кызматчысынын,  ошого
тете алардын жакындарынын өмүрүнө,  көрсөтүлгөн адамдардын коомдук тар-
типти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча мыйзамдуу ишине
тоскоолдук кылуу максатында же болбосо ошондой иш үчүн өч алуу үчүн кол
салынганда, -
     мүлкүн конфискациялоо  менен  он  эки жылдан жыйырма жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (КР 2004-жылдын 23-мартындагы N 46 мыйзамынын редакциясына ылайык)

     341-статья. Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү

     (1) Өзүнүн кызматтык  милдеттерин  аткарышына  байланыштуу  бийлик
өкүлүнүн же анын жакындарынын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтир-
беген зомбулук көрсөткөндө, же болбосо зомбулук көрсөтөм деп коркуткан-
да, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же  болбосо  үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга
же болбосо  беш  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазала-
нат.
     (2) Ошол  эле жосундар өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген
зомбулук көрсөтүү менен коштолсо, -
     беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     Эскертүү. Ушул  статьянын  жана ушул Кодекстин башка статьяларында
укук коргоо же контролдоо органынын кызмат адамы,  ошондой эле мыйзамда
белгиленген тартипте өзүнө кызматтык көз карандылыкта турбаган адамдар-
га карата тескөөчү ыйгарым укуктары берилген адам бийлик  өкүлү  катары
табылат.

     342-статья. Бийлик өкүлүн маскаралоо

     Кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн же аларды аткарууга байланыш-
туу бийлик өкүлүн эл алдында маскаралаганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат
же алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.

     343-статья. Кызмат адамынын наамын же бийлигин өзү билип ыйгарып
                 алуу

     Кызмат адамынын  наамын же бийлигин өзү билип ыйгарып алганда жана
ушуга байланыштуу кандайдыр-бир коомдук коркунучтуу  аракеттерди  жаса-
ганда, -
     эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     344-статья. Укук коргоо же контролдоо органынын кызмат адамына
                 карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө
                 маалыматтарды ачыкка чыгаруу

     (1) Укук коргоо же контролдоо органынын  кызмат  адамына,  ошондой
эле  анын  жакындарына  карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө
маалыматтарды ачыкка чыгарганда,  эгерде бул жосун анын кызматтык ишине
тоскоолдук кылуу максатында жасалса, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат же болбосо төрт айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     345-статья. Жазаларды аткаруу тутумундагы мекемелердин кадыресе
                 ишине тоскоолдук келтирүү

     (1) Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынынын кызматкерине
карата,  ошондой  эле  соттолгон адамга карата аны түзөтүүгө тоскоолдук
кылуу максатында же коомдук милдеттерди аткаргандыгы үчүн өч алуу  үчүн
зомбулук көрсөтөм деп коркутканда, -
     төрт жылдан жети жылга чейинки  мөөнөткө  эркиндигинен  ажыратууга
жазаланат.
     (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга  карата
өмүрүнө же саламаттыгына коркунучтуу эмес зомбулук көрсөтүү, -
     үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө  көрсөтүлгөн  жо-
сундар,  өмүрү  же саламаттыгы үчүн коркунучтуу зомбулук көрсөтүү менен
жасалса, же болбосо уюмдашкан топ тарабынан жасалса, -
     беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     346-статья. Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү

     (1) Кыргыз Республикасынын кайтаруудагы Мамлекеттик  чек  арасынан
мыйзамсыз өткөндө, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат
же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар,  алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу,  уюм-
дашкан  топ  тарабынан  же  болбосо зомбулук көрсөтүү менен же зомбулук
көрсөтөм деп коркутуу менен жасалса, -
     эки жылдан  беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     Эскертүү. Бул  статья  саясий  баш калкалоо укугун пайдалануу үчүн
келген чет өлкөлүк граждандарга же граждандыгы жок адамдарга  жайылтыл-
байт.

     347-статья. Расмий документтерди жана мамлекеттик сыйлыктарды алуу
                 же өткөрүү

     Укук берген жана милдеттерден бошоткон расмий документтерди, ошон-
дой эле Кыргыз Республикасынын, Советтик Социалисттик Республикалар Со-
юзунун мамлекеттик сыйлыктарын сатып алганда же өткөргөндө, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат
же болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коом-
дук жумуштарга  тартылат же үч айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жа-
заланат.

     348-статья. Документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок
                 кылуу, зыянга учуратуу же жашыруу

     (1) Пайда  көрүү  максатында  же  башка жеке кызыкчылыктардан улам
расмий документтерди, штамптарды же мөөрлөрдү уурдаганда, жок кылганда,
зыянга учуратканда же жашырганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     (2) Граждандардын паспортун же башка маанилүү жеке документти уур-
даганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат
же жүз  жыйырма  сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жу-
муштарга тартылат  же  болбосо  үч айга чейинки мөөнөткө камакка алууга
жазаланат.

     349-статья. Транспорт каражатынын идентификациялык номерин кол
                 менен жасоо же жок кылуу

     (1) Идентификациялык номерди,  кузовдун, шассинин, кыймылдаткычтын
номерин,  ошондой эле транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо белгисин
кол менен жасаганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     350-статья. Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды,
                 мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү
                 же пайдалануу

     (1) Укук  берген  же милдеттерден бошоткон расмий документти,  аны
даярдоочунун өзү же башка адамдын пайдаланышы максатында  жасалмалаган-
да, же болбосо ошондой документти бергенде, ошого тете ошол эле максат-
тарда ишканалардын,   мекемелердин,   уюмдардын   жасалма   штамптарын,
мөөрлөрүн,  бланктарын, мамлекеттик сыйлыктарды даярдаганда, же берген-
де, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же бол-
босо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жу-
муштарга тартылат  же  болбосо  эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен
ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар бир нече жолу жасалса, -
     төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Жасалма документти атайылап пайдаланганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же бол-
босо жүз  сексен  сааттан  эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук
жумуштарга тартылат  же  эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыра-
тууга жазаланат.

     351-статья. Аскердик жана альтернативалуу (аскерден тышкары)
                 кызматты өтөөдөн качуу

     (1) Аскердик кызматтан бошотуу үчүн мыйзамдуу негиздерсиз аскердик
кызматка чакыруудан качканда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  эки  жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып
салынат, же болбосо үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат,
же болбосо  эки  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазала-
нат.
     (2) Аскердик кызматтан бошотулган адамдар альтернативалуу  (аскер-
ден тышкары) кызматты өтөөдөн качканда, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат же  болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө
коомдук жумуштарга  тартууга же болбосо үч айдан алты айга чейинки мөө-
нөткө камакка алууга жазаланат.

     352-статья. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин же
                 Мамлекеттик желегин мазактоо

     Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин же Кыргыз  Республикасы-
нын Мамлекеттик желегин мазактаганда, -
     эсептик көрсөткүчтүн  элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат
же болбосо үчтөн алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга же бир жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     353-статья. Өзүм билемдик

     (1) Өзүм билемдик,  башкача айтканда белгиленген  тартипке  каршы,
укукка ылайыктуулугу,  башка адам же болбосо мамлекеттик же коомдук иш-
кана,  мекеме тарабынан талаш туудурган аракеттерди өз билгенинче жаса-
ганда, эгерде мындай аракеттерден улам мамлекеттик, коомдук кызыкчылык-
тарга же болбосо граждандардын мыйзам  тарабынан  корголгон  укуктарына
жана кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирилсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн отузга чейинки өлчөмүндө айып салынат же бол-
босо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жу-
муштарга тартылат же үч айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     (2) Ошол   эле  жосундар,  зомбулук  көрсөтүү  менен  же  зомбулук
көрсөтөм деп коркутуу менен жасалса, -
     төрт айдан  алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга,  же болбосо
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

                               XI БӨЛҮМ
                          АСКЕРДИК КЫЛМЫШТАР

                               33-Глава
                          Аскердик кылмыштар

     354-статья. Аскердик кылмыш түшүнүгү

     (1) Кыргыз  Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө,  аскердик курулуш
отряддарында (бөлүктөрүндө),  башка аскерлеринде жана аскердик  кошуун-
дардын  аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары,  ошондой эле за-
паста жүргөн граждандар тарабынан алар аскердик жыйындарда жүргөндө ас-
кер  кызматын  өтөөнүн  белгиленген  тартиптерине  каршы  ушул  главада
көрсөтүлгөн кылмыштарды жасашы аскердик кылмыштар деп табылат.
     (2) Ушул  главанын тийиштүү статьялары боюнча,  өздөрү үчүн кызмат
өтөөнүн белгиленген тартибине каршы кылмыштары үчүн  аскердик  куруучу-
лар, ошондой эле кызматтары аскердик кызматка тењештирилген аскерлешти-
рилген кошуундардын өздүк курамы жоопкерчиликке тартылышат.
     (3) Аскердик абалдын шартында,  согуш мезгилинде, же болбосо согуш
абалынын кырдаалында жасалган аскердик кылмыштар үчүн жоопкерчилик  со-
гуш мезгилинин мыйзамдары менен аныкталат.

     355-статья. Буйрукту аткарбоо

     (1) Башчынын  белгиленген тартипте берилген буйругу ага баш ийүүчү
тарабынан аткарылбай койгондо,  мунун  өзү  кызматтын  кызыкчылыктарына
олуттуу зыян келтирсе, -
     алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга же болбосо бир жылга че-
йинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу же  уюм-
дашкан топ тарабынан жасалса, ошого тете оор кесепеттерге алып келсе, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Кызматка  кош  көњүл же ак ниетсиз мамиледен улам буйрукту ат-
карбаганда, мунун өзү оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч айдан  алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга же болбосо эки
жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого  жазала-
нат.

     356-статья. Башчыга каршылык көрсөтүү же аны кызматтык милдеттерин
                 бузууга мажбурлоо

     (1) Башчыга,  ошого тете аскердик кызмат  боюнча  өзүнө  жүктөлгөн
милдеттерин  аткаруучу  башка  адамга каршылык көрсөтүү,  же аларды бул
милдеттерди бузууга мажбурлоо,  зомбулук көрсөтүү же зомбулук  көрсөтөм
деп коркутуу менен коштолсо, -
     бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө  кармоо-
го, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар, алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу же уюм-
дашкан топ тарабынан курал колдонуу менен жасалса,  же саламаттыкка оор
залал келтирсе, же болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылдан  жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     357-статья. Башчыга карата зомбулук аракеттерди жасоо

     (1) Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга байланыштуу же аскер-
дик  кызмат боюнча милдеттерин аткарып жаткан убакта башчыны уруп-саба-
ганда же башка зомбулук көрсөткөндө, -
     эки жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого
же төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) адамдар тобу тарабынан;
     2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;
     3) уюмдашкан топ тарабынан;
     4) курал колдонуу менен;
     5) саламаттыкка оор же болбосо анча оор эмес залал келтирүү  менен
жасалса, же болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     358-статья. Бири-бирине баш ийбеген аскер кызматчыларынын
                 ортосундагы өз ара мамилелердин белгиленген эрежелерин
                 бузуу

     (1) Бири-бирине баш ийбеген аскер кызматчыларынын  ортосундагы  өз
ара  мамилелердин  уставдык  эрежелери бузулганда,  бул жабырлануучунун
ар-намысын жана кадыр-баркын басмырлоо же кордоо менен байланыштуу бол-
со же болбосо зомбулук менен коштолсо, -
     бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар:
     1) бир нече жолу;
     2) бир нече адамдарга карата жасалса;
     3) адамдардын тобу;
     4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу;
     5) уюмдашкан топ тарабынан;
     6) курал колдонуу менен;
     7) жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес залал келтирүү  ме-
нен жасалса, -
     эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.
     (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосун
оор кесепеттерге алып келсе, -
     беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     359-статья. Бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү

     (1) Мөөнөттүү  кызматтагы аскер кызматчысы бөлүктү же кызмат ордун
өзү билип таштап кетсе,  ошого тете бөлүктөн убактылуу кое  берилгенде,
дайындалганда,  которулганда, иш сапарынан, өргүүдөн же дарылоо мекеме-
синен үч суткадан ашуун,  бирок бир  айдан  ашпаган  убакытта  кызматка
жүйөлүү себептерсиз өз мөөнөтүндө келбей койгондо, -
     бир жылга чейин дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же болбосо
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Биринчи бөлүктө каралган жосундар жасалганда, өзү билип таштап
кетүү бир айдан ашык болсо, -
     бир жылдан  эки  жылга  чейинки  мөөнөткө   дисциплинардык   аскер
бөлүгүндө кармоого же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эр-
киндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Офицердик курамдагы адам, прапорщик, мичман же мөөнөтүнөн ашык
кызмат өтөгөн аскер кызматчысы бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап
кетсе, ошого тете жүйөлүү себептерсиз он суткадан ашык узактыкта, бирок
бир айдан ашпаган мөөнөттүн ичинде же болбосо он суткадан кем, бирок үч
суткадан ашык келбей койсо, бул жыл ичинде кайталап жасалса, -
     эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.
     (4) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган жосундар,  эгерде өзү
билип таштап кетүү бир айдан ашык болсо, -
     эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.
     Эскертүү. Эгерде бөлүктү өзү билип таштап  кетүүгө  оор  жагдайлар
себеп болсо,  ушул статьяда каралган жосунду биринчи жолу жасаган аскер
кызматкерлери кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

     360-статья. Аскерден качуу

     (1) Аскерден качуу,  башкача айтканда  аскер  кызматынан  таптакыр
четтөө максатында бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кеткенде, -
     үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.
     (2) Кызмат боюнча тапшырылып берилген куралын ала кетүү менен  ас-
керден  качуу,  ошого  тете алдын ала бүтүм боюнча адамдар же уюмдашкан
топ тарабынан жасалса, -
     беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     Эскертүү. Эгерде  аскерден качууга оор жагдайлар себеп болсо,  би-
ринчи жолу ушул статьянын биринчи бөлүгүндө  каралган  жосунду  жасаган
аскер кызматкерлери кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

     361-статья. Оорумуш болуп же башка айла-амалдар менен аскер
                 кызматынын милдеттерин аткаруудан четтөө

     Аскер кызматчысы  оорумуш  болуп  же  өзүнө  залал  келтирүү  (бир
мүчөсүн зыяндоо),  же документтерди жасалмалоо жолу менен, же башка ал-
дамчылык менен аскер кызматынын милдеттерин өтөөдөн четтесе, -
     бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого
же болбосо үч айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.

     362-статья. Күжүрмөн кезметчиликти аткаруунун эрежелерин бузуу

     (1) Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыздоо үчүн ага капысы-
нан  кол  салууну  өз  убагында  билүү  жана  кайра  сокку берүү боюнча
күжүрмөн кезметчиликти (күжүрмөн кызматты) аткаруунун эрежелерин  бузуу
мамлекеттин коопсуздугунун  кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө алып келсе
же алып келиши мүмкүн болсо, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылдан  жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
     (3) Күжүрмөн кезметчиликти (күжүрмөн кызматтын) эрежелерин, аларга
көњүлкош же ак ниетсиз мамиле жасоонун натыйжасында бузуу,  бул оор ке-
сепеттерге алып келсе, -
     эки жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө  кармоо-
го, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.

     363-статья. Чек ара кызматын аткаруунун эрежелерин бузуу

     (1) Чек арачылар кошуунунун курамына кирген же чек ара  кызматынын
башка милдеттерин аткарган адам чек аралык кызматтын эрежелерин бузган-
да,  эгерде бул жосун мамлекеттин коопсуздугунун кызыкчылыктарына  зыян
келтирсе же зыян келтирүүсү мүмкүн болсо, -
     эки жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө  кармоо-
го,  же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-
ланат.
     (2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (3) Чек аралык кызматты аткаруунун эрежелерин,  аларга көњүлкош же
ак ниетсиз мамиле жасоонун натыйжасында  бузуу,  бул  оор  кесепеттерге
алып келсе, -
     эки жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого
же  болбосо  эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазала-
нат.

     364-статья. Кароол кызматын аткаруунун эрежелерин бузуу

     (1) Кароол  (вахталык)  кызматынын  курамына кирген адам тарабынан
кароол (вахта)  кызматын  өтөөнүн  уставдык эрежелери бузулганда, мунун
өзү кароол  тарабынан кайтарылган объектиге зыян келтирүүгө алып келсе,
-
     бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого
же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга,  же  болбосо  эки
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
     беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     365-статья. Коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту
                 камсыздоо боюнча кызматты аткаруу эрежелерин бузуу

     (1) Коомдук тартипти сактоо жана  коомдук  коопсуздукту  камсыздоо
боюнча  аскердик  кошуундун курамына кирген адам кызмат өтөө эрежелерин
бузганда, эгерде бул жосун граждандардын укуктарына жана эркиндиктерине
зыян келтирсе, -
     бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого
же алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
     эки жылдан  беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.

     366-статья. Ички кызматты аткаруунун жана гарнизондо патрулдук
                 кылуунун эрежелерин бузуу

     Бөлүктүн суткалык  нарядына (кароолдон жана вахтадан тышкары) кир-
ген адам ички кызматтын уставдык эрежелерин бузганда,  ошого тете  пат-
рулдук  кошуундун курамына кирген адамдын гарнизондо патрулдук кылуунун
эрежелерин бузушу оор кесепеттерге алып келсе, -
     бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого
же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.

     367-статья. Аскердик мүлктү атайын жок кылуу же зыяндоо

     (1) Курал-жаракты,  ок-дарыларды же аскердик техниканын тетиктерин
атайылап жок кылганда же зыянга учуратканда, -
     эки жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого
же  алты  айга чейинки мөөнөткө камакка алууга же болбосо бир жылдан үч
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
     (2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
     үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга  жа-
заланат.

     368-статья. Аскердик мүлктү байкабастыктан жок кылуу же зыяндоо

     Курал-жаракты, ок-дарыны же аскердик техниканын тетиктерин же баш-
ка аскердик мүлктү байкабастыктан жок кылганда же  зыянга  учуратканда,
бул оор кесепеттерге алып келгенде, -
     бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого
же үч айга чейинки мөөнөткө камакка алууга, же болбосо эки жылга чейин-
ки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

     Көњүл буруњуздар!  Бул  статья  "Эркин-Тоо"  гезитинин 1998-жылдын
24-октябрындагы N 96-99 жарыяланган санына ылайык келтирилген.
     "КР Жогорку  Кењешинин  Ведомостторунун"  1998-жылдын N 7, 229-ст.
басылмасына ылайык 368-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй баяндалат:
     "бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо-
го же  алты  айга чейинки мөөнөткө камакка алууга, же болбосо эки жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."


     369-статья. Аскердик мүлктү жоготуу

     Кызматында пайдалануу үчүн ишенилип берилген курал-жаракты, ок-да-
рыларды,  аскердик техниканын тетиктерин сактоонун эрежелерин бузганда,
эгерде бул аларды жоготууга алып келсе, -
     эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып төлөм
салынат же  болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бө-
лүгүндө кармоого, же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга,
же болбосо  эки  жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазала-
нат.

     370-статья. Курал-жаракты жана айлана-тегеректегилер үчүн өтө
                 коркунучтуу нерселерди колдонуу эрежелерин бузуу

     (1) Курал-жаракты,  ошондой эле, ок-дарыларды, радиоактивдүү мате-
риалдарды,  жарылуучу жана айлана-тегеректегилер үчүн  өтө  коркунучтуу
башка заттарды жана нерселерди колдонуу эрежелерин бузганда,  мунун өзү
байкабастыктан жабырлануучунун саламаттыгына оор же анча оор эмес залал
келтирүүгө,  аскердик  техниканы жок кылууга же болбосо башка оор кесе-
петтерге алып келсе, -
     эки жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого
же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен  ажыратууга  жазала-