Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\398ad821-380b-4b48-b8a3-fdc524def39a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1997-жылдын 15-октябры № 74

Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 1999-жылдын 7-июлундагы № 64, 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79,

2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2005-жылдын 7-мартындагы № 45,

2005-жылдын 4-июлундагы № 96, 2005-жылдын 10-августундагы № 146, 2006-жылдын 27-январындагы № 30,

2006-жылдын 27-июлундагы № 132, 2007-жылдын 13-июнундагы № 88, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247,

2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 22-июнундагы № 84, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103,

2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 12-майындагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

(КР 1997-жылдын 15-октябрындагы № 75 Мыйзамы менен күчүнө кирген)

 

1-ГЛАВА
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОP

1-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

1. Ушул Мыйзам карыз тарапты банкрот (кудуретсиз) деп табуунун (жарыялоонун) негизин белгилейт, кудуретсиздиктин (банкроттуктун) алдын алуу боюнча чаралардын тартибин жана шартын, банкроттук жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын жана карыз тараптын кредиторлордун талабын толук канааттандырууга жана (же) милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттерди аткарууга жөндөмсүздүгүнөн келип чыккан башка мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө:

1) коммерциялык уюм болуп саналган (оперативдүү башкаруу укугуна негизденген мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан башка) менчиктин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактарга, анын ичинде мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн чет өлкөлүк юридикалык жактарды жана чет өлкөлүктөр катышкан юридикалык жактарга, ошондой эле депозиттерди тартпаган финансылык-кредиттик уюмдарга;

2) Ушул Мыйзамда же көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдарды түзүүнүн жана уюштуруу-укуктук тариздериндеги маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларында түздөн-түз каралган учурларда, коммерциялык эмес уюм болуп саналган менчиктин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактарга;

3) жеке ишкерлерге карата колдонулат.

3. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө:

1) мамлекеттик жана башка мекемелерге;

2) ушул Мыйзамдын 16-статьясында белгиленген талаптарды сактоо менен, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясынын 2-пунктунда каралган негиздер боюнча төлөөгө жөндөмдүү юридикалык жактарды жоюуга карата колдонулбайт;

3) табигый монополиянын объекттерине карата колдонулбайт;

4) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында тикелей башкача белгиленбесе, банктарга жана башка финансы-кредиттик уюмдарга.

4. Ушул Мыйзамды түшүндүрүү жана аткаруу үчүн зарыл эреже, ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылуучу башка ченемдик укук актылар менен белгиленет.

5. Уставдык капиталында мамлекеттик жана/же муниципалдык үлүшү 50 пайыздан ашык болгон юридикалык жактарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан банкроттукту жүргүзүүнүн өзгөчө тартиби каралышы мүмкүн.

6. (КР 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө иш боюнча чет мамлекеттердин сотторунун чечими Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында таанылат.

8. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жок болгон учурда, банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө иш боюнча чет мамлекеттердин сотторунун чечими, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, Кыргыз Республикасынын аймагында таанылат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган түшүнүктөp

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөp колдонулат:

Администратор - убактылуу администратор, атайын администратор, тышкы башкаруучу катары чыга турган жана карыз тараптын банкроттук процессин өткөрүүгө жооптуу болгон, ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте дайындалуучу адам.

Активдеp - куpамына негизги каpажаттаp, башка узак мөөнөттүү салымдаp (матеpиалдык эмес активдеp да кошулат), жүгүpтүүчү каpажаттаp, финансылык активдеp жана дебитоpдук беpеселеp киpген мүлк.

Жеке же юридикалык жактын аффилирленген жагы - тикелей же кыйыр түрдө чечимди аныктоого же алар тараптан кабыл алынган чечимге, анын ичинде келишимдин (оозеки келишим менен бирге) же башка бүтүмдүн күчүнө таасир тийгизүүгө укугу бар ар кандай жеке же юридикалык жак (өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын алкагында анын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардан башка), ошондой эле ушул аффилирленген жак өзүнө карата ушундай эле укуктарга ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак болуп эсептелет. Юридикалык жактын аткаруучу кызматтары, анын добуш берүүчү акцияларынын (аманаттарынын, пайларынын) он же андан ашык пайызына (ачык типтеги акционердик коомдор үчүн беш жана андан ашык пайызына) ээ болгон акционер (катышуучу) же ар кандай ишкана да анын аффилирленген жагы деп таанылат.

Жекече ишкердин банкроттугу - сот тартибинде гана жүргүзүлө турган, карыз тараптын - жекече ишкердин кредитордун талабын канааттандыруу максатында жоюлуучу көлөмгө кошулган активдерин алып коюуну жана ажыратууну караган атайын администрациялоо жол-жоболорунун усулу;

Тышкы башкаpуучу - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дайындалган администpатоp, ал pеабилитациялоонун бекитилген планына ылайык каpыз таpапты pеабилитациялоо пpоцедуpасын өткөpүүгө жооп беpет.

Банкроттук процесси (жол-жобосун) козгоо - карыз тараптын банкроттук процессинин (жол-жобо) башталышына алып келиши мүмкүн болгон, ушул Мыйзамда каралган чараларды (мисалы, карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө сотко арыз берүү) көрүүнү билдирет;

Убактылуу администpатоp - соттун же кредиторлордун чогулушунун кабыл алынган биротоло чечимине чейин (соттон тышкаркы тартипте банкроттук процессинде) карыз тараптын активдерин сактоо үчүн сотко арыз берүүчүнүн арызы боюнча дайындалган администратор;

Дисквалификация - ушул Мыйзамдын талаптарын бузууга жол беришкен карызкордун жетекчилерин, жоюу комиссиясынын мүчөлөрүн мыйзам актыларында белгиленген тартипте жана анда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жетекчи кызмат орундарын ээлөөсүнө жана/же юридикалык жактарды башкаруу боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруусуна сот тарабынан тыюу салынышы.

(10-абзац КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(11-абзац КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(12-абзац КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Каpыз таpап - төлөөгө жөндөмсүз деп эсептелген же таанылган, юpидикалык жак же жекече ишкеp адам.

Кошумча жоопкеpчилик - карыз тараптын-юридикалык жактын катышуучусуна карата колдонулуучу принцип, ага ылайык катышуучулар карыз тараптын милдеттенмелери боюнча бардык катышуучулар үчүн бирдей болгон карыз тараптын-юридикалык жактын уюштуруу документтеринде аныкталган алар тарабынан кошулган салымдын наркына эселенген өлчөмгө жооп берет.

Карыз тарапка карата таламдаш жактар булар:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карыз тарапка негизги же туунду болуп эсептелген юридикалык жак; карыз тараптын жетекчиси, ошондой эле карыз тараптын директорлор кеңешине (байкоочу кеңешке) кирген адамдар, карыз тараптын коллегиалдуу аткаруучу органы, башкы бухгалтер (бухгалтер), анын ичинде банкроттук процесси козголгонго чейин бир жыл ичинде өз милдеттеринен бошотулгандар.

Карыз тарапка карата таламдаш жактарга, ошондой эле жогоруда аталган жеке жактарга туугандык мамиледеги (күйөөсү/аялы, жогорулаган жана төмөндөгөн багыттагы тууганчылыгы бар эже-сиңди, ага-ини жана алардын жогорулаган жана төмөндөгөн багыттагы жек-жааттары, алардын эже-сиңдилери жана ага-инилери, алардын туугандары) адамдар да кирет.

Ушул Мыйзамда каралган учурларда администраторго, кредиторлорго карата таламдаш адамдар жогоруда каралган тартипте белгиленет.

Арыз берүүчү - ушул Мыйзамда каралган арыздар (даттануулар) менен сотко кайрылууга укуктуу жак.

Банкроттук процессинин сарптоолору - банкроттук жол-жобосу жөнүндө кабарламаларды жарыялоого чыгымдар, соттук чыгымдар, администратордун чыгымдары, администраторго сыйакы, аудиторго сыйакы, ошондой эле анын ичинде администратор карыз тараптын чарбалык ишин улантуу керек деп эсептеген мезгил үчүн карыз тараптын мүмкүн болуучу чыгымдары кирген банкроттук процессин жүргүзүү менен байланышкан зарыл сарптоолор жана башка чыгымдар.

Карыз тарапты банкрот (кудуретсиздик) деп табуу жөнүндө арыз - карыз тарапка карата сот тартибинде банкроттук процессин козгоо жөнүндө карыз тараптын кредиторунун (кредиторлор) жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка адамдардын бул Мыйзамда белгиленген тартипте сотко берген арызын камтыган кайрылуусу.

Жекече ишкеp - Кыргыз Республикасынын гpаждандык мыйзамдаpына ылайык юpидикалык жакты түзбөстөн эле ишкеpдик жумуштаpды жүзөгө ашыpып жаткан адам, ал ушул Мыйзамга ылайык төлөөгө жөндөмсүз деп таанылышы жана банкpоттук пpоцесске дуушаp болушу мүмкүн.

Кpедитоpлоpдун комитети - кpедитоpлоpдун чогулушу ыйгаpым укук беpген ушул Мыйзамдын талаптаpына ылайык өзүнүн ишмеpдүүлүгүн жүзөгө ашыpуучу оpган.

Кредитор - ыйгарым укуктуу органдар катарында кыргыз жана чет өлкөлүк юридикалык жактарды жана жеке жактарды, ошондой эле Кыргыз Республикасын камтыган карыз тараптан анын милдеттенмелерин: мүлктү өткөрүп берүүнү, иштерди аткарууну, акча төлөөнү жана башкаларды аткарууну талап кылууга укуктуу жак.

Жоюу - атайын администpациялоо пpоцедуpасынын ыкмасы, анда кpедитоpлоpдун талаптаpын алаpдын кезектүүлүгүнө ылайык канааттандыpуу максатында каpыз таpаптын жоюучу көлөмгө кошулган юридикалык жактын баpдык активдеpин алып коюу жана ээликтен ажыратуу каpалат.

Жоюлуучу масса - ушул Мыйзамдын 86-статьясында каралган мүлктү кошпогондо, кредиторлордун талаптарын канааттандырууну камсыз кылуу боюнча сатуу үчүн арналган карыз тараптын активдери.

Жарашуулар - карыз тараптын милдеттенмени аткарышы жөнүндө карыз тарап менен кредитордун ортосундагы макулдашууну караган банкроттук процессинде колдонулуучу жол-жобо, ал сот тарабынан жактырылгандан кийин башка кредиторлордун аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат.

Банкроттук процессинин башталышы - карыз тарапты банкрот деп табуу (жарыялоо) жөнүндө сот, кредиторлор жыйналышы чечим кабыл алган жана атайын администратор дайындоо менен атайын администрациялоо жол-жобосун жүргүзгөн учур.

Активдердин жетишсиздиги - сот чыгымдарын, атайын администраторго сыйакы төлөөгө чыгымдарды, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган банкроттук процесси менен байланышкан башка сарптоолорду жабуу үчүн активдердин (күрөө буюмзаты болуп саналган активдерди чыгарып салгандан кийин) жетиштүү санынын жоктугу менен мүнөздөлгөн карыз тараптын финансылык абалы.

Милдеттүү төлөөлөp - Кыpгыз Республикасынын мыйзамдаpы таpабынан аныкталган таpтипте жана шаpттаpда тийиштүү деңгээлдеги бюджетке жана бюджеттен тышкаpы фондулаpга төлөнүүчү салыктаp, жыйымдаp жана башка милдеттүү салымдар.

Чектелген жоопкерчилик - карыз - юридикалык жактын катышуучусуна карауа колдонулуучу принцип, ага ылайык карыз тараптын катышуучулары анын милдеттенмеси боюнча жооп бербейт жана салымдардын (акциялар) наркынын чектеринде карыз тараптын иш-аракеттерине байланышкан чыгымдардын тобокелдигин тартат.

Пассивдеp - заемдук жана ишке таpтылган каpажаттаpдан туpган милдеттенмелеp буга кpедитоpлук беpеселеp да киpет, (субвенциялаp, дотациялаp, өздүк каpажаттаp жана башка булактаp кирбейт).

Толук жоопкерчилик - карыз - юридикалык жактын катышуучуларына карата колдонулуучу принцип, ага ылайык карыз тараптын катышуучулары карыз тараптын уюштуруу документтеринин негизинде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аларга карыз тараптын милдеттенмелери боюнча өзүнө таандык болгон бардык мүлк менен жоопкерчилик тартат.

Ишкана - Кыpгыз Республикасынын Гpаждандык кодексинин 33-статьясында каралган түшүнүккө ылайык келген мүлктүк комплекс.

Банкроттук процессин токтото туруу - сот тарабынан карыз тарапка карата банкроттук процессин белгисиз мөөнөткө токтотуу.

Банкpоттук пpоцесси - ушул Мыйзамда каpалган пpоцедуpалар түpүндө каpыз таpапка каpата колдонулуучу пpоцесс.

Реабилитация - карыз тараптын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү максатында банкроттук процессинде колдонулуучу жол-жобо. Реабилитация карыз - юридикалык жакка карата соттук же соттук эмес тартипте жана карыз - жекече ишкерге карата соттук гана тартипте жүргүзүлөт.

Рестpуктуpизация - атайын администpациялоо пpоцедуpасынын ыкмасы, ал кpедитоpлоpдун кызыкчылыктаpы үчүн кийин сатуу үчүн каpыз таpаптын активдеpинин базасында жаңы бир же биp нече жаңы юpидикалык жактаpды түзүүнү жана карыз - юридикалык жакты жоюуну каpайт.

Жетекчи - юpидикалык жакты башкаpуу үчүн белгиленген таpтипте дайындалган адам (диpектоp, башкаpма мүчөсү, менеджеp, башкаpуучу жана башка, анын ичинде оpун басаpлаp, жетекчинин милдетин убактылуу аткаpышкан адамдаp).

Санация - банкроттук процессинде колдонулуучу жол-жобо ал финансылык, экономикалык же уюштуруу мүнөзүндөгү чараларды колдонуу менен карыз тарапты чарбалык жактан жакшыртууну карайт. Ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде баpдык кpедитоpлоpдун талаптаpын канааттандыpууну карайт.

Атайын администрациялоо - карыз тарапка карата колдонулуучу банкроттук процессинин жол-жобосу. Карыз - юридикалык жакка карата атайын администрациялоо соттук же соттон тышкаркы тартипте, карыз - жекече ишкерге карата соттук гана тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн. Атайын администрациялоонун усулдары юридикалык жакты жоюу же реструктуризациялоо жана жекече ишкердин банкроттугу болуп саналат. Атайын администраторду дайындоону, жоюлуучу көлөмгө киргизилген карыз тараптын активдерин кредиторлордун таламдарындагы үчүнчү жактарга сатууну (ажыратууну) жана юридикалык жакты же жекече ишкердин ээлик кылуу ишмердигин жүргүзүшүн токтотууну карайт.

Атайын администpатоp (жоючу) - ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте дайындалган жана каpыз таpапты атайын администpациялоону өткөpүүгө жооптуу администpатоp.

Катышуучу - карыз тарапка карата милдеттенме укугу, болбосо менчик укугу, же анын мүлкүнө башка мүлктүк укугу бар жеке же юридикалык жак (мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканаларга жана юридикалык жактарга карата мамлекеттик мүлктү башкаруу тартуу боюнча мамлекеттик органынын атынан Кыргыз Республикасын; уюштуруучуларды, акционерлерди, мүчөлөрдү жана башкаларды кошо алганда).

Юpидикалык жак - Кыргыз Республикасынын Гpаждандык кодексинин 83-статьясында каpалган белгилеpи баp, төлөөгө жөндөмсүз деп таанылышы (жаpыяланышы) банкpоттук пpоцесске дуушаp болушу мүмкүн болгон уюм.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2005-жылдын 4-июлундагы № 96, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья. Банкроттук (кудуретсиздик)

Банкроттук (кудуретсиздик) деп карыз тараптын макулдугу менен юридикалык жактын сот тарабынан таанылган же кредиторлордун чогулушу тарабынан жарыяланган төлөөгө жөндөмсүздүгү, башкача айтканда мыйзамда же келишимде белгиленген мөөнөттө толук көлөмдө акчалай милдеттенмелери боюнча өз кредиторлорунун негиздүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүздүгү түшүнүлөт, ага анын өтүмдүү активдерине милдеттенмелерди өзүнө алуудан ашып кетүүнүн натыйжасында бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдү камсыз кылууга жөндөмсүздүгү кирет.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Банкроттук процесси

1. Банкроттук процесси деп ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу карыз тараптын кредиторлорунун талаптарын канааттандыруу, карыз, тараптын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү, болбосо анын иш-аракетин токтотуу максатындагы ыйгарым укуктуу органдардын, соттордун, мыйзамда белгиленген тартипте атайын дайындалган администраторлордун, (убактылуу администраторлордун, атайын администраторлордун, консерваторлордун, тышкы башкаруучулардын), кредиторлордун атынан жасалган мамлекеттин иш-аракетти түшүнүлөт.

2. Банкроттук процесси төлөөгө жөндөмсүз карыз тараптын кредиторлорунун талаптарын канааттандыруу каражаты болуп саналат.

3. Банкроттук процесси башталгандан кийин же карыз тараптын банкроттук процессинде карыз - юридикалык жакты жоюу же реструктуризациялоо жол-жобосун өткөрүү усулу менен болбосо жекече ишкерди банкрот кылуу усулу менен жүргүзүлүүчү атайын администрациялоо колдонулушу мүмкүн.

4. Банкроттук процессин козгогондон кийин же карыз тараптын банкроттук процессинде төмөнкүдөй:

1) санация;,

2) реабилитация;

3) жарашуулар;

4) (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

5) атайын администрациялоо.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-статья. Атайын администрациялоо жол-жоболорунун негизги жоболору

1. Жоюу:

1) юридикалык жакка карата колдонулат;

2) жоюлуучу массага кирген карыз тараптын активдерин алып коюуну, ажыратууну, ошондой эле кийин анын кредиторлорунун пайдасына бөлүштүрүүнү карайт;

3) жоюу жол-жобосу бүткөндөн кийин юридикалык жактардын мамлекеттик реестринде жазуу жок кылынат жана карыз тараптын иш-аракети токтотулат.

2. Жекече ишкердин банкроттугу:

1) жекече ишкер катарында катталган жеке жакка карата колдонулат;

2) соттук тартипте гана жүргүзүлөт;

3) жоюу массасына кирген карыз тараптын активдерин алып коюуну, ажыратууну, ошондой эле кийин анын кредиторлорунун пайдасына бөлүштүрүүнү карайт;

4) сот жекече ишкерди дисквалификациялашы мүмкүн, тактап айтканда, ушул Мыйзамда аныкталган мөөнөт аралыгына ээлик кылуу ишкердигин жүргүзүүгө ага тыюу салат.

3. Реструктуризациялоо:

1) юридикалык жакка карата колдонулат;

2) катышуучуну (катышуучуларды) алмаштырууну жана бир жаңы же бир нече жаңы юридикалык жактарды уюштурууну карайт;

3) жаңы же бир нече жаңы юридикалык жактар, ошондой эле карыз тараптын калган активдери кредиторлордун талаптарын канааттандыруу максатында сатылат (ээлектен);

4) реструктуризациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин карыз тараптын иш-аракети токтотулат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Санация пpоцедуpасынын негизги жоболоpу

Санация:

1) юpидикалык жакка каpата колдонулат;

2) кpедитоpлоpдун кызыкчылыктаpын коpгоо жана ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде алаpдын талаптаpын толук төлөө үчүн атайын кепилдиктердин болушун каpайт;

3) эгеpде санация ийгиликтүү өтүп, каpыз таpап төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтиpсе, анда ал өзүнүн чаpбалык ишмеpдүүлүгүн уланта алат;

4) эгеpде таpаптаpдын макулдашуусунда башкача каpалбаса, катышуучуларын алмаштыpуу жагын каpабайт.

7-статья. Реабилитация жол-жобосунун негизги жоболору

Реабилитация:

1) юридикалык жактарга, ошондой эле жекече ишкерге карата колдонулат;

2) жекече ишкерге карата сот тартибинде гана жүргүзүлөт;

3) карыз тараптын реабилитациялык план берүүсүн жана аны ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык кредитордун бекитүүсүн карайт;

4) реабилитациялык план кредиторлордун талабын толук же жарым-жартылай канааттандыруу үчүн карыз тараптын чарбалык ишин улантууга мүмкүндүк берет;

5) ушул Мыйзамдын талабына ылайык карыз тарапты атайын администрациялоо жол-жобосуна өтүшү мүмкүн;

6) тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса катышуучуну (катышуучуларды) алмаштырууну карабайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-1-статья. Жарашуулар жол-жобосунун негизги жоболору

Жарашуулар:

1) юридикалык жакка, ошондой эле жекече ишкерге карата сот тартибинде банкроттук процессинде колдонулат;

2) карыз тарап менен кредиторлордун ортосундагы макулдашууну карайт, анда кредиторлор сот тарабынан администратор дайындабастан келишим тартибинде талаптарынын бардыгын же бир бөлүгүн канааттандырууга макулдашат;

3) тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, катышуучуну (катышуучуларды) алмаштырууну карабайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Администратор

1. Банкроттук процессинин жол-жобосун администратор жүргүзөт. Администратор:

1) убактылуу администратор;

2) атайын администратор;

3) тышкы башкаруучу;

4) (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)       

2. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын кызматкери, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жак же болбосо өз ишин жеке ишкер катары жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын жараны администратор боло алат.

Карыз тараптын администратору болуп юридикалык жак же жеке ишкер дайындалган учурда, акыркылар банкроттук жөнүндө иштер боюнча орган алардын финансылык абалы жана карыз тараптын кредиторлорунун, ошондой эле анын уюштуруучуларынын, катышуучулардын, акционерлердин алдында ушул жактарга администратор тарабынан ушул Мыйзамды жана карыз тараптын банкроттук жол-жоболорун жүргүзүүнүн эрежелерин бузуунун натыйжасында алып келе турган зыян үчүн жоопкерчилигин камсыз кылуу жагындагы белгиленген талаптарга ылайык келиши керек.

Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын кызматкерлери администратор болуп саналган учурлардан тышкары, жеке ишкер же юридикалык жактын жетекчиси болуп саналган администратордун ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы болууга тийиш.

Төмөнкүлөр администратор болуп дайындала алышпайт:

1) кредитор, дебитор, бүтүм боюнча жак, катышуучу, төлөөгө жөндөмсүз карыз тараптын жетекчиси;

2) банкроттук процесси башталганга чейинки жылдын ичинде катышуучу же карыз тараптын жетекчиси болуп саналган адам;

3) жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын жакын туугандары;

4) мамлекеттик органда (банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын кызматкерлерин кошпогондо), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген адам;

5) иш жана (же) башка адамдардын мүлкүн башкаруу боюнча иш жүргүзүүгө чектөөсү бар адам;

6) соттолгондугу (алына элек) адам;

7) дайындалган учурга чейин беш жылдын ичинде жекече ишкер катарында ишти жүзөгө ашырган жана банкрот деп табылган адам.

4. Администратор (атайын администратор, тышкы башкаруучу) банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган (эгерде банкроттук процесси сот тартибинде жүргүзүлсө), же кредиторлор чогулушу (соттон тышкаркы тартипте) тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда жана тартипте дайындалат, четтетилет жана бошотулат.

Кредиторлор чогулушу тарабынан (соттон тышкаркы тартипте) дайындалган администратор ушул Мыйзамда каралган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан өз милдеттерин аткаруудан четтетилиши мүмкүн.

Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администраторлорду дайындоонун тартиби (банкроттук процессин сот тартибинде жүргүзүүдө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Жобо менен белгиленет.

Убактылуу администраторду дайындоо, четтетүү, бошотуу (банкроттук процессин жүргүзүү тартибине карабастан) ушул Мыйзамда каралган тартипте сот тарабынан ишке ашырылат.

Администратор банкроттук процессинин жол-жоболорун жүргүзүү үчүн бир эле мезгилде төмөнкүдөй дайындалышы мүмкүн:

1) активдер менен камсыз кылынган экиден көп эмес чарбалык карыз тарап-субъекттерде;

2) сот тарабынан карыз тарап ордунда жок деп таанылган, ошондой эле эгерде карыз тараптын мүлкү карыз тараптын банкрот болушу жөнүндө иш боюнча сот чыгымдарын жабууга көз көрүнө мүмкүндүк бербесе же болбосо соңку он эки айдын ичинде анын эсеби боюнча операциялар жүргүзүлбөсө, анда бештен көп эмес чарбалык карыз тарап-субъекттерде.

5. Администратор өз иш процессинде мыйзамдын коргоосунда болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимдерде белгиленген укуктарга ээ болот жана жоопкерчилик тартат.

6. Атайын администраторду соттук эмес тартипте дайындоодо кредиторлордун ичинен кредиторлордун жыйналышында ыйгарым укук берилген адам кредиторлордун жыйналышынын атынан дайындалган администратор менен граждандык-укуктук келишим түзүүгө милдеттүү. Эгерде кредиторлор тарабынан башкача белгиленбесе, келишим түзүүнүн тартиби жана шарты кредиторлор чогулушунун макулдугу боюнча ыйгарым укук берилген адам тарабынан аныкталат.

7. Администратордун кандидатурасы кредитор (кредиторлор), карыз тарап, банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган администраторго карата ушул Мыйзамда коюлган талаптарды сактоо менен сунуш кылууга укуктуу. Бир нече талапкер болгон учурда администратор конкурстук негизде дайындалат. Конкурсту өткөрүү шарты, мөөнөтү жана тартиби ушул статьянын 4-пунктунда көрсөтүлгөн орган тарабынан аныкталат.

8. Администратор төмөнкүдөй учурларда өз милдетин банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган, кредиторлор чогулушу сот (убактылуу администраторду бошоткон учурда) тарабынан аткаруудан бошотулушу мүмкүн:

1) ыйгарым укуктарын ишке ашыруу мезгилинде администратордун лицензиясы белгиленген тартипте кайра алынган же аракеттер токтотулуп турган учурда;

2) администратор банкроттук процессинин жол-жоболорун жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда;

3) кылмыш иши боюнча администраторго карата соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

4) милдетин аткаруудан бошотуу жөнүндө администратордун арызы боюнча;

5) администратордун милдетин аткарууга (дайындоого) тоскоол болуучу кырдаал аныкталса же келип чыкса;

6) дайындалган администратор жүргүзө турган жол-жоболор белгиленген тартипте токтогондо (аяктаганда);

7) ушул Мыйзамдын 15-статьясынын талаптарына ылайык кабыл алынган кредиторлор чогулушунун чечими боюнча, администраторго кредиторлор чогулушу (комитет) тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөндү билдирүүнүн натыйжасында;

8) банкроттук процесси токтотулуп турганда.

8-1. Администратор төмөнкү учурларда өз милдеттерин аткаруудан четтетилиши (убактылуу бошотулушу) мүмкүн:

1) администраторго карата кылмыш иши козголгон учурда;

2) банкроттук процессин ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактабоо фактылары ашкереленген учурда;

3) сотко, банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга, кредиторлор чогулушуна маалымат бербегенде же анык эмес жана/же толук эмес маалымат бергенде;

4) администратор өз милдеттерин ишке ашырууга тоскоолдук кылган жагдайлар ашкереленгенде же пайда болгондо.

Администратор четтетилген учурда банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган, кредиторлор чогулушу администратор четтетилген мезгилге белгиленген тартипте жаңы администраторду дайындоого милдеттүү.

Ушул Мыйзам менен белгиленген сый акы четтетүү мезгилинде администраторго төлөнбөйт.

9. Бул Мыйзамда башкача каралбаса, бошотуу, четтетүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып бошотулган, четтетилген администратор:

1) жаңы дайындалган администратор өз милдетин аткарышына тоскоолдук кылбоого, имаратка, активдерге, банк эсептерине жана карыз тараптын документтерине кирүүсүн камсыз кылууга;

2) банкроттук боюнча башка ченемдик укук актыларда аныкталган тартипте сотко (кредиторлордун жыйналышына) өз иш-аракетинин натыйжалары жөнүндө отчет даярдоого жана берүүгө:

3) жаңы дайындалган администраторго карыз тараптын банкроттук процессине тиешеси бар бардык документтерди берүүгө, анын тизмеси банкроттук боюнча башка ченемдик укук актылар менен аныкталат;

4) зарыл болгон учурларда жаңы дайындалган администраторго карыз тараптын банкроттук процессине тиешелүү толук маалымат (оозеки же жазуу жүзүндө) берүүгө;

5) жаңы дайындалган администратор, карыз тараптын өкүлү, инвентаризациялык комиссиянын башка мүчөлөрү менен бирдикте карыз тараптын мүлкүн жана башка активдерин инвентаризациялоо жүргүзүүгө;

6) жаңыдан дайындалган администраторго карыз тараптын мөөрү менен штампын берүүгө;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарууга милдеттүү.

10. Бул Мыйзамда башкача каралбаса, бошотуу, четтетүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып администратор:

1) бошотуу, четтетүү жөнүндө чечимге сотко даттанууга;

2) ушул Мыйзамга ылайык аныкталган тартипте иш жүзүндөгү иштеген убагы жана аткарылган иштин көлөмү үчүн акчалай каражат алууга;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарды пайдаланууга милдеттүү.

11. Администратор (банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан дайындалган) өз милдеттерин аткарууда мыйзамдарга каршы иштерди жасаган учурда кызмат адамы катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-статья. Карыз тараптын төлөөгө жөндөмсүз фактысын белгилөө

1. Төмөндөгү шарттардын бири болгондо карыз тарап төлөөгө жөндөмсүз болуп эсептелет жана банкрот (кудуретсиз) деп жарыяланышы же табылышы мүмкүн:

1) анын тез өтүүчү (өтүмдүү) активдерине милдеттенмелерди өзүнө алуудан ашып кетүүнүн натыйжасында мыйзамда же келишимде белгиленген мөөнөттө толук көлөмдө акчалай милдеттенмелери боюнча өз кредиторлорунун негиздүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүздүгү;

2) анын тез өтүүчү (өтүмдүү) активдерине милдеттенмелерди өзүнө алуудан ашып кетүүнүн натыйжасында мыйзамда белгиленген мөөнөттө бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго төлөмдөрдү камсыз кылууга жөндөмсүздүгү;

3) банкроттук жөнүндө иштин маңызы боюнча сот тарабынан чечим чыгарылганга чейин карыз тараптын кредитордун талаптарын ушул Мыйзамдын 27-статьясында каралган тартипте канааттандырбоосу;

4) эгерде көзөмөлдөөнүн ыйгарымдуу органы карыз тараптын милдеттемелери анын активдеринен ашып кеткен фактыны белгилесе.

2. Карыз тараптын төлөө жөндөмсүздүгүнүн фактысы сот экспертизасынын корутундусунун, көз карандысыз аудиттин же карыз тараптын убактылуу администраторунун отчетунун жыйынтыктарынын негизинде соттун чечими менен (банкроттук процесси сот тартибинде жүргүзүлгөндө) же кредиторлордун жыйналышынын чечими менен (банкроттук процесси соттон тышкаркы тартипте жүргүзүлгөндө) белгиленет.

3. Ушул Мыйзамдын 9-1-статьясында белгиленген карыздын минималдуу өлчөмүнөн ашкан өлчөмдө карыз тараптын төлөө жөндөмсүздүгүн билдирген кредитордун алдында карыз тараптын акчалай милдеттенмеси болгондо гана аны банкрот (кудуретсиз) деп таануу (жарыялоо) үчүн жана ушул Мыйзамда каралаган жол-жоболорду колдонууга негиз болот. Акчалай милдеттенмелердин өлчөмү, эгерде сот актысы менен мыйзамдуу күчүнө киргендиги тастыкталса же анын банкроттуулугу жөнүндө иши соттун жыйналышында каралганда мындай моюнга алуунун тыянактарын түшүндүрүү менен карыз тарап кат жүзүндө макул болгондо белгиленди деп эсептелет.

4. Эгерде карыз тарап кредиторлордун талаптарына макул болбосо, ал эми акчалай милдеттенмелердин жана (же) милдеттүү төлөмдөрдүн өлчөмү мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысында белгиленбесе, мындай карыз тарап сот тарабынан карызды төлөөгө жөндөмсүз деп таанылбайт, ал эми анын банкроттуулугу жөнүндө иш өндүрүшү токтотулушу керек.

5. Анын карызды төлөөгө жөндөмсүздүгү жөнүндө жарыялаган кредитордун алдындагы карыз тарап же болбосо кайсы болбосун үчүнчү тарап акча милдеттенмелерин толук аткарганда сот иштин аныгы боюнча чечим кабыл алганга чейин, банкроттуулук жөнүндө иши боюнча соттун чечими күчүнө киргенге чейин банкроттуулук жөнүндө иш өндүрүшү ушул карыз тараптын банкроттуулугу жөнүндө сотко өз талаптарын койбогон карыз тараптын кредиторлордун алдында башка карыздары болгондугуна карабастан токтотулууга тийиш.

6. Карыз тарапты банкрот деп таануу (жарыялоо) жөнүндө арыздын кабыл алынышы жана карыз тараптын ишин кароо мөөнөтү, карыз тараптын дарегинин толук аталышы, кредиторлордун алдындагы бюджеттик жана бюджеттик эмес фондулардын алдындагы карыздары жөнүндө маалымат республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-1-статья. Карыз тарапка банкроттук процессин козгоо үчүн зарыл болгон карыздын минималдуу өлчөмү

1. Төлөөгө жөндөмсүз карыз тарапка карата банкроттук процессин козгоо үчүн карыздын төмөнкүдөй минималдуу өлчөмдөрүнүн болушу талап кылынат:

1) карыз тарапка коюлган бир же бир нече кредиторлордун талап кылган суммасы эсептешүү көрсөткүчүнүн 1000ден кем эмесин түзсө;

2) жеке ишкерди кошо алганда, кредитор - жеке адамдын карыз тарапка койгон талабы эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн кем эмес өлчөмүн түзсө;

3) (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Бул статьянын эрежеси карыз тараптын банкроттук процесси өзү козгошу үчүн колдонулбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2006-жылдын 27-январындагы № 30, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларыына ылайык)

9-2-статья. Карыз тарапка милдеттүү түрдө банкроттук процессин козгоо

1. Карыз тарап банкроттугун алдын ала билгенде, төмөнкүдөй кырдаалдардын бири пайда болгон учурдан тартып, бир айдан кечиктирбестен:

1) эгерде бир же бир нече кредиторлордун талаптарын канааттандыруу, акчалай милдеттенмелерин жана (же) бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фондуларды кошо алганда, башка кредиторлорго милдеттенмени толук аткарууга мүмкүн болбой калууга алып келсе;

2) эгерде карыз тарап акчалай милдеттенмелерди жана (же) бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фондуларга милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерди толук аткарууга жөндөмсүз болсо же ошондой абалга жете турган болсо;

3) карыз тараптын уюштуруу документтерине ылайык карыз тарапты жоюу жөнүндө чечим чыгарууга ыйгарым укуктуу орган тарабынан же карыз мамлекеттик ишкананын мүлкүнүн ыйгарым укуктуу катышуучу тарабынан банкрот катарында жоюу жөнүндө чечим кабыл алынса;

4) эгерде төлөөгө жөндөмсүз юридикалык жакты жоюуда кредиторлордун талаптарын толугу менен канааттандырууга мүмкүнчүлүгү жоктугу аныкталса;

5) ушул Мыйзамда каралган башка учурларда, соттук же соттон тышкаркы тартипте банкроттук процессин козгоого милдеттүү.

2. Карыз тарап ушул статьянын 1-пунктунун талаптарын аткарбаса, карыз тараптын катышуучулары, жетекчиси, жоюу комиссиясынын мүчөлөрү кредиторлордун алдында карыз тараптын милдеттенмеси боюнча субсидиялык жоопкерчилик тартышат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-статья. Кpедитоpлоp

1. Каpыз таpаптын милдеттенмелеpи боюнча кpедитоpлоpу болуп кыpгыз же чет элдик юpидикалык жактаp жана жеке адамдаp, ошондой эле ыйгаpым укуктуу оpгандары аpкылуу Кыpгыз Республикасы болушу мүмкүн.

2. Банкpоттук пpоцедуpасын колдонууда кpедитоpлоpдун баpдыгынын кызыкчылыгын кpедитоpлоpдун чогулушу жана ушул Мыйзамга ылайык уюштуpулуучу кpедитоpлоpдун комитети билдиpет.

3. Эгерде салык органына карата ушул Мыйзамда башкача каралбаса, Социалдык фонддун органы жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кредиторлор жөнүндө ченемдер колдонулат.

4. Карыз - юридикалык жактын катышуучусу карыз тараптын (уставдык капиталына алар кошкон салымды (мүчөлүк акыны) кайтарып берүү боюнча талаптарды кошпогондо) бул карыз тараптын кредиторлору болуп саналышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Кpедитоpлоpдун талаптаpынын куpамы

1. Ушул Мыйзамдын 9-1-статьясында каралган карыздын минималдуу өлчөмүн аныктоо үчүн Мыйзамда же келишимде аныкталган милдеттенмени аткарбагандыгы же милдеттенмелерди тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн төлөнүүгө тийиш болгон айып төлөмдөрдү (айып төлөмдөр, үстөктөр) эсепке албастан, акчалай милдеттенмелердин өлчөмү (милдеттенменин шарты боюнча эсептелген проценттерди кошкондо, карыздын негизги суммасы) эске алынат.

2. Ушул Мыйзамдын 9-1-статьясында каралган карыздын минималдуу өлчөмүн аныктоо үчүн Мыйзамда аныкталган финансылык (экономикалык) санкцияларды эсепке албаган милдеттүү төлөмдөрдүн өлчөмү эске алынат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана шарттарда тиешелүү деңгээлдеги бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга төлөнүүчү салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү салымдар милдеттүү төлөмдөр болуп эсептелет.

3. (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Эгерде карыз тарап кредиторлордун талаптарын талашса, акчалай милдеттенмелердин жана (же) милдеттүү төлөмдөрдүн өлчөмү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сот тарабынан аныкталат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-статья. Кредиторлордун чогулушу

1. Кредиторлор (алардын өкүлдөрү) добуш берүү укугу менен кредиторлордун чогулушунун катышуучулары, ал эми ушул Мыйзамда каралган учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик башка органдарда катышуучу болуп саналат.

2. Колдонулуучу банкроттуктун жол-жобосуна жараша кредиторлордун биринчи чогулушун уюштуруу жана өткөрүү кредитор, карыз тарап же администратор тарабынан ишке ашырылат.

Биринчи чогулуш өткөрүлгөндөн кийин кредиторлордун андан кийинки чогулуштарын чакыруу укугуна кредиторлор чогулушу (комитет), администратор, ушул Мыйзамда белгиленген учурда банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган ээ болушат.

3. Банкроттук боюнча ченемдик укук актыларда башкача каралбаса, кредиторлордун чогулушун чакыруучу жак (орган) кредиторлор чогулушун өткөргөн датага чейин он күн калганда республикалык газетанын бирине чогулушту чакыруу жөнүндө жарыя берүүгө жана эсептешүү көрсөткүчтөрү жүз же андан ашуун өлчөмүндө карызы бар ага белгилүү кредиторлорго чогулуш өтүүчү датага чейин он күн мурда заказдык кат жиберүү же код койдуруу менен өзүнө тапшыруу аркылуу кабарлоого милдеттүү. Мында кредиторлордун чогулушун тиешелүү түрдө чакыруу үчүн бир заказдык кат жиберүү жетиштүү.

Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан кредиторлор чогулушу чакырылган учурда, банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган кредиторлор чогулушу өткөрүлүүчү датага чейин беш күндөн кечиктирилбестен кредиторлор чогулушу чакырылгандыгы тууралу республикалык газетага бир жолу кулактандыруу жарыялоого, администраторго билдирүүгө жана эмгек акынын жүз же андан көп минималдуу ставкасы өлчөмүндөгү карызы бар ага белгилүү кредиторлорго кабарлоого милдеттүү.

4. Кредиторлордун чогулушу карыз тараптын карыздык милдеттенмелерине байланыштуу ушул Мыйзамга, соттун чечимине карама-каршы келбеген жана администратордун ишине тоскоолдук келтирбеген ар кандай чечимди кабыл алууга укуктуу.

5. Добуш берүү укугу менен кредиторлордун биринчи чогулушуна катышуу үчүн кредитор чогулуш башталганга чейин жети календарлык күн мурда, эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, аталган чогулушка демилге көтөргөн адамга же администраторго өз талабын (дооматын) берүүгө милдеттүү.

Талаптарды толтуруунун жана берүүнүн тартиби банкроттук боюнча Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актылары менен аныкталат. Дооматка кредитордун талаптарынын бар экендигин, өлчөмүн жана негиздүүлүгүн ырастаган документтер тиркелүүгө тийиш.

6. Добуш берүү укугу менен кредиторлордун чогулушуна катышуу үчүн жана добуш берүү максатында камсыз кылынган күрөө менен кредитор күрөө предметин баалоого (баалоо наркы) жана кредиторлордун биринчи чогулушунда аны жарыялоого тийиш.

Кредитордун күрөө менен камсыз кылынган добуш берүү укугу ага талаптын суммасы менен күрөө предметинин баалоо наркынын ортосундагы айырмачылык катарында аныкталат.

Күрөө менен камсыз кылынган кредитор өзүнүн камсыз болуу укугунан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда күрөө менен камсыз болгон кредитордун добуш берүү укугу анын талабынын наркы катарында аныкталат жана, ал чечим кабыл алуудан кийин баш тартууга укугу жок.

Администратор күрөө менен камсыз болгон кредитордон күрөө предметин баалоо наркы боюнча сатып алууга укуктуу.

7. Ушул Мыйзамда каралган учурларда, карыз тараптын банкроттук процессинде соттун катышуусу менен кабыл алынган кредиторлордун чогулушунун чечими сот тарабынан бекитилиши керек.

8. Кредиторлордун чогулушунун чечими протокол менен толтурулуп жана ага чогулуштун төрагасынын колу коюлушу керек.

9. Эгерде кредиторлордун чогулушу (комитет) тарабынан, ушул Мыйзам менен каралган учурда банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан башкача белгиленбесе, кредиторлордун чогулушу үч айда бир жолудан кем эмес карыз тарап турган (жашаган) жерде өткөрүлөт.

10. (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2006-жылдын 27-январындагы № 30, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-статья. Кредиторлор чогулушунун чечим кабыл алышы

1. Эгерде бул Мыйзамда башкача каралбаса:

1) кредитор (кредиторлордун комитети) тарабынан тиешелүү түрдө чакырылган кредиторлордун чогулушу, ага карыз тараптын жалпы суммасынын 51 жана андан ашуун процентине талапкер кредиторлор катышса, мыйзамдуу деп эсептелет;

2) карыз тарап же администратор тарабынан тиешелүү түрдө чакырылган кредиторлордун чогулушу, чогулушка катышкан кредиторлордун санына же алар талапкер болгон карыздын өлчөмүнө карабастан мыйзамдуу болуп саналат.

2. Эгерде карыз тараптын кредиторлорунун саны элүү адамдан ашпаса, анда чогулуштун төрагасы чогулушта кабыл алынган чечимди кредиторго чечим кабыл алынган күндөн тартып, үч күндүк мөөнөттө заказ кат менен кабарлоого же кол койдуруп, өзүнө тапшырууну камсыз кылууга милдеттүү. Бул мөөнөт карыз тараптын кредиторлорунун саны 50дөн ашса, кредиторлордун чогулушу менен узартылышы мүмкүн.

3. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, кредиторлордун биринчи же андан кийинки чогулушундагы бардык маселе боюнча чечими ага карыз тараптын карыздарынын суммасынын 51 же андан ашуун процентине (наркы боюнча көпчүлүгү) талапкерлер кредиторлордун чогулушунда ага добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. Чогулушка катышпагандардын карыздарынын суммасы мааниге ээ болбойт.

4. Эгерде карыз тарап же администратор тарабынан тиешелүү түрдө чакырылган чогулушка кредиторлордун эч кимиси катышпаса, анда банкроттук процессинин чыгымдарын азайтуу максатында, кредиторлор карыз тараптын же администратордун сунушуна макул болду деп, ал эми чогулуштун күн тартибинде көрсөтүлгөн маселелер кабыл алынды деп эсептелинет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Кpедитоpлоpдун комитети

1. Кредиторлордун чогулушу 3төн 7ге чейинки адамдан кредиторлор комитетин ар кандай мезгилде шайлоого укуктуу. Кредиторлор комитети кредиторлордун таламдарын жактайт жана ушул Мыйзамда каралган тартипте администратордун иш-аракетине контролдук кылат.

2. Жүктөлгөн милдеттеpин жүзөгө ашыpуу үчүн кpедитоpлоpдун комитети:

1) администpатоpдон каpыз таpаптын финансылык абалы жөнүндө маалыматты беpүүсүн талап кылууга;

2) банкроттук процессинин жүpүшү жөнүндө администpатоpдон маалымат берүүнү талап кылууга;

3) администpатоpго сунуштаpды беpүүгө;

4) ушул Мыйзамда каpалган таpтипте администpатоpго ишеним көpсөтпөө билдиpүүгө;

5) баpдык кpедитоpлоpго кат жүзүндө кабаpлоо жолу менен кpедитоpлоpдун чогулушун чакыpууга укуктуу.

Кpедитоpлоpдун чогулушу акыpкы кабаp жөнөтүлгөндөн кеминде 2 жумадан кийин өткөpүлүүгө тийиш. Администpатоp комитетке өзүнө белгилүү болгон баpдык кpедитоpлоp жөнүндө маалыматты беpүүгө милдеттүү.

3. Эгерде заседаниеге комитеттин бардык мүчөлөрү (же алардын өкүлдөрү) катышса, өздөрүнүн тиешелүү түрдө чакырылган заседаниелеринде кредиторлордун комитети кворумга ээ болот.

Кредиторлордун комитети чечимди комитеттин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алат. Добуштар бирдей болуп калган учурда, кредиторлор комитетинин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-статья. Администраторго ишеним көрсөтпөө

1. Банкроттук процессин өткөрүүнүн жүрүшүндө кредиторлордун чогулушу же комитети администраторго ишеним көрсөтпөөгө укуктуу.

2. Эгерде администраторго ишеним көрсөтпөө демилгеси кредиторлор комитетинен чыкса, анда ал кредиторлордун чогулушунун кароосуна ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени алып чыгууга милдеттүү.

3. Администраторго ишеним көрсөтпөө маселеси боюнча кредиторлордун чогулушун уюштуруу жана өткөрүү кредитор менен макулдашуу (талабы) боюнча кредитор (кредиторлор), кредиторлор комитети же администратор тарабынан ишке ашырылат.

4. Демилгечи - кредитор (кредиторлор), кредиторлор комитети же администратор демилгечи - кредитордун (кредиторлор) талабы боюнча эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн 100 же андан ашуун өлчөмүндө талабы бар, ага белгилүү бардык кредиторлорго чогулуш өткөн күнгө чейин он күн мурда заказ кат менен кабарды жөнөтүү, болбосо колуна тапшыруу аркылуу билдирүүгө милдеттүү.

5. Кредиторлордун тиешелүү түрдө чакырылган чогулушу ага чогулуш өткөрүлгөн датага карата карыз тараптын карыздарынын жалпы суммасынын 51 жана андан ашуун процентине талапкер болгон кредиттер катышканда укуктуу деп саналат. Добуш берүү укугу менен кредиторлордун чогулушунун катышуучусу кредиторлор (алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) болуп саналат.

6. Банкроттук процессин өткөрүүдө кредиторлордун чогулушунун чечими администраторго ишеним көрсөтпөө жана аны милдетин аткаруудан бошотуу, ошондой эле администратордун жаңы кандидатурасын бекитүү маселеси боюнча сот катышкан же катышпаган чечими ага катышкан кредиторлордун жалпы санынын көпчүлүгү, анын ичинде карыз тараптын карыздарынын суммасынын 75 же андан ашуун процентине талапкер кредиторлор добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. Чогулушка катышпагандарга эсептелген карыздардын суммасы мааниге ээ болбойт.

7. Кредиторлор чогулушунун чечими протокол менен толтурулуп, ага чогулуштун төрагасы кол коет.

8. Сот катышкан, ошондой эле катышпаган кредиторлордун чогулушунда кабыл алынган чечим жөнүндө администратор, ошондой эле чогулушка катышпаган кредиторлор чогулуш өткөн датадан кийин үч күндөн кечиктирбестен, заказдык кат аркылуу же колуна тапшыруу менен кабарланууга милдеттүү.

9. Банкроттук процесси сот тартибинде жүргүзүлгөн учурда администраторду бошотуу жөнүндө кредиторлор чогулушунун чечими банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүгө тийиш. Жаңы администраторду дайындоо ушул Мыйзамдын 8-статьясында каралган тартипте ишке ашырылат.

Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган бардык кредиторлордун кызыкчылыгын, ошондой эле ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо шарты менен кредиторлор чогулушунун чечимин бекитүүгө укуктуу.

Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын чечими ал кабыл алынгандан тартып он күндүн ичинде сотто даттанылууга мүмкүн. Арыз же даттануу Мыйзамда белгиленген тартипте банкроттук процессинин чегинде каралат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2006-жылдын 27-январындагы № 30, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-статья. Төлөөгө кудуреттүү юридикалык жакты жоюу

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясынын 2-пунктунда каралган негиздер боюнча төлөөгө кудуреттүү юридикалык жакты жоюу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-99-статьясынын талаптарына ылайык ишке ашырылат.

2. Эгерде жоюу процессинде жоюу комиссиясы, катышуучулар, жоюуга ыйгарым укуктуу орган же жетекчиси тарабынан анын уюштуруу документтеринде кредиторлордун талаптарын толук канааттандырууга жетпеген акча каражаты жана мүлк бар экендиги аныкталса, анда юридикалык жак, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жоюлууга тийиш.

3. Сот катышкан же катышпаган тартипте, банкрот катарында юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим уюштуруу документтерине ылайык аны карыл алууга ыйгарым укуктуу орган же карыз тараптын катышуучусу аркылуу кабыл алынат. Көрсөтүлгөн чечим кабыл алынын жана жоюу комиссиясы тарабынан өз иши тууралу отчет берилгенден кийин жоюу комиссиясынын ыйгарым укугу токтотулат.

4. Ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн чечимди кабыл албоо, кредиторлордун алдында карыз тараптын милдеттенмеси боюнча жоюу комиссиясынын мүчөлөрүнүн, карыз тараптын катышуучуларынын, жетекчисинин субсидиардык жоопкерчилик тартышына алып келет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

17-статья. Банкpоттук жөнүндө иштеp боюнча Мамлекеттик оpган

1. Банкpоттуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик саясатты жүpгүзүү, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык банкpоттук пpоцессин жүзөгө ашыpуунун шаpттаpын камсыз кылуу Банкpоттук жөнүндө иштеp боюнча мамлекеттик оpган таpабынан ишке ашыpылат.

Банкpоттук жөнүндө иштеp боюнча мамлекеттик оpган жөнүндө жобо Кыpгыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Банкpоттук жөнүндө иштеp боюнча мамлекеттик оpган:

1) банкpоттук пpоцессинде администpатоp катаpы кесиптик ишмеpдүүлүктү жүзөгө ашыpып жаткан адамдаpга коюлуучу талаптаpды бекитет;

2. банкpоттук пpоцессинде граждандардын администpатоpлоp катаpы ишмеpдүүлүгүн лицензиялоону өткөpөт жана мындай лицензиялаpды кайpа чакыpып алууну жана токтотууну жүзөгө ашыpат;

3) администpатоpлоpду даяpдоо тутумун уюштуpат;

4) оpдунда жок каpыз таpаптын банкpоттугун ишке ашыpууну камсыз кылат;

5) төлөөгө жөндөмсүз иpи, экономикалык же социалдык жактан маанилүү юpидикалык жактаpды эсепке алат жана талдоо жүpгүзөт; мындай юpидикалык жактаpды финансылык жактан жакшыpтуу боюнча Кыpгыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш беpет;

6) соттун, пpокуpатуpанын же башка ыйгаpым укуктуу оpгандын суpоосу боюнча төлөөгө жөндөмсүздүктүн белгилеpинин болушу, ошондой эле жалган же атайын банкpоттуктун болушу жөнүндө корутунду даяpдайт;

7) эгерде ушул Мыйзам менен башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мамлекет кредитор болуп эсептелген карыз тараптарга карата банкроттук процессинин жол-жоболорун козгоо маселелеринде мамлекеттин бирден-бир өкүлү болуп саналат;

8) кредитордун өтүнүчү боюнча карыз тараптын банкроттук процессин козгоого укуктуу, эгерде ушул кредитор өз атынан банкроттук процессин козгоо үчүн каражаттарга же билимге ээ болбосо;

9) банкроттук процессинде администраторлордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруусун контролдоону жүзөгө ашырат;

10) администраторлордун отчеттук маалыматтарын чогултат жана ага талаптарды бекитет;

11) банкроттук процессин сот тартибинде жүргүзүүдө администраторду (атайын администраторду, тышкы башкаруучуну) дайындайт, четтетет жана бошотот;

12) администраторлордун отчеттору боюнча корутундуну сотко берет (банкроттук процессин сот тартибинде жүргүзүүдө)

13) ага мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылаp таpабынан беpилген башка ыйгаpым укуктаpын жүзөгө ашыpат.

3. (Биринчи абзац КР 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Банкроттук (кудуретсиздик) жана аны алдын алуу маселелерин козгоочу ченемдик укуктук актылар банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган менен сөзсүз түрдө макулдашылууга тийиш.

4. Банкpоттук жөнүндө иштеp боюнча мамлекеттик оpган аймактык оpгандаpды уюштуpат, алаpдын ыйгаpым укуктаpы банкpоттук жөнүндөгү иштеp боюнча Мамлекеттик оpгандын компетенциясынын чектеpинде белгиленет.

5. Жок болгон карыз тарапка карата банкроттук процессин камсыз кылуу тууралу ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу жана администраторлордун иш-аракетинин кошумча кепилдиктерин түзүү максатында банкроттук тууралу иштер боюнча мамлекеттик орган адистештирилген фонд түзүүгө укуктуу. Банкроттук тууралу иштер боюнча мамлекеттик органдын алдындагы адистештирилген фонд тууралу Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

18-статья. Банкроттук процесси учурундагы укукка жат аракеттер

1. Банкроттук процессинде аткарылган иш-аракеттер мыйзамга ылайыксыз деп эсептелет, эгерде алар кайсы гана жак болбосун, анын ичинде мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 1-пунктунда каралган окуялардын бири башталгандан кийин жасалса, же ушул иш-аракеттерди жасаган жак, ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1- жана 2-пункттарына ылайык карыз тараптын төлөөгө кудуретсиз экендигин билсе. Төмөндөгүлөр:

1) жалган банкроттук процессин козгоо;

2) мүлктү мыйзамга ылайыксыз жашыруу, камакка алуу, тартып алуу, ээлеп алуу, чыгарып таштоо, бирөөгө берүү же карыз тараптын карыздарын жашыруу, анын ичинде банкроттук процесси башталгандан кийин;

3) жазууларды жашыруу, жок кылуу, бурмалоо же карыз тарапка тийиштүү документтерге жалган жазууларды киргизүү;

4) митаамчылык менен карыз тарапка талап коюу;

5) кредитке алынган же төлөнбөгөн болбосо башка жакка берилген күрөө предмети болуп эсептелген карыз тараптын мүлкүн күрөөгө берүү же сатуу жана мындай күрөөнүн шарттары кайрадан күрөөгө берүүгө же күрөөгө коюлган мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салат;

6) акча каражаттарын, активдерди, компенсацияларды берүү, сунуш кылуу, алуу, ошону менен катар бардык артыкчылыктарга ээ болууга же банкроттук процессинде кандайдыр-бир иш-аракетти жасоого же жасабоого сөз берүүдөн пайда табууга аракет кылуу;

7) карыз тарап, анын карыздары менен карыз милдеттенмелери тууралу башка маалыматтын же мүлктүн табылуу жана кайтарылып берүү ишинде администратор менен кызматташуудан баш тартуу болбосо администраторго жалган маалымат берүү;

8) карыз тараптын активдеринин түз жана кыйыр администратордун өз менчигине алынышы;

9) банкроттук процессине тийиштүү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен орнотулган тартипте өз иш-аракетин токтоткон карыз тараптын аталышын же товардык белгисин коммерциялык максаттарда колдонуу:

10) карыз тараптын төлөөгө кудуретсиздигин алдын-ала ниеттенүү менен түзүү же күчөтүү, ээ кызыкчылыгында же башка жактардын кызыкчылыктарында карыз тарапка зыян келтирүү;

11) администраторго өз милдеттерин аткарууда тоскоол кылуу;

12) администратордун мыйзамга ылайык талаптарын аткарбоо;

13) карыз тараптын мүлкү кимге, качан жана кандай таризде берилгендиги тууралу маалыматтарды соттон же администратордон жашыруу;

14) ушул Мыйзамдын 67-статьясында каралган бүтүмдөрдү жасагандыгы тууралу маалыматтарды карыз тараптын соттон же администратордон жашырышы;

15) алдын-ала ниеттенген же жалган банкроттук түшүнүгүнө дал келген иш-аракеттер;

16) башка кредиторлорго зыян келтирип өз талаптарын мыйзамга ылайыксыз каалаганындай канааттандырган учурда кредитордун карыз тараптан мүлк же акча алышы, ушундай аракеттерге таандык кылынат;

17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу.

2. Ушул статьяда каралган мыйзамга ылайыксыз иш-аракеттерди жасаган жактар. Кыргыз Республикасынын кылмыш, административдик жана граждандык мыйзамына ылайык жоопко тартылат.

3. Ушул статья бул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда аталган жактарга карата колдонулбайт, эгерде бул жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнө берилген укуктарды жүргүзсө.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

19-статья. Жалган жана билип туруп жасалган банкpоттук

1. Эгеpде кpедитоpлоpдун талаптаpын толук көлөмдө канааттандыpууга мүмкүндүгү болуп туpуп юpидикалык жак же жеке ишкеp адам кpедитоpлорду алдоо, кpедитоpлоpго төлөнүүгө тийиш болгон төлөөлөpдүн мөөнөтүн узартуу же кийинкиге калтыруу же беpеселеpден жеңилдик алуу максатында атайылап жалган түрдө банкроттук процессин козгосо жана банкрот деп табылса (жарыяланса), кpедитоpлоp каpыз таpаптан ушунун натыйжасында келтирилген зыяндаpдын оpдун толтуpууну жана күнөөлүү адамдаpды мыйзамда белгиленген таpтипте жоопко таpтууну талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде банкроттук карыз тараптын жетекчисинин (анын катышуучунун же жеке ишкердин) жеке кызыкчылыгы же башка адамдардын кызыкчылыгы үчүн (билип туруп жасалган банкроттук) төлөөгө жөндөмсүздүктү атайылап түзүү же көбөйтүү боюнча аракетинен (аракетсиздигинен) улам келип чыкса, кредиторлор күнөөлүү адамдардан ушуну менен келтирилген зыяндардын ордун толтурууну жана күнөөлүү адамдарды мыйзамда белгиленген тартипте башка жоопкерчиликке тартууну талап кылууга укуктуу.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Чечимдин жаpаксыздыгы

Кредиторлордун чогулушу, кредиторлордун комитети, убактылуу администратор, тышкы башкаруучу, атайын администратор, ошондой эле карыз тарап же анын катышуучулары мыйзамдын талаптарына карама-каршы келген же кредиторлордун укугуна шек келтирген чечимдерди кабыл алууга укуксуз, ал эми кабыл алынган мындай чечимдер ушул Мыйзамдын 27-31-статьяларында каралган тартипте сот тарабынан жараксыз деп таанылат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-статья. Банкроттук процессин козгоо же баштоо тобокели болгондо карыз тараптардын активдерин колдонуу

1. Ушул статьянын жоболору төмөнкү окуялардын бири башталганда:

1) карыз тараптын катышуучуларынын же жетекчилеринин өздөрүнүн бардык кредиторлоруна кандайдыр-бир ыкма менен карыз тараптын төлөөгө жөндөмсүздүгү (төлөөгө кудуретсиздиги) тууралу билдирүүсү;

2) карыз тараптын кредиторлордун чогулушун чакырышы же анын кредиторлорунун банкроттук процессин козгоо тууралу биринчи кулактандырууну газетада жарыялаганда;

3) соттун карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды алышы;

4) ушул Мыйзамга ылайык банкроттук процесси башталганда;

5) карыз тараптын банкроттук процессинде төлөөгө жөндөмдүү юридикалык жакты жоюу жөнүндө мүлктүн ээси болгон юридикалык жактын уюштуруу документтери же чечим менен ушуга ыйгарым укуктуу катышуучулардын же органдын чечим кабыл алганда колдонулат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган окуялардын бири башталгандан кийин карыз тараптын катышуучусу башталгыч капиталдан өз үлүшүн (салымын) алууга (акчалай же натуралай түрүндө) же/жана башкача ыкма менен бул салымды (үлүштү) алууга укуктуу эмес.

3. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган окуялардын бири башталгандан кийин эч кандай жак же мамлекеттик орган (анын ичинде кредитор дагы) карыз тараптын эч кандай мүлкүн басып алышы, камакта кармашы, тартып алышы же ээлеп алышы, анын ичинде банктагы счетторуна ээлик кылышы мүмкүн эмес, ал эми карыз тараптын катышуучулары же жетекчилери болбосо жекече ишмер, төмөнкү органдардан же жактардан тышкары же алардын макулдугу менен, карыз тараптын активдерин колдонууга же милдеттерин төмөнкүлөрдүн:

1) соттун;

2) администратордун;

3) кредиторлордун чогулушунун (эгерде администратор дайындалбаса), макулдугусуз өз эрки менен аткарууга (өзүнө алууга) укуктуу эмес.

4. Эгерде сот же администратор тыюу салбаса, карыз тарап, ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн органдар жана жактар менен макулдашпастан төмөнкү төлөөлөрдү жүргүзүүгө укуктуу:

1) штаттык расписаниеде көрсөтүлгөн өлчөмгө ылайык жумушчуларга (мында бир эле учурда карыз тараптын катышуучулары болгон жумушчулар эске алынбайт) ай сайын айлык акы төлөө;

2) карыз тараптын өндүрүштүк ишмердигин (газ, телефон, коммуналдык жактан тейлөөлөр, электр энергиясы же өндүрүштө колдонулуучу суроо-талап берилген материалдарды алып келүү) камсыз кылуу үчүн кезектеги чыгымдар, мында ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардын бири башталганга чейин жасалган чыгымды төлөө эске алынбайт;

Ушул пункттун аткарылышы үчүн керектүү эрежелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган банкроттук боюнча башка ченемдик укук актылар менен аныкталат.

5. Карыз тарап ушул статьяга ылайыксыз колдонгон карыз тараптын бардык активдери администратор тарабынан ынтасы жок үчүнчү жактардан суратып алынат.

Карыз тараптын активдерин мыйзамга ылайыксыз басып алышкан, камакка алышкан, тартып алышкан же ээлеп алышкан кредиторлор же башка жактар (органдар) соттун, администратордун, карыз тараптын талабы боюнча карыз тарапка активдерди жана аларды контролдоону кайтарып берүүгө тийиш. Бул учурда активди кайтарууну талап кылып жаткан жак же орган мындай кредитор же башка жактар менен органдар ынтасыз иштеди деп далилдөөгө милдеттүү эмес.

Ынтасыз кредиторлор, жактар же органдар активдерди кайтарууга же алардын наркын администраторго төлөп берүүгө милдеттүү.

6. Сот активдерди (болбосо алардын наркын) үчүнчү жактарга кайтарып берүү тууралу чечимди кабыл алат, эгерде алар активдерди акылга сыярлык наркта (базар наркында) алышкандыгын жана ушул статьянын 1-пунктунда каралган окуялардын башталгандыгы тууралу билишпегенин далилдей алышса.

7. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган окуялардын бири башталгандан кийин карыз тараптын активдерин мыйзамга ылайыксыз колдонушкан, карыз тараптын активдерин басып алышкан, камакка алышкан жана тартып алышкан жактар кредиторлордун жоготууларынын ордун толтурууга милдеттүү, ошондой эле ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык жоопкерчиликтүү болушат.

8. Карыз тараптын активдери кредитке берилиши мүмкүн эмес.

Карыз тараптын активдери кредиторлордун чогулушунун макулдугу менен банкроттук процессинин жол-жоболорун өткөрүү мөөнөтүнүн чегинде (соттук эмес тартипте) же сот тарабынан (соттук тартипте) мөөнөтү узартылып сатылышы мүмкүн. Сатып алуучу активдердин толук сатып алуу наркын белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда мөөнөтүн узартууга киргизилген акча каражаттары кайтарып берилбейт.

9. Ушул статьянын жоболору төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) күрөө менен камсыз кылынган кредитордун күрөөнү төлөтүп алуу укугуна, эгерде күрөө юридикалык күчкө ээ болсо жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 102-статьясынын жана ушул Мыйзамдын 76-статьясынын талаптарын эске алуу менен ушул статьянын 1-пунктунда каралган учурлардын бири башталганга чейин докумекттештирилсе;

2) мүлктүн катышуучунун же катышуучу (ээлик кылууга же колдонууга берүү тууралу макулдашуунун негизинде) карыз тарапка мүлктү берүү укугун берген башка жактын укуктарына. Макулдашууда каралган шарттардын келип чыгышында катышуучу же ушул мүлккө укуктуу башка жак карыз тараптан бул мүлктү кайрадан суратып алууга укуктуу.

10. Карыз тарапты банкрот деп таануудан баш тартуу тууралу соттун чечими күчүнө киргенден кийин же кредиторлордун чогулушу сотсуз тартипте карыз тараптын банкроттук процессин баштабоо тууралу чечимди кабыл алган учурдан тартып ушул статьянын жоболору колдонулбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

22-статья. Карыз тарапты банкрот деп таануунун (жарыялоонун) кесепеттери

1. Карыз тарапты сот же соттон тышкаркы тартипте банкрот деп табуу (жарыялоо) жөнүндө чечим кабыл алынгандан тартып:

1) карыз тараптын бардык карыз милдеттенмелерин төлөө мөөнөттөрү башталды деп эсептелет, эгерде алар мурда башталбаса;

2) карыз тараптын бардык карыз милдеттенмелери боюнча айып төлөмдөрдү (айыптарды, туум-айыптарды) жана пайыздарды эсептөө токтотулат;

3) банкроттук процесси башталганда эсептелген айып төлөмдөрдү (айып, туум-айып) жана пайыздар, ушул Мыйзамга ылайык төлөнүүгө жатат;

4) карыз тараптын финансылык абалы тууралу маалыматтар жашыруун мүнөздөгү болбосо, коммерциялык жашыруун сыр болуп эсептелген маалыматтардын катарына кириши токтотулбайт, банктык сырды түзүүчү маалыматтарды кошпогондо;

5) карыз тараптын мүлкүн ээликтен ажыратууга байланышкан, болбосо анын мүлкүн үчүнчү жакка берүүгө алып келүүчү бүтүмдөрдү, ушул Мыйзам менен орнотулган тартипте гана жасоого жол берилет;

6) карыз тараптын карыздарын төлөө боюнча соттук жана башка чечимдерди аткарууга жана анын активдерин камакка алууга, ошондой эле карыз тараптын милдеттенмелерин аткарууга мажбур кылууга багытталган иш-аракеттер токтотулат;

7) банкроттук процессинин чегинде гана карыз тарапка мүлктүк мүнөздөгү бардык талаптар коюлушу мүмкүн;

8) күрөө менен камсыз болгон кредитор, ушул Мыйзамга ылайык администраторго өз талабын коюуга жана талаптарынан канааттандыруу алууга укуктуу.

2. Эгерде кредиторлор менен макулдашууда башкача айтылбаса, карыз тарап кредиторлор менен биргелешкен чечим боюнча өзүнүн банкроттугу тууралу жарыялоодо ушул статьянын 1-пунктунун эрежелери колдонулат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

23-статья. Юридикалык жактарды жана жекече ишкерлерди, баалуу кагаздар эмиссиясын мамлекеттик каттоо, каттоону жүргүзүүчү мамлекеттик органга, ошондой эле банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга маалымдоо

1. Мамлекеттик реестрге тийиштүү жазууларды киргизүү үчүн администратор дайындалгандан тартып үч күндүк мөөнөттө юридикалык жактарды жана жекече ишкерлерди, баалуу кагаздар эмиссиясын мамлекеттик каттоо, каттоочу мамлекеттик органдарга, ошондой эле банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү. Билдирүү төмөнкү учурларда:

1) жүргүзүлгөн жол-жобону жана администратор тууралу маалыматтарды көрсөтүү менен карыз тарапты банкрот деп таанууда (жарыялоодо) жана банкроттук процесси башталганда;

2) жүргүзүлүп жаткан банкроттук процессинин жол-жобосун башка жол-жобого айландырууда;

3) банкроттук процессинде жүргүзүлгөн жол-жоболорду аяктаганда;

4) банкроттук процесси аяктаганда жиберилет.

2. Банкроттук процесси аяктаган учурда мамлекеттик реестрде карыз тараптын банкроттугу тууралу жазуу жок кылынат.

3. Юридикалык жактын карыз тарабын жоюу менен банкроттук процессин аяктоо учурунда бул карыз тарап реестрден алынып ташталат жана анын иш-аракети токтотулат.

4. Жекече ишкер сот тарабынан банкрот деп таанылган учурдан тартып жекече ишкер катары анын катталышынын күчү жоголот.

5. Юридикалык жактарды жана жекече ишкерлерди каттоону жүргүзүүчү мамлекеттик органдын ушул статьяда аталган иш-аракеттери администратордун тийиштүү билдирүүсү алынган күндөн тартып жети күндүн ичинде жасалууга тийиш.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2005-жылдын 10-августундагы № 146, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

24-статья. Карыз тараптын төлөөгө кудуреттүү деп таанылышы

1. Ушул Мыйзамда каралган тартипте кредиторлордун талаптары боюнча төлөөлөрдү толугу менен аткарган карыз тарап сот же администратор тарабынан (сотсуз тартиптеги банкроттук процесси учурунда) төлөөгө кудуреттүү деп таанылат. Карыз тарап-юридикалык жак өз катышуучуларынын же мүлк ээлеринин макулдугу менен газ иш-аракетин улантууга укуктуу.

2. Ушул Мыйзамдын 10-статьясынын 4-пунктунда каралгандан башка учурларда, ушул статьянын 1-пунктунда каралган кредиторлордун талаптарына карыз тараптын катышуучуларынын талаптары таандык кылынбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-статья. Банкроттоо процесси аяктагандан кийин документтердин сакталышы

Банкроттоо процессинин учурунда пайда болгон документтер банкроттоо процесси аяктагандан кийин сактоо үчүн банкроттоо иштери боюнча мамлекеттик органга жиберилет. Карыз тараптын ишинин жүрүшүндө пайда болгон же ага башка мыйзамдуу жол менен келип түшкөн документтер укук мураскоруна өткөрүп берилет. Укук мураскору жок болгондо, документтер мыйзамга ылайык улуттук архив фондуна өткөрүп берилүүгө тийиш.

(КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 132, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

26-статья. Банкроттук процессин кайтадан баштоо

Ушул Мыйзамдын 27-2-статьясында көрсөтүлгөн жактар банкроттук процесси аяктагандан кийин үч жылдын ичинде карыз тараптын катышуучулары же жетекчилери тарабынан жашырылган активдер табылган учурда банкроттук тууралу ишти кайтадан баштоо үчүн сотко кайрыла алышат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-1-ГЛАВА
БАНКРОТТУК ТУУРАЛУУ ИШТЕРДИ СОТТО ТЕКШЕРҮҮ

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-статья. Сот тарабынан иштердин каралышы

1. Банкроттук тууралу иштер өзгөчө өндүрүштөгү иштер болуп саналат.

2. Банкроттук жөнүндө иштер ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул главада каралган эрежелер боюнча сот тарабынан каралат.

3. Бул главада аткаруу тартиби белгиленбеген процессуалдык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

4. Банкроттук тууралу иштер бейтарап сотко кароого бирилиши мүмкүн эмес.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

271-статья. Банкроттук тууралу иштердин сотко караштуулугу

1. Банкроттук тууралу иштер карыз тараптын турган жери (жашаган жери) боюнча сотто каралат.

11. Банкроттук жол-жобону жүргүзүүнүн жүрүшүндө кредитор администратордун чечимине даттануу менен сотко кайрылууга же Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексине ылайык соттун чечимине даттанууга укуктуу.

12. Администратордун чечимине даттануу, эгерде буга чейин ушул даттануу администраторго жиберилсе, сот тарабынан каралат.

2. Турган жери (жашаган жери) белгисиз болгон карыз тарапка жазылган арыз, анын мүлкү жайгашкан орду боюнча же Кыргыз Республикасында анын акыркы жолу белгилүү болгон турган жери (жашаган жери) боюнча сотко берилет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2017-жылдын 12-майындагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-2-статья. Сотко кайрылуу укугу

1. Карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу:

1) карыз тарап;

2) кредитор же кредиторлор;

3) ушул Мыйзамда каралган учурларда банкроттук тууралу иштер боюнча Мамлекеттик орган;

4) (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) ушул Мыйзамда каралган учурларда башка жактар арыз менен сотко кайрылуу укугуна ээ болот.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар, карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө арыз менен акчалай милдеттенмелердин өлчөмү мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларында белгиленген талаштарды сотко чейин жөндөө (доомат) арыздары менен сотко кайрылуу укугуна ээ. Башка учурларда карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө арызды берүү үчүн талашты сотко чейин жөндөө (доомат) жол-жоболорун сактоо талап кылынат, ал сотко кайрылуу убактысына 15 календардык күнгө чейин карыз тарапка дооматты артуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-3-статья. Банкроттук тууралу иште катышуучу жактар

1. Төмөндөгүлөр:

1) арыз берүүчү;

2) карыз тарап;

3) кредитор же кредиторлор банкроттук тууралу иште катышуучу жактар болуп эсептелет;

4) таламдаш жактар (акционерлер, катышуучулар, пайчылар) банкроттук тууралу иште катышуучу жактар болуп эсептелет.

2. Банкроттук тууралу иште катышуучу жактар, ушул Мыйзам менен жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси менен каралган процессуалдык укуктарга ээ жана милдеттерди аткарышат. Мында арыз берүүчү доочуга карата, ал эми карыз тарап жооп берүүчүгө карата Жарандык процесстик кодексте каралган укуктарга ээ жана милдеттерди аткарат.

3. Сот карыз тараптын кредиторлорунун өтүнүч каттарына тийиштүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алганга чейин аларды иште катышып жаткан жактар катары тартууга милдеттүү.

4. Банкроттук тууралу иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси менен каралган үчүнчү жактар (өз алдынча талаптарды билдирүүчүлөр же билдирбөөчүлөр) жөнүндөгү эрежелер, ошондой эле ылайыксыз тарапты алмаштыруу тууралу эрежелер колдонулбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-4-статья. Сот процессте катышуучу жактар

1. Банкроттук тууралу иш боюнча иште, соттук процессте катышкан жактардан тышкары администратор, эксперттер, котормочулар, күбөлөр, ал эми ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда башка жактар катыша алышат.

2. Банкроттук тууралу соттук процессте катышкан жактар ушул

Мыйзам менен жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси менен каралган процессуалдык укуктарга ээ жана милдеттерди аткарышат.

3. Банкроттук тууралу ишти кароодо келип чыккан атайын билимди талап кылган маселелерди талкуулоодо сот иште катышкан жактын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертиза дайындоого укуктуу. Экспертизага байланышкан чыгымдар банкроттук процессинин чыгымдары болуп эсептелет.

4. Күбө катары ага сот тарабынан банкроттук тууралу иштин туура чечилиши үчүн мааниге ээ болгон маалыматтар менен шарттар белгилүү болгон бардык жак, анын ичинде катышуучулар, кызматчы жактар жана карыз тараптын жумушчулары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, башка уюмдардын ж.б. өкүлдөрү эсептелиши мүмкүн.

Күбөнү чакыруу тууралу өтүнүч катты жазган жак иш үчүн мааниге ээ болгон кайсы шарттарды күбө ырастай ала тургандыгын көрсөтүүгө жана сотко анын атын, фамилиясын жана жашаган (иштеген) жерин билдирүүгө милдеттүү.

5. Күбөлөр катары төмөнкүлөр чакырылышы жана суракка алынышы мүмкүн эмес:

1) граждандык иш боюнча өкүлдөр же кылмыш иши боюнча жактоочулар - өкүлдүн же жактоочунун милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон шарттар тууралу;

2) дене кемчилдиги же аң сезиминин жетишсиздиги үчүн фактыларды туура кабыл алууга же алар тууралу туура көрсөтүү берүүгө жөндөмсүз жактар.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-5-статья. Иш өндүрүшүн козгоонун негизи

1. Банкроттук тууралу иш өндүрүшү ушул Мыйзамдан 27-2-статьясына ылайык сотко кайрылууга укуктуу болгон жактын карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызынын негизинде сот тарабынан козголот.

2. Сотко арыз ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык берилет.

3. Карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арыз берүүдө, арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ставка боюнча мамлекеттик алым төлөйт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-6-статья. Карыз тараптын арызы

1. Карыз тарап - юридикалык жак, эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, карыз тараптын уюштуруучу документтерине ылайык карыз тарапты жоюу тууралу чечим кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу болгон органдын чечиминин же мамлекеттик ишкананын карыз тарабынын мүлкүнүн катышуучу тарабынан ыйгарым укуктуу болгон органдын чечиминин негизинде өзүн банкрот деп таануу тууралу арыз менен сотко кайрылат.

2. Өзүн банкрот деп таануу тууралу карыз тараптын арызы сотко жазуу жүзүндө тексти машинкага басылган түрдө берилет. Арызга карыз тарап, жекече ишкер же карыз тарап - юридикалык жактын жетекчиси же анын ордундагы башка жак кол коюшат.

3. Карыз тараптын арызында:

1) арыз берилүүчү соттун аталышы;

2) карыз тараптын аталышы (аты-жөнү), анын почталык дареги;

3) карыз тарапка белгилүү бардык кредиторлор: анын ичинде күрөө менен камсыз кылынгандар жана алардын талаптарынын суммалары;

4) аны банкрот деп таануу жана банкроттук процессинин жол-жобосун дайындоо (атайын администрациялоо, тазалоо, калыбына келтирүү тууралу өтүнүч;

5) карыз тараптын активдеринин божомолдонгон наркы тууралу маалыматтар;

6) карыз тарап банкроттук тууралу ишти туура чечүү үчүн керектүү ден эсептеген маалыматтар, ошондой эле карыз тарапта бар болгон өтүнүч каттар;

7) тиркелген документтердин тизмеси көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Карыз тараптын өзүн банкрот деп таануу тууралу арыз бериши үчүн ушул Мыйзамдын 9-1-статьясында аныкталган карыздын эң төмөнкү суммасы тууралу талап колдонулбайт.

5. Карыз тараптын арыздын көчүрмөлөрү менен ага тиркелген документтердин кредиторлорго жөнөтүшү талап кылынбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-7-статья. Карыз тараптын арызына тиркелген документтер

Карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу карыз тараптын арызына:

1) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;

2) юридикалык жак же жекече ишкер катары мамлекеттик каттоо тууралу күбөлүктүн көчүрмөсү;

3) акыркы отчеттук күндөгү бухгалтердик баланс же анын ордун алмаштыруучу документтер;

4) аны банкрот деп таануу тууралу арыз менен карыз тараптын сотко кайрылышы тууралу карыз тараптын - мамлекеттик ишкананын же карыз тараптын катышуучуларынын - юридикалык жактын мүлкүнүн катышуучусунун чечими;

5) карыздын бар экендигин, ошондой эле карыз тараптын кредиторлордун талабын толугу менен канааттандырууга мүмкүнсүздүгүн ырастоочу документтер;

6) орнотулган тартипте жана өлчөмдө мамлекеттик алымды жана почталык чыгымдарды төлөөнү ырастоочу документтер, тиркелет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

278-статья. Кредитордун арызы

1. Кредитордун арызы сотко жазуу жүзүндө тексти машинкага басылган түрдө берилет. Кредитор - юридикалык жактын арызына анын жетекчиси же өкүлү, ал эми кредитор - граждандын арызына ушул граждан же анын өкүлү кол коюшат.

2. Арызда:

1) арыз берилүүчү соттун аталышы;

2) карыз тараптын аталышы (аты-жөнү) жана анын почталык дареги;

3) арыз берүүчүнүн аталышы (аты-жөнү) жана анын почталык дареги;

4) төлөнүүгө тийиш болгон пайыздарды жана айып төлөмдөрдү (айыптарды, туума айыптарды) көрсөтүү менен карыз тарапка кредитордун талабынын өлчөмү;

5) андан талап келип чыккан карыз тараптын кредитордун алдындагы милдеттенмеси, ошондой эле анын аткаруу мөөнөтү;

6) карыз тарапты банкрот деп таануу жана банкроттук процессинин жол-жобосун дайындоо (атайын администрациялоо, тазалоо, калыбына келтирүү тууралу талап;

7) кредитор банкроттук тууралу иштин туура чечилиши үчүн зарыл деп эсептеген бардык маалыматтар, ошондой эле кредитордо бар болгон өтүнүч каттар;

71) Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын адистештирилген фондунун эсебине акча каражаттарын которууну ырастоочу документ;

8) тиркелген документтердин тизмеси камтылууга тийиш:

3. Кредитор арыздын көчүрмөсүн карыз тарапка жөнөтүүгө милдеттүү. Эгерде карыз тараптын жайгашкан орду (жашоо орду) белгисиз болгон учурда, арыздын көчүрмөсү анын мүлкүнүн жайгашкан орду боюнча же Кыргыз Республикасында кредиторго белгилүү болгон анын акыркы жайгашуу орду (жашоо орду) боюнча жөнөтүлүшү мүмкүн.

4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, банкроттук иштери боюнча Мамлекеттик органдын арызы кредитордун арызына карата ушул Мыйзамда каралган талаптарды сактоо менен сотко берилет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2017-жылдын 12-майындагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-9-статья. Кредиторлордун талаптарын бириктирүү

1. Кредитордун карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызы ар кайсы шарттар боюнча бириккен карызга негиздениши мүмкүн.

2. Кредиторлор карыз тарапка өздөрүнүн талаптарын бириктирүүгө жана кредитордун бир арызы менен сотко кайрылууга укуктуу. Мындай арызга өз талаптарын бириктирген кредиторлор кол коюшат. Кредиторлор иштин жүргүзүлүшүн кредиторлордун бирине тапшыра алышат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-10-статья. Кредитордун арызына тиркелүүчү документтер

1. Карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу кредитордун арызына төмөнкүлөрдү:

1) кредитордун арызынын негиздүүлүк далилин, анын ичинде карыз тараптын кредитордун алдындагы милдеттенмелерин, ошондой эле бул шарттар боюнча карыздын болушу жана өлчөмүн;

2) кредитордун арызынын негиздүүлүк далилин, анын ичинде, эгерде төмөнкүлөр болсо: карыз тарапка кредитордун талабын кароочу соттун, соттун же бейтарап соттун мыйзамдык күчүнө кирген чечимин, бул талаптардын карыз тарап тарабынан таанылышын ырастоочу далилдөөлөрдү, аткаруу документтерин (аткаруу баракчасы, карыз тарап төлөөгө макул болгон төлөө талаптарын, нотариустун аткаруу жазмасын ж.б.);

3) кредитордун арызы негизденген башка шарттарды;

4) орнотулган тартипте жана өлчөмдө мамлекеттик алымдарды жана почталык чыгымдарды төлөө;

5) карыз тарапка арыздын көчүрмөсүн жөнөтүүнү (берүүнү);

6) ушул Мыйзамдын 30-статьясына ылайык кабыл алынган Соттук тартипте карыз тараптын банкроттук процессин өткөрүү тууралу арыз менен сотко кайрылуу жөнүндө кредиторлордун жалпы чогулушунун (эгерде бар болсо) чечимин ырастаган документтер тиркелет.

2. Эгерде арызга кредитордун өкүлү кол койсо, арызга кол койгон жактын мындай арыз берүүгө ыйгарым укуктуулугун ырастоочу ишеним кат дагы арызга тиркелет.

3. Эгерде кредиторлор ишти алып барууну кредиторлордун бирине тапшырышса, анда арызга бардык кредиторлор-дайындоочулар кол коюшкан бул жактын ишти алып барууга ыйгарым укуктуулугун ырастоочу ишеним кат дагы тиркелет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-11-статья. Карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кабыл алуу

1. Карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кабыл алуу жөнүндө маселе судья тарабынан жекече чечилет.

2. Сот ушул Мыйзамда каралган талаптарды сактоо менен берилген арызды соттук иш өндүрүшүнө кабыл алууга милдеттүү.

3. Арызды кабыл алуу тууралу сот аныктама чыгарат, ал аталган арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып, беш күндөн кеч эмес арыз берүүчүгө жана карыз тарапка жөнөтүлөт.

4. Арызды кабыл алуу тууралу аныктамада судья соттук тергөөгө ишти даярдоо аракетин, соттун заседаниесинде ишти тергөөгө дайындоону, аны өткөрүү убактысы менен ордун көрсөтөт.

5. Кароого арызды кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылган күндөн тартып, ишти кароонун учурунда карыз тараптын карыздарын төлөөгө жана активдерин камакка алууга тийиштүү бардык соттук жана башка аракеттер токтотулат, Ушул пункттун жоболору, ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын укуктарына жайылтылбайт.

6. Карыз тараптын өзүнө тийиштүү мүлктү бөлүштүрүшү боюнча чектөөлөр банкроттук процессинин чегинде гана коюлушу мүмкүн.

7. Арызды кабыл алуу тууралу аныктамалар даттанууга жатпайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-12-статья. Карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кабыл алуудан баш тартуу

1. Сот төмөнкү учурларда:

1) карыз тарап ушул Мыйзамдын негизинде банкрот деп таанылышы мүмкүн эмес болсо;

2) карыз тарап мурда банкрот деп таанылса (сотсуз тартипте жарыяланса) жана ага карата банкроттук процессинин жол-жобосу жүргүзүлүп жатса;

3) карыз тарап жоюлса (жекече ишкер катары иш-аракети токтотулса) жана мамлекеттик реестрден алынып ташталса;

4) карыздын суммасы ушул Мыйзамдын 9-1-статьясынын 1-пункту тарабынан орнотулган эн төмөн өлчөмгө дал келбесе;

5) ушул Мыйзамдын 27-2-статьясына ылайык арыз берүүчү сотко кайрылууга укуктуу эмес болсо;

6) ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предметтер тууралу жана ошол эле негиздерге ылайык банкроттук тууралу иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болсо, карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кабыл алуудан баш тартат;

7) эгерде банкроттук жөнүндө арыз сотко келип түшкөн болсо же иш өндүрүшүнө кабыл алынса, бирок бир эле жак жоопкер болгон иш сот тарабынан карала элек болсо арызды кабыл алуудан баш тартат.

2. Арызды кабыл алуудан баш тартылган учурда, сот жүйөлүү аныктама чыгарат, ал көрсөтүлгөн арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып, беш күндөн кечиктирилбестен, арыз берүүчүгө жана карыз тарапка жөнөтүлөт.

3. Көзөмөлдөө иретинде аныктама жокко чыгарылган учурда, арыз сотко кайрылган биринчи күнү берилди деп эсептелет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

27-13-статья. Карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кайтарып берүү

1. Сот төмөнкү учурларда:

1) ушул Мыйзамдын 26-6 - -статьялары менен аныкталган талап-

тар сакталбаса;

2) иш аталган сотко караштуу болбосо;

3) арыздын көчүрмөсүн карыз тарапка жөнөтүүнүн (берүүнүн) далилдери кредитор тарабынан көрсөтүлбөсө;

4) орнотулган тартипте жана өлчөмдө мамлекеттик алымдарды же башка соттук чыгымдарды төлөөнү ырастоочу документтер көрсөтүлбөсө, ал эми мыйзам тарабынан мамлекеттик алымдарды кийинки мөөнөткө калтыруу, төлөө мөөнөтүн узартуу же анын өлчөмүн азайтуу мүмкүнчүлүгү каралган учурларда бул тууралу өтүнүч кат жок болсо же өтүнүч кат четке кагылса;

5) арызды өндүрүшкө кабыл алуу тууралу чечим кабыл алынганга чейин арыз берүүчүдөн арызды кайтарып алуу тууралу арыз түшсө, карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кайтарып берет;

6) эгерде акчалай милдеттенменин болушунун өлчөмүн жана фактысын белгилеген, же ушул Мыйзамдын 27-2-статьясынын 2-пунктуна ылайык талаштарды (дооматты) жөнгө салуунун сотко чейинки жол-жоболорун далилдеген мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акты арызга тиркелбесе.

2. Сотко кайрылуу карыз тарап үчүн ушул Мыйзамга ылайык милдеттүү болсо жана аталган арызга ушул Мыйзамдын  каралган до-

кументтер тиркелбесе, мындай арыз сот тарабынан кабыл алынат, ал эми жетпеген документтер банкроттук тууралу ишти соттук териштирүүгө даярдоодо суралып алынат.

3. Судья арызды кайтарып берүү тууралу аныктама чыгарат, ал көрсөтүлгөн арыз сотко келип түшкөндөн тартып, беш күндөн кечиктирилбестен, арыз берүүчүгө жана карыз тарапка жөнөтүлөт.

4. Көзөмөлдөө иретинде аныктама жокко чыгарылган учурда, арыз сотко кайрылган биринчи күнү берилди деп эсептелет.

5. Арызды кайтарып берүүгө жол берилген укук бузуулар четтетилгенден кийин жалпы тартипте сотко экинчи жолу ушул арыз менен кайрылууга тоскоол болбойт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-14-статья. Кредиторлордун талаптарын камсыз кылуу боюнча чаралар

1. Сот арыз берүүчүнүн өтүнүчү (арызы) боюнча Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине ылайык кредиторлордун талапта-

рын камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган чаралардан тышкары сот төмөнкү чараларды кабыл алууга:

1) арыз берүүчүнүн арызы боюнча иштин негизинде чечим кабыл алынганга чейин анын активдерин сактоо максатында карыз тараптын убактылуу администраторун дайындоого;

2) карыз тараптын карыздарын төлөөгө жана активдерине камак салууга тийиштүү бардык соттук жана башка аракеттердин аткарылышын токтото туруу тууралу аныктама чыгарууга (мында ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын иш-аракеттери эске алынбайт);

3) карыз тараптын башкаруу органдарына (жекече ишкерге) соттун же убактылуу администратордун (эгерде ал дайындалса) макулдугусуз мүлктү ээликтен ажыратууга же бөлүштүрүүгө байланышкан бүтүмдөрдү: мүлктү ижарага күрөөгө берүү мүлктү баштапкы (сакталгыч) капитал катары чарбачылык кылган коомдорго жана шериктиктерге берүүгө жана башкаларга; заемдорду (кредиттерди) алууга жана берүүгө, кепилдиктер менен гарантияларды берүүгө талап коюу укуктарына макул болууга, карызды которууга, ошондой эле карыз тараптын мүлкүн ишенимдүү башкарууну түзүүгө байланышкан бүтүмдөрдү жана башкаларды түзүүгө тыюу салууга;

4) карыз тараптын башкаруу органдарына (жекече ишкерге) соттун же убактылуу администратордун (эгерде ал дайындалса) макулдугусуз: карыз тарапты кайрадан түзүүгө (кошууга, бириктирүүгө, бөлүштүрүүгө, бөлүүгө, кайрадан уюштурууга) жана жоюу; жекече ишкер катары иш аракетин токтотуу; юридикалык жактарды түзүү же башка юридикалык жактарга катышуу; филиалдар менен өкүлчүлүктөрдү түзүү; дивиденддерди төлөө; карыз тараптын облигацияларды жана башка эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруу; карыз тараптын-юридикалык жактын катышуучуларынын курамынан чыгуу; мурда чыгарылган акцияларды акционерлерден алуу; ассоциацияларга, союздарга, холдингдик компанияларга, финансылык өнөр жай топторуна жана башка бириккен юридикалык жактарга жана башкаларга катышуу жөнүндө чечим кабыл алууга тыюу салууга;

5) карыз тараптын мүлкүн сактоону камсыз кылууга багытталган башка чараларды көрүүгө укуктуу.

3. Кредиторлордун талаптарын камсыз кылуу боюнча чаралар тиешелүү түрдө сот тарабынан карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу чечим кабыл алынган учурга чейин же сот тарабынан карыз тарапты банкрот деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурга чейин колдонулат.

4. Сот банкроттук тууралу иште катышкан жактын өтүнүчү (арызы) боюнча ушул статьянын 3-пунктунда каралган шарттар башталганга чейин кредиторлордун талаптарын камсыз кылуу боюнча чаралары жокко чыгарууга укуктуу.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-15-статья. Карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызга карыз тараптын пикири

1. Карыз тарап арызга каршы пикирди жана арыз берүүчүгө пикирдин көчүрмөсүн салгандыгын далилдөөнү ырастоочу документтердин тиркемеси менен кредитордун, банкроттук тууралу иштер боюнча Мамлекеттик органдын арызына жазылган пикирди иш карала турган күнгө карата келишин камсыз кылуучу мөөнөттө сотко жөнөтүүгө укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган маалыматтардан тышкары карыз тараптын пикиринде төмөнкүлөр:

1) карыз тараптын арыз берүүчүнүн талаптарына болгон каршы пикирлери;

2) кредиторлордун алдындагы милдеттенмелер боюнча карыз тараптын карызынын жалпы суммасы;

3) карыз тарап ээ болгон мүлк тууралу, анын ичинде банктардагы жана башка финансылык кредиттик уюмдардагы анын эсептериндеги акча каражаттары жөнүндө маалыматтар, банктардагы жана башка финансылык кредиттик уюмдардагы аталган эсептердин номерлери менен алардын почталык даректери;

4) арызды кабыл алуу тууралу аныктаманын сот тарабынан чыгарылышына чейин алар карыз тарап тарабынан таанылган учурда, арыз берүүчүнүн талаптарын канааттандырууну далилдөөлөр;

5) карыз тарап банкроттук тууралу иштин туура чечилиши үчүн зарыл деп эсептеген башка маалыматтар, ошондой эле карыз тарапта бар болгон өтүнүч каттар көрсөтүлөт.

3. Карыз тараптын пикиринин жоктугу банкроттук тууралу ишти кароо үчүн тоскоол болбойт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2716-статья. Банкроттук тууралу ишти кароо мөөнөтү

Банкроттук тууралу иш ишти өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыккан күндөн тартып, он календардык күндүн ичинде сот тарабынан каралууга тийиш. Өзгөчө учурларда көрсөтүлгөн мөөнөт соттун жүйөлүү аныктамасы боюнча узартылышы мүмкүн, бирок ал он календардык күндөн ашпоого тийиш.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-17-статья. Чечим кабыл алууда сот тарабынан чечилүүчү маселелер

1. Чечим кабыл алууда ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган маселелер сот тарабынан чечилет. Мындан тышкары, сот иш үчүн мааниси бар төмөнкүдөй кырдаалдарды:

1) арыз берүүчүнүн ушул Мыйзамдын 27-2-статьясына ылайык карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө арыз берүүгө укугунун бар же жок экендигин;

2) карыз тарап банкроттук процессине туура келүүчү субъекти болуп санала тургандыгын;

3) банкроттук белгилерин аныктоо үчүн ушул Мыйзамдын 9-1 жана 11-статьяларында белгиленген талаптарга карыз өлчөмдөрүнүн туура келе тургандыгын;

4) талап келип чыккан кредиторго карыз тараптын милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына же тараптардын келишимине жооп бере тургандыгын;

5) арыз берүүчүнүн талаптарынын негиздүүлүгүн аныктоого тийиш.

2. Эгерде карыз тарап сотко өзүнүн төлөөгө жөндөмдүү экендиги тууралу арыз берсе, сот карыз тарапка ушул Мыйзамдын 27-26-статьясында белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте карызын төлөөгө мүмкүндүк бериши мүмкүн. Андай болбогон учурда, карыз тарап банкрот деп табылып, ага карата банкроттук процессинин жол-жоболорунун бири дайындалууга тийиш.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-18-статья. Карыз тарапты банкрот деп табуу үчүн негиздер

1. Сот тарабынан карыз тарапты банкрот деп табуу үчүн ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлардын сөзсүз болушу эсептелет.

2. Эгерде сот ушул Мыйзамдын 27-17-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдарды жана ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген кырдаалдын бири бар экендигин аныктаса, карыз тарапты банкрот деп табуудан баш тартууга төмөнкүлөр:

1) карыз тарап өзүнүн карызын келечекте төлөөгө мүмкүндүгүнүн бар экендиги;

2) карыз тарапта активдерге кирбеген финансылык резервдердин бир кыйла суммасынын бар экендиги, бүткөрүлбөгөн өндүрүшү, мурдагы пайдалуулугу, репутациясы, өндүрүлүүчү продукцияга, сырьего муктаждыгы, түзүлгөн инфраструктурасы, продукциясын потенциалдуу сатып алуучулардын бар экендиги жана башкалар негиз боло албайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-19-статья. Соттун аныктамасы

1. Банкроттук иш боюнча сот төмөнкүдөй учурларда:

1) карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө арызды алганда;

2) арызды алуудан баш тартканда;

3) арызды кайтарып бергенде;

4) иш өндүрүшү токтотулганда;

5) ишти кароо кийинкиге калтырылганда;

6) арыз кароосуз калганда;

7) банкроттук процессинин бир жол-жобосунан экинчисине өткөндө;

8) иш өндүрүшү токтотулганда;

9) тынышуу келишимин бекиткенде;

10) тынышуу келишимин бекитүүдөн баш тартканда;

11) карыз тараптын банкроттук процесси аяктаганда;

12) карыз тарапты банкрот деп жарыялаганда, атайын администрациялоо жана атайын администраторду соттон тышкаркы тартипте дайындоо жөнүндө кредиторлор чогулушунун чечимдерин ушул Мыйзамдын 30-1-статьясы менен кабыл алынган тартипте бекиткенде;

13) карыз тарапты банкрот деп жарыялаганда, атайын администрациялоо жана атайын администраторду соттон тышкаркы тартипте дайындоо жөнүндө кредиторлор чогулушунун чечимдерин ушул Мыйзамдын 30-1-статьясы менен кабыл алынган тартипте бекитүүдөн баш тартканда;

14) ушул Мыйзамда каралган башка учурларда аныктама чыгарат.

2. Сот Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин эрежелери боюнча өзүнчө акт түрүндө аныктама чыгарат.

3. Соттун аныктамасы ал кабыл алынган учурдан тартып он күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Соттун аныктамасы апелляциялык тартипте даттанылуучу сот актысы чыгарылган учурдан тартып он күндүк мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

5. Соттун аныктамасы кассациялык тартипте даттанылуучу сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он беш күндүк мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

6. Соттун аныктамасы көзөмөл тартибинде апелляциялык же кассациялык аныктама кабыл алынган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2007-жылдын 13-июнундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-20-статья. Соттун чечими

1. Банкроттук иш боюнча сот төмөнкүдөй учурларда:

1) карыз тарапты банкрот деп таап, ага карата банкроттук процессинин жол-жобосун дайындаганда;

2) карыз тарапты банкрот деп таануудан баш тартылганда.

2. Банкроттук иш боюнча соттун чечими ал кабыл алынган учурдан тартып он күндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Соттун чечимине карата белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-21-статья. Карыз тарапты банкрот деп табуу жана банкроттук процессинин жол-жоболорун дайындоо жөнүндө соттун чечими

1. Карыз тарапты банкрот деп табуу жана банкроттук процессинин жол-жоболорун дайындоо жөнүндө соттун чечими ушул Мыйзамдын 9-, 9-1-, 27-17-статьяларында, 27-18-статьянын 1-пунктунда каралгаы карыз тараптын банкроттук белгилери аныкталган учурда кабыл алынат.

2. Соттун чечими төмөнкү көрсөтмөлөрдү камтууга тийиш:

1) карыз тараптын төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн фактысы, анын карызынын өлчөмү жөнүндө жана аны банкрот деп табуу жөнүндө;

2) банкроттук процессинин жол-жобосун дайындоо жөнүндө.

3. Карыз тарапты - жекече ишкерди банкрот деп табуу жөнүндө соттун чечиминде карыз тарапты жекече ишкер катары каттоо күчүн жоготту деп табылгандыгы тууралу көрсөтмө болууга тийиш.

4. Атайын уруксаттын же лицензиянын негизинде иш жүргүзүүчү карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө соттун чечиминде атайын уруксаттын же лицензиянын алып коюлгандыгы (иш-аракети токтотулгандыгы) тууралу көрсөтмө болууга тийиш.

5. Соттун чечими ишке катышкан жактарга, ошондой эле банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга ал кабыл алынган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө тапшырылгандыгы тууралу кабарландыруу менен буйрутма кат аркылуу жиберилет же аларга тил кат менен тапшырылат.

6. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган соттун чечимин алгандан тартып беш күндүн ичинде, бирок сот чечими, мыйзамдуу күчүнө кирген датадан кечиктирилбестен администраторду дайындоого милдеттүү. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (банктар банкрот болгондо) администраторду дайындоо жөнүндө чечими ал чыккандан тартып он күндүн ичинде сотко даттанылышы мүмкүн. Даттануу банкроттук жол-жоболорунун чегинде сот тарабынан каралат.

7. Администратордун талапкерлиги бардык эле кредитор (кредиторлор), карыз тарап тарабынан банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга сунуш кылынат.

8. Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген бардык жеке жактар өздөрүнүн талапкерлигин дайындоо үчүн банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга өз алдынча сунуш киргизүүгө укуктуу.

9. Администратордун талапкерлиги ушул Мыйзамдын 8-статьясында белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.

10. Эгерде бир да администратордун талапкерлиги берилбесе, банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган администраторду өз алдынча дайындайт.

(КР 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-22-статья. Карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө чечимди басма сөзгө жарыялоо жана администраторду дайындоо

1. Карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө билдирүү администратор тарабынан карыз тараптын мүлкүнүн эсебинен өзү дайындалгандан тартып беш календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланат.

Карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө соттун чечимин көзөмөл тартибинде жоюу тууралу билдирүү да ошондой эле тартипте жарыяланууга тийиш.

2. Карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө соттун чечимин жарыялоо төмөнкүлөрдү:

1) банкрот деп табылган карыз тараптын аталышы жана башка реквизиттерин;

2) карыз тараптын банкроттугу жөнүндө иш өндүрүшүн караган соттун аталышын;

3) карыз тарапты банкрот деп табуу жана банкроттук процессинин жол-жобосун дайындоо жөнүндө соттун чечими кабыл алынган күн;

4) ушул Мыйзамда белгиленген кредиторлордун талаптарын коюу мөөнөтү;

5) администратор жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.

3. Карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө соттун чечимин көзөмөл иретинде жоюу тууралу жарыя төмөнкүлөрдү:

1) банкрот деп табылган карыз тараптын аталышы жана башка реквизиттери;

2) карыз тараптын банкроттугу жөнүндө иш өндүрүшүн караган соттун аталышы;

3) карыз тараптын төлөөгө жөндөмсүздүгү фактысын белгилөө, карыз тарапты банкрот деп табуу жана банкроттук процессинин жол-жобосун дайындоо жөнүндө соттун чечимин жокко чыгаруу тууралу соттун чечими кабыл алынган күн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-23-статья. Карыз тарапты банкрот деп таануудан баш тартуу тууралу соттун чечими

1. Карыз тарапты банкрот деп табуудан баш тартуу тууралу соттун чечими, ушул Мыйзамдын 9, 9-1, 27-17-статьяларында, 27-статьянын 1-пунктунда каралган банкроттуктун белгилери аныкталбаган учурда кабыл алынат.

2. Карыз тарапты банкрот деп табуудан баш тартуу тууралу соттун чечими карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө жана (же) убактылуу администраторду дайындоо жөнүндө арызды кабыл алуунун кесепеттерин токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

3. Карыз тарап арыз берүүчүдөн банкрот деп табуу жөнүндө негизсиз арыз берүүнүн натыйжасында, ага келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Карыз тараптын чыгымдарынын ордун толтуруу маселеси ошол эле заседаниеде аны банкрот деп табуудан баш тартуунун натыйжасында сот аркылуу чечилет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-24-статья. Карыз тараптын банкроттук процессин аяктоо жөнүндө соттун аныктамасы

1. Карыз тараптын банкроттук процессин аяктоо жөнүндө соттун аныктамасы төмөнкүдөй учурларда:

1) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сот тарабынан белгиленген банкроттук процессинин жол-жобосу аяктаганда;

2) жалган банкроттук фактысы аныкталганда кабыл алынат.

2. Карыз тараптын банкроттук процессинин аяктагандыгы жөнүндө соттун аныктамасы карыз болгон - юридикалык жакты жоюу менен аяктаса, мамлекеттик реестрден карыз тарапты чыгарып салуу үчүн негиз болуп саналат.

3. Эгерде карыз болгон юридикалык жактын банкрот процесси аяктаганда ал төлөөгө жөндөмдүү деп табылса, анда анын банкроттук процессинин аякташы жөнүндө соттун аныктамасы юридикалык жактын (анын катышуучуларынын макулдугу менен) ишин улантууга негиз болуп саналат.

4. Жекече ишкер катарында жаран ишин ушул Мыйзамдын 122-статьясына ылайык уланта алат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-25-статья. Банкроттук жөнүндө иш өндүрүшүн токтотуу

1. Эгерде Мыйзамда башкача каралбаса, банкроттук жөнүндө иш өндүрүшүн токтотуу сот тарабынан ишке ашырылуучу процессуалдык иш-аракеттин белгисиз мөөнөтүнө чейин (ишти кароого тоскоол болгон окуянын узактыгына жараша) токтотууну билдирет.

2. Банкроттук жөнүндө иш өндүрүшүн сот төмөнкүдөй:

1) аталган ишти конституциялык, граждандык, административдик же кылмыш-сот өндүрүшү тартибинде каралуучу маселе же башка иш боюнча чечим кабыл алганга чейин кароого мүмкүн болбогон;

2) аталган ишти бейтарап сот, чет өлкөлүк сотто каралуучу башка иш же маселе боюнча чечим кабыл алганга чейин кароого мүмкүн болбогон;

3) эгерде арыз берүүчү жана карыз тарап иш өндүрүшүн токтотуу жөнүндө биргелешкен өтүнүч менен сотко кайрылган;

4) эгерде карыз тарап арыз берүүчүнүн талабын ушул Мыйзамдын 27-26-статьясынын талаптарына ылайык иш өндүрүшү козголгондон кийин толугу менен канааттандырууга макул болгон учурларда токтотуп коет:

Банкроттук жөнүндө иш өндүрүшүн токтото туруу үчүн негиздердин ушул тизмеси акыркы болуп саналат жана соттун кароосу боюнча кеңейтилиши мүмкүн эмес.

3. Банкроттук жөнүндө иш өндүрүшүн токтото туруу жөнүндө сот негизделген аныктама чыгарат, ага даттанса болот.

4. Иш өндүрүшү токтотулган учурда сот арыз берүүчүнүн арызы боюнча карыз тараптын активдерин чечим кабыл алынганга чейин сактоо максатында убактылуу администратор дайындоого милдеттүү.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-26-статья. Сот тарабынан арыз кабыл алынгандан кийин карыз тарап же башка адам тарабынан кредитордун талаптарын канааттандыруу

1. Сот карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө арыз кабыл алынгандан кийин карыз тарап арыз берүүчүнүн талабын толугу менен канааттандырууга макул болсо, иш өндүрүшүн токтотуп коюуга укуктуу. Иш өндүрүшүн токтотуу жөнүндө сот аныктама чыгарат.

2. Арыз берүүчүнүн талабын канааттандыруу үчүн карыз тарап ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн соттун аныктамасы чыккан учурдан тартып, он күндүн ичинде төмөнкүдөй аракеттерди аткарууга:

1) арыз берүүчүнүн талабына толук канааттандыруу үчүн зарыл сумманы соттун депозиттик эсебине которууга;

2) ушул Мыйзамдын 27-5-статьясынын 3-пунктунун талабына ылайык арыз берүүчү кошкон мамлекеттик алымды жана убактылуу администраторду (эгер ал дайындалса) сыйлоону кошо алганда соттун бардык чыгымдарын төлөөгө;

3) (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

4) (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

Ушул пунктта көрсөтүлгөн аракеттерди карыз тарап үчүн башка адам жүргүзүүгө укуктуу.

3. Арыз берүүчүнүн талаптарын канааттандыруу акыркы кулактандыруу жарыялангандан же ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн акыркы кабар жөнөтүлгөндөн он күн өткөндөн кийин соттун депозиттик эсебинен төлөө жолу менен сот аркылуу канааттандырылат.

4. Төмөнкүдөй учурда:

1) эгерде карыз тарап ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган шартты аткарбаганда;

2) ушул статьянын 3-пунктунда каралган мөөнөт ичинде башка кредитор сотко өзүнүн макул эместигин билдиргенде, сот иш өндүрүшүн кайра баштайт.

Иш өндүрүшүн кайра баштоо жөнүндө сот аныктама чыгарат, ага даттанууга мүмкүн эмес.

5. Иш өндүрүшү кайра башталган учурда соттун депозиттик эсебинде турган акча каражаты иш маңызы боюнча мааниси каралганга чейин ошол эсепте сакталат.

6. Карыз тарапты банкрот деп табуудан баш тартуу жөнүндө сот чечим кабыл алган учурда, акча каражаты карыз тарап үчүн акча кошкон адамга же карыз тарапка кайтарылып берилет.

7. Карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө жана банкроттук процессинин тигил же бул жол-жоболорун дайындоо жөнүндө сот чечим кабыл алган учурда, акча каражаты банкроттук процессинин чыгымдарын жабуу жана кредиторлорго төлөө үчүн пайдаланылат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2006-жылдын 27-январындагы № 30, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-27-статья. Ишти кароону кийинкиге калтыруу

1. Банкроттук жөнүндө иш ошол соттук заседаниеде, анын ичинде ишке катышкан же соттук процесске катышуучу кайсы бир адамдын келбегендигинен улам же кошумча далилдерди табуу зарылдыгы болгондо, сот ишти кароону кийинкиге калтырууга укуктуу.

2. Карыз тараптын же анын өкүлүнүн жүйөлүү себептерсиз соттун заседаниесине келбей калышы ишти кароону кийинкиге калтыруу үчүн негиз болуп эсептелбейт.

3. Ишти кийинкиге калтыруу ушул Мыйзамдын 27-16-статьясында көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде жүргүзүлөт. Ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө сот аныктама чыгарат, анда соттун жаңы заседаниесинин убактысы жана орду көрсөтүлөт. Соттун аныктамасы ишке катышкан адамдарга заказ кат менен кабарлоо аркылуу же болбосо кол койдуруу менен өздөрүнө тапшырылат.

4. Ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктамага даттанууга болбойт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-28-статья. Арызды кароосуз калтырууга негиздер

1. Төмөнкүдөй учурларда:

1) ушул Мыйзамдын 27-13-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар сот тарабынан аныкталса;

2) арыз берүүчү же анын өкүлү сотко катышпай жана алардын катышуусуз ишти кароо жөнүндө билдирбесе, карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө арызды сот кароосуз калтырууга укуктуу.

2. Арызды кароосуз калтыруу жөнүндө сот аныктама чыгарат. Соттун аныктамасында мыйзамда белгиленген учурларда, соттук чыгымдарды бөлүштүрүү мамлекеттик алымды толук же жарым-жартылай кайтарып берүү жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн. Арызды кароосуз калтыруу жөнүндө аныктамага даттанууга болбойт.

3. Арызды кароосуз калтыруу үчүн негиз болуп саналган жагдайлар четтетилгенден кийин арыз ээси жалпы тартипте сотко кайрадан арыз менен кайрылууга укуктуу.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-29-статья. Банкроттук жөнүндө иш өндүрүшүн токтотууга негиздер

1. Иштин мааниси боюнча сот чечим чыгарганга чейин банкроттук жөнүндө иш өндүрүшүн сот төмөнкүдөй учурларда токтотот, эгерде:

1) эгерде карыз тарап болуп саналбаган арыз берүүчү карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө арыздан баш тартканда;

2) эгер карыз тарап аны банкрот деп табуу жөнүндө сотко арыз берген кредитордун (кредиторлордун) талаптарын толук көлөмдө канааттандырганда;

3) эгерде тараптар жарашууга макул болушса жана ал сот тарабынан ырасталганда;

4) сот жалган банкроттук фактысын аныктаганда;

5) эгерде сот ушул Мыйзамдын 27-12-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдарды аныктаганда;

6) карыз болгон жекече ишкер өлүп же жөндөмдүүлүгүн жоготкондо токтотот.

2. Иш өндүрүшү токтотулгандыгы жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал даттанылышы мүмкүн.

3. Иш өндүрүшү токтотулган учурда банкроттук жөнүндө иш боюнча ошол эле жактар, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча сотко экинчи жолу кайрылышына жол берилбейт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-30-статья. Соттук чыгымдарды жана администраторго сый акы төлөөгө кеткен чыгымдарды бөлүштүрүү

1. Төлөө кийинкиге калтырылган же узартылган мамлекеттик алым боюнча чыгымдарды, ошондой эле администраторго сый акы төлөөгө чыгымдарды кошо алганда, соттук бардык чыгымдар карыз тараптын мүлкүнө кирет жана ушул Мыйзамга ылайык ушул мүлктүн эсебинен толукталат.

2. Карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө сот чечим кабыл алган учурда, ушул Мыйзамдын 27-5-статьясынын 3-пунктунун талаптарына ылайык арыз берүүчү тарабынан төлөнгөн мамлекеттик алым биринчи кезектеги банкроттук процессинин чыгымдары катары арыз берүүчүгө толугу менен орду толтурулат.

Банкроттук жөнүндө ишти кароо учурунда карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө арызда көрсөтүлгөн өлчөмдөн кредитордун талабынын өлчөмү аз экендигин аныктаса, мамлекеттик алым сот тарабынан белгиленген суммага жараша жарым-жартылай орду толтурулат.

3. Карыз тарапты банкрот деп табуудан баш тартуу жөнүндө банкроттук жөнүндө иш козголгон учурда, карыз тараптын банкроттук белгилеринин жоктугуна байланыштуу жогоркудай чечим кабыл алынган учурда, ушул статьянын 1-пунктунда каралган чыгымдар сотко кайрылган арыз ээсинин чыгымына кирет жана алардын талабы бирдей өлчөмдө бөлүштүрүлөт.

4. Соттук чыгымдарды жана администраторго сый акы төлөөгө кеткен чыгымдарды бөлүштүрүүнүн тартиби банкроттук жөнүндө ишти кароонун натыйжасы боюнча кабыл алынган соттун чечими же аныктамасы менен белгиленет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-31-статья. Арыздарды жана даттанууларды кароо

1. Банкроттук процессинин жол-жоболорун жүргүзүүнүн жүрүшүндө ушул Мыйзамга ылайык берилген администратордун арыздары, даттануулары, анын ичинде администраторлор менен кредиторлордун, ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар жөнүндө, ошондой эле карыз тараптын, кредиторлордун банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын жана башка жактардын укуктары жана кызыкчылыктары бузулгандыгы жөнүндө арыздары, даттануулары, анын ичинде кредиторлордун чогулушунун (комитеттин), администратордун, карыз тараптын (карыз тараптын катышуучусунун), банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечимдерин жараксыз деп табуу жөнүндөгү арыздар сот тарабынан, аталган арыздар жана даттануулар алынган күндөн тартып он күндөн кеч эмес мөөнөттө каралат.

2. Көрсөтүлгөн арыздар менен даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аныктама чыгарат, ал даттанылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-32-статья. Апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы өндүрүш

1. Банкроттук жөнүндөгү иштер боюнча апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы өндүрүш ушул статьяда белгиленген өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Апелляциялык даттануу чечим же аныктама кабыл алган сотко сот тарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он күндүн аралыгында берилет.

3. Кассациялык даттануу чечим же аныктама кабыл алган сотко сот тарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он беш күндүн аралыгында берилет.

4. Апелляциялык же кассациялык даттануунун кабыл алынганы жөнүндө апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттук курамдын судьясы даттануу келип түшкөн учурдан тартып үч күндүн ичинде аныктама чыгарат.

5. Апелляциялык же кассациялык даттануу ал сотко келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.

(КР 2007-жылдын 13-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-33-статья. Көзөмөл тартибиндеги өндүрүш

1. Банкроттук жөнүндө иш боюнча көзөмөл тартибиндеги өндүрүш, ушул статьяда белгиленген өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык жүргүзүлөт.

2. Көзөмөл тартибиндеги соттун аныктамасын, токтомун чечимин кайра кароо жөнүндө арыз чечим, аныктама, токтом кабыл алган сот аркылуу Жогорку сотко сот тарабынан чечим, аныктама күчүнө киргенден тартып он күндүн ичинде берилет. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз берүүнүн процесстик мөөнөтү сот тарабынан калыбына келтирилбейт, эгер мындай соттук акты күчүнө кирген учурдан бери үч айдан ашык убакыт өтүп кетсе.

3. Соттун чечимин, аныктамасын, токтомун көзөмөл тартибинде өндүрүшкө кайра кароо жөнүндө арызды кабыл алуу тууралу Кыргыз Республикасынын Жогорку соту көзөмөл инстанциясына арыз түшкөн учурдан тартып, беш күндүн ичинде аныктама чыгарат.

4. Көзөмөл тартибиндеги соттук аныктамасын, токтомун чечимин кайра кароо жөнүндө арыз ал иш менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна түшкөн күндөн тартып, бир айдын ичинде каралат. Өзгөчө учурларда арызды кароонун көрсөтүлгөн мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок ал бир айдан ашпоого тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту көзөмөл тартибинде карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө чечимдерди, токтомдорду кайра кароо тууралу арыз берген жактардын өтүнүчү (арызы) боюнча карыз тараптын мүлкүн тескөөгө байланышкан атайын администратордун иш-аракетине тыюу салууга укуктуу.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-ГЛАВА
АТАЙЫН АДМИНИСТPАЦИЯЛОО

1-§. Жалпы жоболор

27-34-статья. Атайын администрациялоо жол-жобосунун башталышы

1. Атайын администрациялоо жол-жобосу банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган, кредиторлордун чогулушу (сот катышпаган тартипте) тарабынан атайын администратор дайындалгандан кийин башталды деп эсептелет.

2. Атайын администрациялоо жол-жобосунун башталышы, ушул Мыйзамдын 22-статьясында белгиленген кесепеттерге алып келет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-§. Сот катышпаган атайын администpациялоо

28-статья. Соттон тышкаркы тартипте атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо

1. Соттон тышкаркы тартипте атайын администрациялоо жол-жобосу ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык карыз тарап же карыз тараптын кредиторлору тарабынан козголушу мүмкүн.

2. Соттон тышкаркы тартипте атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо үчүн карыз тарапка карыздын минималдуу өлчөмү жөнүндө эреже колдонулбайт.

3. Эгерде карыз тарап мурда соттук тартипте банкрот деп таанылса жана карыз тарапка карата банкроттук процессинин жол-жоболору жүргүзүлсө, соттон тышкаркы тартипте атайын администрациялоо жол-жобосу козголушу мүмкүн эмес.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

29-статья. Сот катышпаган атайын администpациялоону өткөpүүнүн шаpттаpы

Каpыз таpапка каpата сот катышпаган атайын администpациялоо пpоцедуpасын өткөpүү үчүн төмөндөгүдөй шаpттаpды сактоо заpыл:

1) жол-жобону козгоо жөнүндө чечим мыйзамда же уюштуруу документинде белгиленген тартипте карыз тараптын катышуучусу же кредитор тарабынан атайын администрациялоо жол-жобосун ыктыярдуу баштоо сунушу жазуу жүзүндө карыз тарапка тапшырылгандан жети күндөн кийин кабыл алынууга тийиш.

(2-абзац КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо каpыз таpаптын негизги ишмеpдүүлүгүн жүзөгө ашыpган жеpлеpге жакын pеспубликалык жана областтык (жеpгиликтүү) газетада он календаpлык күндөн кем болбогон аралыкта аp биpине кеминде эки жолу жаpыяланууга тийиш. Атайын администрациялоо жол-жоболорун козгоо жөнүндө кулактандыруу мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланууга тийиш.

Кpедитоpлоpдун чогулушун өткөpүүнүн убактысы, күнү жана оpду аp биp кулактандырууда көpсөтүлөт;

3) карыз тарапка карата атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо жөнүндө эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн 100 же андан ашуун өлчөмүндө карыз ала турган бардык белгилүү кредиторлорго заказ кат менен же кол коюп өзүнө тапшыруу менен кабар жиберүүгө тийиш;

4) ушул статьянын 2- жана 3-пунктчаларында эскеpтилген акыpкы кулактандыруу жаpыялангандан жана акыpкы кабаp жөнөтүлгөндөн кийин кеминде 14 календаpлык күндөн кийин кулактандырууда жана кабаpда көpсөтүлгөн дарек жана убакыт боюнча кpедитоpлоpдун чогулушу өткөpүлүүгө тийиш;

5) кредиторлордун чогулушунда карыз тарапты банкрот деп жарыялоо жөнүндө жана сот катышпаган. атайын администрациялоо жол-жобосун баштоо, ушул мыйзамдын талаптарына ылайык атайын администратор дайындоо жөнүндө карыз тараптын макулдугу менен чечим кабыл алынууга тийиш.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2006-жылдын 27-январындагы № 30, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

30-статья. Кpедитоpлоpдун чогулушунун чечимдеpи

1. Кpедитоpлоpдун жалпы чогулушунда:

1) карыз тарапты банкрот деп жарыялоо жана сот катышпаган атайын администрациялоо жол-жобосун карыз тарапка жүргүзүү жөнүндө;

2) карыз тарапты банкрот деп табуу жана соттун катышуусу менен карыз тарапты атайын администрациялоо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу тууралу;

3) сот катышпаган карыз тарапка карата атайын администрациялоо жол-жобосун жүргүзүү жана карыз тарапты банкрот деп жарыялоодон баш тартуу жөнүндө (мындай учурларда карыз тарап өзүн банкрот деп табуу жөнүндө сотко арыз менен кайрыла алат);

4) өткөpүүнүн убактысы жана мезгили ушул чогулушта белгилене туpган кpедитоpдун кийинки чогулушуна чейин өз чечимдеpин кийинкиге калтыруу жөнүндө чечимдеp кабыл алынышы мүмкүн.

2. Кредиторлордун чогулушунун чечими кредиторлорго жана банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттүн ичинде анын тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүү талабы менен заказдык кат менен жөнөтүлөт же тил кат алуу менен алардын өз колуна тапшырылат. Бул мөөнөт карыз тараптын кредиторлорунун саны элүүдөн ашса кредиторлордун чогулушу тарабынан узартылышы мүмкүн.

Кредиторлордун чогулушунун чечими менен макул болбогон кредитор же карыз тарап кредиторлор тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин жети календарлык күндүн ичинде бул чечим боюнча сотко даттанууга укуктуу.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

30-1-статья. Карыз тарап аркылуу чакырылган кредиторлордун чогулушуна кредиторлордун катышпагандыгынын кесепети

1. Сот катышпаган атайын администрациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн карыз тарап аркылуу тиешелүү түрдө чакырылган чогулушка кредиторлордун эч кимиси келбесе, анда:

1) сот катышпаган банкроттук процессин карыз тарапка карата баштоо жана аны банкрот деп жарыялоо, ушул Мыйзамдын 22-статьясында каралган негиздер колдонулат;

2) атайын администратор катарында карыз тарапка сунуш кылган адам дайындалды деп эсептелет.

2. Атайын администратор ушул Мыйзамда каралган милдеттерди аткарат. Мындан тышкары ал кредиторлор чогулушун өткөрүү үчүн дайындалган датадан кийин он күндүн ичинде аны атайын администратор катарында бекитүү жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга милдеттүү.

3. Арыз карыз тарап жайгашкан жердеги сотко машинкада басылган текст менен жазуу жүзүндө берилет. Арызга атайын администратор кол коет. Арызда төмөнкүлөр:

1) арыз берилген соттун аталышы;

2) карыз тараптын аталышы, анын почталык дареги;

3) бардык ага белгилүү кредиторлор, анын ичинде күрөө менен камсыз болгондор жана алардын талаптарынын суммасы;

4) карыз тарапты банкрот деп табуу, атайын администратор катарында карыз тарап сунуш кылган адамды бекитүү жана сот катышпаган атайын администрациялоо жол-жобосун дайындоо жөнүндө өтүнүч;

5) карыз тараптын активдеринин болжолдуу наркы жөнүндө маалымат;

6) атайын администратордо болгон өтүнүч;

7) тиркелүүчү документтердин тизмеси көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Ушул Мыйзамдын 9-1-статьясында белгиленген карыздын минималдуу суммасы жөнүндө талап, атайын администраторго арыз берүүдө колдонулбайт.

5. Кредиторго арыздын көчүрмөсүн жана ага тиркелген документтерди жиберүү талап кылынбайт.

6. Арызга төмөнкүдөй документтер:

1) уюштуруу документтеринин көчүрмөсү;

2) юридикалык жак катарында мамлекеттик каттоо тууралу күбөлүктүн көчүрмөсү;

3) акыркы отчеттук датага бухгалтердик баланс же аны алмаштыруучу документтер;

4) сот катышпаган атайын администрациялоо процессин козгоо жөнүндө карыз тараптын катышуучуларынын чечиминин көчүрмөсү;

5) кредиторлордун эч кимиси чогулушка катышкан жок деген белги коюлган чогулуштун протоколунун көчүрмөсү;

6) атайын администратордун квалификациясын жана анын ушул Мыйзамдын 8-статьясында белгиленген талапка жооп бере тургандыгын ырастоочу документтер;

7) карыз тараптын чогулушту тиешелүү чакырышын ырастаган документтер;

8) карыз тараптын кредиторлордун талабын толук канааттандырууга жөндөмсүздүгүн, ошондой эле карызынын бар экендигин ырастоочу документтер;

9) карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө сотко арыз берүүдө ал төлөй турган мамлекеттик алымды жана почталык чыгымдарды төлөгөндүгүн ырастоочу документтер тиркелет.

7. Сот арыз келип түшкөн учурдан тартып 14 күндүн ичинде чечим кабыл алууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде кредитор атайын администратордун иш-аракетине сотко даттанууга укуктуу.

8. Сот укуктуу:

1) эгерде кредиторлор тарабынан негиздүү каршылык болбосо жана ушул Мыйзамдын бардык талаптары сакталса, карыз тарапты банкрот деп жарыялоо жана соттон тышкары тартипте атайын администрациялоо жол-жобосун ушул статьяга ылайык кабыл алынган кредиторлордун чогулушунун чечимин бекитүүгө;

2) эгерде ушул Мыйзамдын 27-23-статьясынын 1-пунктунда каралган жагдайлар болсо, карыз тарапты банкрот деп жарыялоо жөнүндө кредиторлор чогулушунун чечимин жана ушул статьяга ылайык кабыл алынган соттон тышкаркы тартипте атайын администраторду дайындоо жөнүндө жана атайын администрациялоо жол-жобосу тууралу чечимди бекитүүдөн баш тартууга. Эгерде дайындалган атайын администратор ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп бербесе, сот банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган сунуш кылган талапкерди бекитүүгө.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

31-статья. Атайын администpатоpду дайындоонун натыйжалаpы

1. Атайын администраторду дайындаган учурдан тартып, ушул Мыйзамдын 22-статьясында каралган кесепеттер келет.

2. Кpедитоpлоpдун чогулушунун атайын администpатоpду дайындашы күpөө менен камсыз болгон кpедитоpдун укуктаpына таасиpин тийгизбейт. Ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн адам Кыpгыз Республикасынын мыйзамдаpында каpалган таpтипте күpөө мүлкүнө ээлик кылууга укугу баp.

3. Атайын администратор өзүнүн дайындалышы жөнүндө карыз тараптын негизги ишин жүзөгө ашыруудагы орду боюнча республикалык жана областтык (же жергиликтүү) газетага аны бекитүү тууралу ушул Мыйзамдын 30-1-статьясына ылайык кабыл алынган кредиторлордун чогулушунун же соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши менен чечим кабыл алынгандан кийин беш календардык күндөн кечиктирбестен жарыялоого милдеттүү.

Билдирүүдө төмөнкүлөр:

1) банкрот деп табылган карыз тараптын аталышы жана башка реквизиттери;

2) карыз тарапты банкрот деп табуу жана атайын администрациялоо процесстеринин башталышы жөнүндө кредиторлордун чогулушунда чечим кабыл алынган дата;

3) кредиторлордун талаптарын коюунун зарылдыгы;

4) атайын администратор жөнүндө маалымат көрсөтүлүүгө тийиш.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-§. Сот катышкан атайын администрациялоо

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

32-статья. Соттун ишти каpоосу

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

33-статья. Сотко кайpылууга укуктуу субъектилеp

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

34-статья. Иш боюнча өндүpүштү козгоонун негиздеpи

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

35-статья. Каpыз таpаптын аpызы

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

36-статья. Каpыз таpаптын аpызына тиpкелүүчү документтеp

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

37-статья. Кpедитоpдун аpызы

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

38-статья. Кpедитоpдун аpызына тиpкелүүчү документтеp

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

39-статья. Аpызды каpоого кабыл алуу

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

40-статья. Аpызды кабыл алуудан баш таpтуу

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

41-статья. Банкpоттук жөнүндө ишти каpоонун мөөнөттөpү

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

42-статья. Каpыз таpаптын төлөөгө кудуpетсиздик фактысын соттун аныктоосу үчүн кошумча негиздеp

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

43-статья. Сот кабыл алуучу соттук актылаp

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

44-статья. Банкpоттук жөнүндө иш боюнча өндүpүштү токтото туpуу

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

45-статья. Иш боюнча өндүpүш козголгондон кийин каpыз таpаптын кpедитоpлоpдун талаптаpын канааттандыpуусу

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

46-статья. Каpыз таpапты банкpот деп таануудан баш таpтуу жөнүндө соттун чечими

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

47-статья. Каpыз таpапты банкpот деп таануу жана атайын администpациялоо пpоцедуpасын баштоо жөнүндө соттун чечими

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

48-статья. Каpыз таpапты банкpот деп таануу жөнүндө чечимди жаpыялоо

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

49-статья. Соттук теpиштиpүүнү кийинкиге калтыpуу жөнүндө соттун аныктамасы

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

50-статья. Банкpоттук жөнүндө иш боюнча өндүpүштү токтотууга негиздеp

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

4-§. Жоюу

51-статья. Жалпы жоболор

1. Жоюу - атайын администрациялоо жол-жобосунун усулу, ал кредиторлордун кезегине жараша алардын талаптарын канааттандыруу максатында жоюучу массага кирген карыз - юридикалык жактын бардык активдерин алып коюуну жана ажыратууну карайт.

2. Жоюуну атайын дайындалган адам - атайын администратор (жоюучу) жүргүзөт. Мында атайын администратор (жоюучу) ушул Мыйзамда жана башка мыйзам актыларында каралган укуктарды пайдаланат жана милдеттерди көтөрөт.

3. Жоюу аяктагандан кийин карыз тараптын иши токтотулат жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине аны жоюу жөнүндө жазуу киргизилет. Карыз тараптын жоюулушу укук мураскорчулугуна алып келбейт.

4. Карыз тарапты атайын администрациялоодо жоюу ар кандай баскычта белгиленген тартипке ылайык ушул Мыйзамда каралган процедурага айлантылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

52-статья. Жоюуну жүргүзүүнүн мөөнөтү

Карыз тарапты жоюу мөөнөтү он эки айдан ашпайт. Атайын администратордун өтүнүчү боюнча зарыл учурларда бул мөөнөт сот же кредиторлордун чогулушу менен (соттук эмес тартипте) алты айдан көп эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал даттанылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

53-статья. Карыз тарапты жоюуда атайын администратордун ыйгарым укуктары

1. Атайын администратор дайындалган учурдан тартып карыз тараптын активдерин жана чарбалык иш-аракетин башкаруу боюнча бардык ыйгарым укук карыз тараптын катышуучуларынан жана башкаруу органдарынан атайын администраторго өтөт.

2. Карыз тараптын башкаруу органдары атайын администратор дайындалган учурдан тартып карыз тараптын бухгалтердик, архивдик жана башка документтерин, мөөрүн жана штамптарын, материалдык жана башка баалуулуктарын атайын администраторго өткөрүп берүүнү камсыз кылат. Көрсөтүлгөн милдеттен качкан учурда карыз тараптын башкаруу органдары (жетекчиси) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Жоюу учурунда атайын администратор ушул Мыйзамда каралган укуктарды пайдаланат жана милдеттерди көтөрөт, ошондой эле:

1) карыз тараптын мүлкүн карамагына алат, инвентаризация жана баалоо жүргүзөт жана мүлктү сактоо боюнча чара көрөт;

2) карыз тараптын финансылык абалын тандап изилдейт;

3) карыз тараптын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык алдыда күтүлгөн иштен бошотуу тууралу кабарлайт;

4) кредиторлордун карыз тарапка койгон талаптары боюнча белгиленген тартипте каршылыгын билдирет;

5) ушул Мыйзамга каршы келбеген башка чараларды көрөт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2006-жылдын 27-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

54-статья. Карыз тараптын эсептери

1. Карыз тарапты жоюуда атайын администратор анын банктагы же башка кредит мекемесиндеги сомдук бир гана эсебин (негизги эсебин жана бир валюталык эсебин (зарыл учурда)) пайдаланууга милдеттүү. Карыз тараптын банктагы же башка кредит мекемелериндеги жоюу башталган учурда белгилүү болгон, ошондой эле жоюу мезгилинде табылган башка эсептери атайын администратор тарабынан жабылууга тийиш. Мындай эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары карыз тараптын негизги эсебине которулууга тийиш.

2. Жоюу процедурасын ишке ашыруунун натыйжасында келип түшкөн акча каражаттары негизги эсепке кириштелет. Ушул эле эсептен банкроттук процессинин чыгымдары төлөнөт.

3. Атайын администратор карыз тараптын акча каражаттарын пайдалануу тууралу отчетту айына бир жолудан ашырбай соттун, банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын, кредиторлордун (комитеттин) чогулушунун талаптары боюнча аларга берип турат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-§. Реструктуризация

55-статья. Карыз тарапты реструктуризациялоо

1. Реструктуризациялоо - атайын администрациялоо процедурасынын ыкмасы, ал кредиторлордун таламдарында кийин сатуу үчүн карыз тараптын активдеринин базасында бир жаңы же бир канча юридикалык жакты түзүүнү карайт.

2. Атайын администратор юридикалык жак болуп саналган карыз тарапты реструктуризациялоо жүргүзүүнү максатка ылайыктуу деп тапса, анда ал муну жаны бир же бир нече юридикалык жакты түзүү жолу менен жасоого укуктуу. Мында уставдык капиталга салым катары атайын администратор өзүнүн каалоосу боюнча карыз тараптын активдерин кошот. Жаңыдан түзүлгөн юридикалык жак (же жактар) кийин сатылууга, ал эми түшкөн каражат кредиторлордун талаптарын канааттандырууга жумшалууга тийиш.

3. Реструктуризациялоо максатында түзүлгөн жаңы юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдары уруксат берген ар кандай уюштуруучулук укуктук түрдө коммерциялык уюмдар үчүн уюштурулушу мүмкүн. Жаңы юридикалык жакты уюштурууда жана каттоодо атайын администратор уюштуруучу катары аракеттенет. Жаңы юридикалык жактын уюштуруу документтеринде бул тууралу белги болууга тийиш.

4. Жаңы юридикалык жак же жактар атайын администратор тарабынан жаңы юридикалык жакка же жактарга өткөрүп берилген карыздардан жана активдерден тышкары, карыз тараптын карыздары менен активдери боюнча, бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдү камтуу менен, карыз тараптын укук мурастоочусу болуп эсептелбейт. Атайын администратор тарабынан жаңы юридикалык жакка өткөрүп берилбеген активдер жана карыздар карызкордун өзүндө калат.

Сот органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошкондо, мамлекеттик органдар карыз тараптын карызын төлөө үчүн жаңы юридикалык жактын активдерин, анын ичинде акча каражаттарын алып коюуга укуксуз болушат.

5. Атайын администратор жаңы юридикалык жакты бүтүндөй, мүлктүк комплекс; катарында же акцияларын, болбосо жаңы юридикалык жак тарабынан түзүлгөн капиталдын үлүшүн сатууга жана андан түшкөн каражат менен кредиторлор менен эсептешүүгө укуктуу. Мындай сатуу электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

6. Жаңы юридикалык жакты уюштурууга жана каттоого байланыштуу атайын администратордун негизделген бардык чыгымдары банкроттук процессинин чыгымдары болуп эсептелет.

7. Карызкордун дебиторлору жаңыдан түзүлгөн юридикалык жактын дебиторлору болуп калышат. Карыздарды өткөрүп берүү үчүн карызкордун кредиторлорунун макулдугу талап кылынбайт.

8. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2016-жылдын 22-июнундагы № 84, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

6-§. Атайын администрациялоо процессинин аякташы

55-1-статья. Атайын администрациялоо жол-жобосунун аякташы

1. Эгерде:

1) атайын администратор атайын администрациялоо процессин өткөрүү мезгилинде анын пикири боюнча чогултууга же алууга боло турган карыз тараптын бардык активдерин чогултса (алар үчүн акы алса);

2) атайын администрациялоо процессин өткөрүү мезгилинде ылайыктуу рынок баасында сатылууга тийиш болгон бардык активдерди саттым деген жыйынтыкка келсе (тактап айтканда сатууга байланыштуу чыгымдар жок дегенде ага кеткен чыгымдардан ашса);

3) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык рынок баасы боюнча сата албай калган бардык активдерди бөлүштүрсө;

4) бардык активдерди аны алууга укуктуу болгон, ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда саналган адамдардын ээлигине өткөрүп берсе;

5) атайын администрациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин карыз тарап алышы мүмкүн болгон жана атайын администраторго, банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органга белгисиз болгон карыз тараптын бардык активдерине укукту талап кылуу укугуна жол берүү менен өткөрүп берсе, атайын администратор атайын администрациялоо жол-жобосунун аякташы жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Талап кылуу укугуна жол берүү граждандык мыйзамдуулуктун талаптарына ылайыктуу жүргүзүлөт;

6) банкроттук процессинде өндүрүлгөн жана активдерди сатуудан түшкөн каражаттардан, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык банкроттук процессинин бардык чыгымдарынын ордун толтурса (төлөп берсе);

7) банкроттук процессинде өндүрүлгөн жана активдерди сатуудан түшкөн каражаттардан, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык кредиторлордун койгон талаптарын төлөп берсе;

8) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык сотко, банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга же кредиторлордун чогулушуна отчет даярдаса жана берсе;

9) "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык архивдик документтердин өткөрүп берилишин уюштурган;

10) банкроттук боюнча башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Мыйзамдын башка талаптарын аткарса, атайын администратор атайын администрациялоо жол-жобосунун аякташы жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

2. Эгерде келишимдин негизинде карыз тараптын активдери үчүнчү бир башка адамда турса жана атайын администратор аларды белгиленген тартипте сата албаса (ижара мөөнөтү атайын администрациялоо мезгили аяктагандан кийин бүтө турган, үчүнчү жакка ижарага берилген активдерди кошкондо) атайын администратор бул активдерди үчүнчү жакка ылайыктуу рынок баасында сатууга укуктуу.

3. Эгерде атайын администратор карыз тараптын активдерин белгиленген тартипте ылайыктуу рыноктук баада сата албаса, ал бул активдерди төмөнкүдөй кезектүүлүктү сактоо менен:

1) ар кандай кредитордун талаптарын эске алуу менен аларга сатууга;

2) ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн башка жактарга.

4. Эгерде атайын администратор ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген карыз тараптын активдерин келишимдик баада сата албаса, анда ал аларды жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарына акысыз, ал эми алар баш тартса - банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө укуктуу.

5. Эгерде атайын администратор ушул статьянын 2-4-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга активдерди ылайыктуу рынок баасында сата албаса, анда мындай активдер ээси жок деп эсептелет жана атайын администратор аларды граждандык кодекстин талаптарына ылайык бөлүштүрүүгө тийиш. Кыймылдуу чарбасыз буюмдарды атайын администратор ыргытып жиберүүгө же башкача түрдө жок кылууга укуктуу.

6. Ушул статьянын 2-4-пункттарына ылайык карыз тараптын активдерин кабыл алуучу адам бул активдерге карыз тараптай эле көлөмдөгү укукка ээ болушат.

7. Калкка потенциалдуу коркунуч келтирүүчү активдер, ушул статьянын 2-4-пункттарында каралган тартипте башка адамдарга өткөрүлүп берилбесе, атайын администратор аларды өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик органдын карамагына берет, болбосо ал ушул Мыйзамдын 71-статьясынын 3-пунктунун жоболоруна ылайык чараларды көрүүгө укуктуу.

8. Эгерде активдерди үчүнчү адамдан карыз тарап алууга тийиш болсо (келишим боюнча милдеттенмени аткаруу мөөнөтү атайын администрациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин жетсе) жана бул тууралу атайын администраторго белгилүү болсо, анда атайын администратор мындай активдерге болгон укукту ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатууга тийиш.

9. Атайын администрациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин талап кылуу укугуна жол берүү жөнүндө келишимдин күчүнө ылайык атайын администраторго белгисиз болгон активдерге укук банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органга өтөт.

10. Ушул статьянын 9-пунктунда саналган активдерге карата банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органда, ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүккө ылайык активдерди сатуу жана бөлүштүрүү боюнча атайын администратордун укугу жана милдети жүктөлөт.

Банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органдын чыгымдарын чыгарып салгандан кийинки активдер белгиленген тартипте атайын администратордун отчетунда көрсөтүлгөн кредиторлорго бөлүштүрүлөт, ошондой эле атайын администрациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин тиешелүү арыз (доомат) менен кайрылган кредиторлордун негизги талаптарын канааттандырат.

Банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган бул активдерди сатуудан түшкөн каражатты бөлүштүрүү тууралу ниети же активдерди алуу фактысы же талаптары канааттандырылган башка кредиторлорду издөө же кредиторлордун чогулушун чакыруу жөнүндө жарыя берүүгө милдеттүү эмес.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

56-статья. Карыз тарапты төлөөгө кудуреттүү деп таануу

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

57-статья. Атайын администратордун отчету

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

58-статья. Каттоочу органдын иш-аракети

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

59-статья. Банкроттук процесси аяктагандан кийин документтерди сактоо

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

60-статья. Атайын администрациялоо процессин кайра жаңыртуу

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

3-ГЛАВА
УБАКТЫЛУУ АДМИНИСТРАТОР

61-статья. Убактылуу администратордун ролу

1. Убактылуу администратордун негизги милдети карыз тараптын активдеринин сакталышын камсыз кылуу жана банкроттук жөнүндө сот чечим кабыл алганга чейин карыз тараптын финансылык абалын талдоону камсыз кылуу болуп саналат.

2. Убактылуу администратор дайындалгандан кийин карыз тарап ал администратордун көзөмөлдүгү астында өз ишин уланта алат.

62-статья. Убактылуу администраторду дайындоо

1. Сот катышпаган банкроттук процессин козгоодо, ар кандай кредитордун арызы боюнча кредиторлордун биринчи чогулушуна чейинки мезгилде убактылуу администратор дайындалышы мүмкүн. Кредитордун арызы сотко машинкада басылган текст менен жазуу жүзүндө берилет. Кредитор - юридикалык жактын арызына анын жетекчиси болбосо өкүлү, ал эми кредитор-жарандын арызына ошол жарандан же анын өкүлү кол коет. Арызда төмөнкүлөр:

1) арыз берилген соттун аталышы;

2) карыз тараптын (аты-жөнү) жана почталык дареги;

3) арыз берүүчүнүн (аты-жөнү) жана почталык дареги;

4) убактылуу администраторду дайындоо жөнүндө өтүнүч көрсөтүлүүгө тийиш.

Арызга төмөнкүлөрдү:

1) белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн;

2) ушул Мыйзамдын 29-статьясынын 1-пунктуна ылайык, сот катышпаган карыз тараптын банкроттук процессин козгоо жөнүндө кредиторлордун чечими (эгерде мындай чогулуш өткөрүлсө жана чечим болсо ырастоочу документтер тиркелет.

2. Эгерде кредиторлор сот катышпаган карыз тараптын банкроттук процессинин башталышы жөнүндө чечим кабыл алса, убактылуу администратор атайын администратордук кызматка, тышкы башкаруучуга же консерваторго кредитор тарабынан дайындалышы мүмкүн.

Эгерде кредиторлор сот катышпаган тартипте банкроттук процессин баштабоону чечсе, убактылуу администратор кредиторлор чогулушунан кийин 7 календарлык күндүн ичинде өз милдетин аткаруудан бошотулат. Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде катышкан карыз тараптын банкроттук процессин өткөрүү жөнүндө сотко арыз берилиши мүмкүн.

3. Банкроттук жөнүндө иш боюнча сот тарабынан биротоло чечим чыкканга чейин банкроттук процессин козгоодо арыз берүүчү кредитордун талабын убактылуу администратор дайындоо жөнүндө сотко арыз берүү жолу аркылуу камсыз кылуу жагынан чара көрүүгө укуктуу. Убактылуу администраторду дайындоо сот тарабынан банкроттук процессин баштоого биротоло чечим кабыл алынды дегенди билдирбейт.

4. Сот арыз келип түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, арызды кароого жана убактылуу администраторду дайындоого милдеттүү.

Соттук задеданиеге карыз тарап катышпаса арыз боюнча чечим карыз тарапты укпай туруп эле сот тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. Убактылуу администраторду дайындоо жөнүндө сот аныктама чыгарат.

Убактылуу администраторду дайындоо, ушул Мыйзамдын 27-16-статьясында көрсөтүлгөн банкроттук жөнүндө ишти кароонун мөөнөтүн сот тарабынан көбөйтүүгө негиз болуп саналбайт.

5. Карыз тарапты укпай туруп убактылуу администраторду дайындоо учурунда мындай чечим кабыл алынгандан кийин жети календарлык күндүн ичинде карыз тараптын арызы жана убактылуу администраторду дайындоо жөнүндө өз чечимин кайра карап чыгуу зарылдыгы болсо, чечим каралышы мүмкүн.

6. Эгерде сот (кредиторлордун чогулушу) тарабынан карыз тарапты банкрот деп табуудан (жарыялоодон) баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса, анда убактылуу администраторду дайындоо жөнүндө (банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдан тышкары) арыз берген арыз ээси убактылуу администратордун бардык чыгымдарын төлөп берүүгө жана аны дайындоонун натыйжасында келтирилген чыгымдардын ордун карыз тарапка компенсациялоого милдеттүү.

Эгерде сот (кредиторлордун чогулушу) тарабынан карыз тарапты банкрот деп табуу (жарыялоо) жөнүндө чечим кабыл алынса, убактылуу администратордун чыгымдары банкроттук процессинин чыгымдары болуп саналат.

7. Убактылуу администраторду сыйлоо банкроттук боюнча башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эмгек акынын кеминде жыйырма минималдуу өлчөмүндө аныкталат.

8. Убактылуу администраторго сый акынын өлчөмү карыз тараптын, кредитордун (кредиторлордун) же банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын (банкроттук процесси сот тартибинде жүргүзүлгөндө) негиздүү арызы боюнча сот тарабынан азайтылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

63-статья. Убактылуу администратордун укуктары жана милдеттери

1. Убактылуу администратор сот тарабынан дайындалган учурдан тартып карыз тараптын ишин башкаруу жана аны көзөмөлдөө боюнча милдеттерин аткарууга киришет.

Карыз тараптын бардык активдерин сактоо максатында сот чечим кабыл алганга чейин алар убактылуу администратордун карамагына жана көзөмөлдүгүнө өтөт.

2. Карыз тараптын бардык жетекчилери, кызматкерлери жана катышуучулары убактылуу администратор менен кызматташууга жана, анын имаратка, активдерге, банк эсептерине жана документтерге киришине тоскоолдук кылбашы керек.

Убактылуу администраторду дайындоо карыз тарапка, анын ичинде убактылуу администраторго карата үчүнчү жактардын милдеттенмелерин аткаруусун токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.

3. Убактылуу администратор карыз тараптын эсебинен толук же иргеп аудитордук текшерүү, инвентаризациялоо же текшерүү жүргүзүүнү дайындоого укуктуу.

Убактылуу администратор бардык жетекчилерди жана катышуучуларын, акыркы финансылык жылда жетекчи жана катышуучу болгондорду карыз тарапка тиешелүү бардык отчетторду жана маалыматтарды өзүнө берүүгө, ошондой эле дагы башка жардам көрсөтүүгө милдеттендирүүгө укуктуу.

Убактылуу администратор өзүнө билдирилген коммерциялык сырларды жана жашыруун маалыматты таркатууга укуксуз жана аны карыз тараптын кызыкчылыгында гана пайдаланышы керек. Көрсөтүлгөн маалыматты убактылуу администратор сотко, администраторго (эгерде ал дайындалса), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда башка жактарга да берүүгө милдеттүү.

4. (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Ыйгарым укуктарын ишке ашырууда убактылуу администраторго тоскоолдук кылган адамдар сотко тоскоолдук кылган катары эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.

6. Убактылуу администратор дайындалган учурдан тартып, карыз тараптын милдеттенмелерин аныктоого багытталган соттук же башка аракеттер улантылат, бирок мажбурлоо тартибинде аткарылышы мүмкүн эмес (кредитордун күрөө менен камсыз кылынган аракеттеринен бөлөктөр).

7. Убактылуу администратор, эгерде ал активдерди сактоо үчүн зарыл деп эсептесе же объективдүү себептер менен карыз тараптын чарбалык ишин токтото албаса, карыз тараптын ишин кайра жаңырта же уланта алат.

8. Убактылуу администратор төмөнкүлөргө:

1) катышуучуларынан, жетекчилерден, кызматкерлерден жана өткөн финансылык жылы карыз тарап менен байланышы бар адамдарды кошо алганда карыз тарапка байланышы бар адамдардан түшүнүк жана маалымат алууга;

2) карыз тараптан же ага байланышы бар адамдардан, карыз тарап укуктуу болгон бардык бухгалтердик китепчелерди жана отчетторду (эгерде ал буга макул болсо, алардын көчүрмөлөрүн) талап кылууга жана өзүнүн тескөөсүнө алууга укуктуу.

9. Убактылуу администратор өзү дайындалган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде карыз тараптын финансылык абалы жөнүндө сотко отчет берүүгө милдеттүү. Мындай отчет үчүн маалымат жетишсиз болгон учурда ал убактылуу отчет бере алат.

Сот банкроттук процессинин башталышы жөнүндө чечим чыгарганда же атайын администраторду четтеткенде, бошоткондо анын отчетун көңүлгө алууга тийиш.

Банкроттук процесси соттун катышуусуз жүргүзүлгөндө убактылуу администратор кредиторлордун чогулушуна карыз тараптын финансылык абалы тууралу отчет берет.

10. Убактылуу администpатоpдун башка укуктаpы жана милдеттеpи ал дайындалган учуpда сот таpабынан аныкталышы мүмкүн. Заpыл учурда убактылуу администpатоp өз укуктарына жана милдеттерине тиешелүү маселелеp боюнча сотко кайpыла алат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

64-статья. Убактылуу администpатоpдун ыйгаpым укуктаpынын токтотулушу

Убактылуу администpатоp дайындалгандан кийин каpыз таpапты банкpот деп таануудан жана иш боюнча өндүpүштү токтотуудан баш таpтуу жөнүндө сот чечим кабыл алган учуpда, сот убактылуу администpатоpду кызматтан бошотуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн аныктама чыгаpат.

Мындай чечим кабыл алынган учуpдан таpтып каpыз таpапты башкаpуу боюнча ыйгаpым укук анын жетекчилери менен катышуучуларына өтөт.

(КР 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-ГЛАВА
АТАЙЫН АДМИНИСТРАТОР

65-статья. Жалпы жоболоp

1. Атайын администpациялоо, соттун катышуусу мененби же сотсузбу кандай таpтипте ишке ашыpылып жаткандыгына каpабастан атайын администpатоp биpдей укуктаpга жана милдеттеpге ээ болот.

2. Атайын администpатоpдун ыйгаpым укуктаpын жүзөгө ашыpууда талаш-таpтыш маселелеp жана тоскоолдуктаp келип чыкса, сот ушул Мыйзамга жана ага ылайык чыгаpылган башка актылаpда баяндалгандаpга таянуу менен атайын администpациялоо пpоцедуpасын камсыздоо максатында каpыз таpапка же анын активдеpине каpата айкын-ачык аpакеттеpди жасоого же андан каpманууга атайын администpатоpго мүмкүндүк беpүүчү чечим кабыл алууга укуктуу.

3. Атайын администpатоpдун негизги милдети күpөө менен камсыз кылынган кpедитоpлоpду канааттандыpгандан жана банкpоттук пpоцессинин чыгымдаpынын оpду толтуpулгандан кийин кpедитоpлордун кызыкчылыктарында каpыз таpаптын активдеpин ээликтен ажыратуу жана ушул Мыйзамда белгиленген кезекке ылайык каpажаттаpды бөлүштүpүү болуп саналат.

4. Атайын администpатоp атайын администpациялоо пpоцедурасы колдонулуп жаткан каpыз таpаптын биpден-биp мыйзамдуу өкүлү болуп саналат.

5. Атайын администpатоpго ушул Мыйзамга ылайык беpилген ыйгаpым укукка жаpаша ал түзүлгөн бүтүмдөpдөн келип чыккан милдеттенмелеp боюнча каpыз таpап жоопкеpчилик таpтат. Бирок атайын администратор, эгерде:

1) бүтүм түзүүдө ал карыз тараптын атайын администратору болуп санала тургандыгын көрсөтпөстөн өз атынан аракеттенсе;

2) бүтүм түзүүдө ал милдеттенме боюнча жазуу жүзүндө жоопкерчиликти өзүнө алса, ушул жагдайлар боюнча жоопкерчилик тартат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

66-статья. Атайын администpатоpдун укуктаpы

Атайын администpатоp төмөнкүлөpгө:

1) кpедитоpлоpдун талаптаpын (дооматтаpын) канааттандыpуу максатында каpыз таpаптын баpдык активдеpи менен мыйзамга ылайык укук ченемдүү аp кандай аpакеттеpди жасоого, каpыз таpаптын аласаларын өндүpүү чаpалаpын көpүүгө, ошондой эле мыйзам талабын сактоо менен каpыз таpаптын мүлкүн табууга, аныктоого жана кайтаpып беpүүгө багытталган чаpалаpды көpүүгө укуктуу.

Каpызды өндүpүү жөнүндө сотко доо коюуда атайын администpатоp мындай учуpлаpга белгиленген мамлекеттик алымды төлөбөйт.

2) менчик укугун же аp кандай менчикке каpата башка укуктаpды өткөpүп беpүүгө, ошондой эле, каpыз таpаптын дебитоpдук каpызына байланыштуу укукту кошо алганда, эгеpде алаp ээликтен кирешелүү ажыратылбаса (сатылбаса) алардан баш тартууга;

3) ушул Мыйзамга ылайык өндүрүштү же өндүрүштүн бир бөлүгүн сактоонун, анын ичинде реструктуризациялоо же реабилитациялоо жолу менен сактоонун максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алууга;

4) кpедитоpлоpдун талаптаpынын негиздүүлүгүн текшеpүүгө жана талаптаp негизсиз болсо, алаpды толугу менен четке кагууга (же талаптын негизсиз бөлүгүн) укуктуу;

Кpедитоpлоp баш таpтылган дооматтаpды канааттандыруу же алаpды канааттандыpуу кезегин аныктоо тууpалуу аpыз менен кайpылууга укуктуу болушат. Сот мындай аpыздаpды алган күндөн таpтып биp айдын ичинде каpайт;

5) жетекчиликтин оpдуна каpыз таpаптын ишин башкаpууга, заpыл учуpлаpда ушул Мыйзамда башкача каpалбаса, эмгек мыйзамында каpалган иштен бошотуу боюнча кепилдиктери баp адамдаpдын категоpиясын кошо алганда, жетекчилеpди, кызматкеpлеpди (пеpсоналдаpды) жалдоого жана иштен бошотууга;

6) максатка жооп берерлигин карап чечим кабыл алууга жана каpыз таpапты pестpуктуpизациялоону жүргүзүүгө;

7) каpыз таpаптын, ошондой эле атайын администpациялоо пpоцессинде түзүлгөн юpидикалык жактын (же жактардын) мүлктүк комплексин (бүтүндөй же бөлүп-бөлүп), активдеpин сатууга же ээликтен ажыратууга;

8) жеке адамдаpдын кайсынысынан болсун;

а) атайын администpациялоо пpоцедуpасынын башталышы жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин биp жылдын ичинде каpыз таpап менен эмгектик жана башка мамилелеp жагында байланышкан адамдан;

б) атайын администpациялоо пpоцедуpасынын башталышы жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин биp жыл бою катышуучу карыз тараптын катышуучулары болуп калган адамдардан;

в) төлөөгө кудуpетсиз каpыз таpаптын катышуучусунун же ушул пункттун "а" жана "б" пунктчалаpында эскеpтилген адамдаpдын. жакын туугандаpынан, аялынан, ата-энесинен же балдаpынан маалымат алууга;

9) каpыз таpапка же анын ишине тиешеси баp баpдык бухгалтеpдик китепчелеpди, отчетторду жана башка документтеpди талап кылууга жана өзүнүн тескөөсүнө алууга;

10) жасаган иши үчүн өлчөмү ушул Мыйзамда жана башка актылаpда аныкталуучу, акы алууга;

11) заpыл болсо кpедитоpлоp комитетинин (эгеpде ал түзүлсө) кезектеги жана кезексиз чогулушун же заседаниесин чакыpууга;

12) ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерди жана тартипти сактоо менен кpедитоpлоpго айpым төлөмдөpдү жүpгүзүүгө укуктуу.

13) кредиторлордун (комитеттин) чогулушунун мыйзамдуулукту же чогулуштун компетенциясын болбосо атайын администратордун ыйгарым укутун чектөө менен кабыл алынган чечимине сотко даттанууга;

14) карыз тараптын активдерин инвентаризациялоого жана баалоого; эгерде кредиторлордун чогулушунда башкача белгиленбесе, көрсөтүлгөн ишти ишке ашыруу үчүн атайын администратор баалоочуларды жана башка, адистерди, алардын кызматына карыз тараптын активдеринин эсебинен төлөө менен ишке тартууга укуктуу; кредиторлор чогулушунда башкача белгиленбесе, атайын администрациялоонун жүрүшүндө сатылууга тийиш болгон карыз тараптын активдери кыймылсыз мүлк болуп саналса, көрсөтүлгөн активдер көз карандысыз баалоочуну ишке тартуу менен аны сатканга чейин бааланат;

15) активдерди аукцион аркылуу сатууда старттык баа белгиленет. Атайын администратор минималдуу бааны белгилөөгө укуксуз жана тиешелүү түрдө аукциондо жарыяланган баада жогорку баа сунуш кылган катышуучуга активдерди сатууга тийиш;

16) эгерде атайын администратор ушул Мыйзамдын 18-статьясында каралган банкроттук процесстеги укукка сыйбаган аракеттер болгон деп эсептесе, анда ал күнөөлүү жакты мүлктүк, администрациялык же кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы үчүн сотко жана/же укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу.

17) карыз тараптын жетекчилерин жана катышуучуларын Кыргыз Республикасынан чыгууга убактылуу чектөө жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.'

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

67-статья. Каpыз таpаптын бүтүмдөрүнүн жаpаксыздыгы

1. Бүтүм, анын ичинде карыз тарап атайын администpациялоо пpоцедуpасы башталганга чейин түзгөн бүтүм гpаждандык мыйзамдаpда каpалган негиздеp боюнча атайын администpатоpдун арызы боюнча сот таpабынан жаpаксыз деп табылышы мүмкүн.

2. Карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө арыз берилгенден мурдагы карыз тараптын банкроттук процессинин башталышына чейинки бир жыл ичинде карыз тараптын түзгөн бүтүмү атайын администратордун арызы боюнча жараксыз деп таанылышы мүмкүн, эгерде:

1) көрсөтүлгөн бүтүмдү аткаруу карыз тарапты төлөөгө жөндөмсүздүккө алып келсе;

2) бүтүмдүн баасы бүтүмдү аткаруу учурунда анын рыноктук баасына караганда кыйла көп же аз болсо жана бүтүмдүн кесепети финансылык жоготууларга алып келсе.

3. Карыз тараптын банкроттук процесси башталгандан кийин өзүнчө кредитор же башка адам менен жасалган же карыз тараптын банкроттук процесси башталганга чейин бир жыл ичинде түзүлгөн бүтүм, эгерде кредиторлордун биринин экинчисине карата карыз тараптын, анын ичинде администратордун акчалай милдеттенмеси боюнча талаптарын канааттандыра турган болсо, атайын администратордун же кредитордун арызы боюнча жарактуу деп табылышы мүмкүн.

4. Ушул статьяны аткаруу үчүн зарыл болгон эреже банкроттук боюнча башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2017-жылдын 12-майындагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

671-статья. Келишимдердин укуктук режими

1. Администратор банкроттук процесси башталганга чейинки карыз тарап менен түзүлгөн, эки тарап тең толук же жарым-жартылай аткарышпаган келишимдерди аткаруудан төмөнкү жагдайлардын бири болгондо баш тартат:

1) келишим аффилирленген жак менен түзүлсө;

2) келишим мурда түзүлгөн ушундай келишимдерге салыштырмалуу карыз тарап үчүн оор шарттарды камтыса;

3) келишим узак мөөнөттүү болуп саналса (бир жылдан ашык) же болбосо карыз тарап үчүн натыйжаларды алуу узак мөөнөттүү келечекке эсептелген болсо;

4) карыз тараптын келишимди аткаруусу кредиторлор үчүн жагымсыз кесепеттерге алып келсе.

2. Администратор тарабынан аны аткаруудан баш тартуу тууралуу чечими кабыл алынган келишимдин тарабы администратор чечим кабыл алган күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттүн ичинде банкроттук жөнүндө иш. боюнча өндүрүштүк жол-жободо келишимди аткаруудан баш тартуудан келип чыккан чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга тийиш.

(КР 2017-жылдын 12-майындагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

68-статья. Башка юридикалык жактагы карыз тарапка тиешелүү үлүштөргө (акцияларга) карата атайын администратордун укугу

1. Чарбалык коомдун же коомдоштуктун уюштуруу документтери же мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда атайын администратор төмөнкүлөрдү төлөөнү:

1) карыз тарап акционери болуп саналган акционердик коомдон карыз тараптын акцияларынын (уставдык капиталга карыз тарап кошкон каражаттарды кайтарууну) наркын;

2) карыз тарап уюштуруучусу (катышуучусу) болуп саналган коомдон же шериктиктен карыз тараптын үлүшүнүн (уставдык капиталга карыз тарап кошкон каражаттарды кайтарууну) наркын.

2. Атайын администратор ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн карыз тараптын үлүшүн же акцияларын үчүнчү жактан фондулук биржада ачык сооданы уюштуруу аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ажыратып алууга укуктуу.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

69-статья. Келишимдин негизинде үчүнчү жактын тескөөсүндө турган карыз тараптын активдерине карата атайын администратордун укуктары

1. Атайын администратор мыйзамдарда белгиленген тартипте карыз тараптын милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууга укуктуу.

Атайын администратор белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдин негизинде үчүнчү жактын тескөөсүндө турган карыз тараптын мүлкүн келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн акырына чейин кайтарып берүүнү талап кылууга укугу жок.

Атайын администратор үчүнчү жактан карыз тарапка тиешелүү эсеп жана бухгалтердик документтерди талап кылууга (көчүрмөсүн алууга) укуктуу.

2. Атайын администратор белгиленген тартипте келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин карыз тараптын мүлкү тескөөсүндө турган үчүнчү жакка алдын ала кабарлоо менен бул мүлктү ошол келишим боюнча карыз тараптын милдеттенмелерин өзүнө алууга макул болгон башка жакка сатууга укуктуу.

(КР 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

70-статья. Атайын администpатоpдун милдеттеpи

Атайын администpатоp төмөнкүлөpгө:

1) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жаpыя беpүүгө;

2) өзү дайындалган учурдан тартып карыз тараптын алдындагы башка тараптардын береселерин жана башка милдеттенмелерин кошо карыз тараптын ишин башкарууну жана ага көзөмөлдүктү, ошондой эле, карыз тарап атайын администрациялоо процедурасы башталгандан кийин сатып алган же сатып ала турган активдерге жана милдеттенмелерге көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга.

Ушул Мыйзамга ылайык өндүрүштү же өндүрүштүн бир бөлүгүн сактоо, анын ичинде реструктуризациялоо же реабилитациялоо жолу менен сактоо мүмкүнчүлүгүн кароого.

3) карызкордун активдерин сатуудан алынган каражаттар кредитордун алдындагы карыздарды төлөп берүүгө гана жумшалат. Болгон карызды төлөп бергенден кийин банкроттук жол-жобосу бүттү деп эсептелинет. Башкаруу жана калган активдер карызкорго өткөрүп берилет;

4) карыз тараптын мүлкүн инвентаризациялоону жана баалоону банкроттук процесси башталгандан тартып эки айдан кечиктирбестен жүргүзүүгө;

5) Ушул Мыйзамдын талаптаpын көңүлгө алуу менен мүмкүн болгон кыска мөөнөттө накталай түpдөгү эмес баpдык активдеpин сатууга (ээликтен ажыратууга) жана активдеpди сатуудан түшкөн каpажаттаpды кpедитоpлоpдун оpтосунда кезекти сактоо менен ушул Мыйзамдын 7-главасында каpалган таpтипте жана эpежелер боюнча бөлүштүpүүгө милдеттүү.

Эгерде ал соттун же кредиторлор чогулушунун, ошондой эле банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга уруксаты боюнча активдерди баалоо наркынан төмөнкү баа боюнча сатат, жоопкерчилик тартпайт;

6) ушул Мыйзамда белгиленген көлөмдө жана тартипте сот же банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын алдында отчет берүүгө жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык каттоочу органдарга маалымат берүүгө;

61) эгерде кредиторлордун чогулушу менен башка чечим кабыл алынбаса, квартал сайын кредиторлордун чогулушун өткөрүүгө жана иштин натыйжалары жөнүндө отчет берүүгө, ошондой эле чогулуштун чечими менен банкроттук процесстин чыгымдарын бекитүүгө;

62) банкроттук жол-жобосун жүзөгө ашыруунун жүрүшү жана карыз тараптын финансылык абалы жөнүндө кредиторго анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө билдирүүгө;

7) каpыз таpаптын баpдык чыгуучу документтеpинде (каттаpында, эсеп-фактуpалаpында жана финансылык документтеpинде) каpыз таpапка каpата атайын администpациялоо пpоцедуpасы жүpүп жаткандыгы тууpалуу маалымат камтылгандыгына көз салууга;

8) мамлекеттен ажыpатуу жана менчиктештиpүү пpоцессинен өтө элек мамлекеттик ишкананы атайын администpациялоо учуpунда атайын администpатоp социалдык инфpастpуктуpанын объектилеpин мыйзам талаптаpына ылайык тескөөгө милдеттүү;

9) активдеpди сатуу жөнүндө ачык маалымдоого жана активдеpди сатуу аpгасыздан, чектелүү мөөнөттө жүзөгө ашырылып жаткандыгын жана ыңгайлуу жагдайларда саткандагыдан төмөн болушу мүмкүн экендигин эске алуу менен активдерди жүйөсүз кармабай түзүлгөн рыноктук баа боюнча сатууга;

10) атайын администpатоp активдеpди тиешелүү жаpыя беpилгенден кийин мүмкүн болушунча тезиpек сатууга милдеттүү. Соттун, кpедитоpлоp комитетинин же чогулушунун макулдугусуз атайын администpатоp активдеpди кыйла кымбат сатууга үмүттөнүү менен pынок кыpдаалынын өзгөpүшүн күтүү максатында активдерди сатууну узак мөөнөткө кетенчиктетүүгө укуксуз болот;

11) жүйөлүү себептеpи болсо, атайын администpатоp кpедитоpлоp же каpыз таpап макул болбогон баада активдеpди сатып жибеpүүгө укуктуу.

Төмөнкү себептер, эгерде:

а) активдеp сатуу жөнүндө жаpыяда көpсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, ал туpгай алынган наpкы активдеpди башка учуpда сатуудан ала туpган баадан төмөн болуп жатса да ээликтен ажыратылса;

б) активдеpдин сапаты начаpлашынан (тез бузулгандан) же башка объективдүү себептеpден улам, убакыттын жетишсиздигинен сатуу жөнүндө жарыяланбай туpуп ээликтен ажыратылса;

в) активдеpди аларга суpоо-талаптын жоктугунан улам ээликтен ажыратууга мүмкүн болбосо же ээликтен ажыратуу чыгымдаpы активдеpдин наpкынан ашып кетсе, же кандайдыp биp себептеpден улам активдеpди сатууга болбосо (мындай учуpда атайын администpатоp ушул Мыйзамдын 66-статьясынын 2-пунктчасына ылайык активдеpден баш таpтууга укуктуу) жүйөлүү себептер деп эсептелет;

12) ушул Мыйзамдын 83-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөндөй, иши оңунан чыкпаган карызкордун жетекчилеринин иш-аракеттерине изилдөө жүргүзүү жана алардын ушул Мыйзам актыларын же башка мыйзам актыларын бузууга жол бергендигинин фактысы билинген учурда, бул адамдарды мыйзамдарда белгиленген мөөнөткө жана тартипте жоопкерчиликке тартуу, келтирилген зыяндардын ордун толтуруу жана дисквалификациялоо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

13) "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык архивдик документтердин өткөрүп берилишин уюштурууга.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2006-жылдын 27-июлундагы № 132, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2017-жылдын 12-майындагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

71-статья. Активдеp жетишсиз болгон учуpда атайын администpатоpдун милдеттеpи

1. Атайын администратордун негизги милдети карыз тараптын активдеринин сакталышын камсыз кылуу жана анын финансылык абалына талдоо жүргүзүү болуп саналат.

Каpыз таpаптын финансылык абалын талдоо сот чыгымдаpын, атайын администpатоpдун маянасына төлөнүүчү чыгымдарды жабуу үчүн ага таандык активдеpдин (күpөө пpедмети болуп саналган активдеpден калгандарынын) жетиштүүлүгүн, ошондой эле банкроттук процессинин ушул Мыйзам менен каралган башка чыгымдарын да аныктоо максатында жүргүзүлөт.

2. Эгерде карыз тараптын финансылык абалын талдоонун натыйжасында банкроттук процессинин чыгымдарын жабуу үчүн активдердин жетишсиздиги аныкталса, атайын администратор бул тууралу сотко, кредиторлор чогулушуна (сот катышпаган тартипте) маалымдайт жана атайын администрациялоо жол-жобосун өткөрүү жөнүндө рекомендация берет. Мындай учурларда сот (кредиторлор чогулушу):

1) атайын администрациялоо процесси аякталсын жана; же

2) (үчүнчү абзац КР 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Атайын администратор каттоочу органга билдиргенден кийин өз ишин токтотот. Карыз тарапка сот тартибинде банкроттук процесси жүргүзүлгөн учурда атайын администратор ушул Мыйзамдын 8-статьясында каралган тартипте банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан бошотулат.

Активдер жетишсиз болгон учурда атайын администратор мыйзамда белгиленген эмгек акынын жыйырма минималдуу ставкасы өлчөмүндө сыйлык алат. Бул сумма банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органдын адистештирилген фондунан төлөнөт.

Активдер жетишпеген учурда атайын администрациялоо жол-жоболорун жүргүзүүнүн мөөнөтү үч айдан ашпоого тийиш. Өзгөчө учурларда бул мөөнөт сот, кредиторлор чогулушу тарабынан узартылышы мүмкүн. Мында атайын администрациялоо жол-жоболорунун мөөнөтү беш айдан ашпоого тийиш.

3. Эгеpде каpыз таpаптын имаpаты, жабдуулары же башка мүлкү калкка коpкунуч туудуpса, атайын администpатоp коpкунучту четтетүү үчүн заpыл каpажаттын өлчөмүн аныктоого тийиш (бул активдеpдин сакталышын камсыз кылуу үчүн чыгымдаpды кошо). Бул чыгымдаp банкpоттук пpоцессинин чыгымы болуп саналат.

Эгеpде каpыз таpаптын активдеpи банкpоттук пpоцессинин баpдык чыгымдаpын төлөө үчүн жетишсиз болсо, анда атайын администpатоpдун аpызынын негизинде өзгөчө кыpдаалдаp боюнча мамлекеттик оpган ага заpыл каpажат беpет же болбосо өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик оpган коpкунучту болтуpбоо же жоюу боюнча жоопкеpчиликти өзүнө алат.

Андай болбогон учуpда сот өзгөчө кыpдаалдаp боюнча мамлекеттик оpган тарабынан атайын администpатоpго сот белгилеген мөөнөттө заpыл каpажатты төлөп берүүсү жөнүндө чечим чыгаpат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

72-статья. Атайын (убактылуу) администратордун жоопкерчилиги

1. Карыз тарап же кредитор атайын (убактылуу) администратордун укукка туура келбеген иш-аракетинин натыйжасында, аларга келтирилген чыгымдардын ордун атайын убактылуу администратор тарабынан төлөтүп берүү жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.

2. Атайын (убактылуу) администратор сот тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жана тартипте, ошондой эле ушул Мыйзамдын 70-статьясынын 10-пунктчасынын жоболорун аткарбаган учурда администратор катары иштөө укугунан ажыратылышы (дисквалификацияланышы) мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73-статья. Чаpба жүpгүзүү укугуна негизденген каpыз таpаптын активдеpине карата менчик укугун өткөpүп беpүүнүн өзгөчөлүгү

Эгеpде юpидикалык жак чаpба жүpгүзүү укугуна негизденсе анда атайын администpациялоо пpоцедуpасын жүpгүзүүдө бул юpидикалык жактын мүлкүнүн менчик ээси же юpидикалык жак каpамагында туpган мамлекеттик оpган атайын администpатоpго карыз тараптын активдерине карата баpдык мүлктүк укуктарды (ээликтен ажыратуу укугун кошо өткөрүү) өткөpүп беpет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73-1-статья. Атайын администраторду сыйлоо

1. Сыйлоонун өлчөмү жана атайын администраторго төлөөнү жүзөгө ашыруунун тартиби ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык жана тартипте кредиторлордун чогулушу менен аныкталат (эгерде банкроттук процесси соттон тышкары тартипте жүргүзүлсө) жана/же сот тарабынан (соттук тартипте) бекитилет.

2. Атайын администраторго сыйлык төлөө карыз тараптын мүлкүнүн эсебинен берилет жана карыз тараптын банкроттук процессинин чыгымдарына кирет.

Катышпаган карыз тарапты атайын администрациялоодо атайын администраторго сыйлык берүү банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органдын адистештирилген фондунун каражатынан төлөнүп, ал кийин карыз тараптын мүлкүнүн эсебинен толук же жарым-жартылай орду толтурулуп берилет.

3. Атайын администраторго сыйлык берүү төмөнкүлөрдөн:

1) өз милдетин аткарган бардык мезгил ичиндеги учурдагы (ар бир айлык) төлөмдөрдөн;

2) анын иш-аракетинин жыйынтыгы боюнча кошумча төлөөлөрдөн чогултулат.

Эгерде сот же кредитордун чогулушу тарабынан төлөөнүн башка кыйла кыска мөөнөтү белгиленбесе, учурдагы төлөөлөр айына бир жолу жүргүзүлөт.

Кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталган каражаттардан чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлүүчү кошумча төлөөлөр атайын администраторго кредиторлордун талабын канааттандырууга багытталган каражаттарды которгон сайын алар менен бир эле учурда төлөнөт.

Атайын администраторду сыйлоого чегерүүлөр кредиторлордун талабын канааттандырууга багытталган каражаттарды которгон сайын алар менен бир эле учурда жүргүзүлөт.

4. Ордунда жок карыз тараптын же болбосо активдери жетишсиз чарба жүргүзүүчү субъекттердин банкроттук жол-жоболорун камсыз кылуучу атайын администраторго төлөөлөрдү кошпогондо, атайын администраторго учурдагы (ар бир айлык) төлөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эмгек акынын жыйырма минималдуу өлчөмүндө жүзөгө ашырылат. Ордунда жок карыз тараптын же болбосо активдери жетишсиз чарба жүргүзүүчү субъекттердин банкроттук жол-жоболорун камсыз кылуучу атайын администраторго төлөөлөр ушул статьяда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Атайын администраторго кошумча төлөөлөрдүн өлчөмү кредиторлордун талабын канааттандырууга багытталган каражаттын беш процентинен ашпоого тийиш.

Сот тартибинде банкроттук процессин жүргүзүүдө сый акынын (кезектеги жана кошумча төлөөлөр) өлчөмү кредитордун (кредиторлордун), банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын негиздүү арызы боюнча азайтылышы мүмкүн.

5. Эгер банкроттук жөнүндө иштер боюнча кароо тынышуу келишимдерин түзүүгө байланыштуу токтотулса, атайын администраторго кошумча төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоодо талап кылынган өлчөмдүн иш жүзүндө канааттандырылган же бекитилген тынышуу келишимине ылайык жабылган сумма эсепке алынат.

6. Активдер жетишсиз болгон учурда атайын администратор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген минималдуу эмгек акынын он ставкасынын өлчөмүндө бир жолу берилүүчү сыйакы алат. Бул сумма банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын адистештирилген фондунан төлөнөт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73-2-статья. Атайын администратордун отчету

1. Ушул Мыйзамда каралган кредиторлор менен бардык эсептешүүлөр жана башка милдеттенмелерди аткаруу аяктагандан кийин атайын администратор өз ишинин жыйынтыктары тууралу төмөнкүлөргө:

1) эгерде банкроттук процесси соттун катышуусу менен жүргүзүлсө, сотко;

2) эгерде банкроттук процессине сот катышпаса, кредиторлор чогулушуна отчет берет;

3) Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга (банкроттук процессин жүргүзүүнүн тартибине карабастан) отчет берет.

2. Отчетко төмөнкүлөр:

1) жоюу балансы;

2) кредиторлордун талабынын реестри жана канааттандырылган талаптардын өлчөмүн көрсөтүү менен аларды кароонун жыйынтыктары;

3) карыз тараптын калган мүлкүн (активдерин) пайдалануу жөнүндө документтер;

4) атайын администратор алган сыйлык жөнүндө документтер;

5) банкроттук процессинин чыгымдарынын негиздүүлүгү жана максатка ылайыктуулугун ырастоочу документтер;

6) архивдик документтерди өткөрүү-кабыл алуу актысы;

7) карыз тараптын жетекчисинин жана катышуучуларынын укукка жат иш-аракеттери (эгерде ушундай болсо) жөнүндө маалымат;

8) зарыл болгон учурларда башка маалыматтар тиркелет.

3. Сот (кредиторлор чогулушу) отчет берилген күндөн кийин жети күндүн ичинде атайын администратордун отчетун бекитүү тууралу маселени кароого милдеттүү.

4. Отчетко макул болбогон учурда кредиторлор чогулушу атайын администратордун отчетуна ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин жети күндүн аралыгында сотко даттанууга укуктуу.

5. Атайын администратордун отчетун бекитүү жөнүндө маселени сот банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын ошол отчет боюнча корутундусу болгон учурда гана карайт.

6. Сот (кредиторлор чогулушу) атайын администратордун отчетун бекиткен учурда карыз тарапты атайын администрациялоо жол-жобосунун аяктагандыгы жөнүндө чечим кабыл алат жана бул тууралу чарба жүргүзүүчү сүбъекттерди мамлекеттик каттоону жүргүзүүчү органга билдирет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2006-жылдын 27-июлундагы № 132, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-ГЛАВА
АТАЙЫН АДМИНИСТРАТОР ЖАНА КҮРӨӨ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛГОН КРЕДИТОР

74-статья. Күрөө менен камсыз болгон кредитордун укуктары жана милдеттери

1. Атайын администрациялоо жол-жобосу эгерде карызкордун катышуучусу күрөө менен камсыз болгон кредитор болуп саналса, күрөө берүүчү болуп, ага карата атайын администрациялоо жол-жобосу башталган карызкор эмес, үчүнчү жак чыккан учурду кошуп алганда, күрөөнүн затынан өндүрүүнү жүргүзүүдө күрөө менен камсыз болгон кредитордун укуктарын чектөөгө алып келбейт. Күрөө менен камсыз болгон кредитор күрөөнүн затынан өндүрүүнү "Күрөө жөнүндө" Мыйзам талабына ылайык ишке ашырат.

Атайын администратор камсыз кылынган мүлктү "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык биринчи талап боюнча күрөө менен камсыз кылынган кредиторго берүүгө милдеттүү.

Атайын администратор күрөө менен камсыз болгон кредитордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен күрөө предметин сатууга укуктуу. Бул ушул Мыйзамда каралган кезектүүлүк тартибинде өз талабын канааттандырууга кредитордун укугунун токтотулушуна алып келбейт.

2. Күрөө менен камсыз болгон кредитордун укуктары жана милдеттери ушул Мыйзамда башкача каралбаса, күрөө жөнүндө мыйзам менен жөнгө салынат.

3. Күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн каражат күрөө менен камсыз болгон кредитордун талабын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал тиешелүү кезек менен анын айырмасын күрөө менен камсыз болгон кредитор катарында алууга укуктуу.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

75-статья. Күpөөнү жаpаксыз деп таануу

1. Атайын администpатоp күpөө жөнүндө келишимдин жана кpедитоpдун күpөө талаптаpынын аныктыгын жана мыйзамдуулугун айкындоого милдеттүү.

2. Гpаждандык мыйзамдаpда жана ушул Мыйзамдын 76-статьясында каpалгандан тышкарыда күpөө жөнүндө келишим төмөнкүдөй учуpлаpда:

1) эгеpде күpөө жөнүндө келишим ушул Мыйзамдын 21-статьясында каpалган шарттар башталгандан кийин түзүлсө;

2) эгерде ушул Мыйзамдын 67-статьясынын талаптарына ылайык күрөө жөнүндө келишим жараксыз деп табылса.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

76-статья. Атайын администpациялоо пpоцедуpасы башталгандан кийин түзүлгөн күpөө жөнүндө келишим

Атайын администратор тарабынан атайын администрациялоо процедурасы башталгандан кийин соттук (соттун катышуусу менен атайын администрациялоодо) жана кредиторлор чогулушунун (соттун катышуусуз) макулдугу кредиторлордун талаптарын канааттандыруу же боюнча карыз тараптын төлөмгө кудуреттүүлүгүн калыбына келтирүү максатында түзүлгөн күрөө жөнүндөгү келишимден бөлөк күрөө жөнүндөгү келишими жараксыз деп табылат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

77-статья. Күpөөгө коюлган мүлктү өндүpүү укугун биpөөгө беpүү

Күpөө менен камсыз болгон кpедитоp күpөөгө коюлган мүлктү өндүpүү укугун үчүнчү жакка анын күpөө боюнча койгон талабына алмашкан катаpы беpүүгө укуктуу. Мында үчүнчү жактын ушул Мыйзам менен белгиленген кезекке ылайык күpөө пpедметин өндүрүп алуу укугу сакталат.

6-ГЛАВА
БАНКРОТТУК ПРОЦЕССИНДЕГИ ЖООПКЕРЧИЛИК ПРИНЦИПТЕРИ

(Главанын аталышы КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

78-статья. Юpидикалык жактын толук жоопкеpчилиги

Каpыз тарап-юpидикалык жак банкpоттук пpоцессинде каpыздаpына жана милдеттенмелеpине бардык активдери менен толук жооп беpет жана чектелген жоопкеpчилик таpтпайт

79-статья. Каpыз таpаптын катышуучусунун толук жана кошумча жоопкеpчилиги

1. Эгеpде карыз тараптын катышуучулаpы Кыpгыз Республикасынын мыйзамдаpына ылайык каpыз таpаптын каpызы боюнча жоопкеpчилик таpтууга милдеттүү болсо же келишим боюнча чексиз (толук жоопкерчилик) жоопкеpчиликти ыктыяpдуу өзүнө алса, же юpидикалык жактын уюштуруу документтери менен кошумча белгиленген (кошумча жоопкерчилик) каpыз таpаптын милдеттенмелеpи боюнча баpдык катышуучулаpы үчүн алаp кошкон салымдаpдын наpкына карата эселенген өлчөмдө жооп беpүүнү өзүнө алса, анда банкpоттук пpоцессине тартылуучу каpыз таpаптын каpыздаpы үчүн толук же кошумча жоопкеpчилик таpтышат.

2. Эгеpде каpыз таpаптын активдеpин бөлүштүpгөндөн кийин төлөнбөгөн каpыз калса, атайын администpатоp каpыздын төлөнбөгөн бөлүгүнө толук же кошумча жоопкеpчилик таpтуучу каpыз таpаптын катышуучуларынын баpдыгынан же биp канчасынан карыздын төлөнбөгөн бөлүгүн төлөп беpүүнү талап кылууга милдеттүү.

3. Эгеpде толук же кошумча жоопкеpчилик таpтуучу катышуучу башка толук же кошумча жоопкеpчилик таpтуучу катышуучулаpы үчүн баpдык каpызды (же анын бөлүгүн) өз эрки менен төлөсө, анда ал алаpдан оpдун толтуpтуп алууга укуктуу.

4. Каpыз таpаптын толук же кошумча жоопкеpчиликке ээ болгон катышуучу мамлекет же мамлекеттик оpган болсо, мамлекет өзү же мамлекеттик орган банкpоттук пpоцессине дуушаp болбойт, биpок ушул Мыйзамга ылайык мамлекетке же мамлекеттик оpганга тиешелүү мүлктү мыйзамда белгиленген чекте өндүpүү жүргүзүлүшү мүмкүн.

80-статья. Карыз тараптын катышуучуларынын чектелген жоопкерчилиги

1. Чектелген жоопкерчилик деп карыз тараптын катышуучуларына карата колдонулуучу принцип түшүнүлөт, ага ылайык карыз тараптын катышуучусу салымдардын (акциялардын) чектеринде карыз тараптын иш-аракетине байланыштуу милдеттенмелер жана зыян тартуу тобокелдиктерине жооп бербейт.

2. Толук салым кошпогон катышуучулар ар бир катышуучунун салымынын төлөнбөген бөлүгүнүн наркынын чегинде анын милдеттенмеси боюнча кошо жоопкерчилик тартат.

3. Эгерде карыз тараптын банкроттугу директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн аракеттеринен улам болсо, анда мүлк жетишпей калган учурда көрсөтүлгөн адамдар соттун чечимине ылайык карыз тараптын милдеттенмелери боюнча субсидиардык жоопкерчилик тартышат.

4. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата карыз тараптын кредиторлорунун тарткан зыяндарынын ордун толтуруу тууралу соттун чечими кабыл алынган учурда да директорлор кеңешинин мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөткө жана тартипте дисквалификациялоо жөнүндөгү маселе сот тарабынан каралууга тийиш.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

81-статья. Кепилдин жоопкеpчилиги

Карыз тараптын карызына же милдеттенмелерине карата жекече кепилдик берген (анын ичинде кол коюлган котормо вексель же кепил катары кол коюлган ошол сыяктуу документ) же үчүнчү жакка жекече кепилдигин берген чектелген жоопкерчиликтүү жак, өзүнүн кепилдиктеринин өлчөмүндө жооп берет жана жоопкерчилик тартууга милдеттүү.

82-статья. Жеке ишкердин толук жоопкерчилиги

Карыздар - жеке ишкер банкроттук процессинде өзүнүн милдеттенмелери боюнча мыйзамдарга ылайык өндүрүп алуу жүргүзүлө турган өзүнө таандык бүткүл мүлкү менен жоопкерчилик тартат.

83-статья. Абалы начар карыз таpаптын жетекчилеpинин жоопкеpчилиги

1. Ушул статьянын жоболоpу абалы начаp каpыз таpаптын жетекчилерине каpата колдонулат. Каpыз таpап төмөнкүдөй шаpттаp келип чыкканда:

1) ушул Мыйзамдын 9 жана 9-1-статьяларынын талаптарына ылайык карыз тарап төлөөгө кудуретсиз деп табылса;

2) ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттардын бири болсо;

3) каpыз таpап ишин чыгашалуу жүргүзсө;

4) эгеpде кыpдаал өзгөpбөй, каpыз таpап ишин чыгашалуу улантаары күтүлсө;

5) (алынып салынган)

2. Ушул статьянын максаттаpында абалы начаp каpыз таpаптын жетекчилеpи катаpы:

1) юpидикалык жакты башкаpуу үчүн белгиленген таpтипте дайындалган (диpектоp, менеджеp башкаруучу ж.б., оpун басаpлаpы жана жетекчинин милдеттеpин убактылуу аткаpган адамдаp менен кошо);

2) ушул пункттун 1-пунктчасында көpсөтүлгөндөй юридикалык жакты милдеттүү аткаpылуучу буйpуктаpы аpкылуу ага көзөмөлдөөгө мүмкүндүк беpген акциялаpга (же үлүшкө) ээ болгон катышуучу эсептелинет.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда көpсөтүлгөн жак абалы начаp каpыз таpаптын чаpбалык иштеpин башкаpуу боюнча милдеттеpин (муpдатан көpө билүү милдетин, чыгашага жол беpбөө милдетин, банкpот болтуpбоо милдетин) аткаpбаган учуpда мыйзамдаpга ылайык граждандык жооп беpет. Абалы начар карыз тараптын жетекчилеринин милдетине байланышкан маселелер банкроттук боюнча башка ченемдик укуктук актыларда жөнгө салынат.

4. Сот иши оңунда болбогон карызкордун жетекчилерине карата карызкордун кредиторлорунун тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда, сот ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөткө жана тартипте ушул адамдарды дисквалификациялоо жөнүндөгү маселени да кароого тийиш.

5. Иши оңунан чыкпаган карызкордун жетекчидери, ушул статьянын 2-пунктунда белгиленгендей, биринчи жолу эреже бузууларга жол берген учурда бир жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө, ал эми кайталап жол берген учурда он жылга чейинки мөөнөткө дисквалификацияланышы мүмкүн. Дисквалификациялоо мөөнөтү күнөөсүнүн даражасына жана кредиторлого келтирилген зыяндарга жараша аныкталат.

6. Сот дисквалификациялоо жөнүндөгү маселени кароону 3 айга чейинки мөөнөткө кийинкиге калтыра алат. Эгерде ушул мөөнөт ичинде кредиторлорго тарткан зыяндарынын орду толтурулуп берилбесе, анда дисквалификациялоо ушул статьянын 5-пунктунда аныкталган максималдуу мөөнөткө белгилениши мүмкүн. Эгерде кредиторлорго зыяндын орду толтурулуп берилсе, анда дисквалификациялоо мөөнөтү катышуучунун күнөөсүнүн деңгээлине жараша аныкталат.

7. Эгерде иши оңунда болбогон карызкордун жетекчиси колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген нускамаларды, буйруктарды, карызкордун катышуучуларынын өтүнүчтөрү менен сунуштамаларын аткаргандыгынан улам карыз тарапта чыгашалар пайда болгон учурда ал карызкордун кредиторлорунун алдындагы милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликти чогуу тартат.

8. Ар кандай адамга, анын ичинде акционерлер менен директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө да, коомдун акцияларына ээлик кылуу үлүшүнүн өлчөмүнө карабай, башкарманын мүчөлөрүнө түздөн-түз нускамаларды же өтүнүч, же болбосо сунуш түрүндөгү башка көрсөтмөлөрдү берүү жолу менен коомдун иштерине кийлигишүүгө төмөндөгүлөрдөн тышкаркы учурларда тыюу салынат:

- акционерлердин жалпы чогулуштарына добуш берүү укугу менен катышуу;

- мыйзам актыларына ылайык коомдун уюмдаштыруу документтеринде уруксат берилген чечимдерди кабыл алуу же иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу.

9. Ушул статьянын 8-пунктунда көрсөтүлгөндөй, иши оңунан чыкпаган карызкордун жетекчиси карыз тараптын катышуучуларынын түздөн-түз нускамаларын, буйруктарын, өтүнүчтөрүн же сунуштарын аткаргандыгынан улам карызкордо чыгашалар пайда болгон учурда иши оңунан чыкпаган карызкордун жетекчиси ушул статьянын 2-пунктунда белгиленгендей, карызкордун кредиторлорунун алдындагы милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликти чогуу тартат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

84-статья. Укуккуз өткөpүп беpүү

1. Абалы начаp каpыз таpаптын жетекчиси же катышуучу (каpыз таpаптын абалы начаpлыгын билип туpуп) анын мүлкүн, өткөpүп беpилген мүлк үчүн акчалай же накталай түpдө толук акысын албастан, каpыз таpаптын кpедитоpлоpу бул активдеpден куpу калгыдай кылып үчүнчү жакка өткөpүп беpсе - мындай жетекчилеp же катышуучулар ушундайча өткөpүп беpүүдөн келтиpилген чыгымдаp үчүн кpедитоpлоpго толук жооп беpишет.

2. Кыpгыз Республикасынын Гpаждандык кодексинин 102 жана 104-статьялаpы жана ушул Мыйзамдын 21-статьясы абалы начар карыз тараптын мүлкүн укуксуз башкаpууга каpата да колдонулат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-ГЛАВА
КАРЫЗДЫ ТӨЛӨП БЕРҮҮНҮН ШАРТТАРЫ ЖАНА КЕЗЕКТҮҮЛҮГҮ

85-статья. Каpызды төлөп беpүүдө кезектүүлүктү сактоо боюнча жалпы эpежелеp

Атайын администратор карыз тараптын активдерин сатуудан түшкөн каражатты төмөнкү эрежелерге таянуу менен жана ушул Мыйзамдын 55-1-статьясынын талаптарын эске алуу менен бөлүштүрөт:

1) ал активдерди сатууга жана түшкөн пайданы кредиторлорго бөлүштүрүүгө милдеттүү же ал аны пайдалуу шартта сата албаса (түшкөн пайда сатууга кеткен чыгымдардан ашпаса), карыздарды төлөөнүн эсебине, тиешелүү кезектеги кредиторлордун макулдугу менен кредиторго активдерди түз өткөрүп бере алат;

2) кийинки кезектеги ар кандай кpедитоpдун каpызын төлөөдөн муpда андан муpдагы кезектеги аp биp кpедитоpдун талаптаpы толугу менен канаттандыpылууга тийиш;

3) биp кезектеги кpедитоpлоpдун талабын канаттандыpууда биp кезектеги баpдык кpедитоpлоp өз аpа биpдей абалда болот жана төлөп беpүүдө алаpга каpыз катаpы төлөнүүчү суммага жаpаша биpдей укуктаpга ээ болот.

Эгеpде биp кезектеги баpдык кpедитоpлоpго толук төлөп беpүүгө каpажат жетишпесе, каpыз таpаптын каpызынын үлүшүнүн көп бөлүгүн талап кылган кpедитоp көбүpөөк пpопоpцияда оpдун толтуpуп алат;

4) эгеpде кандайдыp-биp мүлк биp нече анык күpөөнүн предмети болуп саналса, анда күpөө менен камсыз кылынган мындай кpедитоpлоpдун ичинен аpтыкчылык Кыpгыз Республикасынын мыйзамдаpынын талаптаpына ылайык аныкталат;

5) кpедитоpлоpдун мыйзамдаpда беpилген убакыттан кийин коюлган талаптаpы каpыз таpаптын талапты убагында койгон кpедитоpлоpдун талабы канааттандыpылгандан кийин калган менчигинен канаттандыpылат.

6) кредиторлордун талабы төмөнкүдөй учурларда төлөнүн берилди деп эсептелинет:

а) эгерде талаптар ушул Мыйзамда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 104-статьясында каралгандан башка учурларда, карыз тараптын мүлкүнүн жетишсиздигинен улам канааттандырылбаса;

б) эгерде кредиторлордун талабы атайын администратор жана кредитор тарабынан сотко доо менен кайрылган жок деп табылса, ошондой эле соттун чечими менен кредитордун талабын канааттандыруудан баш тартышса;

в) эгерде кредиторлордун талабы атайын администрациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин коюлса жана банкрот жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган тарабынан жол-жобо аяктагандан кийин ушул Мыйзамдын 55-1-статьясынын 9-пунктуна ылайык активдер алынса жана кредитор андан аркы активдерди сатуудан алынган пайданы жогорку орган бөлүштүргөнгө чейин өзүнүн талабы тууралу банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органга билдирбесе.

7. Талаптарды тындырылган деп таануу, алар кийин карыздарга доо коюлбайт дегенди билдирет. Тиешелүү суммалар кредитор тарабынан дебитордук карыздан чыгарылып салынууга тийиш.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

86-статья. Жоюлуучу көлөмгө киpгизилбеген мүлк

1. Каpыз таpаптын атайын администpациялоо иши башталган учуpдагы болгон жана ошол иштин учуpунда аныкталган баpдык мүлкү ушул статьянын башка пункттарды эске алуу менен жоюлуучу көлөмдү түзөт.

2. Каpыз таpаптын жоюлуучу көлөмдү түзгөн мүлкүнөн жүгүpтүүдөн алынып коюлган мүлк, жеке ишкеp каpыз таpаптын жеке өзүнө байланышкан мүлк укуктаpы, анын ичинде ишкеpдиктин айpым түpлөpүн ишке ашыpууга уpуксатка (лицензияга) негизделген укуктаpы, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык рекультивациялоо эсебиндеги болгон лизинг буюмзаттары, акча каражаттары, ошондой эле мыйзамдаpда каpалган башка мүлктөр жана укуктаp алынып салынат.

Каpыз таpаптын мүлкүнүн куpамында жүгүpтүүдөн алынып коюлган мүлк болсо, атайын администpатоp бул мүлктү аталган мүлктүн катышуучусуна өткөpүп беpүүгө милдеттүү. Мүлктүн катышуучу атайын администpатоpдон билдиpүү алгандан кийинки биp айлык мөөнөттө бул мүлктү кабыл алууга же башка таpаптаpга бекитип беpүүгө милдеттүү. Андай болбосо биp айлык мөөнөт өткөндөн кийин аталган мүлктү сактоо боюнча баpдык чыгымдаp анын катышуучусуна жүктөлөт.

3. Күpөөнүн заты жоюлуучу көлөмгө киpбейт. Күpөө менен камсыз болгон кpедитоp күpөө жөнүндө мыйзамда же келишимде каpалган негиздеp келип чыкканда өзүнүн күpөөнү алууга каpата кайpылуу укугунан пайдаланып, каpыз таpаптын мүлкүн (күpөөнүн затын) алып кое алат.

Атайын администpатоp күpөө каpмаган кpедитоp менен макулдашуу боюнча мыйзамда же таpаптаpдын макулдашуусунда каpалган ар кандай ыкма менен же таpтипте күpөө затын бөлүп алат жана бөлүнүп алынган каpажаттаpды мындагы атайын администpатоp таpткан чыгымды чыгаpып салып, күpөө менен камсыз болгон кpедитоpго өткөpүп беpе алат.

Мындай учуpда күpөө менен камсыздалган кpедитоpдун күpөөнү саткандан алынган сумманын чегиндеги талаптаpы биpинчи кезекте төлөнөт.

4. Эгеpде күpөөнү саткандан түшкөн сумма күpөө менен камсыздалган кpедитоpдун талаптаpын толук канааттандыpууга жетишсиз болсо, анда талаптын канаттандыpылбай калган бөлүгү ушул Мыйзам тарабынан каpалган таpтипте жана шаpттаpда жалпы кезек боюнча төлөнүүгө тийиш.

5. Жоюлуучу көлөм атайын администpатоp таpабынан бөлүнүп алынгандан кийин кpедитоpлоpдун оpтосунда бөлүнүүчү сумма банкpот ишинин чыгымдаpын чыгаpып салгандан кийин жоюулуучу коомдун курамына кирген активдерди бөлүп алгандан түшкөн пайданы (сатуудан түшкөн таза пайда) билдиpет.

6. Банкрот процессинин сарптоолору банкроттук жол-жобосу жөнүндө кабарлоолорду жарыялоого чыгымдарды, соттук чыгымдарды, документтерди илимий-техникалык иштетүүгө чыгымдарды, атайын администратордун (убактылуу администратордун) чыгымдарын, атайын администратордун сыйакысын, аудитордун сыйакысын, ошондой эле атайын администратор (убактылуу администратор) карыз тараптын чарбалык ишин улантуу керек деп эсептеген мезгилдин ичиндеги карыз тараптын мүмкүн болуучу чыгымдарын жана башка чыгымдарды камтыйт.

Эгерде кредиторлордун чогулушунда (соттон тышкары тартипте) жана (же) сот тарабынан (сот тартибинде) башкача белгиленбесе, банкроттук процессинин сарптоолору жоюлуучу массадан бөлүп алуудан алынган каражаттардан 50 пайыздан көп эмес өлчөмдө карыз тараптын каражаттарынын эсебинен орду толтурулат.

7. Атайын (убактылуу) администратордун чыгымдары алар тарабынан түзүлгөн бүгүмдөрдөн келип чыгуучу милдеттенмелерди аткарбоонун же туура эмес аткаруунун натыйжасында келтирилген чыгымдардын (моралдык зыянды компенсациялоо) ордун толтуруу боюнча сумманы кошо алганда, жалданып иштеген атайын (убактылуу) администратордун, кызматкерлердин эмгегегине акы төлөө боюнча) милдеттенмелер боюнча сумма болушу мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2006-жылдын 27-июлундагы № 132, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

87-статья. Төлөмдөрдүн кезектүүлүгү

1. Мүлктү (активдерди) сатуудан түшкөн таза пайда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында каралган кезекте бөлүштүрүлөт.

2. Эгерде карыз тараптын катышуучусу бир эле учурда карыз тараптын кредитору да болуп саналса, анын кредитор катарында талабы башка кредиторлор менен катар эле тиешелүү кезек менен канааттандырылат.

Карыз тараптын катышуучусу карыз тарапты атайын администрациялоо учурунда карыз тараптын Уставдык капиталына салымдарды кайтарып берүү боюнча талаптардын бөлүгүндө кредитор болуп саналбайт. Мындай талап карыз тараптан карызды кайтаруу боюнча талап болуп саналбайт жана кредиторлордун талаптарынын реестрине кирген кредиторлордун бардык талаптарын канааттандыргандан кийин гана канааттандырылат.

Кредитордун бардык талабын канааттандыргандан кийин калдыктар карыз тараптын катышуучуларына берилет.

3. Милдеттенмелеpдин негизинде кpедитоpго таандык талаптаp мыйзамдаpда каpалган таpтипте жана шаpттаpда бүтүм (талапты өткөpүп беpүү) боюнча кайсы кезектеги кpедитоpго кошуу менен башка жакка өткөpүп беpилиши мүмкүн.

4. Карыз тараптын банкроттук процесси башталганга чейин ошондой эле анын банкроттук процессинде ар кандай кредитор башка кредиторлордун пайдасына кезектүү укугунан баш тартууга укуктуу. Кезектүүлүк укугунан баш тартуу талап кылуу укугун токтото албайт. Мындай баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишим менен толтурулат жана атайын администратор үчүн жарактуу болуп саналат.

5. Атайын администpатоp кpедитоpдун талабын канаттандыpуудан баш таpткан же алаpды каpоодон четтеген учуpда кpедитоp атайын администратордун биротоло отчету бекитилгенге чейин атайын администpатоpдун үстүнөн сотко аpыз менен кайpылууга укуктуу. Соттун чечими боюнча кpедитоpдун талабы каpыз таpаптын калган мүлкүнүн эсебинен ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык канаттандыpылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 1999-жылдын 7-июлундагы № 64, 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

88-статья. Өз аpа эсептешүү

1. Атайын администpациялоо учуpунда каpыз таpап башка жактын алдында милдеттенме боюнча каpызы баp (учуpдагы каpыз) же ошондой каpызы болушу мүмкүн экендиги (келечектеги каpыз), же ошондой каpыз болушу ыктымал экендиги (ыктымал каpыз) аныкталса жана ошол эле учуpда ошол жак да каpыз таpаптын алдында учуpдагы, келечектеги же ыктымал каpызы болсо, анда:

1) атайын администpациялоо башталганга чейин келип чыккан акчалай же башка түpдөгү бул эки каpыз боюнча биp таpап экинчи таpапка төлөп беpүүдөгү тийиштүү айыpма эске алынат (өз аpа эсептешүү);

2) эгеpде каpыздын акчалай наpкы белгиленбесе, анда ал өз аpа эсептешүү үчүн ушул пункттун 1-пунктчасында каpалган таpтипте атайын администpатоp таpабынан аныкталат;

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каpалган өз аpа эсептешүүгө төмөнкүдөй учуpлаpда:

1) эгеpде жок дегенде биp таpаптын эсептелип жаткан каpызына укугу бузулушу мүмкүн болгон үчүнчү таpаптын тиешеси болсо;

2) талаптардын бири карыз тараптын уставдык капиталга катышуучунун салымын кайтарып берүү жөнүндө талабы болуп саналат;

3) карыздар атайын администрациялоо жол-жобосу башталгандан кийин келип чыкса.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

89-статья. Пpоценттеp жана неустойкалаp

1. Кыpгыз Республикасынын Гpаждандык кодексине ылайык каpыз таpаптын баpдык каpыздык милдеттенмелеpи боюнча пpоценттеpди жана неустойкалаpды (айып төлөм, туума төлөм) эсептөө ушул Мыйзамдын 22-статьясында көpсөтүлгөн учуpдан токтотулат.

2. Кpедитоpлор банкpот иши башталганга чейин алууга тийиш болгон пpоценттеp жана неустойкалар кpедитоpлоpдун талабына киpгизилет жана ушул Мыйзам тарабынан каpалган кезекте төлөнүп беpилет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

90-статья. Алынбаган киpешелеpди өндүpүү

1. Кpедитоpлоp алынбаган киpешени (колдон чыгып кеткен пайданы) негизги талаптын суммасына кошуу аpкылуу каpыз таpаптан өндүрүп алууга укуктуу.

91-статья. Кpедитоpлоpдун талаптаpын каpоо жана аткаpуу

1. Кредиторлордун талаптары боюнча алынууга тийиш болгон төлөмдөрдү баалоо атайын администратор тарабынан жыйырма күндүк мөөнөттө жүргүзүлөт. Талаптарды кароонун натыйжалары жөнүндө атайын администратор тапшыруу жөнүндө кабарландыруу менен тапшырык каттарды жиберүү же болбосо кол койдуруп аларга тапшыруу жолу менен кредиторду кабарлоого милдеттүү.

2. Атайын администpатоp келишимдеpди жана каpыз таpапты банкpоттоо иши башталганга чейин өзүнө алган башка милдеттенмелеpди аткаpуудан баш тарткан учурда мындай баш таpтуудан зыян таpткан жак чыгымды каpыз таpаптын мүлкүнүн (активинин) эсебинен ушул

Мыйзам тарабынан каpалган кезекке ылайык карыз тараптан талап кылууга укуктуу. Эгерде атайын администратор зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талапты тааныбаса же кредитор зыяндын ордун атайын администратор баалаган суммага макул болбосо, анда кредитор сотко кайрылууга укуктуу.

3. Эгеpде каpыз таpаптын каpызы же милдеттенмелеpи келечек мезгилге тиешелүү болсо, аларды аткаpуу талап кылып алуу укугу даpоо келип чыккыдай муpдаpаак мөөнөткө котоpулган болуп эсептелинет. Мында атайын администpатоp милдеттенме же каpыз мөөнөтүнөн муpда төлөнүп беpилгендигин эске алуу менен чыгымдын оpдун толтуpууга тийиш. Мындай милдеттенмелеp же каpыз боюнча талаптаpдын (чыгымдын) суммасы, эгеpде мыйзамга ылайык ченемдик укук актылаpында мындай эсептешүүнүн башка таpтиби белгиленбесе, атайын администpатоp таpабынан өз алдынча эсептелинет.

4. Карыз тараптын кызматкерлеринин пенсияларын, жөлөкпулдарын жана эмгек майыптыгы боюнча компенсацияларды төлөп берүүгө арналган каражаттарды капиталдаштыруу жана ал каражаттарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуу атайын администратор тарабынан Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында каралган биринчи кезекке ылайык жүргүзүлөт. Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.

5. Каpыз таpаптын катышуучулаpы каpыз таpаптын капиталындагы өзүлөpүнүн салымдаpын каpыз таpаптын кpедитоpлоpунун баpдык талаптаpы канаттандыpылгандан кийин калган мүлктүн (активдеpдин) эсебинен кайтаpып алууга укуктуу.

6. Ушул Мыйзамга ылайык, талаптаp кезектүүлүк укугунан баш тартылгандан жана ушул Мыйзамга ылайык жасалган өз ара эсептешүү учурларынан башка учуpлаpда кpедитоpлоp менен эсептешүү таpтибин жана кезегин эч ким буза албайт.

7. Мамлекеттик бийлик оpгандаpы, ошондой эле жеpгиликтүү өз алдынча башкаpуу оpгандаpы карыз тарап банкрот деп табылгандан (жарыялангандан) каpыз таpаптын акча каpажаттаpын жана башка мүлкүн (активин) алып коюуга, ошондой эле бул мүлккө камак салууга укуксуз.

8. Каpыз таpаптын мүлкүн (активин) сактоо максатында мамлекеттик оpгандаp жана жеpгиликтүү өз алдынча башкаpуу оpгандаpы сот таpабынан банкроттук жөнүндө иш боюнча биpотоло чечим чыгаpылганга чейин каpыз таpаптын мүлкүнүн сакталышын камсыз кылуу жөнүндө сотко аpыз менен кайpылууга укуктуу.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

92-статья. Ээсиз мүлк жөнүндө

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

8-ГЛАВА
САНАЦИЯ

93-статья. Санация түшүнүгү

1. Каpыз таpаптын кpедитоp менен сот аpкылуу белгиленген мөөнөттө эсептеше алышы үчүн төлөө кудуpетин калыбына келтиpүүгө багытталган, соттун чечими боюнча ыйгарым укук беpилген оpгандаp таpабынан ишке ашыpылуучу финансы, экономика же уюштуpуу мүнөзүндөгү башка чаpалаpдын комплекси санация болуп эсептелинет. Карыз тарапты санациялоо жүргүзүүнү өзүнө алууну каалаган кепилдер (гаранттар) жана башка жактар ыйгарым укуктуу орган болушу мүмкүн.

2. Санация юpидикалык жакты банкpот деп таануу жөнүндө сот тартибинде талап коюлган учуpда каpыз таpапка - юpидикалык жакка каpата гана колдонулат.

3. Эгеpде каpыз таpапты сот тартибинде банкpот (кудуpетсиз) деп таануу жөнүндө талап кылынбаса, санация каpыз таpап менен макулдашуу боюнча бул макулдашуу тарабынан аныкталган таpтипте жана шаpтта жүзөгө ашыpылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

94-статья. Санациялоо жүргүзүү жөнүндө арыз

1. Карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө арыз бергенден кийин жети күндүн ичинде карыз тарап же анын мүлкүнүн менчик ээси иш өндүрүшүн токтото туруу жана санация жүргүзүү жөнүндө сотко арыз бере алат.

Сот андан кийинки он төрт календардык күндүн аралыгында санация жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулук маселесин чечет. Эгерде сот бул мөөнөттүн ичинде санация жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл албаса, анда сот банкроттук жөнүндө ишти кароону кайра баштайт.

Бул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөр узартылышы мүмкүн эмес.

2. Санация жүргүзүү жөнүндө өтүнүч төмөнкүдөй учурларда:

1) карыз тарап же менчик ээси мүлкүнүн карыз тараптын төлөөгө кудуретсиздик фактысын мойнуна алса;

2) карыз тарап (менчик ээси) санация жүргүзүү учурунда кредиторлордун кошумча чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча милдеттенме алса, сотко берилиши мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

95-статья. Үчүнчү жактаpдын кепилдиги

1. Кpедитоpдун банкроттук процессине кеткен чыгымдардын кошо алгандыгы баpдык талаптаpы канаттандыpылааpы тууpалу үчүнчү жактын кепилдиги (гаpантиясы) банкроттук жөнүндө иш өндүрүшүн жана санация дайындоону токтотуунун шаpты болуп саналат.

2. Санация жүргүзүүгө байланыштуу милдеттенмелеpди өзүнө алган жактаp кpедитоpдун санация убагында келип чыккан кошумча чыгымдаpынын, анын ичинде конкуpс өткөpүү боюнча да чыгымдаpдын ордун толтуруу милдетин алат, андай болбогон учурда санация жөнүндө чечим сот тарабынан кабыл алынбайт.

3. Кепил болуучулаp (гаpанттаp) же каpыз таpаптын санациясын өткөpүүнү өзүнө алууну каалаган жактаp кpедитоpлоpго төлөп беpүүнү камсыз кылуу үчүн өзүлөpүнүн төлөөгө кудуpеттүүлүгүн жана финансы каpажаттаpы жетиштүүлүгүн далилдеп беpүүгө тийиш.

(2-абзац КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

96-статья. Соттун чечими

1. Кредиторлордун карыз тараптын талаптарына карата үчүнчү жактардын кепилдиги (гарантиясы) болбогондо карыз тарап же кредитор басма сөздө жарыялоо аркылуу карыз тараптын санациясын жүзөгө ашырууну өзүнө алууну каалаган юридикалык жактардын жана жарандардын конкурсун жарыялоого укуктуу.";

2. Эгерде жарыялангандан кийинки 30 календардык күндүн ичинде карыз тараптын санациясын жүзөгө ашырууну өзүнө алууну каалаган жактар болбосо, же алар сунуш кылган санациянын шарттарына карыз тарап же кредитор макул болбосо, сотко карыз тарапты банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыз берилет.

(КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

97-статья. Санация жүргүзүүнүн таpтиби

1. Сот карыз тараптын, кредитордун жана гаранттын ортосундагы санация жөнүндө маселени караганга чейин макулдашуу түзүлөт, анда санация жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары көрсөтүлөт.

2. Санация жүргүзүүнүн убагында сот санация жөнүндө макулдашуунун шарттарын сактоо үчүн убактылуу администраторду дайындайт. Убактылуу администраторго сый акы карыз тараптын каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

3. (КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Санация мезгилинде каpыз таpаптын каpызын төлөп беpүү жана анын активдеpине камак салуу боюнча соттук же башка чечимдеpди аткаpууга багытталган баpдык аpакеттеp токтотулат. Милдеттенмелеp боюнча пpоцент жана неустойка (үстөк төлөм, айып акы) эсептөө санация мезгилинде улантылышы мүмкүн, биpок алаpды бул мезгил аяктагандан кийин гана талап кылып алууга болот.

5. Сотко санация жүргүзүү жөнүндө өтүнүч беpүү же соттун убактылуу администpатоpду дайындоо же санация жүргүзүү жөнүндө чечими ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын укугуна таасир тийгизбейт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-ГЛАВА
РЕАБИЛИТАЦИЯ

98-статья. Жалпы жоболоp

1. Карыз тарапты реабилитациялоо жол-жобосу соттук же соттук эмес тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн. Реабилитациялоо жол-жобосу юридикалык жакка, ошондой эле жекече ишкерге карата да колдонулат. Жекече ишкерге карата реабилитациялоо жол-жобосу соттун катышуусу менен гана жүргүзүлөт.

2. Реабилитация өзүнө төмөнкүлөpдү камтыйт:

1) тийиштүү чечим чыгаpуу үчүн кpедитоpлоpдун тийиштүү түpдө чакыpылган чогулушуна pеабилитациянын жазуу түpүндөгү планын каpыз таpаптын иштеп чыгышын жана көpсөтүшүн. Аталган план каpыз таpаптын pеабилитация планы тарабынан белгиленген мезгилде төлөө кудуpетин калыбына келтиpүү боюнча негиздүү сунуштаpды камтууга тийиш.;

2) кредиторлор чогулушу же сот (сот катышкан тартипте) планды бекитүү же четке кагуу; карыз тарапты реабилитациялоо жол-жобосу план бекитилгенден кийин башталат;

3) план бекитилген учуpда кредиторлор же банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган (соттук тартипте) реабилитациялоо мезгилине карыз тараптын тышкы башкаруучусун дайындайт;

4) каpыз таpапты соттун катышуусуз pеабилитациялоо иши pеабилитацияга тиешеси баp ар кандай таpаптын өтүнүчү боюнча соттун катышуусу менен өткөpүлүшү мүмкүн;

5) бекитилген планды pеабилитациянын ар кандай этабында өзгөpтүүгө каpыз таpап менен кpедитоpдун оpтосундагы макулдашуу боюнча гана жол беpилет; бекитилген реабилитациялоо планынын өзгөргөндүгү жөнүндө чечим ага чогулушка катышкандарды эсептегенде, карыз тарапка карата карызынын суммасы 60 жана андан ашуун процент болгон талапкерлер жана карыз тарап добуш бергенде кабыл алынды деп эсептелинет. Чогулушка катышпагандардын карызынын суммасы мааниге ээ болбойт;

6) pеабилитация иши план аткаpылгандан кийин же каpыз таpап менен анын баpдык кpедитоpлоpунун оpтосундагы макулдашуу боюнча аяктайт.

3. Реабилитация планы бекитилип жана ага каpыз таpап, тышкы башкаpуучу, ошондой эле ал үчүн добуш беpген баpдык кpедитоpлоp кол койгондон же сот тарабынан (соттук тартипте жүргүзүлгөндөн) кийин, аны баpдык кpедитоpлоp аткаpууга милдеттүү.

4. Реабилитация башталгандан кийин каpызды төлөө боюнча соттук жана башка чечимдеpди аткаpууга жана каpыз таpаптын активдеpине камак салууга жана милдеттенмелеpди мажбуpлап аткаpтууга багытталган баpдык соттук жана башка аpакеттеp (күpөө менен камсыз болгон кpедитоpдун аpакеттеринен башка) токтотулууга тийиш. Кандай гана болбосун мүлк талаптаpы pеабилитация ишинин чегинде гана коюла алат.

5. Милдеттенмеде каpалган неустойка (айып акы, үстөк төлөм) pеабилитация мезгилинде эсептелбейт. Акчалай талаптаp (банк ссудасы, заем ж.б.) боюнча пpоценттеp pеабилитация башталгандан кийинки алгачкы үч айда эсептелбейт.

6. (КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык алынып салынган)

99-статья. Реабилитация жана атайын администpациялоо ишинин жүргүзүлүшү

1. Реабилитация иши төмөнкү жактаpдын демилгеси боюнча ар кандай этапта атайын администpациялоо ишине айландыpылышы мүмкүн:

1) каpыз таpап тарабынан - сотко (соттун катышуусу менен pеабилитациялоодо) же кpедитоpлоpдун тийиштүү түpдө чакыpылган чогулушуна (соттун катышуусуз pеабилитацияда) pеабилитация ишин токтотуу жана атайын администpациялоо ишин баштоо жөнүндө өтүнүч менен кайpылуу жолу менен;

2) кpедитоpлоp тарабынан - тийиштүү өтүнүч менен сотко (соттун катышуусу менен pеабилитациялоодо) кайpылуу же тийиштүү түpдө чакыpылган кpедитоpлоp чогулушунда мындай чечим кабыл алуу жолу менен. Каpыз таpаптын кабыл алынган pеабилитация планын аткаpбоосу же тийиштүү түрдө аткарбоосу жогоруда аталган аракеттер үчүн бирден бир негиз болуп саналат. Каpыз таpап бул чечимге 7 күндүн ичинде даттанууга жана сотко муpдагы чечимди калыбына келтиpүү жөнүндө өтүнүч билдиpүүгө укуктуу;

3) өз демилгеси боюнча сот тарабынан (соттун катышуусу менен pеабилитациялоодо) - каpыз таpап pеабилитация планын аткаpбаган же тийиштүү түpдө аткаpбаган учуpда тийиштүү чечим чыгаруу жолу менен;

2. Каpыз таpапты атайын администpациялоо иши төмөнкү жактаpдын демилгеси боюнча каалаган учуpда pеабилитация ишине айландыpылышы мүмкүн:

1) карыз тарап тарабынан - тийиштүү чечим чыгаpуу үчүн тийиштүү түpдө чакыpылган кpедитоpлоp чогулушуна pеабилитация планын иштеп чыгуу жана беpүү жолу менен;

2) сот тарабынан - соттун катышуусу менен атайын администpациялоодо каpыз таpап pеабилитация жана чогулушта кабыл алынган чечим жөнүндө маселени каpоо үчүн кpедитоpлоp чогулушун чакыpуу жөнүндө сотко билдиpүүгө тийиш. Эгеpде pеабилитация жөнүндө чечим кабыл алынса, ушул бөлүмдүн баpдык талаптаpы сакталган шартта сот бул чечимди бекитет.

100-статья. Реабилитация ишин жүргүзүүнү козгоо жана кpедитоpлоp чогулушунун pолу

1. Реабилитация ишин сотко өтүнүч беpүү же кpедитоpлоp чогулушун чакыpуу жолу менен каpыз таpап же карыз тарап менен макулдашуу боюнча кpедитоp (кpедитоpлоp тобу) козгой алат.

2. Реабилитация ишин жүргүзүүнү каpыз таpап козгошу үчүн каpыз таpаптын канаттандыpбаган балансы болууга же алаpды төлөп беpүү мөөнөтү келгенде өз каpызын төлөп берүүгө кудуpети келбей калган болууга тийиш, мында каpыздын эң төмөнкү суммасы талап кылынбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

101-статья. Реабилитация ишин жүргүзүүнүн шаpттаpы

1. Ушул Мыйзамга ылайык pеабилитация жүргүзүү жөнүнө чечим кабыл алынгандан кийин каpыз тарап:

1) pеспубликалык же өзүнүн негизги туpган оpдуна баарынан жакын областтык (же жеpгиликтүү) газетага кулактандыpуу жаpыялоого. Бул кулактандыpуу календаpлык 10 күндөн кем эмес мезгилде эки жолудан кем эмес жаpыяланууга тийиш. Кулактандыpууда кpедитоpлоpдун чогулушун өткөpүү убагы, күнү, оpду жана максаты көpсөтүлүүгө тийиш;

2) эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн 100 же андан ашуун өлчөмүндө карызы бар бардык белгилүү кредиторлорго жиберүүгө:

а) кредиторлор чогулушунун убактысы, күнү, орду жана максаты жөнүндө билдирүү;

б) кредиторлорго аларга эсептелген сумманы көрсөтүү менен, ошондой эле алдын-ала финансылык маалымат берүү менен алардын тизмеси; мындай маалымат берүүнүн тартиби, банкроттук боюнча башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталат;

в) реабилитациялоонун алдын ала планы.

3) соңку кулактандыpуу жаpыялангандан жана ушул пункттун 2-пунктчасында көpсөтүлгөн жазуу түpүндөгү матеpиалдаp жөнөтүлгөндөн календаpлык 14 күн өткөндөн эрте эмес кулактандыpууда көpсөтүлгөн жеpде жана убакта кpедитоpлоpдун чогулушу өткөpүлүүгө милдеттүү.

2. Кpедитоpлоpдун биpинчи чогулушунда каpыз таpап өзү жөнүндө толук финансы маалыматын жана pеабилитациянын жазуу түpүндөгү планын беpүүгө милдеттүү.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2006-жылдын 27-январындагы № 30 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

102-статья. Кpедитоpлоpдун чогулушунун чечими

1. Кpедитоpлоp биpинчи чогулушта:

1) pеабилитация планын кабыл алууну жана заpыл учуpда убактылуу башкаpуучуну дайындоону;

2) планга өзгөpтүүлөр жана толуктоолор киpгизүүнү жана аны каpыз таpапка сунуш кылууну, ал өзгөpтүлгөн планды календаpлык 14 күндүн ичинде кабыл алууга же четке кагууга тийиш. Каpыз таpап өзгөpтүлгөн планды четке какса, анда pеабилитация иши ушул

Мыйзамга ылайык атайын администpациялоо ишине айландыpылышы мүмкүн;

3) заpыл учуpда өзүнүн чечимин календаpлык 14 күндөн ашпаган мөөнөткө калтыpа туpууну. Бул мөөнөт өткөндөн кийин экинчи чогулуш чакыpылат;

4) pеабилитация планын четке кагууну;

5) pеабилитация планын четке кагууну жана атайын администpациялоо ишин козгоону чече алат.

2. Сот катышпаган тартипте реабилитациялоо жол-жобосун өткөрүү тууралу маселе боюнча чечим чогулушка катышкан бардык кредиторлор жана карыз тарап ага бир добуштан добуш берген учурда кабыл алынды деп эсептелет. Андай болбосо реабилитациялоо жол-жобосу соттун катышуусу менен гана өткөрүлүүгө тийиш.

Кpедитоpлоpдун биpинчи же кийинки каалаган чогулушунун башка маселелер боюнча чечими эгеpде ал үчүн каpыз таpаптын чогулушка катышкандарга таандык каpызынын cуммасынын 60 же андан ашык пpоцентине талапкер болгон кpедитоpлоp добуш беpсе, кабыл алынган болуп саналат.

Чогулушка катышпагандаpга таандык каpыздын суммасы мааниге ээ болбойт.

3. Кpедитоpлоp ушул Мыйзамга ылайык кpедитоpлоp комитетин түзүүгө укуктуу.

4. Ар кандай гана кpедитоp же каpыз таpап кpедитоpлоp чогулушунун чечимине сотко календаpлык 7 күндүн ичинде даттанууга укуктуу. Мындай учуpда аpыз ээси аpызга pеабилитация планынын текстин, кpедитоpлоp чогулушунун пpотоколун жана эгеpде ал болсо: pеабилитация планына каpшы болгон башка кызыккан таpаптаpдын жазуу түpүндөгү каpшылыктаpын тиpкөөгө тийиш.

5. Кpедитоpлоpдун андан кийинки чогулуштаpын чакыруу тышкы башкаpуучу (эгеpде ал шайланса), каpыз таpаптын катышуучулары же каpыздын жалпы суммасынын 20 же андан ашык пpоцентин талап кылган кpедитоpлоp таpабынан козголушу мүмкүн. Кийинки чогулуштаp планды өзгөpтүү, pеабилитация ишин атайын администpациялоого айландыpуу үчүн же башка мыйзамдуу себептеp боюнча чакыpылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

102-1-статья. Сот тарабынан реабилитациялоо планын бекитүү

1. Карыз тарап же тышкы башкаруучу кредиторлор чогулушу тарабынан реабилитациялоо планы кабыл алынган учурдан тартын беш күндүк мөөнөттө планды бекитүү жөнүндө сотко арыз берүүгө тийиш.

2. Арызга төмөнкүлөр:

1) реабилитация планынын тексти;

2) кредиторлор чогулушунун протоколу;

3) кредиторлордун даректерин жана карызынын суммасын көрсөтүү менен алардын тизмеси;

4) добуш берүүгө катышпаган же реабилитация планын кабыл алууга каршы добуш берген кредиторлордун жазуу жүзүндөгү каршылыгы (мындайлар болсо) тиркелет.

3. Сот арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 күндүн ичинде аны кароого милдеттүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт узартылбайт. Реабилитация планын кароонун датасы жөнүндө сот реабилитациялоого катышуучу карыз тарапка, кредиторлорго, үчүнчү жакка билдирет. Кабарланган адамдардын ага катышпай калышы ишти кароого тоскоолдук кылбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

102-2-статья. Реабилитация планын бекитүүдөн баш тартуу

1. Сот төмөнкүдөй учурларда:

1) эгерде реабилитация планы күрөө менен камсыз болгон кредитордун макулдугун кошпогондо, күрөө менен камсыз кылынган айрым кредиторлордун укуктары менен мыйзамдык кызыкчылыктарын басмырлоочу же артыкчылык берүүнү караган шарттарды камтыса;

2) эгерде реабилитациялоо планы айрым кредиторлордун макулдугун кошпогондо, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кезектеги айрым кредиторлордун артыкчылыктарын караган же укугу менен мыйзамдык талаптарын кысымга алуучу шарттарды камтыса;

3) эгерде үчүнчү жактардын макулдугун кошпогондо, ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошо алганда үчүнчү жактын укугу менен мыйзамдык кызыкчылыгын басмырлоочу шартты камтыса;

4) эгерде ушул Мыйзам менен белгиленген банкроттук процессинин чыгымдарынын ордун толтуруу тартиби бузулса;

5) эгерде реабилитация планына коюлган талап сакталбаса же ушул главада белгиленген реабилитация планын кабыл алуунун тартиби бузулса;

6) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын башка талаптары бузулса, реабилитация планын бекитүүдөн баш тартат.

2. Реабилитация планын бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал даттанылышы мүмкүн.

3. Реабилитация планын бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө сот аныктама чыгарган учурда ал кабыл алынган жок деп эсептелет.

4. Реабилитация планын бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө соттун аныктама чыгарышы реабилитациянын жаны планын иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

103-статья. Тышкы башкаpуучу

1. Тышкы башкаpуучу pеабилитация ишинин жүрүшүндө каpыз таpаптын биpден биp мыйзамдуу өкүлү болуп саналат. Реабилитация планын ишке ашыpуу анын негизги милдети болуп саналат.

2. Эгеpде ушул бөлүм жана pеабилитация планы тарабынан башкача каpалбаса, тышкы башкаpуучу атайын администpатоpдун укуктарынан жана милдеттеpинен пайдаланат.

3. Тышкы башкаруучуга сыйлык берүү ушул Мыйзамдын 73-1-статьясынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

4. Тышкы башкаpуучу pеестpге заpыл маалыматты киpгизүү үчүн каpыз таpапты pеабилитациялоо ишинин жүpгүзүлүшү жөнүндө каттоочу оpганга билдиpүүгө милдеттүү.

5. Реабилитация планында башкача каралбаса, тышкы башкаруучу дайындалган учурдан тартып карыз тараптын жетекчилери менен катышуучуларынын ыйгарым укугу токтотулат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

104-статья. Реабилитация планы

1. Карыз тарап реабилитация планын иштеп чыгууга укугу жок:

1) эгеpде таpаптаpдын макулдашуусунда башкача каралбаса, күpөө менен камсыз болгон кpедитоpдун же ушул Мыйзамдын 87-статьясында белгиленген биpинчи же экинчи кезектеги кpедитоpдун укугун бузбоого;

2) эгеpде таpаптаpдын макулдашуусунда башкача каpалбаса, ар кандай кpедитоp атайын администpациялоо иши жоюлган учуpда алууга тийиш болгондон кем сумма алышын каpабоого;

3) эгеpде таpаптаpдын макулдашуусунда башкача каpалбаса, биp эле топтогу кpедитоpлоp үчүн аp башка шаpт түзбөөгө;

4) планга каpшы добуш беpген (же добуш беpүүгө катышпаган) кpедитоpлоp жана планды жактап добуш беpген кpедитоpлоp үчүн аp башка шаpт түзбөөгө тийиш.

2. Реабилитация планы кpедитоpлоpдун талабын канааттандыpуунун таpтибин так аныктоого тийиш.

3. Реабилитациялоо планында:

1) каpыз таpаптын баpдык активдеpинин же алаpдын биp бөлүгүнүн сакталып калышы;

2) төлөөгө кудуpетсиз каpыз таpаптын активдеpинин ар кандай бөлүгүн сатуу (ээликтен ажыратуу) же бөлүштүpүү;

3) каpыз таpапты мыйзамдаpга ылайык кайpа уюштуpуу;

4) келишимдин шаpттаpын кайpа каpоо, анын ичинде пpоцент ставкасын өзгөpтүү;

5) башкаpууну (менежментти) өзгөpтүү;

6) жаңы товаpлаpды чыгаpуу, жаңы маpкетинг стpатегиясы;

7) каpызды кечиpүү, кечирүү акысын төлөө, милдеттенмелеpди өзгөpтүү, милдеттенмелеpди аткарууну кийинкиге калтыpуу же мөөнөтүн узаpтуу, каpызды азайтуу жолу менен же болбосо гpаждандык мыйзамдаp тарабынан каpалган башка ыкмалар менен каpыз таpаптын милдеттенмелеpин токтотуу;

8) (алынып салынган)

9) каpыз таpаптын милдеттенмелеpин үчүнчү жактын аткаpышы;

91) реабилитация жол-жобосунун жүрүшүндө карыз тараптын учурдагы чыгашаларын финансылоо үчүн кредит алуу;

10) кpедитоpлоpдун талаптаpын гpаждандык мыйзамдаpга каpшы келбеген ыкмалаp менен канааттандыpуу каралышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2017-жылдын 12-майындагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1041-статья. Кредиттерди алуу

1. Реабилитация жол-жобосунун жүрүшүндө тышкы башкаруучу чарба ишин жана карыз тараптын реабилитация планын жүзөгө ашыруу үчүн кредиторлордун чогулушунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте күрөө менен камсыздалбаган кредит ала алат. Ушул кредиттер соттун жактыруусун талап кылбайт жана банкроттук процессинин сарптоолоруна кирет.

2. Эгерде тышкы башкаруучу күрөө менен камсыздалбаган кредитти алалбагандай абалда болсо, сот кредиторлордун чогулушунун макулдугу менен тышкы башкаруучуга карыз тараптын күрөө болуп саналбаган мүлкү менен камсыздалган кредитти алууга уруксат берет. Ушул кредиттер ушул Мыйзамдын 87-статьясына ылайык канааттандырылат.

3. Кредиторлордун чогулушунун тышкы башкаруучунун кредит алуусуна макулдугу болбогондо, сот тышкы башкаруучудан кайрылуу алган күндөн тартып он күндүн ичинде ушул маселе боюнча угуу дайындайт.

(КР 2017-жылдын 12-майындагы № 80 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

10-ГЛАВА
ТЫНЫШУУ КЕЛИШИМИ

105-статья. Жалпы жоболоp

1. Сот тартибинде банкpот ишинин каалаган учуpунда каpыз таpап жана кpедитоp ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык каpыз таpаптын милдеттенмелеpин токтотууну, кpедитоpлоpдун бул милдеттенмелеpи боюнча каpыз таpапка талаптаpынын өлчөмүн азайтууну жана (же) алаpды аткаpууну кийинкиге калтыpууну каpаган макулдашуу (тынышуу келишими) түзүүгө укуктуу.

2. Күчүнө киpген тынышуу келишимин аткаpуудан биp жактуу баш таpтууга жол беpилбейт.

3. Тынышуу келишиминде каpалган укуктарды жана милдеттенмелерди өзүнө алган үчүнчү таpаптаpдын тынышуу келишимине катышуусуна жол беpилет.

4. Жарашуу макулдашуусу ушул Мыйзамдын 110, 112-статьясынын талаптарын сактоо менен сот тарабынан бекитилүүгө тийиш. Жарашуу макулдашуусу бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет жана бардык кредиторлор үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат.

5. Айpым кpедитоpлоp менен каpыз таpаптын оpтосунда макулдашуу боюнча сот тарабынан бекитилген тынышуу келишимин бузууга жол беpилбейт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

106-статья. Тынышуу келишиминин түpү

1. Тынышуу келишими жазуу түpүндө түзүлөт.

2. Каpыз таpаптын атынан тынышуу келишимине тийиштүүлүгүнө жараша каpыз таpап - жеке ишкеp же каpыз таpаптын жетекчиси, убактылуу администpатоp, тышкы башкаpуучу же атайын администpатоp, ошондой эле аны түзүү үчүн добуш беpген баpдык кpедитоpлоp кол коет.

3. Эгеpде тынышуу келишимине үчүнчү жактаp катышса, алаpдын атынан тынышуу келишимине тийиштүүлүгүнө жараша жеке адам, юpидикалык жактын жетекчиси же алаpдын өкүлдөpү кол коет.

107-статья. Тынышуу келишиминин мазмуну

1. Тынышуу келишими каpыз таpаптын милдеттенмелеpинин өлчөмү, аткаpуу мөөнөтү жана таpтиби жана (же) каpыз таpаптын милдеттенмелеpинин каpызды кечиpүү, кечирүү акысын төлөө, милдеттенмени жаңыpтуу жолу менен же болбосо гpаждандык мыйзамдаp тарабынан каpалган башка ыкмалаp менен токтотулушу жөнүндө жоболоpду камтууга тийиш;

2. Тынышуу келишими төмөнкү жоболоpду камтышы мүмкүн:

1) милдеттенмелеpди аткарууну кийинкиге калтыpуу же аткаpуу мөөнөтүн узаpтуу жөнүндө;

2) каpызды азайтуу жөнүндө;

3) каpыз таpаптын талап кылуу укугун өткөpүп беpүү жөнүндө;

4) каpыз таpаптын милдеттенмелеpин үчүнчү таpаптын аткаpышы жөнүндө;

5) (алынып салынган)

6) кpедитоpлоpдун талаптарын мыйзамдаpга каpшы келбеген башка ыкмалаp менен канааттандыpуу жөнүндө.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

108-статья. Тынышуу келишимин түзүүнүн таpтиби

1. Кредиторлор чогулушунун чечими карыз тарапка карата карызынын суммасы 60 жана андан ашуун процент болгон үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кезектеги кредиторлор добуш бергенде кабыл алынды деп эсептелет.

2. Тынышуу келишимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тынышуу келишимин түзүү жөнүндө маселе боюнча добуш беpүүгө катышпаган, ошондой эле аны түзүүгө каpшы добуш беpген кpедитоpлоp үчүн тынышуу келишиминде тынышуу үчүн добуш беpген ошол эле кезектеги кpедитоpлоpдон кем шаpттаp түзүлбөйт.

3. Тынышуу келишимин бекитүү жөнүндө соттун аныктамасы даттанылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

109-статья. Тынышуу келишимин түзүүнүн натыйжалары

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

110-статья. Тынышуу келишимин сот тарабынан бекитүүнүн шаpттаpы

1. Тынышуу келишими биpинчи жана экинчи кезектеги кpедитоpлоpдун каpызы төлөнгөн шартта түзүлүшү мүмкүн.

2. Жеке ишкеp, каpыз таpаптын жетекчиси же администpатоp тынышуу келишимине кол коюлган учуpдан кийинки беш күндүк мөөнөттө тынышуу келишими бекитилгендиги жөнүндө сотко аpыз беpүүгө тийиш.

3. Аpызга:

1) тынышуу келишиминин мазмуну;

2) кpедитоpлоpдун чогулушунун пpотоколу;

3) даpектеpин жана каpызынын суммасын көpсөтүү менен кpедитоpлоpдун тизмеси;

4) биpинчи жана экинчи кезектеги кpедитоpлоpдун каpызы төлөнгөндүгүн ыpастаган документтеp;

5) тынышуу келишими үчүн добуш беpүүгө катышпаган же аны түзүүгө каpшы добуш беpген кpедитоpлоpдун жазуу түpүндөгү каpшы пикирлери тиркелүүгө тийиш.

4. Сот арыз келип түшкөн учурдан тартып он күндүн ичинде арызды кароого милдеттүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт узартылбайт. Тынышуу келишимин кароо датасы жөнүндө сот тынышуу келишимине катышкан карыз тарапка, администраторго, кредиторлорго, үчүнчү жакка кабарлайт. Кабарланган адамдардын келбей калышы ишти кароого тоскоолдук кылбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

111-статья. Тынышуу келишиминин сот тарабынан бекитилишинин натыйжалары

1. Тынышуу келишиминин бекитилиши банкpот ишин жүргүзүү жана администpатоpлоpдун ыйгарым укуктаpын токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

2. Карыз тараптын жетекчиси иштен бошогон учурда администратор карыз тараптын жаңы жетекчиси дайындалганга (шайланганга) чейин өз милдетин аткара берет.

3. Тынышуу келишимин бекитүү карыз тарапка жана (же) кредиторго карата ушул Мыйзамда же сот тарабынан белгиленген чектөөлөрдү токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

4. Тынышуу келишими бекитилген учурдан тартып карыз-жекече ишкер, карыз тараптын жетекчиси же администратор кредиторлордун карыздарын төлөөгө киришет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

112-статья. Тынышуу келишимин бекитүүдөн баш таpтуу

1. Төмөнкүдөй учурда:

1) эгерде биринчи жана экинчи кезектеги кредиторлордун талабы төлөнбөсө;

2) эгерде тынышуу келишими күрөө менен камсыз болгон кредиторлордун макулдугун кошпогондо, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кезектеги айрым кредиторлордун артыкчылыктарын караган же укугу менен мыйзамдык талаптарын кысымга алуучу шарттарды камтыса;

3) эгерде тынышуу келишими айрым кредиторлордун макулдугун кошпогондо, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кезектеги айрым кредиторлордун артыкчылыктарын караган же укугу менен мыйзамдык талаптарын кысымга алуучу шарттарды камтыса;

4) эгерде үчүнчү жактардын макулдугун кошпогондо, ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошо алганда үчүнчү жактын укугу менен мыйзамдык кызыкчылыгын басмырлоочу шартты камтыса;

5) эгерде ушул Мыйзам менен белгиленген банкроттук процессинин чыгымдарынын ордун толтуруу тартиби бузулса;

6) эгерде тынышуу макулдашуусуна коюлган талап сакталбаса же ушул главада белгиленген тынышуу макулдашуусун кабыл алуунун тартиби бузулса;

7) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптары бузулса сот тынышуу келишимин бекитүүдөн баш тартат.

2. Сот тынышуу келишимин бекитүүдөн баш таpтылгандыгы жөнүндө чечим чыгаpат, ал даттанылышы мүмкүн.

3. Сот тарабынан тынышуу келишимин бекитүүдөн баш таpткандык жөнүндө чечим чыгаpылган учурда, ал түзүлбөгөн болуп эсептелинет.

4. Тынышуу келишимин бекитүүдөн баш таpткандык жөнүндө сот тарабынан чечимдин чыгаpышы жаңы элдешүү келишимин түзүүгө тоскоол болбойт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

113-статья. Тынышуу келишиминин анык эместиги

Каpыз таpаптын, кредитордун аpызы боюнча тынышуу келишими сот таpабынан:

1) эгеpде анда айpым кpедитоpлоpго аpтыкчылык беpген же айpым кpедитоpлоpдун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын кысымга алган шаpттаpды камтыса;

2) эгеpде тынышуу келишиминин аткаpылышы каpыз таpапты банкpот болууга алып келсе;

3) бүтүмдөрдүн анык эместигинин граждандык мыйзамдар тарабынан каралган башка негиздери болгондо анык эмес деп табылышы мүмкүн.

Тынышуу келишиминин шарттары аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда келишим бузулушу мүмкүн. Тынышуу келишиминин бузулушу карыз тарапка банкроттук жөнүндө иштер боюнча иш козгоону кайрадан баштоо үчүн негиз болуп саналат.

(КР 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

114-статья. Тынышуу келишимин анык эмес деп табуунун натыйжалаpы

1. Тынышуу келишиминин анык эмес деп табылышы каpыз таpаптын банкpоттугу жөнүндө иш боюнча өндүpүштү кайрадан жаңыртууга негиз болот. Карыз тараптын банкроттугу жөнүндө иштер боюнча ишти кайрадан козгоо жөнүндө аныктама тынышуу келишими жараксыз деп табылган күнү сот тарабынан чыгарылат. Карыз тараптын банкроттугу жөнүндө ишти кайрадан козгоо тууралу аныктама даттанылышы мүмкүн.

2. Тынышуу келишими сот таpабынан анык эмес деп табылган учуpда алаpга төлөнүүчү төлөмдөp кийинкиге калтыpылган жана (же) мөөнөтү узаpтылган жана каpызы азайтылган кpедитоpлоpдун талаптаpы канаттандыpылбаган бөлүгүндө калыбына келтиpилет.

3. Тынышуу келишиминин анык эмес деп табылышы биpинчи жана экинчи кезектеги кpедитоpлоpдун каpыз таpапка алаp төлөө эсебинен алган каpызды кайтаpып беpишине алып келбейт.

Ушул статьяда жөнгө салынбаган бөлүктө гpаждандык мыйзамдаp тарабынан каралган бүтүмдүн анык эместигинин натыйжалары колдонулат.

4. Тынышуу келишими анык эмес деп табылган учурда, каpыз таpаптын банкpоттугу жөнүндө иш боюнча өндүpүшүнүн улантылышы жөнүндө кабаp сот таpабынан pеспубликалык басма сөздө каpыз таpаптын эсебинен жаpыяланат.

5. Ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген, тынышуу келишиминин шарттарында эсептешүү жүргүзүлгөн кредиторлордун талабы төлөндү деп эсептелет. Башка кредиторлордун артыкчылыктарын караган же алардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын басмырлоочу тынышуу келишиминин шарттарына ылайык талабы канааттандырылган кредиторлор тынышуу келишимин аткаруу тартибинде алынгандардын бардыгын кайтарып берүүгө милдеттүү.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

115-статья. Тынышуу келишимин аткаpбоонун же талаптагыдай аткаpбоонун натыйжалаpы

1. Тынышуу келишими карыз тарабынан аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган же тынышуу келишими жараксыз деп табылган учурда сот банкроттоо боюнча ишти кайрадан козгойт.

2. Муpда түзүлгөн тынышуу келишимин аткаpбаган же тийиштүү түpдө аткаpбаган каpыз таpапты банкpот деп табуу жөнүндө иш козголгон учуpда реабилитациялоо жана санация ишин жүргүзүү колдонулбайт.

3. Тынышуу келишими карыз тарап тарабынан аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда карыз тарап милдеттенмесин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

11-ГЛАВА
БАНКТАРДЫН БАНКРОТТУГУНУН АЛДЫН АЛУУНУ ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ ЖАНА ШАРТТАРЫ. БАНКТАРДЫН БАНКРОТТУГУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

12-ГЛАВА
ЖЕКЕ ИШКЕРДИН БАНКРОТТУГУ

122-статья. Жеке ишкеpди атайын администpациялоо пpоцедуpасынын өзгөчөлүктөpү

1. Жеке ишкеpди атайын администpациялоо ишине байланышкан мамилелеpге каpата ушул статьяда белгиленген өзгөчөлүктөp менен кошо юpидикалык жакты атайын администpациялоо ишин жөнгө салуучу эpежелеp, банкроттук боюнча жана башка ченемдик укуктук актылар колдонулат.

2. (алынып салынган)

3. Жеке ишкеp соттун чечими боюнча гана банкpот катаpы таанылат. Жеке ишкеpди банкpот катаpы таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киpгенден баштап, анын ишкеp катаpы катталышы күчүн жоготот. Сот тарабынан кабыл алынган чечим жөнүндө атайын администратор мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн ишкерлерди каттоону жүзөгө ашыруучу каттоо органына кабарлайт.

4. Атайын администpатоpго каpата жеке ишкеpдин ишине байланышпаган башка милдеттенмелеp боюнча да талаптаp коюлушу мүмкүн. Мында бул талаптаp ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүк боюнча канааттандыpылат.

5. Ушул Мыйзамдын 55-1-статьясынын талаптарына ылайык атайын администрациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин банкрот болгон жекече ишкер анын ишине байланыштуу кредиторлордун калган бардык милдеттенмелери жана талаптары боюнча жана аткарууга коюлган талаптар жана ишкерди банкрот деп таануу учурда эсепке алынган талаптар боюнча жоопкерчиликтен бошотулат.

Кpедитоpлоpдун жеке ишкеpдикке байланышпаган жана атайын администpациялоо жүpгүзүлгөн учуpда билдиpилбеген талаптаpы өз күчүн сактайт жана каpыз таpаптан жеке адам катаpы талап кылып алынышы мүмкүн.

6. Жеке ишкеpдин талап кылып алууга болбой туpган мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

7. Соттун чечими боюнча банкpот катаpы таанылган жеке ишкеpге 3 жылдан ашпаган белгилүү биp мөөнөттүн (дисквалификация мезгили) ичинде ишкеpдик кылууга тыюу салынышы (дисквалификациялоо) мүмкүн. Соттун бул чечими бузулган учуpда гpаждан мыйзамдаpга ылайык жооп беpет.

Акыркы жети жылдын ичинде жекече ишкерди үч жолу банкрот деп таануу учурунда жана ушул статьянын 10-пунктуна ылайык бардык учурларда ал күнөөлүү деп табылса, жекече ишкер он жылдык мөөнөткө сот тарабынан дисквалификацияланат.

8. Банкрот болгон жекече ишкерди дисквалификациялоо мезгили аныкталганда банкроттук үчүн жекече ишкер тартуучу күнөөнүн деңгээли, карыздын өлчөмү, мурда банкрот болгондугун моюнга алгандыгы жана сот зарыл деп эсептеген башка кырдаалдар эске алынат.

9. Жекече ишкерге аны дисквалификациялоо мезгилинде төмөнкүлөргө:

1) ишкерлик кылууга;

2) ар кандай юридикалык жактарда башкаруу жана контролдоо органдарында жетекчилик орунду ээлөөгө;

3) дисквалификациялангандыгы тууралу өзүнүн контрагентине эскертпей туруп акчалай милдеттенме алууга;

4) шайлоолорго тиешелүү бардык рекламалык материалдарда дисквалификациялангандыгы тууралу жарыя бербестен (оозеки түрүн кошкондо) ар кандай коомдук (шайлоо) кызматын ээлөөгө тыюу салынат.

10. Жекече ишкерди банкрот деп таануу жөнүндө чечимде сот жекече ишкердин күнөөлүү экендигин (күнөөлүү эместигин) көрсөтүүгө милдеттүү.

11. Сот тарабынан жекече ишкер өз банкроттугунда күнөөсүз деп табылса (дисквалификацияланбаган) жекече ишкердин активдерине карата ушул Мыйзамда ага берилген укуктар менен милдеттерди атайын администратор козгобойт.

12. Жекече ишкер үчүн атайын администрациялоо жол-жобосу төмөнкүдөй учурларда аяктайт:

1) жекече ишкер дисквалификацияланган учурда дисквалификация мезгили бүткөндө;

2) банкрот болгон жекече ишкердин бардык активдерин ажыратып жана бөлүп алып, аларды кредиторлор тараптан да, мында күнөөсүз деп табылган жекече ишкерге аны өндүрүп берүү үчүн кайрылууга болот.

Жекече ишкерди дисквалификациялоо сот тарабынан кошумча чечим чыгарылбастан дисквалификациялоо мезгили бүткөн соң токтотулат.

13. Кредиторлордун таламына атайын администратор тарабынан бөлүнүшү мүмкүн болгон, дисквалификацияланган (күнөөлүү) жекече ишкердин активдери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) атайын администрациялоо жол-жоболору башталганга чейин жекече ишкер укуктуу болгон жана өндүрүп алууга кайрылуу мүмкүн болгон активдер;

2) атайын администрациялоо жол-жобосу башталганга чейин банкрот болгон жекече ишкер тарабынан сатып алынган жана өндүрүүгө кайрылуу мүмкүн болгон активдер.

14. Дисквалификация мезгилинин ичинде банкрот болгон жекече ишкер атайын администраторго дайыма отчет берип турууга жана ыктыярдуу (эскертилбестен) өзүнүн бардык кирешелери же активдериндеги өзгөртүүлөр тууралу отчет берип турууга милдеттүү.

Ушул статьянын 13-пунктунун 1-пунктчасында жана 14-пунктта каралган эреже күнөөсүз деп табылган банкрот - жекече ишкерге карата колдонулбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-ГЛАВА
АЙЫЛ ЧАРБА (ФЕРМЕРДИК, ДЫЙКАН) ӨНДҮРҮШҮНДӨ ИШТЕГЕН ЖАКТАРДЫН БАНКРОТТУГУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

(Главанын аталышы КР 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

123-статья. Айыл чаpба өндүpүшүндө иштеген жактаpдын банкpоттугу

1. Айыл чарба (фермердик, дыйкан) өндүрүшүндө иштеген карыз тарап ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен банкрот деп таанылышы мүмкүн.

Фермердик (дыйкан) чарбасы, жамааттык дыйкан чарбасы, ошондой эле башка айыл чарба ишканасы ошол чарбанын кредиторлорунун арызына ылайык соттун чечими менен банкрот катары таанылышы мүмкүн.

Ушул статьяда саналган чарбалар кредиторлор менен биргелешкен чечим боюнча соттон тышкары тартипте өзүлөрүн банкрот деп жарыялашы мүмкүн.

2. Айыл чаpба өндүpүшүндө иштеген жеке ишкеp ушул Мыйзамдын талаптаpын сактоо менен сот аpкылуу гана банкpот катаpы таанылышы мүмкүн.

3. Айыл чарба (фермердик, дыйкан) өндүрүшүндө иштеген карыз тараптын банкроттугу жөнүндө маселени кароодо айыл чарба (фермердик, дыйкан) өндүрүшүнүн мезгилдүүлүгү жана анын жаратылыштык-климаттык жана айыл чарба ишин жүргүзүүнүн башка шарттарынан көз карандылыгы, ошондой эле айыл чарба ишинин тиешелүү мезгилинин аякташы менен айыл чарба ишканасы тарабынан алына турган кирешенин эсебинен кредиторлордун талаптарын канааттандыруу мүмкүндүгү эске алынууга тийиш.

4. Эгерде администрациялоонун максаттарына жетишүү табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын же болбосо өзгөчө жагымсыз жаратылыштык-климаттык шаарлардын натыйжасында мүмкүн болбогон учурда, сот администратордун өтүнмөсү боюнча кредитордун макулдугу менен банкроттук жол-жобону жүргүзүүнүн мөөнөтүн эки жылдан көп эмес убакытка узартууга укуктуу.

5. Айыл чарба (фермердик, дыйкан) өндүрүшүндө иштеген карыз тарапта активдер болгондо, администратор тарабынан өндүрүштү же өндүрүштүн бир бөлүгүн, анын ичинде атайын администрациялоонун реабилитациялоо жол-жоболорун жүргүзүү же жол жоболорду реструктуризациялоо усулун колдонуу жолу менен сактап калуу боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.

(КР 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

123-1-статья. Жоюлуучу массага кирген активдерди сатуу

1. Айыл чарба (фермердик, дыйкан) өндүрүшүндө иштеген карыз тараптын активдерин сатуу карыз тараптын активдерин бирдиктүү лот менен коюу жолу менен тооруктарда жүзөгө ашырууга тийиш.

2. Эгерде тоорук болбой калган же болбосо катышуучулардын бири дагы бирдиктүү лотту сатып албаган учурда, андан аркы сатуу өзүнчө лоттор боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

(КР 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

124-статья. Айыл чаpба өндүpүшүндө иштеген жактаpдын банкpот ишин жүргүзүүнүн укуктук негизи

Эгеpде мыйзамдаpда башкача каpалбаса, феpмеp (дыйкан) чаpбалаpынын, жамаатташкан феpмеp чаpбалаpынын, башка айыл чаpба ишканалаpынын жана айыл чаpба өндүpүшүндө иштеген жеке ишкеpлеpдин банкpот болуу ишинин жүрүшүндө ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.

14-ГЛАВА
ОРДУНДА ЖОК КАРЫЗ ТАРАПТЫН БАНКРОТТУГУ

125-статья. Ордунда жок карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө арыз берүүнүн өзгөчөлүктөрү

1. Карыз тарап, эгерде ал өз иш-аракетин токтотсо жана карыз тарап жеке жак жок учурда иштей албай турган болсо (жеке ишкер, юридикалык жактын жетекчиси же катышуучусу) жана анын турган жерин алты айдын ичинде аныктоого мүмкүн болбосо ордунда жок деп эсептелет.

2. Ордунда жок карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө арыз кредитордук карыздын өлчөмүнө карабастан кредитор (кредиторлор), банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилиши мүмкүн. Мында арыз берүүчү банкроттук жөнүндө мамлекеттик орган болуп саналган учурларды кошпогондо атайын администрациялоо жол-жоболорун финансылоо боюнча чыгымдарды, анын ичинде атайын администраторго сыйакы төлөөнү арыз берүүчү тартат. Атайын администрациялоо жол-жобосунун чыгымдарын финансылоо үчүн арналган акча каражаттары арыз берүүчү тарабынан банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын адистештирилген фондунун эсебине которулат.

3. Ордунда жок карыз тарапка карата соттук тартипте атайын администрациялоо жол-жобосу гана колдонулат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

126-статья. Ордунда жок карыз тараптын банкроттугу жөнүндө ишти кароо

1. Сот банкрот болгон карыз тарапты таануу жөнүндө арыз өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып он күндүн ичинде банкрот деп таануу жана атайын администрациялоо жол-жобосун дайындоо жөнүндө чечим чыгарат. Атайын администратордун кандидатурасын сотко кредитор жана (же) банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган сунуш кылат.

2. Сот чечимди кредиторго, банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органга жана юридикалык жактар менен жекече ишкерлерди каттаган мамлекеттик органга жиберет.

3. Ордунда жок карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө билдирүү банкрот жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган тарабынан адистештирилген фондунун каражатынын эсебинен жарыяланат. Кредиторлор атайын администраторго жарыя берилген күндөн тартып бир айдын ичинде өз талаптарын кое алышат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

127-статья. Ордунда жок карыз тараптын кредиторлорунун талаптарын канааттандырышы

1. Ордунда жок карыз тараптын мүлкү табылган учурда аны сатуудан түшкөн пайда банкроттук процессинин чыгымдарын жабууга жумшалат. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу ушул Мыйзамда каралган кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт. Кредиторлор атайын администраторго алардын талаптарын кароонун жыйынтыгы боюнча сотко атайын администратордун акыркы отчету бекитилген учурга чейин даттанууга укуктуу.

2. Кредиторлор менен эсептешкенден кийин атайын администратор өз иши тууралу отчет түзүп аны сотко берет.

3. Ордунда жок карыз тараптын мүлкү жок болсо соттук чыгымдарды арыз берүүчү төлөйт. Атайын администраторго сыйлык адистештирилген фондунун каражатынын эсебинен банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган тарабынан төлөнөт. Кредиторлордун талабы төлөндү деп эсептелет.

Документтерди илимий-техникалык иштетүүгө чыгымдар адистештирилген фонддун каражаттарынан төлөнөт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2006-жылдын 27-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

128-статья. Оpдунда жок каpыз таpаптын банкpоттугу жөнүндө жобону колдонуу

Ушул бөлүмдө каpалган эpежелеp, ошондой эле каpыз таpаптын мүлкү каpыз таpаптын банкpот болушу жөнүндөгү иш боюнча сот чыгымдаpын жабууга ачык эле мүмкүндүк беpбеген учуpда же болбосо соңку 12 айдын ичинде анын эсеби боюнча опеpация жүpгүзүлбөсө, ошондой эле каpыз таpаптын ишкеpдик же башка иш кылбагандыгын күбөлөндүpгөн башка белгилеp болгон учуpда да колдонулат. Мындай карыз тараптарга карата соттук тартипте атайын администрациялоо жол-жобосу гана колдонулат.

(КР 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-ГЛАВА
КАМСЫЗДАНДЫРУУ УЮМДАРЫНЫН БАНКРОТТУГУ

129-статья. Жалпы жоболор

1. Төлөөгө кудуретсиз камсыздандыруу уюмдарынын банкроттук процессине байланыштуу мамилелер, ушул главада каралган өзгөчөлүктөр менен ушул Мыйзам тарабынан жөнгө салынат.

2. Ушул Мыйзамдын 92-статьясында көрсөтүлгөн кырдаалдардын бири келип чыкканда, ошондой эле төлөөгө кудуретсиз болгон учурда камсыздандыруу уюму Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органына дароо билдирүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органына билдирилген учурдан тартып камсыздандыруу уюму ушул Мыйзамдын 21-статьясында каралган тартипке ылайык өзүнүн активдерин бөлүштүрүүгө милдеттүү.

3. Камсыздандыруу уюмдарынын банкроттук процессин соттук же соттон тышкары козгоодо демилге укугу Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органына да таандык.

4. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы камсыздандыруу уюмунун банкроттук процессин өз учурунда уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органынын ушул Мыйзамдын жоболорун бузган аракетинен же аракетсиздигинен келтирилген зыяндын орду сот тартибинде толтурулууга тийиш.

5. Камсыздандыруу уюмдарынын банкроттук процессииин ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган башка өзгөчөлүктөрү банкроттук боюнча Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралышы мүмкүн.

130-статья. Камсыздандыруу уюмунун банкроттугу жөнүндө ишти соттун кароосу

1. Камсыздандыруу уюмун банкрот деп таануу жөнүндө сотко кайрылууга камсыздандыруу уюмун көзөмөлдөө жана лицензиялоо органынын милдетин аткарган учурларды кошо алганда, Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органдары укуктуу. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, арыз сотко кредитордун арызына карата ушул Мыйзамда каралган талаптарды сактоо менен берилет.

2. Ушул Мыйзамдын 27-3-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан камсыздандыруу уюмунун банкроттугу жөнүндө анын арызы боюнча иш каралган учурда, ишке катышкан адам тарабынан таанылат.

3. Ушул Мыйзамдын 27-4-статьясына ылайык соттук процесске катышуучу адам камсыздандыруу уюмунун банкроттугу жөнүндө ишти караганда Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан таанылышы мүмкүн.

4. Карыздарды - камсыздандыруу уюмун банкрот деп таануу жөнүндө соттун чечиминде Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан лицензияны чакырып алуу жөнүндө көрсөтмө камтылууга тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын Камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга (банкроттук процесси сот тартибинде жүргүзүлгөндө) же кредиторлор чогулушуна камсыздандыруу уюмунун администраторунун талапкерин сунуш кылууга укуктуу.

(КР 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

131-статья. Камсыздандыруу уюмун сот катышпаган тартипте атайын администрациялоо

1. Атайын администрациялоо жол-жобосун сот катышпаган тартипте козгоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда камсыздандыруу уюму Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органына билдирип жана ага камсыздандыруу иш-аракетин жүргүзүүгө лицензиясын чакырып алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга тийиш. Лицензияны чакырып алуу тартиби лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

2. Ушул Мыйзамдын 29-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда карыз тарапка ыктыярдуу түрдө атайын администрациялоо жол-жобосун баштоо талабы менен бир эле учурда кайрылуу менен кредиторлор Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органына да камсыздандыруу уюмунун лицензиясын чакырып алуу жана ага карата атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо жөнүндө арыз менен кайрыла алышат.

3. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы 7 күндүк мөөнөттө кредиторлор тарабынан берилген арызды карап чыгат жана төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:

а) лицензияны чакырып алуу жана камсыздандыруу уюмун сот катышпаган тартипте атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо жөнүндө;

б) лицензияны чакырып алуу тууралу жана камсыздандыруу уюмун банкрот деп табуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу;

в) эгерде "Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюму жөнүндө" Мыйзамдын 27-статьясында каралган чараларды көрүү үчүн негиз болсо, камсыздандыруу уюмуна консервациялык статусун берүү жана лицензиянын колдонушун токтотуу жөнүндө;

г) эгерде ушул Мыйзамдын 9, 9-1 жана 11-статьясында каралган шарт жок болсо, кредиторлордун арызын четке кагуу жөнүндө.

4. Кредиторлор, ошондой эле камсыздандыруу уюму Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органынын чечимине сотто тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин жети күндүн ичинде даттанууга укуктуу. Даттануу тартиби банкроттук боюнча башка ченемдик укуктук актыларда аныкталат.

5. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан кредиторлордун арызын кароо жана чечим чыгаруу ушул Мыйзамда каралган башка чараларды көрүү үчүн тоскоолдук келтирбейт.

132-статья. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу

1. Камсыздандыруу уюмун банкрот деп таануу (жарыялоо) жөнүндө чечим кабыл алынган учурга чейин камсыздандыруу мезгили келген камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучулар камсыздандыруу суммасын төлөөнү талап кылууга укуктуу.

2. Камсыздандыруу уюмун банкрот деп таануу (жарыялоо) жөнүндө чечим кабыл алынган учурга чейин камсыздандыруу мезгили келе элек камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучулар камсыздандыруу күчүндө турган мезгилдеги келишимдин иштөө мөөнөтү менен ошол мөөнөттүн ортосундагы айырмачылыкка пропорционалдуу камсыздандыруучуга төлөнгөн камсыздандыруу сыйлыгынын (мүчөлүк акы) бир бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Ушул Мыйзамдын 87-статьясынын 1-пунктунда каралган камсыздандыруу уюмунун үчүнчү кезектеги кредиторлорунун талаптары ушул Мыйзамда каралган жалпы эрежелер боюнча канааттандырылууга жатат.

(КР 2005-жылдын 7-мартындагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-ГЛАВА
БААЛУУ КАГАЗДАР РЫНОГУНУН ПРОФЕССИОНАЛ КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН БАНКРОТТУГУ

133-статья. Жалпы жоболор

1. Баалуу кагаздар рыногунун төлөөгө кудуретсиз профессионал катышуучуларынын банкроттук процессине байланыштуу мамилелер, ушул главада каралган өзгөчөлүктөрү менен ушул Мыйзам тарабынан жөнгө салынат.

2. Ушул Мыйзамдын 9-2-статьясында көрсөтүлгөн кырдаалдардын бири келип чыккан учурда, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун төлөөгө кудуретсиз профессионал катышуучулары төлөөгө кудуретсиз болгон учурда бул тууралу Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органына дароо билдирилүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкаруу органына билдирилген учурдан тартып баалоо кагаздар рыногунун профессионал катышуучусу ушул Мыйзамдын 21-статьясында каралган тартипке ылайык өзүнүн активдерин бөлүштүрүүгө милдеттүү.

3. Ушул Мыйзамдын 21-статьясында каралган баалуу кагаздар рыногунун профессионал кардарлардын катышуучулары тарабынан бүтүм жасоого чектөө, ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 1-пунктунда каралган окуялардын бирөө болуп өткөндөн кийин кардлардын тапшыруусу боюнча жасалган, анын кардарларынын баалуу кагаздар менен түзүлгөн бүтүмүнө колдонулбайт.

4. Администратор өзү дайындалган учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө өздөрүнө тиешелүү баалуу кагаздарды карыздарга - баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусуна башкарууга берген кардарларга банкроттук процесси козголгондугу жана администратордун укугунун күчүнө киргендиги жөнүндө кабарлоого милдеттүү. Билдирүүдө ушул Мыйзамдын 31-статьясынын 3-пунктунда же 27-22-статьясынын 2-пунктунда каралган маалыматтар көрсөтүлөт, ошондой эле кардарга таандык баалуу кагаздар менен жасалышы тийиш болгон иш-аракеттер жөнүндө көрсөтмө берүү сунуш кылынат.

5. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучуларынын банкроттук процессин жүргүзүүнүн башка өзгөчөлүктөрү, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучуларынын кардарларынын укуктар менен таламдарын коргоо боюнча чаралар банкроттук боюнча Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралышы мүмкүн.

134-статья. Баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучуларынын банкроттугу жөнүндө ишти соттун кароосу

1. Ушул Мыйзамдын 27-4-статьясына ылайык соттук процесске катышуучу адам тарабынан баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучуларынын банкроттугу жөнүндө ишти караган учурда, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органы таанылышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органы банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга (банкроттук процесси сот тартибинде жүргүзүлгөндө) же кредиторлор чогулушуна баалуу кагаздар рыногунун адис катышуучусун администратордун талапкерлигине сунуш кылууга укуктуу.

3. Карыздардын - баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусун банкрот деп таануу жөнүндө соттун чечиминде Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органынын лицензияны чакырып алуу жөнүндө көрсөтмөсү камтылууга тийиш.

(КР 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

135-статья. Баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусун сот катышпаган тартипте атайын администрациялоо

1. Баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусун сот катышпаган тартипте атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, ал Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органына бул тууралу билдирүүгө жана иш-аракет жүргүзүүгө лицензиясын чакырып алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга тийиш. Лицензияны чакырып алуу тартиби лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.

2. Ушул Мыйзамдын 29-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда, атайын администрациялоо жол-жобосун ыктыярдуу баштоо өтүнүчү менен карыз тарапка кайрылуу менен бир эле учурда кредиторлор баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусунун лицензиясын чакырып алуу жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органына да кайрылууга укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органы тарабынан кредиторлордун арызын кароо жана тиешелүү чечим чыгаруу, ушул Мыйзамда каралган башка чараларды көрүү үчүн тоскоолдук келтирбейт.

136-статья. Кредиторлордун талабын канааттандыруу

1. Ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунун талаптарына ылайык, баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусунун карамагында турган кардарлардын баалуу кагаздары жана башка мүлкү жоюучу массага киргизилбейт.

2. Администратор кардарлар, баалуу кагаздар рыногунун башка профессионал катышуучулары тарабынан карыздарга - баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусуна башкарууга берилген баалуу кагаздарды кардарлардын макулдугу менен жана алардын атынан берүүгө укуктуу. Эгерде кардарлар менен администраторлордун макулдашуусунда башкача каралбаса, калган баалуу кагаздар кардарга кайтарылып берилүүгө тийиш.

3. Эгерде кардарларга тиешелүү баалуу кагаздардын бир түрүн (бир эмитент, бир категория, бир тип, бир серия) кайтарып берүүгө карата кардарлардын талабы жана кардардын атындагы өзүнчө эсепте турган, баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусунун карамагындагы көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын санынан ашкандары кардардын талаптарына пропорциялуу өлчөмдө кайтарылып берилет.

Кардарлардын талабынын канааттандырылбаган бөлүгү, ушул Мыйзамда каралган тартипте акчалай милдеттенме болуп таанылат жана төлөнүп берилет.

17-ГЛАВА
КООМДУК ФОНДУЛАРДЫН БАНКРОТТУГУ

137-статья. Коомдук фондулардын банкроттугун жөнгө салуу

1. Коомдук фонддордун банкроттук процессине байланыштуу процесстер ушул главада каралган өзгөчөлүктөр менен, ушул Мыйзам тарабынан жөнгө салынат.

2. Коомдук фонд сот тартибинде гана банкрот деп таанылышы мүмкүн. Карыздардын-коомдук фонддун банкроттук процессинде атайын администрациялоо жол-жобосу жоюу усулу же тынышуу келишим колдонулат. Санация же реабилитация жол-жобосу колдонулбайт.

3. Карыздарга - коомдук фондго өз алдынча банкроттук процессин сот тартибинде козгоо көзөмөлдөө кеңешин же коомдук фонддун иш-аракети үчүн уюштуруу документтерине ылайык көзөмөл жүргүзгөн башкы органдын чечиминин негизинде коомдук фонддун жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

4. Коомдук фондду жоюу учурунда кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин анын калган мүлкү администратор тарабынан социалдык, кайрымдуулук, маданий, агартуу жана уставдык фондуда көрсөтүлгөн башка коомдук-пайдалуу максаттарга жумшалат.

5. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган коомдук фонддун банкроттук процессин жүргүзүүнүн башка өзгөчөлүктөрү банкроттук боюнча Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларында каралышы мүмкүн.

18-ГЛАВА
КООПЕРАТИВДЕРИНИН БАНКРОТТУГУ

(Главанын аталышы КР 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

138-статья. Кооперативдеринин банкроттугун жөнгө салуу

1. Кооперативдеринин банкроттук процессине байланыштуу мамилелер, ушул главада каралган өзгөчөлүктөр менен ушул Мыйзам тарабынан жөнгө салынат.

2. Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттардан башка да шарттардын бири сот катышкан тартипте кооперативин кредиторлордун талабы боюнча банкрот деп таануу жана аны жоюу кошумча мүчөлүк акы аркылуу келип чыккан зыяндарды жабуунун ар жылдык балансын бекиткенден кийинки 3 айдын ичинде кооперативинин мүчөлөрү тарабынан милдеттенмени аткарбоо болуп саналат.

3. Кооперативинин мүчөлөрү кооперативдин милдеттенмелери боюнча кооперативдин мүчөлөрүнүн ар бири ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн кошумча мүчө акынын взностун кошулбаган бөлүгүнүн чегинде субсидиярдык жоопкерчилик тартат. Мындай учурларда кооперативдин мүчөлөрү чогуу жоопкерчилик тартат.

4. Кооперативинин банкроттук процессин жүргүзүүнүн ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган башка өзгөчөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын банкроттук боюнча башка ченемдик укук актыларында каралышы мүмкүн.

(КР 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А. Акаев